
СССР аттуу зор территориялык аймакты темир чеңгээлинде "былк" эттирбей тутуп, атын укканда карапайым советтик жумушчудан тартып, Кремлдеги борбордук комитеттин партбоссторуна дейре зыркырап турган, бүткүл дүйнө коркконунан эсептешип, баары астейдил сыйлаган жолдош Сталиндин мураскери болгон Берия жөнүндө азыркыга чейин тарыхчылардын арасында кызуу дискуссия жүрүп келет.
Дайыма адамды шектенүү менен караган, ички интуициясы өтө күчтүү өнүккөн, ашкере куу, максатына жетүү үчүн адам өлтүргөндөн кайра тартпаган, дегеле адамзаттын канын төгүүнү чымын өлтүргөнчөлүк көрбөй, оюндагысын оңой менен сыртка чыгарбаган, бирок, ичине толгон ошончо заар энергияны сулуу катындарды зордуктоо менен сыртка чыгарган Лаврентий Берия Павлович Грузиянын карамагында Сухуми округунун Мерхеули айылында жашаган кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө 1899-жылы 17-мартта жарык дүйнөгө келген.
1919-жылы Берия Баку шаарында техникалык орто окуу жайдын механик-курулушчу адистигин аяктаган. Бирок, кесиби боюнча бир да жолу иштеген эмес. Студент кезинде эле "сыщик" аттуу лакапты илештирген Берия 1921-жылдан баштап 1931-жылга чейин Грузия, Азербайжан өлкөлөрүндө жооптуу кызматтарда иштеген.
1924-жылы Грузиядагы Совет бийлигине болгон нааразычылыкты ырайымсыздык менен басып, 5 миң грузинди кырдырып салган.
Арийне, Берия жогорку бийликке кетчү жол Сталиндин көңүлүн өзүнө бурдуруу менен болорун туура түшүнгөн.
1932-жылы "Кавказ өлкөлөрүндөгү большевисттик уюмдардын тарыхы" деген китеп жазып, Сталиндин зоболосун жасалма түрдө көкөлөтө көтөргөн.
Бирок, кексе Сталин кошоматчылыкка жык толгон бул китепти жактырганы менен партиянын кызыкчылыгы үчүн байкамаксан болуп койгон. Ошондо Берия авантюристтик кадамга барат. 1933-жылдын жайында Абхазияда эс алып жүргөн Сталинге кол салуу уюштуруп, өзү дайындаган кылмышкер Сталинди атмакчы болуп келатканда жол башчыны өз денеси менен калкалап "сактап" калган. Ошол замат Бериянын жигиттери жанкечтини ок чыгартканга жетиштирбей өлтүрө атышкан.
Ал эми тирүүсүндө Берия менен чогуу Сталинге каршы "ыйык казатка аттандым" деп ойлогон жанкечти Бериянын кезектеги интригасына алданып өмүрүнөн ажырайт. Максатына жетпей. Бул кандуу жосунга Сталин да алданып, Берияны барктап, көтөрмөлөй баштайт. Себеби, 30-жылдары өлкөгө сталиндик диктатуранын бекем орношу үчүн массалык репрессияларды уюштуруу керек эле. НКВДнын ошондогу наркому Н.И.Ежов бул милдетти мыкты эле аткарып турган. Бирок, Ежов жетелеме, эң башкысы "бүткүл элдин атасынын" көөдөнүндөгү максатты аңдап биле албаган киши болчу. А жолдош Сталин өлкөдөгү абалдан санаасы тынып, эми, жогорку партиялык аппаратты өзүнүн буйругун кыйшаюсуз аткарган органга айландырууну көздөп жүргөн. Ошондо гана Сталиндин жеке бийлигине эч ким даап каршы чыга алмак эмес. Жолбашчынын бул мүдөөсү үчүн ага ит сымал берилген, бирок ашынган ырайымсыз адам керек эле. А андай даяр кадр Лаврентий Павлович Берия баралына келип бышып калган.
Ежовго Сталин буйрук гана берип турган. Берия менен болсо көптөгөн маселелерди кеңешип, анын айрым кемчиликтерине көз жуумп келген.
НКВДнын жаңы шефи мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Ежовдун кадрларын тазалап, өзүнүн адамдарын коет. Так ушул Берия НКВДны жетектеп турганда белгилүү саясый ишмерлер, аскер жетекчилери, интеллигенциянын каймактары репрессияланып атылган. Алардын ичинде Ежовдун убагынан бери түрмөдө камалып жаткандар да көп эле. Ошентип кечээги чала механик, чала жазуучунун колуна эбегейсиз бийлик тиет. Сталиндик саясый блокко кирген Кремль лөктөрү да Бериядан өздөрүн обочо тутушуп, ичиркенип турушкан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Берия коргонуу комитетин кошо көзөмөлдөп, кандуу "СМЕРШ" (Смерть шпионам) карателдик отряддарын уюштурган. Согуш учурунда артка чегингендерди, колго түшкөндөрдү сотсуз, сураксыз атуу вазийпасын дал ушул бериялык отряддар жүзөгө ашырып турган.
1945-жылы Берияга маршал наамы ыйгарылып, ага атом энергиясы, атом бомбасы боюнча комиссиянын төрагалык милдети жүктөлгөн. Алгачкы советтик атом бомбасы да Бериянын жеке көзөмөлү астында жасалган. 1947-53-жылдар ортосунда Берия Сталиндин эң жакын адамына айланган. Бирок Сталиндин ден-соолугу начарлап, бир ыптасы шалга учурап, өлүм алдында жатканда Берия биринчилерден болуп жол башчыдан жүз үйрүп, врачтарын киргиздирбей, ажалын тездеттирген. Сталиндин өлүмүнөн кийин Берия дөөгүрсүп көпкөн. Партиялык башкаруунун ордуна милициялык режимди орнотууга аракет кылган. Политбюронун жетекчилеринин ага карата жашыруун кутумун сезген менен аларды теңине албаган. Өз күчүнө өтө ишенген Берия ыңгайы келгенде ар бирине "эл душманы" деген жарлык тагып, каматып, атып жоготом деп ойлогон. Бирок, Башкесер Берияны жоготмоюн, өздөрү өлүм табарын сезген Никита Хрущев баштаган топ 1953-жылы 26-июнда СССР державасынын эң таасирдүү адамынын колуна кишен салып, бир нече жылдан бери жетектеп келген Лубянкасына тыгышат. Өзү казган орго өзү түшкөн Берияга "буржуаздык түзүлүштү орнотууга аракет кылган, политбюро мүчөлөрүнүн артынан шпиондук жүргүзгөн, көптөгөн аялдар менен интимдик байланышта болгон" деген айыптар коюлган. Анын кабинетин тинтишкенде айымдардын ар түрдүү кийимдери табылган. Айрым ушактарга караганда, Берия кызматтык машинесин дайыма жай айдатып, көчөдөн сулуу кыз-келиндерди бутага илгенди кумарга айланткан. Жаккандарын Бериянын коопсуздук кызматынын адамдары НКВДнын шефине жеткирип турушкан. Бериянын алдына келген аялзаты көп учурда зордуктоого туш болгон жана алардын саны эки жүздөн ашкан. Арасында али жетиле элек көчөт кыздар да бар эле. Бирок, Советтер Союзунун баатыры Сергей Щировдон башка бир да эркек аялынын абийирин коргоп чыкканга жараган эмес. Баарын ачык айтып, совет өкмөтүнөн Берияга карата адилет өкүм күткөн Щировду Берия 25 жылга кестирип салган. Акыры баардык кылган жамандыктары айланып келип башына тийген Берия 1953-жылы декабрда атылат. Бир кездери килейген Германияны быт-чыт кылган маршал Жуковду богуна теңебеген, ачуусу келип турганда бүтүндөй бир улутту тукум курут кылуудан кайра тартпаган, өзүн өкүмзордуктун, арам күчтүн Кудайы эсептеп алган Берия өлүм алдында албарстыдай жалынып ыйлап, жансоога сурап атып өлгөн экен. Кандай жашасаң, ошондой өлөсүң деген ушу да.
Семетей Талас уулу

Супер-Инфо
super.kg
видео











