Таза балекет баспадыбы...
..автор кайда журот бизди ай караган текедей каратып коюп...
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#465 18 Март 2014 - 20:58
#468 18 Март 2014 - 22:13
...Түнү менен катуу таярданып эртеси кастюм шымды кийип өзүнчө кычырап 4 машинада бака-шака түшүп кетип бараттык кыздын үйүнө.Чечкиндүүлүккө жарым жолдо токтоп "Ак койдун" ичин бир сыйра бошотуп алдык.Аккардеон черткен баланын сунушу боюнча ошол жерде эле кыздын үйүнө барганда ырдаганга эки үч ырды утур утур кайталап ырдап таярданып алдык.Өз машиналарыбызга олтуруп жакында бизге "аяш" болуучу кыздын айылына кирип бардык.Толкундап алгам "не болот экен" деп.Үйлөнө турган досумдун жанында олтуруп алып калп эле күлүмүш болгону менен "Уят болбогой элем" деп кыжаалат болуп да жаттым.Биздин жаныбызда олтурган жеңеден ар нерсени сурай бердим.Бир шустрый достун сунушу менен кыздын үйүнө жетейин деп калганда күйөө баланы башка машинага олтургузуп анын ордуна бир капкара досубузду олтургузуп койдук бир каткырып алалы деп.Жеттик.Музыка болуп жатат.Балдар арактын күчү менен кыздын жеңелерине "повод"
бербей жатышты.Үйлөнүүчү досубуз башка машинада олтурат тамаша кылып.Мен дагы балдарга кошулуп жыргамыш болгонум менен ошол жерде да эки жагымды карап элеңдеп жаттым.Алысыраакта карап турган кыздардан Жазгүлдүн көзүндөй көздү издеп жаттым.Байкуш жүрөгүмдүн бүрүл жанган үмүтү менен:"Балким ошондой көз,ошондой жүз табылып калаар" деген ою менен карап жаттым.Күйөө бала олтурган машинаны тегеректеп алган жеңелерден"
Күйөө баланын көрүндүгүн"
талап кылып машинанын эшигин ачпай жатып акыры биз талап кылган сумманы алып күйөө баланы чыгардык.Тиги күйөө баланын ордуна олтурган досум да 32 тишин көргөзүп жыртаңдап чыкса болобу.Биз сыр бербей өзүбүздү зорго кармап турабыз каткыргыбыз келсе да.Күйөө баланы "Ай ииий" деп аны тааныбагандар колтуктап алышты эң чоң жеңени күтүп.Нааракта башка иштер менен жүргөн эң чоң жеңе келип эле күйөө баланы таңыркалуу карап:"Эй бул биздин күйөө бала эмес ко" деп бизди карап каткырып калды.Тиги "жыртакты"
колтуктап турган жеңелер:"
Анда бул ким?" деп бизди суроолу көздөрү менен карап туруп калышты.Биз бир аз аларга кошулуп таң калымыш болуп жатып акыры чыдабай кетип кааткырып күлүп жибердик.Анан гана күйөө бала олтурган машинага ээрчитип бардык.Мурда бир эки жолу көргөн эң чоң жеңе ошондо гана күйөө баланы көрүп:"Оо мына биздин күйөө бала!!!
Жүр а то сенин досторуң сени бизге бергиси келбей жатат" деп кубанычтуу аны жетелеп алды.Өзүнчө эле момойгон досубуздун бир жагында биздин жеңе бир жагында кыздын жеңеси.Биз артында аккардеондун коштоосунда айлананы жарып ырдап кирип бараттык.Чеке белде суктануу менен карап тургандар мындан көп.Менин кыйтыр көздөрүм бирин дагы көз жаздымдан калтырбай карап жатты.Арактын күчү менен мен дагы жеңенин үйрөткөнү боюнча кылчу нерсесин кылып сүйлөй турганын сүйлөп өзүнчө "активный"
болуп жатттым.Үйгө шатыра шатман кирип эле кыздын таярдап койгон көрүндүгүн берип сыртка алып чыгып ата энесинин каалоо тилегине,бизге аяш болуп жатканы кыздын атасына кошулуп ыйлоосуна күбө болуп машиналарга олтуруп белгиленген кафеге жөнөп калдык.Ызы чууда байкабай калдымбы же кийин пайда болдубу машинада гана аяштин жанындагы кызга көзүм түштү.Ар бирин көзүнүн кыры менен карап,сүйлөсөң жагымдуу сүйлөп койуп аяшибиздин досу кетип баратты.Ал кыздан Жазгүлдөн гана жолуктурган жылмайууну байкадым.Бир жакшына күлүп,бир жакшына ойноп жаткан мен тымызын тиги кызды карап дагы Жазгүлдө болгон кылык жоруктарды издей баштадым.Бирок Жазгүлдүкүндөй жылмайуудан башка эч нерсе байкабадым.
Кафеге келип гана тиги кыз менен тааныштым.Аты Айтурган экен.Кафеден чыгып айылга кирип бардык.Көчөдө закстан келе жаткан адамдар эле көп.Масына арак куйуп,соосуна акча берип,жеңелер жаш балдарга таттулардан чачып жатып гана акыры музыка чыгып жаткан достун үйүнө жеттик.Достордун кее бирлери мас боло башташты.Ошол убакта моода болуп жаткан Иляздын "эркем ай" деген ырына кайра кайра бийге түшүп жаттык.........
....
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 18 Март 2014 - 22:16
"Бактылуумун"
!
#471 19 Март 2014 - 00:20
#472 19 Март 2014 - 00:31
автор мн доорубуз бир мезгилдерде откон экен да , жакшы жазыптыр кутобуз уландысын
#474 19 Март 2014 - 11:46
автор бизди куттуруп кайф алып атат шойт ээ??? же чындап эле колу бошобой жатабы?
ким кандай ойлойт???????
мен биринчи вариант деп ойлойм
ким кандай ойлойт???????
мен биринчи вариант деп ойлойм
#475 19 Март 2014 - 13:51
Бугун 19-март автор айылга кеткен болуш керек, Жазгулдун коздорун издеп. Эми келгенде жазат
#476 19 Март 2014 - 13:53
Баарынарга сабырдуулук калааймын, куто турунуздар,
андан коро гадайт этип турбайлыбы автордун азыр уй-булоосу барбы же жокбу экенин, зерикишпей
#477 19 Март 2014 - 16:25
Автордун бир болсо башы ооруп жатат го бейм, кече тойдо чарчаганда башкуш Эркем айга бийлей берип.
#478 19 Март 2014 - 16:27
Автордун бир болсо башы ооруп жатат го бейм, кече тойдо чарчаганда байкуш Эркем айга бийлей берип.
#479 19 Март 2014 - 16:33
бутуп калдыгооо. Жумуштан бир аз бошосом эле журок сырына баш бакмай. Качан аяктаар экен бул кызыктар .......
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...