Суперстан: Медицина жаңылыктары! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Медицина жаңылыктары! Медицина илиминдеги, тармагындагы акыркы кызыктуу жаңылыктар барбы?

#1 Пользователь офлайн   dina   12 Март 2014 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Акыркы мезгилде оорулар көбөйүп, оорулуу адамдар ар тараптан айла издеп жүргөн чагы. Илимдин улам өнүгүүсү менен кээ бир бизди ойлонткон дарттарга да дабалар четинен табылып жаткан. Кээде врачтар бир диагноз койсо интернетти казып издеп баштайт эмеспизби, кантип айыкса болор экен деп. Ошондой медицинадагы, ага тийиштүү кызыктуу жаңылыктар, пикирлерди бул жакка калтырыңыздар. Мезгилден артта калбай медицина жаңылыктары менен кабардар болуп туралыСүрөт


Кыстырма: Кыргыз тилинде калтырсаңыздар! Башка тилде башка жактан таап алабыз.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   dina   12 Март 2014 - 17:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Виагра жүрөктү айыктырат

Виагра – дал ушул эркектин бел кубатын жогорулатуучу дары Англиянын Ньюпорт шаарында жашаган он айлык наристеге жардам берүүдө.
Серис Смолл (кичине наристенин аты) жарык дүйнөгө бир нече майыптык менен төрөлгөн. Наристенин уйку бези тубаса жок жана да эң коркунучтуусу, кандын жүрүшүн жөнгө салган жүрөктүн сол бөлүгү толугу менен аракеттенбейт. Кичинекей наристенин жүрөгү толук күч кубатында иштебегендиктен веналык кан айлануусу абдан жай болуп, кан көмүр кислотасы менен өтө тез толуп, кыздын денеси көк түскө ээ болууда.
Виаграны кабыл алуу кыздын жүрөгүнүн иштешин жөнгө салууда. Дарынын негизги компоненти болуп саналган силденафил жүрөктүн иштешине оң таасирин тийгизүүдө. Виагра дарысы алгач жүрөк-кан тамырлар системасынын ооруларын айыктыруу үчүн ойлонуп табылганы көпчүлүктүн баардыгы эле биле бербейт. Кийин кокустуктан эркектердин бел кубатын жогорулата тургандыгы аныкталган.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Март 2014 - 17:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргызстандын атайын тизмегине кирген,
элдик пайдалануудагы бардык азык-түлүктөр
жана товарлар санитардык- гигиеналык жана
лабораториялык көзөмөлдөн өтүшөт. Бул
тууралуу Ооруларга профилактика жүргүзүү
жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин
башкы директору Төлө Исаков билдирди.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Март 2014 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

КР. Саламаттык сактоо министрлигинин
Республикалык карантин жана өзгөчө коркунч
туудуручу жугуштулук борборунун директору
Джалалидин Гайбулин республикада
бурцеллиез оорусу дээрлик басаңдаганын
билдирди.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   dina   12 Март 2014 - 18:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жаңы муундагы жасалма мүчөлөрдү мээнин сигналы менен кыймылдатса болот. Чикаголук Клаудия Митчелл азыр дал ошондой протезге ээ болду.
Клаудия мындан 3 жылча мурун жол кырсыгына учурап, сол колунан ажыраган. Ага азыр дагы 5 киши менен кошо жаңы компьютерлешкен протез коюлду. Дарыгерлер анын мээсиндеги нерв тамырларын электроддор менен байланыштырышкан. Ошол электроддордун жардамы менен мээнин сигналы жасалма колго жеткирилип турат.
Бионикалык протезди Чикагодогу Реабилитация институтунун кызматкерлери иштеп чыгышкан. Тодд Кайкен институттун инженердик борборун жетектейт.

-Ал колун Клаудия жашылча жемиш, этти туураганда, сүлгү, кийим кечелерин бүктөп жыйнаганда эркин эле колдоно алат.

Көпчүлүк жасалма мүчөлөр менен бир нерсени ачып-жабуу, чыканагын бүгүү
өңдүү жөнөкөй кыймыл-аракеттерди эле аткарса болот. Жаңы муундагы жабдыктарда болсо электроддор колдонот. Митчеллдин мисалын алсак, хирургтар анын колу менен байланыштырып жүргөн нервтерин төшүнө туташтырышты. Албетте мындай технология арзан болбойт. Компьютерлешкен жасалма колдун баасы 40-80 миң доллар турушу мүмкүн.
Анын үстүнө аны улам текшерүүдөн өткөрүп туруу керек дешет.

Ушул жаңылык мени кубантты, анткени биз жардам берип, кайрымдуулук кылып жургөн Самат аттуу жигит да ушундай жардамга муктаж экени эсибизде.

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   12 Март 2014 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Мм виаграны мен эркектедин бел кубатын күчөтү үчүн эле колдонот экен десе көрсө жүрөктү да зыңкыйтат турбайбы.

Билдирүүнү түзөткөн: MEDER_KULETOV: 12 Март 2014 - 18:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Март 2014 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кытайдын Фучжоу шаарында жашаган 22 жаштагы Сяолян аттуу жигит, 2013-жылы автокатастрофага кабылып, мурдунан оор жарат алган. Бирок врачтарга кайрылбай, оз алдынча дарыланып журо берген, натыйжада жанагы оорусу кучоп кеткендиктен, айласыз врачтарга кайрылат.
Врачтар анын мурдун мурункудай калыпка сала албай коюшкандыктан, жаны мурун остуруп, эски мурундун ордуна салууну чечишет.
Жаны мурунду анын озунун эле бешенесине остурушкон, натыйжада алар озу каалаган мурунга ээ болушуп, пластикалык жол менен аны жигиттин эски мурдунун ордуна салышкан. Операция ийгиликтуу откон.Прикрепленное изображение: 9e771eb49930200fe67c49bee0daef3e.jpgjpg]
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   dina   14 Март 2014 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Көз жасоону өздөштүрдү

Лондондун Moorfields Eye ооруканасынын дарыгерлери клиникалык текшерүүгө расмий уруксат алгандыгы белгилүү болду, мында окумуштуулар адамдын эмбрионалдык ствол клеткаларын пайдаланышкан. Бул экспериментке айыккыс штутгарт оорусуна чалдыккан 12 оорулуу катышкан. Бул ооруу 10 миң адамдын биринен кездешкен. Адам акырындык менен борбордук көрүүнү жоготот, перифериялык көрүү начарлайт.

Сыноо жаңы методиканын коопсуз экендигин тестирлөө үчүн жүргүзүлөт. Анын мазмуну көздүн эң ички кабатына адамдын ствол клеткаларынан алынган эпителийдин пигменттик клеткаларын киргизүүдө турат.
Жаңы экспермент англис дарыгерлери менен ооруулууларды ствол клеткалары менен дарылоодо зор тажрыйбага ээ америкалык Advanced Cell Techologу фирмасынын ортосунда жүргүзүлөт. Университеттин өкүлдөрү эксперимент регенеративдик медицинанын өнүгүп жаткандыгын дагы бир ирет далилдейт деп эсептешет.

Азиздикти дарылоо үчүн ствол клеткаларын пайдалануунун зарылдык идеясы профессор Крис Мейсон тарабынан колдоого алынган. Ал сыноону жүргүзүүнүн маанилүү фактору болуп жаңы технологиялар жана анын коопсуз эместиги жөнүндө маалыматтарды топтоо деп белгилейт.

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   saltanat.   16 Март 2014 - 12:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Бишкекте “Биз тамекисиз жашоону тандайбыз! ” аттуу акция өттү.

Баткен облусунда 1 адам кутурма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды

Бишкекте “Эркектердин урологиялык саламаттыгынын жумалыгы” акциясы аяктады. “Эркектердин урологиялык саламаттыгынын жумалыгы” акциясынын 3-күнүндө 1027 адам текшерилди.

Бишкекте жугуштуу ооруларга чалдыгуу кыскарды.

7-февралда Панфилов райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна флюорографиялык аппарат тапшырылды.

2013-жылы Кыргызстанда 410 адам тамактан ууланган.

Кыргызстанда жыл сайын кеткен дарыгерлердин саны кыскарууда.

Кыргызстандын түштүгүндө онкологиялык бейтаптар стигматизацияга көбүрөөк дуушар болушат.

Кыргызстанда жыл сайын 3 миң онкологиялык оорулуу каза болот.

Кыргызстанда рак менен ооругандар жардам сурап адистерге эмес, бакшыларга кайрылышат.

Премьер-министр саламаттыкты сактоо тармагында оңдуу жылыштар болбой жаткандыгын билдирди.

Жогорку Кеңеш М.Миррахимов атындагы сыйлыкты уюштурууну колдоого алган жок.

ММКФ 85 тез жардам автомашинасын сатып алды.
Алайда лапароскоп ыкмасы менен өткө операция жасалды.

Ысык-Көл облусунда 11 айда А вирустук гепатити менен 1739 адам ооруган.

Япония Кочкор аймактык ооруканасына меджабдууларды берет.

Премьер- министр КРнын “Ден соолук-2020” Улуттук стратегиясын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ролун белгиледи.

Кыргызстанда тукумсуздук менен жапа чеккен адамдардын саны жылдан жылга өсүүдө.

29-ноябрда Ноокат районунда СПИДге каршы күрөшүүгө карата акция болуп өттү

Жалал-Абадда ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө

Кыргызстанда 250дөн ашык бала диабет менен ооруйт. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнү белгиленет

Кыргызстанда 2013-жылдын 9 айында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 29,9%га кыскарган.

Панфилов районундагы Вознесеновка айылында ууланган 25 окуучунун абалы канааттандырарлык жана кооптонууну жаратпайт


Билдирүүнү түзөткөн: dina: 17 Март 2014 - 10:39

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kanat4ik   20 Март 2014 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

КУЛАГЫ УКПАГАНДАРГА ЖАНЫ МУМКУНЧУЛУК!
Республикалык эне менен баланы
коргоо улуттук борборунда 28-
февралда Польшадан келген эл
аралык угуу жана сүйлөө борборунун
“Мединкус” тобунун алдыңкы медицина
кызматкерлеринин катышуусунда конференция өттү. Аталган чогулушта лор патологиянын
негизги көйгөйлөрү жана деги эле
кереңдик патологиясы боюнча маселе
коюлуп, Польшадан келген адистер
кыргыз коллегаларына бул жааттагы
тажрыйбалары менен бөлүшүп, докладдар окулду. Конференциянын
жүрүшүндө кыргызстандык кичинекей
кыздын Варшавага барып дарыланып
келгени туурасында чакан тасма
көрсөтүлдү. Айлана-чөйрөнү көрүү
сезими менен гана тааныган кыз жарым жылдан соң кээ бир добуштарды
чыгарып, үндөрдү кайталап, “апа”
деген сыяктуу биринчи сөздөрдү айта
баштаган. “Албетте бул өтө кыска
убакыт, бирок ошондой болсо дагы
жакшы жыйынтыктарды көрүп жатабыз”,-дейт польшалык адис. Польшалык медицина кызматкерлери
белгилегендей, керендикти алдын алуу
үчүн калкка түшүндүрүү иштерин
жүргүзүп, бат-баттан текшерүүдөн өтүп
туруу керек. Анткени көп адамдар бул
ооруга чалдыгып бара жатышканын байкабай эле жүрө беришет. Эне жана баланы коргоо улуттук
борборунун директору Камчыбек
Аскарбековичтин айтымында, бул
конференция кыргызстандык адистер
үчүн абдан пайдалуу болуп, жакшы
тажрыйба алмашуу болду. “Польшалык коллегалардын дарылоо ыкмасы абдан
жакшы экен. Алар жаңы төрөлгөн
балдардан баштап мектеп
курагындагыларга чейин изилдөөлөрдү
жүргүзүп турушат. Кулагы начар
уккандарга атайын калыптандыруучу программалары бар. Мына ушул
системаны Кыргызстанга да киргизели
деп жатабыз”,-деп ой бөлүштү.
Камчыбек мырза белгилегендей, керең
болуп төрөлгөндөргө же кийинчерээк
такыр укпай калгандарды Польшада атайын имплантанттарды колдонуу
жолу менен дарылашып, аларды
кадимки дени сак адамдардын
катарына кошушат. Ал эми
Кыргызстанда андай имплантанттарды
сатып алганга каражат жетпейт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kanat4ik   20 Март 2014 - 12:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Окумуштуулар эми адам өпкөлөрүн
өстүрө башташты.
Техас штатынын окумуштуулары лаборотория шартында адамдардын өпкөлөрүн жасап чыгышты. Эксперимент үчүн кайсы бир кырсыктан өлүп калган жаш балдардын бузулган өпкөлөрү колдонулган. Доктурлар өпкөнүн скелетин гана калтырышып, иштетип башташкан. Кийинчерээк ал атайын кошулмага жайгаштырылган. Окумуштуулар бир айдан кийин өпкөнүн клеткалары көбөйүп, чон адамдын өпкөсүнүн чоңдугуна чейин өскөндүгүн байкашкан. Алар жасалма өпкөлөр чыныгы өпкөлөргө абдан окшош болгондугун белгилешет. Алардын келечектеги планы- жасалма өпкөлөрдү чочколордун организминде байкап көрүү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kanat4ik   20 Март 2014 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чылымды өтө көп чеккен аялдар
Кыргызстандын кайсыл жеринде?

Соңку медико-демографиялык
изилдөөгө таянсак, чылымды көп
чеккен аялдар Бишкекте, андан
кийинкилери Чүй облусунда, Ош
шаарында, Талас облусунда, Жалал-
Абад облусунда көп катталган. Бир гана Нарын облусунда сурамжылоого
катышкан аялдардын арасында чылым
чеккендер катталган эмес. Жалпысынан 15-49 жаш аралыгындагы
аялдардын 3 пайызы учурда чылым
чегишерин, ал эми бир пайыздан
азырагы тамекинин башка түрлөрүн
колдонушарын айтышкан.
Сурамжылоого катышкан биздеги кээ бир аялдар салтка ылайык келбегени
үчүн чылым чегишеери тууралуу
тартынып ачык жооп бербөөсү толук
мүмкүн. Шаардык чылым чеккен
аялдардын деңгээли (5%)айылда
жашагандарга (1%) караганда көбүрөөк болуп чыккан. 20-24 жана 45-49 жаш
курактагылардын чылым чегүү
ыктымалдуулугу башка жаш
курактагыларга караганда көбүрөөк.
Жогорку билимдүү айымдар (5%)билим
деңгээли төмөн айымдарга (1-2%) караганда чылым чегүүгө көбүрөөк
ыкташат. Жакыр үй-бүлөлүү
айымдардын чылым чегүү деңгээли
жашоо-шарты абдан жакшы айымдарга
салыштырмалуу 1%дан азыраак. Ал
эми жашоо шарты абдан жакшы болгон айымдарда 6%. Чылым чеккен
айымдар арасында 18%ы бир күндө 6-9
даана чылым чексе, 41%ы 10даана же
андан да ашык чылым чегишет. Чылым
чеккен аялдар калктын канча бир
пайызын түзүшү мүмкүн, бирок андан дагы көп сандагы аялдар өзүлөрү
чекпесе да тамекинин түтүнүнөн ден
соолугуна зыян алып турушат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Июнь 2014 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

The Daily Telegraph гезитинин жазып чыгуусу боюнча, Англиянын Гарвард институту ойчулдары инфарктты алдын алуучу вакцинаны ойлоп табышты.
Изилдоочулордун аныктоосу боюнча бул вакцина 10 жылдардан кийин кенири колдонула баштайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Mediziner   07 Июнь 2015 - 00:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кыргызстанда дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү зарыл. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы көтөрүп жатат. Аталган фракциянын жыйынында өлкө жарандарын сапаттуу, арзан жана эффективдүү дары-дармектер менен камсыз кылуу приоритеттүү (маанилүү) экендигин белгиленди.

Дары- дармек рыногу күн санап өлкө жарандарынын ишеничинен чыгууда. Дары-дармекти сатуу пункттарындагы баалардын кескин айырмаланышы, дарылардын сапатынын төмөндүгү, өлкө тарабынан бул рыноктогу көзөмөлдүн начардыгы мындай жагдайга түрткү болууда.

Буга чейин КСДП фракциясынын жыйынында дары-дармек рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча талкуу болуп, эл өкүлдөрү медициналык жабдыктардын, дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү керек экендигин белгилешкен.

Ошондой эле учурдагы мыйзамга толуктоолор киргизилип, дары-дармек пункттарын текшерүү бир жылда бир эмес, учурдагы шартка ылайык өтүүсү жана аларды текшерүү тууралуу алдын ала маалымат берүү тажрыйбасын токтотуу керектигине токтолушкан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, адистердин эсеби боюнча өлкөгө жылына 100 миллиард сомдук медициналык жабдыктар жана дары-дармектер импорттолот. Бирок, бажы кызматынын маалыматы боюнча импорттолгон товардын көлөмү 10 миллиардды гана түзөт. Мындайча айтканда, учурда өлкө бул рыноктун 10%ын гана көзөмөлдөөдө.

Эгерде дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасы түзүлө турган болсо, жарандар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Алсак, ар бир жаран база аркылуу өлкөнүн дары-дармек рыногунан кабардар болуп, аларга болгон баалар менен түздөн-түз тааныша алат.

Мындай база учурда өнүккөн өлкөлөрдө, коңшу Казакстанда, Түркияда ишке кирген. Ошондон улам Түркия тараптын адистери Кыргызстандагы мындай базаны түзүү боюнча кенеш берүүгө даяр экенин билдиришкен.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   medina.   07 Июнь 2015 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Ушул маалыматтарды кайсы бир сайттардан кочуруп аласыздарбы же,созмо-соз которуп чыгасыздарбы?
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

КЫРГЫЗСТАНДА МАЙЫП КИШИЛЕРДИН САНЫ ӨСҮП ЖАТАТ
СүрөтБул тууралуу “Майыптарга юридикалык көмөк көрсөтүү” уюмунун жетекчиси Толкунбек Исаков Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып, билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы расмий эсепте 160 миңдей майып болсо, учурда 162 миң киши каттоодон өттү. Алардын 30 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер. Исаковдун айтымында, көрсөткүч мындан эки-үч эсе көп болушу да ыктымал. Анткени көп жарандар медициналык кароодон өтпөй жүрөт.



- Глобалдык статистика боюнча дүйнө элинин 15% майып кишилер түзөт. АКШда калктын 21% майыптар. Кыргызстандагы көрсөткүч 3-4% гана болууда. Ошондуктан бул сан реалдуулукка анча жакын эмес,- дейт Толкунбек Исаков.




Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:37

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

КОРЕЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАРАН: MERS ВИРУСУНАН КООПТОНУП ЖАШАП ЖАТАБЫЗ
СүрөтВирустун очогу Тоңгидо провинциясы болуп, ооругандар ошол аймактан чыгып жатат. Өлкөдө массалык маалымат каражаттарында оору жана андан сактануу туурасында маалыматтар байма-айтылууда деди Азима Акунова.



Түштүк Кореядагы жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктардын арасында аталган өлкөдө жайылып жаткан MERS вирусун жугузуп алгандар жок. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.



Учурда Түштүк Кореяда жашоого кооптуу жакынкы чыгыш респиратордук синдром коронавирус (БВРС-КоВ/MERS) жуктуруп алган адамдардын саны дүйшөмбү күндөгү маалымат боюнча отуздан ашты. Бул күнү аталган вирустан эки адам көз жумду. Ал эми карантинге алынгандардын саны 1300гө чукулдап калды.



Кореянын Кимпо шаарында жашап жаткан Азима Акунова учурда өлкөдө алдын алуу, сактануу эрежелерин сактап, бет кап кийип жүрүшкөндүгүн айтты.



"Вирустун очогу Тоңгидо провинциясы болуп, ооругандар ошол аймактан чыгып жатат. Өлкөдө массалык маалымат каражаттарында оору жана андан сактануу туурасында маалыматтар байма-айтылууда. Иштегендер, көчөгө чыккандар бет кап кийип жүрүшөт. Албетте, анан эл чогулган жерлерге аз барганга аракет кылып жатабыз. Учурда көптөгөн мектептерде окуу токтотулду ", — деди Акунова.



Вирус сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу жугат. Дартка кабылгандар дене табы ысып, жөтөлүп, күйүгөт, бирок бул белгилер вирустун белгилери экени так аныктала элек. Учурда коронавируска каршы вакцина жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:39

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ЖАЗЫНДА КЕНЕДЕН САКТАНУУ ЗАРЫЛ
СүрөтЖаз келип чөптөр жашылданган учурда тоолордо чөптөрдүн арасында кене пайда болот. Кене бул кан аркылуу жугуучу ооруларды алып жүрүүчү болуп эсептелет. Кенелер 1 метр бийиктикке чейин өсүмдүктөр аркылуу чыгышып, өтүп бара жаткан адамга жабышып кан сорот. Кенелер күндүз, караңгыда, жаанда жабышууга ыңгайланышкан. Тактап айтканда, дененин ар кандай бөлүктөрүнө моюнга, дененин түктүү бөлүктөрүнө, адамдын башына жабышууга аракет кылат. Эгерде адамды вирусту алып жүргөн кене чаккан болсо, 7-14 күндүн ичинде ар кандай оорулар пайда болот. Баш ооруп, температура жогорулап, адамдын кускусун келтирет. Алгач кене чакканда 1-2 күнгө чейин байкалбагандыктан билбей жүрө берип, 2 күндөн кийин ооруксунтуп баштайт.



Андыктан эс алып тоого чыгар алдында атайын даярдыктарды көрүп, бат-баттан кийимдерди алмаштырып, дененин кызарган жерлерин байкап туруу зарыл. Учурда дарыканаларда атайын кенеге колдонулуучу сүйкөй турган мазьдарды колдонууга болот. Кене денеге жабышып кала турган болсо башын өзүнчө үзүп албай кылдаттык менен алып чыгуу зарыл. Мындан сырткары, денеге жабышкан кенени сыгууга, үстүнөн басууга болбойт. Себеби кене жарылып кете турган болсо тескерисинче, вирустун баары адамдын денесине тарайт.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:41

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Т. САРИЕВ: "КЫРГЫЗСТАНДА “ЖАСАЛМА БӨЙРӨК” БОРБОРЛОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ ЗАРЫЛ"

Өкмөт башчы Темир Сариев Саламаттык сактоо министрине өлкөдөгү медициналык тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди. Премьер-министр гемодиализди такай алып турууга муктаж жарандар көйгөйүнө көңүл буруп, Кыргызстанда “жасалма бөйрөк” борборлорун өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мезгилсиз кайтыш болгондордун санынын жогорулоосу, жүрөк кан-тамыр жана онкологиялык оорулардын санынын арбып жаткандыгы менен байланыштуу.

Өкмөт башы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен болгон жума күндөгү жолугушууда, коңшу өлкөлөргө иш издеп кеткен мигранттар арасында да, ден-соолукту сактоо маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:44

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ТУУРА ЭМЕС ДАРЫ-ДАРМЕК КОЛДОНУУДАН, АЛЛЕРГИЯГА КАБЫЛГАНДАР КӨП
СүрөтЖаз жана жай мезгили келери менен эле жыттарга, чаңдарга чүчкүрүп, организмде ар кандай өзгөрүүлөр болот эмеспи. Бүгүнкү уктуруубузда аллергия оорусунун түрлөрү жана дарылоо жолдору тууралуу аллерголог жана өпкө ооруларынын дарыгери Бермет Эстебесова менен маек курдук.



- Алгач аллергия деген эмне ошого токтолуп кетсеңиз?



- Аллергия – бул организмдин сезгенүүсү. Учурда өтө көп кездешүүчү оору болуп саналат. Аллергия организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга - аллергендерге болгон адамдын организминин дүүлүгүсү. Аллергиялык оорулар бронх астмасы, поллиноз, дерматиттер, дарылардан жана тамак-аштан пайда болот. Булардын келип чыгуусуна антибиотиктерди, дары-дармектерди көп пайдалануу, өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргечтердин жана башка турмуш-тиричиликке керектүү химиялык заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй химиялык заттардан тартып, эң татаал белоктор, полисахариддер ж.б. бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен экзогендик жана огранизмдин ичинде пайда болгон эндогендик аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, тамак-аш жана инфекциялуу бактериялар, вирустар, козу карындар болуп айырмаланышат. Экзогендик - бул биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, вирустар, козу карындар, мителер кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды аллергендер коштойт. Ал эми дары-дармектер, мисалы кодеин, аспирин, новокаин ж.б. кээ бир дарылар аллергиялык кабылдоого арбын чалдыктырат. Ошондой эле турмуш-тиричилик аллергендерине чаң, нымдуу үйдөгү козу карындар, курт-кумурскалар, таракан, жүн жана башка кирет. Акыркы мезгилде турмуш-тиричилик химиясына, кир кетирүүчү каражаттарга аллергиялык реакция көп учурайт. Бул аллергендер дем алуу жолдорунун аллергиялык оорусун, бронх астмасын жана мурун бүтүү оорусун пайда кылат.



- Адис катары кеңешиңиз.



- Эгерде аллергиянын кандайдыр бир түрү байкалган болсо, алгач адиске кайрылыш керек. Өз алдынча дарылануу күчөп, өлүмгө алып келет. Сөзсүз түрдө тажрыйбалуу аллерголог адисине кайрылуу зарыл. Себеби, айрым адистер туура эмес дарылайт. Учурда ашыкча дары-дармектерди жазып берүү деген көбөйгөн. Мындан улам организмде реакция жүрүп, аллергиянын оор түрүнө кабылат. Ошондой эле кайсыл тамактан аллергия болсо, аны жебеш керек. Тамеки тартуу дагы аллергияга алып келүүнүн себеби болот. Ошондуктан ата-энелерге айтат элем, балдарынын жанында олтуруп тамеки тартпасын деп, себеби 70 пайызын бала алат. Изилдөөлөргө ылайык, тамекинин ичинде 4 миң зыяндуу зат бар. Ата-энелерге балдардын жанында тамеки тартпагыла деп кайрылат элем.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:50

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 00:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: