Форумчуларга кайрылуу. Кайрылуунун негизги себептери томонкудой.
Ар бирибизге эл, жер кымбат.Ал эми ар кимбиздин бекер жерден эле жаралып калган эмеспиз, баардыгыбыздын бул жер устундо отоочу кызматыбыз жана аткаруучу милдеттерибиз бар. Мен козу ачык же бир динге, сектага байланып калган эмесмин. Болгону оз жолумду изденуучу адаммын. Мендагы бир убакта озумду акылдуу сезип жашоо деген мындай болушу керек деп оз айтканымды туура коруп «тагдырым бир Кудайдын колунда» деген ойдо болуучумун.
Качан гана бироолор мага бир создун маанисин чечип бергенден кийин гана менде терен ой жугуртуу башталды. Ошондо барып гана Кудай беруучу куч экенин жана адам анын козомолундо козомолдонуучу куч, Кудай адамга колун сунуп турат, ошол сунулган колго жетуу биздеги умтулуу бул милдет экенин тушундум. Ошол эле Кудай асманда эмес ал озубуздо экенин, биз Улуу Кудайдын ичинде буткул сан жеткиз галактикалар,
планеталар баарыбыз Кудай менен бирге экенин билдим. Ооба, так ушундай, ал эми тагдырына озун жооп бересин, себеби тагдырын озундун колунда экенине козум жетти.Кааласан каалаган жагына бас, каалаган ишти жаса бул сенин эркин. Ушунчалык Кудай адамга эркиндикти берген керек болсо Кудайдын чектоосунон чыгып кете беришет экен. Мына ошондуктан тагдыр бир озундун колунда, бирок мына ушул эркиндикте адамдын озун – озу таануусу эн биринчи орунда турат. Мунун аягы жан туболук олбостукто болгондуктан созсуз адам жооп беруучу мезгили дагы болот экен. Жогорку билдируум тушунук болсун дедим, эми ишке отоолу.
Эмне учун бул кайрылууну жазып жатам. Себеби биз кыргыздар бир атанын балдары, бир булактын суусу, бир дарактын бутагыбыз. Чындыкты тааныганда ар бирибиз бирибизге кымбатбыз. Ал эми кыргыз элинин тагдыры да мына ушул ар бир кыргыздын тушунугундо,
ынтымагында,
биримдигинде жатат. Мына ошондуктан кыргыз элинин ой жугуртуусу бара жаткан багытына туура келгенде болуп корбогондой озгорууго туш болушат дагы бактылуу жашоонун ээси болушат. Буга бир гана элдин ан – сезиминин бийиктеши себепкер болуп бере алат. Ал учун менин, сенин жалпы элдин ой жугуртуулору бирдей, бир багытка биригиши менен бийик ан – сезимдин ээлери болушат. Ошондо эл кубаттуу, жер кубатуу, мамлекетибиз кубаттуу болот. Элдин кубаты тоодой доолотту жаратат. Соолотун дуйно тааныйт.Агылып кыргыз жергесине келишет. Ооба, бул ойду эчким жалганга чыгара албайт. Куч –илгертен бирдикте жана ынтымакта болгон.Эми маселени кабыргасынан койсок, элибизге, жергебизге Кут,Оомат, Долот эгиздеп келгени тогундолгус чындык. Бирок муну тушунуп алып кеткенге элибиздин ан – сезими даярболбогондуктан анын кучун кечендетип синире албай озубуздон туртуп жатабыз. Ошондуктан кайрылууну форумчулар ушул интернет аркылуу билгизип жатам. Ал эми СМИ аркылуу билдиргенге каражат талапкылынат.
Кыргыз элинин озун – озу таануусу дуйно элинин карангылыктагы ан – сезимин жарыкка алып чыгат. Ошондой эле буткул каптаган дарт, койгойлордон,
табияттын кысымдарынан кутултат.Азыркы мезгилдеги кубулуштарды айтпай койсок да баарыбызга белгилуу. « Ойубуз кандай болсо жашообуз ошондой» аттуу долбоорду жабуулап талкуулап, бугунку карангылыктан адамзаттын ан – сезимин алып чыгуубуз керек. Бул Улуу Кыргыз элине тушкон чон Улуу Жоопкерчилик жана Улуу Багыт. Бул долбоордун ишке ашырылуусуна акча, байлык убактысынча талап кылынбайт. Болгону озубузду таану аркылуу акылга толуп, ан – сезимибизди бийиктетуубуз зарыл. Баардык жашоо мына ушул ан – сезимибизге жараша болооруна ишенгиле. Сенин ойун тазаланып бийиктесе миндеген кыргыздын ойуна жарык болот, миндики тумонго болот дагы эл ичи тазарат, оруу, дарт, койгойдон арыла баштайт. Келгиле! Улуу Тушунукту жаратаалы да Улуу Тушунук аркылуу Улуу Ишти аткара баштайлы. Мен миндеген суроолорду бере баштайм, силер ага терен маани берип издене баштагыла. Ар бир туура чечимден биз билбеген сырлардын туйундору чечиле баштайт. Качан баарыбыздын ойубуз бир туура чечимге келгенде багыттарыбыз бир болуп зор кучко айланабыз. Мен сиздерден сураанарым ар бир ойго сынчы болбогула, жондоочу болгула.Кеттик ким макул тапса менен оздук маалыматыма кирип тургула, ал жактан да пайдалуу кенештерди аласынар. Тушунук осо баштаганда эмне учун араб, орус, кытай жана башка элдердин кубатту жашаганын билебиз жана ошондон баштап оз элибизге кызматыбызды отоп баштайбыз. Эсинерде болсун байлык, бийлик адамдын бактысы эмес. Адамдын батысы озун таануусунда.
Биз канчалык озубузду тааныган сайын ооруу, дарт, койгойдон элди арылта баштайбыз.
- (2 )
-
- 1
- 2
Форумчуларга кайрылуу Элибизди бактылуулукка жеткиреели
#2 03 January 2014 - 14:45
Туура айтасыз, бул создордо чындык бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 04 January 2014 - 19:55
Озуно эмнени кааласан озгого да ошону калаа, озумчулдук,
коро албастык женип келе жатат, не болсо эле заман ушундай деп заманга шылтап кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар андан коп,тазаланууну жаныланууну ар бир инсанмын деген озунон баштаса озунон отчет алса, бугунку кунду кандай откордум, убакыт карылык сапарыма откордумбу же келечек жашоомобу, эмне иш кылдым, кимдин конулун ооруттум,кимге жардамым тийди, айта берсе кеп коп, акылдуулардан асылы коп, сынчылардан сыны коп Коч бара-бара тузолот, Коро-коро косом болоор.
#4 07 January 2014 - 12:42
Туура айтылган курч соз экен,рахмат.
Ушундай создорду жазганга эмне туртку болду экен...
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#5 08 January 2014 - 11:47
- "Мен ...бир динге, сектага байланып калган эмесмин" дейсиз дагы, "Кудай адамга колун сунуп турат, ошол сунулган колго жетуу биздеги умтулуу бул милдет экенин тушундум...буткул сан жеткиз галактикалар, планеталар баарыбыз Кудай менен бирге экенин билдим...Кудай адамга эркиндикти берген" дейсиз. Муну кандай тушунсо болот? "Мен ...бир динге байланып калган эмесмин" деген созунузго каршы келип аткан жокпу? Сиз тикелей эле угут жасап атпайсызбы. ..
- " ...кыргыз элинин ой жугуртуусу бара жаткан багытына туура келгенде болуп корбогондой озгорууго туш болушат дагы бактылуу жашоонун ээси болушат" дегениниз ошол эле сиз "байланып калбаган" сектанттардын тараткан китебиндеги создорду кайталап атпайбы?
- "...элибизге, жергебизге Кут,Оомат, Долот эгиздеп келгени тогундолгус чындык". Мунун "тогундолгус чындык" экенин ким айтты да, ким далилдеди сизге?
- " ...Кыргыз элинин озун – озу таануусу дуйно элинин карангылыктагы ан – сезимин жарыкка алып чыгат". Бул саптарыныз деле жанагы сектанттардын китебинен алынган.
- "... Мен сиздерден сураанарым ар бир ойго сынчы болбогула, жондоочу болгула". Мунунузга толугу менен кошулбайм. Анткени, ар кандай ой созсуз турдо сынга татыктуу. Ошондо гана ал чыныгы чындыкка айланат!
- "...Тушунук осо баштаганда эмне учун араб, орус, кытай жана башка элдердин кубатту жашаганын билебиз" . Алардын эмне учун кубаттуу жашап атканын сиздин пайдалуу кенештериниз жок эле билебиз.
-
"...Биз канчалык озубузду тааныган сайын ооруу, дарт, койгойдон элди арылта баштайбыз"
. Сизди билбейм, башкалар эбак эле озун тааныган.
#6 03 February 2014 - 13:25
Сиз айтып кеткен нерселердин чындыгы бар.Анткени биз кыргыздар акыркы жылдары озубузду критикалаганды абдан оздоштурдук.
Эгер орустар айткандай здоровая критика бул жакшы, адамды алдыга жылууга ундойт.Ал эми биз жаманбыз дей берсек ого бетер жаман болуп кете беребиз да.Ошондуктан азыркы биз Кыргыздар улуу элбиз деп жаткандардын да артында бир чон максаты бар.Улуу элбиз деп отурсак кийинки муун ошол улуу деген атка тен болуш учун кандайдыр бир осуунун жолдорун издеп баштайт.
#7 03 February 2014 - 16:35
Менин да авторго кайрылуум, тактап айтканда, сунушум бар эле. Эгер мумкун болсо, динди аралаштырбай эле унутулуп бара жаткан кыргыздын салт- санаасынын келип чыгышы, урп- адаттарынын башаты, нукура, илгертен келе жаткан макалдатып суйлогон создору боюнча тема ачып, унутулуп бара жаткан байлыктарыбызды кайра эске салып койбойсузбу?
Мисалы, мен учун бул абдан кызыктуу тема болмок. Эмнеге таянып ырым- жырымдарды пайдаланышкан?
Аялдардын коомдогу ролу, эркектин коомдогу ролу, ымыркайларга байланыштуу нерселер, жыл санагы, тогоол; кийим- кече, боз уй, деги эле этникалык буюмдардын,
оймо- чиймелердин чечмелениши;
жылкы, кыскасы, кыргызга тиешелуу бардык нерселерди ирээттеп, кенен- кесири, бирок жонокой тил менен жаза кетсениз ой да сонун болмок.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 03 February 2014 - 17:11

А то жеткириш учун он жолу окуш керек болатат ээ, кээ бири анда деле жетпей
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#9 03 February 2014 - 17:52
Иса пайгамбарды Кудай туткандар калып ,эми, теңирчилер басып келе жатабы?
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#10 03 February 2014 - 18:07
Кудай асманда эмес ал озубуздо экенин, биз Улуу Кудайдын ичинде буткул сан жеткиз галактикалар,
планеталар баарыбыз Кудай менен бирге экенин билдим.
Бул созунуз Ислам динин акыйдасына каршы келет,кой терисин жамынган карышкыр болбой эле коюунуз...
Озун наркоман...
#11 03 February 2014 - 18:11
элибизге, жергебизге Кут,Оомат, Долот эгиздеп келгени тогундолгус чындык.
шаманизмге ундоо процесси башталды
Озун наркоман...
#12 03 February 2014 - 18:13
Бул Улуу Кыргыз элине тушкон чон Улуу Жоопкерчилик жана Улуу Багыт.
Келгиле! Улуу Тушунукту жаратаалы да Улуу Тушунук аркылуу Улуу Ишти аткара баштайлы.
Келгиле! Улуу Тушунукту жаратаалы да Улуу Тушунук аркылуу Улуу Ишти аткара баштайлы.
жаны сектанын башын баштаганы турасызбы?
Озун наркоман...
#14 03 February 2014 - 19:42
урматтуу форумчулар,
ит менен мышык болбой коё тургулачы, ыркырабай.. Секта эле дейсиңер ислам дининде 70 ашык агымдар бар го, христиан дининде андан да көп агымдар. Балким силер деле адашып исламдын бир агымына ишенип жүрөсүңөр? Бир эле динде мынчалык агымдардын көп болушу эмнеден кабар берет? Дининерди коргосоңор барып "дин жана философия"
деген бөлүмгө барып ыркырагыла.
Автордун ойлогон оюн түшүнөлү. Менимче , жазгандары туура жана менин көз карашыма туура эле келет экен. Мен кыргызмын дегендердин баарына ойлоно турган пикирлерди жазыптырсыз,
уландысын күтөбүз.
#15 03 February 2014 - 20:06
Секта эле дейсиңер ислам дининде 70 ашык агымдар бар го, христиан дининде андан да көп агымдар. Балким силер деле адашып исламдын бир агымына ишенип жүрөсүңөр?
агымга кирсек дагы,ошол исламдын рамкасынан чыккан жокпуз,а бул аксакал исламдан эмес шаманизмден философияларды жазып элдин башын айлантып жатат
Озун наркоман...
#16 03 February 2014 - 20:07
- "Мен ...бир динге, сектага байланып калган эмесмин" дейсиз дагы, "Кудай адамга колун сунуп турат, ошол сунулган колго жетуу биздеги умтулуу бул милдет экенин тушундум...буткул сан жеткиз галактикалар, планеталар баарыбыз Кудай менен бирге экенин билдим...Кудай адамга эркиндикти берген" дейсиз. Муну кандай тушунсо болот? "Мен ...бир динге байланып калган эмесмин" деген созунузго каршы келип аткан жокпу? Сиз тикелей эле угут жасап атпайсызбы. ..
- " ...кыргыз элинин ой жугуртуусу бара жаткан багытына туура келгенде болуп корбогондой озгорууго туш болушат дагы бактылуу жашоонун ээси болушат" дегениниз ошол эле сиз "байланып калбаган" сектанттардын тараткан китебиндеги создорду кайталап атпайбы?
- "...элибизге, жергебизге Кут,Оомат, Долот эгиздеп келгени тогундолгус чындык". Мунун "тогундолгус чындык" экенин ким айтты да, ким далилдеди сизге?
- " ...Кыргыз элинин озун – озу таануусу дуйно элинин карангылыктагы ан – сезимин жарыкка алып чыгат". Бул саптарыныз деле жанагы сектанттардын китебинен алынган.
- "... Мен сиздерден сураанарым ар бир ойго сынчы болбогула, жондоочу болгула". Мунунузга толугу менен кошулбайм. Анткени, ар кандай ой созсуз турдо сынга татыктуу. Ошондо гана ал чыныгы чындыкка айланат!
- "...Тушунук осо баштаганда эмне учун араб, орус, кытай жана башка элдердин кубатту жашаганын билебиз" . Алардын эмне учун кубаттуу жашап атканын сиздин пайдалуу кенештериниз жок эле билебиз.
-
"...Биз канчалык озубузду тааныган сайын ооруу, дарт, койгойдон элди арылта баштайбыз"
. Сизди билбейм, башкалар эбак эле озун тааныган.
автордон жооп жокко
Озун наркоман...
#17 04 February 2014 - 09:18
Автор, сиздин бул кайрылуу "мен кыргызмын"
темасына эмес "дин, философия"
тарапка тиешелуу го дейм. Тушунуксуз диндин башын кылтыйтып коюптурсуз!
Өзүн актагандан өлө кач!!!
#18 04 February 2014 - 12:05
агымга кирсек дагы,ошол исламдын рамкасынан чыккан жокпуз,а бул аксакал исламдан эмес шаманизмден философияларды жазып элдин башын айлантып жатат
исламдын бир сектасына (агымына) кирдик, бирок исламдын рамкасынан чыккан жокбуз дегенди кандай тушуносуз? Таза бир эле ислам дини жок деп макул болуп атасыз да? Кыргыз көп болсо 400, азыраагы 150 жыл болуптур исламды тутунганы, ага чейинки элдин динге көз карашын жокко чыгаруу жеткен акылсыздык. Шаманизм эле дейсиңер , исламда эмне шаманизм жок дейсиңерби? Бир кара ташты (Кааба) барып айлануу (Мухаммедге чейин курейшилердин сыйынган ташы болчу) же Мухамед чыккан тоого чыгуу, шайтанды таш бараңга алуу , беш маал намаз окуганда чекеси менен жер сүзүү ж.б. булар эмне шаманизм эмеспи? Шаманизм болгондо да арабдардын үрп адатынан келип чыккан түшүнүктөр. Кыргыз элинин исламга чейинки зор маданиятын ,үрп адатын таңбашыбыз керек, изденишибиз керек . Автор өз оюн жазса жаза берсин да, же эмне исламдан башка көз карашты жазганга форумда тыюуу салынды беле?
#19 04 February 2014 - 12:35
исламдын бир сектасына (агымына) кирдик, бирок исламдын рамкасынан чыккан жокбуз дегенди кандай тушуносуз? Таза бир эле ислам дини жок деп макул болуп атасыз да? Кыргыз көп болсо 400, азыраагы 150 жыл болуптур исламды тутунганы, ага чейинки элдин динге көз карашын жокко чыгаруу жеткен акылсыздык.
Шаманизм эле дейсиңер , исламда эмне шаманизм жок дейсиңерби?
Бир кара ташты (Кааба) барып айлануу (Мухаммедге чейин курейшилердин сыйынган ташы болчу) же Мухамед чыккан тоого чыгуу, шайтанды таш бараңга алуу , беш маал намаз окуганда чекеси менен жер сүзүү ж.б. булар эмне шаманизм эмеспи? Шаманизм болгондо да арабдардын үрп адатынан келип чыккан түшүнүктөр.
Кыргыз элинин исламга чейинки зор маданиятын ,үрп адатын таңбашыбыз керек, изденишибиз керек . Автор өз оюн жазса жаза берсин да, же эмне исламдан башка көз карашты жазганга форумда тыюуу салынды беле?
Туура айтасыз форумда укук бардыгына бирдей.,эн негизгиси бул байкенин айткандарында зыяндуулукту байкаган жокмун.
#20 24 March 2014 - 18:38
Ээх деп, айраан эле калдым. Мен Мурда кыргыздын баары бир гана Кудайга(Аллах) ишенет деп ойлочу элем, корсо жанылышкан экенмин. Кыргыздын дээрлик жарымы, Исламга шек санап чала була ишенишет, же такыр ишенишбейт турбайбы. Эл козуно мусулман болуп, ички дуйноосундо башкача коз карашта экен копчулук кыргыздар.
Ошон учун дааватты баардык жерде жургузуш керек, интернеттеби, твдабы башка жердеби.
Ошон учун дааватты баардык жерде жургузуш керек, интернеттеби, твдабы башка жердеби.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео