Суперстан: Медицина жаңылыктары! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Медицина жаңылыктары! Медицина илиминдеги, тармагындагы акыркы кызыктуу жаңылыктар барбы?

#21 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

АЙНУРА САГЫНБАЕВА, ВРАЧ-ДЕРМАТОКОСМЕТОЛОГ: “ТЕРИ ООРУЛАРЫ ДАГЫ ТУКУМ КУУЙТ, ДАРЫЛАНБАСА АТАДАН БАЛАГА ӨТӨТ”
СүрөтАба- ырайынын кескин өзгөрүшү териге залакасын тийгизип, көпчүлүк адамдарды бушайман кылууда. Ошондой эле жаштарды безетки оорусу да тынчсыздандырып келет. Жалпы тери оорулары жана анын алдын-алуу жолдору туурасында дерматологиялык жана косметологиялык клиниканын директору, врач косметолог- дерматолог Айнура Сагынбаева айтып бермекчи. Айнура айым косметологиялык клиникада 14 жыл иштесе, дерматологиялык клиникада 8 жылдан бери эмгектенип келет.



- Айнура айым, алгач теринин түрлөрүнө токтолсоңуз?

- Негизи дерматологиялык атласты караса, тери оорусунун түрлөрү миңден ашат. Учурда эң көп кездешкен тери ооруларына экзема, безетки, псориаз, грибок, сөөл, котур ж.б. түрлөрү кирет. Илгери котур оорусу аз болгон. Ал кезде саламаттыкты сактоо тартиби күчтүү эле. Азыр тазалык жаатынан аксап турабыз. Өзгөчө жаңы конуштарда жашаган адамдарда шарт жоктугуна байланыштуу гигиена сакталбай калган. Ушундай кесепеттерден улам оорунун түрлөрү күч алууда. Мурун жок болуп кеткен оорулар кийинки кездерде кайрадан кездешип жатат. Бул Орто Азияда эң көп кездешүүчү оорулардын катарына кирген. Ал эми “псориаз” – бул ала оорусуна окшогону менен, азырынча так изилденип, аныктама бериле элек.



-Бул оорулар эмнеден улам пайда болууда?

-Баягы эле биз жамандаган Кытай бут кийимдери, тамак-аштары чоң таасирин тийгизип жатат. Совет убагында ортопедиялык жактан туура бут кийим тандоо чоң мааниге ээ эле. Азыр балдардын көпчүлүгү май таман. Улуу эле адамдар тар же дем албаган начар бут кийимдерди кийип жатышат. Бирок, дал ушул нерселерден ооруга чалдыгып жатканын билишпейт. Жер менен жер болгон жапыз бут кийимдер да сөөлдү пайда кылат. Андыктан, бут кийимди туура тандашыбыз зарыл. Азыркы тапта иммунитеттин начарлашы да сөөл оорусун жаратууда. Сөөл- бул онкологиялык оору. Сөөлдү тытып, кесип, күйгүзүүгө болбойт. Аны өз алдынча дарылоого да мүмкүн эмес. Бирок, өз алдынча күйгүзүп, жаман илдетке кабылып же тескерисинче күчөтүп алган адамдар да жок эмес. Кээде “кыргызчылык менен айыгып кетти” дешет. Бул да туура эмес. Ал жөн гана иммунитети көтөрүлүп, дал келип калган учур. Азыр тамандагы сөөл менен кайрылган адамдар көп. Бул өтө коркунучтуу. Анткени, таманда катуу нерсе пайда болуп, баса албай калат. Кээ бир адамдар баспай калгыча адистерге көрүнбөй жүрө беришет. Жети жылдан бери тамандагы сөөлдүн кесепетинен балдак менен басып жүргөн адам кайрылган. Биз сөөлдү дарылаган соң, ал адам кадимкидей бийлеп калды.



- Сиздер ооруларды кандай ыкма менен дарылайсыздар?

- Алгач туура кеп-кеңешибизди беребиз. Ошондой эле атайын аппараттарыбыз бар. Ар бир оорунун түрлөрүнө жараша ар кандай ыкмалар колдонулат. Негизи тери оорулары мезгилге да көз каранды болот. Мисалы, жайында инфекциялык оорулар күчүнө кирет. Өзгөчө “грибок” оорусу көпчүлүктү түйшөлтөт. Анткени, бири-биринин тапичкелерин кийип жүрө беришет. “Грибок” оорусу жугуштуу оорулардын катарына кирет. Ал эми жаз, күз, кыш мезгилинде шамалдап калган ооруларга чалдыккандар көп болот. Кыш мезгилинде аллергия менен да көп кайрылышат. Оорунун айынан көбүнчөсү диета кармоого мажбур болушат.



- Тери оорусуна кабылган адамдардын диета кармашы зарылбы?

- Албетте. Негизи тери ооруларында кызыл, таттуу же өтө ачуу, майлуу жебеш керек деген өзүнүн шарттары болот. Азыр теринин сезгенүү оорулары абдан көп. Анткени, азыр жаш балдардын баардыгы кириешки, чипсы, кетчуп, колбаса, сосиска жеп, Кытайдын сагыздарын чайнашат, кола ичишет. Мына ушундай туура эмес тамактануу да тери ооруларын күчөтөт. Шорпо, ботко, сууга бышкан жумуртка ж.б. ушул сыяктуу туура тамактарды колдонсок, тери оорулары азаят.



- Безетки оорусу эмнеден келип чыгат, андан кантип арылуу керек?

- Безетки оорусунун себеби көп. Биринчиден, аталган оору тукум кууйт. Экинчиден, организмдеги мите курттардын кесепетинен бул ооруга чалдыккандар көп. Үчүнчүдөн, өзгөчө кыз кишиники гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгат. 20-22 жашка чейинкилер өспүрүмдүк безеткилерге кирет. Бирок, аны дагы дарылоо кажет. Туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, айтор өз билгендерин кылышат. Үйдөн туура эмес кам көрүү да безеткинин күчөп кетишине алып келет. Күчөп кеткен безеткиден бет терисинде ар кандай тактар пайда болот. Так калтырбоо үчүн алдын-ала адиске кайрылган оң. Безетки бир күндө айыгып кетчү оору эмес. Ал чоң схема. Биздин клиникага кайрылгандар үч ай бою адистин көзөмөлүндө болушат.



-Кайсыл оорулар тукум кууйт?

- “Псориаз”, “витилиго” тукум куучу ооруларга кирет. Ал эми экземанын эки түрү болот. Бири тукум куучу оорулардын катарына кирсе, экинчи түрү жугуштуу ооруларга кирет. Ошондой эле котур оорусу да жугуштуу оорулардын катарында. Ал көбүнчө бала бакчадан, көпчүлүк жүргөн жерлерден, бири-биринин кийимин кийип, буюм-тайымдарын колдонууда, саламдашууда жугат. Ал эми “демодекс” (беттеги курт) иммунитети начар адамдарга дароо жабышат.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:54

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

БАЗАРДА САТЫЛГАН ОЮНЧУКТАРДАН УУЛУУ ЗАТТАР АНЫКТАЛДЫ

Ош шаарындагы базарлардын биринде жаш балдардын оюнчугунан уулуу зат бар экени аныкталган. Андан табылган Фенол уулуу затын ак халатчандар балдар үчүн эле эмес, чоң адамдар үчүн да кооптуу экенин аныкташкан.



Маалыматка ылайык, бул заттын уусу балага тери аркылуу же оозуна салганда жугуу коркунучу бар. Биринчи кезекте аллергиялык реакцияларды жүргүзүшү мүмкүн. Дерматит, бронхиан астма, теринин оорусуна алып келиши мүмкүн. Андан сырткары өпкө ооруларына, деминин кысылышына, ашказан ичеги ооруларына алып келет.



Мындан тышкары наристелердин кийимдеринин курамынан азыраак уулуу зат табылган. Текшерүү балдар арасындагы түрдүү оорулардын көбөйүшү, айрыкча онкологиялык илдеттерге кабылышынан улам өткөрүлүп, мындан бир ай мурун Ош жана Бишкек шаарларындагы лабораторияга жиберилген. Бишкектеги лаборатория бала бакчалардагы балдардын идиштеринен уулуу заттын бар экенин аныктаган - дейт врач-педиатр Аида Анарбекова.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:56

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Nadir27   09 Июнь 2015 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кудай сакта кызымы садике берсемби деп аттым эле эми кандай болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Депутаттар себепсиз боюнан алдырган аялдарга айып салууну сунушташууда
Мыйзам долбоорунун авторлорунун ою боюнча, социалдык маселелерден улам бойдон алдыруу жүйөөлүү себепке жатпайт
Сүрөт " Ар-Намыс" фракциясынан депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев себепсиз боюнан алдырган аялдарга айып салууну сунушташууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү парламенттин жалпы кароосуна алып чыгышты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, бала түйүлдүк болуп жаралгандан баштап ал жашоого укуктуу. Аялдын бойдон алдыруусунун социалдык жана медициналык себептери бар. Эгерде социалдык маселелерден улам бойдон алдыра турган болсо ал жүйөөлүү себепке жатпайт. Бул адамдын өмүрү социалдык факторлордон көз каранды болуп калган дегенден кабар берет.

"Мындай социалдык маселелерден улам бойдон алдыруу акылга сыйбаган иш катары эсептелет. Бул майыптарды , оорулуларды жана кары-картаңдарды жашоо укугунан ажыратуу деген менен барабар", - дейт демилгечилер.

Ал эми себесиз бойдон алдыргандар үчүн 1 500 сомдон 2 000 сомго чейин айып салуу сунушталууда.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Хирург: Пластикалык хирургия адамдын жашоо сапатын жакшыртууга чоң жардам берет
"Өз жакындарыма дагы косметикалык хирургия жасаган учурларым болгон жана мен алардын чечимине каршы болгон эмесин".
Сүрөт Пластикалык хирургия десе эле көпчүлүк чет мамлекеттин искусство жылдыздарын элестетишет. Бирок Кыргызстандын медицинасы жана жарандары дагы бул тармактан артта калган эмес. Кандай гана сын-пикирлер айтылбасын пластикалык хирургия учурда адамдын тышкы келбетин өзгөртүүнүн эң негизги ыкмасы болуп келет. Медицина илимдеринин доктору, 30 жылдык тажрыйбасы бар профессор Муса Матеев" Кабар ордо" сайтына кесибинин сырлары, деги эле пластикалык хирургиянын пайдалуу жана терс таасирлери тууралуу кеңири айтып берди.

- Муса Асыпбекович, сиздин пластикалык хирург болуп калууңузга эмне себеп болду? Бул бала кезиңиздеги кыялыңыз беле же башыңыздан өткөргөн сыноолордун негизинде бул кесипти тандап алдыңызбы?

- Чынын айтсам, эмне болуп дарыгер болуп калганымды билбейм. Бала кезимде андай деле кыялым жок болчу. Тескерисинче, бардык балдар сыяктуу эле дарыгерлерден абдан коркчумун. Дарыгерлерди көргөндө кадимкидей качып кетчүмүн. Пластикалык операцияга дуушар болгондой деле эч кандай кемтик жерим жок болчу. Алты саным аман болуп эле чоңойдум. Анан кудайдын маңдайга жазганы экен, минтип дарыгер болуп калдым.

- Дене же бет түзүлүштөрүн өзгөртүүнү каалап кайрылгандардын саны арбынбы?

- Пластикалык хирургия - бул өтө кеңири түшүнүккө ээ. Ал функционалдык жана эстетикалык (косметикалык) болуп бөлүнөт Пластикалык операция десе эле адамдар сурма койдуруу, беттин түзүлүшүн өзгөртүү деп түшүнүшөт. Бирок бул кесиптин андан дагы кеңири тармактары бар. Маселен, тубаса кемтик мүчөлөр менен төрөлгөндөргө, дене мүчөсү күйүп калгандарга, ар кандай онкологиялык шишиктерден улам калып калган кемтиктерди жабууда функционалдык хирургия аркылуу дене-мүчөлөрү калыбына келтирилет. Андан тышкары эстетикалык же косметикалык хирургия деген бар. Бул жерде сулуулук, адамдын тышкы келбети тууралуу сөз болот. Эгерде зарылчылыктан улам келип чыккан операцияларды алсак, албетте андай учурлар абдан көп. Бирок Кыргызстанда мындай операцияга зарыл болгондордун санын бизге кайрылгандардан дагы жогору. Ошондой эле косметикалык операция тууралуу кайрылгандардын саны дагы арбын. Анткен жылдан-жылга жашоонун сапаты жакшырууда.

Сүрөт

(Сүрөттө алгач операцияга чейинки андан соң операциядан кийинки учур чагылдырылган. Бул жерде айымдар мурдун жасатышкан)

- Эгерде косметикалык хирургияны ала турган болсок, кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү эмнелерин өзгөрткүлөрү келет?

- Бизде, деги эле Борбор Азияда көпчүлүк адамдардын көздөрү кичинекей келет. Андыктан кайрылгандардын көпчүлүгү көзүн чоңойтуп, сурма койдурууну каалагандар. Косметикалык хирургияны эки позицияга бөлүп кароого болот. Биринчиси - бул жашартуу. Адамдын жашы өтүүсү менен анын дене-мүчөлөрү дагы карыйт, жаш кезиндеги формасын жоготот. Мына ушундай учурларда келип, беттерин чойдуруп, ооздоруна, кулактарына операция жасатып кетишет. Экинчи позиция- бул бет түзүлүшүн жакшыртуу же сулуулукка ээ болуу. Маселен, кимдир бирөөнүн сурмасы жок, кимдир бирөө кочкор мурун, кимдир бирөөнүн кулагы бир аз делдейип турат, мына ушуга окшогон кемчиликтерин жойдуруу максатында кайрылышат.

Сүрөт

(Сүрөттө алгач операцияга чейинки андан соң операциядан кийинки учур чагылдырылган. Бул жерде айымдар сурма койдурушкан)

- Учурда айымдар сүт бездерин чоңойтуп жатышат. Муну зыяны канчалык деңгээлде? Анан бала эмизүүсү кандай болот?

- Акыркы учурда сүт бездерин чоңойткон учурлар Кыргызстанда көбөйүп бара жатат. Муну дагы азияттардын өзгөчөлүгү деп койсок дагы болот. Анткени абдан көп азия аялдарынын сүт бездери кичинекей болот. Ошондуктан алар аны чоңойтууга барышат. Учурда сүт бездерин чоңойткондон кийин ар кандай жаман ооруларга чалдыгышы мүмкүн деп айтып жүрүшөт. Бирок мен андай пикирди колдобойм. Эгерде андай боло турган болсо, анда АКШда жана Европада аялдардын бардыгы оорулуу болуп калмак. Анткени ал мамлекеттерде ар бир үчүнчү аял сүт бездерин чоңойтот. Андан тышкары мен персоналдык байкоо жүргүзүп көрдүм. Мага сүт безинин мастопатия болуп ооруган бейтаптар дагы кайрылган. Алардын көкүрөктөрүнө операция жасалган соң 3 жылдан кийин мастопатия илдети төмөндөп калганы байкалды. Анткени механикалык басым мастопатиянын өсүүсүн төмөндөтөт. Ал эми бала эмизүү жагына токтолсок, албетте, болот. Анткени төшүн чоңойтуп жатканда биз сүт безине тийбейбиз. Эмизгенден кийин аял жакшылап кам көрсө, ал эмчек формасын дагы жоготпойт. Бул дагы фигура сыяктуу эле кам көрүүнү талап кылат.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   alisha00   03 Февраль 2020 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Ммммм, медицина жаңылыктарынан азыр актуалдуусу "коронавирус" . Ухань шаарында доске окуйт эле, ошолорду Кыргызстанга алып келишсе жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 10:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: