Суперстан: 1-класска барган күнүңүздү эстеңиз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Эркин тема
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (8 бет)

• « 1

• 2
• 3
• 4
• 5
• 6

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

1-класска барган күнүңүздү эстеңиз

#61 Пользователь офлайн   demo009   19 Сентябрь 2014 - 02:24

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 242
• Катталган: 14 Апрель 14
• Соңку аракети: 17 Май 2023 23:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ош-Москва

Туура эмес жайга ачып алсам,таламай жок
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   MACKA   19 Сентябрь 2014 - 10:48

• Супер-активист
• PipPipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 3 414
• Катталган: 10 Июнь 14
• Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
• Жынысы:Белгисиз

1-сентябрь! Сүрөт Эсимде... Таң атпай туруп алып, "Ай бүгүн сумкасы жок эле бар, бүгүн окубайсыңар деле" дегенине карабай, жаңы сумкага мурунку күнү алып берген бооолгон нерселердин баарын тыгып алып, мектепти көздөй жөнөгөм. Чоң атамдын кызы, эжем үчөөбүз! Анан да баары аппак фартук, мен элден бөтөнчө кара фартук! "1-сентябрьда аппак кийинип барыш керек! Мектепке киргизбей коёт, чеч алдагыны! " - деп апамдын безилдегенине карабай, эжемдин кара фартугун кийип алгам, кыйын болуп... Тырышып чечпейм, такккыр! Жолдо келе жатып, чоң атамдын кызы экөөбүз ант "ичип" келеатабыз, "экөөбүз бир класска киребиз!" - деп. Сүрөт Балээниби! "А" класс, "Б" класс деп бөлүштүрүп баштаганда экөөбүздү эки жакка бөлүп кетишти! Көрсө үйдөгүлөр экөөбүздүн тагдырыбызды кап-качан эле "чечип" коюшуптур! "Экөө бир класста окушса, биринин жүнүн бири тытып жешет, бөлүп салалы!" - деп эки башка класска жаздырып коюшуптур. Биз кайдан билели...
Жаңы класска кирип алып, жакшы кургай элек красканын жытына окшуп, аябай кузгам! Сүрөт Калганын айтпай эле коёюн, бооруңарды тытып жатып каласыңар. Сүрөт
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   MACKA   19 Сентябрь 2014 - 10:55

• Супер-активист
• PipPipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 3 414
• Катталган: 10 Июнь 14
• Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
• Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения demo009 (19 Сентябрь 2014 - 02:24) жазган:

Туура эмес жайга ачып алсам,таламай жок

Ооба, туура эмес жайга ачып коюпсуң, эркин темага ачышың керек болчу... Таң калганым, сени эч ким таламайга алышпаптыр, тема таза боюнча туруптур. Оңолуп баратат окшойбуз... Сүрөт Көз тийбесин... тфу-тфу!

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 19 Сентябрь 2014 - 10:58

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Dadin1   19 Сентябрь 2014 - 11:12

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 1 262
• Катталган: 30 Июнь 14
• Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения MACKA (19 Сентябрь 2014 - 10:48) жазган:

1-сентябрь! Сүрөт Эсимде... Таң атпай туруп алып, "Ай бүгүн сумкасы жок эле бар, бүгүн окубайсыңар деле" дегенине карабай, жаңы сумкага мурунку күнү алып берген бооолгон нерселердин баарын тыгып алып, мектепти көздөй жөнөгөм. Чоң атамдын кызы, эжем үчөөбүз! Анан да баары аппак фартук, мен элден бөтөнчө кара фартук! "1-сентябрьда аппак кийинип барыш керек! Мектепке киргизбей коёт, чеч алдагыны! " - деп апамдын безилдегенине карабай, эжемдин кара фартугун кийип алгам, кыйын болуп... Тырышып чечпейм, такккыр! Жолдо келе жатып, чоң атамдын кызы экөөбүз ант "ичип" келеатабыз, "экөөбүз бир класска киребиз!" - деп. Сүрөт Балээниби! "А" класс, "Б" класс деп бөлүштүрүп баштаганда экөөбүздү эки жакка бөлүп кетишти! Көрсө үйдөгүлөр экөөбүздүн тагдырыбызды кап-качан эле "чечип" коюшуптур! "Экөө бир класста окушса, биринин жүнүн бири тытып жешет, бөлүп салалы!" - деп эки башка класска жаздырып коюшуптур. Биз кайдан билели...
Жаңы класска кирип алып, жакшы кургай элек красканын жытына окшуп, аябай кузгам! Сүрөт Калганын айтпай эле коёюн, бооруңарды тытып жатып каласыңар. Сүрөт

Ушунча болуп калды эми жазып койо бериниз боорду бир тытып каткырып жатып калалы.
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   demo009   19 Сентябрь 2014 - 11:43

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 242
• Катталган: 14 Апрель 14
• Соңку аракети: 17 Май 2023 23:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ош-Москва

Жазып койо бериңиз чындап эле бир жатып туралыСүрөт
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   vankuver1   19 Сентябрь 2014 - 12:51

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 531
• Катталган: 04 Июль 14
• Соңку аракети: 15 Июн 2016 15:41
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Ванкувер

1чи сентябрьда мектепке баруу менин бешенеме жазылбаптыр. Ооруп калган учурум экен, окуу башталгандан 15кундон кийин мектепке баргам 1класска. Ушундай кыскасы. : )
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Kymbat-02-04   19 Сентябрь 2014 - 15:21

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 266
• Катталган: 10 Август 14
• Соңку аракети: 26 Окт 2019 18:07
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Озгон

Мен уйдун кенжесимин. 7 бир тууганбыз мен мектепке барган жылы бешообуз мектепте, бири универде, бири турмушка чыккан убак экен. Апакай кофта, тиземен келген кара юбка ак сызыктары менен анан аbс деген жазуулары менен кеда. Сумкамы айтсам кулосунор да. Айта берейинчи сары 50 тыйындык пакеттер боло турган роза гулдун суроту бар прозрачный ошондой, 6 тетрадь 1 ручка салып баргам. 1 ай кундо пакеттин ар башка тустогусун которуп баргам. Чон класстар кулгону да эсимде. Анан орус базардан сумка алып келип берген апам кубанганымды айтпа. Ошол кезде ата энеме кыйын болсо керек ошончобузга жеткируу.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   AMAH.   19 Сентябрь 2014 - 15:42

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 336
• Катталган: 22 Июль 14
• Соңку аракети: 07 Ноя 2014 04:57
• Жынысы:Эркек

Эске тутууңар өтө күчтүү го.Мен эң биринчи 1-сентябрда эмне болгонун эстей албай койдум го деги эле.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Aselina_kg   19 Сентябрь 2014 - 16:10

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 194
• Катталган: 16 Ноябрь 13
• Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Сонун окуялар го...
А мен кичинемен чон ата,чон энемдин колунда журуп,сентябрга жакын келгенмин.Где- то бир ай калганда келсем керек эле. Атам тамгалары бар плакат сатып берип,синдим экообузду жарыштырган. Ким биринчи жаттап бутсо шоколад алып берем деп.Синдим менден бир жашка кичуу эле,садикке барчуу да,тыкылдаган чыйрак кыз эле.Менден биринчи жаттап койгон. Мен байкуш кой оозунан чоп албаган жоош элем.
Ошентип биринчи сентябрь келип,атам жетелеп мектепке алып барса,баары толуп калыптыр.Мектебибиз эки корпустан турчуу.Чонуна бардык.Зангырайт тим эле,уч этаж.Барып бир эжеге жолугуп,фамилиямы жазып алган.Ошентип окуп калганмын.Кызыгы ошондо эле кийимди озум тандап кийчуумун.Бабочкасы бар кара,лакированный туфли кийип барганмын.Ошондо мода болгон экен эле.Ошо анан калганы эсимде жок.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Сентябрь 2014 - 16:37

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Супермодератор
• Билдирүүсү: 13 231
• Катталган: 05 Сентябрь 11
• Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:SUPER.KG

"1-сентябрь. " темасы менен бириктирилди.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Janka22   19 Сентябрь 2014 - 23:36

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 126
• Катталган: 29 Июль 14
• Соңку аракети: 21 Май 2015 20:47

1-сентябрда 1-класска апам алып барган,анча деле эсимде жок экен,бирок 1-класстагы окуялар эсимде,тамгаларды бири-бирине кошуп окуй албайт элем,апам окуп берип койсо жаттап алып эжекеме шатыратып окуп берет болчум,ошентип журуп уйронгом,кудайга шугур азыр отличницамын!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Patrik   20 Сентябрь 2014 - 00:00

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 4 218
• Катталган: 27 Август 14
• Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
• Жынысы:Эркек

Мен 1-класска барганда эжелерим бир кызга жамай беришчу ошол кызга деп 4 роза кыркып бершкен. Уялган жаным ал гулду ыргытып ийип барып койдум го. Кайран розалар
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   aijan   20 Сентябрь 2014 - 18:32

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 10 994
• Катталган: 18 Май 07
• Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
• Жынысы:Аялзаты

Дале эстей албай жатам, тообо!

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   MACKA   20 Сентябрь 2014 - 18:58

• Супер-активист
• PipPipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 3 414
• Катталган: 10 Июнь 14
• Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
• Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Dadin1 (19 Сентябрь 2014 - 11:12) жазган:

Ушунча болуп калды эми жазып койо бериниз боорду бир тытып каткырып жатып калалы.

Просмотр сообщенияdemo009 (19 Сентябрь 2014 - 11:43) жазган:

Жазып койо бериңиз чындап эле бир жатып туралыСүрөт

Анан звонок болуп калды, баарыбыз эшикке чыктык! Оор сумкамды сүйрөгөн боюнча мектептин алдынан аккан сууну көздөй чуркадым түз эле. Мен жуунуп, тазаланганча окуучулар кирип кетишиптир. Мектепке кирип, кайсы класстан чыкканымды эч эстей албайм да! Иши кылып бир класска кирип барып отуруп алдым. Таккыр башкаале балдар-кыздар! Маалим деле мени көңүлүнө алган жок, "жаңы келген окуучуугооо" - деп ойлосо керек... арткы партага отургузуп койду. Ручкамды оозума салып отура бердим. Ар жак, бер жакты карап коём, бир маалда биздин көчөдө жашаган аябай тентек бала бар эле, аны тааный салып эле класстан атып чыктым! Анткени ал 3-класс эле да. Сүрөт Классымды издеп убара болгон да жокмун, үйгө кетип калдым. 1-сентябрь ушуну менен аяктады! Сүрөт

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Patrik   21 Сентябрь 2014 - 00:08

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 4 218
• Катталган: 27 Август 14
• Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
• Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения MACKA (20 Сентябрь 2014 - 18:58) жазган:

Анан звонок болуп калды, баарыбыз эшикке чыктык! Оор сумкамды сүйрөгөн боюнча мектептин алдынан аккан сууну көздөй чуркадым түз эле. Мен жуунуп, тазаланганча окуучулар кирип кетишиптир. Мектепке кирип, кайсы класстан чыкканымды эч эстей албайм да! Иши кылып бир класска кирип барып отуруп алдым. Таккыр башкаале балдар-кыздар! Маалим деле мени көңүлүнө алган жок, "жаңы келген окуучуугооо& quot; - деп ойлосо керек... арткы партага отургузуп койду. Ручкамды оозума салып отура бердим. Ар жак, бер жакты карап коём, бир маалда биздин көчөдө жашаган аябай тентек бала бар эле, аны тааный салып эле класстан атып чыктым! Анткени ал 3-класс эле да.    Классымды издеп убара болгон да жокмун, үйгө кетип калдым. 1-сентябрь ушуну менен аяктады!  < img src="http://www. super.kg/superstan/public/ style_emoticons/default/ biggrin.gif" />

2-сентябрдачы?
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   jon-jurbos   21 Сентябрь 2014 - 02:12

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 682
• Катталган: 31 Август 14
• Соңку аракети: 20 Дек 2014 21:32
• Жынысы:Эркек

Мен 1-сентябрда жайлоодон келе албай калсам керек элеСүрөт... Эстеп коруш керек экен
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Umnitsa   21 Сентябрь 2014 - 10:46

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 588
• Катталган: 16 Декабрь 12
• Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Суперстан олкосу)

1-сентябрга барган кунум есимде жок бирок 1-классты бутуп жатканда акыркы конгуроодогу есимде бар... Акыркы конгуроодо 1-класстын кызын 11-класстын баласы которуп конгуроо чалат эмеспи. Мени эжекем айткан сен чаласын даярданып тур деп анан мен озумчо суйунуп даярданып турсам еле наржактан башка кызды которуп чыгып калган.. Корсо ошондо тааныш билиш кылыпиришкен экенда, ал кыз биздин мектепте иштеген бир мугалимдин кызы екен еле
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   MACKA   21 Сентябрь 2014 - 10:53

• Супер-активист
• PipPipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 3 414
• Катталган: 10 Июнь 14
• Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
• Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Patrik (21 Сентябрь 2014 - 00:08) жазган:

2-сентябрдачы?

2-сентябрь эсимде жок.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   21 Сентябрь 2014 - 11:56

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 459
• Катталган: 20 Июль 14
• Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Мен 6 жашымда окуйм деп өжөрлөнүп, сентьябрдын жарымында мектеп босогосун аттагам, барарым менен тетрать кармап, даярдоо сабактарынан өтпөгөнүм үчүн биринчи күндөн жүдөгөм, мектеп мүдүрү "Кыйналып бир жумада сабака келбей коёт" деп айтканына өчөшүп окуп кеткем... Эсте кала турган окуя ушул...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   MACKA   21 Сентябрь 2014 - 12:33

• Супер-активист
• PipPipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 3 414
• Катталган: 10 Июнь 14
• Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
• Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения aijan (20 Сентябрь 2014 - 18:32) жазган:

Дале эстей албай жатам, тообо!

Канча тишиң жок эле ыя, 1-класска барганыңда? Сүрөт Жок дегенде ушуну эстеп көрчү, бай болгур... 1-сентярьды билинчи сентлябыл деп корооңдо өскөн гүлдөрдөн үзүп, газетага ороп алып койкоңдоп жөнөсөң керек сен деле. Ушуну кантип эстебейсиң а?
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Эркин тема
• Кийинки тема →

• (8 бет)

• « 1

• 2
• 3
• 4
• 5
• 6

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 48 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 48, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 31 Июл 2025 21:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: