Чоочун киши.
#161 03 Август 2015 - 16:41
-------Сизчи?Сиз өкүнгөн жооксузбу?
-----'-----Эмнеге өкүнөйүн кайдагы бир бирөөнүн таштанды баласына.Ал өлбөй тирүү болгондо да бактырмак эмесмин Жакинге.Балага кардар бирөөгө берет элек да.багып ал деп.Бирөөнүн баласын коюп,өзүнүн тигил эки жаман немесин багып алсынчы аман-эсен чонойтуп.Тообо ушул эле тегеректен бирөөө тууса керек,туурасынан кетип.Жайнакенин ай-күнүнө жетип турганын билген немелер,кош бешик кылып багып алат деп ойлодуда.Өлгөнүн кулактары менен угуп,көздөрү менен көрүп,тилин тиштеп өкүнүп олтургандыр, жүзү караалар.Кудай баламдын өз этегинен жалгасын.
Толкунбек кечке үйүндө болуп,саат ондон өткөндө кайра жолго чыкты.Ал Зыйнатка барып,болгонун болгондой жашырбай айтып салды. Зыйнат карындагы балага карк токтолгон жигиттен айрылгандан бетер жаман аза күттү.Эстеген сайын ыйлап көз жашы кургабай жүрдү.Өзөктү жарган өкүнүчү,түбөлүккө сакталып арманы арылбаган бойдон калды.Зыйнаттын арманга толгон жаралуу жүрөгүн алаксытуучу бир гана даары бар болучу.Ал болсо Толкунбектин жакшы сөзү,жалындуу махабаты эле.Баладан кийин анын көңүлүү суумак турсун,кайра күйүп жаткан отко бензин куйгандан бетер алоолой берди.Зыйнат мурда ички дүйнөсүн,жүрөктү жарган ууз махабатын аялдык ар-намыс менен,ичке сактап бирин айтпай турган болсо,азыр андай болбой калды.Ал бүт өмүрүн Толкунбекке арнап,жалгыз гана Толкунбек үчүн жашап жаткандай өзгөрдүү.Баласынан ажыраган кырсыктан кийин,бат эле күйөөсү менен ажырашып кетти.Эми Зыйнаттын күткөнү Толкунбектен экинчи боюна болуп,экинчи балалуу болуу.Сүйбөгөн алам менен никелешип,дүнүйөгө бөлөнүп,бир кылым жашагандан гөрө,сүйгөн жар менен бир саат өмүр сүрүү ал үчүн бакыттай сезилди.
"""" САГЫЗГАН САКТЫГЫНАН ӨЛБӨЙ,СУКТУГУНАН ӨЛӨТ""" ----дегендей бир кезде,Зыйнаттын тузагына түшүп калбоо үчүн сактанган Толкунбектин жүрөгү Зыйнатка аргасыздан байланды да калды.
Ушинтип эч нерседен капарсыз жүргөн кезде Жайнагүлдүн келип калышы күтүлбөгөн окуя болду,бирок үй-бұлөө деген үй-бүлөө да.Орто жолдо Зыйнатка боору ооруп,аны кыйбаганы менен Жайнагүлдү көргөндө алапайын таппай калды."" "Жүзүм бар уялам.жүрөгүм бар корком"" ""дегендей, Толкунбектин азыркы ойлоп жаткан оюда кайгысы да уяты да,Жайнагүл менен көптөн бери көрүшпөй жүргөн,эрди- катындын махабаттуу сагынычын тосо албагындыгында болуп турду.Ал бул күнөөсүнөн кандай жол менен актанып,кандай жол менен аялынын көнүлүн алаарын,билбей ой-басып жатып көзү илинип кетти.
Эртең менен Толкунбек турса Жайнагүл үйдөн алып келген тамак-ашын жайнатып чайын-демдеп, күйөөсүн туруп чай ичишин күтүп олтурган болчу.
----------Жакин алтыным мени кечирип койчу.Толкунбек колуктусун дароо кучагына алып,бети-башынан аймалап өпкүлөп жиберди. Ойдо жоок жерден эле тигил аял кире калып,сага шерменде болдум.Жайнагүл күйөөсүнүн оозунан оозун ала качып,башын чулгуп минтти:
----------Түүү,,эмне эле мынчалык оозу-мурдун сасып,түтүн жыттанып калгансын.Болдучу эми дем ала албай тумчугуп кеттим.Көңүлүн жай,жүргөнүн аял түзүк жашап жаткан экеңсин.Биз сени жалгыз куурап жүрөтко десек.Сен.... ...Келиндин көз жашы мөлт дей түштү.Жигит чөнтөгүнөн бет арчысын алып,колуктусунун көз жашын арчыды.
Аялынын сөзүн угуп,оюна дароо Зыйнат түштү.Тамеки эмес тезек жыттанып турсада,жалынып" "Жытын сонун жытыңды сагындым" ""---деп чарк көпөлөк ойлонуп турганын ойлоду.Антседа Зыйнаттын сааттай болуп мейменканага Толкунбек менен бакырайып чогуу келгенин Жайнагүлдүн көрүп коюшу, акталбаган айыптай болуп,айласы кууруп турду.Ал баардык күнөөсүн өзүнүн тынчы жоок жумушуна шылтап минтти::
----Ыйлабачы алтыным.Эчен күндөн бери эс албай командировкада темтеңдеп жүрүп,аябай чарчаган турбаймынбы.
#162 03 Август 2015 - 23:48
"Куноосу болбосо, эмнеге кайра-кайра кечирим сурайт. Кечеги аял менен бир балакети болсо керек", деп ойлогон Жайнагул Толкунбекти бир карап алып минтти:
-----'''' -------Түшүнүктүү болдуго баары?
---------------Койчу эми кечке эле кыжыктана бербей,айттымго чынымды.
Берки бөлмөдө келин-уулунун сүйлөшкөн,сөздөрүн тыңшап кокус шайтан болуп,ушул жерден чатак чыгып кетпесе экен деп Жаннатты кучактап жаткан Кына Жайнагүлдүн токтоолугуна ыраазы.Уулунун" "Зыйнат деген шуркуя менен байланышы бар""" --деген ушактын бекер жеринен чыкпаганын ойлогон сайын от жутуп турду.Анан дагы Үсөндү тууган энеси ошол бетпак болбосун деген ой ичин ийдилеп жатты.Тообо" ""бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт"" ""-----деген ушул.Мен бул экөөнүн бири-биринен ысыгы тарап,бирөөнү карап эгерим күлүшпөйтко дечү эмес белем.Көрсө шайтан экөөнүн ортосун,эчак аралап кеткен неме тура.Колуктусу тыякта ата-эне деп,балдар деп тырмаңдап,көр оокат менен алышып жүрсө,мунун бул жакта жүрүшүү бул.Дөбөткө окшоп бир канчыктын,артынан эрчип калган неме тура.Шайтандын оспасы жаман,болуучу эле.Оо кудай бул окуянын арты кандай болуп кетер экен.Мунун ушинтип жаман жолдоо жүргөнүн кайын журту укса эмне деген бет калат.Жайнагүл тил алса көчүп келип,күйөөсү менен бирге жашап,тигил дөбөттү өз колуна албаса,болбой калган турбайбы.Толкунбек дууштан чыгып кийинип жаткандай болду.Дабыш тыңшаган Кына,уул-келинине кайрадан кулак төшөйт.Жайнагүл күйөөсүн чайга чакырып жаткан үнү угулду::
----------Кел олтур,жумушка ачка кетесиңби?
Ушул кезде Толкунбектин жүрөгүнө чыны менен эле уятынан тамак баспай турган.Ал аялына чын сырын айтып минтти:
-----------Эртең менен эчтеке ичпей,ачка кетип жүрүп көнүптүрмүн. Кудай урсун грамм тамак ичким келсе. Жаман көзүн карабачы деги,түштө келип канча ич десен ичип берейин. Жайнагүл кекерлүү күлдү;
---------Баш жазгын келип турган жоокпу?Тигине арак десе арагын,коньяк десе конягын,бальзам десе бальзамын бар экен.Тим эле камкор жашап жатыптырсың. Ичесиңби куюп берейин.
-------Алардын турганы качан.Ичип жүргөн экен деп коркпой эле кой.Баягы жаңы келгенде эле,куру кол келе алышпай жолдоштор алып келишиптир. турат ошол бойдон ичилбей.Ансыз деле бул жакта,ичкенди жаш-кары дебей жаман көрүшөт экен.
------------Ал жагы жакшы экен.Эми эртең мененки насиптен ооз тийбейсинби? Таң атпай саат жетиде башталабы сенин жумушун?
----------Билбейсиңда ишим чачымдан көп экенин.эрте барбасам болбойт Жакинтай.
Толкунбек столдун чекесине олтуруп,бир стакан сүт бир тилим нан жеп алып ордунан турду.
-----------Эми санааң тындыбы?
------'--'--- -Мен үчүн ичип жаткансып сүйлөйсүңда.
Толкунбек аялынын мурдунан чымчып коюп чыгып кетти.Жайнагүл балконго келип,Толкунбекти айнектен узата карап,ичи туз куйгандай ачышып мостоюп турду"" """Башка аял менен жүрөт деген ушундай болобу"" """,--- -деп ойлодуу ызага ууланып.Уулу чыгып кетери менен Кына ордунан туруп келининин жанына келди.Бөлмөнүн ичиндеги тынчтыкты көрүп,тамагын жаңсап койду демиккен эне.
----------Турдунузбу? -Көз жашын кайненесине көрсөтпөй,кол жоолугу менен акырын сүрттү.чай ичели.
-----------Ичели алдына кетейин.
Кына Толкунбек жөнүндө ооз ачып эч нерсе сурабады.Кокус келинимдин оозунан жагымсыз сөз чыгып кетеби деп сактанып,баласы эмес эле өзү күнөөлүү болгонсуп,кайпактап турду.Эненин көзүнө жайылып турган дасторкондун үстү биринчи урунду.Жайнагүл кече жер-жемишти кеңири алып келип койгон."" """ОЙ БЕРЕКЕЛҮҮ БАЙКУШУМ АЙ,ЭМИ МУНУН БААРЫН КИМ ЖЕП БҮТҮРӨТ"" "----деп ойлоду ичинен.
---------Эне алсаныз, кайсынысына табитиниз тартат жей бериниз коркпой. Жер-жемиштин пайдадан башка зыяны жоок.Бул жакта баары бышат. Тоо токоюнун баары эле жапайы алма,өрүк мисте жаңгак жийде.Мен жеңемдин төркүнүнө абамдар менен келген сайын,аларды эрчип жүрүп көрбөгөн жерим калган жоок.Сары-Челек, Кара-Алма,Арсланбап сыяктуу жерлерди көрсөнүз тим эле укмушта.
--------Гүлайымдын төркүнү кайсыл жакта? Бул жерге жакынбы?
----------Жок бир топ алыс. Жанагы мен айткан Сары-Челек деген көлгө жакын райондон.
------ Ооба ооба Сары-Челек дешип,катуу даңазалашатко. Жарыктуу касиеттүү жер тура бул Ош дегениң.
---------Мына бул кенедей болгон байкуштар менен чыйылдашып ысыкта,автобус менен алыска жол жүрүү кыйын. Болбосо ошол жердин баарын көрсөтүп келет элем.
Кайнене менен келин ушинтип сүйлөшүп олтурушуп,чайды кандай ичкендерин дагы билбей калышты.Бир убакта аркы бөлмөдөн Жаннаттын """ЭН- Е-Е""----деген үнү чар дей түштү.Ушул эле эжесинин турушун күтүп турушкансып Асан менен Үсөн дагы ойгонушту.Үйдүн ичи өзүнчө эле базардай жайнап,өзүнчө эле бир айылдуу адамдар болуп бака-шака түштү да калды.Кына менен Жайнагүлдүн бири-бирине сыр билгизбей,ичтеринен сызып,жүрөктөрүн таштай оюп турган ой-санааларын үч баланын зери учуруп кеткендей болду.
А Толкунбек болсо Жайнагүлдүн жанынан чыгары менен,эки жагын карабай түз эле, Зыйнаттын үйүн көздөй сызды.Кечетен бери жалгыздыктан жанын коёрго жер таппай таңды аттырган Зыйнат звонокту угуп төшөгүнөн томолонуп турду.Ал Толкунбектин звонок бергенине чейин билүүчү. Ал эмес машинасынын моторунун үнүн,анын токтогонун башка машиналардын арасынан ажыратып таанычуу.Аял түнкү ич көйнөкчөн,чачы саксайган бойдон,бойдон барып эшик ачты.Экөө босогодо бирин-бири тааныбаган адамча тиктешип токтоду. Бирок бул үнсүз тиктешүүлөрдүн түпкұрүндөгү мааниси;" """" Сен экөөбүз канткен менен бири-бирибизди кыйбайт экенбиз"" ""----деген ойтолгоолор болчу.Зыйнат Жайнагүлдүн балдарын,Толкунбектин энесин көрүп келгенден бери,ичи өрттөй жанып,күйүттөн өзүн жоготуп,өз бактысына нараазы болуп,ой-боорунча ыйлап,ой-боорунча тамекини таң атканча тартып,ачуусун ачуу менен бастырып,уйкусу канбай,оору менен соонун ортосунда башы каңгып,көздөрү кызарып,кабактары шишип,кебетеси кетип калган.Толкунбек Зыйнаттын ичи таарлыктан капа болоорун мурун эле түшүнгөн.Бирок анын бир эле түндө мынчалык болуп кетерин билген эмес.Азырда көргөн көзүнө ишенбей турду.Башка да бирдеме болдубу деп ойлоду.Экөө үндөшпөй басып залга киришти.
-------------Мен сени келбей экен дедим эле ---деди Зыйнат.
---------Эмне үчүн??--- деди Толкунбек.
---------Үй-бүлөөң келди да. Баса кече мени Жайнагүлүн бул кайдагы неме дедиби? Же байкабай калыптырбы? Бир жакшы жери мен аларды көрөрүм менен эле дароо бурулуп чыгып кеттим. Тааныбасын деп ойлодум. Аяш энем билген жоок.Катынын чала була байкап калгандай болду эле.Эмне деди?Урушкан жоокпу?
----------Чала була эле көрдү да.анан калса мейманкананы төбөбүзгө көтөрүп,каткырыгыбыз таш жаарып,эн таалада жүргөнсүп,капкайдагыны сүйлөп аңырайып келатпадык беле.
Зыйнаттын сунгаң сигаретин Толкунбек" ""тартпайм" " деп башын чайкап албай койду.А келин болсо өзүнүн оозуна салып,тиштеп турган тамекисинин күйгүзүп,ширенкенин талын күл түшүргүчкө ыргытып,түтүн буркурата үйлөп минтти;;
-------Сен эмне тамекида тарткын келбей калганбы?
-----Ооба тарткым келбей калды.
-----Жайнагүл тамекида тартпа,аракта ичпе деп,ульти-матимдуу катуу коюп жатканго дейм
----------Арак ичпесимди ансызда билет. Тамеки жөнүндө сөз да болгон жоок. Бирок бул итиң көкүрөктү ыштап жаман кылат экен.Бир кудай урган кургак жөтөл пайда болду мага. Тамекиники дейт.
-------Көп ичкендин көөнү,аз ичкендин пейили билет. Тамеки тартасынбы? Тартпайсынбы? арак ичесиңби ичпейсиңби ал өз ишиң.Мен сенин эмнене ыразу болуп турганымды билесиңби?
-------Эмнеме ыраазы болуп кеттиң?
--------Зыйнат байкушту эсиңе алып келгенине.Оңой менен чыга албай калды го деп жаттым эле.Сен Жайнагүлдүү токтоо кечиримдүү, акылдуу деп көп ишене бербе.Тышы жалтырактын ичи калтырак болоорун билесинби?
Кылча кылмышы жоок аялына карай айтылган мындай жагымсыз сөз жүрөгүн силкип алды.Кабагы бүркөлө түштү.Мурда аялы жөнүндө бул сыяктуу жагымсыз сөздү укпаган Толкунбек кабарчыктап минтти::
#163 04 Август 2015 - 18:03
-Жок, Зыйнат кечиресин, менин Жайнагулум сен ойлогондой, ичи клтырак, кем акылдардан эмес. Суранам сенден, бири-бирибиздин уй-булообузго соз тийгизишпей журолучу. Ансызда уятымдан эмне кылаарымды юилбей турам. Жрогу ооруп, капа олуп калдыбы деп тан атканча кирпик какпай, санаага батып чыктым.
-А мен жонундо ойлогон жоксунбу, байкуш Зыйнат эмне юолп жатат экен деп. Анан дагы жападан жалгыз бир кйдо, -Зыйнат Толкунбекке таарынып, тутундай юаштады.
Тушунсон боло, ал менин ак никелуу алым да, Чолпондо болгон уч баланын энеси. ЖЕ менин уй буломдун бар экендигин билген жок белен. Ууру жумш уурудай болуш керек. Экообуздун сылык сыпаа соз менен аткнда тим эле "конулдош" деп койот. Орой соз менен атканда ойношпуз. Анан дагы экинчи жолу тундогудой телефон члганды токтоткун.
-Сен ушуну атканы келдин беле?
-Ооба ушуну айтканы келгемин. Жайнагул менен энем кетмейинче экобуз кезигишпейбиз да, суйлошпойбуз да,.
Балдарды коройун деген элем. Балким ал экоонн бири менин балам болп калсачы.?
Бала жонндо айтылган бул созду гуп, жигиттин тобо чачы тик трду. Зынаттын кээ бирде уят-сыйытты билбей ойлогон оюн орундатпай жаны тынбаган жайылдык жайн Толкунбек тушунуп клган. "Кыздын баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат" дешендей, Зыйнаттын кыз кезинеги кыялы бутундой озгорп кеткен. Кокустан мага оошуп оз балады озумо бер, мунун бироо меники болот деп талашса эмне болот? Бул менден олп ажырабаса, туруу ажырабачу неме окшобойбу, -деп олоду кейишке тушкон Толкунбек.
-Ошон учун муну ооштуруп, жинине тийбей, алдап -соолап гана турш керек. Ансыз
Зыйнатты корбосо, бир кымбат нерсесин унут кылгандай оз конулун толбосун да билди. Андан дагы бир эле тундун ичинде ушунчалык абалга келгенин коруп, боору оруп турду.
#164 05 Август 2015 - 14:25
Зыйнат мойнуна алгандай шылкыя түштү.Анан өзүнөн өзү булугуп ыйлай баштады.Чындыгында эле анын арманы арылбай калган шордуу болуучу.Күйөөсү менен ажыраша турган болгондон кийин,баласын ачык эле төрөп албаганына өкүүнүчү.Бирок мынтип баласынан кол жууп каларын,күйөөсү менен ажырашарын билген жоок да.Бала жөнүндөгү баардык ишеничи Толкунбек болбодубу.Ошол он ай көтөрүп,омурткасы сыздап төрөгөн баласын тоңуп өлдү деген суук сөздү,уккан минутадан баштап көргөн күнү тар болду.Басса- турса ойлогонуда эмтегени да ошол бала.Анын бир алаксыганы Толкунбек,бир алаксыганы өзүнүн өнөр канаасы.Зыйнат полотнолорго кыл калем менен өз өмүрүнөн алып,эмне деген гана сүрөттөрдү, ажайып пейжаздарды, портреттерди тартпады.Баласы өлүп кара кийип кан жуткан эненин сүрөтү,Зыйнаттын жүрөгүнүн тереңинен сүзүлүп чыгып,полотного түшкөн өзүнчө эле бир,эч бир адам байкоос албаган,романтикалуу жандуу чыгарма болду. Дагы бир картинасында: көгүлтүр нурун бөлмөгө алсыз чачкан,лампочканын жарыны көнүлсүз бүлбүлдөйт. Айлана тымтырс.Түн бир окумунда жаш аялдын койнунан туруп,кийинип чыгып бараткан жигит менен жалооруп жалгыз калган аялдын кейпинен,бул эки адамдын тагдырынын келишпес,эки ачалыгы дароо көз алдына тартылат.
Кийинки учурда мына ошол өз максатына жетпей,сүйүүдөн бактысыз калган аялдар темасына,байланыштуу май боёктор менен тирүү адамдай образды жараткан сүрөттөр Зыйнаттын негизги темасы болуп калды.Анын мындан башка экинчи темасы бала."" "БАЛАЛУУ АЯЛ БАКТЫЛУУ" "----деген девиздин алдында жапыкка чыгарган" """БААТЫР ЭНЕ""" "----деген сүрөтү республикалык сүрөтчүлөр союзу тарабынан жарыяланган конкурста байгелүү сыйлыкка татыктуу болду.
#165 05 Август 2015 - 16:43
бактылуу» деген девиздин алдында жарыкка чыгарган «Баатыр эне» деген суроту
республикалык суротчулор союзу тарабынан жарыялаган конкурста байгелуу сыйлыкка
татыкттуу болду.
Зыйнаттын азыркы бирден бир
максаты, кандай Гана болбосун, Толкунбектен балалуу болуп, откондун отолгосун
алуу болучу. Бирок мындай бакыт анын башына конобу, конбойбу, Ким билет…
Толкунбек жолдо карата бирде
Зыйнатты, бирде Жайныгулду ойлоп баратып, озунон ОЗУ журогу ооруп чыкты. Ишине
барып, машинасын гараждан айдап чыгып, кабинетине жоноп кетти. Бул жерге эки
кундон бери келе элек болучу. Инженерди коргон курулушчулар жандана тушту.
Мастер Толкунбектин жанына басып келди.
-Салом алейкум.
-Алеки салам. Кандай иштер?
-Жаман эмес, журуп жатат. –
Экоо ээрчише басып, фундамент куюп жаткан жумушчулардын жанына барып токтоду.
-Иш илгери болсун, жигиттер!
-Илгерилетмек сизден болсун.
Келиниз!
-Минтип фундаментти куя
баштадык, - деди бригадир, Толкунбекке конул бура карап. – Буюрса, бул жу-
манын ичинде
маналитти бутуп, анан башмак коё баштайбыз. Уйдун фундаменти бутуп, кирпичтер
куюла баштады дегенче, адата иштин темпи алдамдап, курулуп козго коруно баштайт
эмеспи. Азырынча комсунбай коё турунуз.
Чындыгында Толкунбеке козуно бул
курулуш дегеле устубуздо беш жылдыкта бутпоочудой болуп корунду. «Коз коркок,
кол батыр» - деп ойлоду ичинен. Ушинтип бутпоочудой болуп жатып, мунун да
калкка кызмат кылуучу мезгили келет. Ары-бери басып, жумушчулар менен суйлошуп,
курулушка зарыл керек болуп жаткан шагыл менен мыйда кумдун, цементтин запасы
азайып баратканын коруп блакнотуна жазып алды.
-Прораб келдиби бугун? – деп
сурады, жумушчулардан.
-Келди, Толкунбек Мансурович, ал
материалды эртен менен эрте жиберем деп кетти.
Бетон куюлуучу фундаментке эки-уч
тонна аралашма бир баткан темир челекти кранга котортуп, анны керектуу жерге
тууралап коё албай жаткан жигит озунчо согунуп жаты. Ушул саамда Толкунбектин
коздору коркунучтуу алайып, ката тушту. Азыр ага, тигил калчылдап, карыша
кармап турган жигитти жуктуу темир челек жыга коюучудай болуп корунуп кетти. Ал
кандай учуп жеткенин ОЗУ да билбей калды. Толкунбек менен биргадир алиги жигит
учоолоп темир челекти туш-туштан кармаганда Гана жуктун чайпалганы аран
токтоду. Ушул маалда инженер крановшикке ачуулуу кыйкырды:
-Эмне карап турасын,
тушурбойсунбу жукту!
Ошол замат кранды бироо катуу
силкип жибергенсип, чайпала тушуп, оор бетон аралашма, тигилерди ары-бери
сурдуктуруп барып, жук акырындык менен жерге коюлду.
#166 05 Август 2015 - 22:06
Ушинтип чалдуу-куйду ойдон башы айланган Толкунбек,машинаны кандай ылдамдыкта айдап келетканында байкабады.Ал мейманканын алдына келип катуу тормузду басты.Машина сүрдүгүп барып токтогондо гана эсине келди.
#167 05 Август 2015 - 23:51
токтогондо Гана эсине келди. Машинадан тушуп, эшикке жакындаганда туура тушунан
чыкка «Аба-а-а!» деген ундон жалт этти. Ошол замат Кынанын колунан колун
бошотуп, озун коздой кополоктой учуп келаткан Жанатты коруп, кабагы жарк эти.
Кош канатын жайып, Толкунбек да кызын коздой далбас урду. Козду ачып-жумганча
кучагына жабыша тушкон баласын кош колдоп жерден таптак которуп алып, опкулоп
жиберди. Кирпиктери саландап, коздору Жаны туулган ботонун козундой жайнап, ак
кагаздай болгон жузуно жарашып, сексейген кыска чачына бир тутам гулдой
байланган бант наристенин коркуно корк, сулулуугуна сулуу-
. лук кошконсуп,
атасынын ичин элжиретип жиберди. Толкунбек тээ бир оокумга чейин кайра-кайра
опкулоп, кайра-кайра жалына берди.
-Секет кетейин сексейген сексегим,
Кызыл гулум, кунум, тунум, тукумум, туурум…
Кына уулунун кызына жалынган созун
угуп, коздоруно жаш айланып, мууну бошой тушту: «Байкуш балам, - деди ичинен, -
тунун экени да, туурун экени да чын. Кудай сага аялды да, Баланы да жараштырып
берди эле. Бузулбаса экен уян. Корком балам сенден. Журушун шойкумдуу корунуп калды».
#168 06 Август 2015 - 21:00
Ушул кезде Зыйнат кинотеатырдын
афишасы чапталган досканын алдында ары карап, Толкунбекти акмалап турганын эч
Ким билген жок. Жигит кызына жалынган сайын, анын озогу орттонуп, журогу куйуп,
ичи туз куйгандай ачышып, озунчо эле куйкаланып жатты. Келиндин кулагына
Жанатка жалынган Толкунбектин ар бир созу кызына эмес эле, Жайнагулго
жалынгандай болуп туюлду. «Кызы кудум эле энесине окшош экен» - деп озунон ОЗУ
кунулоодон кул болуп турду.
Толкунбек кызынын коздорунон
алмак-салмак ооп-ооп алып минтти:
-Жакин уйдобу? Бобокторун ыйлаган
жокпу? Эмне, энен экоон абам качан келет деп мени кутуп турдунарбы?
-Жайна женем сага тамак жасады,
аба. – Кыз экинчи кабатты карап соомойун корсотту, - тигине Жайна женем, аба,
тигине. Асан менен Усонду которуп бизди карап турат. Жанат бобокторуно
кыйкырды: - Ээ-й, Аса-а-ан! Усо-о-он! Мени карагылачы, абамдан чон болуп
калдым. – Алакандарын чапкылады кыз. – Эй, сен Усонсунбу де Асансынбы? А сенчи,
Асансынбы же Усонсунбу? – Кыткылыктап кулот.
Толкунбек оздору жашап турган
болмонун балконуна эки уулун эки колу менен имере кучактап, алдындагы кичинекей
столго таканчыктатып, озун карап, томсоруп тур-
ган аялын коруп,
журогу сызыла тушту. Колдорун которуп, аларга карата сунуп, анан оз манжасын
ОЗУ ооп, балдарына ышкырып койду. Алар ансайын Тим эле атасын тааныган немеден
бетер, талпынгандан талпынып, тынымсыз ун салып, экоо бирдей буттары менен соку
жанчып, колдору серендеп жатты. Толкунбек балдарынын кылык-жоругун коруп,
кубанычтан толуп, эт жжурогу элжиреп турду.
-Э, эне балдарыныз торолуп,
Адам болоюн деп калышыптыр ээ.
-И, каралдым, Адам болоюн дебей
анан. Карыбадыбы. Байкуш Жайнагул энелигинен чыдады го экооно. Баланын
азап-тозогуна эне Гана чыдайт тура. Бул экоонун ыйлагын айтпа. Эми, эми Гана
жоошуюн деп калышты.
#169 07 Август 2015 - 04:35
анан. Карыбадыбы. Байкуш Жайнагул энелигинен чыдады го экооно. Баланын
азап-тозогуна эне Гана чыдайт тура. Бул экоонун ыйлагын айтпа. Эми, эми Гана
жоошуюн деп калышты.
Ушинтип кожурашып суйлошуп,
ээрчише басып, учоо кирип кетишти. Зыйнат ушул саамда афишаны да карабай,
откон-кеткенге да назар салбай, тээ экинчи кабатта, эки Баланы эки колу менен
имере кучактап, экоону алмак-салмак жыттап коюп, дуйносу тугол тартып, бул
ааламда озунон бактылуу аял жоктой, жузундо кубаныч ойноп, жадырап-жайнап турган
Жайнагулдон коз албай жалдырай тиктеп туруп: «Бактылуу немее экен», - деп
ойлоду ичинен. Ал ушул суротту оз чыгармасына пайдаланууну конулуно туйуп
койду. «Эгерде менин балам болгондо, ушуларга окшоп торолуп калмак турбайбы. А
балким экоонун бири менин балам болуп калсачы». – Зыйнат коптон бери конулундо
жургон эски оюн дагы кайталады: «Бирок бул экоонун бири менин балам экенин Ким
далилдеп, Ким айтып берет. Эч Ким! Ал байкуш баламдын эмне болгонун бир карангы
тун, бир аяздуу шамал, бир ак кар, кок муз жамынган кара жер, анан Толкунбектин
уй-булосу Гана билет. Ой арманым ай. Ушул эгиздин тугойун мен тороп, Кызыл эт
кезинде ушулардын эшигинин алдына алып барып таштап кеткен болучумун деп кимге
арызданып, кимден жардам сурайм. Мен Сенин эринден тууп, анан батыра албай
Сенин эшигиндин алдына алып барып таштадым эле
деп Жайнагулдун
озуно айтып, бутуна жыгылып, кечирим сурайынбы.
Билдирүүнү түзөткөн: Nyrjamal.Teshebaeva: 07 Август 2015 - 04:36
#171 08 Август 2015 - 19:29
Келин оозуна кирген жашын жуутуп башын чайкады.
-------- Жок жок менин эч кандай балам жоок.
---------- Анан кайсыл баланды айтып жатасын катыгүн тонуп өлдү деп? Атаны бечара ай акыл-эси ордунда эмес,айнып калган немего.Аял жакасын кармады.Кудай ушундай акыл-эсинен ажырагандан сакта.
Мейманканадан чыгып келаткан аял,обочо скамейкада кебетеси кетип,бирөө менен олтурган Зыйнатты таанып чоочуп кетти."" "" Э катыгүн тигил Зыйнат Эсенова го ыя""-жанына барды. Салам айтып кол алышты.Эз немедей олтурган келин,тигил таанышын көрүп сыразу өзгөрө түштү. Көз жашын сүртүп күлгөн болду. Бирок алиги жанында олтурган бейтаныш аял,башын чайкап кейиштүү үн катты.
------ Катыгүн ай оорулу балаго бул бечара."" "Балам өлдү""- --деп ыйласа боорум ооруп эмне кыларымды билбей кетиптирмин.
------ Эмне деп жатасыз?Ал кайдагы өлгөн бала экен. Сиз эмнеси болосуз?
------- Ой кокуй мен эчкимиси эмесмин. Мейманканага түнөйүн деп келген бир жоолочумун.
Булар ушинтип жатканда,Толкунбек машинасына түшкөнү баратып,Зыйнатты көрүп жүрөгү шуу дей түштү.көргөн көзұнө ишенер ишенбешин билбей,эки жагын карабай,түз эле машинасына жетип,шашкалактап кабинага кирип баратып, Жаннаттын """Абаааа" "--- деп кыйкырган үнүн укса да,укмаксан болуп кабинанын эшигин тарс жапты.Ошентип жигит эч нерсе көрбөгөн көрдөн бетер,Жайнагүлдүн кучагында колдорун сербендетип балкондо турган балдары тарапты караганы менен,эч кимди баамдай алган жоок.Кокус Зыйнат артымдан чуркап,кыйкырып жибербесе экен деп,дене бою дүркүрөгөн калыбында,машинаны от алдырганча шашты.Ал эми Зыйнат болсо ушуну эле күтүп тургансып,машина ордунан козголоор замат,ордунан учуп туруп,Толкунбек кеткен тарапты көздөй шашылды.Келгенден бери кацсыл убакта чатак чыгып кетер экен деп,балдарынан санаасы тынбай,жүрөгүнө оңчуулукту тамак баспаган Кына. Жумуштан Толкунбек кичине эле кечигип келиши да,эне үчүн арылбай кайгы болду."" " Кагылып кетейин кечикпей келчи,балдарыңда колуктунда сени күтүп калышат экен""" ----деп Жайнагүлгө угузбай уулунун кулагына кумдай куя берет шыбырап.Ал эми Жайнагүл болсо көбүнчө кайненесин аяйт.
Биздин ыйкы-тыйкыбыздан кокус оорусу кармап ооруп жатып калат деп коркот.Ал Толкунбек менен эмне деп сүйлөшүп,кандай кылып сырын тартарын билбей эрдин кесе тиштейт." "" Жылкы алаасы сыртында,киши алаасы ичинде"" "---деген ушул экенго деп ойлойт.Үсөндү эшигинин алдына кимдир бирөөлөр таштап кеткендигин, Толкунбектен жашыргандыктарын ойлоп өкүнөт.Мурда эле бул иш ачык болгондо,күйөөсүнө айтар сөзү башка болоор белгилүү эмес беле.Эки баланын бири бирине окшоп,Толкунбектин оозу мурдунан түшкөндөй,болоорун Жайнагүл кайдан билди.Жүрөктүн теренинен чыккан Үсөн деген жаранын үстүнө,кошулган дагы бир жара кечеки Толкунбек менен келген аял болуп турду.
----- Эне?--деди Жайнагүл үнү каргылданып, балким Үсөндү тууган энеси,кечееки аял болуп жүрбөсүн.Мен ошондон шек санап турам.Сиз кандай дейсиз,бул шумдук ко ыя эне.
Жайнагүлдүн бул сөзү Кынанын оюнун төбөсүнөн түштү. Мындай шектенүү энеде мурун эле,кечээ Толкунбек менен келген бейтааныш аялды,көргөн мүнөттөн баштап пайда болгон болуучу.Аял келинине кандай жооп берерин билбей буйдала түштү.Жүрөгү алып учуп,кекиртегинен чыга калчуудай,оозуна тыгылып турду. Мундарын майда калтырак басып,өңү өзгөрө түшкөнүн байкаган эстүү келин,сестейди. Эне канчалык жашырайын дегени менен баласынын араандай ачылып турган,айыбы Кынааны сөзгө сөлтүк,кепке кемтик кылды."" " ЖОК ЭЛЕ ДЕГЕНДЕ ҮСӨН ТОЛКУНБЕККЕ ОКШОБОЙ КАЛГАНДА ЭМНЕ""" ""---деп ичинен уулуна өзү наалат айтып, түтүнү жоок күйүп турду. Бул жоболондуу жоорук акыры жакшы жакка алып барбасын түшүндү.Үч балалуу Жайнагүл эмес,турмушу келишпей шайтан болуп,беш алты баласы менен,деле ажырашып кеткен аялдарды өз көзү менен көрүп жүргөн жоок беле? Жаман айтпай жакшы жоок Толкунбек аялы менен ажырашты дегенче,жалгыз өзү ырысын эле кыркпастан, үч баласы менен ата-энесинин ырысын кошо кыркарын ойлоп,эненин кош эмчеги алмак салмак сыздап кетти.
Баятан көнүлүндө жалгыз гана жамандыкты ой жооруп,кумпайып олтурган Кына келинини жалынычтуу карап,кұнөөлүү немеден бетер минтти;
----- Алдына кетейин,сен билбеген менде эмне сыр,эмне кеп бар эле. Бул эркек дегенин мурду жоок букага окшогон неме болот тура.Баардыгы бой-бойдок жүргөндүктөн болуп кеттиго балам. Өзү да өз күнөөсүн билип бүгүлүп турат. Эгерде өз жүрөгүнө өзүндүн алың жетсе,бул итке кечирим кыла алаар белең?Атан менен мен үчүн,үч балааң үчүн. Үсөн да сеники. Аны меники деп эч ким талааша да ала да албайт. Толкунбекке бул сырды жашырбай башында айтсак болмок экен. Эми болбой калды. Укпаган билбеген бойдон кала берсин. Укса кийин тээ бир кезде угар.Аа балким.Үсөндү тууган энеси бул келин эмес чыгар.
---------Мүмкүн, Айтоор ойлой берип менин да башым катты. Түшүнбөйм. Толкунбек чыны менен эле ушунчалык бузулуп кеттиби? Анын оюнда мени менен ажырашайын деген ниети жоок. Сиз айткандай бир шайтан болдуда.
Жайнагүлдүн жумшак жүйөөлү сөзүн угуп.Кына келинине эреркеп шолоктоп ыйлап жиберди.
--""Эки дөө урушса,ортосунда кара чымын кырылат"" ---дегендей бир көшөгөсү көгөрбөгөн, шуркуянын кесепетинен, ортонорго от түшүп,каарыган кезибизде абышка экөөбүз талаада калбасак эле болду.
----- Толкунбек талаада калтырсада, мен талаада калтырбайм силерди.- Көз жашы тегеренди. Мынча болду бир жума туруп тууралы. Дем алышта улуунуз жер көрсөтөм деп жатпайбы. Көрсөткөн жерин көрөлү.Кылык- жооругун байкайлы." "" ЭР МЕНЕН ЭТТЕН КӨНҮЛ КАЛБАЙТ"" "---дегени чын окшойт.Билбей эмне үчүн экенин,ага өзүм таарынганым менен жүрөгүм дагы деле Толкунбек деп согуп тургансыйт.
Кына бул сөздү угуп Келининин жүрөгүнө да,өзүнө да ичек боору эзилип кетти.Жер жүзүндө болгон жакшылыктын баарын ага каалап,келининин токтоолугуна, көтөрүмдүлүгүнө ыраазы болуп,"" "БАРАКЕЛДЕ, АДАМ ЭКЕНСИН"" "---деди ичинен.Качан кайсыл убакта кыйкырып өкүрүп,чаң тополоң түшөөр экен деп,үрпөйүп турган эненин кооптонусу бир заматта,шамал айдаган булуттай тарап,санаасы тына,түштү. Көнүлүндө Жайнагүлгө кандай жакшы сөз таап айтарын,эмне берип көнүлүн көтөрөрүн билбей кубанычтан өз терисине өзү батпай албырды.
Кына менен Жаннат балконго чыгып Жайнагүлдүн кеткен жагын карап турушкан. Бир кезде Толкунбектин маашинасы окшогон машина келип,мейманкананын алдына токтооду эле,Жаннат-- -"Аба-а-а-а" "-деп,теребелди жаңырта кыйкырып жиберди." ""Окшош машина болсо эле сенин абаң болмок беле""" --дейин дегенче болбой,чын эле эшиги шарт ачылып,кабинадан Толкунбек чыкты."" "Аьам гүл алып келетат,абам гүл алып келатат"" --деди атасынын колундагы ак роза гүлүнүн тестесин көрүп,өзү сыгып турган столдон жерге түшүүгө жанталашып. """" "Ооо атаң сага сонун гүл алып келе жаткан турбайбы. Байкуш балам кыйратып салгансып,гүлдү эмне кылат экен""" "--деп койду. Гүлгө арзыбай комсуна түшкөн эне.""" Кап кичине коё турса,базарга машина менен барып келмек тура""" -кейип-кепчип келининин жөө кеткенине өкүндү.
Жол килем төшөлгөн ичке коридор менен астынан чымын куюн болуп,чуркап келаткан кызын Толкунбек кызын көтөрүп алды.
---------Женен барбы?
----------Жок үйдө.тамак сатып келет жеңем.
---------Тамак эмне тамак?
----------Билбейм.
----------Качан кетти.
-----------Эртен кеткен.
Толкунбек күлүп жиберди.Уулунун эрте келгенине эне аябай сүйүндү. Жайнагүлдүн кайда кеткенин сурай электе эле, Кына өзүнчө кобуранып кирди.
Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 08 Август 2015 - 19:39
#172 08 Август 2015 - 21:17
кирди.
-Сенин минтип эрте келеринди
билген жок го Жакин. Базарын да билбейт экенмин, алыс-жакынын. Таба алсан
артынан барып келсенчи.
Алып келген гулдестесин, вазага
суу куюп, ага кынаптап салып столдун устуно койду. Анан кроваттын устундо
жанаша уктап жаткан Асан менен Усонду жанына жакын барып, бир оокумга чейин
кирпик какпай, кулумсуруп тиктеп туруп, эки уулунунун кокулунон алмак-салмак
жыттап-жыттап алды.
Кына уулуна ээнденип, айталбай
жургон созун минтип баштады:
–Каралдый ай,
силердин кайгынардан карын майым да калбай калды. Журушун шойкомдуу болуп
калыптыр. Шайтандын жолуна тушкон киши он таппай кала такыры. Эсин барда,
этегинди жап, балам.
-Эмне деп жатасын? – Толкунбек
корс этти.
Уулунун туру озгоро тушконун коруп,
эненин мизи кайта тушту.
-Капырай, ооздон кеп чыга электе
курсулдойсун да. Уй-булон менен ынтымактуу жаша деп жатам. Билем Сенин эмне
кылып жургонунду. Уккамын баарын.
-Эмне кылып жургонумду билесин?
Айтпайсынбы. Жасаган куном эле, бая куну мени менен келген жолдошумдун аялы
болуп калдыбы?
Эне чыйрыла тушту.
-Оо, уяты жок. «Уурусу куч болсо,
ээси олот» болуп турасын ээ. Кокус Жайнагулдон башка аял болсо, эчак сени
чайнап туруп буркуп жиберет болучу. Билсе да билмексен, укса да укмаксан болуп
олтурат. Сен анны эчтеке билбейт деп турасынбы. Коп суйлобой уй-булонду кочуруп
ал.
Толкунбек жоошуй тушту.
-Эне, сен менин он ай которуп,
омурткан сыздап тууган оз энемсин, туурабы. Жамандыгымды жашырып, жакшылыгымды
чыгара турган да сенсин. Ошон учун коп эле Жайнагул, Жайнагул деп келининдин
созун суйлой бербечи. Келин деген келин, оз бала деген оз бала. Сен ага дайыны
жок Жан тартып, шыкакчы болбой журчу. Суранам сенден.
Кына Толкунбекти томсоро тиктеп,
оозуна соз кирбей какап калды. Ал бир топтон кийин Гана башын чайкап, улутуна
минтти:
#173 13 Август 2015 - 01:13
Чыгарма жазгандарга сын-пикирлер бул темага жазылсын!
Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 13 Август 2015 - 01:45
#174 14 Август 2015 - 01:12
кандай сыйлап,кандай короорун билип туруп,куйгузбо Толкунбек.Сенден али
абышка экообуз эч ракат коро элекпиз.Бирок чынын айтыш
кк,Жайнагулдон коруп жатабыз сый
ы да,ракатты да.Толкунбек, жадырай тартып энесинин жанына келип,мойнунан кучактады.Кантээр экен деп койсо,ото эле терендеп баратасын.Бардыгы тамаша,капа болбо энеке.Деги Жайнагулго чан жугузгун келбейт ээ?- Эмнеге чан жугузам,куноосуз балага.Мени менен айтышып отурбай,артынан барып келуун кк.Ысык кундо куруйт го момо-чомо алса,-деди балкондо ой басып кочо жакты карап турган уулуна карап.-Оо,кечиресин энеке,сенин созунду угуп жатып,эсимден тарс чыгып кеткен тура.Журу Жанатка,жененди тосуп келели.Толкунбек кызынын мурдун тазалап,чачтарын тарап,бутуна сандалетин кийгизип алып,жаны эле босогого жеткенде,ар жактан эшик шарт ачылып
#175 14 Август 2015 - 01:48
Жигит аста басып,колундагыларын жерге койуп,Жайнагулдун кабагын баамдай бир карап алды.
- Эмне алып келдин ыя,жене?- деди Жанат Жайнагулго. - Абам сага гул алып келди,тигине.
Кызынын созун угуп Толкунбек кулуп жиберди.
- А баса,-деп столдун устундогу вазадагы гулду акырын алып, Жайнагулго сунду. - Туулган кунун менен Жакин! Омурун ушул роза гулундой болуп гулдоп журсун.Гул дестени берип,колун кыса кармады.
- Кое турчу баса,дагы бир жупуну белегим бар эмес беле.- Жигит костюмунун ички тош чонтогунон кичинекей кутучаны алып чыгып андан бир тамчы сымаптай молтулдогон ташы бар медальонду сууруп чыкты.
- Келчи,мойнуна оз колум менен тагып коёюн.Жанын алтындай бекем,конулун ушул бриллианттай мунсуз,таза болсун.
- Рахмат! - деди келин кабагы жазыла.
Толкунбек Жайнагулду кучактап опкусу келип турду.Бирок жанында жадырап карап турушкан энеси мн кызынан жазганып обо албады.
Келиндин эки бети тамылжып,коздору жайнап,сымбатына жарашып,ак куудай койкойгон жумуру мойнунда озунон озу тогулуп кетуучудой кубулуп,тынымсыз молтулдоп турган алтын медальондун ташына суктана караган Кына оз ичинен уулуна ыраазы.Бирок Жайнагулдун туулган куну экенин бир ооз айтып койбогонуна таарынгансып кыйтыя тушту.
- Э ботом,Жакиндин туулган куну беле бугун.Бир ооз айтып койсонор эмне болот.Ай, Толкунбек,Толкунбек, сен качан адам болоор экенсин.Унчукпай кантип чыдадын.Энендин береер белеги болбосо да,айтаар созу,тилеген тилеги бар да.- Ордунан туруп барып Жайнагулду кучактап,эки бетинен эки ооп,минтти:- Омурун узун болсун,башындан бак,уйундон ынтымак кетепесин,балам. Этек-женин жайылып,уулун урумга,кызын кырымга жетсин.Алтындай болгон акылын,асыл асыл адамгерчилигин озундон балдарына,балдарындан небере-чобороно, укумдан тукумуна нуска болсун,кагылайын каралдым.
#176 14 Август 2015 - 02:02
Ошентип ,Толкунбек канчалык куноолуу болгону мн экоонун уй-булолук жашоосу оноло тушконсуду. Жайнагулдун Толкунбекке болгон ажайып суйуусу эрди-катындын омурун бири -бирине байланыштырып турган алтын копуро болду.Канчалык башкалардан кызганып,журогундо кунулогону мн куйоосунун жакшы мамилесин,жагымдуу созун укканда ачуусу да,таарынычы да тарап,конулу жайлана тушту.Ага бул дуйнодо Толкунбектен артык,Толкунбектен суйкумдуу адам али жарала электей сезилет.Анын куйоосундой куйоо али эч кимде болбогондой болот.
#177 14 Август 2015 - 02:28
Ушул убакта жаш жубайдын журоксуп,тынчы кетип турганы Толкунбекти бул жерде дагы жалгыз калтырып кетиши болду.Уй булоосу кетээри мн конгон адатын кайра баштоочудай болгон ишенимсиз ой санаасын бузуп турду.
Толкунбек экоо бирин бири эмне мн кубантып,эмне деген создорду айтып сырдашарын билбей эзилишип
#178 14 Август 2015 - 04:26
Ушул аралыкта Толкунбек мн Зыйнаттын ортосундагы мамиле бир заматта ириген суттой болду.Баягы мейманкананын алдында акыл эсин жоготуп"балам олду" деп ыйлап турган кундон кн кездешуу Зыйнат учун кымбатка турду.Ал,кундордун биринде Толкунбекти издеп журуп,жаныдан дубалы которулуп бутуп,усту жабылып жаткан беш кабат турак уйдун алдында токтоп турган,озуно тааныш машинаны коруп,журогу басандай тушту.
#179 14 Август 2015 - 04:33
Жайнагулдун келиши Зыйнат учун куйут болду.Озгочо Асан менен Усонду коргондон бери,баласын мурункудан да коп ойлоп,коп санаркачу болуп кетти.Толкунбек келгенде Зыйнаттын олор ону чыгып,жузумдуктун колокосундо койулган креслодо отурган.Жайкы ашкана жактан адамдардын кобур-собуру угулат. Толкунбек тандана тушту.
#180 14 Август 2015 - 04:47
-Таякемдер кочуп келди.
-Аа ,жакшы болуптур.Сен ошону айтайын дегенсин го.Анан жана эле чаргытпай,таякемдер кочуп келди дебейсинби.
-Олтур!- Жанындагы бош креслону корсотуп ,карап койду.
Мен шашып турам Зыйнат.Таяке ,таженелер мн жай таанышармын. Жана айттым эле го сага,бир жакка барабыз деп. Соз бар дебедин беле,айтчы ал эмне деген соз? Же чын эле тигил кочуп келген кишилерди ...Деги мени издебей журчу.Суранам сенден.
Келин ордунан турду.
-Издебей жур дечи? - Мыскыл кулду. - Уйго кирип суйлошолубу?
- Кайдан суйлошсон мага баары бир. Ушул жерден десен ушул жерден,уйдон десен уйдон.
Экоо ээрчише басып болмого киришти. Зыйнат Толкунбекти алдыга откоруп,эшикти бекитип жатып"Мага баары бир"дечи, деп жигиттин созун дагы кайталады.
Эшикти эмнеге бекитип жатасын?
Сени чыкпасын деп! Ачкычты сууруп,чонтогуно салгандай болду.
Кызык. Мынчалык кыянаттыктын эмне кереги бар. Мен сага жана да айттым ,азыр да айттым, уй булоо мн бир жакка барабыз деп. Мени канча киши кутуп жатканын билесинби?
Алар бугун кутсо,мен сени кундо кутом. Эмне ,Зыйнатка убал жок деп турасынбы. Бугун сени эч жакка кетирбеймин.