Jok dagy ele
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#242 08 Март 2014 - 22:38
Авторлорубузга не болгон дагы деле жок же суйууктусу м-н майрамдап журубу !
#244 08 Март 2014 - 23:51
суйбосо неге тундосу чыгып журду дейм да.
бул жерде просто автор боштук кылган окшойт деп ойлонуп калдым
бул жерде просто автор боштук кылган окшойт деп ойлонуп калдым
#246 09 Март 2014 - 10:48
Журогум издейт сендейди, авторду издейбиз биз дагы...
Тема боюнча айтсам кыз деле жакшы корчу окшойт, кыязы жигиттен соз куткон окшойт, мин суйсонуз деле, биз кыздар жалган болсо деле баарибир созго ишенебиз да. Сиз деле азыр бактылуу болсонуз керек. Негизи ушундай жигиттер кооп эле...

#247 09 Март 2014 - 13:19
Аий ,каап десе!Автор жокко дагы деле.Ушул жакка кируу оору болуп калды мага.Тезиреек жазынызчы автор,сураныыыч
#249 10 Март 2014 - 00:18
Менин башыман да откон мындай окуя "Мен суйгон кыз мени суйбой" Курс болуп, "Ушунча суйуудон конул калды"!
#250 10 Март 2014 - 00:46
Кандайсыңар?
? Майрамдын айынан эки күн кире албай калдым
Ошентип акыркы 25-чи май дагы өттү.Биринчи жолу ушунчалык катуу ичкеним үчүн 1 жумадай жалаң суу ичип жүрдүм.Айран дагы жардам бербеди.Экзамен башталды.Экзаменде дагы Жазгүлдү алыстан гана көрүп жүрдүм.Мени жөн эле жаш баладай ойнотуп жүргөнү үчүн таарынып калган болчум.Мамлекеттик тесттен жакшы жыйынтык келип мен бир кыйла сүйүнүп калдым.Тезинен экзамен бүтсө тоого жайлоого чыгып бир эс алып келем деп жүрдүм.Экзамен дагы ар кандай шаан-шөкөт,шоктук, ичкилик менен аягына чыкты.Жайлоого чыгып кеттим таза абадан жутуп биртке болсо да жан-дүйнөмө эргүү тартуулап келгени.Бирок баари бир Жазгүлдүн элесин сагына бердим.Жайлоодо да бийик тоого чыгып алып айлана чөйрөнү карап Жазгүл менен өткөргөн түндөрдү эстеп отура береер элем.Айылга кетиш керек болсо дагы күн созуп жайлоодо жүрө бердим.Айылда жүрбөөнүн жолун болушунча издеп жаттым.Жайлоодон келип Ошко жөнөдүм университетке таярдык көрүш үчүн.Тестирлөөдө жакшы бал алганым үчүн журналистикага, технологическийге жана эң чоң байкемдин буйругу боюнча экономика тармагына талон таштап чыктым.Бирок бир гана экономика тармагына балым жетип бюджеттик негизде окуп калдым....
---Студенттик күндөр.Жаңы чөйрө,жаңы достор,жаңы көз караштар.Айылдан көп чыкпай жүргөнүм үчүн шаарга көнө албай жаттым.Шаардын көп элдери,тыгын машиналар башымды айлантып жатты.Атамдын инисинин шаардагы үйүндө жашап калганым үчүн кийимим бүтүн,курсагым ток.Россиядагы байкем менин бюджетке өз күчүм менен өткөнүмдү куттуктап жаңы телефон белек кылды.(2005-чи жылы биздин айыл боюнча 3 эле адамда телефон бар болчу.Болгондо да кирпич.Россиядан чалса айылды түн кыдырып чалган адамдын туугандарына телефон алып барып бермей эле).Жаңы телефон менен убара болуп жүрүп эки жумадай өтүп кетти.Сагынбай калсам керек деп жүргөн мен эки жумада эле кадимкидей айылга кетким келе баштады.Биринчиден Жазгүлдү сагынсам экинчиден айылды сагына баштадым.Жазгүлдүн эмне кылып,ким менен жүргөнүн ар дайым көзөмөлдөп, угуп жүргөн мен эки жумада эч кандай кабар уга элек болчум.Айылда ал мени жол карап күтүп жаткандай мен өзүмчө эле айылга шаша баштадым.Үсөн экзамен бүтөөрү менен байкемдин чакыруусу боюнча Россияга кетип калган болчу.Мен атам:"келбей эле кой биз өзүбүз жыйын теринди бүткөрөбуз" дегенине болбой айылга жөнөп калдым....

"Бактылуумун"
!
#252 10 Март 2014 - 03:17
...Жума күнү сабактан чыгып анан айылга жол тартканымдан кечки саат 7-лерде кирип бардым.Жолдо жолуккан ар бир мени тааныган адам:"Оо студент кандай окуулар?"
деп сурап жатты.Айылым ушунчалык кооз болуп көрүндү.Класс боюнча бир кыз бир бала гана бюджеттик негизге өткөндүгүбуздөн биздин фамилияларыбыз мектепте мактоо доскасында жазылып турганын бирөөдөн угуп калдым.Себеби бюджеттик негизде окуу ошол маалда жаңы чыгып,ага тапшырыш кыйын эле.(Мен деле түшүнбөйм неге мынчалык жакшы бал алганымды.Чогуу барган досум экөөбүз чогуу отуруп алып божомолдоп эле белгилеп салган болчук)"Жазгүл дагы менин фамилиямды көрсө керек"-деген жүрөгүмдө сүйүнүч бар болчу.Кеч киришин күтүп Саматка барбастан Жазгүлгө жөнөдүм.Менин ар бир көзөмөлүмө күбө болгон дөбөчөгө келип жылдыздарды жамынып анын үйүн тарабын карап олтуруп калдым.Көп күттүрбөй эле анын элеси көрүнүп калды.Жүрөгүм тез-тез согуп,кабынан чыгып кетчүүдөй болуп шоктоно баштады.3 айдын ичинде Жазгүлдүн бою дагы өсүп,келбетине дагы чыга түшүптүр.Үйүнө чыгып кирип жатканын карап кой аңдыган карышкырдай акмалап олтура бердим.Бир маалда тамынын жанында байланып турган жоош итине тамак бергени бир нерсе көтөрүп жөнөп калды..Ошол маалда Россиядагы байкемден звонок келип калса болобу.Жарыгын чыгарбай үнүн өчүрөйүн деп чөнтөгүмө колумду салып өчүрүп Жазгүл байкабады бекен деп жашынып турган жерден башымды чыгарып карап жатсам жакыныраак эле жерден Жазгүлдүн:"
Ким бул?" деген үнү угулуп калды."Качып ийсем Жазгүл коркуп калат" деп ойлоп аргасыздан бекинип турган жерден чыктым да уурулугу кармалып калган адамдай: "Мен эле........."
деп жооп берип калдым.Көзгө сайса көрүңгүс түндөрү да алыстан үнүмдү таанып жүргөн Жазгүл бул саам тааныбады үнүмдөн ким экенимди.Балким коркуп кеткендир.Корккон үн менен:"Ким Мен?" деп сурап калды.Эмне демек элем айлам жок: "Мен Асан" деп күнөөлү адамдай жооп бердим да жакын басып келдим.Эми өзүнө келгендей оор үшкүрүнүп алды да саламдашып да койбой:"Жүрөгүмдү түшүрүп кое жаздадыңыз го.Эмне кылып жүрөс бул жерде? Азыр ушул кылганыңызды атама айтсам айылда чоң ызы-чуу болот"-деп урушуп кирди.Бир жагынан ызаланып жатсам бир жагынан анын жанынан көрүп,үнүн угуп жатканыма сүйүнүп жаттым.Анын сөзүн бөлбөй угуп турдум да:"Сени көргүм келди эле,ошого келдим эле......мммм ошо анан эми кетейин деп аткан болчум" деп тантырай баштадым жаш балача.Бетим кызарып кетти окшойт ысып чыкты.Жазгүл дагы деле таркай элек жини менен:"Мени неге көргүңүз келип калды? Үн-сөз жок эле менден качып жүрбөдүңүз беле,эми неге көргүңүз келет?" деп жооп күткөнсүп токтоп калды.Мен анын суроосуна жиним келе түштү да:"Мен качып жүрдүмбү? Сен кайдагы бир көйрөң балага алданып сен менден качып жүрдүң го.Ал баланын ою таза эмес экенин айтсам кайра мени урушкан сенби же менби?"-деп мен дагы кызышып кеткенимди байкабай калдым.Жооп таба албай жаттыбы же ойлонуп жаттыбы мени бир аз карап турду да:"Мен сизди урушкан эмесмин,жөн гана болбогон нерсеге мушташып токмок жегениңизге жиним келген.Болду экинчи мага келбеңиз!
!!" деп токтоо үн менен айтты да коштошпостон тетири карап кирип кетти.Аны токтотууга сөз таба албадым.Болгон байлыгын жоготуп алган адамдай жөн гана анын артынан карап бир ордумда тура бердим."Эмнеге.
. эмнеге адамдын ою менен тили адамга кееде кастык кылат? Менин ошол маалдагы жаман оюм болбогондо,
азыр эле аны капа кылган ачуу тилим болбогондо баары жакшы болмок беле???..."-
деген ойлордун коштоосунда үйгө келе жаттым.
"Бактылуумун"
!
#256 10 Март 2014 - 15:55
lo_ove_allaha (10 Март 2014 - 06:14) жазган:
Кандай жаман ой?
Анын жүрөгүнүн сокурдугуна, шамалдай каалгып учкан жеңил ойлуулугуна түшүнө албай ойго жаттым ."А мүмкүн тиги караан калассташтырынын бири болсо керек да" деп ойлоого аракет кылсам дагы алсыз жүрөгүм бул ойлорду кабыл албай жатты."Ооба, анын ою боюнча биз кыз-жигит эмес ага-карындаштай жолугуп жүрдүк.Ооба, мен ага сүйүүмдү билгизбедим. .... Бирок,..бирок ушунча убакытта менин ага болгон айнектей тунук,булактай таза сүйүүмдү жүрөгү менен сезип алышка кудурети жетпедиби" -деген жүрөгүмдү каккылаган ойлор.... Эң кызыгы ал мени менен жолугуп жүргөну менен балалык тунук ойлору,карасаң чөгүп кете турган сулуу көздөрү менен эки жакка көз салып башканы издеп жүргөнүндө. Ал эмне мени менен ойноп,артымдан кайра мыскылдап жүрдүбү???.... Ойлор ойлор ойлор,.. дагы деле ошол түгөнбөгөн ойлор.....
"Бактылуумун"
!
#258 10 Март 2014 - 18:54
...Үйгө келип ойлонуп ойлонуп акыры бир чечимге келдим.Аэлита-
менин максатым.Жазгүл тууралуу бир гана ушул адамдан билип,угуп тураарыма көзүм жетти.Билбейм ал убакта неге ушундай чечимге келгенимди.
Бирок Самат Аэлитаны өз жанынан да жакшы көрөр эле.Аэлита-Жазгүлгө кыпындай окшоштугу жок өзүнчө бир башкача инсан.Ооба мен башта айтканымдай Аэлитанын артынан ээрчигендер көп болгон.Бирок кийин Саматтан укканым боюнча ал бир гана бала менен сүйлөшүп жүргөн имиш.Самат дагы мага окшоп аны тымызын көзөмөлдөп жүрүптүр.Ошко кетип кайра эле бир айдан кийин дагы айылга келдим.Саматтын үйүнүн жанында суу ала турган кран бар эле.Аэлитанын үйү ошол көчөдө болгондуктан ал дагы ошол крандан суу ташыйт болчу.Ошол бир жумада ар кечте биз Самат экөөбүз ошол крандын жанынан чыкпай калдык.Саматтын ою боюнча Аэлитаны ага илип бериш.А менин максатым башка.Ошентип жүрүп Жаңы-Жылга жакын гана Аэлита менен тил табышып сүйлөшө баштадык.Кышкы каникулда Самат экөөбүз өтүп жаттык Аэлитага.Лазер алып алган болчум.Аэлита эшикке чыгып калганда секин анын жүзүнө тамызып коебуз ал бир аздан кийин чыгып келчү.Сүйлөшкөн сөздөрүбүз болбогон эле нерселер.Самат коп деле сүйлөбөйт болчу.Ал анын жанында турганына шүгүр кылат эле.Самат байкаган деле чыгаар же байкабаган чыгаар Аэлитанын мага көңүлү бар экенин.Мен дагы убакыт өтүп байкап калдым.Кайсы бир иштер чыгып калып мен баралбай калдым.Самат өзу барган экен Аэлита чыгып туруп мени сураптыр да менин келалбай калганымды билип "Мейли азыр атам чыгып калбасын"
деп кирип кетиптир.Ушул көрүнүш бир эки жолу кайталанды.
Бир түнү анын классташ кыздары тууралуу сүйлөшүп олтуруп калп эле:"Айбектин карындашы Жазгүл ким менен сүйлөшүп атат?"-деп сурап калдым.Ал мени карап турду да:"Эч ким менен сүйлөшпөй эле жүрөт менин билишимче"
-деп менин реакциямды көргүсү келгендей мени карап калды.Мен унчукпай тим болдум.Кийинки жолугушууларда дагы сөздөрүбүздүн арасында сөссүз Жазгүл тууралуу жок дегенде бир жолу сурап коет элем.Самат мен Ошто жүргөндө Аэлитага барбай турган болуп калды.Себеби Аэлита менин Ошто экенимди билсе жолугуушуга такыр эле чыкпай кое баштаптыр.Самат менин келишимди күтүп,мен келгенде менин келгениме эмес,мени менен Аэлитага бараарына сүйүнүп калаар эле.Бирок мен үчүн Аэлитаны көрүү Жазгүл тууралуу билүү эле....
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 10 Март 2014 - 18:54
"Бактылуумун"
!
#259 10 Март 2014 - 19:18
Кызык жерине келгенде токтотуп койуптурсузго автор батыраак улантынызчы.
...

Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах