Эх суйуу суйуу! Суйуунун кучу керемет болуп аткангоо бул тема да
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#62 24 Февраль 2014 - 08:04
Автор байке азаматсыз. 88 экенсиз, канча жыл алдын болгон окуянызды эстеп, бизге жеткиликтуу жазып жатасыз. Шашпай жаза бериниз. Ансызда конок экенси3. Коноктордун жазуу мумкунчулугу чектелуу.
#63 24 Февраль 2014 - 08:08
Иии баса кызыл тус менен жазбаныз. А то админ, же аким келип банга айдайт. Жаны катталып банды тушунбой жатсаныз керек. Сизди сайттан четтеттирип коёт.
#64 24 Февраль 2014 - 11:26
"Эгер ошол убакта мен сеникиндей жылмаюуну, сеникиндей коздорду өмүр бою башкалардан издеп калышымды билгенимде ,мен ал убакта баардык күчүмдү үрөп ,сага жүрөгүмдөн орун бербештин аракетин кылмакмын."
-кандай гана создор еее?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

#67 24 Февраль 2014 - 19:41
Менин бул убакка чейин эч кимди сүйүп көрбөгөн жаным менин жан-дуйномдо эмне болуп жатканына түшүнө албай жатты.Менин оюмча бул жон гана жактыруу,кызыгуу болчу.Баардык сүйүү биринчи жактыруудан,
кызыгуудан келип чыгаарын мен кайдан билмекмин.Эгер ошол убакта мен сеникиндей жылмайууну,
сеникиндей коздорду өмүр бою башкалардан издеп калышымды билгенимде мен ал убакта баардык күчүмдү үрөп сага жүрөгүмдөн орун бербештин аракетин кылмакмын.Бирок каалаганын аткарган бир ууч эт жүрөк келечекте эмне болушун алдын ала аңдай албайт экен....... Мдаааа биртке журокту башкара албай канча кыйналабыз ээ?
#68 24 Февраль 2014 - 23:17
...Күндөр өтүп жатты.Кээде аны эки жумадай корбой калып аттым.Ошол убактарда журогум кабынан чыгып кетчудой болуп мени бир ордума тургузбай шаштымды алып калаар эле.Анын коздоруно куса боло баштаганда озумчо капаланып койуп элдер таттуу уйкуда жатса мен түндөсу жылдыздарды жамынып,айдагы селкинин ордуна Жазгүлүмдү койуп алып суйлошуп отура береер элем.Ошентип жүрүп сентябрь да жакындап калды.Жакындаган сайын убакыт анан сайын жаай жылып аткансып менин кыжырыма тие баштады.Менин сагынчыма даба бир гана Жазгүлүмдүн көздөрү экенин менин жан-дүйнөм алда-качан билип койгондой мени ушинтип ойлоого мажбур кылып жатты.Адамдар биз бир нерсени ойлой берип озубуздун ойлорубузду озубуз курчутат экенбиз.Биздин ойлорубузда канчалык маанилүү,маңыздуу ойлор болсо деле ар дайым биз суйуу жөнүндөгү ойлорду биринчи орунга коет окшойбуз.Эртен 1-сентябрь деген куну суйунуп,утур-
утур саатты карап өзүнчө эле убара болгонум эч эсимен кетпейт
....
--Көптөн күттүргөн кун да келди ошентип.Самат шаарга кеткен бойдон келе элек эле.Мен Жыргал менен шерик болуп мектепке бардым.Эсимде, мен ары жак,бери жакты карап бирдей мектеп формасын кийген окуучулардын арасынан менин жүрөгүм сүйгөн көздөрдү издеп атсам Жыргал байкап калып таң калыштуу карап: "Сага не болуп атат? Мен сага суйлоп атам а сен болсо алаңдап эки жагыңды эле карайсын" деп айтканы.Канчалык күттүрүп кыйнаган менин жүрөгүмдүн ээсин ал күнү менин көздөрүм таба алган жок.Мугалимдердин демейдегидей создорун угумуш болгонум менен мен аны классташтарынан арасынан үмүтүмдү узбой издей бердим.Маанайым чөгүп жүздөрүндө жылмайуу уялаган классташтарымдын арасында сыртымдан күлүп койуп эптеп ал кунду да өткөздүм.Айбектен сураганга уятым чыдабай койду.Өзүмдү өзүм жоошутуп койуп балким бүгүн келеер деген ойлорго жетеленип эртеси куну келдим.Ээн калган журогумо шаңдуулук,бактылуулук тартуулап Жазгүл эртеси пайда болду.Эхх жүрөгүмдүн аны көрүп алып бир сүйүнгөнүн айтпа!!! .Жазгүл анчалык деле озгорбоптур. Чачы менен бою гана бир аз узунураак болбосо калганы мурдакы эле боюнча таттуу,көркөм. Кусалуу сезимдердин арасына жоготуп алган ойлорумду бир-бирден таап жашоом өз нугуна тушө баштагансыды. Алыстан көрүп сүйүнүп койуп жүрө бердим.Ал көзүмө көрүнсө анын айланасындагылар дагы көрккө келип бир жакшына болуп калаар эле.Менин ары басканым,бери басканым,сүйлөгөнүм, күлгөнүм бир гана ага жагуу үчүн жасалып жатты.Керек болсо шоктук кылып линейкага да чыктым.Башкы максатым ага көрүнүш,анын көңүл борборунан орун алыш....

-
Жаккымкелет1.mp3 (937,14kb)
: 697
"Бактылуумун"
!
#70 24 Февраль 2014 - 23:34
Суйуу деген ушундай болот экенда...автор сиздин жазып отурганынызды элестетип алып...кандай гана сонун, эстен кеткис кундор. Созго чечендигиниз,
коркомдоп жазганыныз.
..
#73 25 Февраль 2014 - 12:36
Каап десе,бутуп калдыго,ишимди да кылбай ушул журок сырынан чыкпай калдымгоо, Мырзаш менен ушул автордун темасынан башым чыкпай калды ,куто берип...
#74 25 Февраль 2014 - 15:29
соз байлыыгыныз да грамматиканыз да жакшы эле экен бирооок ущу "таярдана"
бергениниз кичинее туура эмес болуп калыптыр да
#75 25 Февраль 2014 - 17:15
мындан 9-10-12 жыл мурун болгон суйуу баяны окшойт, окууп отуруп мектепте окууп жургон кездеримди эстеп бир жылмайып алдым, а азыркы жаштарчы агенттен эле эч уялбастан эле люблюлашып калышпадыбы.
...... Автор абдан жакшы жазып жатасыз, бирок тугойунуз ж-до эч бир соз кылбайлесизго же ал башка мектепте окууйбу?
келечек алдыда
#76 25 Февраль 2014 - 17:19
Соонун гоо. Мектепте откон бактылуу коз ирмемдерди эске салды го чиркин. Автор азаматсыз, соз байлыгынызга баа бердим
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#77 25 Февраль 2014 - 18:40
Качан жазасыз уландысын?
Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
Живи здесь и сейчас.
#80 25 Февраль 2014 - 23:00
....Күндөр өтүп жатты.Жүрөгүм менен сүйүп көздөрүм менен сыр бербей жүрө бердим.Жазгүл күндөн күнгө бой жетилип ажарына келе баштагансыды.
Аны жандаган балдар да көбөйө баштады.Менин классташтырымдын арасынан да ага кызыккандар чекеден чыгат эле.Мен ага сүйүүмдү билдируудон корктум.Себеби биринчисинде сылык эле озунон алыстатып койгон.Эгер дагы бир жолу тууру эмес иш кылсам ал мени биротоло өзүнөн алыстатып коёрунан чочулап жаттым.Мен күтүшүм керек болчу.Анын үстүнө ал эми 8-чи класста окуп жаткандыктан озун айланчыктап жургон жигиттердин кимисин тандашын билбей жүргөнсүп эч ким менен сүйлөшпөй журду.Ал убакта ким ким менен жүрүп атканын билиш оңой эле.Анын үстүнө мен күн алыс анын үйүнүн жанындагы дөбөчөго өтуп турар элем.Мен мурунураак түндөсү аны көрүш үчүн гана барып жургон болсом эми аны кайтарганы да барып журдум.Анын жашоосунда эмнелер болуп атканы мага кызык болчу.Ошентип жургон кундордун биринде анын үйүн бир караан айланчыктай баштады.Кее күндөрү жалгыз келсе,кееде бир шериги менен келип жүрдү.Менин сүйүнгөнүм бир да жолу аларга Жазгүлдүн чыкканын көрбөгөнүм.
Алар нары өтүп,бери өтүп,ышкырышып,
кыйкырышып акыры тажаганда кетип калышаар эле.Чоң эле балдар болгондуктан мен аларга даап бара албай алардын артынан аңдып жүрүп кошуна айылдын балдары экенин билгем.Жазгүлдүн таенеси кошуна айылдан болгондуктан ал жакка көбүрөөк каттайт эле.Ошондо көрүп калгандар окшойт.....
---Бир жолу кызык окуя болгон.Адаттагыдай ал экөө ышкырып койуп беймарал эле сүйлөшүп тура беришти нары жак,бери жагын карабай.Мен алысыраакта кыймылдабай жатам аларды акмалап койуп.Ай жарык болгондуктан мага кыймылдашка болбойт болчу.Жазгүлдүн үйүнөн бир сөлөкөт чыкты дагы нары жакка басып кетти.Бирок бир аз отпой үйдүн каптал тарабында пайда болду.Аа тигилер күбүр-шыбыр болушуп бир нерселерди талкуу кылып тура беришти.Тиги караан жаай жылып жакындап атты.Азыр эмне болушун сезип мен дагы качууга таярданып койуп күтүп жата бердим.Жерге жатып алып сойлоп келе жатты.Жакын калганда атып турду да сөгүнгөн боюнча аларды кууп жөнөду.Тигилерде тажрыйба мол окшойт тез эле көздөн кайым болуп кетишти." Токто" деген боюнча тиги караан да алардын артынан кеткен бойдон көрүнбөй калды.Мен аларды узатып койуп ордумдан жаай турдум да үйдү көздөй кадам таштадым.Көрсө тиги түнкү караан жакында эле Казакстандан келген эң улуу агасы экен.Айбектин "жакында байкем келет" деп айтып атканын эсимден чыгарып ийиптирмин. Дагы жакшы тиги экөөнү кууп кетти,мени кууганда жетип алмак....
---Жаңы-Жыл дагы келди.Ар жылы боло турган конкурс,дискотекадан кийин эле биз кезектеги таярдап койгон отурушка жөнөдүк.Айылда өскөндөр билишсе керек отуруш кандай болоорун.3-4 саат эле жакшы отурасын.Эч ким сени беймаза кылбайт.Анан эле башталат "Тигилер чакырып атат"," Паланча баарыбызды чыксын деп атат" деп көзун алаңдатып кире баштагандар. Айла жоктон чыгасын эртеси токмок жеп калбайын деп.Чыксаң эле мектепти бүткөн чоң балдар озулору ойлоп табышкан "көчө сабагын" өтө башташат.Арак алдыртат,албай койгондордун чекесин томуйтканга өтүшөт оюнчук уруп атышкансып. Менин түгөйүмдүн кок беттик адаты бар болчу.Ошол убактагы бир зөөкүр бала Үсөндү кошуп дагы эки досту эрмектей баштады ар нерселерди айтып.Кийинчереек укканыма караганда Үсөн ал барып жүргөн бир кызды тартып алган имиш.Он чактуу баланы үйдүн жанына курулган кашаага такап койуп тиги үчөөнү алдыга чакырып алып ура баштады кезек кезек менен.Биздин бир эки коркогубуз алып келген аракты ичип артында анын 3 досу тамаша кылып отура беришти.Уруп тажашты окшойт эми "ырдагыла" дегенге отту.Үсон кок беттигине салып унчукпай тура берди эле тиги ызаланганынан ичке бир койду.Үсөн өзөрүп жатып калды.Тиги артындагы 3 алкаш "кой" дегендин ордуна "этияттап урсан э" деп койуп күлүп отура беришти.Мен коркконумдан өзүмдү эптеп кармап тура бердим.Жерге эңкейимиш болуп жерде жаткан муштумдай болгон ташты колума алып алдым эмне болсо ошо болсун,дагы бир жолу Үсөндү катуурак урса мен дагы аянбайм деп.Үсөн жөтөлүп өзүнө келип алгычакты берки экөөну уруп атты.Ал зөөкүр армияда кызмат кылып келгенгеби көбүнчөсү "ырдагыла, марш тепкиле,паланча жолу отуруп тургула" дей берчу.Үсөн озуно келип калганда дагы тизип алып "100 жолу отуруп тургула" деди эле коркуп калды окшойт Үсөн дагы берки экөөнө кошулуп анын айтканын аткарып киришти.7-8 жолу эле отуруп турганда ал керилип туруп Үсөндү бутка бир тепти.Үсөндүн суналып жатып калганын коруп мен чыдабай кеттим окшойт колумдагы таш менен тигини баш тарапка койуп калдым.Таамай атылган таш дал чокусуна тийди окшойт "башым" деп эле башын кармап согунуп отуруп калды.Коркконумдан качып жонодум эле бирок шамдагай бироосу узак качыра койбой артымдан жетип келип мени бутка бир тееп жыгытты.Анын артынан ээрчий эле тиги башына таш жеген неме келип мени токмоктой баштады.Удаа удаа аянбай урулган соккудан өзүмдү тез эле жоготуп койуптурмун эртеси түшкө маал башым таңылуу айылыбызга жакын ооруканда өзүмө келдим....
---Ушул бир түндөгу окуя коздөрү тунук Жазгүлдү 42 күн көрбөшүмө себеп болду.Ооруканадан үч жумага жетпей эле үйгө келдим.Мага алыс басып денеме күч келтиргенге болбойт эле.Сагынычым койнума батпай кыйналганымды айтпа.Сагынганда чоң жолго чыгып алып жолду карап отура береер элем курсагым ачкычакты.Мүмкүн классташтары менен же башка иштер менен айылдын жогору тарабына да келип калаар деген үмүттөр бар болчу менин ойлорумда... .
Жаккымкелет2.mp3 (951,84kb)
: 468mp3]

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия