Суперстан: Жүрөгүм издейт сендейди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!

#141 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Март 2014 - 23:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Айылга саат кундүзгү экилерде кирип бардык.Мен келип достор менен айылдын четиреек жеринде аккан чоң сууга чөмүлгөнү жөнөп калдым.Убакыт өтпөй такашып туруп алгансыды.Түн да кирди.Тоодон алып келген кымыздан бир кесе жутуп суусунумду кандырып алып эки жагымды каранып уурданып жөнөп калдым Жазгүлгө.Жума күн болгондуктан ал күнү мага тааныш дөбөчөгө эле өтүп аны алыстан болсо да бир көрүп алайын деп түнкү саат үчкө чейин күтүп отурдум.Бирок анын элесин ал күнү көрө албадым.Эртеси да келдим көрүп калаармын деп.Бирок менин сагынычымдын даарысы ал күнү да көрүнбөдү.Ушул көрүнүш 10 күндөй кайталанды. Жөн эле келип үмүт узбөй оо бир кыйлага чейин күтүп отурмай.Акыры ал пайда болду үйүнүн алдында.Көрүп алып сүйүнгөнүмдү айтпа.Чакырып алып эки сааттай сүйлөшүп отурдук бири бирибизге жылуулук тартуулап.Көрсө ал эки жума таенесиникинде жүрүп келиптир.Ал жакта кантип,кимдер менен эс алып келгендерин зеерикпей мага айтып бергеничи.Аны сүйлөтүп койуп угуп отура беришти жакшы көрөр элем.Эхх анын кыялдары да эле бир башкача эле.Бирде "Окууну бүтүп тил үйрөнүп дүйнө кыдырам" десең,бирде "чоңойсом ырчы болом" дейт болчусуң.Менин "Жакшы кыялдарың бар экен" деп жооп берип атсам сынай карап туруп "Сиз ким болосуз?" деп сурап калганың эсимде.Билбейм мен негедир ал убакта журналист болууну тилек кылчу элем.Мүмкүн телевизордон журналистерди көрүп алып мен да аларга окшоп элге телевизордон элге көрүнгүм келчүбү же апамдын "сен бирөө менен бир нерсени талашсаң сеники тууру эмес болсо деле жеңип аласың,анан сүйлөгөн сөздөрүң эле куюлушуп турат,журналист болот окшойсун" деп айта бергенинеби иши кылып чоңойсом журналист болом деген кыялдарым бар болчу.Менин журналист болом дегенимди угуп алып:"Иий койуңчу не кылас ар кимдин эшигин каккылап? алардын жумушу татаал деп айтып калышат го" деп мурдуңду чүйрүгөнсүң. Анда мен да жөн турбай:"Ырчылыктын эмнеси жакшы? Элге жагам деп сулуу чымчык болуп жүрүп өмүрүң өтүп кетет" деп боло элек нерселерди өлө талашканбыз. Эххх кандай гана таттуу күндөр....
---Ошентип сентябрь да кирип келди.Биз 11-чи класс болуп алып өзүнчө эле кыйынсынып көкүрөктү көтөрүп басып жүрдүк.Классташ балдардын көбүнун сүйлөшкөн кыздары бар болчу.Мен алардын чечими боюнча кыздар менен сүйлөшө албагандардын катарына кирет элем.Кее бир балдар кыздарга кошуна айылдарга катташаар эле түн жортуп.Мен да анча мынча кее бирине шерик болуп барып жүрдүм.Жөн гана шерик болуп барган болсом деле ошол жердеги досумдун шамдагай кыздары мага да бир кыз таба койушчу.Же аларга жок дей албай айла жоктон мага таап берген кыз менен калп эле сүйлөшүмус болгонум менен "Жактыбы? " деген досума "Жок е.Тигиндей экен,мындай экен" деп эле кыйтык издей берет элем.Себеби алар менин Жазгүлүмдүн бир тал чачына да тең эмес болчу..




"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Begai_kg   01 Март 2014 - 23:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

иии анаааан не болду
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Jyrgal-87   02 Март 2014 - 00:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 146
  • Катталган: 24 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Мар 2015 14:27

чозуп эле атасын чозуп эле атасын.....
Башында кызык башталды эле чозуп атып кызыгын кетире баштадын окшойт.... деп ойлой баштадым да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   oooald   02 Март 2014 - 01:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

уланта бериниз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   aziko88   02 Март 2014 - 01:45

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

неге тезираак бцтурбойсун э адамдын жанын чыгарып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Gulnazi   02 Март 2014 - 07:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 861
  • Катталган: 06 Апрель 11
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 11:07
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения kara_kulzha (01 Март 2014 - 22:31) жазган:

кызык, азыр эмес ошол убакта ошол муниттарда бактылуу болчу!


Азыр деле бактылуудур, сен кайдан билдин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   kara_kulzha   02 Март 2014 - 11:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения залкар (02 Март 2014 - 02:03) жазган:

кызыктуу болуп баратат

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   menedjer   02 Март 2014 - 11:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 81
  • Катталган: 02 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 24 Окт 2017 22:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары!

эн сонун !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   oooald   02 Март 2014 - 13:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

кызыгына келди тез тез жаза берин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   lo_ove_allaha   02 Март 2014 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 199
  • Катталган: 08 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан г. Бишкек

Вый кандай гана таттуу суйуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Aidaikyz   02 Март 2014 - 15:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 24 Февраль 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2014 19:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулар калаасында

Соз байлыгыныз курч экен! Азаматсыз, кундо сиздерди жазды бекен деп кирип акмаламай адатка айланып барат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   miwka94   02 Март 2014 - 16:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 29 Январь 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2019 17:03
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:j

Просмотр сообщения Aidaikyz (02 Март 2014 - 15:43) жазган:

Соз байлыгыныз курч экен! Азаматсыз, кундо сиздерди жазды бекен деп кирип акмаламай адатка айланып барат.

Менде да ошондой адат пайда болуп калды, бошосом эле жазды бекен деп кирмей.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   tokitok   02 Март 2014 - 17:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 01 Август 11
  • Соңку аракети: 08 Авг 2023 21:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

эх менин да суйуумду эстеттиниз маанай тушуп да бир аз жылмайып да окуп атам уланта бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   cholpon.bek   02 Март 2014 - 18:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 09:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу OSH шаары

Эээх эмнеге мен ушундай суйууго кабылбадым экен, автор сизге суктануу менен окуп жатам ичинде кирин жок балачагында бундай ыйык сезимге кабылуунун озу бир соз менен айтып жеткире алгыс бакыт болсо керек... бирок сиз соз менен жеткире алыпсыз автор:))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   kuu-1005   02 Март 2014 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

....Күндөр өтүп жатты.Мектепте биздин жолугушуубузду эч ким билбей жүргөнсүдү. Биз ага-карындаштай болуп жолугуп жүрдүк жумасына эки жолу.Ал эки күн менин эң жакшы көргөн күндөрүмо айланды.Ошентип жүргөн күндөрдө биздин класстагы балдардын арасында эски жаңжал күч алды.Биз өзү бой таркандан бери "жогор жак" ,"ылдый жак" болуп экиге бөлүнмөй адатыбыз бар эле.Бирок 11-чи класска чейин биздин бул бөлүнмөйүбүз анчейин билинбей келген.Жазгүлдүн агасы Айбек "ылдый жактын" балдарына кирет болчу."Жогор жакта" (бизде) эркек балдар аз болгону менен курч,күчтүү балдар көп эле.11-класста биздин бир ишенген балабыз үй-бүлөсүнүн шартына жараша башка мектепке которулуп кетти.Биз жакта күч алсыздаганын байкаган "ылдый жактын" балдары бизге кысым көргөзө баштады.Анан башталды күндө чогулуп "ылдый жактын балдары мынтти,тигинтти" деп талкуу кылып,аларга чара көрүүнүн жолун издемей.Биз мектепте кадимкидей эле жакшы достордой чогулуп футбол ойноп,валейбол ойноп жүргөнүбуз менен ичтерибизде бири-бирибизге болгон кастык жашайт эле.Ошентип жүрүп Жаңы-Жылга бир ай калганда бир экөөнүн айынан катуу жаңжал башталды.Мектепте ызы-чуу салбайлы деп түндөсү бир жерде жолукмай болдук.Айла жок барышка туура келди.Бул күн алтынчы күндүн кечи болчу.Айылдын четиреек жердеги бир аянтчада түнкү саат 12-ден өтүп жолуктук.Келишкенибиздей эле алар дагы бизге окшоп чоочун балдарды ээрчитпей өзүлөрү эле келишиптир. Бирок алардын арасындагы 3-4 баланын иштери чыгып келбей калганга (балким келүүдөн корккондур) бизде күч теңдей түштү.Бизде "жети" бала,аларда "сегиз" бала болуп эки тарапка бөлүнүп алып кыжылдаша баштадык.Анан бир бирден болуп эле мушташып бир корутундуга келели деп тегерек болуп алып бир-бирден мушташканга өттүк.Кимде кимдин таарынычы болсо ошолор гана мушташсын деп келишкен болчук.Негизи бул окуя эки үчөөнүн айынан эле от алган болчу.Кудаага шүгүр жөн жүргөн мага анан Саматка эч кимдин таарынычы жок болуп чыкты.Бирок кандайдыр себептен улам Үсөн менен Айбектин ортосунда чечиле элек создөр бар экен.Экөөсү мушташып бүткөндөн кийин Айбек Үсөнгө сайыла баштады.Мушташты жакшы көргөн Үсөн дагы жөн турбай ага жооп берип экөө мушташканга өтту.Ичимден канчалык экөөнүн мушташуусун каалабай атсам да аргам жок карап турууга туура келди.Бирок Үсөн чымыр денелүү,күчтүү көрүнгөнү менен Айбектен көбүрөөк токмок жей баштады.Же мага ошондой сезилдиби.Эмнеси болсо да бир тууган "бир тууган" да.Айбек Үсөндү басып алганда башкаларга кошулуп карап турган мен чыдабай кетип бет талаштыра бүт күчүм менен тееп калдым."Былч" дегенин угуп эмне болду экен деп карап атсам мени да бирөөсү көзгө согуп калды.Көзүм караңгылыша түшүп бетими жаап артка кетенчиктеп барып анан өзүмө келип карасам эле балдар тытышып атышыптыр... .
----Ошол түнү Айбектен башкасынын көзү көгөрүп,кее бир жери томуйганы эле болбосо эч нерсе деле болбоптур.Айбектин гана мурду сынып бир ай бинт тагып жүрдү.Менин көзүм көгөрүп суукка (суук боло башталган болчу) алдырып албайын деп анын үстүнө уялып Жазгүлгө жолуга албай жүрдүм.Биздин жаңжалды айылдын баары угуп,мектептин директору өкмөттөн участковыйды чакырып бизди Жаңы-Жылга чейин тынчыбызды алып жүрдү.Менин туура эмес кылган ишиме да досторум капа болуп калышты.Керек болсо Үсөн дагы мени "Анын иштерине киришпешимди" айтып мени урушуп алды.Мындайча айтканда менин кылыгым мени тааныгандардын эч кимисине жаккан жок.Директор ата-энелерибизди чакырып бизди ортого алып алып канча жолу урушушпады. Жаңы-Жылда да отуруш кылбашыбызды, эгер отуруш кылган болсоңор мектептин айдап ийишин айтып директор бизге өчөшүп алды.Биз бары бир жалаң балдар болуп жашырынып бир үйдө отурдук.Болуп өткөн окуяны убакыт өтүп унута баштаганыбыз менен Айбек эч эле менин "Кечирип кой" деген сөзүмдү кабыл албай койду.Жазгүлгө да менин кылган ишим кандайдыр себептерден улам жеткенгеби менин каникулда канча жолу ага барганым жөн гана алыстан көзөмөлдөө менен гана аяктап атты.Сагынып куса болсом да мен дагы ага эптеп бир жолун таап жолугууга камынбай жүрдүм.Убакыт өтүп таарынычы жазылаар деген ойлор.Анын үстүнө айылдын ылдый тарабына түндөсү өтуш кооптураак болуп калган болчу....
----Ошентип жүрүп кышкы каникул дагы бүттү.Кайрадан окуу башталды.Жазгүлдү жанынан көрөт экенмин деп сүйүнүп мектепке бардым.Бирок Жазгүл мени менен күндө көрушүп жүргөндөй эле учурашып койду.Таң калган мен уялбай эле Жазгүл менен классташ (бирок "Б" класста окуйт болчу) эжемдин кызынан калп эле ар нерсени сурап атып Жазгүлдүн озүнүн бир бала менен жүрүп атканын билип алдым.Чындап эле мектепте да ал бала (10-чу класста окуган Мирбек деген бир катынпоз (бабник) бала болчу) Жазгүлдүн жанынан чыкпай айланчыктай баштаганын байкай баштадым.Ар жолку Жазгүлдүн Мирбекке карап каткырганы жүрөгүмо мокок канжар менен сайып аткандай сезилеер эле....


Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 02 Март 2014 - 20:36

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   miwka94   02 Март 2014 - 21:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 29 Январь 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2019 17:03
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:j

Бекер андай кылган экенсиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   miwka94   02 Март 2014 - 21:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 29 Январь 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2019 17:03
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:j

Бирок ээми бактылуу боло баштады десек, даагын бир койгой чыга калды го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   indira.1991   02 Март 2014 - 23:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Фев 2015 18:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиш багы

Ушу балдардын кичине эле проблемалары чечилбей калса мушка айлантыргандары жакпайтда.. :ыыы: Эми бактылуу боло баштаганда байкушка кыйын болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   KG-Oligarh   02 Март 2014 - 23:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 900
  • Катталган: 26 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Мар 2024 20:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз Каганаты.

Бул жагы индийский киного.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   kuu-1005   03 Март 2014 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Мени кызганычтын отуна куйкаланып аттым алардын сүйлөшүп атканын көргөн сайын.Жан-дүйнөмдун жанчылып атканын ага болгон көз караштарымдан байкаса да байкамаксан болуп жүрө берди.Түндөсү мага тааныш дөбөчөгө бара бермей адатым бар эле."Жүрүп атат" деген имишти укканым менен мен аларды түндөсү бирге сүйлөшуп турганын эч көрбөдүм.А мүмкүн алардын жолугуша турган жери башка жакта болгондур деп үйүнүн айланысын да кыдыраар элем.Айбектин сынган мурду сакайып болуп өткөн окуяны унутуп калгансыды. Ошондогу уруштун эң башкы себепчиси (Ал бала өзү бирөөнү бирөөгө кагыштырганды жакшы көрөр эле) да үй-бүлөсү менен Казакстанга иштегени кетип биздин балдар "Кой эми акыркы жылы урушпай ынтымакта окуйлу" деп сүйлошүп биз жакшы достордон боло баштадык.Жазгүлдөн биротоло айрылып калбайын деп Айбектен кечирим сурап жүрүп жакын достордон болуп алдык.Айбектин жакын досторунун бирине айлануумдун бирден бир максаты Жазгүлгө көрүнүш,бактылуу айлуу түндөрүмдү артка кайтарып алыш.Бирок мен көп өтпөй эле Мирбектин бир досу менен (кошунам болчу) сүйлөшүп атып Мирбек тууралуу билип алдым.Көрсө бул көп мактанган Мирбек эле бул имишти чыгарып ийиптир ар кимге мактанып атып.Аа мен дагы алардын бир эки жолу сүйлөшүп жатканын көрүп жаман ойлорум ушу имишке мени ишендирип койуптур.Угуп алып ушунчалык сүйүнгөнүмдөн тиги айтып берген кошунамды кучактап ийгенимди да байкабай калыпмын.Ал мени карап:"не болду сага э?" деп сурап ийген эч нерсени тушүнбөй калып.Мен болсо эмне дееримди билбей:"Жөн эле сени менен күрөшкүм келип кетти" деп араңдан кутулгам...
---Мен канчалык Жазгулдүн көңүлүн алганга аракет кылсам да Жазгүл баари бир мени менен жолугууга чыкпай жүрдү.Ошентип жүргөн күндөрдө жакында боло турган олимпиадага мени сүрөт сабагы боюнча барып бер деп сунуштап калышты.Ар жылдагыдай олимпиадага баруучуларды линейкага алып чыгып алып мактоосун билген мен шарт эле макул болдум.Ошондо линейкада олимпиадага баруучулардын арасында Жазгүл да бар экенин көрүп аябай сүйүнгөм.Убакыт келип 12 окуучу бир автобуска түшүп алып олимпиадага жөнөп калдык.Ар кимиси ар сабак боюнча.Жазгүл "тарых" сабагы боюнча кетип аткан болчу.Мен автобуздун артына отуруп алып алдыраакта отурган Жазгүлгө көз салып кетип аттым.Жазгүл да көз кыйыгы менен анча мынча карап коёт.Биздин бул карашыбызды жанымда отурган классташым "алгебра" сабагы боюнча кетип аткан Сагындык байкап койуптур.Чыканагы менен нукуп:"Ээй көз карашыңар башкача го" деп калды жымшыйган көзү менен карап.Мен да сыр бербей:"Түшүнбөдүм" деп сурап калдым.Ал кулагыма шыбырап:" Азамат жакшы кыз тандапсың.Ал дагы сени карап атат.Айбекке күйөө бала болот окшойсун" деп калды жымыңдап.Мен болсо "Жинди болбочу" деп анын биздин ортобуздагы мамилени билбей калышына аракет кылып аттым.Ал күлүп койгону менен андан нары бул тууралуу сөз улабады.Ошол олимпиадада мен экинчи орунду,менден башка дагы экөө биринчи орунду алып кайтышты.Биздин аты жөнүбүз "ардак доскасынан" орун алды.Ошондо линейкада туруп Жазгүлдүн мени жалындуу,сулуу коздөрү менен карап турганын байкадым.Ошол эле түнү үзүлбөгөн үмүттөр менен анын үйүнө дагы өтүп бардым.Менин келишимди күткөндөй Жазгүл үйүнүн алдында нары бери басып жүрүптүр.Мен учурдан пайдаланып аны чакырсам үнүмдөн таанып эле жакын келди да "Кандайсыз? " деп үч айдан бери айта элек жанга жагымдуу суроосун берип калды.Мен сүйүнүп акыбалымды айтып анын акыбалын сурап анан:"Неге мага жолуккун келбей калды?" деп себебин билип турсам да суроомду берип калдым.Ал бир аз жооп бере албай ойлонуп турду да:"Сиздин менин Айбек байкемди уруп койгонуңузду угуп сизге жиним келип жүрдү.Кантип ушуга бардыңыз?Мен сизди Айбек агамдай эле жакшы көрөт элем го!" деп мени карабай тетири карап туруп алды.Шарт бурулуп басып кетпесе экен деп:"Кечир. Ооба туура эмес иш кылдым.Үсөндүн токмок жеп атканын көрүп озүмдү кармай албай кеттим.Айбек мени кечиргенине канча болду.Кел баарын унутуп кайра баашынан баштайлы?" деп жанталашып актанып кирдим.Мага көңүлү баргабы же башка себептенби ал мени кечирди да ошол түндөн баштап биз кайра жолугуша баштадык.Жүрөгүмдүн согушу кайра ордуна келип менин бактылуу күндөрүм кайра уланды....

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июн 2025 03:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: