Суперстан: Гепатит жана гепатит "Б" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Гепатология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Гепатит жана гепатит "Б"

#1 Пользователь офлайн   nurik9090   14 Февраль 2014 - 12:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 504
  • Катталган: 11 Март 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2016 21:45
  • Жынысы:Эркек

Салам аранарда билгендер барбы гепатит Б емнеден улам пайда болот,корунучу жокпу анын. гепатит А гепатит Б. болуп болунот екен вроде,сарык болбогондор гепатит Б болобу бул жонундо маалымат билгендер барбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   sayana   14 Февраль 2014 - 19:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2021 04:48
  • Жынысы:Аялзаты

Гепатиттин коп турлору бар: А,В,С,D,Е....Гепатиттин кайсы турун жуктуруп алышыныз башта да ооруган оорубаганыныздан коз каранды эмес. Гепатит А ны гепатит А нын вирусу менен булганган сууну, тамак-ашты ичкенде , жегенде жана вирус менен булганган колду оозго салганда (кобунчо жаш балдарда) жуктуруп алууга мумкун.
Механизм передачи Гепатита А : фекально-оральный ( т.е.испражнение, кал в рот). Испражнение больного человека гепатитом А поподая в воду или в продукты питания загрязняет их, сьедая ети продукты заражаются и другие. Возможно т.ж. контактно-бытовой путь.
Вирусный гепатит В кан аркылуу жугат (кобунчо). Стоматологиядан, косметологиядан (татуаж, пирсинг, маникюр, педикюр) уй шартында оорулуу менен чогуу колдонгон устарадан, жыныстык жол менен жуктуруп алууга мумкун.Кыскасы гепатит В менен ооруган оорулуунун каны башка адамдын канына тушсо жугат.
Гепатит В нын коркунучу 10-20 жылдан кийин рак, цирроз печени. Убагында даарыланбаса гепатттердин баарында эле боор жаабыркайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   nurik9090   14 Февраль 2014 - 20:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 504
  • Катталган: 11 Март 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2016 21:45
  • Жынысы:Эркек

дагы маалымат бере тургандар барбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   anara85   14 Февраль 2014 - 20:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 423
  • Катталган: 25 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Май 2014 03:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эки тоонун ортосу

Гепатит А менен менин эки балам ооруду,бирок ал женилинен.
Жакшы диета кармаса билюрбини тез тушот.
А гепатит Б менен ооруган адам омур бою диета кармап отуш керек,себеби ал кандан жугат,
Дегеле сарык оорусуна чалдыккан адам,диетаны жакшы кармаса эле,бат айыгып кетет,,,,,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nelli85   15 Февраль 2014 - 05:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 393
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2015 22:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ммммм да пайдалуу кенеш экен,рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Elenora92   15 Февраль 2014 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 12 Февраль 14
  • Соңку аракети: 30 Июл 2014 17:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Менин балам Асы м.н ооруду эле кайненем кадимкидей эле битти сатып алып, айранга кошуп ичирип салды. Бирок так болуш керек экен 3, 5, 1. Бироону 50-100сомдон сатат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   vankuver   23 Февраль 2014 - 13:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Сарыктан кантип сактанып, кантип сакаябыз?
.

Гепатит (сарык) жугуштуу оорулардын катарына кирет. Дарыгерлердин айтымында, учурда жаш балдар арасында бул оору кеңири жайылууда. Андыктан сарыктын түрлөрү, белгилери жана сактануу жолдору тууралуу маалымат беребиз.
.

Оору тууралуу маалымат
.

Гепатит оорусу – боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү болуп саналат. А гепатитин сарык оорусу же жугуштуу гепатит деп да аташат. Бул – гепатиттин жөнөкөй түрү, анын оор кесепеттери жок. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Ал ооз жана кир колдор аркылуу да жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу гепатит деп аталат. Анын учурда А, Е, Б, D, С, F, G деп аталган 7 түрү белгилүү. Кыргызстанда сарыкты аныктоонун 5 түрү боюнча реактив бар. Вирустук гепатит жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга кедергисин тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук гепатиттин А деген түрү кездешет. Гепатиттердин арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайыз, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейин болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиш бышкан чакта аларды жууп-тазалап жебегенден улам болот. Вирус гепатити ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет. Ал айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымындар гепатиттин таралышына өбөлгө түзөт. Анткени вирус салкын абада көбөйө баштайт. Ошондуктан ар бир адам ден-соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек. Азыр көчөдө тамак-аш сатуу көбөйдү. Өзгөчө базарларда көчө бойлото санитардык талапка жооп бербеген тамак-аштар сатылганын көрүп жүрөбүз. Мындай тамактарды жегенден кийин сарык оорусунун башталышына себепкер болот. Ошондой эле, бул оору кайнатылбаган, тазаланбаган суудан жугат. Өзгөчө алыскы региондордо арыктагы суудан ичишет. Андан ар кандай вирустарды жугузушат. Бул сарык оорусунун башталышына жол ачат.
Сарыкты жугузуп алган оорулуунун температурасы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси саргая баштайт.
Алгач оору бир жума аралыгында көп билинбейт. Көпчүлүк адамдар сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А гепатитинде температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт.
.
БЕЛГИЛЕРИ
.
Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили өкүм сүрөт, бул мезгилде дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн склерасы (агы) саргаят, зааранын өңү кочкул тартып сыранын өңүнө окшоп калат, заңдын түсү болсо агыш тартат. Дарыгер боордун тушун басып көргөндө ооруйт. Бул учурда бейтапты ооруканага жаткыруу зарыл.
С гепатити боорду шишитет
С гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, татуировка- студияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун, хирургиялык жана гинекологиялык аспаптарды тазаланбаган шартта колдонууда да жугуп калган учурлар көп кездешет. Текшерүүнүн бардык көзөмөлүнөн өтпөгөн кан куйдурууда абдан коркунучтуу болуп саналат.
.
Дарттын алгачкы белгилери. .
Адамдын денесине вирус өткөндөн кийин биринчи белгилери пайда болгонго чейинки убакыт сезилбеген (скрытый) мезгил деп аталат, ал 15 күндөн 35 күнгө чейин созулат. Көпчүлүк убакта оорунун белгилери сасык тумоо (грипп) оорусуна окшошуп, дененин температурасы 38 С чейин көтөрүлөт. Денеси чыйрыгып, башы ооруйт, жүрөгү айланып куса баштайт, ичи ооруйт, табити жоголот. Бул белгилер 5-7 күнгө чейин созулат да, андан кийин көздүн агынын жана көз былжырчаларынын саргара баштаганы сезилет. Андан кийин дене саргарат. Айрым учурда жогорудагы белгилер жеңилирээк болот, саргаюу байкалбайт. Оорунун жеңил өтүшү оорулуу үчүн жакшы болгон менен, айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн оорунун “булагы” болуп эсептелинет. Себеби алар катуу ооруган адамдарга караганда активдүүрөөк болушуп, айлана-чөйрөдөгүлөр менен карым-катнаштары көбөйүп, ооруну жугузууга көбүрөөк шарт түзүлөт. Анткени вирус оорулуунун денесинен жашыруун мезгилдин акыркы күнүнөн саргарып кеткен мезгилине чейин өтө көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан оорулуу адам козгогучту канча убакыт бөлүп чыгарса, ошончо убакыт бою оору тарата турган булак болуп эсептелинет.
Тазалыкты сактоо зарыл
Бул ооруну дарылаганга караганда ооруну алдын алуу кыйла жеңил. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланыштуу. Бул өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу сунушталат. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү пайдаланарда, сөзсүз жууп алуу зарыл.
Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү керек. Коомдук тамак-аш сатуучу жайларда, базарларда даярдалган тамак-аш даярдоо санитардык нормага туура келиши керек.
.
Диета кармоо зарыл
.
Бул жугуштуу ооруда диета кармоо өтө маанилүү. Туздуу, ачуу, куурулган, консерваланган тамактарды жегенге болбойт. Жашылча, жер-жемиштер, сүт, кычкыл эмес быштак, тузу жок нан, сүрсүбөгөн, кайнатылып бышырылган майы жок уйдун этин, тооктун этин жеш керек. Жер-жемиштин кактарынан, өзгөчө өрүктүн кагынан жасалган компотторду ичкен пайдалуу. Диетаны бузбай аткарган бейтап бат айыгат.
Эгер бул оору менен ооруп калса…
Жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып калган адам дароо дарыгерге кайрылышы шарт. Бул ооруну иликтеп көрүп, анын түрүнө жараша дарыланууну аныкташат. Кээ бир адамдар өз алдынча дарыланууну туура көрүшөт. Мындай учурда, тескерисинче, ооруну татаалдаштырып жибериши мүмкүн. Анткени сарык жугуштуу оору болгондуктан, үй-бүлөдө бир адам ооруса, бир туугандарына, чогуу иштеген адамдарга жугузуп алышы ыктымал. Андыктан сарыктын алгачкы белгилерин байкаган адам дарыгерге кайрылышы шарт. Алгач сарыктын түрү аныкталып, тиешелүү дары-дармектер менен дарыланат. Оорулууга сөзсүз түрдө диета жазылат да, витаминдерди ичүү сунушталат.
Сарык оорусуна кабылбаш үчүн кеңештер
Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна кам көрө билиши керек. Жеке гигиенаны сактоо өтө зарыл. Жогоруда айтып өткөндөй, көчөдө жана базардын тегерегинде ачык сатылган тамак-аштардан оолак болуш керек. Жер-жемиштерди дагы жууп, тазалап колдонуу шарт. Азыр жаш балдар сарык оорусуна көп чалдыгып жаткандыктан, ата-энелерге эскерте кетчү нерсе – балдардын иммунитетин жогорулатуунун камын көрүү менен бирге организмди чыңдоо зарыл.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   nurik9090   25 Февраль 2014 - 04:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 504
  • Катталган: 11 Март 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2016 21:45
  • Жынысы:Эркек

рахмат кенешке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Kamchybekova.Ch   04 Сентябрь 2015 - 11:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 566
  • Катталган: 04 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2023 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Өзгөн

Гепатиттин Б түрүн билгендер болсо кененирээк жаза кетиңиздерчи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   NurAika8795   17 Сентябрь 2015 - 21:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2015 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Ошол гепатит оорусу менен ооруган адамдар торогондо эч нерсе болбойбу билген жазгылачы сураныч
-Я знаю как, я тебе отомщу!.. Я за тебя замуж выйду!  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Kg.lady   18 Сентябрь 2015 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения NurAika8795 (17 Сентябрь 2015 - 21:19) жазган:

Ошол гепатит оорусу менен ооруган адамдар торогондо эч нерсе болбойбу билген жазгылачы сураныч

Гепатит менен торосо болот. Сизде кандай активдуу эмеспи. Балага жугуу, жукпашы тороттон коз карандыго, капысынан кан жутуп албаса жукпайт. Врачтар айрымдары сут аркылуу жугат десе, айрымдар жугуп калуу коркунучу бар деп эмизууго уруксат бербейт. Сиздики кайсы туру?

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 18 Сентябрь 2015 - 00:24


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   NurAika8795   18 Сентябрь 2015 - 12:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2015 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Просмотр сообщения Kg.lady (18 Сентябрь 2015 - 00:23) жазган:

Гепатит менен торосо болот. Сизде кандай активдуу эмеспи. Балага жугуу, жукпашы тороттон коз карандыго, капысынан кан жутуп албаса жукпайт. Врачтар айрымдары сут аркылуу жугат десе, айрымдар жугуп калуу коркунучу бар деп эмизууго уруксат бербейт. Сиздики кайсы туру?

Хранический гепатит деп укчумун 2005жылы олло тоголок болуп ишип кеткенмин анан больницага корунуп сакайганмын катту диета кармап оор которбой дене тарбиядан бошотулсун деп врач справка жазып бергени эсимде да оорукана да даже мага укол сайбай койушкан мумкун эмес коркунучту деп кайсы туру экенин билбейт экенмин апамдан тактап сурашым керек экен аны
-Я знаю как, я тебе отомщу!.. Я за тебя замуж выйду!  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   NurAika8795   18 Сентябрь 2015 - 12:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2015 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Анда мен 5класста окууган учун кандай туру экенин сурабаган экенмин болгону хранический гепатит деп апам коп айтчу ошол эсимде экен
-Я знаю как, я тебе отомщу!.. Я за тебя замуж выйду!  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   bulak   28 Октябрь 2015 - 11:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 16 Май 14
  • Соңку аракети: 31 Дек 2015 17:02
  • Жынысы:Аялзаты

Cалам баарынарга. Кыргызстанда боорго алгы деген чоптун тамырын ичишет экен го. Ошол чоптун орусчасын ким билсе жазып когулачы сураныч.
Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sapar40   09 Февраль 2016 - 12:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 25 Март 13
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2018 17:27
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения NurAika8795 (18 Сентябрь 2015 - 12:33) жазган:

Хранический гепатит деп укчумун 2005жылы олло тоголок болуп ишип кеткенмин анан больницага корунуп сакайганмын катту диета кармап оор которбой дене тарбиядан бошотулсун деп врач справка жазып бергени эсимде да оорукана да даже мага укол сайбай койушкан мумкун эмес коркунучту деп кайсы туру экенин билбейт экенмин апамдан тактап сурашым керек экен аны.Хронический гепатит сакайбайт.Кобуроок маалымат керек болсо мага кайрыл.0772205373

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Aza.08.03.05   09 Февраль 2016 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 409
  • Катталган: 24 Январь 16
  • Соңку аракети: 28 Янв 2025 13:54
  • Жынысы:Аялзаты

Гепатит Б туру кан ар кылуу жугат .бул оору 1айдын же 3 айдан кий гана байкалат . Дарыланып айыкандан сон. Канча бир жылдан кийин ачуу жеп ичимдик колдонсо кайталанышы мункун.
Сердце решает кого любить
суддьба решает к кембыть
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Muslim1990   20 Февраль 2016 - 18:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цирроз печен,гепатит В+Д С ооруларын кантип айыктырса болот.Элдик медицинада жолу барбы ким билет?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Muslim1990   20 Февраль 2016 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цирроз печен,гепатит В+Д С ооруларын кантип айыктырса болот.Элдик медицинада жолу барбы ким билет?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Tenirova   20 Февраль 2016 - 22:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 184
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 20 Май 2020 17:17

Просмотр сообщения nurik9090 (14 Февраль 2014 - 12:07) жазган:

Салам аранарда билгендер барбы гепатит Б емнеден улам пайда болот,корунучу жокпу анын. гепатит А гепатит Б. болуп болунот екен вроде,сарык болбогондор гепатит Б болобу булодон жонундо маалымат билгендер барбы.

мен ушул кундо гепатить б менен жабыркап журом. медидцина бул оору айыкпайт канда вирус журотберет деди. Имунитет жогору болсо вирус томондойт ал эми томон болсо вирустун проценти жогорулайт экен. мен да бир табыпка барды сакаят деп айтты бирок анын айтканына мен чыдабадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   anyuta   23 Февраль 2016 - 00:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 24 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 22:47
  • Жынысы:Аялзаты

Гепатит Б хронический болсо учето турат ар 6 ай анализ тапшырат. Кайра козгогонун кутот. Острый гепатит азыркы кундо даарыланат таблеткалары бар.(кыргызстанда сатылабы билбейм турцияда инфекционист берет) эч кандай коркунуч жаратпайт болгону доннор боло албайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Гепатология
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: