' Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби? - Суперстан

Суперстан

»
Blogs
Саясат жана коом
Башкы бет
Соңку кабар Жылнаама
Супер-Инфо
Медиа-портал Жарыялар
МаекМаек
Кинозал Эрежелер
Суперстан

Толук версиясы


Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби?

Kubanychbekkagan Kubanychbekkagan 20 Февраль 2014 - 15:08

Үч айдан бери Евро Биримдикке кошулууну көздөгөн Украинанын айрым саясатчылары элди топтоп көчөгө алып чыгып митинг уюштуруп келишет. Аталган иш-чарага Европа Биримдиги жана АКШ колдоо көрсөтүп келүүдө. Ал эми Орусияга ыктаган бийлиги жана украиналыктар Батышчылдарга каршы күрөшүүнүн үстүндө камчыны колдон чыгара элек. Мунун арты барып кечээ чоң кагылышка алып келди. Анын кесепетинен жүздөгөн жарандар жаракат алып, окко учкандардын саны 30 га чукулдап калды. Окко учкандардын жарымы митингчилер болсо, жарымы полиция кызматкерлери. Бийлик талашуунун арты кан төгүүгө алып келүүдө. Мындан да жаманы Сириядагыдай жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар. Батышчылдар бүт дүйнөнү демократия деген кооз сөзгө башын айлантып, миллиондогон бейкүнөө адамдардын канын төгүүдө. Мына күн жылып келатат. Март айынан тарта Кыргызстанда дагы АКШ менен Европанын саясатын колдогон биздин айрым саясатчылар митинг баштоону көздөп жаткандыктарын жар салууда. Батышчылдардын жана мурдагы ак жолчулардын жазында баштай турган митингги Кыргызстанды экинчи Украина кылып койбойбу?

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:14

Украинага бизден жуккан го, менимче))
Кудай сактасын Кыргызстанда кайра мындай уройду учурган окуя болбой эле койсун.
Украиндер Киевдин таш-талканын чыгарышыптыр.

muxammet muxammet 20 Февраль 2014 - 15:19

Kubanychbekkagan Тактоо киргизип алсак! Батышчылар ким? Бакиевчилер же Акжолчулардын аларга кандай тиешесибар?

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:54

Украинадагы зомбулуктар эмнеден
башталды?
Өткөн дем алыш күндөрү эки тарап бири-биринин
талаптарына көнүп калган эле, басып алынган
өкмөттүк имараттар бошотулуп, каршылык
акциясына чыккандарга кылмыш иштери
кыскартылып. Оппозиция шейшембиде
парламент 2004-жылдагы Конституцияга кайтып келүү маселесин карайт деп күткөн эле. Бул
оппозициянын башкы талабы болчу. Бул Баш
мыйзам боюнча парламент менен премьер-
министрге көп бийлик берилмек, бирок Янукович
аны кийин өзгөртүп, эски версиясына кайтарып
келген, анда президентке Франциянын президентиникиндей ыйгарым укуктар берилген.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:55

Эмнеден тескери кетишти?
Мыйзам долбоорун каттоого алып, күн тартибине
коюш керек эле, бирок парламенттин спикери
Владимир Рыбак аны талкууга коюудан да баш
тартты. Ошондо каршылык акциясына чыккан
күчтөр мыйзам долбоорун караш керек деген
талап менен парламентке карай жүрүш баштап жиберишти. Топураган адамдар милициянын
тосмосун бузуп өтүштү, ошол маалда полиция
резина ок менен ата баштады. Имараттардын
чатыры тараптан жыйылган элди карай ок
атылды деп айтылууда. Кулак тундурган
гранаталар ыргытылып, коз бууган газ колдонулду. Негизги тополоң шейшембиде
болду. Каршылык акциясына чыккандардын
Эгемендик аянтындагы башкы лагерине чабуул
жергиликтүү убакыт боюнча 18:00 дө башталды.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:56

Саясат:
Президент Янукович менен оппозициянын үч
лидеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр түн
ортосунда болду. Янукович кан төгүлгөн окуяга
оппозициянын лидерлерин күнөөлөдү.
Оппозициянын лидерлери Янукович аларга
куралды таштап, полицияга багынып бергиле деген талап койгонун айтууда. Юстиция
министринин айтымында дагы сүйлөшүүлөр
пландаштырылган, бирок ким менен, кандай
шартта болору белгисиз.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:57

Дипломатия:
Жо Байден Януковичке телефон чалып, Киевдин
борборунан полицияны алып кетүүгө үндөгөнү
белгилүү, бирок кандай жооп болгону белгисиз.
Телефон чалууга Меркель аракет кылган, бирок
байланыш болгон эмес. Орусия болсо
демонстранттарды айыптагандын ордуна тополоңго алып келди деп Батышка күнөө коюуп
жатат. Янукович полицияга, ички аскерлерге
кошулуп Чыгыш Украинадан барган аскерлешкен
жалданма күчтөрдү колдонуунун саясий
кесепети кандай болорун азыр аңдай элек
сыяктуу. Анын жакын чөйрөсү азыр күчкө гана ишенип турат. Өкмөттү жактаган аскердик
түзүлүштүн курамында пистолет жана башка
курал алгандар жүрөт, алар түнү бою Эгемендик
аянтынын жанындагы райондорго кирип кол
салып жатышты.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:58

Украинадагы аймактардын мамилеси:
Батыш Украинадагы ири шаарларда полиция
жана өкмөт имараттарын басып алуулар болду
Львов, Тернополь, Ивано-Франковск.
Майдандагы демонстрацияга тилектештик
Харькове менен Одессада да болду. Бирок
түштүктө жана чыгышта улутчул Эркиндик партиясынын жана Кличконун УДАР
партиясынын офистерине кол салуулар, өрттөө
фактылары болду. Полиция жолдорду тосуп
турганына карабай, майданды колдоочулар
Киевке Львовдон автобус менен келишти.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 15:59

Медиа кантип чагылдырууда?
Оппозицияны колдогон башкы телеканал -
бешинчи канал иштебеди, кечээ кечинде полиция
каршылык лагерине чабуул баштаган маалда
анын сигналы жоголуп кетти. Бирок ал
Интернетте спутник аркылуу көрсөтүлүп жатты.
Especo ТВ жана Евроньюс окуяларды түз ободон алып көрсөтүп жатышты. Алардагы кандай
берилгени, бейтараптуулугу жөнүндө мониторинг
болгондон кийин айтыш керек.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 16:00

Радикалдашуу:
Оппозициянын арасында радикалдуу топтор бар,
алардын көбү майданда баррикадада тургандар.
Ошондой эле өкмөттүн таламын талашкан
тарапта куралданган аскердик топтор бар,
алардын арасында жалданма баш кесерлер
дешет, көп учурда чыр-чатакты ошолор баштап жатканы да байкалган. Бирок каршылык
акциясына чыккандардын басымдуу бөлүгү
радикал топторго кошулбайт.

kanat4ik kanat4ik 20 Февраль 2014 - 16:01

Кан төгүүнү ким токтото алышы мүмкүн?
Бул жөнүндө айтуу кыйын. Украинада
динаятчылар ортого арачы болуп түшүп көрүштү,
бирок майнап чыккан жок. Мурдагы президенттер
Кравчук, Кучма жана Ющенко дагы ортомчулук
кылып берели деп чыгышты, бирок алардын
сунушу кабыл алынбады.Евробиримдиктин дипломаттары да жардам бере алышпады. Ал
эми Орусиянын сунуштарын оппозиция уккусу да
келген жок. Кубаттуу олигархтар Ахметов,
Пинчук, Фирташ сүйлөшүүлөрдө мунаса табууга
чакырышты, анда ылаажы болгон жок.
Башкаруучу Региондор партиясын массалык таштап кетүү деген үмүттөр да акталбады.

KUMU89 KUMU89 20 Февраль 2014 - 16:18

Кыргызстан мындай кандуу окуяны, эки ирээт башынан откорду. Украинага айланбай эле, алар биз откон жолду эми басып жатат. Кыргызстанга келсек. Жаз келсе, Оштун экс мери Мелис Мырзакматовдун жазда башталат баары деген созун козгоп чыгыпсын. Башка тушконду, коз корот.

munar85 munar85 20 Февраль 2014 - 17:34

Бийликтин козун май басып элди унутуп талап-тоноп жеп жатса берген убаданы аткарбаса албетте ушундай абалга алып келет. Мында элдин же кээ бир саясатчылардын айыбы жок муну ошол бийлик озу каалап олтурат демек ал бийликти кетириш учун мындан башка жол жок КЫРГЫЗСТАНга учунчу которулуш керек болуп турат биздин чондорду, депутаттарды АКУЙдун алдына тизип туруп салыш керек ошондо онолобуз

muxammet muxammet 20 Февраль 2014 - 17:41

Эгер толкундоолор башталса "Президент озу отставкага кетиш керек." Кан тогууго жеткирбестен.

PROS PROS 20 Февраль 2014 - 18:00

Болушу мумкун! Себеби: биздин бийликтин козун май басты, карапайым калк арасында ашанын саясатына нааразылар миллиондоп саналат!

MEDER_KULETOV MEDER_KULETOV 20 Февраль 2014 - 18:11

Неси болсода жазында коробуз Кудай сактасын эгер болуп кетсе билбейм кандай болот

Saiha.84 Saiha.84 20 Февраль 2014 - 18:19

Эгер толкундоолор башталса "Президент озу отставкага кетиш керек." Кан тогууго жеткирбестен.


Президент кеткен кундо да Кыргыз эли толук кандуу колдоп бере турган кандидат жокко эсе анын ордуна азырынча,баягы эле эл калат хаос орногон биздин олкодо мен жеке каршымын ар кандай пикет митингдерге! !!

muxammet muxammet 20 Февраль 2014 - 19:06

Президент кеткен кундо да Кыргыз эли толук кандуу колдоп бере турган кандидат жокко эсе анын ордуна азырынча,баягы эле эл калат хаос орногон биздин олкодо мен жеке каршымын ар кандай пикет митингдерге! !!


5,5 миллион элдин ичинен кантип чыкпайт? Бычакка сап болчулар кооп эле. Айлананы карасаныз.

Vazir Vazir 20 Февраль 2014 - 21:44

Европага - Украина керек анткени Украинасыз Баажы союузу тузулбойт, Европа менен АКШ нын максаты кандай кундо да Бажы союузун тузулушуно жол бербоо, Бул анык талашсыз,
Ал эми Кыргызстан АКШ га керек эмес, анткени АКШ Озбекстанга ооп ошол жакты колго алган Орто Азиядан, М: 50 миллиарты чамалап барган, Афганистандагы курал жарактарды Озбекстанга таштай турган болду. Эгер биз керек болгонубузда бийликти алып коймок андай болушуна негиздер коп эле болуп келди, бирок эч нерсе болгон жок тилеке каршы, коп кооптонуштун кереги жок...!

Кубанычбек каган тема ачып элдин оюун билгиниз келиптир да ээ..))


Бирок Президен чектен чыгып чындыктан тайа берсе, Путинда ага жардам бере албайт..!! !

LASTO4KA_1 LASTO4KA_1 20 Февраль 2014 - 23:41

Кыргызстан учунчу революцияны которо албайт... Дегеним экономикабыз аран эле турган учур...Андыктан Пикет, Митингсиз эле ынтымакта жашайлы ...


Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: