Кызыктуу маалымат.
Исламий финансылоо түзүмү үстөк акча кошпоо негизинде түзүлгөн түзүм болуп саналат. Ислам финансылоо принциптери катышуучулар ортосундагы ишеним, адилеттүүлүк,
толук ачыктык жана маалыматтын толук ченемде берилиш принциптеринин негизинде түзүлгөн.
Ислам финансылоо принциптеринин негизги шарттары катары бул беренелерди айта кетсек болот:
- 1 Тобокелди катышуучулар арасында теңме тең бөлүштүрүү.
Бул деген келишимди эки тараптын тең толук аткарылышын камсыздап берет
- 2 Үстөк акча кошулуу механизимин пайдаланууга толук тыю салат
- 3 Финансы агымын даана жана так активдер менен гана камсыздоосу.
Бул деген алдамчылык,
үстөк кошулган келишимдердин болбоосун камсыздайт.
Ислам финансылоонун негизги тыю салынган неселери:
- Риба (Riba – сүткорлук) – карыз акчага үстөк акча кошуу;
- Гарар (Gharar –тактыгы жок) – келишимде каралбаган аша чапкан тобокел кылуу, атайлап жасалган тобокелге жана түзүлгөн келишимде тактыктын жок болуусуна ;
- Мейсир (Maisir – кумар) – кирешени кокустуктун негизинде алууга - Халал (Halal - адал) – арам негиздеги программаларды финансылоодон баш тартуу (арак чыгаруу, тамеки жасоо, ок курал,
кумар ойнолуучу жайлар, шариатка дал келбеген бардык нерселерге);
- Бай ал-Кали би ал-Кали – карызды карызга сатууга, мисалы форвардык келишимди, анын төлөмүн кечеңдетип башкага сатуу .
Бул ислам финансылоосун жигердүү колдонуп, тез аранын ичинде өнүгүп кете алган мусулман мамлекети болуп Малайзия саналат, азыркы күндө. Малайзия өнүгүүсү боюнча ушул күндө дүйнө мамлекеттери арасыңда 13-орунда келе жатат. Малайзия Ислам банкынын, кризис убагында элине үстөгү жок кредиттерди таратуусу, экономикасын сактап гана калбастан, экономикасын арбын эсе алдыга жылуусуна эң жакшы өбөлгө болгон. Экономикасында,
саясатында жана башка тармактарда өз саясатын шариатка жакындатып алып баруусу, Малайзияны эң арта калган мамлекеттердин катарынан, 30 жыл ичинде, өнүккөн мамлекеттердин арасына кирүүсүн шарттаган. Азыркы тапта Малайзия “чыгыш жолборсу” аталып, бул мамлекеттен өзүнө көп туристерди тартуу максатында,
жакынкы мусулман эмес кошуна мамлекеттеринде намазканалар,
халал кафелер ачылууда. Алардын катарына жакынкы арада аэропортторунда намазканаларды ачып, халал кафелерди ачып жаткан Японияны мисал кылсак болот.
Исламдагы финансылоо негиздери
#2 26 February 2014 - 14:30
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#3 26 February 2014 - 16:47
Ислам финансысы тууралуу кененирээк маалымат.
Кичине кенен маалымат бере кетейин, ислам финансылоосу кандай негизде болорун түшүндүрүү максатында. Мисалы сиз жаңы бир иш кана ачууну көздөсөңүз, ислам банкына өз бизнес планыңызды алып барасыз. Мен мындай иш кана ачканы жатам деп. Ал банктын серепчилери сиздин бизнестин ошол аймакта өнүгүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар, кандай жагымдуу шарттары бар изилдеп чыгат. Изилдөө бүткөн соң, эгер сиздин бизнес өнүгүп кетүүгө шарт бар болсо, банк сиз менен тең шерик болуп сиздин бизнеске кошулат. Кетирген чыгымына жараша акциялардын пайызы бөлүштүрүлөт. Мисалы сиз нан бышырган иш кана ачканга бел байлап, ишкананы жайгаштырууга жай таап, ал ишканадагы жумушту сиздин үй-бүлөө мүчөлөрү да кошо жасашып, жумушчу болсо сиздин пайыз көбүрөөк болот, ал эми бул иш аракеттерди банк жасаса анын пайызы көбүрөөк болот.
Жай табылган соң, банктын акчасына керектүү жабдыктар алынып келет, ошол жабдууларды жөндөө үчүн адамдар алынып келет, эгер ал жабдууда иштегенди билбесеңиз банк иштегенди билген адамдарды жалдап келип сизге үйрөтөт. Керек кылынуучу сырьёлорду алып келүүсүнө банк жардамдашат. Сиздин атыңыздан башка ишканалар менен келишим түзөт, эч ким тааныбаган адам баргыча, белгилүү банктын атынан адамдар келсе, мен-мен деген компаниялар макул болот да кызматташууга. Ошентип сиз иштеп баштайсыз. Убакыт өтүп, банк өзү салган акчаны чыгарып алган соң, сизге компаниянын банкка тиешелүү акцияларын сатып алуусун сунуштайт. Сизден бөлөк, көбүрөөк акча бере калган адамга эмес, сизге сунуштайт. Сиз анан ошол банкка тиешелүү акцияларды бир жыл болобу, он жыл болобу сатып алып, акырында компания толук сиздин карамагынызга өтөт. Кыскача ислам финансылоосу ушул тарикада болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео