Сайттын эрежелери бардык бөлүмдөрдүн
колдонуучуларына таандык болуп эсептелет.
Көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузуу
эрежеде көрсөтүлбөсө
да, форум эрежелерин бузуу менен барабар.
Өзүнчө форумдардын эрежелери жалпы эрежеге
кошумча болуп саналат.
Эрежелерди билбестен бузуу жоопкерчиликтен
бошотпойт .
1. Каттоо учурунда сиз тандаган ысымды
(логин) кийин өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
2. Катталган колдонуучунун тайпасы
активдештирүү болгонго чейин ТҮЙҮЛДҮК
болот.
3. Катталганына 15 күн боло элек КОНОК
тайпасындагылар бир күндө 3 гана
комментарий жана 3 билдирүү жаза алышат.
Эгер катталганынан 15 күн өтсө, анда КОНОКко
чектөө жок. Билдирүү жана комментарийлерди
чеги жок жаза берсе болот.
4. Жаңы катталган суперстандыктар КОНОК
болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук
кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир
мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, Суперстандын
саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу,
Соңку кабардын саясат, коом рубрикасына
комментарий калтыруу, дил кутуна билдирүү
жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
5. Сайтка 200 күн кирбеген колдонуучу күтүү
режимине өтөт, бирок ага сайттын эшиги толук
жабылбайт. Дагы 100 күндөн кийин (толугу
менен 300 күндө) да колдонуучу сайтка
кирбеген болсо, автоматтык түрдө өчүрүлөт.
6. Автордун да, окурмандардын да
ыңгайлуулугу үчүн тексттерди латын тамгасы
менен эмес, кыргызча тамгалар менен жазуу
сунуш кылынат.
7. Жарыялар, темалар жана жооптордун кыргыз
тилинде болушу сунуш кылынат.
8. Теманын аталышы теманын маңызын
камтышы керек. Түшүнүксүз жана маңызы
туура келбеген темалар эскертүүсүз эле алынып
салынышы мүмкүн.
9.Жаш курагы 18ге жете элек колдонуучуга
чектөөлөр бар.
10.Билдирүүнүн тематикасы туура келген
бөлүмдө жайгашыш керек жана андан аркы
талкуу билдирүү темасы боюнча болушу зарыл.
11.Медиа-порталдын Супер Тв бөлүмүндө
жүктөлгөн видеоматериалды колдонууда сөзсүз
www.super.kg сайтына шилтеме берилиши керек.
12.Эрежелерди үзгүлтүксүз бузган
колдонуучулар сайттан четтетилет жана башка
ат менен жаңыдан катталбашы үчүн бардык
аракеттер жасалат.
1. Мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө;
2. Ушул сайтка курамы окшош сайттарды
жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга;
3. Сайттын колдонуучуларын алдоону же
чаташтырууну максат кылган билдирүү
калтырууга;
4. Сайттын башка катышуучусунун чыныгы
аты, сүрөтү, өздүк жашоосу тууралуу
маалыматтар,
телефон жана дареги сыяктуу
өздүк маалыматтарды анын уруксатысыз
жайгаштырууга;
5. Башкалардын улутун, динин жана башка
нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө;
6. Интимдик кызмат издөө же сунуш кылуу
сыяктуу коомдук адепке туура келбеген ар
түрдүү шектүү билдирүүлөргө;
7. Сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү
колдонууга,
бирөөнүн дарегине карата далили
жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү
калтырууга,
далили жок жалаа жабууга,
кимдир-бирөөнү мазактоого,
кемсинтүүгө,
анын абийирине, кадыр-баркына шек
келтирген билдирүүлөрдү жазууга;
8. Жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга
(которууга оорчулук туудурган эл аралык
мааниде колдонулган сөздөргө уруксат);
9. Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк
маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;
10. Жарнама жана коммерциялык
маалыматтарга "Комерциялык жарыялар"
аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат
берилет;
11. Мааниси бирдей бир нече билдирүүнү
өзүнчө жазгандын ордуна бир эле билдирүү
жазуу шартка ылайык. Мисалы, алма, өрүк,
мейиз сатуу боюнча 3 жарыя жазгандын
ордуна чогултуп бир жарыя жазуу оң;
12. Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү
жазууга (флуддоого);
13. Жарыяларды тиешеси жок бөлүмдөрдө
жайгаштырууга;
14. Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош
(жазылышы гана эмес, мааниси да)
билдирүүлөрдү жазууга;
15. Ачык түстөгү (кызыл, ачык сары, ачык
жашыл) тамгаларды,
тыныш белгилерин
ашыкча колдонууга,
бош саптарды жөн эле
калтырууга тыюу салынат. Баш тамгалар
грамматика эрежесине ылайык гана
колдонулушу керек;
16. Грамматика эрежесин атайын бузуп
жазууга.
1. Бардык жеке билдирүүлөр автордун өзүнүн
ою болуп эсептелет. Андыктан администрация
билдирүүнүн мазмуну үчүн жооп бербейт.
2. Жарыя себеп болгон моралдык,
материалдык зыян үчүн жооп бербейт.
3. Ар бир колдонуучу сайттан алган
маалыматты өзүнүн кызыкчылыгы үчүн
колдонууда жоопкерчиликти өзүнө алат.
4. Медиа-порталдагы “Элдик видео” жана
“Элдик аудио” бөлүмдөрүнө жүктөлгөн
видеого, аудиого жана анын мазмунуна
сайттын жетекчилиги жоопкерчиликти албайт.
5. Порталдын “Соңку кабар” бөлүмүндөгү
“Бизнес-инфо”,
“Супер-Инфо” бөлүмүндөгү
“Көз караш”, “Бизнес-инфо”,
“Эмгек жарчысы”,
"Медиа-портал"
бөлүмүндөгү “Супер ТВнын”
ичиндеги “Бизнес-инфо” деген рубрикалар
менен чыккан материалдар рекламалык
негизде жарыяланат.
Анын маани-маңызы
үчүн редакция жооп бербейт.
1.Интернеттеги бардык нерселер
провайдерлердин маалымат базасында
жазылып жана сакталып калат. Ошондуктан
жаман нерсе жазуудан мурун ойлонуңуз.
2.Сайттын катышуучуларынын IP-даректери
укук коргоо органдарынын жазуу түрүндөгү
талабы боюнча гана берилет. Бирок IP-дарек
өзүнөн өзү сыр деп эсептелбейт жана
интернеттин ар бир серверинде жазылып
калат. Конкреттүү IP-даректин колдонуучусу
тууралуу маалымат провайдерге гана белгилүү.
1.Колдонуучу сайттын башкармалыгын
талкууга алууга болбойт.
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ
ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-
комментарий же талкуу иретинде жазылган
учурларда сайттын жетекчилиги андай
билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо
колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-
пикирлер info@super.kg же admin@super.kg
электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү
керек.
3.Кайсы бир акимди жана анын иш-
аракеттерин талдоого, талкуулоого жол
берилбейт. Нааразычылыктар болсо info`го
купуя кат аркылуу жөнөтүлүшү керек.
4. Администраторго же модераторго суроо же
талабыңызды электрондук почта аркылуу
жөнөтсөңүз же "Арыз жана сунуш" бөлүмүнө
жазсаңыз болот.
5.Форумга жазылган билдирүүлөрдү "Супер-
Инфо" гезити автордун уруксатысыз жана эч
кандай калем акы төлөбөстөн гезит бетине
жарыялоого укуктуу.
6.Башкармалык эрежени бузган колдонуучуну
эскертүүсүз сайттан дароо четтетүү укугуна ээ.
Мыноу эрежеден чыкпай урушсаңар, эч ким силердин мышыгыңарды пыш дебейт.
Урушкана! урунаарга тоо урушарга жоо таппай атсан бери кир.
#102 15 March 2014 - 18:33
Акывалың ушул эле экен го дева.. ха ха (тамаша)
жайладың да братишка сен жок болсоң мени жер менен жексен кылат эле булар.
Карасуу шаарлардын чон шаары,
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
#103 15 March 2014 - 18:37
#104 15 March 2014 - 18:44
Маркс акенин жардамында эрежелерди толук окуп чыктым. А то жаңы катталып жатканда лень болгон да
АльхамдулиЛлях!
#105 15 March 2014 - 18:46
админдер атынан жазып салыпсынар.
эртен админдер келет башкарууну бизге койгула деп
#106 15 March 2014 - 18:49
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#109 15 March 2014 - 18:58
#111 15 March 2014 - 19:09
#112 15 March 2014 - 19:10
Жизнь коротка - нарушайте правила, прощайте быстро, целуйтесь медленно, любите искренне, смейтесь неудержимо и никогда не сожалейте о том, что было!!!
дептир бирөө..
дептир бирөө..
АльхамдулиЛлях!
#113 15 March 2014 - 19:13
#114 15 March 2014 - 19:18
кыйынын кел 50 000 мин аскерин менен кол баштап , тытышам
Здоровье - дороже золота!!!
#115 15 March 2014 - 19:20
ха ха шумдук го ким менен ким кырылышып атат экен деп жетип келсем, кааап!
Турмуш- бул чоон мектеп!
#116 15 March 2014 - 19:21
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!

Супер-Инфо
super.kg
видео


















