Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#781 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагулго кандайдыр бир ой толгогон санаркоо пайда болду да калды. Санаадан кулук эмне бар дейсин. Усонду бир ойлосо, Зыйнатты мин ойлойт. Бул таштанды бала жонундогу жашыруун сыр минтип озокко ныккан туюк жарадай болуп, ойдон кеткис окуя болоорун ал кезде ким ойлоп, ким билиптир. "ЖАШ УЛУК ЭМЕС, АЖАЛ УЛУК" дегендей, кокустан жаздым тайып олуп кетсем, Зыйнаттын коз жаш, кокурок дарты менин мойнумдан кетеби же Толкунбектин мойнунда кетеби? Анда эне баланын убал-сообу бизди корубуздо тынч жаткырбайт го. Биз билгенди, биз жасаган ишти аяздуу карангы тун, жыбыраган жылдыздар эле эмес, асмандан АЛЛА ТААЛАМ карап турбады беле дейт, Жайнагулдун жандуйносуно булук тушуп....
......Толкунбектин келгенин кошуналарынан биринчи угуп, биринчи коргон Кермекаш болду. Жигит келгендин эртеси эртен менен Асан менен Усондун кочодо велосипед тээп ойноп жургонун терезеден карап туруп, Кермекаш ойго батты. "Дур-дунуйонун баары кымбаттайт" -деп угуп, эки уулуна экини алып берип марттык кылган экен. Башкаларга окшоп "АМАНАТ" кассасына салган акчаларын олтурбой калсын бул.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#782 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

БИЗЧЕЛЕП АКЧАГА БАСЫМ КЫЛБАЙ, алтын жыйнаган аял да Жайнагул.
-Э ботом, байманасы ташып жаткансып, эки баласына экини албай, бир эле "шайтан араба" алса жетпейт беле. Адамдын журогун тушуруп , кочоого экоону бирдей коё бергени эмнеси. Чымын куюн болуп отуп жаткан машинелердин алдына кырсык болуп кирип кетсе эмне болот ыя кокуй, - деп суйлогон болуп, минтип сурады балдардын жанына токтоп.:
-Ким алып берди силерге бул машиналарды?
-Папам, деди экоо жараша жооп берип.
Кермекаш уккан кулагына ишенбей "папам" дедиби же "апам" дедиби деп ойлоп кайталап сурады.
-Тушунбой калдым ким алып берди дендинер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#783 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Па-па-м! -деди Усон муунга болуп таптап суйлоп.
-Кайсы папан?
Ошол саамда ачык турган дарбазанын калиткасынан чыгып келаткан Толкунбекти коргон аялдын оозу анырдай ачылып, коздору чекчейе тушту.
-Саламатсызбы, Кермекаш эже?
-Оо-о, Толкунбексинби, садага? Мен дагы шайтан арабаны балдар "папам алып берди" дешсе, каныраш уктумбу деп кайталап сурап жаттым эле. Качан келдин? Толкунбектин бетинен опту.
-Кечинде келдим. Кандай жакшы турасызбы?
-Жакшы алдына кетейин. Озунор кандайсынар? -Зыйнатты сурайын деп, эмне учундур курмоло тушту.
-Агай кандай, иштеп жатабы?
-Кызматы кыскарып бош калган агайын. Азыр уйдо.
-Кириниз уйго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#784 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Озун эле келдинби?
-И, озум эле, Жанат экообуз келдик.
-Биздин кыз кандай журот?
-Зыйнатты сурап жатасынбы? Жакшы, эже, ал Москвада.
Кермекаш, Толкунбектин ажырашкан аялынын уйуно кандайча баса келгенине ачык тушуно албай, же ачык сурай албай, бир демге буулуп туруп минтти:
-Экоон эки тарапка кеткен экенсинер да.
-Ооба, ошондой болду, эже. Уйго кирбейсизби?
-Жайнагул уйдобу?
-И, уйдо.
-Келиниз, эже! -деди кабагы ачык, коздорунон от буркуп жадырап Жайнагул. -Жогору отунуз.
-Жок, сен от Толкунбек, -деди Кермекаш токтой калып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#785 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жарыктык, мен отчу белем, ото бериниз.
-Чайынарды эми ичип жатасынарбы?
-Ооба, эже, азыр ичип жатабыз.
Кермекаш Жайнагул менен Толкунбектен коз албай, экоону алмай-термей тиктеп, ичинен тынып олтурду . "Оме-й, бул экоонун ажарына Ай тууп, конулуно Кун туугандай жайнап эле калышыптыр, табышкан немелерби, же кандай!?" -деп ойлоп, эмнеден соз баштап, кандай кылып тамырларын тартарын ыгын билбей ыкылдап олтурган аял бир окумда минтти:
-Айланып кетейин, Толкунбек келип, тим эле уйунорго береке кирип калган тура. Олдо касиетинден айланайын эркектер ай, булардын уйдон чыгып турганы эле доолот да. "АЛТЫН БАШТУУ АЯЛДАН, БАКА БАШТУУ ЭР ИЙГИ" деген ушул. Башы булутка жетсе да аялдын иши аял да. Мен балдар Толкунбекти билбей калды го десем, билишет тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#786 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

"Шайтан арабаны" маман алып бердиби" -десем: "Папам алып келди Чолпон-Атадан" -дейт экоо жарышып суйлоп. Толкунбектин келгенин ушул эки баладан уктум.
Дасторкон бата кылынып, жаштар чыгып кеткенден кийин, Кермекаш Тумарга жакындай олтуруп шыбырай суйлоду..
-Ыя, байбиче, мен тушунбой олтурам, бул кеткен куйоо баланыз эмнеге келиптир?
-Эмнеге дегенин кандай, ботом? Аялы менен балдары болсо келбейби.
-Баягы кеткен бойдон бул уйдон коргон жок элем, кайрылганын. Ошон учун сурадым.. Туура эмес болсо кечирип коюнуз. "Кудайдын козу менен корбосон, акылын менен тааныйсынбы" дегендей, мен озум эле ойлоп журчумун, акыры бир кун: "ЖАЙНАГУЛ КАНДАЙСЫН?" -деп, кайрылып учат го деп. Жакшы эле чыдап кутту бул бала, бирок котуно келип Зыйнат туубай койбодубу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#787 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Туура айтасын, Кермекаш, акылы бар, тушунуктуу аял эмессинби, -деди Тумар, анын даражасын какшык аралаш которо чалып, -озун айткандай балдарым деп келиптир. Коруп турбайсынбы, учоо уч жактан колдон-буттан алып, Жайнагулсуз эле басып жыгылышты, -байбиче Кермекашты анча жактыра бербесе да, анын Кудайы кошуналыгын сыйлап чынын айтып койду.
-Ооба, апа, ырас болуптур, сиз айтпасаныз деле мен дароо билдим коргондо эле.
-Билсен ошондой, балам.
-Деги тигил аялы менен бир жанысыл болуп, башын ачып келиптирби? Охо-о-о, ал келин оной келин эмес. Айтты-койду дебегиле, Толкунбекте дуба бар. Зыйнат эле болсо, бул баланы тим койбой калсын. Дубанын кучу менен кармап журот деп уккамын.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#788 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Тумардын козу бузула тушту.
-Койчу кагылайын, кайдагы ойго келбеген шумдукту айтып жатасын дуба деп. Ишенбейм созуно Кермекаш.
-Жок, Кермекаш мындай созду менин кулагыма угузбачы. Ошончолук дубасы кучтуу болуп баратса, кайра кетер коп болсо. Бул созун мага жакпады. Ашык создун кереги эмне.
Кермекаш озунун дуба жонундо айткан созун бул кемпирдин минтип четке кагарын ойлогон эмес болучу. Шагы сынып жылдызы очо тушту..
Кермекаш ушундан кийин баягы Толкунбек жокто уймо-уй каалаган убагында качырып кирип туруучу адаты озунон-озу кан буугандай басылды. Бирок анын ишке жараган бир чон эрдиги болду. Ал болсо, Толкунбектин келгендеги жонундогу кабарды шаардын аяк башына би эле кундун ичинде желдей таратты да койду. Мындай аял жашаган шаарга телефон менен телеграфдын деле анчалык кереги жок окшобойбу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#789 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кутуусуз жерден Толкунбек жонундогу кабарды угуп, кабыргасы кайышып, санаага баткан Токтогул менен Ырыс болду. Бирок алар Кермекаштын созуно бир ишенип, бир ишенбей да туруушту. Анткени Москвага учаар алдында Зыйнат телефон чалып, Толкунбек экоотен суйлошкон болучу. Дегеле экоонун унундо да, созундо да эч бир кидирет жок, ойноп-кулуп ал-жайды сурап, кем-арчы болсо кийин келгенде толуктап берерин айтышкан. "Балким , Зыйнаттын жогунан пайдаланып, балдарына учурашууга келгендир" деген ойду ойлошуп, оздорун оздору сооротуп да коюшту. Эгерде бул жерге келгени чын болсо бизди унута койбос, келип учурашаар деген ойдо куйоо баласын кутуп калышты.
А Толкунбек, уй-булоосуно жаны аралашып, Жайнагулдун журогундогу муузду эрите албай жатып, Зыйнаттын таяке-таженесин эсине келген да жок. Азыр анын кусасы аялынан да, балдарынан да, тарай элек кези. Толкунбектин оюн онго болгон кошумча санаа Усон болуп турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#790 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Анын оюнда ушул кичинекей наристенин тагдыры жонундогу сыр туйуну ушул бойдон туболукко билинбей жиксиз калучудай болгон жашыруун куч баарынан кучтуулук кылып турду. Ушунча жыл, ушунча убакыттан бери шек-шыбасы билинбеген бул баланын айыбына айгак болуп эч ким чындыктын бетин ачпай кала береби, деп Толкунбек ичинен жеген курттай боло баштады. Усонду коргон сайын Зыйнаттын коз жашы, кокурок дарты жигитти жипсиз муунтуп, айласын алты кетирчу болуп баратты.
Толкунбек канчалык кочого чыгып, озун озу алаксытып, шаар аралап баскысы келип, жолдош-жоролорун, бирге иштеген кесиптештерин коргусу келип турса да эч жакка чыга да албады, эч кимди да коро албады. Жайнагул менен ажырашып, Эсенова менен башка республикага кетишти, киши олтуруп кунга калган куноолуудон да алда канча оор иш болууп, баш которо албай турду. Эч жерде иштебей, эч ким менен аралашпай, минтип ачык турмого тушкон аргасыз адамча копко жашоого чыдай албасын Толкунбек билди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#791 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Азыр жигиттин тун уйкусун уч болуп, кундуз тынчын алып турган санаа Усон. Дегеле бул бала жонундо канчалык ойлобоюн, отконду эмнеси болсо да эстебейин десе да оз оюна озу ээ болбой, Зыйнат экоо биригип санаасын самандай сапырып тура турган озунчо бир айыккыс оору пайда болду да калды.
Ошко учаар алдында Чолпон-Атага жакын жердеги кол жээгинде Казак Республикасынын "ЫРАХАТ" пансионатында курулуучу мин орундуу пансионаттын долбору учун конкурс жарыяланганын газетадан окуп, делебеси козголуп калган. Азыр Толкунбектин оюнда конкурска катышпаса да, ушул курулушта иштоо болуп турду. Бул жонундо эртеби-кечпи Жайнагул менен кенешип, кирип турган уйду Чолпон-Атага алмаштырып кочуп кетуу.
Бул кезде Толкунбек баягы жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бутуп келип, озунун эмгек босогосун биринчи аттап, агарып-когоргон ПМКнын кужурмон жамааты дээрлик кыскарып, курулуш материалдарынын жетишсиздигинен мурдагы жарым-жартылай которулуп калган объектилер биринин артынан бири токтоп жатканын биле элек болучу. Ал конулундо жолдошторун эстеп, анан Акбар Сатарович менен Эргешбаевди ойлоп жатып, уйкусу качып, тынчы кеткен Толкунбек, Жайнагулду ойготуп албайын деп, аяк серппей богуп жатып кайсы убакта уктаганын билбей калды. Толкунбек балдарынын унунон ойгонуп кетти. Козун ачып караса тан эчак атып, кун которулуп калыптыр. Жайнагулдун орду эчак сууп калганын коруп, анын бош калган жаздыгын озуно имере тартып оодарылып жатты. Балдарынын уну кайра чыкты.
-Мама, бакчага волосипед менен барам, -деди Асан.
-Жок, балдарым, велесипед-мелесипети жок эле барасынар.
-Мен анда бакчага барбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#792 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек башын которуп тигилердин созун тыншап туруп "Бакчага барбайм деп жаткан кимиси болду экен деп ойлогончо болбой:
-Бакчага да велосипед менен бармак беле ээ, мама, деди бироо.
Толкунбек журогу удургуй тушту. Ал дароо таныды. Усон экен деп ойлоду. - Кудая тообо, байкаган кишиге кадим эле Зыйнаттын уну. Мен бул баланы кичинесинде кандайча байкаган жок болдум экен. Балким кызыл эт балапан кезинде баланын ата менен эненин кимисине окшоштугу даана билинбейби, кандай? Ай байкуш Зыйнат, бекер жеринен ыйлап журбогон экен да. Ушул маалда Зыйнаттын элеси мандайына шамдай болуп тура калды. "Экоонун бироо менин балам, алып бер озумо!" деген анын ый аралаш октом унун уккан Толкунбек козун жумуп жиберди.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#793 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Усондун унунон улам ушундай ойлорго жендирип, эси энгиреп турган маалда болмонун эшиги ачылып, ары жактан кубанычтары койнуна батпай толкундап алган Асан менен Усон жетелеше басып болмого кирип келатышты.
-Папа, бизди карачы! - дешти экоо жараша суйлоп.
Балдарын коруп, коздору жайнай тушту. "Кудая тообо, адамдын ичин элжиреткен ушундай да суйкумдуу, сулуу балдар болот экен ээ" -деп ойлоду. Экоонун тен баштарында кийгени тобосуно чок тагылып, талаалары саймаланып, кызыл баркыт менен кыюланган ак калпак, устулоруно кийингендери багалек, жендери саймаланган баркыт шым, баркыт бешмант.
-Ой бу-у-й, сонун го кийиминер. Ок эле майрамга баруучудай жасаныптырсынар го. Жанынар бек болсун, кийиминер морт болсун, балдарым. Буларды ким тикти?
-Таэнем тикти, - деди жымындаган Усон.
-Бугун бакчада майрам болот, папа!
-Майрам? Эмне майрам?
-"Манас" ойнойбуз.
-"Манас" ойногону кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#794 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Биз мектепке барабыз.
-Качан? -деди Толкунбек. Ал балдарынын быйыл окууга барарын ойлогон эмес болучу. Уулдарынын созунон улам торолгон жылын эстеп: "Туу, ырас эле быйыл окуйт турбайбы булар", - деп ойлоду.
Ошондо гана балдарды мектепке узатуу аземи болоорун тушунду. Тыштан Жайнагулдун уну чыкты.
-Жургуло кеттик.
Толкунбек эмеки балдарынын "Манас" ойнойбуз деген созун эстеп минтти.:
-Эмне оюн коёсунар?
-"Манас" ойнойбуз. Асан Чубак, мен Манасмын, -деди Усон боюн тузоп.
Толкунбек Усонду тиктеп туруп, боору ооруп кетти. "ЭШИК ЖАБУУ ЭСТЕ ЖОК, ТУНДУК ЖАБУУ ТУШТО ЖОК" -деген ушул ээ, деди коздоруно жаш айлана тушуп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#795 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ата балдары менен бир короо кишиден бетер божурашып тышка чыгып баратып, эшик алдынан Жайнагулду коруп токтоду.
-Бакчага сен да барасынбы?
-Эмне болду?
-Балдарды чакырып жатканындан айтам да.
-Кечигет деп чакырдым. Азыр оздору эле барат. Ата-энелерди саат онго чакырган.
-Кудая тобо, Жакин, мен Асан менен Усонду мектеп жашына келип калганын ойлогон эмесмин. Булар мага кечээ жакында эле торолгондой сезилет. "Кун отту, омур отту" деген ушул экен да", -деди оюнда арамдыгы жок Толкунбек озуно соз тиерин билбей аялын карысынан кыса кучактай карамап.
Келин куйоосунун колун аста бошотуп минти:
-Балдарды качан, кантип торолгонун унутсан да, атын унутпаганына шунур дейбиз да. "Атан тоону сел алса, эчкини асмандан кор" дегендей, махабаттуу эркек, махабаттуу аял менен жашаса унутпаска эмне.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#796 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Койчу эми. "Ойлонбой суйлогон онтобой ооруга жолугат" деген ушул. Туура эмес суйлосом кечирип кой.
-Ооба, сен башынан эле ойлобой жашап, ойлобой суйлогон кишисин да.
-Ушинтесин эми, -Толкунбек ушул саамда баякы сансызбай деген казак жигиттин аялын эстеп, журогу зырп дей тушту. Кокустан: "Чыгып кет, мен сени чакырган эмесмин" -десечи. Анда кандай болот? Жайнагул менен отум куйушпой койду деп Зыйнатка кайра барамбы!? Жок, док, андай болбойт. Жайнагул деп жаным жай албай, балдарым деп самандай саргайып журуп жеткендеги женишим ушул болобу?! Онолоор , акылдуу да.
Ушундай ой баскан Толкунбек Асан менен Усонду короодон чыгарып баратып Жайнагулдун артынан карап туруп, ар жакта буркан-шаркан тушуп,, кок буусун кокко буркуп кайнап жаткан ак самоорду которуп келаткан кайненесин коруп, учуп жетти.
-Ой, апа, биз эле алып кирбейт белек. Бериниз мага.
-Кой кокуй, мен озум эле алып кирем, убара болбо, балам.
-Коюнузчу жарыктык, ошол кантип болсун.
Жайнагул Толкунбектин самоор которуп, сооруго кирип баратканын коруп, мыйыгынан кулуп койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#797 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жасакерленген байкуш, самоор котормок турсун, ичкен чынысын туртуп койчу эмес беле. Мурункудай батынып аралашып кете албай, пендечилик башына тушуп турган кези мунун.
Дасторконду Тумар байбиче мурда эле жайып койгон.
Бетине пияз себилип, арамат жыты буруксуп , дандырдын жаны узулгон ысык нандын илеби адамдын ичтейин ачып, таноону жарат . "Байкуш апам, биз уктап жатканда эртелеп нан жасаганга кантип улгурду экен", -деп ойлоду Толкунбек.
-Илгери биз бала кезде энебиз айтчу эле: "Озогунорго кан жугурду го. Аталуу алты тойгончо, энелуу эки тойгончо уктадынар" - деп. Анын сынарындай, азыр жалган туш болду. Тан атканы качан, - деди Тумар Жайнагул киргенде.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#798 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ыя, апа, Толкунбек келгенден бери тынчын кетти сенин. Убара болуп нан жасабай эле койсон болмок. Наабайдан эле алат элек го. Акаймакты кайдан алдын.?
-Каймак аласынарбы деп бир келин которуп келиптир. Кудай жалгап. -Чындыгы каймакты Толкунбекти коздой жывлдырда Тумар. -Алдына кетейин, ысык нан менен алсан.
-Ырахмат апа, жеп жатам. Озунуз неге албайсын? Менин чон атам айтчу эле балдарына тамаша аралаш: "Жашты Кудай сактайт, караны тамак сактайт. Жакшы, даамдуу тамагынар болсо мага бергиле" -деп. Ойлоп келсем туура айтылган соз экен. Бизди коюп озунуз ичип, озунуз алыныз.....
Толкунбек ата-энеси менен суйлошкону жаны эле Чолпон-Атанын кодун бурап жатып, тыштан кимдир бироонун тааныш унун угуп токтоп калды.
-Саламатсызбы, байбиче!
-Саламатчылык, келиниз.
-Толкунбек келдиби?
-И,келди, келди.
-"Ат айланып мамысын табат" деген ошол. Жакшы болгон тура. Уйдобу?
-Уйдо, кириниз.
-Толкунбек трубканы кайра илип, ордунан учуп турду. Туу, атаа-а, Акпар Сатарович келген тура. Жигит жаны эле мейманынын алдын тосо басып, жуп эшик алдына жеткенде, уйго кирип келаткан Акбар менен оро-пара болуп беттеше тушту. Экоо тен канаттарын жайып кучакташып калышты.
-Оо, Кудай, мен кимди коруп турам?
-Арба шумкарым!
-Бар болунуз, Акбар Сатароич!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#799 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Экоо кайра-кайра корушуп, кайра-кайра обушуп, моюн алышкан тейден залга киришти.
-Сенин келгенинди мен тундо уктум. Качан келип калдн?
-Эки-уч кун болду.
-Анан эки-уч кундон бери агайын-тууганды, тели-тентуштарды коруп учурашайын дебей уйдо жаттынбы?
-Анан эмне кылам, Акбар Сатарович! Куноолуу киши кундор ондонуп, эл-журттан тартынып кылат тура.
-Койчу, сенчелик киши куноо кылбаптырбы. Жаш кезде жаздым баспаган ким бар экен. Тур, кийин.
-Кайда?
-Биздикине барабыз. Мен азыр жолдо келатып Жайнагулду кордум. "Тез жардам" менен бир жакка кетти окшойт. Сени сурасам уйдо деди. Бечера, эстуу келин тура.
Толкунбек кийинип, Акпар Сатарович экоо уйдон чыгып келатса, ашканадан Тумар чыгып, шаша сурады:
-Ой, балам, кайда баратасынар? Э Кудай, мен казан асып жатпадым беле. Чай деле кайнап калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#800 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ырахмат байбиче, сизге казан астырып, чай кайнатырып ичпей курап калайын. Мен уулунузду алып баратам. Уйдо камалып олтурбай аба жутуп, кичине басып келсин.
-Мейли, барсын алдына кетейин. Капырай, жок дегенде чай ичсенер болбойт беле.
-Чайга кейибениз жарыктык, ичип-жеп жургон эле уй эмес беле, жакшы калыныз.
Акбар Сатаровичтикине келгенде Каныш апа баш болгон уй-було мучолору, Толкунбекти бир жакын тууганын коргон немеден бетер кубанычтуу тосуп алышты. Дасторкон устундо Акбар Сатарович Толкунбек менен чечекейи чеч болуп дегендей чечилип суйлошуп олтурду.
-Сени копко жоктоп журдук. Бирдеме болсо эле Мансуров мындай эле, Мансуров тигиндей эле. Керек убакта жумушчу менен жумушчу болуп аралашып кетуучу. Баарыбызга кайрымдуу да, боорукер да болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: