Керек!Билим алгандын эмнеси жаман?Же куйоого тиебиз да,куйообуз иштетпей озу багып алат деп эле отура бериш керекпи?Турмушта ар кандай кырдаал болуп кетет,билим алып койгондун зыяны жок.
Кыз кишиге билим роль ойнобойбу?
#102 22 Декабрь 2015 - 01:12
Албетте кыз кишинин билим алуусуна роль бериш керек, эгер кызы мен окуйм, турмушка чыкпайм, десе ата-эне кантип кызын кыя отсун, кээ бир кыздардын озунон окугусу келбейт .
#103 28 Январь 2020 - 09:46
Колуңардан келсе, мүмкүнчүлүк болсо кыздар окуп алса ашыктык кылбайт.
"Аял кишинин орду ашканада" дегенибиз менен бул турмушта биз билбеген көөп кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Турмушу болбой калат кээбүрөөнүн. Айтайын дегеним билимдү болсо наны бүтүн болот. Аз да болсо өзүн өзү каржылайт. Бала-чакасын кемин алып берет. Көөп эле + жактары бар...

#104 28 Январь 2020 - 11:53
Кыздардын окуусуна бул жерде көпчүлүгү каршылыгын билдирип жатышат. Туура, көпчүлүк эркектер аялын иштетпей, үйдө балдарды тарбиялап отуруунун каалайт. Мына ушул тарбия берүүдө негизгиси билим кк менимче. Мисалы, балдар ар кандай суроолорду берип же мүмкүн мектеп тапшырмасын аткарууда жардам сураса "билбееейм"
деп балаңдын алдында башты жерге ийүү туура эмес го дейм. Балада кандай таасир калат ..."апам эч нерсени билбейт турбайбы"
дебейби... Билимдин эч кандай зыяны жок. Канчалык билим алсаң ошончолук дүйнөгө болгон көз карашын кеңеет...
#105 28 Январь 2020 - 13:40
Бардык аялдарды билим алууга, өзүн-өзү камсыздап үйрөнүшүнө чакырам. Көрүп атпайбызбы 10-15 жыл өзүн арнап жашаган аялдарын эркектер жаш, жасанган "пискага"
алмаштырып кетип атканын. Ошондой случий болгондо бир жай болуш керек бара турган. "давайте-
ка вставайте и идите на работу"
#106 28 Январь 2020 - 21:57
Мен 7 жылдык билимимди бир жерге жумушка кирип иштейин деген ниетте окуп жатканым жок чындыгында.
Балким, 1-курска келгенде тоону томкором деген максаттарым болгон. Азыр андай оюм жок. 7 жыл билим алдым, анын кимге пайдасы бар иштебесем, акча короттум деп наалыбайм. Аны балдарыма,балким дет.домдорго барып сабак берип колдоном деп ойлойм.
Кыз кишиге билим маанилуубу? , созсуз турдо маанилуу. Ал бир уй-булонун кареги,озу билимсиз болсо, анда келечектеги баласына кантип туура жол коргозо алмак эле.
Жеке мен учун аял катары, билимди бир жерде иштеп акча табуудан да, келечекте балдарына ошол билиминди уйротконун дагы да пайдалуу го деп ойлойм( Куйоон баардык жактан камсыздап, жашоо шартын жакшы болсо).

#107 29 Январь 2020 - 23:01
Окугула урматтуу абитуриенттер.
куйоого тийесинер созсуз.мен мына куйоого тийип алып журом..мугалимдикин бутуп алсам эмне деп козум чачырап атат азр .так что окугула
#109 30 Январь 2020 - 13:50
Migrant-rf (29 Январь 2020 - 22:18) жазган:
"Билими жок болсо балдарына кантип тарбия бермек эле" деп дөөрүбөй эле койгулачы, билими барлар эле эмнени кыйратып тарбия берип жатат? Жаллаң чыгаан жана мыкты инсандардын өмүр баянын окусаң баары колхозчу-совхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн, жана ошол үйдөн тарбия алган. Сенин билимиң балаңа берген тарбияда бир тыйынчалыкда роль ойнобойт. Негизи ТАРБИЯ дегенди түшүндүрө кетчи, кантип бериш керек тарбияны?!
Билим алуу учун созсуз эле ЖОЖдо окуш керек деп ким айтты? Адам кыпындай бир китептен озуно керектуу нерсени уйроно алат. Же эмне орто мектепте алган билимин, оз алдынча окуган китебин, интернеттен коргон пайдалуу нерсен билимге кирбейби? Билим дегенде дароо ЖОЖ акылына келсе, анда тар коз карашта окшойсун. Илгери колхозчу-совхочу билим албаган деп ким кепилдик бере алат? Апаларыбыз оз алдынча чырактын жарыгында китеп окуп келишкен. Деги эле азыркы менен мурдагы адамдардын билимин салыштырып карай албайбыз. Азыркы копчулук ЖОЖдор жон гана бизнес, 5 жыл журосун акчасын толойсун, диплом сатып аласын, бутту.
Сага тарбиянын маанисин тушундургонго кызыкдар эмесмин. Озунун оюн бербеген адамга миллион соз менен тушундурсон да...
Билдирүүнү түзөткөн: Glucke: 30 Январь 2020 - 13:51
#110 30 Январь 2020 - 19:23
Урушпай жазгыла )) окугандан коруп кетип жатабыз.
Билим алуу ар бир адамга парз да. Болгону пайдалуубу, пайдасызбы ошого конул буруш керек го.
ЖОЖдун бала тарбиялоодо албетте пайдасы тийет. М: Бала тарбиялоочу кесипти буткон кыз, жок дегенде эн жонокой режимде баласын тарбиялайт. ( Созсуз тишин жуудуруп, эрте уйкуга жаткырат) )) ...
Бирок ыйман, билимден бийик турат. Демек аял биринчи ыймандуу болушу керек анан ЖОЖ роль ойнойт.
Себеби ботаник, академик балага караганда, Кудайды тааныган, Куран жаттаган, ыймандуу бала ата-эне учун акыретте узулбогон сооп.
Ошондо сперва ..., а потом ... (?)

#111 30 Январь 2020 - 23:34
Кыз киши ЖОЖдон билим албаса:
жумуш жок, уй-булодон жолу жок болсо, ата-энеси оздору жардамга муктаж болсо, бир туугандары, мамлекет карай албаса, ал кыздын жашоосу эмне болот? Биз ушундай абалда жашап жатпайбызбы?
жумуш жок, уй-булодон жолу жок болсо, ата-энеси оздору жардамга муктаж болсо, бир туугандары, мамлекет карай албаса, ал кыздын жашоосу эмне болот? Биз ушундай абалда жашап жатпайбызбы?
#112 31 Январь 2020 - 01:51
Кыз киши билимдүү болууга милдеттүү. Сөзсүз эле жогорку окуу жайда окуш шарт эмес. Турмушка керектүү билим алса, китептерден окуп балким. Себеби, биз келечек ээлерин тарбиялайбыз.
Балким, президентти тарбиялап чыгарарбыз.
Билимдүү аялдан мыкты балдар чыгаарына ишенем,- деп бир "укмуш билимдүү кыз" жазып салды)
#113 31 Январь 2020 - 02:35
Migrant-rf Маанисиз,
темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга (флуддоого) тыюу салынган 10 кун Бан!
biznes Акыркы эскертуу!
Улуу, урматтуу форумчулар, жеке суроолор, оз кызыгуу суроо- жооптор учун купуя бар. Ошол жака жазгыла.
biznes Акыркы эскертуу!
Улуу, урматтуу форумчулар, жеке суроолор, оз кызыгуу суроо- жооптор учун купуя бар. Ошол жака жазгыла.
#114 01 Февраль 2020 - 22:49
Окуунун эмнеси жаман? Жакшылык иштин зыяны жок.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#115 13 Февраль 2020 - 19:24
Катуу талаш тартыш болгон окшойт. Эркек,аял деп болунбой эле адам болгондон кийин бир нерсе менен алек болуш керек, ошол нерсе менен алек болуш учун ошол нерсени билиш керек а билиш учун билген адамдан сабак алыш керек. Ошол нерсе билим деп айтылат. Азыр болсо дипломду сатып алып, жоопкерчилик дегенди унуткан, андай билимдин кереги жок.
#116 26 Февраль 2020 - 12:14
Ойнойт деп ойлойм. Кыз балдар чон окуу жайларда окуп , кызыл диплому болбосо да жок дегенде онорлуу болуш керек экен.
#118 29 Февраль 2020 - 15:43
Билим алуу керек ким болбосун,дуйно таанымы жогору болот,негизи ар бир Кыргызстандын жараны жогорку билимдуу болсо деп тилек кылалы.Билимдуу адам менен билимсиз адам асман менен жердей айырмасы.
#119 02 Март 2020 - 21:27
Илим-билим дегенди ЖОЖ дордо окуп алган билим-илими эч кандай роль ойнобойт. Эн биринчи рольду адеп-ахлак менен туура жана таза тарбия ойнойт.
#120 06 Март 2020 - 01:06
Кыз кишиге салыштырмалуу,
эркек киши билимдүү болсо жакшыраак болот деп ойлойм, (эми бул менин жеке пикирим.)
Билимдүү,дуйно таанымы кенен болсо, көп нерсени чече билет,балким кесиби боюнча жумушта иштөө мумкүнчүлүгү да жогору.
Ал эми, "Кара кыздын агынан эмес багынан").
Билимдүү,дуйно таанымы кенен болсо, көп нерсени чече билет,балким кесиби боюнча жумушта иштөө мумкүнчүлүгү да жогору.
Ал эми, "Кара кыздын агынан эмес багынан").