Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#61 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   24 Апрель 2015 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Көптөн бери жүрөгүнүн теренине сакталып ,эч кимге айтпай жашырып сакталып келаткан сырын жеңесине айткысы ,Толкунбектин катын окуткусу келип,өзүнөн өзү делөөрүп келатты.
ӨЗ кубанычын өзгөдөн жашыра албай ,толкунданып турганын кайын сиңдисин Гүлайым дароо баамдады.Ал жеңесин көрө сала мойнуна асылып ,чекесинен өөп алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   24 Апрель 2015 - 13:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Жеңе!Сен мен жөнүндө бирдеме билесиңби?-деди кыз көздөрүн ойноктотуп жадырап-жайнап.
-Жок,эч нерсе билбейм,садагасы, -деп кыздын карегине кареги кадала түштү.
-Момунсун ээ,-деди колундагы алдырган саат,шакегин ушул күнгө чейин байкабаганын туюк айтып.
-Ии,эмне болду?
-Кат окуйсунбу?
-Берсең окуйм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   05 Май 2015 - 15:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол замат столдун үстүндө турган дипломатын ачып,андан беш-алты баракка толо жазылган катты алып,Гүлайымга сунду.
Мени сынай тиктебей эле,окуй бер,-деди.Өз бөлмөсүнө кирип баратып бурулуп карап.Жайнагүл чыкканда Гүлайым каттын теңинен ооп калган.Кыздын көзүнө жеңесинин куту учкан кейпи дароо чалдыкты.Анан жанына келген кайын сиңдисине таңгалычтуу ,алая карады.
-Э,кокуй сен качан хулигандарга тонотуп жүрөсүң?Кудай колдоп ,талпагыңды ташка жайып кетпеген экен да.Бул окуя качан болду эле?Эмнеге бизге айтападың?Кантип гана ичиңе батты экен?
-Катты окуп аягына чыктыңбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   17 Май 2015 - 13:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок чыга элекмин.Мен дагы кат окуйсунбу,жеңе ?Дегенинен аттуу баштуу бирөө жазган экен десем,кайдагы бир...
-Аял сөзүнүн аягына чыкпай эрдин кесе тиштеп башын чайкады.
-Аягына чнйин окуп чыксан мурда.
-Жарайт окуп чыгайын.
Гүлай окуп жатып өзүнө шыпшына суйлоду.
-Боодо жеринен энесин олтуруп .Кудай мындай бала бергенче туубай откон жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   17 Май 2015 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Эй кимге ачууланып жатасын?-деп сурады Сады аялынын туталанып,кимдир бироого ачуусу келип,суйлонуп жатканын угуп.
-Мына бул каттын ээсине.
-Кимден келген кат экен?
-ТааныбаЙмын. Гүлайым ачулуү бурк этти.
-Кызык тааныбаган бирөөнүн катын ким берди эле сага.
-Долдон таап алдым,-деди келин.
Ушул саамда Жайнагүл бул ишти агасына айттар айпасын билбей дендароо болуп туруп анан:"Эмнесин жашырат элем" дегнн ойго келди.Мейли экөө тен окусун.Балким абамдын жардамы ьолуп калаар,ага.Абам акылдуу эмеспи.
-Абаке жеңем таап алдым деп калп айтып жатат,сизге. Бул мага келген кат.
Сады ийинин куушуруп карындашы менен аялын алмай термей тиктеп туруп ,Гүлайымга карады.
-Сен эмне жинди болдуңбу Жайнагүлгө келген катты окуп,мунун өзү тартипсиздик да.
-Мен өзүм бердим аба.Жеңемден кийин сиз окуп чыгыңыз.Бул өзү кызыкда,кайгылуу да кат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   17 Май 2015 - 14:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Ээси уруксат берсе анда бизда окуп чыгалы деп Сады тамашага чала сүйлөдү.
Китеп окуу жагынан Садынын башкалардан айрымаланып турган юир артыкчылыгы боло турган.Анткени ал ушунчалык шар жана тез окуучу.Мына азыр да ал еатты ,көздк ачып жумганча аягына чыгып койду.
-Окудуңбу деди аялы.
-Окудум.Ал дароо карындашын карады.Ушул саамда кыздын эки бети өзүнчө эле дуулдап,көздөрү кыбыңдап турган болуучу.Сады Жайнагүлдүн мүнөзүнө,сырга сынбас темирдей бекемдигине ичинен тан калды.Ал башканы ойлобой эле карындашынын кырсыктан тышкары аман калганына ичинен тообо кылып жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   18 Май 2015 - 00:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Сен бул жөнүндө эмне деп ойлойсун?-Аялынын мындай суроо берээрин күтпөгөн Сады ,Гүлайымды биринчи көрүп жаткансып тиктеп туруп,бир ийинин куушура минтти.
-Эгерде жазган каты,айткан сөзү чын болсо,үмүт үзүүгө болбойт.Эми бул балага жакшы жол башчы керек.Атасы бар бала экен.Айтуүсу боюнча бир үйдүн көзгө басаар жалгыз эрке уулу окшойт.
-Абаке ,сиз менден окуянын жай маанисин ачык сурай албай жатканыңызды түшүнүп турам -деди Жайнагүл.-Убагында бул ишти айта албадым.Эгерде мен шакегим менен саатымды алдырганымды билген болсоңуз,аны сиз кандай жазалаарвңызды түшүнөмда.Чынын айтсам Толкунбекти жазалатууга жүрөгүм даабады.Адамгерчилигин эстеп кечирим кылдым.Толкунбектин айтканына ишендим.Ошон үчүн кайрылаар мезгилин күттүм.Бардыгы мен ойлогондой жакшы аяктады.Жеңем экөөңүздөрдөн сыр жашырганым үчүн кечирим сурайм.
-Сады бырс күлүп жиберди.
-Сен адамды билет турбайсыңбы ,ыя кагылайын.Кыраакы, боорукер кечиримдүү экенсин.Бул жакшы сапат.Байкуш бала тигилерди кыйбай жүрүп тузака илинген турбайбы.Эми бул еатты жазган тентек,кеигип же телефон чалып калса,биздикине келип кет деп коноко чакыр.Келсин тартынбай жарайбы Жакин.Аны менен өзүм сүйлөшүп көрөюн.Менимче ал бала сени менен байланышмайынча үйүнө кете койбойт.Жок эле дегенде жиберген переводун алган албаганын бир текшериш үчүн бир кайрылыгы керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   18 Май 2015 - 19:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Мына ушул күндөн баштап Жайналүлдун күткөнү Толкунбек болду.Бирок ал телефон да чалган жок,кат да жазган жок.Эми өзүнөн алыстап бара жаткан жигиттин "Мен сени жакшы күн жакшы жолдо кезигишүүгө тийишмин.Ана жетүүгө канча өмүр канча күн зарп болору мага али белгисиз..." деген үнү кулагына угулуп турнансыйт. Биротоло кеткен экен деп күдөрү үзүлө түшкөн кыз телефондун чырылдаган үнүн угуп трубканы колуна көңүлсүз алды.
-Алло!Алло! Алло!Ким бул?Ким керек эле?Ооба мен Жайнагүлмүн. Аа,Толкунбек! Саламатчылык кайдан?Мен сени телефон чалат экен деп күткөн эмесмин.Катыңа азыр жолукпайм деп жазган турбайсыңбы. Ооба алдым катыңды.И,окудум(ал акча жөнүндө ооз ачпады жайеагүл да эчтеке айтпады) жигит көлгө кеткени жатканын,ошон үчүн коштошоюн деп чалганын айтып мукактанды.
-Аныңа ыракмат бизикине келип кетпейсиңби?
-Коркосуң го,барсам,-деди Толкунбек.
-Эмнеден?-деп сурады,эч нерче түшүнбөгөн кыз.
-Кебетемден. Кара күчкө күлгөн болуп сүйлөдү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   27 Май 2015 - 15:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Коркот экен деп жүрөксүнбөй эле кой.Үйдө менден башка жан киши жок.Абам менен женем жумушта .Балдар бала бакчада.Сенин үстү-башыңды сынай тургандар ,азыр келбейт.
Толкунбек унчукпай калды.Сыягы ойлонуп жатса керек деп түшүнгөн Жайнагүл үндөбөй трубканы кармап тура берди.Анын улутунуп,оор дем алганы кыздын кулагына билинип турду.Дээ бир топтон кийин жигиттин үнү чыкты.-Болуптур Жакин,азыр барам...
Эшиктин званогу шыңгыраганда, Жайнагүл эки өрүм олоң чачын алмак салмак бир жандырым,бир өрүп,күзүнүн алдында турган болчу.Толкунбектин мынчалык тез кклээрин күтпөгөн кыз эшик алдына жетип,каалганын бетине орнотулган кичинекей көрүүчү тешиктен тышка көз чаптырды.Толкунбек экен.Эшик ачылганда бири-бирин апкаарый түшкөн кыз-жтгит,турган орундарында бирдемке үнсүз селейип турушту.Куту качкан бул көз караштар көпкө созулган жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   27 Май 2015 - 15:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагүлдүн ажары дароо ачылып эми элеки томсорунку жүзү күлкү аралап,көздөрү жайнай түштү.Ушуну эле күтүп тургансып,Толкунбектин кош карегинен чачыраган оттуу учкун Жайнагүлдүн каректери көзөп өткөнсүдү.Кыз аргасыз кирпигин акырын -акырын түшүрүп эки жагын тайсалдай карады Толкунбекти мынчалык өткүр,махабаттуу көз караш бар экенин кыз буга чейин ойлогон эмес болчу.
-Үйгө кир .
-Жок,мен ушул эле жерден кетейинчи.
-Кызык, эшик алдынанбы?Мынча келбесен болот эле.Келгенден кийин босогодо турбай,кирип сүйлөшөлү.Жигит мойнунан байлаган немедей болуп,сылтый басып босогону көңүлсүз аттады.Үйдөгү күзгүдөй жаркыраган тазалык менен кыздын сүрү,Толкунбекти сүрдөтүп салды.Анын ленеси өзүнөн өзү ымышып чыкты."Атына жараша заты "дегидей Жайнагүл жайнаган кыз болуптур-деп ичинен суктанып турду.
-Кана ,бул жакка өт.Толкунбек ага.-кыз залга өтүүнү өтүндү.Ал баягы мектеп -интернатта окуп жүргөн кезинде эле Толкунбектин алдына ыйбалуу.
-Азыр азыр Жакин.Жигит бутун чечип Жайнанүл берген тапочканы кийсемби,кийбесемби деген ойдон ьушала түштү.Бирөөнүн таптаза бут ктйимин кийүүгө дити барбай турду .
-Эмнеге туруп калдын,аягындан сыз өтөт.Алдыгыны бутуна салып ал.Толкунбек бир бутун кийип экинчи бутун көтөрөөр көтөрбөстөн эле жаны кейиген үн менен онтоп жиберди.Жайнагүл карыдан кармай калды.
-Эмне ,бир жерин ооруйбу?Баса эмнене аксаңдап калгансын?
-Кечээ үйдүн үстүнүн көтөрүшүп жатып,жаздым басып алып тамдан учуп кеткемин ошондон бери,бир жак жанбашым ооруп ,жакшы бастырбай жатат.
Толкунбектин сөзүн угуп кыздын кабагы кейигендей чытыла түштү.
-Катүгүн ,чебердебейсинби?
Экөө ээрчише басып залга киришти
Толкунбек бет алдындагы кош канаттуу трюмодон өзүн бир карап алып мойнун буруп кетти.Жайнагүл ,күлдүү кооз трикотинден тыш кийгизилген креслону жигиттин алдына жылдырды.

Билдирүүнү түзөткөн: Morskayazvezda: 27 Май 2015 - 15:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   27 Май 2015 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Прикрепленное изображение: 20150527_154753.jpgjpg]ушундай суротко тартып жуктосом окулат бекен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   bema_bema   29 Май 2015 - 04:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

-Эс алып, бир аз олтуруп тур.Газета окусан мына,
журнал окусан тигине. -Устундо бир топ газета менен журналдар жаткан жапыс столду колу менен корсотуп: -Мен азыр....
Коптон бери корушпогон жакын адамы ,кайып каскагынан келип калгандан бетер,Жайнагулдун буту-бутуна тийбей зал менен ашкананын ортосунда жугуруп журду.Столдун устун бир заматта тамак - ашка толтуруп да жиберди.Ал уйдо эмне болсо ошонун баарын койду.
-Суйлобойсунбу? -дейт Жайнагул жигитке
жоодурай карап.
-Эмнени суйлойум.Суйлоочу создун баарын катка жазгамын да.
-Ооба жазгансын. -Кыз башын аста ийкеп койду.
Кайра баштан ортодо тынчтык окум сурду. Козунун кыйыгын салып олтурган баамчыл кыздын ой санаасынын баары Толкунбекте ."Аарчыган чийдей болуп,аябай арыктап алыптыр.Каткан ширедей болуп кунго да укмуштай куйуптур.Бул байкушакча табамын деп таза куураган экен.Уксуйтуп чачын да коюп алыптыр.Озумо жарашат деп ойлосо керек", -деп ойлоп олтурду Жайнагул.Жигиттин бир колунун устундо,бир колунун билегинде туш менен чегилген канжар урулган журоктун суроту,озунун туулган жылы,аты жазылып турат.Бул жагымсыз корунуштор Жайнагулго жаккан жок.Баятан кыздын тынчын кобуроок алып жаткан дагы бир нерсе болмонун абасы болду.Тим эле шыбоо менен нымдашкан тердин жагымсыз жыты уйго толуп кеткендей,кынылжарды ордоп конулду айнытып турду.Анан дагы анын деминен келген тамекинин жыты.
Жайнагул Толкунбекке сыр билгизбей,ордунан акырын туруп барып терезелерди ачып койду.
Уйдун ичи уп болуп кетти, -деди кыз жигитке шек алдыргысы келбей.
Толкунбек ундободу.Ал бул уйдо омуру адам корбогон,жапайы кишиден бетер озун ынгайсыз сезип олтурду.Жайнагулго сыр бербей,аны алдыртан карап"Мен сен учун,кечикпей, эртерээк адам болушум керек" деген умутуу ой коодонун тиреп тургансыды. Столдун устуно коюлган тамак-аштар Толкунбектин шилекейин чубуртуп,озогун карартып баратты.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 29 Май 2015 - 05:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   bema_bema   29 Май 2015 - 04:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Суроттогуну кочуруп койдум

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 29 Май 2015 - 04:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   bema_bema   29 Май 2015 - 05:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Арадан коп убакыт отпой,кокала кулдуу,кооз ак чайнеке демделген чайдан пиялага куюп кыз Толкунбеке сунду.
-Менин чай бермегим,тайдын этин бергенден да кымбатка турдуго. Кана, нанга кара Толкунбек ага!
-Озун олтурбайсынбы, Жакин, -деди чайды алдына коюп.Жайнагул эчтеке ичкиси келбесе деле,чынысына чычырканактын ашынан жасалган вареньеден бир чай кашык салып аралаштыра берди.А мейман жигит болсо ак май суртулгон нанды,кызды жазгыра бурдай сугунуп,чайдан ичип,эс ала тушконсуду.
- Ич.
-Жок,ичтим Жакин рахмат.
-Койчу ичтим дебей эле,ичсен. - Кыз болбой жатып учунчу тортунчу,пияланы куйду.
-Суйлобойсунбу Толкунбек ага!
-Перевод жибердим эле,алдынбы? Ошону билейин деп.
Алдым, алдым,рахмат. Убадага бекем экенсин.Айтканыны аткардын.Билесинби, мен силерге алдыргандарым жонундо женем менен абама айта элек болчумун.
-Анан?
-Алгандан кийин айттым.
Толкунбек манаттай кызарып кетти.Конулундо айтпаган бойдон,айтпай эле койсо экен деген ой журогун булкуп алды.Анан ынгайсыздана сурады:
-Кечир, мени Жакин.- Кирдеген бетаарчысын тугурчуктай кармап,мандай терин суртту. - Деги жеттиби?
-Жетти.Бул мага сенден эстелик сыяктуу болуп калды,Толкунбек.
-Туура,туура. Эстелик болгондо да кандай эстелик дейсин Жакин.Укмуш ай саат менен шакекти бир кундо канча жолу корсон,ошончо жолу,менин киши тоноочулук кылмышым,коз алдындан тартылып отуп турар,туболук. Ошон учун кыргыздар "Атын чыкпаса жер орто", -деп туура айтышыптыр.
Жайнагул эмне деп айтаарын билбей калды.Алдында киши олтуруп,колго тушкон адамдан бетээр,шылкыйып, айыптуу болуп олтурган Толкунбекти аяй тиктеди.
-Мен сенин катынды окуп,бардыгына тушундум.
Адам турмушу кысталганда, келечеги жонундо унутуп,эмне
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   bema_bema   30 Май 2015 - 03:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Эмне кылаарын билбей калса керек.Ай Эмил,сени жолдон чыгарганы аз келгенсип,энесин жутуп алганын карасан.Кандай аянычтуу олум.Толкунбек ,сени мен оома деп ойлогон эмес элем.Корсо,турмушта жанылбас жаак,мудурулбос туяк болбойт тура.Эми мындан наркы журуш-турушунар он болсо эле болду.Мен Аккыз эжени таанып,билбесем да сенин катынды окуп,аябай кейидим.Айтымында бечара Зыйнат эстуу кыз корунот.Ылайым багы ачылсын,байкуштун. Жакшы окуудан окуйт экен.Талантуу болсо керек.Эгерде тубаса шыгы болбосо,ал окууга отуу кайда?
- Алардын уйундо баарыбыздын бирден,чоподон жасалган скульптурабыз, андан тышкары боёк карандаштар менен кагазга ар кыл

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 30 Май 2015 - 04:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   bema_bema   30 Май 2015 - 03:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Образдата тартылган портреттерибиз бар.Туура айтасын Жакин,бул талант деген укмуш болот тура.Окуугаото элек ,мектепте окуп жургон суроттору,жасаган буюмдарынан озу эле чакан музей.Колунан коору тогулгон кыз.
- Ошондой дечи, - деди Жайнагулдун ичине кандайдыр бир тарлыктын ,чогу тушконсуп, - катында да Зыйнатты мактаганды унутпаптырсвн. Айтымында ал кыз баралына келгенде Айтиев менен Мануйловадан отот дечи.
Толкунбек Жайнагулдун чымчыкейин байкабай минтти:
-Алардан отпосо да,талантуу суротчу,мыкты скульптор бллооруна ишеним бар.
-Болсун, -деди Жайнагул,- келечектуу болуу жаман эмес.
Булар ушинтип аркы-беркини суйлошуп олтуруп убакыттын кандай отконун да,сааттын канча болгонун да билбей калышты.Эки жаштын созун болгон эшиктин звоногу болду.Кыз селт эте тушуп,эшикти коздой бет алганда,Толкунбек да ордунан шаша турду.Ошол саам уйго кен далылуу,уюткан коргошундай болгон,узун бойлуу,мандайы жарык,Жайнагулго тусполдош ,сулуусунан келген,коздору быжырайган, кара каш жигит менен шынга бойлуу,жашы отуздарга барып калган,бети кагаздай жука ,кырдач мурун,ботокоз, суйкумдуу келин кирди
- Балдарды ала келген жоксунарбы?
-Кечинде озум жеткирип беремин деп Жайлоогул алып калды.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 30 Май 2015 - 03:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   30 Май 2015 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Гүлайымдын көзү,эшик алдында чечилип жаткан эркектин эски туфлисине түштү.Анан кайнысиндисинин тамылжып ,бир колун бир колу менен кармалап тынчы кетип турган кебетесин байкап:Ким келди?-Деген ишаарат менен ,кызга карап кош кабагын серпти.Жайнагүл" киши бар"дегендей көзүн ымдай койду.Эки жагын карабай,туз эле залга кирген Сады карындашына бурула карады:
-Ээ Жакин,уйдо мейман барго,ыя.
-Ооба,мейман бар,абаке.
Саады,Толкунбекти бушуркой карады.Жигит салам айтайын дегенче болбой Жайнагулду агасына карап куло суйлоду.
-Абаке,бул жигит экообуз бир кезе интернатта бирге окуганбыз.Таанышып коюнуз.
Толкунбектин эки бети албырып ,сурдонуп кетти.Ал уй ээсин коздой жакындай басып кол сунду.
-Толкунбек.
-Саады.
Гулайымда ,Саады да алиги Жайнагулго кат жазган жигит ушул экенин дароо таанышты.Ээрди катын бир коргондо эле Толкунбекти" Ыйман жуздуу бала экен",-деп ойлоп,ичтери жылый тушту.
-Олтур айланайын,олтура бер.Биз азыр.Алар башка болмого отуп,кийим которуп кайра чыгышты.А Толкунбек болсо,кеткиси келип ,бул уйдо озун ашык сезип,батпай турду.Садынын залдан бакылдаган уну чыкты.
-Кана,эмненер бар,алып келгиле.
-Азыр тамак жасайбыз.Ага чейин мейман бала менен сүйлөшүп чай ичип олтура тургула деди пялы.
-Казан ас,Гүлай.Али убакыт эрте,шашылыш жок.
-Агай мага уруксат бериниз.Ракмат, чай ичтим кетейин.
-Эч жака кетпейсин.Чайда кеппи.Бул эр адамга мүнөздүү тамак эмес.Шашпа иним.
Ошентип жигиттин кайтууга уруксат сураганына ,уй ээлери конбой коюшту.Толкунбек өзүнөн өзү корунуп,чокко какталган майдай сызгырылып ,бүткөн бою тердеп алакандары ымдашып баратты.
Жайнагүлгө жазылган каттагы сөздөрдү эстеп,үй ээси ,чакырылбай келген мейман балаеы таанып алайын дегенсип теренде оттой күйгөн кыраакы көздөрү менен аны алдыртан тигиле карап,сынай суроо таштайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   bema_bema   30 Май 2015 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

-Кайда иштейсин,же окуйсунбу?-деди Сады эч нерсе угуп, билбеген немече.
Толкунбек бетаарчысы менен чеке терин суртуп Садыга жалтак карады.Ал бир демге буйдала тушуп,тигил кишини дагы бир жолу карап алды."Эмне деп жооп берсем экен?" деген кыялдануу конулундо калтылдап турду . Ушул саамда анын оюнда чындыкты айтуудан башкаэч нерсе келбей калды.
- Эч жерде иштебейим агай.
-Окуйсунбу?
-Жок.
-Кандайча андай? Же окубасан,же иштебесен?
-Окууга ото албай калгам.Иштейин десем шаарда учётум жок.
-Паспортун барбы?
-Бар. -Толкунбек уялганынан сурдонуп,тигил кишинин коз карашынан жалтан карайт. -"Балким,Жайнагул мен жонундо ага -женесине баардыгын айтып койду бекен? Агасынын кайда иштээрин да сурабаптырмын" .
Ал эми Сады болсо жаны келген газета ,журналдарды карап жатып,анда санда Толкунбекке суроо берип коёт.
-Эми эмне кылайын деген оюн бар?
-Уйго кетейин деп жатам.
-Окууну качан буттун эле?
-Мурдагы жылы.
-Ошол жылдан бери иштебейсинби?
-Ооба.
-Анда жакшы эле ойногон экенсин? Ата-энен барбы?
-Бар.
-Иштешеби?
-Атам Ата Мекендик согуштун майыбы.А энем болсо совхоздо жумушчу.
-Турмушунар кандай?
-Кандай деп айтсам,негизинен жаман эмес.
-Ошон учун тайрандап , оз билгенимди жасап журом дечи.
Менин оюмда бир тушунуксуз суроо турат,Толкунбек. Сен аскерге милдетуусунбу же милдетуу эмессинби?
-Милдетуумун. Бирок атамдын биринчи группадагы инвалиддигине, энемдин ден соолугуна байланыштуу аскер комиссариаты убактылуу аскерге баруу моонотун узартып койгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Rozalia   04 Июнь 2015 - 14:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

-А,а,ошондой дечи.Бир сөз менен айтканда ата-эненин жеңилин жерден,оорун колдон алып жаткан турбайсыңбы. Мм,түшүнүктүу. Эми айылга барганда эмне жумуш жасайсың?
-Билбейм.Бара көрөм да.
-Мына көрдүңбү.Өз келечегиң,иштей турган ишиң жөнүндө али эч нерсе билбейсиң.Кесибиң да жок.Үйүңө барып,ата-энеңдин моюнуна минет турбайсыңбы?
-Жок,агай,андай болбойт
-Анан кандай болот?
Толкунбек жооп таба албай мукактана туштү.
-Эгерде,сени мен учётко тургузуп,биздин СМУнун жатаканасынан орун алганга жардамдашсам, иштээр белең?Бир-эки жыл иштеп,үстү башыңды оңдоп,акча тыйын чогултуп алып,экзаменге жакшылап даярданып,анан окууга өтүүгө аракет кылып көрбөйсүңбү? Кокустан,дагы өтө албай калсаң,кайра келип иштей бересиң.Сырттан окусаң деле болот.
Толкунбек күлүп жиберди.Ал күлгөндө тим эле кунгө күйүп тотуккан жүзүнүн ажары ачылып,сүйкүмдүү боло туштү.
-Сиз СМУда начальниксизби? ,-деп жиберди шашып.Сады баланы карап жарк этти.
-Катардагы,карапайым эле жумушчумун.
Толкунбек үй ээсин таңдана тиктеди.Карапайым жумушчумун дегенине ишене бербей турду.Көңүлүндө жашырып жатат деп ойлоду.Оозу ачылыр турган жигиттин оюн,Садынын үнү бузду.
-Сен эртең,эртең менен саат ондо мага кел.-Адресин тактап айтып,-Дүйшөмбү күнү даттанчууларды кабыл алуучу күнүм,-деп кошумчалады Сады
Толкунбек дагы таң калды."Сиз начальник эмесмин дебединиз беле?",-деп суроого эчен-эчен оозун камдап баратып батына албады.Бара көрөмүн,- деп ойлоду.
Толкунбек эртеси түз эле,Сады өзү адресин айтып,чакырган кабинетке барды.Ал эшиктин тышындагы жазуудан тигил кишинин начальник эмес эле,СССР Жогорку Советтинин депутаты,Социалисттик Эмгектин Баатыры экенин билип,мурдагыдан да абдаарып,сүрдөй түштү.Бул кишиге кирүүчүлөр күн мурун жазылып коюшканын Толкунбек билген да жок.Сады Казиевич тышттан киргенде олтургандар ордуларынан козголо берип,салам айтып учурашты.Ал олтургандарды сыдыра тиктеп келип,кареги Толкунбекке урунду.
-А,келдиңби? ,-Сады олтургандарга карап минтти,-Кечиресиздер, бул баланы жөнөтүп жиберейин каршы эмессиздерби?
-Мейли,мейли!
Кабинетке кирип,олтураар олтурбастан эле Толкунбекке кайрылды.
-Арыз жаза келген жоксуңбу?
-Жок,жазган жокмун
-Анда азыр сыртка чыгып,шашпай олтуруп,менин наамыма арыз жаз.Ары жактагы эшикке кирсең,ручка, кагаз,стоо,стул- баары бар,-Сады кандай жазуунун шартын айтып,жолун түшүндүрүп берди.
Мунун баарын Толкунбек өзү кыз менен чечилип,сүйлөшүп отурганда айткан.Жайнагүл ушуларды ойлоду.Андан кийин эмне болду?

Билдирүүнү түзөткөн: Rozalia: 04 Июнь 2015 - 14:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Rozalia   04 Июнь 2015 - 16:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ии,баса,Сады абам аны дароо эле өзү менен иштөөгө,өз бригадасына кабыл албады беле.Эмгек жолун Толкунбек кыш кыноо,шыбак шыбоо,аралашма жасоодон баштады.Ошентип, Толкунбекти Сады өзү менен алып жүрүп,курулушта иштөөнүн көп тармактуу сырларын үйрөттү.Эмгекке дилгир бул жигит Сады Казиевичтин ишенимине ээ болуу үчүн,баардык күч аракетин жумшап,күн тынымын,тун уйкусун коюп аракеттенди. Акыры ал кыш кыноонун,шыбак шыбоонун,аралаштырма жасоону эң сонун жасооно жетишти.Жаш жигиттин шамдагай,шайдооттугу бригадирге айрыкча жакты.Кыш кыноочулар бир кирпич койгончо,Толкунбек бир эки кирпичти ашык кынай турган болду.
Күн өткөн сайын Толкунбек өзгөрө берди.Жумушчу коллектив менен да тез эле алынышып кетти.
-Толкунбек,эси бар бала экен,-деди Сады күндөрдүн биринде,кечки тамактын үстундө.-Бет алган ишинин майые чыгарып иштейт.Мен адегенде көп ишенкиребей, жүрөк заада болуп жүрдүм эле.Бирок СМУга киргениң кыйшың-мыйшыңын көрө элекмин.Деги эси бар экен.Дитин коюп жакшы иштеп кетти.Шамдагайлыгы тим эле автомат.
Жайнагүл агасынын сөзүн угуп ичинен кубанып отурду.
-Силерге барганы бир жылдан ашып калды,жакгы иштебей эмне болуптур.Үйрөндү да,-деди Жайнагүл.
-Аның туура,бир жылдан ашып калды.Бирок бир жыл эмес,беш жыл иштеп,ал эле эмес окуусун бүткөн кээ бирлерден ишинен майнап чыкпай жүргөндөр жок деп турасыңбы.Мен Толкунбектен да сага ыраазымын Жайнагүл.
-Эмнеге?,-деди кыз түшүнө бербей.
-Адамдын адамдыгын тааный билгендигиңе. Сен медик болбой эле,тергөө органдарынын биринде иштесең ылайык болмок экен.
Жайнагүл кытылдап күлдү.
-Ал бала ооруканадан чыккандан бери биздикине эмне үчүндур келбей калды.Ээрчите келүүш го.Колу абдан жакшы болуп,күчкө кирип иштеп жүрөбү деги?
-Жакшы эле.Иштеп жүрөт.Жана үйгө бар деп чакырдым.Башка күндө барайын,агай. Бугун жумушум бар эле деп болбоду.Жөнү жок эле келе берүудөн адептүү неме уялса керек,чунак.
Толкунбектин эмне үчүн ооруканагп жатвп чыкканын эстегенде Жайнагүлдүн журөгу булкуп алды.Ооба,андагы башкв кырсыктын себепкери Жайнагүл менен баягы Зыйнат деген кыз болду.Бир күнү Жайнагүл өз үйүнөн бир кат таап алды.Кандайча Толкунбектин чөнтөгунөн тушүп калганын билбеди.Балким ал атайын мени окусун деп калтырса керек,-деп ойлоду.Жайнанул бул катты,дем тартпай,эки жолу кайталап окуп чыкты.Катта ашыктык сөз жазылбаганы менен кандайдыр Толкунбекти арбаган,сыйкырдуу чакырык бардай сезилди.
"Көптөн бери көрүшпөй кеттик,Толкунбек байке!Кечээ интернаттан балдар келишиптир. Баары тең сени сурашты.Толкунбек байкем келип жүрөбү дешет.Сыягы, сагынып,көргулөру келет окшобойбу.Мендеги сен биле элек жаңылык,мен группам менен саякатка Ысык-Көлгө барып келдим.Силердикине барып аяш атам менен аяш энем менен учураштым. Жакшы турушуптур. Бирок,баягыдай эмес,картаяйын деп калышыптыр. Эки кыз менен бардым эле,тоок союп тамак жасап беришти.Силердикине келеби,-деп сени сурашты.Баса, Эмил сенин адресиңди сураптыр.Салып жибердим.Эмил отпускага келем дептир.Ал учкуч болом деп жүрүп,акыры учкуч болмок болду.Толкунбек байке,сен мага эмне убада бергениңди билесиңби?Эчак эле алиги депутат кишинин карындашы менен тааныштырмак эмес белең.Мактагаң кызың менен же кайра тааныштыргың келбей калдыбы.Мейли, тааныштырбасаң тааныштырбай эле кой.Бирок,сен өзүң биздин өткөн күндөрүбүздү, бир туугандык мамилебизди унутпай,анда санда ал-абалыбызды сурап койсоң эмне болот?Күндө жолуңду тосом.Келип калабы деп күтөм.Көрсө, сени бардык адамдардан жакшы көрөт окшойм.Муну айтпасам да түшүнүшүң керек"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 02:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: