Кетмен-Төбө айылынан кайрылып жатам. Он балам бар, үчөө бүлө күттү. Бирок аларга үй салып, өзүңчө бөлөлү десек айылдан жер тилкесин берилбей жатат. Районго, айылга кайрыла берип чарчадым. Ким чечет бул маселелерди?
Мария Токтосунова
Жер тилкесин кантип алам?
#2 24 Декабрь 2013 - 11:48
Кетмен-Төбө айылынан кайрылып жатам. Он балам бар, үчөө бүлө күттү. Бирок аларга үй салып, өзүңчө бөлөлү десек айылдан жер тилкесин берилбей жатат. Районго, айылга кайрыла берип чарчадым. Ким чечет бул маселелерди?
Мария Токтосунова
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди:
- Бул маселени жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы гана чечерин билдиребиз. Жер берүү аталган органдынкомпетенциясына кирет.
#3 28 Февраль 2014 - 21:05
Саламатсыздарбы!
мен балдарым менен апамдын уйундо турамын. Озум 1 гр майыпмын кызым турмушка чыккан, уулум мектепте окуйт.Мага жер берилген бирок кызыл китебин кылдырган эмес элем. Азыр ошол жерди менден уруксатсыз бир киши сатып алып кызыл китебин кылдырып уйдун фундаментин куюп салыптыр.Окмотко чуркадык эч ким конул бурган жок. Эми ошол жерди кантип озумо кайтарып алсам болот. Сиздерден сураныч жардам бериниздер ишенгеним ошол жер ал жер жок болсо кийин биз балам менен кайда жашайбыз билбейм.
#4 01 Март 2014 - 02:26
Саламатсыздарбы биз баатирде турабыз сегиз жылдан бери уйубуз жок бизге мамлекет тарабынан жер тилкеси берилеби жооп кутом
#5 11 Апрель 2014 - 13:48
Саламатсыздарбы биз баатирде турабыз сегиз жылдан бери уйубуз жок бизге мамлекет тарабынан жер тилкеси берилеби жооп кутом
Суроого Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекттик каттоо кызматынын Кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди:
- Саламатсызбы? Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчиктурак жай үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартибижөнүндө Жобонун» 7-9 пунктарында төмөндөгүдөй айтылат:
7. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жертилкесин алуу укугу Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жарандарына таандык:
- ошол администрациялык- аймактык бирдиктин аймагында Бишкек жана Ош шаарлары үчүн 3 жылдан, калган аймактар үчүн 1 жылдан кем эмес жашагандар;
- Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер тилкеси жоктор;
- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды эсепке албаганда, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жоктор;
- кийинки 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бүтүмдөрүн түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатуучу жарандык-укуктук иштерди жасабагандар;
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын13-январындагы N 23 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жеке менчик турак үйкуруу үчүн жер тилкесин алуу үчүн талапкер адам тийиштүү атайын укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- аныкталган формадагы арыз;
- ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер тилкеси жоктугу тууралуу маалымкаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
- эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
- атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
(КР Өкмөтүнүн2005- жылдын 30-июну N 276 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жеке менчик турак үй курууга жер тилкесин алуу үчүн тийиштүү атайын укуктуу органдарга документ тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
#6 11 Апрель 2014 - 13:56
Саламатсыздарбы!
мен балдарым менен апамдын уйундо турамын. Озум 1 гр майыпмын кызым турмушка чыккан, уулум мектепте окуйт.Мага жер берилген бирок кызыл китебин кылдырган эмес элем. Азыр ошол жерди менден уруксатсыз бир киши сатып алып кызыл китебин кылдырып уйдун фундаментин куюп салыптыр.Окмотко чуркадык эч ким конул бурган жок. Эми ошол жерди кантип озумо кайтарып алсам болот. Сиздерден сураныч жардам бериниздер ишенгеним ошол жер ал жер жок болсо кийин биз балам менен кайда жашайбыз билбейм.
Суроого Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекттик каттоо кызматынын Кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди:
- Сиз ал жердисатпасаңыз, сиздин уруксатыңыз жок эч ким алышы мүмкүн эмес. Колуңузда болгондокументтерди алып жергиликтүү жергежайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгына барып кайрылып көрүңүз, аларсизге түшүндүрмө беришет. Мындай учурларда соттун чечими менен да сурооңордучечсе болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия