САЛАМАТ ПЛЮС
«КосМед» медициналык борборунун дермотокосметолог врачы
Гаджал Нурмери Туратбековна
Ар бир аялзаты жылдын кайсы мезгили экендигине карабастан айына бир жолу бетти тазалатып туруусу зарыл. Анткени ар кандай сырткы же ички таасирлерден улам, мисалга косметика колдонуудан деле беттин терисинин тешикчелери бүтөлү
п калып, тактар пайда болуп, теринин түсү өзгөрү
лүп, бузулушуна алып келет. Ошондуктан ар бир адамдын терисинин абалына жараша ар кандай косметикалык каражаттар менен беттин терисин атайын адистер тазалашат.
Теринин абалы нормалдуу, майлуу, кургак болуп бөлүнө
т.
АЯЛЗАТ АЖАРЫ
Майлуу тери – териде майдын ашыкча бөлүнү
п чыгуусунан улам болот. Адамдын ички организминдеги гормоналдык бузулуу¬дан,
же тамак сиңирү
ү органдарынын туура эмес иштешинен, нерв ооруларынын таасиринен тери майлуу болот. Мындай тери чаңды бат сиңирип алып териде майда ириңдү
ү исиркектердин чыгышына алып келет, тери бузулат. Майлуу терини самын менен эмес атайын бет үчүн чыгарылган гелдер менен эртең менен кечинде жууп турса жакшы жыйынтык берет.
Кургак тери - тескерисинче териде майдын жетишсиз бөлүнү
п чыгуусунан болот. Бет терисинде нормалдуу нымдуулук сакталбаган болот. Кургак тери көбүнчө
улгайган курактагы адамдарда көп байкалат. Жаш¬тарда деле бетти самын менен туура эмес бат-бат жуугандан, шамалдан же күн нурларынан сактанбай жүрө бергенден бет териси кургап кетет. Мындай бетке бырыш бат түшөт,
тери шуудурап, тез картаят.
Үй шартында беттин терисинин абалын кантип билсе болот? Ал үчүн кургак жумшак кагаз бет аарчысын (салфетка) бетке кармап кайра алабыз. Эгерде бет аарчыда майлуу тактар көп болсо анда бул тери майлуу, эгерде анча-мынча майлуу так болсо нормалдуу, жана кургак бетте май жок болот.
Пигменттик тактар, сепкилдер – бул тактарды кетирүү
, дарылоо үчүн жалгыз эле косметолог эмес биз терапевт врачтар менен да иштешүү
нү сунуштайбыз.
Анткени жогоруда айтып өткөндө
й теринин абалы ички организмге да жараша болот. Адамдын боору ооруса (же ичеги курттар бар болсо) бетке тактар түшөт.
Косметология¬лык жол менен тактарды кетирген менен ички организмдеги бузулууларды калыбына келтирип, дарылабаса,
канча бир убакыттан кийин тактар кайра пайда болушу толук мүмкүн.
Ал эми кош бойлуу учурда түшкөн тактарды кетирүү
бизде жакшы эле жыйынтык алып келүүдө
. Мезотерапия деген жол менен бетке агартуучу, жашартуучу ар кандай кислоталар , витаминдер ийне менен сайылып дарылоо жүргүзү
лөт.
Бырыштар - укалоо (массаж) жолу менен жана контурдук гель пластикасы деп коёбуз, жарым сааттын ичинде беттеги бырыштарды жазып, жашартуучу күчкө ээ гель менен иштейбиз. Бул француз гели, эч кандай зыяны жок, убакыттын өтүшү
менен бетке сиңип кетет. Эң негизгиси чекедеги, мурундун, ээктин, көздүн тегерегиндеги бырыштарды жок кылат.
Адис катары айтаарым: бир жерден окуп же тааныштардан угуп өз алдынча эле бетке кам көрө берген туура эмес. Мисалы, агартуучу касиетке ээ дешип айран, сүт азыктарынан масканы көп жасашат. Булар агартат, бирок туура жасалса. Маска коюп алып андан ары бетке ылайык бет май сыйпанбай, сактанбай, кайра бетин күн нуруна күйгүзү
п алгандарын билбей да жүрө бергендер кездешет. Эң жакшысы жер- жемиш, банан маскасы бетке жакшы таасир берет деп айта алам. Мына ошондуктан ар бир аял заты өзүнү
н терисинин абалын туура аныктап билип ошого жараша мамиле жасашса дайыма сулуу, жакшынакай болуп жүрүшө
т.
Меңдер - адамдын организминде чоочун заттарга, мисалы оору козгоочу вирустарга каршы күрөшү
үчү иммунитет начарлап кеткенде папиллома пайда болот. Учурунда жок кылбаса бул моюндун тегерегинде жыш көбөйү
п кетип адамга ыңгайсыздык алып келет, бизде буларга карата жакшы дарылоо жүргүзү
лүп жатат.
Ошондой эле адамдын көркү болгон чач ар кандай себептерден улам сынып, түшүп ооруйт. Стресстик абалдан да чач түшүшү
н көптөр элес албайт. Андыктан чачты дарылатып турса чач бекемделип түшүү
сүн токтотот, түсү жакшырат.
Биле жүр
Териге керектүү
витаминдер
Эгерде организмде витаминдер жетишсиз болсо анда сөзсүз түрдө теринин абалына терс таасирин тийгизет.
А витамини – жетишсиз болгондо тери кургап, каралжын түскө өтүп назиктигин жоготот. Чачта какач пайда болуп түшүү
сү күчөйт.
Бул витамин балыктын майында, сүт азыктарында,
боордо, сабизде, ашкабакта көп болот.
С витамини - терини аллергия¬дан жана суук тийип сезгенүү
дөн сактап турат. Жетишсиз санда болсо териде пигменттик тактар пайда болот. Лимондо, капустада, карагатта С витаминдери көп.
Д витамини - тери ооруларын, аллергия, балдардын экземасын дарылоодо кеңири колдонулуп жүрөт.
Бул витаминди балыктын майынан, уйдун сүтүнө
н алсаңыз болот.
F витамини - аз санда болсо тери өзүнү
н табигый түсүн жоготуп, чач түшө баштайт. Бул витамин олиф, миндаль майларында бар.
В витаминдер тобу териге түс берип туруучу меланин үчүн эң зарыл.
Организмде жетишсиз болсо териде экзема сыяктуу оорулар пайда болот. Жүгөрү
нүн уну , жер жемиш¬тер бул витаминге бай.
Кеңири маалымат алуу үчүн байланыш телефону 0312 312865; 0312 313091
Элдик медицинадан
Үй шартында майлуу бетке туура кам көрүү
үчүн байыркы мезгилден бери дары чөптөрдү
колдонуп келишкен. Эки чоң кашык шалфейди бир литр кайнаган ысык сууга демдеп, буусуна бетти 10-15 минут кармап андан кийин таза кебез менен сүртүп тазалап коёт. Мындан бет агарып, кан айланууну жөнгө салат.
Кургак бет үчүн майдаланган укропту бир чай кашык олиф майы, буудай уну менен аралаштырып бетке 15-20 минут маска койсо беттин териси жумшарып, шуудурабай өңү
да жакшынакай болуп калат. Маскадан кийин таза жуулган бетке крем сыйпоону унутпоо керек. Бул ыкма жумасына эки жолу жасалып турса жакшы жыйынтык берет.
Аялзат ажары
#2 24 February 2009 - 09:52
Саламатсызбы.
баарын окуп чыгып бир нерсени тушунбодум.
Сиздин суроонуз, же болбосо ушу теманы ачып жатып бизден кандай комментарийлерди угайын дединиз эле. Озу менен озу суйлошуп калгандай болуп калды окшойт
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
#3 26 February 2009 - 16:38
Саламатсызбы.
баарын окуп чыгып бир нерсени тушунбодум.
Сиздин суроонуз, же болбосо ушу теманы ачып жатып бизден кандай комментарийлерди угайын дединиз эле. Озу менен озу суйлошуп калгандай болуп калды окшойт
Урматтуу Жанымай бул жерде болумдун ачылышы жалан гана кенеш суроо же сын угуу эмес да. Айдай сулуу айымдарыбызга кеп кенеш,сулуулук сырлары тууралуу жазууга болот, албетте.
Ал эми МИЯга чон рахматымды айтмакчымын. Жакшылап окуп чыгып (тушунбостон сын айтпастан) турмушта колдонсок боло турган эн баалуу кенештер айтылган.
Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#4 26 February 2009 - 17:29
azalove
, аялзат ажары сенин аватараң
дагы айымдай болушу керек!!!
Өзүң
мындан да жакшысың
го деп турам.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#6 20 May 2009 - 09:18
Бул жазгандарынды гезиттин ден-соолук рубрикасына чыгаруу керек экен, копчулукко пайдасы тийет го.... Мисалы мен дагы озумо керектуу нерселерди билип алдым.
#8 12 January 2012 - 02:57

Эгер сиздин жаш курагыңыз 18-25 болсо
Териңиздин абалы: Бул куракта май бездери абдан кубаттуу иштегендиктен, тери чымыр болуп, тартылып турат. Сырткы таасирлерден жабыркаган клеткалар тез эле өз калыбына келип турат. Бирок тери алдындагы майлар кээде микросезгенүүлөргө дуушар болсо, жүздүн өңүнүн өзгөрүүсүнө алып келет.
Кеңеш: Косметикадан тазалоочу атайын каражаттарды сөзсүз түрдө колдонуңуз. Эндик, кирпик боектордун калдыктары теринин үстүндөгү тер чыгуучу майда тешикчелерди толтуруп, сезгентүүчү процесстерди козгойт. Абдан ыңгайлуу тандоо катары бир эле убакта макияжды өчүрүп, терини тазалап, май бездеринин ашыкча бөлүнүп чыгышынан арылта турган көбүктүү каражаттарды айтууга болот.
Тандооңуз: Сергитүүчү тоник жана май камтыбаган нымдоочу каражаттарды колдонуңуз. Эгер сиз тандаган каражаттын составында антиоксиданттар: Е витамини, жүзүм данектеринин экстракты, көк чай кирсе эң эле пайдалуу болот. Бул ингредиенттер теринин сырткы чөйрөнүн агрессивдүү таасирине туруштук берүүсүн жогорулатат. 20 жашыңызда «рационго» көздүн кабактары үчүн атайын кремди киргизиңиз. Анткени бул жердин териси өтө жука, андыктан интенсивдүү нымдоого жана регулярдуу азыктанууга муктаж. Активдүү түрдө күнгө күйүүгө, чылым чегүүгө тыюу салынат.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#9 12 January 2012 - 03:02

Эгер сиздин жаш курагыңыз 25-31 болсо
Териңиздин абалы: бөлүнүп чыгуучу май бездеринин саны нормалдашат. Тилекке каршы, коллаген (терини түзүүчү белок) жана эластиндин (бириктирүүчү ткандын негизин түзгөн белок түрү, анын жардамы менен тери жылмакай болот) иштелип чыгуусу жайлайт, теринин калыбына келүү ылдамдыгы да төмөндөйт. Тери эми сезимтал болуп, көздүн алдында шишик көбүрөөк пайда боло баштайт.
Кеңеш: курамында солицил кычкылы (лат. Salix – эң алгач кайыңдын кабыгынан жасалган суюктук, препарат) бар тазалоочу каражаттарды тандаңыз. Ал өлгөн клеткаларды мыкты тазалайт, теринин үстүндөгү тер чыгуучу майда тешикчелерди коргойт, кызаруулардын пайда болушунун алдын алат. Жумшак скрабдарды эле эмес, маскаларды да колдонуңуз. Үй шартында микродермабразия (теринин үстүнкү өлгөн катмарын алуучу процедура) кылуучу шаймандарды сатып алсаңыз да болот. Түнкү кремдерге өзгөчө маани бериңиз. Анын курамында ретинол (А витамини) картаюунун белгилерин жана бырыштарды жок кылуучу дүйнө жүзү боюнча таанылган ингредиент) болушу керек. Мындан сырткары ретинол өлгөн клеткаларды тазалоого жардам берет. Көңүл буруңуз! Курамында ретинол бар кремдерди күндүз колдонбоңуз. Себеби, күндүн нурлары анын эффективдүүлүгүн төмөндөтөт. Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүүгө, диета кармоого тыюу салынат.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#10 12 January 2012 - 03:03

Эгер сиздин жаш курагыңыз 31-40 болсо
Териңиздин абалы: Эгер сиз чылым чекпесеңиз, майлуу жана таттуу тамактарды тандабасаңыз, анда териңиз жакшы эле абалда. Ошентсе да теринин чымыр болуусу төмөндөйт, ооздун тегерегинде жана көздүн бурчтарында майда бырыштар байкалат. Жүзүңүз мурункудай сергек болбой калат. Эң негизгиси тери абдан эле кургай баштайт.
Кеңеш: Сыворотканы (биологиялык активдүү заттардын комплекси) эң аз күнүнө эки жолу колдонуңуз. Нымдоочу же жашартуучу каражаттардын максималдуу таасири барларын тандаңыз. Сывороткалар эпидермиске (теринин үстүнкү катмары) чейин сиңет, ошондуктан анын таасири жакшы байкалат. Сывороткадан кийин антиоксиданттары (клеткаларды терс таасирлерден коргоочу зат) жана SPF-фактору менен күндүзгү, ал эми кечинде азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү кремдерди колдонуңуз. Гиперпигменттүүлүккө (беттеги тактардын көптүгү) каршы каражаттарды пайдаланыңыз, ал жүзүңүздөгү кара тактарды кетирет. Көздөрдүн кабактарына жакшы кам көрүү үчүн курамында гиалурон (тез, эффективдүү жана коркунучсуз коррекция кылуу үчүн атайын косметологиялык каражаттардын негизин түзүүчү зат) кычкылы жана ретинол бар кремдерди колдосоңуз болот. Скрабдарды колдонууда кылдат болуңуз, териңизди чоюп алышыңыз мүмкүн. Эң аз жумасына бир жолу лифтинг (терини тарттыруу аркылуу жасалган жашартуучу процедура) эффектиси менен маска жасаңыз.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#13 30 January 2012 - 23:36
Бардык өлкөлөрдүн сулуу, акылдуу аялдарын бир гана нерсе бириктирет:
алар сулуулукту кантип сактоонун жолдорун эң жакшы билишет.

Япон айымдары киринүүнү ырымга айландырышкан.
Япон айымдары ваннага чоң маани беришет. Алар үчүн бул жөн гана жуунуу эмес, тазалануучу ырым-жырым.
- Япон айымдары алгач жакшылап жуунуп, андан соң душ астында 3 мүнөт туруу менен денесин губка менен массаждашат. Бул кан айланууну жакшыртат. Андан соң денесин чайкап, жыттуу туз кошулган ваннага 5 мүнөт түшүшөт. Массаждан соң дене туздан, андан кийин бальзамдан пайдалуу заттарды жана минералды өзүнө жакшы сиңирет.
- Сымбаттуулук - гейшаларга коюлган негизги талаптардын бири болгон. Тамакты тоё жебөө - япон айымдарына дал ошол гейшалардан өткөн. Бир аз ачкалыкты сезип жүрүү - адамды ыкшоо тарттырбайт жана жеңил алып жүрөт деп эсептешет алар. Демек, сымбаттуу болуу үчүн ооз менен эмес, көз менен тамактануу керек.

Итальян айымдары оливка майынын күчүн билишет.
Италиялык айымдардын коюу чачына, кара-күрөң терисине, кумарланткан жылмаюусуна жана түгөнбөгөн энергиясына көз артууга болот. Алар сулуулукту сактоочу оливка майынын жана жүзүм маскасынын сырын билишет.
- Оливка майын же анын жасмин майы менен аралашмасын ваннадагы жылуу сууга кошуп, анда 5 мүнөт жатышат. Мындай ыкма терини азыктандырып, энергия берет.
- Италиялык аялдардын сымбаттуу сырткы келбетинин дагы бир рецепти - апельсин жана оливка майынын маскасы. 2 чай кашык оливка майына апельсиндин майдаланган кабыгын аралаштырып, бетке, моюнга коюп, бир нече мүнөттөн соң салфетка менен аарчып салышат.
- Эзилген жүзүмдүн боткосун итальян аялдары бетине шыбап, үстүнөн ным чүпүрөк жаап жатышат. Бир нече мүнөттөн соң жылуу минералдык суу менен жууп салышат. Мындай маска терини азыктандырат, нымдайт жана анча-мынча жаралар болсо айыктырат.
- Ажайып жалтырак кооз чач - италиялыктардын улуттук сыймыгы. Көпчүлүк учурда аялдардын кайраттуу, коюу чачы тукумунан болсо да алар чачына кам көрүүнү эч качан унутта калтырышпайт. Мындай кооз чачтын сыры - бадам жана оливка майында. Бул эки майдын жылуу аралашмасын аялдар жуунуу алдында чачынын түбүнө сүртүшөт. Чачты жумшартып жана жалтыратуучу бул масканы алар жумасына бир жолу жасашат. Ошондой эле чачка кам көрүү боюнча салттуу үч эрежени сакташат:
1. Чачын тез-тез жуушпайт (8-10 күндө 2 жолу);
2. Шампунга сууну теңме-тең кошушат (көбүк чачтын түбүн кургатат деп эсептешет);
3. Чачты кургатууда фен колдонушпайт.

Француз айымдары суу менен чөптү баалашат
Өздөрүнүн косметикалык каражаттары менен атагы чыккан Франция өлкөсүнүн айымдары сулуулук сырларын эң жакшы билишет. Алар үчүн сулуулук - макияж эмес, күн сайын денесине жакшы кам көрүү. Француз айымдары назик жытты жана чөптөрдү баалашат.
- Француз айымдары өз күнүн бир кесим лимон кошулган газдалбаган суу менен баштап, ошол суу менен бүтүрүшөт. Организмди ичтен суу менен камсыз кылуу үчүн күнү бою кичине ууртамдан ичип отурушат.
- Ваннага түшкөндө сууга лаванданын майын кошушат. Лаванда гүлү кыжырдануунун алдын алуучу касиетке ээ.
- Француз айымдары чачка кам көрүүгө да өзгөчө маани беришет. Чачынын дайыма жалтырап туруусунун себеби - алар чачын лимон ширеси кошулган сууга чайкашат.
- Алар келбетине да өзгөчө көңүл бурушат. Майлуу тамактарды колдонушпайт, күн ичинде тез-тез тамактана беришет, бирок, аз-аздан. Алардын рационунда жашылча-жемиштер көп болот.

Марокколук айымдар алоэ ширесин жана ылай маскасын колдонушат
Марокколук айымдардын сыйда бетинин сыры - Атлас тоолорунун айланасынан табылуучу ылайда. Ал топуракта баалуу минералдар: темир, марганец, кальций бар. Марокколук аялдар алоэнин ширесин да маска катары колдонушат.
- Кызыл жана ак ылайды суу менен аралаштырып, коюу ботко даярдашат. Ага жыттуу апельсин майынан бир нече тамчы кошуп, бетине тегиз кылып жабышат. Ылай терини азыктандырат. 30 мүнөттүк бул масканы моюнунун айланасына да коюшат.
- Алоэнин ширеси менен марокколук айымдар бетин эртең менен, кечинде сүрүшөт. Ал бетти нымдаштырат. Алоэден маска да жасашат: алоэнин жалбырагын кесип алып, кагазга ороп бир жума муздак жерге коюп коюшат. Бул учурда жалбыракта биостимулин аттуу активдүү зат пайда болот. Андан соң ширесин сыгып алып, бал менен аралаштырып бетке, моюндун айланасына, колго 20 мүнөт коюшат.

Бразилиялыктардын идеалдуу буттары
Бразилия өлкөсүнүн визиттик баракчасы болуп бир гана карнавал эмес, аялдарынын түптүз болгон буттары да эсептелинет. Эгерде бразилиялык аялдын көл жээгинде эс алып отурганын көрүп калсаңыз, анын болгон ынтаасы менен буттарына кум шыбап жатканын байкайсыз.
Алар үчүн кум - массаждоочу каражат. Ал теринин сыйрылган кабаттарын жоготуп, тегиз кылат. Эгер сиз да бразилиялык аялдардыкындай бутка ээ болууну кааласаңыз, суу бутуңузга ылдыйдан жогору карай жеңил айланткан кыймыл менен кумду сүртүңүз. Ушул кыймылды 15 мүнөт кайталап, андан соң душка түшүңүз.
Бразилиялыктар сулуу бут - ден-соолугу чың бут экендигин эч качан унутушпайт. Андыктан, кечинде алар варикоздун алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө бутуна массаж жасашат: 5 чоң кашык туз, 1/3 стакан сүт жана 10 тамчы ментол майын аралаштырып, бул аралаштырма менен колун майлап алып ар бир таманын 3 мүнөттөн назик укалашат. Андан соң жылуу сууга бутун жууп салышат.

Кытайдын айымдары жылтылдап жибектей чачтын сыры эмнеде экенин билишет. Көрсө, анын сыры кадимки эле көк чайда экен. Ал эми кытай кыздарынын сыйда, апакай беттеринин сыры болгон азыктар да биздин колубузда.
- 2 чай кашык көк чайды 1 стакан сууга демдеп, ага 1 чоң кашык өсүмдүк майын аралаштырышат да, ушул аралашма менен чачын чайкашат. Мындай ыкма чачты бекемдейт.
- Апакай жүздүү кытай айымдары мындай рецептти колдонушат: 1 чай кашык сүткө 1 кашык балды кошуп аралаштырып, ага кайра эле ошончо өлчөмдөгү лимон менен апельсиндин ширесин кошушат. Пайда болгон аралашма менен эки күн сайын беттерин сүрүп турушат.
- Кытайлардын сулуу жүзү үчүн кам көрүүсүнүн дагы бир ыкмасы - күнүгө эртең менен тамактануу алдында 1 стакан лимон кошулган суу ичүү.

#14 22 March 2012 - 21:32
Интернет булактарынан айымдар үчүн кызыктуу маалымат тапкан элем,анда эмесе окуп коюңуз:
"Уйкудагы сулуу" үчүн эрежелер
Сулуулуктун бир нече жөнөкөй эрежелерин эске алып коюңуз:
Биринчи эреже: Түндө уктоо керек - бул сулуулуктун алмашкыс мыйзамы. Дал ушул убакта организмиңизде күндүзү жоголгон сулуулугуңузду ордуна келтирүүчү татаал биохимиялык процесс жүрөт. Андыктан, толук кандуу уйкуга көнүңүз.
Экинчи эреже: Телевизор көрүп отуруп бир эле убакта төмөнкү пайдалуу адаттарды жасай отуруңуз:
- Бут үчүн ванна
- Тырмактарды бекемдөө үчүн ванна
- Таманга жана колго жеңил массаж
- Моюнга жана ээкке массаж.
Үчүнчү эреже: Ар күнү кечинде 15 мүнөттү бир гана өзүңүзгө арнаңыз. Бул мүнөттөрдө өзүңүздү бош таштап, бутуңузду өйдө көтөрүп жатыңыз жана эч нерсени ойлобоңуз. Сизге тынчтык гана керек.
Төртүнчү эреже: Көзүңүздүн айланасындагы тери үчүн кам көрүңүз. Ошондо курдаштарыңызга караганда маселеңиз азыраак болот.
Бешинчи эреже: Түнкү крем колдонуңуз.
Алтынчы эреже: Чачыңызды карама-каршы багытка тараңыз. Бул башыңыздын терисиндеги кан айланууну жакшыртат.
Жетинчи эреже: Жаман маанай менен же ачка бойдон уктагандан көрө таптакыр уктабай койгон жакшы. Жатаарда бир стакан кефир ичүүнүн, атүгүл шам-шум этип алуунун эч кандай зыяны жок. Бирок, күндүзгү порцияңыздан 3-4 эсе аз жеңиз.
Сегизинчи эреже: Бетиңизди жаздыкка катып жатпаңыз. Болбосо эртең менен шишип ойгоносуз. "Уйкудагы сулуу" туура жана ыңгайлуу позада жатышы керек.
Тогузунчу эреже: Уйкусуздук менен күрөшүүнүн бир жолу - радионун үнүн акырын чыгарып, жыштыктардын ортосуна коюп коюңуз. Бул шуудураган үн батыраак уктоого жардам берет жана тынч уктоого шарт түзөт.
8 сааттан кийин... Кутмандуу таңыңыз менен!
Сиз ууртуңуздагы жылмаюу менен ойгондуңуз. Бул сиздин жакшы эс алганыңыздын биринчи белгиси.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´

Супер-Инфо
super.kg
видео