Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#1081 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

235-бет
- Эмне деп дейсизби? Эгерде Мусуреповдун ойлогон ою ордунан чыгып, тилеген тилеги орундала турган болсо, каймакка куймак куйгандай эле болот болучу. Ачык айтсам, ал азыр махабат отуна чалдыгып, жанын коёрго жер таппай, азыркы замандын Мажнуну болуп жургон кези.
- Анда досунуздун абалы кыйын экен – деди Зыйнат кулуп.
- Менин билишимче, Мусуреповдун абалы дайым эле ошондой. Жазуучулар суйуусуз жашай албайт деп журушпойбу. Озун деле айтпадын беле суйуп-куйуп турбаса жакшы чыгарма жазалбайт деп. Дагы кимди суйуп калыптыр? – деди кытмыр кулгон аял.
- Койчу Галияжан, Мусурепов деген Мусурепов. «Жакшыга соз илээшет, жаманга чоп илээшет» деген ошол. Шерханга жете албагандар айта бербейби келжиреп. Ал коп эркектин бири эмес, озголор айтса да сен айтпа ал жонундо. Анын кадырындай, анын даражасындай даража кимибизде бар экен. Шерханга окшогон таланттар эки кылымда, же бир кылымда бир туулса туулат, туулбаса жок. Ага ашык соз айтып, андай-мындай деп акарат келтируу болбойт. Мына бул биздин жаныбызда отурган Эсенова деген аялдын арзан-кымбатын билген билет, билбеген билбейт. Бир суротчу аял журот деп коёт. Бирок ошол суротчу аял ким? Эч кимибиз ойлобойбуз. Биз олсок олдук, буттук. Ал эми Эсенова менен Мусурепов дегендер эч качан олбойт. Оздору олсо экинчи омуру жашай берет элде. Тируучулукто жакшы адамдардын душманы коп болот тура. «Ит кулугун тулку суйбойт» дегендей, тээ алмустактан бери эле улуу адамдардын душманы коп болуп келген экен. Андай асыл адамдарды алсыз адамдар баалай алышкан эмес. Жанакы сен сураган «Дагы кимди суйуп калыптыр?» деген созуно жооп айтайын, Галия. «Балыкчы балыкчыны алыстан корот» дегендей, жакшыны жакшы тааныйт экен да.
- Айтсан да, айтпасан да, кимди суйуп куурап жургонун сенден мурда билемин. Бул чолкомдо Шерхандын журогуно чок салып, туболук жар болууга татыктуу бир ган аял бар.
Жакан каткырып кулду.
- Аны билсен менден эмнеге сурап жатасын?
- Сени кантээр экен деп унчукпай койгон сайын жашырып болбойсун тим эле.
- Эми билсен айтпайсынбы, ким ал?
- Эмнеге сынайсын мени. Зыйнаттан башка ким бар ал суйо турган?
Жакан аялын бурула карап башын чайкады.
- «Билбегенин бит быйты» дегендей, балээсин ээ. Бирок Шерхан озунун жеке суйуусу менен максатына онойлук менен жете койбос, ов. Аны да билет озу. Чынын айтсам ошол учун
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

236-бет
«Жандооч кийик аттырат» болуп, мени Зыйнатка ортомчу кылып жатпайбы – деди Жакан аяшына ачык айтып, Шерхан учун бир милдеттен кутулгандай женилдене дем алып. Ушундай сыр, ушундай кабарды оозум батып айталбай канчадан бери кыйналып журдум. Ачык айтканыма капа болуп, таарынбайсызбы мага, ыя аяш.
- Таарынбайм, - деди Зыйнат жайдары су йлоп, бойго жеткен кыз менен эри жок аялга айтыла турган мындай создор башынан бар го. Чон максат менен сизге ишенип айтса керек ал киши. Жолдоштук кылып камчымды чаап, тилегиме тилектеш болуп бир керегиме жарап берет деген да. Озумо даай алган эмес экен. Сиз кыйналбаныз, мен жоопту Шерхан Мусуреповичке озум берейин, аяш. Капа болбойсузбу? Сураса айтыныз, Зыйнат озум суйлошом деди деп.
- Дагы айтам, аяш, Шерхан аял чана турган жигит эмес. Жакшылап ойлон. Али жашсын, он гулундун бири ачыла элек. Толокем менен Шерханды таразага салса, кимисинин салмагы басаарын тушуноорсун.
Зыйнат кулду.
- Адамдын журогу салмакка карабайт турбайбы. Айттым го Мусуреповго озум жооп берейин деп.
- Болуптур, болуптур, соз бутту, Зыйнат. Жакшы санаалаш адамды жамандыкка кыйбайт турбайбызбы. Шерхан учун мени куноолой корбо деги.
- Тушуном, Жакан Усаевич, сизди эмнеге кунооломок элем.
Булар ушинтип суйлошуп создору бутпой олтуруп Каркырага да кирип келишти. Алда кайдан занкайып, башка уйлордон ботончолонуп козго тушкон алты канат ак уйдун алдынан чон атасы Усайдын тоодой болгон торуну желе бастырып Уч- Булакты коздой узап баратканын коргон Абай менен Жабай машинанын терезесинен баштарын чыгарып ундорунун бардыгынча жарыша кыйкырып жиберишти.
- Ат-а-а! Ат-а-а!
- Кантет, моюндары узулот экен. Тарткыла башынарды, ушунча жерден суунун шары, машинанын доошу унунорду жеткирмек беле.
- Анда биз ушул жерден тушуп калабыз! Балдар жанталашып кетишти.
Машина токтоор-токтобостон эле Абай менен Жабай машинадан учуп тушушуп, туз эле чон атасы кеткен тарапка октой учуп жоношту. Эч нерседен бейкапар, эмелеки абышкасы экоо ичкен чыныларын чайкап, дасторконун жыйнап жаткан ак байбиче машинанын унун угуп, бир галошун кийип, бир галошун чала бутуна салган бойдон, кийме элечегин кийип, уйдон жыгылып-туруп шаша чыкты.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

237-бет
Байбиче машинадан тушуп жаткан уул-келини менен Зыйнатты коруп, ыс-мыска келбей сурады.
- Ой-бай, карагым, Абай менен Жабайды ала келген жоксунарбы?
- Келди апа, алар атамды коруп жолдон тушуп калышты.
Алар байбиче менен учурашып бутоор-бутпостон эле, Усайдын алды-артына минип учкашып келаткан Абай менен Жабайды коруп, утурлай баскан Жакан, атасына салам айтып, тору кашканы жылоодон алыпп минтти:
- Ой, силер акеме учуп жеттинерби, же басып жеттинерби?
- Ооба, учуп жеттик.
- Азамат турбайсынарбы! ...
Жакан атасын аттан колтуктап тушурду. Корушуп бутуп, бардыгы шатыра-шатман болуп уйго киришти. Жакан ата-энесине мал да сойдурбады, казан да астырбады. Самоор коюп, куурдак кууруп чай ичишип, бир флягага кымыз куйдуруп алып кайра жолго чыгышты.
Уламдан-улам алыскы жол кыскарып, жер танабы тартылып, Чолпон-Атага жакындаган сайын Зыйнаттын тынчы кетип, журогу алеп-желеп болуп удургуй баштады.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аяштарынын созуно мурдакыдай аралашпай да калды. Ал эч нерсе укпаган керенден бетер алды жагын унсуз телмире тиктейт. Коз алдына бирде Усон менен Жайнагулдун, бирде Толкунбектин элестери алмай-термей тартыла берет. Уулун бир ойлосо, Жайнагулду эки ойлойт. Зыйнаттын арылбаган арманы озунун эне экенин Усонго кантип тушундуруп, кантип бооруна тартып жакындатаарын билбей башы ман болуп келатты. Ал эми Жайнагулдун коз жашын эстегенде журогу мыжыла тушот. Усонго ээ болуудан мурда, Жайнагулдун конулун кантип табышым керек деген ойдун амалын издеп, кыялы кымгуут. Чындыгында эле, бирин бири билбей, биринен бири адашып, «олду» болуп дайын -дарегин таппай калган эне-баланын келечек тагдыры Жайнагулдун колунда турган болучу.
Зыйнатты тан калтырган табышмактын туйундуу суроосу бул болду. Эмне учун Усон жонундо мурда-кийин айтылбай, эбак эскирип, жиги билинбей калган жашыруун сырдын бетин оздору ачты болду экен? Усон жонундогу сыр айтылбаган бойдон айтылбай калса, анын энеси Зыйнат экенин ким далилдеп, ким айтып берет эле? Буга чейин Асан менен Усонду эгиз эмес деп эч ким ойлогон эмес эле да. Деги бул чындыгында укмуш сыр болду Зыйнат учун. А балким, олум алдында Мансурдун айтканы чындыр. Кудайдан коркуп, Алланын алдына жузу жарык, жан дуйносун тазартып барайын деди бекен? Ооба, ошентти го – деди озу менен озу суйлошкон Зыйнат.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

238-бет
Деги туболугундо колума тийип, козум тоё коруп, оозум толо обоор бекенмин баламды. Бейиши болгон кайран аяш атам, жакшы адам тура – деп баш-аягы жок ойлорду ойлоп, сапырылган санаанын кучагынан чыгалбай тасмадай созулган асфальт жолду телмире тиктейт. Зыйнаттын козуно машинанын торт донгологу, донголок эмес эле, торт канаттуу шумкардан бетер учуп бараткандай сезилет. Бир маалда Жакан минтти:
- Аяш, жакындап калдык. Мен оо окуп жургон студенттик кезимде бир келген бойдон, бул жакты королек элем. Жолду сиз баштабасаныз, мен унутуп калыптырмын. Ал кезде Чолпон-Ата шаар эмес эле, кыштак болучу. Эсимде калганы «Бирлик» деген колхоз боло турган. Ал кезде бул жакта казактар да коп болучу. Туугандарыбыз бар эле. Кийин катышпай, алыстап кеттик.
Жакандын эмне айтып жатканын Зыйнат уккан да жок, тушунгон да жок. Шофер шаардын ичине кире бериште машинаны токтотту. Анан Зыйнат менен Галияга Жакан кылчая карады. Аялы уктап калыптыр. А Зыйнат болсо ботодой козун жайнатып минтти:
- Эмне токтодук? Кайда келдик?
- Чолпон-Атага келдик.
- Бат эле келип калдыкпы? Анан токтобой эле айдай бербейсинерби?
- Шаарга келдик, кайда айдайлы десек, укпай койбодунбу?
- Эч нерсе уккан жокмун, качан айттыныз эле?
- Болду, болду, тушундум аяш, эч кысасы жок.
- Эми эмне кылалы?- деди Зыйнат.
Жакан Зыйнаттын санаасы бир жерде эмес экенин дароо билди. Бардыгы машинадан чыгышты. Кундун батышы чоктой кызарып, орттой албырат. Зыйнат эки жагын карап, коодонун кере дем алып, ойлоно тушуп, жолдошторун карап кулуп койду.
- Эми силер досунуздардыкына барасыздар да. А дегенде мени тушуруп койгула. Андан ары жакын эле.
- Жок, андай болбойт, аяш. «Болунгонду бору жейт» дегенди унутпаш керек. Мурда ал уйго баралек болсон бир жондуу эле. Башкалар учун барбасан да уулун учун барасын да.
- Ооба, барам дечи. Бирок азыр силер менен баралбайм. Менин да атайын коздоп келген жерим, куда-соогум бар. Аларды аттап ото чаап кетсем, баякы чыккан жерин торкунсугон жаман катын болуп калбайымбы. Азыр мен барган уйдон силерге жол корсотконго бироону кошуп беребиз. Туз барып тушуп каласынар. Ошондой эле Толкунбектин уй-булосу мени коргусу келип каалап турушса айтышаар.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

239-бет
Эгерде Усондун озуно карасам, эки жакка бурулбай учуп жетким келип турбайымбы. Айла жок.
Галия Зыйнаттын созун жактап минтти:
- Туура созду туура деш керек. Аяшына макул болосун го, Жакан.
- Чогуу болсок дебедим беле, - деди жигит. Мейли анда, Зыйнатты жеткирели мурда.
Бардыгы машинанын жанына келишти. Ошол саамда Зыйнат ар жакта катуу келатып, жайлай тушкон ак «Волганы» коруп коздору жалт этти. Ал машинанын ичинде олтурган адамдын ким экенин ойлобой эле, оз машинасын таанып дене-бою ысып, кареги кадала тушту. Оюнда эч нерсе жок Корумдудан жайма-жай келаткан Толкунбек да жолдун четинде турган машинанын номерин коруп, дароо ылдамдыкты жайлаткан болучу. Жакындай берип Жакандын машинасы экенин таанып, суйунгонунон мандайынан тер чыга тушту. Бет алдында шамдай болуп озун тиктеп мостоюп турган Зыйнат козуно биринчи урунду. Жаканды коруп Толкунбек машинасын токтотуп, учуп тушту. Бирок экоонун куугум талаш машинаны четке токтотуп коюп, экоо жалгыздап турганына шектенген Толкунбектин ичине ич тарлыктын ити олуп жатканын эч ким ойлогон да жок. Жакан экоо кучакташып корушту. Зыйнатты киртие бир карап алып бурулуп кетти. Анын коз карашындагы «Сен ушундай экенсин ээ Зыйнат. Билдим Жакан экоонду» деген жазууну аял да, Жакан да тушунгон жок. Бар болгон Зыйнаттын Толкунбекке таарынчысы: «Чиркин ай, учурашып койсон эмне болот эле!?» - деген гана бир оксук конулун дароо боксортуп жиберди.
Жол журуудон чаалыгып, машинага кайра кирери менен, арткы орундугуна кыйшайып жаткан Галия, Толкунбектин керсейип Зыйнатка кылган кара боор мамилесин коруп чыдабай машинадан тушуп шанк этти:
- Саламатсызбы, аяш!
- Оо, Галия жан, салам, салам!- Шаша басып келип кол алышты. Корунбогонунуздон мен сизди келген эмес экен деп ойлоптурмун.
- Оюнуз кызык экен, аяш. Эмне учун келбей калат экенмин. Зыйнат бир чоолуу эмес, эки чоолуу болуп жатса кантип жалгыз жибермек элек. Анын устуно кабар айтпасаныз да аяш атага бата кылышыбыз керек да. Атадан жаш, акылдан бош калыптырсыз, арты кайрылуу болсун.
- Ырахмат, аяш.
Галияны коруп санаасы тына тушкон Толкунбек, ары жакта обочолонуп турган Зыйнатты эми гана коргонсуп, жадырай тушуп салам айтты.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

240-бет.
- Кандай Зыйна, жакшысынбы? Эмне эле мени коргун келбей четтеп калгансын. Кантебиз тагдыр деген ушундай опурталдуу татаал нерсе турбайбы. Таарынба мага. Балакетти баштаган да озун, таштаган да озун болдун. Зыйнаттын жанына жакын келип далысынан имере кучактап, бетинен опту. – Сени унуталбайт окшойм, алтыным. Тотон Усонду билгенден бери сени коп ойлонуучу болуп кеттим. Арбагындан айланайын атам, жакшы киши тура. Ал киши айтпаса кайдан билет элек. Сенин коз жаш, кокурок дартынды аяп атан аталык кылып тушунгон экен. Зыйнатты кучактап дагы опту. – Ой, ыйлап жатасынбы?! Ыйлабачы. Кайраттуу эмес белен? Толкунбек озунун кол жоолугу менен
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 00:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Зыйнаттын жашын суртуп, колтуктаган калыбында Жакан менен Галияны коздой басты. – Чоогу эле биздикине барасынар да.
- Биз, албетте, силердикине барабыз. А Зыйнат болсо кудасыныкына барып, силердикине эртен барам дейт.
- Жок, жок, андай болбойт, чогуу келгенден кийин чогуунар менен эле биздикине баргыла. Малды бугун сойдук. Корумду менен Темирге киши чакырыкка барып келаткан болчумун. Силердин келеринерди билет Жайнагул. Сени озгочо энсеп куткон бироо бар, Зыйнат. Ал ким дебейсинби?
- И, ким экен?
- Уулун. Усон деген бала.
- Усон. Койчу, кантип эле? Калп айтпачы, Толкунбек.
- Калп айтып башыма эмне куч келди.
- Ишенбейм.
- Ишенсен, койсон озун бил. Ал эми сени менен кетем деп камынып журот. Сен Жайнагулго рахмат айтышын керек. Усонго калганда ал кунулошундун эмгеги зор. Мен мурда мындай болот экен деп эч ойлогон эмес болучумун. Бир куну уйдо жатсам, тышта экоо минтип суйлошуп жатат. Угуп туруп тан калдым, Усондун берген суроосуна. Анын ой жугуртуусу укмуш экен. Жайнагул тан калды го деп ойлоп калдым.
- Мама, мага чон атам баякыда ооруп жатканда айтпадыбы, сен Зыйнаттын баласысын деп. Чын эле Зыйнат тороду беле, ыя мени?
Оо, бир оокумдан кийин Жайнагулдун кардыккан уну чыкты:
- Зыйнат дебей, мама дебейсинби?
- Мама дебейм.
- Мама дебесен апа дегин. Чон кишини атынан айткан уят болот. Сени Зыйнат торогон учун айтты да атан.
- Анан мени сен багып алдын беле?
- Ооба, мен багып алгамын. Ал окууга кеткенде, мага таштап кеткен.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 01:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

241-бет.
- Эмне окууга кетти эле?
- Суротчунун окуусуна.
- Экоон дос беленер.
- Ооба, дос болчубуз…
«Алдаса болот жаш башты, канетсе болот как башты» дегендей, Усонду сага сыр билгизбей жакындатып жаткан данакер болгон Жайнагулдун акылына тан бербей коё албадым. Азыр анын кулагына кумдай куюп- Зыйнат апан чон суротчу, сен ошол апандан сурот тартканды уйронсон келечекте мыкты суротчу болосун деп, буйурун кызытып жаткан ошол Жайнагул. Эсенова келгенде, сени алып кетем десе барасынбы? Уйду сагынганча журуп кайра келесин десе, Усон минтип сурап жатат.
- Асан да барабы, ыя мама!
- Жок, Асан барбайт. Асан сурот тартканды билбейт да. А дегенде сен эле барып, уйронуп келчи. Экоон бирдей кетип калсанар, анда мен кантем. Олуп калам го.
- Макул, мама, анда мен эле барайын. Сен олбо, макулбу. Мен кайра бат эле келем да.
- Экоонун суйлошкон создорун угуп олтуруп Жайнагулго ушунчалык ыраазы болдум. Сен да ыраазы болоорсун, Зыйнат. Усон учун санаадан ооруп, ооруканадан жаны эле чыкты. Эмнеси болсо да сенин эне экенинди кулагына кумдай куюп жатып муютуп салды окшойт. Анын устуно каны тартабы деп калдым. Озу билбесе да журогу сезет окшобойбу. Азыр Зыйнат Эсенова дегенде, уктап жатса ойгонуучу болду. Бизде ушундай жанылык. Азыр баякы чатырап, гулдоп турган ай чырайлуу Жайнагул жок. Ойчул да, санаачыл да, ыйчыл да болуп кетти. Усондон ажыроо ал учун кыямат экенин коруп турам. Айла жок, Усон деп олтуруп энем да куурап калды. Билесинби Жайнагулдун чачы ушул акыркы айда агарып кетти.
- Андан эч нерсе болбойт, мен да куурагамын.
Чындыгында эле Толкунбек айткандай, ушул кезде Мансурдун уй-булосу чон трагедияны баштарынан откоруп жаткан кези болучу.
- Рахмат, Толоке, жакшы созун бар экен, - деди Жакан боюн тузоп. Мен Жайнагул жонундо укканым бар, бирок королекмин. Айткан созуно караганда акылдуу аял окшойт.
- Королек болсон коргону жатпайсынбы. Таанышып, аралашкандан кийин айтаарсын.
- Зыйнат, сен эмне кыласын, - деди Толкунбек
- Мен эмне кылмак элем, Тураттыкында калам.
Ары баскан Жакан токтой калып, бурула карады:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 01:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

242-бет.
- Эмнеге Тураттыкына? Жок, Зыйнат Эсеновна, андай болбойт. Азыр чогуу-чаран эле Мансур аяш атаныкына барабыз.
Тураттыкына эртен деле жетишесин барганга. Усонду коргун келип сагынып келатканынды бизди тушунбойт, билбейт деп турасынбы. Тушунобуз баарын. Толокемдин жакшы созунон кийин, Жайнагул аяшты угуп, Галия экоонду билбейм, мен озум кубанганымдан оз териме озум батпай мандайымдан тер чыга тушту. Аяшымды корууго шашып калдым.
- Шашсан кеттик анда. Бугун Тураттыкын ойлобой эле кой, Зыйнат.
Бардыгы машинага олтурушту. Жакан досунун машинасына тушту. Зыйнат Толкунбектин айткан созуно эргип, толкундап келатты. Озунун Жайнагул менен Кынага алып келаткан белек-бечкектерин конулунон откоруп келаткан аяшына Галия минтти:
- Ыя, Зыйнат, жана мен сенин Жайнагулго алып келаткан белектеринди коруп ичим тарыды эле.
- Эмне учун? – деди Зыйнат.
- Эмне учун дейсинби? Мынчалык чабылып-чачылып, кунулошуно эмнеге жасакерленип жатат. Норкасыз, алтынсыз эле келбейби деген элем. Озуно алган щубаны, жонуна бир салбай алып келатканынды жактырган эмес болучумун. Бирок Толкунбектин азыркы созун угуп кунулошуно ыраазы болуп калдым. Ырас эле жакшы белектерди алыптырсын. Кайненен менен Жайнагулдун апасынын кийити да, балдардыкы да эн сонун. Азамат турбайсынбы. Март аял экенсин.
- Э-э-й Галия, Галия, анаан эмне кылам. «Бир кормокко жан бермек» дегендей, олгонум тирилип, жоголгон жогум табылып жатса дунуйо кеппи. Мен ал балага эне болуп эне сутун да эмизбедим, туйшугун тартып, тун уйкумду уч болуп туйшолбодум. Баланы тууган эне эмес, баккан эне тура. Жайнагулдун Усонго синирген эмгегинин минден бирин отобой туруп «бала меники» деп ээ болуу мен учун куноо сыяктуу сезилет мага. Конулу менен ыраазычылык менен берсе алам баламды, бербесе талашпайм. Талаша турган акым да жок. Аман болуп тируу журсо болду.
- Ооба десен. Анын туура дечи. Бирок алсан эле жакшы болоор эле. Толкунбектин айтууна караганда берет го. Атайын даярдап жаткан тура сен учун.
Ангыча машина Толкунбектин артынан журуп олтуруп, бир чон кочонун орто ченине жеткенде темирден салынган жашыл дарбазаны коздой бурула берип токтоду. Боз уй менен там уйдун ичи-тышы, ийне тушуп кетсе корунгондой болгон жарыктан коз уялат. Зыйнат короодо жургон адамдарды, четте турган женил машиналарды коруп сестее тушту.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 01:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

243-бет
- Ту-у, киши коп го, ыя. Жок, мен кирбейм, Галия. Анан шоферго карады. Мени аркы кочого таштап койчу айланайын. Булар ушинтип машинанын ичинде буйдалышып жатканда, алдынкы машинадан тушкон Жакан, аларды коздой басты. Толкунбек болсо токтой калып, кимдир бироонун атын айтып минтти:
- Ай Нурбек, Жайна женене, Алматыдан меймандар келди деп айтып койчу.
Бул кезде Жакан менен Галия Зыйнат менен тил табыша албай жаткан болучу.
- Жок, мен тушпойм, тигил жакка эле барайынчы. Киши коп экен, уят.
- Эч уяты жок, Зыйнат. Сен кирбесен биз да кирбейбиз анда – деди Галия, эшиктин алдына келип алып кайра кеткен кантип болмок эле.
- Мага баары бир, боло берет.
- Антпе! – деди Жакан.
- Эмне болду? – деди Толкунбек, эч нерсеге тушунбой. Тушпойсунорбу?
- Киши жок экен деп ойлоптурмун – деди Зыйнат. Ажырашты деген Эсенова бул жерде эмне кылып журот дешпейби. Тилимди алып Тураттыкына жеткирип койгула, башка убакта келейин.
- Эми андай создун айтылышы турулуу иш дечи. «Эки катын бириксе базар, уч катын бириксе жарманке» - деп орус эли бекер айтпаса керек. Биздин турмуш уу тилдуу ушакчылар учун эрмек болбодубу. «Кол менен кылган ишти моюн менен тартышыбыз керек». Мен азыр андай создорго бышы кулак болуп конуп калдым.
- Сен конгонун менен мен коналбай жатпайымбы.
- Коносун.
- Конгон кезде коро жатармын, мен кетейинчи бул жерден.
- Мейли анда жеткирсен жеткирип кой – деди Толкунбек Зыйнаттын абалын коруп туруп кыянаттыкка баргым келбейт.
- Кыянаттыкка баргын келбесе, Асан менен Усонду, Тураттыкына жиберип коёрсунар, Жайнагулго айтып.
- Жарайт, айтабыз. Толокем айтпаса мен айтам, аяш.
Зыйнат тушкон машина жаны эле бурула бергенде, Жайнагул ар жактан Жакандарды коздой ылдамдай басып келатты. Аялын коргон Толкунбек минтти суз.
- Эмне, меймандардын келгенин Нурбек айткан жокпу?
- Айтты. Кечирип койгула, колум бошобой жатпадымбы. Жакан менен Галияны кулундой карап минтти: - Кечирип коюнуздар, биздин ардактуу мейманыбыз сиздер болсонуздар керек.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 01:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

244-бет.
- Ооба, Жакан деп уктун беле? – деди Толкунбек.
- Ооба, уккамын.
- Уксан ошол Жакан ушул. Тигил айым Жакемдин жолдошу, аты Галия. Таанышып койгула.
- Куш келиптирсиздер. Кол алышышты. Кана уйго кириниздер. Зыйнат Эсенова келбедиби?
- Ооба, келди, келди.
- Ии, Тураттыкында калган го. Кап мында эле келсе го.
Жакан озуна жооп узатты, Толкунбекке козун кысып.
- Журу дедик аяш, бирок болбоду. «Журогум бар корком, жузум бар уялам» дегендей жазганды го. (Эшиктин алдына чейин келип алып, анан айнып кетип калганын айткан жок). Ал эмес Толкунбек менен жолдон кезиккендерин да жашырып койду.
Жайнагул жарк этти.
- Сен ырас келип калган экенсин.
- Булар менин артымдан удаалаш келип калышса болобу. Бири-бирибизге пейилибиз туз да. Ошон учун…
- Кап, Зыйнаттын келбегени жаман болуптур. Мурда мында келбесе, экообуз бири-бирибизди корбосок бир жондуу эле. Усонго Зыйнат апан келет деп дегдетип койбодум беле. Ал кутуп жатат.
- Ырахмат аяш, айкол экенсиз. Келет. Эртен чакырып алабыз.
Жайнагулдун ак жибектей созулуп, ак гулдой улбурогон мунозун, ылайыгы менен орундуу суйлогон создорун, сулуулукка сулуулук кошуп карагаттай жайнаган сурмалуу коздорунон карегин албай суктана караган Жакан тиктей берип тилден калып, талып турду. Толкунбек акылдуу, сулуу аялдардан жолдуу жигит экен. Кокустан Зыйнат менен Жайнагулду таразага тартса, салмагы сайдын ташындай болуп экоо бирдей оош-кыйышы жок таразаны бирдей басчудай экен деп ойлоду.
Алматыдан келгендерди озунчо даярдалган уйго киргизишти. Дасторкон усту жайнап, коргон жандын коз жоосун алып, ичпей-жебей туруп эле тоё тушкондой болушту. Меймандар жайланып олтураар-олтурбастан эле, кок буусун кокко буркуп самоор кирди. Самоорго удаалаш шынга бойлуу, кырдач мурун, чап жаак, алагар коз, сымбаттуу жигит менен арык чырай, бетинин отунда буурчактай калы бар, кара каш, кара коз келинди баштап кирген Толкунбек менен Жайнагул меймандарды сыдыра тиктеп токтой калышты.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Пользователь офлайн   Aliya2015   29 Февраль 2016 - 01:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

245-бет
- Байке, мен обол мурун силерди ушул жерден эле меймандар менен тааныштырып коёюн, Жакан Усаевич Алматыдан келди. Озунузго окшоп бул киши да эмгек синирген куруучу. Алматы курулуш трестинин президенти, Жогоркуи Кенештин эл окулдор жыйынынын депутаты. Жанында олтурган сулуу келинчек Жакандын жубайы, аты Галия, кесиби мугалим. Эми мен озум жакты тааныштырайын. Бул менин жанымда турган Жайнагулдун агасы, менин кайнагам, эмгек синирген куруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Союздун мезгилинде Улуттар Советине эки жолу депутат болгон, Сады Казыевич, а бул киши жолдошу, аты Гулайым, кесиби врач.
Меймандар бири-бири менен кучакташып корушуп, кол алышып учурашышты. Бул жерде сыр билгизбей ойго батып олтурган Толкунбек болду. «Конулдоштун коону тутпойт» дегендей эси-дартынын баары айланып келип эле Зыйнатка келип бир тиет. «Атандын корунун тагдыры ай, ошончо жерден кош канатын сабап дегдеп келди ээ. Канчалык эр кокурок болгону менен чын-чынына келгенде, даражасы татым тузга татыбай бир заматта алсыз болуп кетти» деген ойдо аны аяп олтурду. Бул жерде жалгыз эле Толкунбек эмес, Жайнагул да ичинен жеген курттай болуп Усонду ойлоп ичи оттой жанып, ал эртен эле Зыйнат менен кетип калчудай, анан экоо экинчи бири-бири менен эч качан корушпочудой болгон бир оксук журогун ойуп, озунун озу конултактап сабыры суз тартып, чайдан бошогон чыныларга назар салбай, тигилердин созун тыншагансып олтурган аялын, Жайнагул деп айтам деп: «Ай Зыйнат, чай куйбайсынбы? » - деп жиберсе болобу. Жигит байкоостон оозунан чыгып кеткен оз созунон чочуп кетти. Олтургандардын бардыгы жигитти жалт карап алышты.
Толкунбек ушул бир ооз соз учун ага-женесине эле эмес, аялынын алдында да акталбай турган айыпка жыгылган немедей, адегенде эки бети тултуюп манаттай кызарып барып, кайра жууган чупуроктой болуп ону очо тушту. Ту-у-у, ит эле болдум. «Тоодо осурган котум, ойдо да осурат» дегендей, баякы Зыйнатка корсоткон сырды эми Жайнагулго корсото баштаган окшоп калдым, - деп айласы тугонуп, аргасы буткон немедей, буткон боюнан муздак тер чыга тушту. Ал эми Жайнагул болсо, ошол замат баякы Зыйнат жазган каттагы созду эстеп кетти. Бул шордуу аны да ушинтип куураткан да. Зыйнатты ойлоп олтуруп, Жайнагул дейм деп, ойдо жок жерден жанылып кетти го. «Атакем билсе кара иш, энекем билсе оз башынан откон иш» дегендей, тигил казак туугандар го тушунду, ал эми абам менен женем эмне деп ойлоду экен – деп Толкунбек учун озу куноолуудон бетер башы жерге кире тушту.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Пользователь офлайн   s9zen098   29 Февраль 2016 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Угул Толкунбек эч кимиси жок, талаады куураган как башы калса көксөм сууйт эле. Накта эле акмак турбайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Пользователь офлайн   alykul   29 Февраль 2016 - 16:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Толкунбектин макалын окуп катып калдым го...чыгарма сонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Пользователь офлайн   aytunuk   01 Март 2016 - 00:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

Эми дагы бир жума кутобуз го автор тезирээк эле жазсан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Пользователь офлайн   egiz-jigit   02 Март 2016 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

....................

Билдирүүнү түзөткөн: egiz-jigit: 02 Март 2016 - 20:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Пользователь офлайн   aytunuk   02 Март 2016 - 23:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

Автор качан жазасын канча кундо жазаарынды айтчы ошол куну кирип окуп туралы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Пользователь офлайн   Aliya2015   03 Март 2016 - 01:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aytunuk (02 Март 2016 - 23:56) жазган:

Автор качан жазасын канча кундо жазаарынды айтчы ошол куну кирип окуп туралы

Күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Азыр ден соолугума байланыштуу жаза албай жатам, буюрса жакында улантам
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Пользователь офлайн   urmatto   03 Март 2016 - 12:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 09 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Янв 2021 00:38
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Aliya2015 (02 Март 2016 - 22:16) жазган:

Күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Азыр ден соолугума байланыштуу жаза албай жатам, буюрса жакында улантам
Мен сизди аябай тушунуп турам,Алла таалам шыпаа берсин.
Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться, бойтесь того, что она так и не начнется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 00:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: