Биринчи куну эстей албайтаам,Экинчи куну барбайм деп чырылдап ыйлаганымы эстейм алдап зорго апарсада ыйлап зорго конгом учтон отургузуп коет элеее
1-класска барган күнүңүздү эстеңиз
#122 02 Сентябрь 2017 - 14:56
Ата-энем алып берген костюм шымды кийип барып,эжекенин айткан создорун угуп келе бергем.Жакшы эстей албай жатам..
Буйурса,баары жакшы болот!
#123 02 Сентябрь 2017 - 15:17
Биринчи класска барганым эсимде жок..
Байкемдин 1-сентябрда барганы кинолентадай көз алдыма тартыла берет..
Биринчи класстын баарын класстык бөлмөгө киргизип, баарын парталарга отургузуп коюп, ата-энелер карап турушкан, апамдын жанында мен да бармын..
Менин байкем менен кошуна байке да биринчи класска кирип жаткан..
Ошол кошуна байке "мен окубаааайм" деп токтоно албай ыйлаганы эсимде..

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#124 02 Сентябрь 2017 - 15:20
Жашым жете элек болчу чон апамдын неберси жана анын апасы менен бирге ээрчишип кетип калганмын.Ошол озум барганмын 1-класска.
#125 02 Сентябрь 2017 - 16:28
Ал кунум эсимде
Эрте менен ойгонсом вещилкада аппак койнок менен соонун парпырак юбка, жанында кичинекей рюкзак сумка, абадокто эки чоон бантик тагылган турат. Буларды коруп суйунгонумду айтбай эле коеюн
(апам буларды мага корсотбой сатып алып койгон экен)
Апам экообуз жетелешип мектепке барганбыз, короодогу гулдордон букет жасап. Анан ал гулдорду эч кимге бербей кармап журуп кетээрге жакын биринчи мугалимиме бергем. Азыркыга чейин ойлоном ошондо ошол букетти барганда эле эжекеге берип койсом болбойт беле деп...

#126 04 Сентябрь 2017 - 07:41
Эстедим, элестетип баштадым, ал кезде мен мектепке барчу жолду билчуу эмесмин, болом алып барчуу, ошол куну да болом алып барса кк эле, бир маалда эле отурам мен тендуулор менен, мен озу ушулар менен окуймбу, же адашып кирип алдымбы деп ичимден ойлонуп аркы беркилерди карап коюп, эжей болсо болуп жатса кк эле бизди, ким "а"класска ким "б" класска окушуна. Линейка болчу жерде, эжейибиз жолук таштатып ойнотуп жатканы да эсимде..
#127 18 Сентябрь 2017 - 17:59
Элестетип жыргаап күлүп атам✔. Эжемдин кызы экөөбүз эгиз козудай ээрчишип барганбыз. Менин да, анын да чачыбыз узун болгондуктан,
чачын кырып салган кыздарды көрүп, жаман күлгөнбүз го.)) Бүтүрүүчү класс болгонубуз менен азыр деле жетелешип жүрөбүз. Көргөндөр бизди эгиз деп ойлошот экен...
#128 18 Сентябрь 2017 - 19:59
Мен 1-класска барганымда ха ха болгон.Сабак бутуп бизге эжеке бул эмне деп платочканы корсотту эле мен майлык дегем,ата-энелердин баардыгы кулуп жыргап калышкан, ошол кун эч эсимден кетпейт.
#129 18 Сентябрь 2017 - 20:24
Мен биринчи класска орус мектептин Кыргыз классына баргам. Окуу башталарга бир ай калганда эжем экобуз мектепке жазылып, ошо жерден эки эжеке азбука деген китепти ачтырып суроттогулордун айтырганда барысын туура айтып, "орус класска киресинби же кыргызбы?"
дегенде Кыргыз десем, эжем орус класска жазыл дегенде кок беттенип Кыргыз деп туруп алгам, ошентип Кыргыз класста окуп калгам.) Эстесем бизди 1-сентябрга чейин эле болуп коюптур. Ошондо аябай толкунданып саат танкы 7:30 барып жазылууга 9:30 кириптирбиз.
#130 18 Сентябрь 2017 - 20:24
Мени 1-класска атам алып барган элдердин коптугунон кыйналып башым тегеренгени эсимде анан эжеке баш канча бурчту десе тегеректи айта албай ар ким ар кандай жооп берген мен болсо уч бурчтук дегем
#131 18 Сентябрь 2017 - 20:29
Директор отурган кабинете киргенбиз,ата энелер балдарын жетелеп.Эжей агайлар отурат,балдар кыздарды баарын жаныбарлардын орусчасын сурап атат.Мени уйдо акем уйротуп жиберген эле,баарын айтып берип атып атты эмне дейт дегенде билбей калып,апам отурган жакты карап апа атты эмне дейт эле деп сураганым эч эсимден кетбейт.Уйго барып чуркап атамын алдына отуруп.оттунбу орус класска десе апам кулуп бунун билбей калып менден сурап атат деп кулушкон кундор эсимден.кайтып келсе Гана Ошо кундор сонун кундор.
Билдирүүнү түзөткөн: mirana9395: 18 Сентябрь 2017 - 20:30
#132 18 Сентябрь 2017 - 20:31
Мектеп алыс болгондуктан мурун коргон эмесбиз анан жол боюнда эки этаж чон болуп салынган уйго Усон экообуз жарышып чуркап барсак апакем кулуп чакыртып алган бул мектеп эмес деп азыр ошол уйду корсом эстеп жылмайып коем.
#133 18 Сентябрь 2017 - 23:33
Эээххх....балалык кездер, кандай сонун убак.
Биринчи класска 1-сентябрь куну мектепке атамдын эжеси ээрчитип барган эле.
Салтанаттуу линейка аяктагандан кийин, катар тизилип класска кирип парталарга олтурган элек. Арканкы орундуктарга ата энелерибиз олтурган. Негедир ошол куну мен учун эжеке аябай узак суйлөгөндөй сезилген, жадап кеңири жүргөн жаным класстан качып чыккым келген.Бир убакта айнекти карасам эле биздин үйдө өскөн гүл турат, көрө сала эле аркамдагы эжеме ""биздин гул ""деп кыйкырганым так эсимде. Үйгө келгенде эжем өллө урушуп, мектепте унчукпаган мн апам болсо окууга жөнөтпөйм мындай болсоң деп урушушкан эле.
Көрсө ал гүлдү кошунамын менден бир класс жогору окууган баласына,апасы апаман сурап алып барган кербездерикен. )

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#135 19 Сентябрь 2017 - 01:05
Мен эсимде биринчи сентябрь апам алып барган анан эртеси озун бара бер деген ыйлап барбайм деп тополон салганмын бирок акыры алдап жиберген ошол боюнча мектепти буткучо барбайм деп бутуп кеттимго))
#137 20 Сентябрь 2017 - 12:30
Жайындасы Уйдо жургондо эжеке келип окууга киргизесинерби дегенде эжем Бул Али 6 га Дагы чыгалек барбайт Эмки жылы беребиз Деп кетиривирген,
2-3 кундон кийин мектептин жанынан торпок айдап келайтсам эжеке бас депле Алып кирип окуучуларга кошкон а-б класска Болуп б-класска окуучу жетпей мени кошуп алыптырле. 1-сентябрь куну баары майрамга кетишкен мен майрам кором Деп барсам эжеке сен не форман жок Деп класска кошуп Алып кирген баарында Жаны кийимдер сумкалары бар,мен форманы деле билбей сумка табыш керек экен Деп Уйго келип тамдын башындагы атамдын эски портфелин таап чыгып ичинде эчтеке жок эртеси которуп баргам,апам коруп кызым окууга кызыгат Экен Окуп корсун Деп ошол куну базарга Алып барып баарын Алып Берген ошентип окуп калгам. Мени кичине Деп шылдындашпасын Деп аракет кылып класста эн Жакшы окуган окуучу болгом)))
#138 21 Сентябрь 2017 - 00:35
Мен мектепке баргыча эле тамга таанып , атымды жазып, муундап окуйт болчум, окуу ачылышына 10кун калганда чонапам ээрчитип барган озу биринчи классты алмак экен, ошентип окуу ачылгыча кундо мектепке барып жоолук таштамай, мышык-чычкан , ак-терек кок-терек ойнойт элек, окуу ачылышына 1 -2 Кун калганда "А" класс "Б"класска болуп мен башка эжекеге тушуп калгам, 1-сентябрда Апам уйдун алдындагы гулдордон букет жасап берип экообуз барганбыз, кийин 10кундон кийин чонапам классыма кирип менин кызымы бер мен озум окутам деп алып кетип калган, ошентип "А" класстан "Б"класска отуп калгам
#139 21 Сентябрь 2017 - 15:46
Мен 1-класска барганда камдкидей эле кун болгон садикте бирге окуган досторум жаны келгендер деле жок экен
Главное - верить в себя. Мнение окружающих меняется ежедневно.
<
<
#140 21 Сентябрь 2017 - 18:41
Менин бир туугандарым Аймээрим деген кызга жамай беришчу. Анан короодогу роза гүлдөрдөн 5-6 ны беришти ошол кызга бер деп. Анан уялып ал гүлдү бере албай ыргытып салып баса бергемин.