...Саматка Түгөл тууралуу бир күн мурунку окуяны айтпадым эле.Ыржаңдаган Саматка эмне себептен муш жегенимди айтсам унчукпай угуп олтуруп:"
Анын мас экенин билгенден кийин "макул"
деп эле тынчтандырып койбойт белең? Өзүн күнөөлү экенсиң ырас болуптур"
десе болобу.Көзүм көгөрүп "жыгылып кеттим" деп апам менен атамы алдап койуп күндүзү үйдөн чыга албай калдым.Түндөсү Аэлитага барып экөөбүз ынак болуп кеттик.Жазгүл тууралуу сурабасам да өзү коп айта турган болуп калды.Анын ар бир Жазгүл тууралуу айткан сөзү менин жан-дүйнөмө жарыктык тартуулар эле.Мейли мендик эмес өзгөнүкү болсун,бирок мен баари бир аны чын жүрөгүмдөн сүйөр элем.Менин жүрөгүмө катылган ойумду Аэлита байкуш кайдан билсин.Көзүмдүн көгү таркагандан кийин эле Ошко жөнөдүм.Эртеси кетем деген күнү Аэлитага өтүп бардым жалгыз.Апасы бар экен эле чыга албай оо бир кыйлада зорго чыкты.Эртеси кетееримди билет болчу.Саламдашып,
тамашалашып ар нерселерди сүйлөшүп турдук.Биз ушунча убактан бери жолугуп жүрсөк да экөөбүз учурашкандан башка жакындабадык.
Аэлитада да Жазгүлдүкүндөй эле назиктик,аруулук,
сырткы келбетине жараша жан-дүйнөсүндө да сулуулук болгону менен көздөрү гана Жазгүлдүкүндөй эмес болчу.Жазгүлдүн көзүндөй капкара,тунук,
өзүнө тартып тура турган көздөрдөн эмес эле."Көз адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү" дегендей мен кыздар менен таанышканда биринчи эле көзүнө карамай адат пайда болгонун мен анда сезбей жүрдүм.Аэлитаны "Кир эми үйүңө,азыр апаң чыгып калат" деп узатып жатсам:"Болуптур сен дагы жакшы бар,эртеге жолдо кетип жатып окуганча кет" деп менин колума тыкан кылып бүктөлгөн кагаз карматты.Эмне экенин көрүп турсам да:"Эмне бул?" деп сурап калсам Аэлита:"Кат.
Бирөө берип кой деди эле.Бирок эртеге Ошко кетип жатып окугун мейлиби? Жакшы бар мен кирдим" деп чуркап кирип кетти."Жакшы кал" деп артынан гана ооз учумдан айтканга үлгүрүп үйгө кадам таштадым.Эртеси оку десе эртеси окумак белем үйгө келип эле катты ачканга шаштым.Сулуу кол жазма менен:
"Салам.Кечир кат аркылуу суроо берип жатканымды.
Канча жолу аракет кылдым бирок көзүндү карап бул суроолорду узата албай койдум.Асан менин жакшы көрө албасыңдын себебин билгим келет.Ушунча убакыттан бери жүзүмдөн бир да жолу өпкөнгө чыгынбадың.
Жазгүл менен жолугушуп жүргөнүңдү да сурап билдим.Жазгүл жөн гана ага карындаштай болуп жолугуп жүргөнүңөрдү,
сага болгон эч кандай жакшы көрүү сезими жоктугун айтты.Мен сага киммин??? Капа этпесең жоопту да кат аркылуу алгым келет.А....А."
-деген кат экен."Бирөө берди эле" дегенинен Жазгүлдөн окшойт деп үйгө чуркап келип шашылып окуган мен бул саптарды окуп алып шалдайып олтуруп калдым.Аэлитадан мындай суроо күтпөдүм эле...
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#402 16 Март 2014 - 00:21
Кутуп жатабыз.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#403 16 Март 2014 - 00:29
Журок сырында эн кызыктуу окуя ушул мен учун кызыгып окуймун негедир... жазып жатасызбы деп койот экенда
#404 16 Март 2014 - 02:38
Эртеси Ошко ар кандай ойлордун коштоосунда кетип жаттым.Ал ойлор:"Аэлитага кантип жооп берем? Эмне "Сен менен Жазгүл тууралуу билип туруу үчүн жолугуп жүрдүм.Же зеериккенимден жолугуп жүрдүм" деп айтышым керек беле? Же "Кечир мен сени сүйө албай,сүйгөнгө жүрөгүмө да буйрук бере албайм,мен эми бул айылдан эч кимге көңүл коё албайм,себеби менин жүрөгүмдү сенин досуң Жазгүл ээлеп алган"-деп айтышым керекпи?"
деген баш ооруткан ойлор болчу.Ойлонуп ойлонуп эч кандай жооп жазбоону,экинчи ага жолукпоону чечтим.Билбейм эмнеге экенин бирок ушул ойду туура көрдүм.Студенттик күндөр да мурдакыдай суз болбой кызык боло баштады.Эч кандай кыз менен сүйлөшкүм да келбеди.Сүйлөшкөнгө көңүл да тартпады.Кээде Асыл ачык эле:"Сенин эч бир кыз менен жолукканыңды көрбөдүм.Уялсаң мага айт,мен кантип таанушуну үйрөтөм" деп мыскылдай баштады.Бакыттын сүйлөшкөн кызы бар.Мирбек болсо:"Жөндөн жөн эле кантип кыз менен сүйлөшсүн.Мен үйлөнгөнгө чейин бир дагы кыз менен жатпайм" деген ой менен жүргөндүктөн ал дагы мага окшош кызсыз болчу.Асыл менен Бакыт өзүнчө кыз жандаган адамдар а менин сүйлөшкөн кызым айылда (Асылдын шылдыңынан ушундай шылтоо айтып гана кутулаар элем).Күндөр өтүп жатты.Башында өзүнчө шаардык болуп жаткан Айка кийинчереек бизге жакшы мамиле кыла баштаган болчу.Айка тууганы Гүлперини мага мактап менин ал менен сүйлөшүп көрүшүмдү намёк кыла баштады.Гүлпери толмочураак келген,ар дайым колунан китеп,дептер түшпөгөн,кагазга калыңыраак кылып тамаша айтсаң оо бир кыйладан кийин түшүнгөн өзүнчө бир башкача жылдыздуу кыз болчу.Айкага "Гүлпериң мага жакпайт" деп айта албай эле "Болуптур"
деп күндү созуп жүрө берер элем.Айка Гүлпериге да айткан окшойт ал дагы менин жанымдан чыкпай калды.Парада да жаныма олтуруп алат,үйгө кетип жатсам "чогуу кетеличи"
деп да ээрчип алат.Ичимден "уффф" дегеним менен айла жок жасалма жылмайып койуп аны капа кылбашка аракет кылат элем.Өзү мен кыз кишини эч капа кылгым келчү эмес.Самат дагы Казакстанга кетип калды майдын ортолорунда.
Быйыл Жазгүл мектепти аякташын билсем дагы айылга төрт ай барбай койдум.Атам чакырса:"
Ата мен бара албайм окуумдан жооп бербей жатат,киши жалдап эле жумуштарды бүтүрүп койуңузчу"
деп шылтоо айтып коё турган болуп алдым.Жүрөгүмдө баари бир Жазгүлдү бир жолу көргүм келип жатса да өзүмдү андан оолактатып,
унутууга бел байладым.Унутуш кыйын экенин билсем дагы баари бир аракет кылып көрөйүн дедим.Июнду аяктап айылга келдим айлам жок.Себеби Оштогу мен жашаган үйдөгү жеңем байкем менен көп жаңжалдашып баштаганынан мага да сес көргөзө,тыржыңдай баштаган болчу.Жеңе деген жеңе да.Айылга келсем же Самат жок бир кызыктай болуп жүрдүм.Ылдый жактын балдары менен кееде гана жолугуп калган болбосом түнү көчөгө чыкканга эч кимим жок болчу.Көчөдө балдар олтурса аларга кошулуп бир аз сүйлөшмөй анан үйгө кирип Жазгүл тууралуу ойлоп уктап калмай болуп жатты.Августтун жарымынан өтүп калганда бир себеп болуп атам үйгө айылдын кишилерин чайга чакырып калды.Мени анан дагы бир кошуна баланы атты минип айылды кыдырып чакырып чыгуумду буйруду.Мен ичимден Жазгүл жашаган көчөгө барайын деп жатсам берки кошунам ошол жакты чакырышын айтып кетип калды.Айла жок мен Аэлита жашаган көчөнү чакырууга жөнөдүм.Аэлитанын үйүнө жакындаган сайын ичимден:"
Аэлита чыкпай иниси же апасы чыкса экен" деп тиленип жаттым.Бирок кашайгансып именно Аэлита чыкса болобу.Өзү дагы жолугуудан качып жүргөн мен уялып жаман болдум....
"Бактылуумун"
!
#405 16 Март 2014 - 02:46
Сооооооонун жазып жатасыз, уйкунуз келбей турса экен эми дагы 1-2 сериясын жаза койсонуз экееен... Аябаай кызык болтат)
Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#406 16 Март 2014 - 02:49
Сооооооонун жазып жатасыз, уйкунуз келбей турса экен эми дагы 1-2 сериясын жаза койсонуз экееен... Аябаай кызык болтат)
"Бактылуумун"
!
#407 16 Март 2014 - 03:07
иииии Асан байке аз эле жазып койдунуз, мейли эс алышта керек сиздерди качан жазат деп уктабай кутуп аткам.
#416 16 Март 2014 - 14:47
...Эмне дееримди билбей:"Кандайсың?
......неме мммм атаң же апаң үйгө саат 9га чайга өтүп барсын" деп кетип калбай жооп күткөнсүп туруп калдым.Мени биринчи көргөндөй карап угуп турду да ооз учунан:"Апамдар жок эле,эртең келишет.... Өзүң кандайсың? Эмне дайының жок? Айылда деп эле угам бирок тегеле көрбөйм"-
деп калды мага жакын басып келип.Жүзүнө тике карап туруп бетим кызарып да койбой:"ааа айылда көп деле болбой жатам.Тоодо жүрүп келдим бир ай,айылга кечее келдим"-деп жасалма жылмайып жалган айттым да шашкан адамдай:"
Бүгүн атаңдар жок болсо кеч келем кеңири сүйлөшөбүз макулбу?"
деп анын чыгыш чыкпасын сурап койбой,жообун да күтпөй атты бура бастырып кийинки үйгө кирип кеттим.Карап эле калып кетти.Кишилерди тейлеп,колдоруна суу куйуп жүргөнүм менен ичимде:"Эмнеге антип айттым экен.Эми эмне деп жооп берем.Же барбай эле койсомбу?"
деген ойлор менне алпурушуп жаттым.Кишилер да кетти,колум да бошоду.Акыры:
"Кой уят эмеспи ушинтип эркек бала болуп туруп кыз кишиден качканым.Барайын дагы болгонун болгондой кылып айтып салайын.Жазгүлдөн да ушундай коркоктугумдун,
уялчаактыгымдын айынан аны өзүмдөн алыстатып алдым.Барбай койсом Аэлита баари бир Жазгүлгө айтат.Анда Жазгүл мени өмүр бою коркок,чечкинсиз,
уялчаак ойлоп калат" деп түн жамынып кетип жаттым Аэлитага.Келсем Аэлита эшикте жүргөн экен.Лазер жок болгондуктан атынан атап кыйкырып эле чакырып калдым.Чыкты.
Саламдаштык,
ал акыбалды сураштык.Бирок кат тууралуу бирибиз да сөз баштай албадык.Бүгүн бир жаңсыл кылыш керек экенин ойлодум да:"Аэлита сен жазган катка кат аркылуу жооп бере албадым.Кечир,
сени менен Саматтын өтүнүчү менен гана жолугуп жүрдүм.Самат сени жакшы көрөт,бирок сен аны капа кылып койгон окшойсуң уялып жолуга албай мен аркылуу сен жөнүндө билгиси келди.Казакстанга кетип жатып да мага:"Бир жалдан кийин келип сени алып качып кетип болсо да аялдыкка алаарын" айтып мени сени кооруп жүрүүмдү суранды.Ошон үчүн сен менен жолугуп жүрдүм.Саматка жаккан кызга көз артканга акым да жок" деп дагы ооо алыста жүргөн Саматка баардык себептерди оодара салдым.Жазгүл тууралуу бир да сөз ачпадым.Аэлита унчукпай жер карап угуп турду да:"ммм түшүндүм..,макул мен кирейин....,жакшы бар,дайыныңды жоготпой айылга келип тур" деди да үйүнө шашпай басып кирип кетти.Мен анын "эмнени түшүнгөнүн"
да сурабай,анын Жазгүл тууралуу эч нерсе сурабаганына шүгүр кылып "жакшы кал" дегенге гана жарадым да үйдү коздөй жөнөдүм.Эмнеге дагы ачыгын айтпай Саматты ортого кыпчый койгонума өзүм да түшүнбөй үйгө бара жаттым."Тууру эмес кылдым" деген ой меемди жей баштады."
Эхх жүрөк менен ойлор неге келишип иш кылышпайт? Неге жүрөгүмдө жаткан сөздөрдү сыртка чыгарып айта албайм?" деп ойлонуп жатып уйкуга кеттим ал түнү....
---Окуу башталып Ошко жөнөдүм.Мурда Ошту жаман көрүп жүрсөм,азыр Ош мен үчүн чырмалышкан ойлорду айылга таштап эркиндик аймагы боло баштады.Ошто Жазгүл тууралуу көп ойлобойт элем.Россиядагы байкем менен сүйлөшүп бирге окуган достор менен квартира снимать этип жашап калдым.Жеңем: "Ушул жерде эле жашай берсең болмок.Мейли өзүн билесиң да" деп капа болумуш болгону менен сүйүнүп эле калды менден кутулганына. ..
---Студенттик доорду сүрүп жүрүп октябрда тааныштардан Аэлитаны ала качып кетишкенин угуп калдым."Бактылуу болсун" деп ичимен тилеп койгонум менен "жакында Жазгүлду дагы ала качып кетишсе эмне болот?" деген коркуу сезими орноп алды ойлорума.Жүрөгүм: "Иии түштөн кийин кыйын боло бербечи.Эртеби кечпи Жазгүл баари бир турмушка чыгат.Сен өзүңдүн мүмкүнчүлүгүндү колдон чыгарганың качан" деп урушуп калаар эле.Бирок Жазгүл тууралуу эч кимден сурай албай жүргөндүктөн ал дагы мага окшоп студент болгонунан кабарым жок жүрдүм.Биз үчүнчү курс болгондуктан "чоңойуп калдык" дегендей кылып башка университеттерди кыдырып жүрө берет элек.Журналистикалык университет шаардын ортосунда болгондуктан биз ар эки күндүн биринде келе берет болчук.Мирбек эң узунубуз анан Асыл,аа Бакыт экөөбуздүн боюбуз бирдей.Узун кыска болуп алып жүрө берет элек.Бир күнү эле эч нерсе менен ишибиз жок ошол универдин алдында Бакыттын тааныш кызын күтүп турганбыз.Асыл жумуштары менен кетип калгандыктан үчөөбүз элек.Биз күткөн кыз дагы эки кыз ээрчитип чыгып таанышып сүйлөшүп туруп калдык.Биринчи курстун кыздары экен.Аларды карап сүйлөшүп турганым менен менин көзүм башка жакта ар дайымкыдай. Бакыт адатынча күлдүрүп жаткан болчу ар нерсени айтып.Каткырып күлгөнчө эле каптал жагымды карай койсом мага тааныш капкара көздөр мени карап турганын байкап калдым.Бирок бурулуп карай албадым.Сыр бербей козүмдүн кыйыгы менен карап жатып бир эки кыз менен турган Жазгүлдү тааныдым.Эхх дагы неге пайда болдуң экен эми унута баштаганымда. Неге карайсың тиги капкара тунук көздөрүң менен???.Жүрөгүм дүкүлдөп согуп дагы шоктоно баштады.Ысып чыктым.Бирок жакын бара албадым,карай да албадым.Көргүм келип,жүрөгүм ушунчалык сагынганын айтып көкүрөгүмдү тепкилеп жатса да тетири карап тура бердим.Караанына зар болуп жүрсөм да өзүмдү ошол мүнөттөрдө башкарууга күчүм жетти.Ойумда: "Жетишет! !! Ансыз деле сенин айыңан канча убактан бери кыз сүйө албай келем.Эми унутуп баштаган убакта эч кимде жок коздөрүң менен караба менин жан-дүйнөмө дагы бүлүк салып" деп болгон күчүм менен карабай бир кыйла турдум.Акыры чыдабай кетип артыма кылчайып эле аны таппай калдым........

#418 16 Март 2014 - 17:22
...Туруп туруп эле айнып калган адамдай эки жагымды элеңдеп карай баштадым.Мики (Мирбек) байкап калгандай:"
Не болду сага?" деп сурап калды."Эч нерсе" дегеним менен баари бир тымызын издей бердим.Бирок
таппадым.Шайтан ойлорум менен"Эмне көзүмө көрүндүбү? Же айный баштадымбы?
" деп ойлонуп да коем.Кайра акылым:"Көзгө көрүнбөй эле чындап эле Жазгүлүңдү көрдүң.Шашпа айныганга али эртелик кылат" деп мени тынчтандырып койду.Тиги кыздар менен коштошуп үйгө жөнөдүк.Бакыт жалжактап ар нерсени айтса Микиге кошулуп күлүп койгонум менен ойлорумда Жазгүлдүн көз карашы.Ачкабыз.
Менин тамак кылуу кезегим болгондуктан картошка кууруп баштадым.Бакыт Ноокаттык болгондуктан үйдө картошка кеңири болот эле ар дайым.Ойлорго алаксып кетип күйгүзүп да алыпмын Мирбек сүйлөнүп жатып зорго жеди.Ал түн да Жазгүл тууралуу ойлонуп жатып өтүп кетти.Эртеси парада олтуруп тегеле убакыт өтпөй туруп алды.Төртүнчү парага катышпай туруп Бакытты ээрчитип алып (Мирбек окуган адам болуп калып кетти) Жазгүлдүн караанын көргөн жакка жөнөп калдым.Эки жагын караап шашпаай басканды жакшы көргөн Бакыт"Ээ не мынча шашасың буту күйгөн тоокко окшоп?" деп мени утур утур токтотуп жатты.Акыры жетчү жерибизге жетип универдин ичине кирип нары бери басып,сыртка чыгып нары бери басып Бакытка ар нерсени айтып жүрө бердим.Көздөрүм айланада жүргөн адамдардын баардагын көз жаздымдан кетирбей карап жатты.Бакыт "курсагым ачты" дегенинен универдин жанындагы кафеге кирип тамак алып бердим.Жүрөгүмдү башкара албай калган болчум.Көргүм келип көздөрүмдү ирмебей эки жагымды карай бергенимден акыры Бакыт:"Кел айт эми кимди издеп жатканыңды"
деп туруп алды.Кимди экенин айтсам Бакыт:"Биринчи курс болсо фамилия атын айт мен кечееки кыз менен группасын табыштырып берем" деп менден аты жөнүн угуп кечееки кызына чалып Жазгүлдүн аты жөнүн айтып кайсы группада окуурун билип берүүсүн өтүндү."Эртеге билип берем" деген жоопту угуп Бакыт "Жүр эми үйгө кеттик" деп мени кыстап эле ээрчитип жөнөдү.Жолдо кетип жатып:"Сүйлөшүп жүргөн аяш ошолбу? Не телефон номерин билбейсиңби сүйлөшүп жүрсөң?" деп сурай бергендиктен "Таарынышып жүрөбүз 5-6 айдан бери" деп анын суроолоруна бөгөт койуп жооп бердим.Анын телефону бар экенин да билбегенимди Бакыт кайдан билсин.Ошол жылы китайский телефондор каптап кеткен болчу."Жазгүл студент болду телефону болсо керек,болсо жакшы болмок" деп эми гана анын телефону эсиме түштү.Себеби мен өзүмдүн телефонумду Россиядагы байкем менен анан айылдагы ата-энем менен гана сүйлөшүүгө жумшабасам көп деле чукулай бербейт элем.Студент болгондон кийин бирдик деле кееде гана болот болчу.....
---Үйгө келип алып кеч кириши менен Мики жасаган тамакты жеп бүтүп эле Бакытка:" Чалчы Назираңа (Жазгүл тууралуу билип берем деген кыз).Балким уже сураштыргандыр" деп тынчын ала берсем жини келген Бакыт:"Эртеңкиге чейин чыдап турчу э.Не эле болтасың?" деп корс жооп бергенинен айла жок олтуруп калдым ага кошулуп телевизор көрүп.Көзүм телевизордо болгону менен ойлорум Жазгүлдө болуп жатты."Неге көзүмө дагы көрүндүң? Ким менен сүйлөшүп жүрөт экен?" деген ойлор башымды жеп жатты.Ал түндү дагы Жазгүл тууралуу ойлор ээледи.....
---Эртеси Бакыттан сурабай жүрө бердим эки пара бүткүчө.Чоң танаписте Мирбек экөөбүз Айка менен Гүлпери экөөнө ар нерсени айтып жалжактап олтурсак дааратканага кеткен Асыл менен Бакыт кирип келип эле тигилердин көзүнчө Бакыт: "Ме номери" десе болобу.Чакчаңдаган Айка жөн калабы шыр эле:"Кимдин номери? деп сурап туруп алды.Айылда кызым бар экенин Гулпери менен Айка да окуу жылдын башында Асылдан угуп ишенбей жүргөн болчу.Гүлпери нары жакты карап олтуруп калганы менен кулагын түрүп калды менин жообумду күтүп.Асыл менен Мирбек өздөрүнчө олтурушат биз менен иши жок.Мен чын жүрөгүмдөн жылмайууга аракет кылып Айканы карап үнүмдү катуу чыгарып:" Кимдин номери эле жанымдын номери да" деп жооп бердим.Айка жактырбагандай түр менен мурдун чүйрүп:"Иии ары жок ий тим эле "жанымдын" деп мактанганын кара" деп нары карап олтуруп калды.Жанымда олтурган Бакытка сүйүнгөн көздөрүм менен карап эч кимге угузбай:" Номерин кандай таап алыптыр?" деп сурасам Бакыт:"Аяш параллельный группада окуйт окшойт,лекцияда жоктогондо эле фамилия атын угуп жанына барып эле таанышымыш болуп номерин жазып алыптыр." деп мактангандай жооп берди."Ааа рахмат досум" деп кееде гана айтчу рахматымды айтып олтуруп калдым.Тамаксоо Бакыт да учурдан колдонуп калайын деди окшойт:"Эчтеке эмес,парадан кийин бир кафеге кирип курсакты тойгозсоң болду" деп күрсүлдөп күлүп алды."Болду да" деп андан ары сөздү улабай олтуруп калдык.Себеби преп. кирип калган болчу.Бирдик жок болгондуктан "парадан кийин бирдик салып анан чалам" деп олтурдум ойлорумда.Бирок чалып эмне дееримди билбей жаттым.Үчүнчү пара да бүтүп мен унчукпай шашылыш эшикке чуркап чыгып эле бирдик салып кайра аудиторияга келдим.Мен ойлонуп ойлонуп смс жазууну эп көрдүм.Ошентип Жазгүлдүн жүрөгүнүн эшигин дагы бир жолу каккылоого бел байладым....

#419 16 Март 2014 - 18:33
Жазгулдон башка кыз тугонуп калгансып сен дагы ошого жабыша баштадынбы амай? Ошто тууру эмес бурулуп алсан кызды сузуп аласын го.Мейли бул саам эмне дейт экен Жазгулун???

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия