Суперстан: Жүрөгүм издейт сендейди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!

#761 Пользователь офлайн   izyshka90   05 Апрель 2014 - 22:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Июн 2014 10:56
  • Жынысы:Белгисиз

Асан мырза кайда журосуз. Эртерээк келип бул жактагы баракты толтуруп жазып ийбесениз бул жакты булгап жиберишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#762 Пользователь офлайн   Aimeerimka   05 Апрель 2014 - 22:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 28 Февраль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2015 20:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу кыргыз жери.

Асан байке бул жакта калып, биролорду жемелеп кетиптирбизго, ойлонуп суйлош керек болчу соз деп суйлой бербестен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#763 Пользователь офлайн   Bogotik   05 Апрель 2014 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

Урушпагыла туугандар

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#764 Пользователь офлайн   La-lak.08   05 Апрель 2014 - 23:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2023 15:56

Просмотр сообщения Talantchik (05 Апрель 2014 - 22:36) жазган:

кайактык экенин билип анан туртушойун деп атасынбы?

Сөз эмес бекен а,таппасаң сыйпалап кал.....!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#765 Пользователь офлайн   kuu-1005   05 Апрель 2014 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Саламдар....


"Жакшы рахмат.Айтканың келсин.Өзүң каерде болдуң ал күндөрү?" деп жазып ийип жооп күтүп олтуруп калдым.Көп күттүрбөй эле "Мен айылда эле жүрдүм эле.Номеримди кайдан алды экен деп таң калып жатсаңыз керек ээ?" деген смс келип ага жооп кылып:"Аа жакшы.Мен ал күнү сени ойлоп кыжаалат болуп кетпедимби. Чындап эле кимден алдың номеримди? деп жазып ийдим.2 сааттай убакыт өттү окшойт.Анан Жазгүлдөн:" Кеч саат 11ден кийин чалың ошондо айтып берем кимден алганымды" деген жооп келди.Өзү деле кеч кирип калган болчу.Болгону 3-4 саат күтүшүм керек болчу.Эшикке секин чыгып кирип эптеп убакыт өткөзүүнүн аракетиндемин. Утур-утур саатты карап 11 болушун күтүп жаттым.Анын үнүн уккум келди....Анын күлкүсүн уккум келди.....Телефондун нары жагында болсо да анын демин уккум келди.... Сааттын жебеси өз калыбынан жазбай чыкылдап жатып саат 11 да болуп калды.Чалдым. 2-3 гудок кеткенден кийин өчүрүп койду."Бош эмес окшойт" бир аз күтүп турайын деп чечтим.Анан жарым саатка жакын гана "дозвон" келди Жазгүлдөн.Кайра чалдым.Биринчи гудоктун аягына чыгарбай:
-Да да.....деген үн чыкты.Эхх кандай сонун керемет,кандай сонун укулуктуу үн.Анын ыссык эриндерин желпип өткөн ар бир тамга мен үчүн бир башкача угулаар эле.
-Кандайсың? (анын үнүн уккум келгендей жооп күтүп туруп калдым)
-Жакшыыы рахмат.Бая бош эмес элем.Өзүңүз кантип калдыңыз? (толкунданып жатты окшойт тез-тез дем алып жаткансыды)
-Мен анча жакшы эмес элем,бүгүн сенин смсиңен кийин кыйла жакшы болуп калгансыдым (тамашалап жатканымды билгизгим келгендей ага угуза күлүп).
-Ммм жакшы экен.Анда ушул звоноктон кийин толугу менен айыгып кетет экенс да ээ? (күлүп)
-Көрөбүз го.Жыйынтыгы сүйлөшүп бүткөнүбүздөн кийин билинет да....
-Ммм айтыңыз эми.Кандай кылып окко кабылып калдыңыз? Эч кимди өлтүрбөдүңүзбү? (Эч кимди өлтүрбөсөм да "өлтүрбөдүңүзбү? " деген суроосун угуп чындап эле өлтүрүп койгондой чочуп кеттим.Кантип берди экен ушул суроону)
-Жоок эй кудай сактасын... (дагы деле анын суроосунун маңызын түшүнбөй жаттым.Ал да суроо мага жакпай калганын түшүндү окшойт сөздү башка жакка бурууга аракет кылып кирди)
-Номериңизди сиңдим таап берди.Сиздин мектепте окуган иниңизден алган окшойт.(Кее күндөрү ошол иним телефонумду мектепке көтөрүп кетип калат болчу оюнун ойногону же мактанганы)
-Ммм түшүнүктүү. ..... Өзүңөн сүйлө.Кантип атасың? (Анын жашоосу тууралуу билишке кызыкдар элем)
-Мен ушу жүрөм да келиндик парзымды аткарып.Эки күндүн биринде айылга апама каттам турам.Кайненем дагы жакшы аял,унчукпайт. ..
-Азыр каердесиң? (Анын сөзүн угуп бүтпөй эле суроо узатып жибердим)
-Азырбы? (Айтсамбы айтпасамбы деп ойлонуп туруп калгандай бир аз туруп калды)..... Азыр айылдамын (Биздин айылда экенин угуп сүйүнүп кеттим)
-Өтүп барайынбы? ("Макул" десе эле бара ала тургансып,же "макул" дей кое тургансып ушул суроону кантип берип жибергенимди өзүм да байкабай калдым)
-Койуң.... Уят эмеспи эл көрсө. (Менин берген суроомо таң калып жаттыбы же башка нерсеби иши кылып унчукпай туруп калды)
-Мм тамашаладым ээла... ("ээла" деген кыздардын сөзүн айтканым ага жаккандыктан ушул сөздү айтып анын күлгүзгөнгө аракет кылдым)
-Хм (Күлүп) ушул создү дагы деле айтып жүрөспү э? Досторуңуз угуп калып шылдыңдап жүрүшпөсүн.
-Бул сөздү сенден башка эч ким уккан эмес.Достордон кудай сактасын.Алар угуп калса 2 жыл жүрүшөт шылдыңдап.Ырас эле Аэлита менен сүйлөшүп атасыңбы? (Сөздү башкага бургум келди)
-Ооба....
-Жакшы бекен? Балалуу болуппу? (Жазгүл тарапта бир аз жымжырттык болуп калды)
-Анын ажырашып кеткенине 5-6 айдай болуп калды го.Күйөөсү начар окшойт иче берген......
-Мм жаман болуптур..... (Ичимден "байкуш" деп ага боор оруп койдум.Чындап эле Аэлита да жакшы кыз болчу)
-Ооба.Азыр ал деле айылда болсо керек.Бир жума мурун айылдамын деп атты эле.
-Ммм.... Күйөө баладан кабар барбы? Качан келем деп атат? Сени унута элек бекен? (Ушул үч суроонун акыркысын бекер бердим деп кыжаалат болуп кеттим)
-Күйөө балаңыз күздө келет кудай буйруса.Каякта унутат,күн алыс чалып турат.Өзү мага чалып "үйдө жүрө бербей апамын (Жазгулдүн апасы) үйүнө да барып тур" деп турат байкуш.Кееде эле ашыкча ичип койгону болбосо негизи жакшы адам күйөө балаңыз кудаага шүгүр.
-Ммм .... (Ичимден "Сен жакшы адамга татыктуусуң" деп жаттым)
-Асан байке мен эс алайын.Апам бүгүн кечке кир жуудуртту (күлүп)
-Макул жакшы эс ал.
-Болуптур, сиз дагы........


Мына биздин ошол түнкү баарлашуубуз менин жан-дүйнөмдөгү жарамды да,октон алган сырттагы жарамды да бир кыйла айыктырып салгандай болду.Эхх Жазгүл Жазгүл ылайым бактылуу болсоң экен...........

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#766 Пользователь офлайн   happykyz   05 Апрель 2014 - 23:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 13 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Апр 2014 09:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Ehhh Jazguuul,,, Asan baikeni katuu kyinapsyyngooo.
Asan baike kandai jakwy adamsyz....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#767 Пользователь офлайн   izyshka90   06 Апрель 2014 - 00:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Июн 2014 10:56
  • Жынысы:Белгисиз

Даа жакшы. Чыныгы суйуунун учкуну чачырап турат создорунуздон. Жашоодо журоктун тупкурунон орун алып, таза суйууно татыктуу болгон адамга жетпей калган учурда гана анын бактысын тилеп, кун кечирип каласын. Бул ишибиз менен менимче аруу, аппак суйуубузду коргосок керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#768 Пользователь офлайн   Bogotik   06 Апрель 2014 - 00:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

Кандай соонун бирок жазгулго жетпей калганы окундуротда окундурот

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#769 Пользователь офлайн   Jyrgal-87   06 Апрель 2014 - 00:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 146
  • Катталган: 24 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Мар 2015 14:27

Опбоооо кечирим сурадым го баарынардан. эми уруша бересинерби баарын? ??
Туура эмес суйлоп алдым деп мойнума алып атам го амей ...:(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#770 Пользователь офлайн   Nazika_92.29   06 Апрель 2014 - 01:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 02 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Дек 2017 17:32
  • Жынысы:Аялзаты

Менимче чыныгы суйуудон эч ким эч качан умутун узбойт болуш керек.Асан байкеге окшоп жетбей калып жургондор канча болду экен.Чындыгында суйуунуздорго таазим эттим !!!Эн тунук ,кол жеткис,айтып буткус экен.Бут адамдар бактылуу болушун каалар элем.Сиздей суйусуно жетбей калгандар окууп жатып ,озун элестетип алгандар да аз эмес болду го дейм.Чын эле башкаларды коё туруп озумду эле мисал кылсам:3 D мене коруп жаткандай болуп окууп жатам ар бир жазганынызды! Чоон рахмат убакыт болуп,бир кезде Жазгулго айта албай жургон суйуунузду канчалаган окуурмандарга билдирип жазып берип жатасыз!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Nazika_92.29: 06 Апрель 2014 - 01:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#771 Пользователь офлайн   kanaat-1985   06 Апрель 2014 - 01:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 140
  • Катталган: 04 Февраль 14
  • Соңку аракети: 04 Фев 2015 12:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Баткен областы

СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#772 Пользователь офлайн   aziko88   06 Апрель 2014 - 01:48

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

мен жазгандарын окуп кадимкидей ошол мектептеги кундорго баргандай болдум жааз эмии,бутуром дедин элего
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#773 Пользователь офлайн   kuu-1005   06 Апрель 2014 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Ошол ошол болду.Күн алыс сүйлөшүп жүрдүк.Сүйүү темасы экөөбүзгө тең оор келгендей бирибиз да ал темага жакындабайт болчук.Жазгүлдүн үнү,күлкүсү өбөк болуп мен тез эле айыгуу процессине түштүм.Ал менен сүйлөшүп жатканымда ок тийген жеримди унутуп да калаар элем.Кубанычым октон алган жеңил жарамды тыптыйпыл кылып жаап койгондой сезилеер эле.Жазгүл өзүнүн туулуп өскөн айылына келгенде гана сүйлөшпөсөк тиги жакта жүргөндө сүйлөшпөйт элек....
----Нары бери басып калганымда Керимге каттай баштадым.Анын үйү жакын болгондуктан кирип чыгып жүрө береер элем.Ошентип жүргөн күндөрдө айылда бир кыз пайда болду.Жагымдуу, сулуу ал кыз шаардан жаңы эле келгендей.Керимден сураштырып кимдин кызы экенин билдим.Көрсө озүмдүн эле аяш атамдын кызы экен.Россияда төрөлүп,ошол жакта чоңойуп,тогузунчу класска чейин ошол жакта окуп орус боло баштаганынан ата-энеси айылга алып баса беришиптир "ушул жакта оку" деп.Бир назик,аппак, келбети да өзүнө келишкен ал кыздын коздөрү Жазгүлдүн көздөрүндөй боорукер,сулуу экенин байкадым.Ал жашаган үй Керимдин үйүнөн эки-үч үй нараакта болгондуктан ал күн алыс Жаңыл жеңесине келип сүйлөшүп жүрө берет болчу.Жаңыл озү ошондой адам.Өзүнүн көчөсүндөгүлөрдүн баары менен жакшы мамиледе болгондуктан анын жанынан кыз-келиндер үзүлбөйт болчу.Мен Керимге барып калган күнү ал менен да кееде көздөрубуз чагылышып кетеер эле.Аты "Айдай" экенин мен Керимден билдим.Бир күнү Керим ашка чакырып калды Мелис экөөбүздү.Кеч шайдоот басып Керимдин үйүнө кирип бардым.Мелис олтуруптур двди көрүп.Очокто жумушу менен алек болуп аткан Жаңылдын жанынан Айдайды байкадым.Мен аны кееде караганым менен ал мага такыр эле көңүл бурбай жаткансыды. Мелис,Керим үчөөбүз сүйлөшүп каткырып олтурдук.Палоо тез эле таяр болду.Айдай Жаңылга каралашып дасторкон салышып жатты.Обу жок Мелис чымчымай сөздөрү менен тийишип жатты.Мен жөн гана кееде ага билгизбей карап койгонум менен унчукпадым. Дасторкон жайылды.Жаңыл Айдайды "шерик болуп олтур" деп жатып акыр көндүрдү.Аштан жегенче биз ар нерселерди айтып тамашалашып каткырышып, жакында болуп өткөн согуштагы көргөндөрүбүздү айтып тигилердин ооздорун ачтырып таң калтырып олтурдук.Керим бир ише арак алып менин ден-соолугум үчүн куйуп кирди эле мен бир стакан ичип анан ичпей койдум.Мелиске майдай жагып көп деле кыстаган жок.Керим анча мынча гана ичип койгон болбосо Мелис көбүн эле озү ичип койду.Ошол отурушта менин тушумда олтурган Айдай дагы мени кез-кезде карап жатканын байкадым,бирок байкамаксанга салып олтура бердим.....
----Россияда төрөлүп ошол жакта өскөнүнө карабай Айдай негедир кыргызчаны таза сүйлөөр эле.А мүмкүн убагында мугалим болуп жүргөн ата-энесинин таасиридир. А мүмкүн ар жылдын жайында Бишкекте эс алып жүрүп кеткенгедир. Ошол убакта моода болуп аткан "агент" менен Айдай да ооруйт экенин байкадым кечке эле телефонуна үңүлүп басып жүргөнүнөн. Мен дагы бир жыл мурун Москвада жүргөндө катталган агентимди иштете баштадым.Менин жүрөгүм сүйүүгө суусап турган убак болчу.Ошол суусунумду Айдай менен кандырууну чечтим.Мурда агентке анча-мынча кирип жургөндүгүмдөн Айдайды тез эле таптым."Дружба" жөнөтсөм негедир кошпой койду.Бир эки күндөн кийин Керимдин үйүнөн Айдайды көрүп ага:
-Кандайсың? -дедим сөздү эмнеден баштаарымды билбей.
-Жакшы.Өзүңүз? -биринчи жолу ага "кандайсың? " дегенимден таң калып жатканын көздөрүнөн байкадым.
-Жакшы.Агентте мени неге кошпой койдуң?-деп шарт эле создүн чок этер жерин айта салдым.
-Качан? Сиз агентте барсызбы???? (Бирок чын ал убакта биздин айылдагылардын көбү "агент" тууралуу керек болсо уга элек болчу.Айдайдын бул суроосуна капа деле болбодум)
-Ооба бармын.Шаардыктар эле эмес мага окшош айылдыктар деле колдонушат. .. (Какшык аралаш сөзүмө Айдай уялып кеткенин жүзүнөн илгиртпей паамдадым)
-Оо жакшы.Кимсиз, качан жөнөттүңүз эле? (Сөздөрүнөн чындап эле ага "дружба" жөнөткөндөр көп экенине ынандым)
-Эки күн мурун.Карасаң. ........ (деп аты-жөнүмдү айттым)
Айдай агентке кирип эле бир аздан соң:
- Ааа ооба жөнөтүпсүз (мени карап жымыңдап күлүп)... Кошуп койдум......
-Ммм жакшы- деп жатканымда нараакта өз иштери менен алек болуп жүргөн Жаңыл биздин создү бөлүп:
-Мине эле деп күңкүлдөшүп сүйлөшүп атасыңар.Аяш Айдайды Керимге аяш кылып берейин деп жатаспы? Колдон чыгарбаң жакшы кыз.... деп эле тийишип калды.Анын сөзүн угуп Айдай кадимкидей уялып ыңгайсыз акыбалда калып Жаңылгы карап:
-Ииий жеңе койуңчу тамашаңызды- - деп эле жылмайып калды.Мына ошол күндөн баштап Айдай менен жакшы сүйлөшө баштадым.Ага сөз менен тийишип аны уялтканды адатка айландырып алдым.Жазгүл деген ысым күндөн күнгө жүрөгүмдүн бир кычыгына жылып Айдайга орун бошото баштагансыды. Себеби Айдайга да жүрөгүмдөн орун беришке,анын жүрөгүнөн орун алышка кирише баштадым....

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#774 Пользователь офлайн   izyshka90   06 Апрель 2014 - 02:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Июн 2014 10:56
  • Жынысы:Белгисиз

Бали анан эми Айдай сиздик б.со экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#775 Пользователь офлайн   Januska   06 Апрель 2014 - 03:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 702
  • Катталган: 09 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2016 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Кара-Кулжа

Кызык эми башталган го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#776 Пользователь офлайн   kuu-1005   06 Апрель 2014 - 04:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Бир күнү Керим мага жымыңдап:
-Ии досум Айдайды жүрөктөн кетирип койгон окшойсуң.... ("Молодец" дегендей кылып карап)
-Кандайча? Неге антип ойлоп атасың? (Сүйүнгөнүмдү жашырып өзүнчө анткорлонуп сурап калдым)
-Кечее телевизор көрүп жатып уктап кетипмин жаткан жеримде.Ойгонсом эле аяшиң менен Айдай сени соз кыла баштаптыр.Көзүмдү ачпай жата бердим алардын сөздөрүн угуп ("Кыйын экенминби?" деген кыязда мени карап)
-Айтсаң болгонун болгондой эле.Не деп атышыптыр? (Мага кызык болду эмне деп сүйлөшүп жатканын билүү)
-Айдай аяшиңа:"Асан байке кандай бала? Адашпаймынбы эгер ал менен жүрүп алсам?" деди эле аяшиң сени бир чаң жугузбай:" Ооба эй.Чекпейт,ичпейт, ичсе да анда санда,окуусун да бүтүп калды.Дипломун алсам банкка ишке кирем деп атат.Колдон чыгарбай кармап алсаң банкирдин аялы болуп жыргап каласың.Эң жакшысы ал аяштин апасы сонун аял.Билсең керек аяш энеңдин кандай экенин?" деп мактап кирди.Айдай да ашиңдин сөзүн угуп:"Ооба жеңе мага да чекпегени анан ар дайым тамашалап шаңдуу жүргөнү жакты.Сүйлөшкөн кызы болсо керек сөзсүз.Асан байкенин апасын деле бир эки жолу үйгө келгенде көрдүм,жакшы билбейм бирок" деп айтып жатты.Анан эле Кудайберди (бешикте жаткан биринчи баласы) ыйлап ийбедиби тигилердин сөзүн бөлүп...... деп Керим укканын уккандай айтып берди.
-Ооо дос мен дагы жагат экенмин да ээ кее бирлерге (мактангансып каткырып койдум)
-Ии энең....Ошто жүрүп көп кыздарды шорун кайнатсаң керек сен.Калп эле таза адам болуп коесуңда аяшиңдин сени мактаган сөздөрүн угуп алып.Аэлита менен деле сүйлөшүп жүрүпсүң эле го бир эки жыл мурун.Пысмыйып алып сенде дагы иштер көп экен ээ??? деп калды."Аэлита менен жолугуп жүргөнүмдү кайдан билген бул бала?" деп түшүнбөй андан:
-Кимден уктуң Аэлита менен сүйлөшүп жүргөнүмдү? (Андан жооп күтүп туруп калдым)
-Жазында эле уккам.Сага айтам деп жүрүп эсимен чыгып кетиптир.Кранга сууга келген экен.Күйөөсү менен ажырашып кеткенин да ошондо уктум.Сүйлөшүп туруп калдык эле сени сурады.Кайра кайра сени сурай бергендиктен мага кызык болуп такып сурап атып экөөңдүн жолугуп жүргөнүңөрдү билген болчум.....
-Ааа ооба бир аз убакыт жолугуп жүрдүм зеериккенимден. Ал азыр каякта билбейсиңби?
-Бир ай мурунураак талаадан келе жатып жолукканда жакында Россияга кетем деп жатты эле.Уже кетсе керек.Не күйөөдөн ажырашып келсе бир пайдаланып калайын деп атасыңбы?-деп кааткырып күлүп калды.
-Неңдурайын оюң эле жаман да.Жөн эле сурап койдум э галдир.....
-Иии энең сен эле болсо жөн сурайсың..... . деп кадимки эле соз катары колдонуп жүргөн "энең" деген соз менен сөгүшүп сүйлөшүп атып ал күндү да өткөрдүк.Кеч Айдайды эстеп агентке кирейин десем "бирдик" жок экен.Жылуу кийинип алып секин Айдайдын үй тарабына бастым.Август этектеп калгандыктан түндөсү суук боло баштаган болчу.Анын үйүнүн жанынан өтүп кетип атып топтолуп турган 4-5 баланы көрдүм."Кимдер экен?" деп келсем 11-чи класстын окуучулары экен.Келип "Кимсиңер э?" деп сурасам кош колдоп учурашышып "Биз эле Асан ака" деп калышты." Кимди күтүп?" деген суроомо Айдайдын үйүнүн тушундагы уйдү көргөзүп,ошол үйдө жашаган баланы күтүп турганын айтышты.Арасындагы озүнчө бир "мачо"су Айдайга келгенин байкасам да "А мейлиңер" деп берегиреек басып ойлогон ойумду тастыкташ үчүн тиги жубарымбектерди аңдып туруп калдым.Ойлогонумдай эле алар Айдайга келишиптир. Ышкырып,кыйкырып жатты.Ал күнү Айдайдын ата-энеси Бишкекке кетип өзү жалгыз экенин билсем кана."Неге аяш атам чыгып тигилерди куубай атат?" деп коем мен берегиреекте туруп алып.Ошентип ал жерде бир аз туруп үйгө кетип калдым.Эртеси кеч Керимдин үйүнө келип Айдайды жолуктурдум. Саламдашып,жайгашып олтуруп алгандан кийин адатымча Айдайга тийишип:
-Ии Айдай кечее күйөө балдар үйүңдүн жанында жүрүшкөн экен эле,чыктыңбы? (Анын оозунан "жок" деген создү уккум келди)....
-Ии ооба топтолушуп келип алып анан сайын жүрөгүмдү түшүрүштү и так апамдар жок коркуп олтурсам-деп мен күткөн жоопту берди....

Керим менен Жаңыл бизди көздөрүнүн кыйыктары менен карап унчукпай олтура беришти телевизор көрүмүш болушуп.Өзү мендеги Жазгүлгө болгон сезимдерди да кечеекилерге окшош балдар анын артынан калбай чуркап жүрүп таза сүйүүгө айлантышкан болчу.Өзү мен "спрос" көп кыздарга эле кызыга бергендигимден Айдай менен жүрүп алышты эми ойлоно баштадым.Көрүп аткан кинобуз кеч бүтүп саат 12ден өтүп калганда Айдай "үйгө барайын жеңе,узатып коеспу?" деп калды.Жаңыл да мени карап "Жок узата албайм.Оо аяш жеткирип коет.Аяш ошентеспи?" деп мени жылмайып карап калды."Жок" десем Керим эртеси "лох" деп маскарлап күлөт болчу.Анын үстүнө Айдай менен жалгыз булууну каалап аяштин суроосуна тез эле:
-Болду да аяш.Айдай кааласа үйүнө киргизип уктатып койуп анан үйгө кетүүгө да даараметим жетет-деп тамашаласам тамашаны түшүнбөй калган Айдай:
-Ээ койуң үйгө алып кирип уктатып койуштун кереги жок.Жөн эле жеткизип коюң..... деп калды.
-Макул-деп чыгып кетип атсак Керим да жөн турбастан:
-Айдай этият бол.Асан көчөгө алып чыгып баса калчу адаты бар эле,ошонусу кармап кетпесин-деп мага көзүн кысып серёзный карап туруп калды бизди.Бут кийимин кийип жаткан Айдай үйгө чуркап кирди Жаңылга:
-Жеңооуу жүрүңуз сиз эле жеткирип койуңчу...... -десе болобу.Анын жүзүндөгү коркунучту көрүп Керим кааткырып күлүп ийди.Ага кошулуп мен дагы күлдүм.Жаңыл Керимди карап:
-Жөнчү эй кайдагыны айтпай.Айдай сен да ишене берсиңби тамашалап койсо.... деп жатып Айдайды мага кошуп берди.Айдай жанымда жанашып бара жатты.Келсек дагы деле кечекилердин экөөсү туруптур.Мени Айдайдын жанынан көрүп секин жылып караңгыга сүңгүп кетишти.Ошол түндөн баштап Айдай менен түндөсү жолуга баштадым.Сентябрь башталып Айдай мектепке бара баштады." Оой мындай экен,ииий тигиндей экен" деп эле мектепте болгон ар нерселерди айта берет болчу.Мурда телефонумду кармаганда эле "Жазгүлгө смс жазсамбы" деп ойлонуп жүргөн болсом азыр шарт эле агентке кирмей болуп калды.Бирок чын-чынына келгенде Айдайды деле Жазгүлгө теңеп жакшы көрүп жатпаймбы.Эмнеси болсо да жүрөгүмө жаңы сезимдер пайда боло баштады....


Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 06 Апрель 2014 - 04:11

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#777 Пользователь офлайн   miwka94   06 Апрель 2014 - 04:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 29 Январь 14
  • Соңку аракети: 16 Июн 2019 17:03
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:j

Жаны сезимдердин пайда боло баштаганы жакшыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#778 Пользователь офлайн   Januska   06 Апрель 2014 - 04:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 702
  • Катталган: 09 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2016 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Кара-Кулжа

Ииииии берилип окуп баштасам бутуп калды го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#779 Пользователь офлайн   seli   06 Апрель 2014 - 04:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Ээээх журогунуз жазгулдон башкагада орун берет экен ээ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#780 Пользователь офлайн   Gulnazi   06 Апрель 2014 - 07:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 861
  • Катталган: 06 Апрель 11
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 11:07
  • Жынысы:Белгисиз

Айдайды алат окшойт ээ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 19:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: