Суперстан: "Контрабанда" Саадатбек Мырзакул уулу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Контрабанда" Саадатбек Мырзакул уулу

#21 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   31 Март 2014 - 21:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Донсоонун жашыруун сыры


Генерал Субанкулов айланасындагы болгон офицерлердин бардыгын озуно чогултту. Аябай ачууланып турганы онунон билинип турду. Алардын арасында Рашид дагы бар болчу.
-Бизден канча чыгым болду, канча взводду талкалашты?
-Бутундой бир ротага жакын адам олду, араларында оор жаракат алгандар да бар.
Субанкулов Рашидге кайрылды.
-Тигил жакта азыр канча адам бар сенин эсебин боюнча?
-Уч жузго жакын аябай такшалган, катуу согуш даярдыгынан отушкон озунун эн ишенимдуу деген эле адамдары калды. Калгандарынын баары оз эрктери менен багынып беришти.
-Сенин оюнча аларды кандай кылып моюн сундурсак болот, тигил жактагыларга сен бардыгына аралашып журдун го?
-Донсоодогу бункердин алдында эмне сыр бар, мен аны жакшылап оздоштуро алган жокмун. Ал жер дайыма катуу кайтарууда турчу, карангыда уч торт жолу жашырынып кирип, бирок тактаганга мумкунчулук ала албай койгом. Ал жакка Жапаровдун ишенимдуу деген уч-торт адамы гана барууга уруксаты бар болчу. Ал бункерди гранатамет, мина, бомбалар дагы тешип, же талкалай албайт. Донсоону аткылоонун деле анча пайдасы жок.
-Тутоочу газдар менен сокку берсекчи?
-Аны деле тоотушпайт, противогаздарды кийип алышат дагы каршылык корсотконду уланта беришет.
-Вертолеттор менен аба аркылуу сокку бергенибиз пайдасыз, ансыз деле уч вертолетубуздан айрылдык. Тункусун спецназчыларды таштайлыбы донсоого, же тигилер бункердин ичине кирип бекинип алышабы?
-Биздин спецназчыларды тигилер заматта эле быт-чытын чыгарып талкалап ташташат. Анткени алар рукопашный бой боюнча катуу даярдыктан отушкон. Биздикилер аларга тен келе албайт.
-Аларды аябай эле жерге тушурбой мактайсын, эмне ошолорун аябай эле особыйбы?
-Дал ошондой, алар менен мен озум чогуу машыгып журбодумбу…
-Биздин спецназчылар деле жакшы даярдыктан отушкон…
-Мен спецназчыларды билем да кандай даярдыктан отушконун. А тигилер болсо алардан он эсе катуу даярдыктан отушкон…
-Болуптур эми аларды ото эле коколотуп мактай бербе, андан коро айтчы кандай кылып аларды моюн сундурсак болот, же орустардын десант войскасын жардамга чакырып, жалдайлыбы?
-Жок, башка мамлекеттерге шылдын болбой буларды озубуз эле жок кылышыбыз зарыл.
-Кандай кылып? Аларды сен бизден да жакшы билесин да.
-Кайра тигилерге барганга мага уруксат бериниз?
-Сени дароо Жапаров озу ит аткандай атып таштайт.
-Рисковайт этпесек болбойт, бул донсоонун жашыруун сырын мен жакшы билбегенде болуп жатпайбы кептин баары. Эгер мени жалгыз жибергинер келбесе анда мага эн жакшы машыккан профессионал солдаттардан торт-бешоону кошуп чалгынга жибергиле. Кандай болсо да бул майтарылбас добонун сырын чечкенге аракет кылып королу.
-Мына айланага куугум кирип келатат, ушул туну кандай болсо да бул добону алышыбыз керек,-генерал Субанкулов Рашидге кайрылды,-Болуптур, озуно жаккан ишенимдуу беш жигитти тандап ал да бир сааттан кийин чалгынга жоно. Кантип тикенек зымдардын ичине кире аласынар?
-Анын жарасы женил, мен жолун билем. Айланасын эбакта эле изучайт этип чыккам. Кудай сактасын кайсыл жерден отушту жакшы билем.
Рашид озу менен кошо беш жигитти дароо тандап алды да баштарына кара чумбот, кара кийим кийгизип бир-бирден бычак, экиден гранат, унчыкпас пистолет, автомат алышып карангы жерге сойлоп кетишти. Ортодогу донсоо менен сырттагы курчоонун аралыгы элуу гана метрдей болчу. Эки тарап тен прожектор жарыктарын куйгузушкон жок. Куйгузушсо эле жардыра атып салып жатышты. Рашиддин артынан беш адам сойлоп келе жатышты. Бир кезде Рашид токтоп артындагыларга акырын ушул жерге туруп тургула дегендей белги берди.
Озу арыкка окшош чункурчадан тикенек зымдын астынан акырын сойлоп отту. Ошол боюнча сойлоп журуп отуруп бетон дубалдын тубуно келди. Акырын артына бурулуп карады эле тигилер бир орунда былк этпей жатышкандыктан шектуу эч нерсе байкалбайт. Дубал боору менен акырын жылып журуп отуруп ары жактагы чункурчага кайра томолонуп кетти.
Ангыча ракета атылып айлана кундузгудой жапжарык боло тушту. Чункурчада жаткан караанды байкап калган бери жактагылардын бироо акырын ун катты.
-Сен кимсин?
-Мен эле, свои…
-Пароль?! ..
-Геркулес…
Рашид ордунан туруп бери басып келди. Эки учоо аны коздой кол фонарик менен бетине жарык кылып автоматтарын суна кармап туруп калышты. Жоокерлердин бироосу аны дароо тааный койду.
-Рашид, кандайча аман калдын?
-Адамдан амал качып кутулбайт, эптеп жолун таап тигил жакта салгылаш болуп биздикилер багына башташканда качып чыктым.
-Жалгыз элеби?
-Мени менен дагы экоосу бар болчу, алар кармалып калышты. Мен дагы аз-аз жерден калдым.
-Журунуз тиякка, тигил жактагы кырдаалды шефке доложитьэтиниз.
Автоматчан эки жоокер Рашидди ээрчите донсоонун жер алдындагы бункерине кирип кетишти. Бийик донсоонун алдын мурун бир да жолу корбогондуктон Рашид айланасына кунт кое карап алды. Бул жактагы бункер озгочо жасалгаланыптыр. Атайын коргонууга ынгайлаштырып курулуптур. Колдоруна автомат кармаган жоокерлер Рашидди шектуу карап коюшуп, ары-бери чуркап журушту. Учоо кууш коридор менен журуп отурушуп, тепкич аркылуу дагы томон тушушту. Томон жакта дагы кууш коридор бар экен. Элуу кадамдай барышкан сон сол жакка бурулушту да темир калганын ичине кирди. Анын ичинде эки-уч жакка болунуп кеткен дагы кууш коридор бар экен. Ошол коридор менен журуп отурушуп темир каалгага келип такалышты. Казарманын алды озунчо эле шаарча экенин Рашид дегеле мурун билбептир. Эшиктин ичине кирээри менен кутулбогон жерден торт-беш жоокер Рашидди басып калышты да колун артына кайрышты. Бироосу чекесине пистолет такады.
-Былк этпе, башынды жара атам!
Башын которо салса прапорщик Ысман экен. Ал туш-туш жактан жабылыша былк этпей кармап турушкан жоокерлерге буйрук бере суйлоду.
-Колун байлагыла!
Эки учоосу арыдан бери байлап жиберишти. Анан козун кара чупурок менен танды да, кайдадыр жетелеп алып журуп олтурушту. Алар бир топ жол басып жибергендей болушту. Бир жерге жетишкенде токтошту да танылуу козун ачышты. Кандайдыр бир чон залдын ичинде экен. Узунунан келген жумшак дивандын устундо озуно тааныш жети-сегиздей куралчан адамдар отурушат. Ал эми тордогу чон узун столдун эн башында Жапаров озу отуруптур. Бир сутканын ичинде эле мурункудай болбой аябай онунон азып кеткени байкалып турат. Экоо копко тиктешип турду. Жапаров акырын кашын серпе Рашидди жаман козу менен алая карады.
-Бул жактагы маалыматтардын бардыгын сен жеткирип турган экенсин да… эгерде сен болбогондо тигилер кун мурунтан бул жакка келишмек эмес, атугул которулуш качан башталарын билишмек да эмес. Ушунун баарына жалгыз гана сен кунолуусун…
-Муну эмне менен доказать эте аласынар, мага каршы шектуу делген бир илинчек барбы? Мен деген…
-Унчукпа! -Жапаров ачуулана аны катуу кагып салды,-баары бир актана албайсын. Сени тигил жактагылар атайын чалгынга жиберишкен. А сен болсон ушунча убакыттан бери бул жактагы ар бир кыймыл-аракетти тигил жакка жеткирип тургансын. Биздин которулушко даярданып жатканыбызды тигил жактагылар кун мурунтан эле билишкен. Ал эми силерде иштеген биздин агенттер бул жакта шпиондордун бар экенин айтышкан. Биз болсо ал ким экенин таппай жургонбуз. Жон эле шектуу эки офицерибиз жазаланып калышты. Албетте, сенден да шек алганбыз, бирок сен бат эле баарыбыздын ишненибизге кирип ала койдун. Бул жактан артыкчылык кылып кеттин, катуу сыноодон отуп кеттин, молодец. Акыры журуп, биздин кекиртегибизге тыгылып, журогубузго сайылган соок болдун. Албетте доказательство табылат. Эки учоо бети-башынан тамтык калбай жарылган Ниязбекти алып келишти. Рашид экоо бири-биирин тиктеп калышты. Андан сырткары Бишкек тараптан келишип буларга туткун болуп калышкан эки-уч офицерди алып келишти. Бардыгы тен коздору жарылып тепкиленишиптир.
-Биздики эле силерге туткунга тушту деп ойлоп жатасынарбы? Силердин туткундар да бизде коп. Алар бизге как заложник катары кармалып турушат. Азыр корсотом аларды журу,-Жапаров озу алдыга тушуп алып , чон залдан коридорго чыкты да башка болмого келишти. Темир торду ачып ичине кирери менен эле генерал Субанкуловдун кырктан ашык жоокерин корду. Анын козуно тике карап турган Жапаров эмне ойлоп жатканын сезип турду.
-Булар кандайча туткунга тушуп калды деп ойлоп жатасын го. Жоп-жонокой эле. Биздин жер алдындагы откоол менен келишти дагы оздору туткун болуп беришти. Эми сен кантип актана аласын. Мынабу местный чал менен тигил офицерлер, силердеги биздин тынчылар бардыгы сенин ким экенинди айтып беришти. Баса айтмакчы, тигил жакта эле калып калбай кайра эмне келдин, же сени ажал азгырып, бизге айдап келдиби? Же дагы сени чалгынга жибериштиби? Сени менен келишкен тиги беш чалгынчын азыр баары тен бизде туткунда. Эми эмне кылып актана аласын ыя?
-Мен актангым келбейт, силер баары бир бул курчоодон чыгып кете албайсынар. Ошондуктан кан тогуусуз эле тынчтык жолу менен ишти бутургону келдим.
-Сени эмне бизди уговаривать эткени жибириштиби. Биз али кучубуздон тая элекпиз, силерге мощный сокку урганга али кучубуз бар. Бобул схеманы кордунбу, муну сен дегеле коргон эмессин. Шектуу адамдардан муну запрет кылганбыз, ошолордун арасында сен да бар болчусун, жанылбаптырбыз. Бул жердин алды бут механизацияланыштырылган. Биз бул жерден качып кеткенде дагы да оздору автоматический атыла берет. Силерге биздин уч эле адамыбыз каршылык корсотуп коет. Бул жер алдындагы бункер силерге кыйраткыч чон куч болот. Ал эми сени болсо ушул бункердин алдында тигил заложниктерин менен кошо жок кылабыз. Атугул сенин соогунду таппай калышат,-Жапаров жанындагыларга буйрук бере суйлоду,-Кана буларды алып кеткиле. Бери карап Рашиддин онуно унулду.
-Ну что ж Рашид, Афганистанда бекер согушпаптырсын. Ошол патриот боюнча эле калыпсын. Экообуз бул дуйнодон акыркы жолу корушуп жатабыз. Эми оо дуйнодон гана жолугуша алабыз. Алып кеткиле муну!
Эки-уч автоматчан жоокер Рашидди колунан кармады дагы кайдадыр алып жоношту. Аны менен кошо туткундагыларды да алдыга салып айдап, кайдадыр алып жоношту.
-Бизди каякка алып баратасынар? -Рашид жанында кайтарып бараткан автоматчандардан сурады.
-Азыр силерди тигил карангы болмо ичине алып киребиз да атып таштайбыз. Бутту ошону менен иш бутот.
Рашидди алып баратышкандар мурун спорт залда чогуу машыгышкан жигиттер болчу, -неужели бизди атып таштайсынарбы? -Рашид аларга кайрылды,- откондогу чогуу машыкканыбыздын бардыгын унутуп калдынарбы? Мен силерге мушташуунун, согуш тактикаларын кандай гана турлорун уйротподум, кантип эми мени атканга колунар барат.
-Чщ-щ, акырын, унчукпа жолдош капитан , аны озубуз билебиз,-жоокерлердин бироосу шыбырай суйлоду. Алар Рашид менен кошо келген беш чалгынчыны кандайдыр бир карангы болмого алып келди да бурчка тургузушуп туруп дароо эле автомат менен атып салышты. Андан сон контролный выстрел кылып жерде жаткандарды дагы бир жолудан башка атып чыгышты. Бардыгы тен ар кайсы жерде сулап жатышты.
Тигилер жакка кеткен чалгынчылар дайынсыз жоголуп кетишкендиктен Субанкулов ортодогу добочону аткылоого буйрук берди. Убакыт тар, танкы саат алты болуп калган болчу. Кутулбогон жерден зениттик ракеталар, кичине замбиректер добочону устокко-босток, тынымсыз аткылап киришти. Добого жакыныраак учуп келишкен вертолеттор аба аркылуу алар дагы аткылоону башташты. Аткылоо дээрлик жарым саатка созулду. Ортодогу добочодо буруксуган чан менен тутундон башка эч нерсе корунбой калды.
Катуу аткылоодон кийин сырттагылар атайын даярдыктан отушкон жоокерлерди чалгынга жонотушту. Коп отпой эле ортодогу добочодон сыртты карай аткылоо башталып, чалгынга келатышкандар кайрадан артка чегинууго туура келди. Жапаров озунон озу эле заряддалып атыла берчу замбиректерди ишке киргизген болчу. Ал замбиректер ар бир беш мунот сайын автоматтык турдо атылып жатты.

* * *
Карангы болмодо жаткан Рашид акырын козун ачты, денесине ок тийдиби деп акырын сыйпалап корсо эч жерине ок тийбептир. “Бул кандайча, мени кур дурмот менен атыштыбы?,-ал акырын башын которуп жанында жаткандарды сыйпалап корду. Кан экен, демек буларды атып таштаган. А мени эмнеге олтурушкон жок тигилер?”,-акырын ордунан турду. Эки колу артына кайрылып байлануу экен. Аны чечкенге эч мумкун эмес. Ордунан акырын туруп артына кайрылып, байланган колундагы жиптерди чечкенге аракет кылды. Темир эшикке барды дагы акырын туртуп корсо, жабылуу, бек экен. Колун темир калганын бурчуна катуу такады да байлануу жипти ары-бери ойкой баштады. Ойкогулоп атып жыйырма мунотко жетпей калын жипти кыйып таштады. Арыдан -бери байлануу колдорун чечип жиберди да темир эшикти туртуп корду, бек экен. Туткасынын бурагычын бурады эле темир эшик ачылып кетти. Акырын жыла басып карангы коридорго чыкты. Эмнегедир коридор жымжырт, бир да жан жок.
“Эмнеге мынчалык тишина, тигилер каякка кетишти?”. Рашид кууш коридор менен акырын жылып журуп отуруп мурунку тепкич менен томон карай тушкон жерине келди. Чын эле айланасында бир да кыймыл эткен караан жок. “Булардын бары устуно чыгып кетиштиби, же башка жер алдындагы откол менен качып жоголуштубу? Анда булар курчоодон чыгып кутулуп кетуулору да мумкун. Кой эртелебесек болбойт”-Рашид темир тепкич менен ойдо которулуп чыкты, устунку кабатта автоматтык турдо озу атылчу замбиректер менен иштешип жаткан болгону онго жакын адамдар журушуптур. Булардын бардыгын озу жалгыз жок кыла албайт болчу. Мурунку келген жагы менен акырын сыртка чыкты. Чонтогундогу фонаригин алып чыгып атайын даярдыкта турушкан взводдун тандалма бир болугуно акырын очуруп –куйгузуп белги берди. Аябай куралданышкан он бешке жакын жоокер бир сааттан бери ушуну эле кутуп турушкан. Рашид аларга бул жакка кандай болуп отуп келиштин жолун корсотуп берди. Ал кайсы жерлерде миналардын жашырылганын жакшы билчу. Озу атылчу замбиректер алмактан -салмак сырт жакты аткылап атты. Рашид алдыга жол баштап алып, озу чыккан жер менен добонун алдына кирип кетти. Аларды байкап калышкан бункердин ичиндегилер дароо жарыкты очурушту. Эмне себептен жарыкты очурушконун Рашид жакшы тушунду. Анткени тигилердин ар биринде карангыны жарык кылып коргозчу коз айнектер, устундо ошондой дурбулору бекилген снайпер мылтыктары бар болчу. Бери жактагылар кайсыл жерден от чыкса, дал эле ошол жакты карай гранатамет менен атып жатышты. Жер алдындагы коз корбогон карангылыкта эки тараптуу атышуу куч алды.
-Минтип отурсак тигилер бизди чил аткандай бирден терип жок кылышат. Анткени ар биринде тунду кундуз кылып корсотуучу дурбусу бар снайпер мылтыктары бар. Берчи дурбуну,-Рашид кундузу кылып корсотуучу дурбуну алып бет мандайындагыларды карады. Тигилер кайсыл жерде жашынып тургандары кадимкидей корунуп турду, гранатаметтерду даярдагыла, азыр мен багыт берем ошол жакты карай атасынар. Кана бироонор ок чыккан тарапты карай атып коргулочу. Гранатаметтун бироосу атылып тээ алды жакта жарылуу болду. -Силер туура эмес жакка аттынар, анча мынча сол жакка аткыла!
Тээ алды жакта кайрадан жарылуу болду. Алды жактагы жарылуу дал бутага тийди. Жарылуудан эки-учоосу жерге учуп туушушту.
-Молодцы, эми он жакка мээлегиле. Аткыла!
Гранатамет атылып алды жакта кайрадан жарылуу болду.
-Шайтан алгырдыкы таптакыр башка жакка тийди. Дагы он жакка жылдыргыла, мээлединерби, эми аткыла! Шашпагыла!
Устоко-босток торт беш гранатамет атылды. Алды жакта жарылуу катуу болуп анча-мынча болсо да айлананы жарык кылып жиберди. Жымжырт эле боло тушту. Эртеден бери алды жакты дурбу менен карап турган Рашид эч кандай кыймыл аракетти байкаган жок.
-Экоонор барып текшерип келгилечи.
Автоматтарын алдыга суна экоо акырын алдыга жылып жоношту эле тээ алды жактан кайрадан мылтыктын уну чыгып алдыга акырын жылып бараткандардын бироосу жерге чабыла тушту.
-Демек тигил жерде да бар экен да, кайсыл жерден ок чыкканды кордунорбу, ошол жакты мээлегиле. Токтогула, алар орун которуп жатышат. Он жакка чыгып кетишти. Анча мынча он жакты мээлегиле! Кана атып коргулочу.
Алды жакта кайрадан жарылуу болду.
-Так эмес дагы онураак жакты мээлегиле, мээлединерби, эми аткыла! Молодцы дал тийди. Ошол жерди дагы аткылагыла! Эки-уч жолу уудаа-уудаа жарылуу болду. Кайрадан жымжырттык. Дурбуну козунон тушурбогон Рашид озу алдыга баштап жоноду. Анын артынан калгандары ээрчишти. Ары жактан ок чыкса эле атышууга даяр болушуп акырын жылып келатышты. Алдыда эч кандай ок атуу болгон жок. Жапаровдун жан кечти жигиттеринин бардыгы ар кайсы жерде сулап жатышыптыр. Гранатаметтордун бири да аларды соо койбоптур.
-Калгандары каякка кетишкен?
-Бир жерге бекинип алыштыбы?
-Жок алар башка жакка кетишти. Скорее всего жер алдындагы жашыруун откоол менен башка жакта кетип баратышат. Ар бир мунот сайын автоматтык турдо озу заряддалып атылып жаткан замбиректерди кантип токтотобуз. Тигил жакта тизилип турушкан октун баары тугонгучо пушкалар озулору эле атыла берет. Ал эми октор болсо тан атканча тугонбойт. Кана издедик бул техниканы кайсы жактан токтотсок болот…
Автоматтык турдо заряддалып озунон озу атылып жаткан замбиректерди таптакыр токтото албай коюшту. Эмне кылышарын билбей жоокерлер оздорунчо суйлошуп жатышты.
-Бобул узун цепти жардырып, узуп таштасак эмне болот?
-Сен эмне оло албай турасынбы, бул жер жарылчу болсо тигил тизилип жылып жаткан сняраддар жарылат. Ал жарылчу болсо бул жерди комкоруп таштайт. Жер алды эмес, жер устундогу казарма ичи да тыптыйпыл болуп эч нерсеси калбай тим эле атом бомба тийгендей болот!..
-Анда эмне кылалы?
-Азыр кое тургула,-Рашид узун калын темир чынжырдагы байланган жерлерге ары жактан калын темир алып келип тыгып жиберди эле, ал улам кысылып отуруп озунон озу токтоп калды.
-Мына кордунорбу сырт жакка атылуу да токтоду,-Рашид катуу кысылып мыйрыйган темирди карап турду.
-Эмне сырт жактагыларга белги берейинби, жол ачылды да, биздикилер келе беришсин.
-Болбойт, -Рашид дааро эле кагып таштады,-биринчиден доонсонун сырт жагындагы тикенек зымдардын айланасы бут мина коюлган, экинчиден мунун ичине да мина коюлган болуш керек. Эгерде биздин жоокерлер булжакка кире турган болушса, жер алдын бут жардырып коптогон жоокерлерибиз курман болушат. Андан коро сырт жактагылар менен байланышалы, Жапаров озунун кишилери менен жер алдындагы откол аркылуу каяккадыр качып кетишти. Тез арада вертолетторду чалгынга жонотуш керек. Алар кандайдыр бир жер алдынан бары бир сыртка чыгышат. Качып кеткенче, чек арадан чыгып кеткенге улгуртпош керек. БТРлер менен чалгынга чыгышсын. Солдаттарды туш-туш жакка чалгынга жонотсун. Убакыт ото тар, сыртка жоногуло. Тез арада саперлорду бул жакка жиберип, миналарды жандырып кетсин, болгула ылдам!
Рашиддин жанында тургандардын экоосу сыртка жугуруп чыгып кетишти. Калгандары болсо жер алдындагы жашыруун откоолду издешип, андан ары жоношту. Кууш коридордо торт эшик туруптур, алар кайсынысын ачаарын билбей турушту. Тортооно кылдат коз жугуртуп чыккан Рашид баарынан озгочолонуп турган чон темир каалгага конул болду.
-Болду-болбоду ушул болуш керек, жер алдындагы откоолдун эшиги. Муну эми кантип ачабыз, кодду билбейбиз.
-Кодду билгенде, билбегенде эмне, жардырып, талкалап таштайбыз.
-Кеп анда эмес, анын ары жагында да мина болуп калышы мумкун. Ал жак жарылчу болсо откоолду бутоп таштайт. Анан проблема башталат.
-Анда эмне кылабыз?
-Мен азыр,-Рашид озуунун компьютерден эстеп калган сандар боюнча темир каалганын сандары жазылган тегерекчени акырын он жакка бурай баштады. Козун жумуп бир нерсени эстегендей бир азга турду дагы кайра артка бурады. “Жок туура эмес азыр эстейинчи”, -ал кайрадан козун жумуп бир топко ойлонуп турду. Анан тегерекчени акырын он жакка кылдат бурап кирди.
-Эми туура болду окшойт. Азыр эшик ачылат, сак болгула,-Рашид артка кетенчиктей берди. Бир кезде ал жанындагылардын бардыгын он кадамдай артка кетенчиктетти. Анан жаткыла деп буйрук берди. Ал жанылбаптыр эшик ачылып келатып бир маалда кутулбогон жерден катуу жарылуу болду. Темир эшиктин сыныктары бери жакта жаткан жашынып турушкандарга чейин жетти. Темир сыныктар чачырап учуп келип тийгендиктен бир-экоосу катуу жаракат алышты.
-Буларды тезинен алып чыккыла! Рашид жанындагыларга буйрук берип, темир эшиктин ары жагына отту. Чын эле жер алдындагы откоол ушул жерде экен. Жан жериндеги рацияны алып чыгып сырттагыларга кабар берди.
-Жер алдындагы откоол табылды, ал кун батыш тарапты карай кетет экен. Вертолеттор менен чалгындоону ошол тарапка жоноткуло!
Мага кошумча взвод керек, сырттагы миналар тазаландыбы? Тазаланып буто элек болсо откоол аркылуу жоноткуло! Дароо жоноткуло, убакыт тар.
Арадан он беш мунот отпой сырт жактан кошумча куч да келип алды. Рашид алдыга жол баштап куш откоол аркылуу чуркап журуп отурушту.

Акыркы каршылык


Жер алдындагы откоол аркылуу озунун тандалма уч взводу менен кетип бараткан Ахмед Жапаров саатына кырын карап койду.
-Жарым саатка жетпей биз бул жактан чыгып кетишибиз керек, айланага жарык киргиче. Эптеп тоо арасына жетсек ал жакта бизди жети вертолет кутуп турат. Эптеп ошого тушуп, чек аранын ары жагына отуп кетсек, бутту, булар бизди таппай жер сыйпалап калышат. Убакыт алтын ылдамдагыла!
Ошол маалда кутулбогон жерден асманда бир канча вертоллеттор пайда болушуп, томон жактагыларга жарык берип кайра ары карай учуп кетишти.
-Шайтан алгырдыкы бизди байкап калышты. Кана жигиттер, тез арада тоону карай чуркадык.
Уч жузго жетпеген автомат менен куралданган жоокерлер тоону карай чуркап жоношту. Бир чакырымдай жерди чуркап отушкон сон кутулбогон жерден аларды алды жактарынан мондурдой жааган октор тосуп алышты. Кун мурунтан даярдалса керек, алдыда чуркап келаткандардын жыйырмага жакыны чалгы чапкандай сулашты. Сокку ушунчалык катуу болгондуктан кайра артка чегинууго аргасыз болушту.
-Он жагыбызда кууш колот бар эмеспи, ошол аркылуу тигил жакка отуп кетсек болот. Кана жигиттер, менин артымдан чуркагыла,-Жапаров озу алдыга жол баштап ичке ойдунча менен туураны карай чуркап жоноду. Арадан он-он беш мунот отпой алардын да алдын катуу аткылоо менен тосуп алышты. Мондурдой жааган октор, гранатаметтордун устокко-босток аткылоосу ачык чуркап келатышкандардын бир далайын мойсоп жиберди. Жапаров озу да он ийнинен жаракат алды. Алды жактагылар кун мурунтан даярданышканбы, алардын ушунчалык катуу соккусуна туруштук бере албай бир топ адамдарынан айрыла артка чегиништи.
-Ушуну менен бутту дегенге жатпайт, дагы жашыруун жолдор бар, ошол жол аркылуу курчоодон отуп кетебиз,-Жапаров танылган он ийнин сол колу менен баса алдыга озу баштап жугуруп жоноду. Он чакты кадам таштагандан кийин токтоду. Тээ алды жакта тизилип турган БМП, танкаларды бери карай автоматтарын сунуп турушкан кумурскадай жыбыраган жоокерлерди коруп айла жок токтогон болчу. Сол тарабындагы анча бийик эмес тоону коздой бет алды чуркап жоношту. Ал жакта да тосуп турушкан болчу. Артка кайтканга туура келди. Жапаров толугу менен курчоодо калганын тушунду.
-Круг болуп айланага тизилгиле!
Бардыгы айлана болуп тизиле калышты. Баш аягы жуз элууго жетпеген эле киши калыптыр.
-Эми биз ушул жерден коргонууга, салгылашууга туура келет. Биз эч убакта аларга моюн субайбыз. Муну менен эле женилип бердик дегенге жатпайт. Катуу куч топтоп туруп эмдиги жылы буларга катуу сокку урам. Силерге соз берем!
Бул анын акыркы созу болчу. Арадан бир канча убакыт откон сон сырт жактан микрофон менен суйлоп жатышты.
-Силер баары бир курчоодон эч жакка кутулуп кете албайсынар…
-Ойлонгула, ойлонгонго жыйырма мунот убакыт беребиз. Ортодогулар багынмак турсун тескерисинче коргонууга катуу даярданып жатышканын дурбудон коруп турду. Саатын карап турган генерал Субанкулов чабуулду баштоого буйрук берди. Эртеден бери ушуну кутуп турушкан жоокерлер акырын сактаныша алдыга жылып жоношту. Бардыгы туш тараптан ортону уламдан улам кысып келатышты. Бир кезде ортодогулар катуу каршылык корсотконго отушту. Чабуул коюп келаткандар айла жок кайра артка чегинууго аргасыз болшту. Бир топ адамдар окко учушуп, бир тобу жарадар болушкан болчу. Эки уч жолу чабуул коюп эч майнап чыгара алышпаган сон генерал ачуулана буйрук берди.
-Болду, биз аларга бир эмес бир канча жолу эскерттик, оз убалдары оздоруно . Зениттик куралдар менен аткыла, ортодо бир да тируу адам калбагандай болсун!
Буйрук аткарылып туш-туш жактан аткылоо башталды. Ортодо чан эле чыгып жатып калды. Ортону дээрлик жыйырма муноттой тынымсыз аткылап анан токтотушту. Буруксуган чандан башка ортодо эч нерсе корунбой калды. Дээрлик жарым сааттан кийин гана чандар акырындап тарай баштады.
Сыртта турган жоокерлер ортого басып барышканга даабай турушту. Уч торт вертолетту устулорунон чалгынга жонотушту. Алар дагы ортодо сулап жатышкандарды устунон аткылашты. Ортодогулар таптакыр кыймылдай албай калышканда гана бери жактагы жоокерлерди жонотушту. Ошол мезгилде устулорунон вертолеттор тигил жактан келаткандарды коргоп турушту. Ортодо тептегерек болуп ар кайсы жерде сулап жатышкан олуктордон бир да бироо кыймылга келген жок. Алардын араларынан кыдырып журушкон сырт жактан келишкен жоокерлер бир дагы тируу адамды таба алышпады. Рашид олукторду аралап озунун жетекчичиси Жапаровду издеп журду.
Кызыл-ала болуп олуп жаткандардын дээрлик баардыгы тааныш. Дээрлик копчулугу али жыйырма бешке чыга элек жигиттер, уйлонушо да элек болуш керек. Зениттик куралдар менен аябай катуу аткылагандыктан тируу калган же жарадар чала жан болгон бир дагы адам жок экен. Колдору жулунуп кеткен, баштары талкаланган ичеги-кардылары чыгып калган, аларды карагандан киши заарканат. Аянычтуу корунушко Рашид кабагын буркой башын чайкап койду. “Кайран гана жигиттер, эгер силердин башынарды Жапаров айлантпаганда, баарынар тен тируу калбайт беленер. Бирок силер баары бир багынып бермек эмесинер, “олсок бир чункурда , согушсак бир дободо болобуз” деп Жапаровдун алдында ант бергенсинер, ошол антынарды бузган жоксунар. Жапаров учун баарынар тикенерден тике туруп бердинер. Ал эми Жапаровдун озу кана? Ал силерди олумго таштады дагы озу болсо куйругун туйуп, дайынын таптырбай кетти”. Чынында эле бул уймолоктошкон олуктордун арасында Жапаровдун денесин таппай коюшту. Аны менен кошо майор Исмаилов, капитан Ахмедов, дагы бир катар Жапаровдун эн жакын адамдары жок экен. Олуктордун баарын кунт коюп карап чыккан сон Рашид Жапаровдон башка дагы беш адамдын жок экенин тактап кагазга тушурду.
-Кана айтчы Рашид, булар каякка кетиши мумкун? Жер алдында дагы жашыруун откоол барбы?
-Мен болгону бир гана откоолду билчумун. Калган секреттерди озунун эн эле ишенимдуу деген уч-торт эле адамы билчу. Алардын дагы дайындары табылбай жатпайбы.
-Дайындарын таптырбай, качып кетише электе тез арада аларды издеш керек.
Атайын куралчан топтор тузулуп, казарманын айланасындагы аймактын бардыгын эч нерсесин калтырбай издей башташты. Дээрлик эки сааттан ашык издешип, эч жерден дегеле шектуу эч нерсе таппай коюшкан сон алысыраак аймактардын бардыгын чункур-ойдунунан бери издегенге отушту. Атайын вертолеттор дайындалып, асманга которулуп чыгышты. Женил машинелер отчу жолдордун баары буулду. Айыл-кыштактарды текшерип, ар бир уйго кирип эч нерсесин калтырбай издеп журушту. Чек аралар катуу козомолго алынып бардык жерлерге кучотулгон кузотчулор коюлду. Салгылашта каза болушкан оздорунун жоокерлерин табыпка салып уйлоруно жонотуп жатышты. Ал эми Жапаровдун каза болушкан уч жузго жакын адамынын соокторун бардыгын бир жерге комушту. Аларды уйлоруно табыпка салып жонотушкон жок. Жогору жактан буйрук ушундай берилген болчу. Кыргыз чек араларындагы кызмат отошкон чек арачылардын командирлери аскер трибуналына тартылышты. Рашид борбор калаада Жапаровдун кимдер менен байланышы бар экенин бардыгынын тизмесин жогору жактагыларга откоруп берди.
Жапаров жетектеген казарма ичин толугу менен текшеришип, жер алдынан жардырып улгуро албай калышкан эбегейсиз коп чет элдик аскер куралдарын, складда жыйылып турган бангизаттарын, темир сейфтен бооланган ар кайсы олколордун акчаларын, беш-алты чакырым жерге атылуучу кичине ракеталар, атайын даярдалып тигилген жашыл тустогу аскер формаларын, кеминде эле уч-торт жылга кенен жетчу азык-заттарды таап чыгышты. Казарманын ичиндеги, жер алдындагы жашырылма миналардын бардыгын тазалашты. Жер алды менен кетчу откоол бар экенин эн башкысы Жапаров озу алып кетип улгуро албай калган казынаны таап алышты. Бул казына мамлекеттин экономикасын которууго бир топ эле комок болмок. Атышууда талкаланган казармалар кайрадан калыбына келтирилип, жаны чек ара кызматына иштегени аскер болуктор алынып келинди. Бардыгы мурдагыдай болуп калыбына келген сон генерал Субанкулов Рашидди озуно чакырып алды. Ал озунун кабинетинде экен, баш багары менен эле генерал озу ордунан туруп келип аскердик тартипте эмес кол алышып учурашты.
-Биз берген тапшырманы аягына чейин толук аткаргандыгын учун куттуктайм. Кел отур мындай,-экоо мандай-тескей отурушту.-Чын- чынына келгенде мен сага ишенгем. Анткени озубуздун арабызда да чыкынчылардан бар болчу. Алар бул жактагы ар бир кыймылды Жапаровго жеткирип турушпадыбы. Бирок ото кыйын болду, аларды кармаш. Эми мындай Рашид…-генерал бир азга унчукпай калды,-биз берген тапшырманы добросовестно толугу менен аткарып келгендигин учун сага полковник деген чин берилет. Куттуктайм. Кое тур шашпа бул менен эле токтолуп калбайт. Сен далайды башындан откоргон, Афганистандагы согушка катышып келген тажрыйбалуу офицерлердин бирисин. Контрабанданын окуяларына да озун катышып, баарын оз козун менен кордун. Бизге дал эле сендей кадр, сендей адамдар керек. Мындан ары сен Кыргызстандагы бутундой чек ара кызматынын жетекчиси болуп дайындаласын. Приказ чыгарып эртен кол коем. Чек арабыздын кайсыл жерлеринде контрабандисттердин откоолдору бар сен эн жакшы билесин. Дал эле ошол жерлерге усиленный кузотторду коюп, мындан ары чек араны ото эле катуу кармайлы, чек арадан бир дагы контрабанда отпогондой болсун. Керек болсо чычкан да жормолоп отпогондой кыласын. Ар бир чек арадагы аскер болукторуно жаны жетекчилерди дайындайм. Жапаровдун бул кылыгы биз учун эн чон сабак болушу керек. Бара бер бошсун…, баса айтмакчы уйбулоно жолуктун беле?
-Кудай буюрса, азыр барып жолугам…
-Эки жылдан бери бул жактагы акчан кассада топтолуп калды. Бухгалтер менен эсептешип алып ал. Жакшы эле акча чогулду болуш керек. Зайыбына, белек алганды да унутпа…
-Рахмат созсуз алам.
-Анда бошсун, ишине ак жол, ийгилик каалайм.

(Аягы)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   kammilla   31 Март 2014 - 23:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Рахмат! Соонун чыгарма экен! Тимеле контрабанда м.н озум согушкандай болдум:));) аягы жакшы экен баарынан да! Кыргызстанда чындап ушундай патриот аскер кызматкерлери коп болсо ..чек арабызда койгойлор азыраак болот эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Gupa   01 Апрель 2014 - 10:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения zina29 (11 Март 2014 - 15:54) жазган:

Жакшы кызыктуу чыгарма экен



Просмотр сообщенияAsanaka2 (24 Март 2014 - 23:00) жазган:

Чынын айтсам ооруп калдым ушул чыгарма менен.Кундо кирип миңң жолу карайм жаздыбы жокбу.Жазбаса башынан кайра окуп койом



Просмотр сообщенияzina29 (25 Март 2014 - 16:09) жазган:

Саадатбек Мырзакул уулу чыгармаларын боевик кино тартса болчудай го.Аябай кызыктуу чыгармакен





Просмотр сообщенияinfiniti (25 Март 2014 - 19:20) жазган:

. Ооба. Жакшы чыгарма. Сапатын жакшы тартса,азыркы кинолорго окшотпой.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Djoni88kg   01 Апрель 2014 - 12:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 13:23
  • Жынысы:Эркек

Рахмат аябай сонун чыгарма"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Aimeerimka   01 Апрель 2014 - 12:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 28 Февраль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2015 20:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу кыргыз жери.

Ичине кирип кетчудой болуп окудум, рахмат жазганыныз учун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Dinakg   01 Апрель 2014 - 13:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 25 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Июн 2020 22:50

Жакшы чыгарма экен.Улукбек рахмат зээрикпей кочуруп жазганына.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   rumaika5544   01 Апрель 2014 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Рахмат эрикпей жазганыңыз учун.Экинчиси бар окшойт э.Жапаров кайда кеткени белгисиз болсо...
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Maxabat81   02 Апрель 2014 - 02:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 12 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Июн 2014 01:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Аябай сонун чыгарма экен оллллло жактыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   sanzhar83   02 Апрель 2014 - 13:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

рахмат,жакшы чыгарма экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   zina29   03 Апрель 2014 - 10:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Жапаров табылбай калабы же уландысы барбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   07 Ноябрь 2015 - 18:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Ушу китептин экинчисинби окуугам да. Макаров саид анан ушу рашидин баласы катышса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   07 Ноябрь 2015 - 18:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Ушу китептин экинчисинби окуугам да. Макаров саид анан ушу рашидин баласы катышса керек. Азыр карап коройнччу ушу жерден
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   feridde   15 Ноябрь 2015 - 21:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 23 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Дек 2015 13:37

чоон рахмат. туптуура эки кун зерикпей окудум го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   agarai   20 Ноябрь 2015 - 20:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 15 Сен 2019 20:10

Жакшы чыгарма экен,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Urmat-1989   22 Ноябрь 2015 - 18:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

мыкты чыгарма рахмат авторго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   EdikoKG   12 Май 2016 - 22:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Саадатбек Мырзакул уулуна таандык "Кара чумбот" чыгармасын да жазсаныз жакшы болмок)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Adiletgo   29 Май 2016 - 10:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 05 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2024 07:43

Бугунку убакытым ушул чыгарма менен отту.Эн мыкты жазылган,Рашиддин жанында жургондой эле болдум:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   jurogumdosun   08 Июнь 2016 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Дээрлик торт кун окуудум, жумуш жасасам да оюм чыгармада, неге служба кылганда Баткенге качаарын тушундум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   murgab2014   13 Июнь 2016 - 17:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 11 Июнь 14
  • Соңку аракети: 02 Авг 2021 20:58

Жапаровтор ошондо кайда кетти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   murgab2014   13 Июнь 2016 - 17:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 11 Июнь 14
  • Соңку аракети: 02 Авг 2021 20:58

Жапаровтор ошондо кайда кетти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 14:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: