Урматтуу мекендештер!
!!
Мен озумдун башыман откоргон суйуум тууралуу ой болушкум келип отурат. Теманын аты айтып тургандай балалык суйуу мен учун ыйык суйуу бойдон кала бермекчи. Анда эмесе соз башынан болсун...
Айыл кечи кандай сонун, кандай керемет. Чурулдап ойногон балдардын уну, абаалап ургон иттердин уну, музоосун издеп бададан келе жаткан уйлардын уну ж.б. толгон айыл кечин шанга болой турган кубулуштар балалык омурдун балдай таттуу мезгили тура чиркин! Ошондой кундордун биринде айыл аралап классташтарым менен кошуна кочого барып калдык. Ал кезде шаарда мектепте окуган биздин айылдык кыз бар эле. Мен ал кызды кичине кезинен таанысам дагы, ортобузда эч кандай мамиле болгон эмес, тек гана бири-бирибизди сыртыбыздан таанычу элек. Ал менден 2 класс томон окучу. Ошол жылы жай айынын толуп турган мезгили, кун ачык, кочо-кочодо балдар оюнга тойбой, кыраан каткы кулкулору менен тоо жаныртып тураар эле. Биз барган кочодо, б.а. ошол кыз жашаган уйдун жанында балдар кыздар ойноп отурушкан экен. Ал кыздын шаардан келгенин угуп, классташ балдарым болуп жолугууну туура кордук. Биз анда 10-классты бутуп, 11-класска отконбуз. Ал кызга кошуна баласы аркылуу айттырсак, баарына жолукпайм мага гана жолугаарын айтыпсын. Ошентип экообуздун биринчи жолуккан кунубуз жайдын толук мезгилиндеги тунго туура келди. Бир сааттай суйлошкондон кийин, уйундогулордун чакыруусу менен кирип кеттин. Ошентип ал жылы сентябрга чейин жолугуп журдук кыз-жигит болуп. Сентябрь келип сен Бишкеке кетип калдын окуганы, мен 11-класска кирдим. Кышкы каникулда келдин, бирок жолуга албадык. Ошентип тез эле жай келип, мен Бишкеке келип ЖОЖ жайлардын бирине тапшырып оттум. Сен 10-класста окуйсун. Окуган мектебине бир нече барып жолуга албадым. Кийин сен дагы окууну бутуп ЖОЖ жайлардын бирине оттун. Ошентип экообуздун жолугуубуз кайра уланды. Коп отпой сен менден экинчи келбесимди сурандын. Мен дагы эч нерсе айта албай кете бердим. Бирок, сен жашаган жатаканага бир нече жолу барып кире албай кеткен кундор болду. Ошентип экообуздун ортобуздагы мамиле узулуп, бирок мен сени унута албай койдум. Кийин окуумду бутуп, андан ары улантканы чет олкого кетип калдым. Азыр алыста журуп сени эстейм, экообуздун бир гана жолу тушкон суротуз бар, ошону карап сени ойлойм, кайра жолугууну самап келем. Бирок сенин азыр кайда экенинди билбейм. Мумкун тагдыр бир жерден жолуктураар.
Чынында ойлосом ошол менин биринчи жана чыныгы суйуум экен. Башка суйууго туш боло элекмин...
Ушундай урматтуу достор...
Баракча 1 - 1
Балалык суйуу - чындык суйуу!
#2 15 Февраль 2007 - 14:57
Досум! Сенин абалынды абдан жакшы тушуном! Анткени менин да башыман ушундай окуя откон. Неге тагдыр ушунчалык мерез?
#3 17 Февраль 2007 - 17:48
Цитата
Досум! Сенин абалынды абдан жакшы тушуном! Анткени менин да башыман ушундай окуя откон. Неге тагдыр ушунчалык мерез?
Жашоонун мыйзам ченемдуулугу ушундай го досум. Мумкун бир куну кайра келээр ошол суйуу, же башкасы...

#4 23 Декабрь 2008 - 10:38
балалык суйуу кайра келет кайгырбагыла,
Андай тунук суйуу жок,
#5 11 Июнь 2014 - 01:20
Сиз дагы мендей однолюб экенсизда автор, алгачкы махабат кандай сонун сезимдер ээээээээ эх кайра келсечи ошол сезимдер
#6 15 Апрель 2015 - 19:23
Балким чындыр кандайдыр денгээлде. Бирок 30жашка келги чейин суйууго жолуга электерда бар. Алар балалык суйууну билбей отот экенда кап.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
Баракча 1 - 1