Ассалом Алейкум Кыргыз калкым,бүгүнкү нооруз майрамыңыздар менен.
"Нооруз" майрамы! Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан...
#43 21 March 2014 - 11:10
"Жер жарылып, чоп чыккан-Желин жарылып, сут чыккан", кун менен тун тенелип жаныланууну алып келген Нооруз майрамыныздар менен!!!
#44 21 March 2014 - 11:44
НООРУЗ – АЖАЙЫП МАЙРАМ
Мурза Гапаров
Нооруз майрамынын башкы символу – жашыл майса буудай
Майса өндүрүш керек. Ал алиги түшүмдүн, жаңылануунун, жаздын, келечектеги токчулуктун символу. Дайыма жашыл майса сокуга жанчылып, кайнатылып отуруп, сүмөлөккө айлантылат. Биз бала кезибизде дарыянын астынан ар түрдүү, жылма 7 таш терип келчү элек, энелерибиз жөнөткөндө. Анын үстүнө, бизде 7 деген сан ыйык. Ноорузда 7 түркүн оокат жасалат, же 1 эле оокаттын ичинде 7 түркүн даам болот.
Нооруз – ажайып майрам
Адамдар аны ой жаңырсын, бой жаңырсын деген тилек менен өткөрүшөт. Ага эл узактан даярданып барат. Кембагал өзүнүн үстү-башын жамап-жаскайт. Байлар жаңы кийимдерин кийишет. Эл үй ичин, эшик-элигин, тегерегин, арыктарын, жолун тазалап, жазга жараша жаңыланат.
Нооруз – кеңчиликтин майрамы
Аны тосууга камданып, кишилер пейилин оңолтот. Улуу кичүүгө, ал эми кичүү улууга баш ийип, жүгүнүп, ызаат көрсөтөт.
Нооруз – теңчиликтин майрамы
Бай менен кембагал теңелет. Падыша өз эли менен теңелет. Журт башчылары эл аралап, эл жегенди жеп, эл көргөндү көрүп, бир күн болсо да, майрамда тактысын унутуп, журтуна жуурулушуп кетет. Эл дагы башчылары өзүнө теңелгенде, азыркыча айтканыбызда, демократиянын касиеттерин сезип, өздөрүнүн кадыр-баркы өсүп, өздөрүн адам катары жогору сезип калышат.
Нооруз – меймангерчиликтин майрамы
Элибиз, чындыгында, ансыз деле меймандос. Айрыкча айт, арапаларда колу ачык, меймандос болуп кетет. Ал эми Ноорузда айрыкча эшиги эртели-кеч ачык болот. Керели-кечке конок күтөт. өздөрү да коңшу-колоңдорго кирип-чыгат, айылды кыдырат.
Нооруз – мээримдүүлүктүн майрамы
Айыл-ападагы журт өзүнүн көмүскөдө калган жакырларына, оору-сыркоолоруна айрыкча көңүл буруп, мээрими төгүлүп, жеген ашынан, кийим-кечесинен бөлүшүп, ал-ахыбалын сурайт. Нооруздун ыйык касиеттеринин бири – ата-бабалардын, көзү өткөн жакындарынын арбактарын сыйлоо, эскермей күч алат. Ар ким үйүнөн түтүн булатып, жыт чыгарып, көрүстөнгө барып, куран окушат. Байыркы үрп-адатка ислам дининин жол-жоболору айкалышып кеткен. Эгерде үндөшсө, жөрөлгөлөр ушинтип аралаша берет.
Нооруз - досчулуктун майрамы
Бир киши экинчи киши менен достугун чыңдайт, касы менен достошот. Коңшу коңшусуна таарынычын унутат. Эч ким эч кимге жамандык кылбай, кан төгүлбөй, жүрүп жаткан согуш да токтолуш керек да ушул күндөрү. Биз үчүн майрамдын касиеттери ушунда.

Майрамынар менен, достор!!!
#48 22 March 2014 - 20:46
Бул теманы ачкан азаматтарга чыныгы журоктон ыраазымын. Кыргыз кыргыз болуп оз озогуно карай оз тамырларынан азык алып, оз озокторун кучтоп жатканында жетине албаган кубанычтабыз.
Нооруз майрамы бул элибиздин Жер Эне майрамы болуп саналат. Жер эне кышы бою озунун ички озогуно отун тартып кучтонуп жазында жаныланууга камданат. Андыктан кее бир курт -кумурскалар олууго туура келип, ал эми осумдуктор,
тал - дарактар баары мына ошол жер эненин отуна карай тартылып
Турушат. Жаз келээри менен жер эне оз отун сыртка карай чыгара баштайт, ошондо курт -кумурскаларга жаны жандар кирет, осумдуктор тал дарактар ал оттун негизинде жандана баштайт. Чындыгында мындан Улуу Майрам жок. Баардык жашоонун жаны башааты башталат. Жер жарылып чоп чыгып табият жанданып, куштар сайрап жаны жашоонун башталышын майрамдап турушат. Бул Улуу Майрам. Мындайча айтканда кыргыздардын жаны жылы болот. Кыргызбызбы, кыргыз эли табият менен боордош эл. Муну менен биз сыймыктанышыбыз керек.

#49 24 March 2014 - 21:09
Тамак-аш
Илгери кыргыздар жыл ажыратыш күнүнө карай арпа, буудай, жүгөрү өндүрүшүп, аны сокуга түктөшүп, акталган данынан чоң көжө жасашкан. Ал-табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн даамы катары бааланган.
Сүмөлөк/чоң көжө, жыл ажыратыш көжөнү Орто Азия элдери жана жакынкы Чыгыш элдери "көк байлоо" деп аташат. Сүмөлөк жасаган аялдар келген меймандарга, жаштарга аз-аздан "көк байлоодон" беришет. Көк алгандар өз энчисинен башкаларга дагы бөлүшкөн. Мунун өзү адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендике жаткан.
Кыргыздар чоң көжө даяр болгондо, айыл адамдары үймө-үй кыдырып ичишкен жана ал үйгө таза дилинен жакшы каалоолорун айтышкан. Жаштар алты бакан курушуп, ар түрдүү улуттук оюндарды ойноп кумарларын жазышкан.
Сүмөлөк.
Буудайды муздак сууга таза жууп, аны 2-3 күн сууга чылап койгондон кийин, буудайды суудан алып, тактайдын үстүнө төгүп, үстүн марли менен жаап жарык жерге коюу керек, бирок, күндүн нуру тике тийбеши керек. Буудай баш алгыча 3-4 күндүн ичинде суудан сээп туруу абзел. Качан буудай 4-5см баш алганда, буудайды жанчып, андан чыккан суюктукту бөлүп алат. Кайра суу куюп 2-3 жолу алууга болот. Андан кийин казанга өсүмдүк майы куюлуп, кызыганда ун салып, бир аз кууруп, андан соң алынган сюктук куюлат.Казан бир аз кайнаганда экинчи,анан үчүнчү суюктук куюлат.
Эми жай отто токтотпостон тең салмакта аралаштырып туруу керек. Түбүнө тартып кетпеши үчүн жаңгактай таштар салынат. Даамдуу болушу үчүн, жаңгак, мейиз, как, кум шекер да кошулуп келет. Сүмөлөк толук даяр болуусу үчүн 12-14 саат керектелет. Анын бышып калганы коюу тартып,бетинде майда-майда бүтүкчөлөр пайда болот. Андан соң алдындагы от алынып,үстү капкак менен жабылып,таң атканча жылуу оролот. Эртеси бата кылып,тилектерин айтып ачып, сүмөлөктү таратышат. Казандын бетин ачканда "сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт" деп, бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп,тилек айтышат.
Көчө аш
Кыргыздардагы көчө аш жеңил жана пайдалуу тамак- аш болгон. Буудайдан даярдалган.
Буудайды жылуу сууга нымдайт. Ал көөп чыгып жумшак болуп калат. Андан соң аны, күнгө кургатыш керек. Соку менен майдалайт да, кабыктарын тазалап, болжол менен эки саат кайнатат. Даяр көчө ашы коюу болушу керек. Ал берилердин алдында айран кошулат.

Чоон рахмат, болушконунуз учун ! Тилектериниз орундалсын!
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
#50 20 March 2015 - 19:42
Жаркыраган жаз менен, эл күткөн
Нооруз майрамы да босогобузду аттап
кирди.
Нооруз күнү жаратылышта кана
жаңылануу болбостон, ар бирибиздин
жүрөгүбүздө, ички дүйнөбүздө
жаңылануу болот го деп ишенем.
Баарыңыздарды кирип келген жаңы
жыл, жаңы кудуреттүү күн менен
куттуктайм! Бул күнү жаратылыш
жаңыланса, сиздердин ой толгоолор да
жакшы нукка бурулуп, жаңы , жакшы
ниеттер орунду алсын! Алтындай
мекенибизде тынчтык орноп,
бейпилчиликтин жылы болсун!
Ылайым баарыбызга бактылуу жыл
болсун!
Ынтымакчылыктын жылы болсун!
Токчулуктун жылы болсун!
Барчылыктын жылы болсун!
Нооруз майрамы да босогобузду аттап
кирди.
Нооруз күнү жаратылышта кана
жаңылануу болбостон, ар бирибиздин
жүрөгүбүздө, ички дүйнөбүздө
жаңылануу болот го деп ишенем.
Баарыңыздарды кирип келген жаңы
жыл, жаңы кудуреттүү күн менен
куттуктайм! Бул күнү жаратылыш
жаңыланса, сиздердин ой толгоолор да
жакшы нукка бурулуп, жаңы , жакшы
ниеттер орунду алсын! Алтындай
мекенибизде тынчтык орноп,
бейпилчиликтин жылы болсун!
Ылайым баарыбызга бактылуу жыл
болсун!
Ынтымакчылыктын жылы болсун!
Токчулуктун жылы болсун!
Барчылыктын жылы болсун!
Алдыга куч
#51 20 March 2015 - 21:35
Нооруз майрамынар менен!!!
. Эн жаманы кар жаап салды нооруз келди деген убакта
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#52 20 March 2015 - 21:37
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#54 21 March 2015 - 01:12
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#55 21 March 2015 - 04:25
Нооруз майрамынаар менен! Бул жыл молчулуктун токчулуктун жылы болсун! Дагы бир жолу майрамынаар менен!
#59 21 March 2015 - 08:51
майрамыныздар менен кыргыз элим. Талантбек. Эмил. Жусуп. Энисейски шаарынан

Супер-Инфо
super.kg
видео