Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#81 Пользователь офлайн   Rozalia   04 Июнь 2015 - 17:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул кат Жайнагүлдүн ичине күтүлбөгөн жерден дурбөлөң салды.Ал ушул каттан кийин Толкунбекти канчалык даражада жакшы көрөөрун билди.Кыздардын сүймөнчүгү болгон бул сулуу жигитти көрүүнү эңсегени менен көрө албады.Эмне үчүн Толкунбек ушул аралыкта,мурданыдай кыздын жолун тосуп келбей да калды.Мындай күтүүсуз жерден алыстоо,Зыйнаттын катынан кийин жүрөккө түшкөн өзүнчө бир аты жок оору болду.
Кың жүрөгү ушинтип чөгөт болуп жүргөн күндөрдүн биринде Сады менен Гүлайым театрга билет алып келип калды.Жайнагүл агасынын оозунан Толкунбек жөнүндө сөз угамбы деп кулак түргөнү менен эч еерсе уга албады.Кыз жигиттин бири бирине болгон ачыла элек махабаты жөнүндө агасы тургай,жеңеси билүүчү эмес.
Театрга кирээр кирбестен эле Сады менен Гүлайым жолдош-жоролорун тегеректеп, биринин артынан бири учурашып жатышты." Т-ү,деги абамдын тааныштарынын көптүгү ай.Шаардын адамдарынын теңинен көбү бул кишинин досу,таанышы. Атаганат,элдин баары менин агамдай кадырман болсо ээ"-деп сыймыктана күлүмсүрөп. Жайнанүл ага-жеңесинен окчунураак турган болучу.Ушул кезде көпчүлүктүн ичинен кыздын көзунө оттой кадалган бирөө көрундү.Аз жерден "Толкунбе- е-к!"-деп кыйкырып жибере жаздап барып токтоду.Кыздын көңүлүн бузган, Толкунбек менен бейтааныш жигиттин ортосунда бараткан кыз болду.Бул кыз ким болуп кетти деп ойлоду Жайнагүл.А балким, Зыйнат дегени ушул юолуп жүрбөсүн. Тигил эркек кимиси?"Маданиятсыздар! "-деди тигилердин басканын жактырбаган Жайнагүлдүн күйбөгөн жери күл болуп.Көпчүлүктү көздөрүнө илбей,ээн талаада жүргөнсүп,колдорун кармашып алышкан тура,адашып кетишчүдөн. бетер.Зыйнаттын жазган каты ошол замат эсине түштү.Эмнк үчүн биздикине каттабай калды десе,ушундай барып жүргөн турбайбы деген арам ойдон көңүлү Толкунбектен калып турду.Ал жеңесинин:
-Жүрү,кеттик, алтыным.Сан көздүн баары эле сени карап,сага имерилишет да,-деген сөзүн угуп,уйкудан жаңы ойгонсуп,жеңесин убайымдуу көз караш менен жалт карады.
-Эмне дегениңди укпай калдым.
-И-и,театрга келбей дедиң эле.Көптүе көз жоосун алып,далай жигиттин жүрөгүн тыбыратып койдуң.
-Олда,жеңекебайым ай,мынчалык ашыроо мактоонун кереги эмне,-деди суздана.
Ээрчише басып,үчөө лоджага көтөрүлүштү. Бул мезгилде көрүүчүлөрдүе көпчүлүгү ңалга кирип,орун алып олтуруп калышкан.Жайнагүл өздөрү менен бул лоджага кимдер олтурганвн да байкабады.Ал колуна күмүш жээктүү дүрбүсүн алып,залдын ичинен Толкунбек менен чогуу келген жолдошторун издей баштады. Бирок аларды канчалык издегени менен эч жерден таппай убара боло берди.Бир маалда ал тыштан кирип келген Толкунбекти көрүп жүрөгү булкуп алды.Ана өзү олтуруучу катарды издей баштады.Ошол маалда залдын орто ченинен,кимдир бирөө ордунан көтөрулө берип:"Толкунбек! ",-деп заңк этти.Бул жапайы үн залдын ичинде чагылгандай бир чарт этип алып жок болду.Олтургандардын баары ошол үн чыккан жакка бир сыйра жалт карап алышты.
Ушул маалда Жайнагүлдүнкош карегине кадалган дүрбү Толкунбекти магниттей тартып келип,бетинин түгүнө чейин көрсөтүп турган болуучу.Тиги бейтааныг жигит ордунан туруп,кыздын Толкунбекке орун берип,өңү катарлаш турган бош орунга жылып олтурганын Жайнагүл кирпик какпай карап турду.Анан үчөөнүн башы бириге калып,тынымсыз өздөрунчө сүйлөшуп жатышты.Жайнагүлдүн ой-санаасынын баары кызда болуп,аны сынай тиктейт.Аны артынан көргөнү менен,бет алдынан өңү түсүн даана көрө албаганы Жайнагүлдү өкүндүрүп турду.Бирок кыздын кебетеси сымбаттуу көрүндү көзүнө.Прическасы эң эле татынакай,жарашыктуу жасалыптыр. Бир өңчөй бозомтук кездемеден спорттук стилде жеңи кыска тигилген көйнөгүнүн жакасы каралжын кездеме менен жээктелип,ичке кайыш кур байланып алганы даана байкалат.Айтоор, бул күнү Жайнагүл сахнада эмне болуп жатканын,окуянын кандай башталып,эмне менен аяктаганын тооук түшүнбөгөн бойдон,кымбат убактысын текке өткөрүп жибергенин эч ким билген да,байкаган да жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Rozalia   05 Июнь 2015 - 23:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Театрдан ал көңүлсүз чыкты.Оюнга келгенине,Толкунбекти тиги кыз менен көргөнүнө өкүндү."Зыйнаттын мактанышында кеп бар экен",-жеп ойлоду.Анан үйлөнүү жөнүндө өзүнө сунуш киргизип жургөнүн жеңесине айтпаганына көңүлүндө кубанып койду.Жайнагүл эми Толкунбек деген оорудан алыс болууну ойлоп,ичинен өзү менен өзү макулдашып келатты.Театрдан келээри менен сабак даярданууну шылтоо кылып,Толкунбекке кат жазууга олтурду.
Жайнагүл бир топко ойлонуп олтуруп,араңдан зорго беш-алты сүйлөмдүн башын курады.Бирок, эмне үчүндүр көңүл калтыраарлык бир ооз сөздү кагаз бетине түшүрө албады.Ал мурда Толкунбекти "сен"деп суйлөсө,азыр катка "сиз"деп жазды."Толкунбек ага!",-деп баштады ал катты,-Мен сиздин үйлөнүү жөнүндөгү сунушуңузду ойлонуп көрдүм.Мезгили жеткенде өзүм жооп айтам деген убадам боюнча,ушул катты жазып олтурам.Анткени, калп жеринен тил эмизип,сизди үмүткөр кылып,узакка күттүргөнүм адамгерчиликке жатпас.Ойлоп көрсөм экөөбүздүн тең чыныгы махабатыбыз, келечек бакты-таалайыбыз эки башка окшобойбу.Ар кимдин өзгөгө алмашпас өз сүйгөнү болот тура.Адам гулдөр гүлду тандап,учуп- конуп жүргөн көпөлөк эмес экенин түшүнөбүз да.Биз энеден туулганда эле бир жүрөк менен туулуп,өмүрүбүздүн акырына чейин бир жүрөк менен жашап,бир жүрөк меннг өлөт эмеспизби.Турмушта эки жүрөк менен жашап,эки башка адамды сүйгөн жүрөктөрдү мен али угуп,көрө элекмин.Менин жаратылыш тартуулаган жалгыз жүрөгүм,жалгыз махабатым бар.Ал махабатым,ал жүрөгүм өз сүйгөнү үчүн жашап,өз сүйгөнүнө гана ачылууга тийиш.Мындан ары бири-бирибиз менен бир тууганча,ага- карындаш катары сыйлашып жүрөлү.Үйлөнүү тоюм өткөндө сиз менин тизмемдин башында биринчи болосуз..."
Жайнагүл Толкунбекти театрдан көргөндүгүн, ал эле эмес өгүнү келгенде өзү түшүрүп салган Зыйнаттын каты жөнүндө бир ооз сөз жазгаг жок.Жайнагүл ошонүн эртеси,жазган катын салганы борбордук почтага келген.Жанында институтта бирге окуган Султан деген бир улан бар болчу.Кыз катты ящикке жаңы эле таштап,бурула берип,бет маңдайында көздөрүнөн от жанып турган Толкунбекти көрүп апкаарый түштү.
-Саламатпы,Жакин! ,-деди өзүн көздөй кадам таштаган жигит.
-Саламатчылык, -мостоё жооп берди Жайнагүл,-Мен шашып бараттым эле.Кап,сизге бирөө кат жиберген болучу,көрөрүмдү билгенде эмес азыр эле бул почта ящигине салып жибербедимби.
-Эч нерсе эмес,ага кабатыр болбой эле кой,алам да эртең
-Ооба,аласыз. Жакшы калыңыз.-Толкунбек бирдеме айтайын дегиче болбой Жайнагүл,жолдун жээгинде өзүн күтүп турган Султан менен басып кетти,ал басканда да жөн баскан жок.Султанды атайын колтуктап алды,Толкунбекке өчөшүп.Колтукташуу кандай таасир берээрин билсин деди ичинен камыгып.
Жигит турган ордунда катты
Күндөрдүн биринде Жайнагүл институттан кеч кайтты.Үйгө кире берип,ал жеңесинин кимдир бирөө менен,телефон аркылуу,кандайдыр бир жагымсыз сөздү сүйлөшүп жатканын угуп,жүрөгү болк этти.
-Катыгүн ай,жаан болгон экен ээ.Деги жаны аманбы?,-ддди чый-пыйы чыккан Гүлайым кейиштүү үн менен.-Эмне кылалы,биз баралыбы?Үстүеө киши киргизбей жатат дейсиңби?Үйдө. Азыр келди.Өзүң качан келесиң?Билбейм дегениң кандай?Операциядан кийин?Мейлиң, туруп тур андай болсо.Үйүнө да кабар бердиңерби? Туура,туура, андай оор жарадар болсо бериш керек,-Гүлайым өзүнчө шыпшынып,каңырыгы түтөп,трубканы койду.
-Эмне бирөө бирдеме болуптурбу ыя,жеңе?
-Толкунбектти машина уруп кетиптир
-Качан?
-Бүгүн түшкү тамакка чыкканда.
Кыз турган ордунда катты.

Билдирүүнү түзөткөн: Rozalia: 05 Июнь 2015 - 23:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Rozalia   06 Июнь 2015 - 01:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

-Ооруканага чала жан жеткириштир. Сыягы кан көп кетсе керек.Азыр рентгенден көргөндөн кийин операция жасаганы жатышыптыр. Буту сыныптыр дейт,акыреги чыгыптыр дейт,башынан каттуу жарадар имиш.Кырсык менен тарткылыкты кайдан деп болот.
Жайнагүлдүн жүрөгү сызылып,муундарын мвйда калтырак басты.Дипломатын кармаган бойдон Гүйлайымдын оозун караган бойдон эшик алдында жансыз селейип турду.Өңү өчүп,көзү жашылданып, эрдин кесе тиштеп турган кайынсиңдисинин кебетесин баамдай койгон жеңе,мостоё карап минтти:
-Э,кудай эмне мынчалык ойго батып кеттиң?Бол,чечинип чык.Мен сени күтүп эчтеке иче элекмин.
Кыз ыйлап жиберди.
-Жеңе,Толкунбекке барып келели да
-Сады үстүнө киши киргизбей жатат дебедиби.Операциясы ийгиликтүү аяктаса барабыз эртең.
-Эртеңби?
-Ооба,эртең. Баары бир бүгүн барганыбыз менен үстүнө киргизбегенден кийин,эмнеге квлп эле убара болуп..
Жайнагүл Толкунбектин үстүнө киргизбесе да,жеңеси макул болсо,учуп жеткиси келип турду.Бирок, барбайбыз дегенден кийин барбайт да.Кыз көңүлсүз басып өз бөлмөсүнөн чыкты.Бул күнү Толкунбекти ойлоп,жүрөгүнө тамак да баспады,сабак да окубады.Уйкусу качты.Өгүнкү ага жиберген каты менен салкын мамилесин ойлоп кейишке түштү.Андан дагы Султан менен колтукташып, ага мактанчылык кылып басып кеткеничи. Эмне үчүн коркуттум аны.Же башкалар менен театрга бардың деп күнөөлөдүмбү. Ооба,ошенттип күнөөлөдүм. Баарынан да Зыйнаттын жазгаг катына ич тарлык кылдым.Анан эчиеуеден эчтеке жок эле,ага жагымсыз кат жаздым.Баягы күнү театрга баралы деп чакырса өзүм барбай койдум.Андан кийин телефон менен киного чакырды..Анда да барган жокмун.Жайнагүл мурда Толкунбекти күнөөлөсө,азыр өзун күнөөлөп жатты.Айтоор, бул түн кыз үчүн тынчы жок,азапттуу түн болду.
Жайнагүлдүн эртең менен тула бою эзилип,дармансыз турду.Көздөрүнүн асты шишип,өңү шапая түшкөнүн өзү дароо байкады.Агасынан Толкунбекке киши киргизбей жатканын,операция ийгиликтүү аяктаганын угуп,бир аз санаасы тына түштү.Кечээ жакында эле бейтааныш кызга кылган ич тарлыгы,азыр Жайнагүл эсине келбей калды.Эмнеси болсо да ооруканага учуп жеткиси,анын ал-абалын өз көзү менен көргүсү келип турду.
Институттан чыгып ооруканага келгенде Сады да,Гүлайым да,Толкунбекке келген башка кишилер да жок болучу.Ушул жымжырттыктан улам,эмне үчүндүр кыздын көңүлүндө Толкунбек өлүп калгандай болгон бир суук сезим удургуй түштү.Аны ага-жеңеси Жайнагүлгө жашырып,айтпай койгонсуган жагымсыз ойдон жүрөгү мыжыгып турду.Суук кабарды угуудан чочулап,эч кимден эч нерсе сурагысы келбей,бул чөйрөдөн тезирээк чыгып кетүүнү ойлоп,кетенчиктеп баратып,кимдир бирөөгө урунуп алып,чочуп кетти.Үстүнө ак халат,башына ак такыя кийген жаш жигиттин сузданган жүзү Жайнагүлдү көрүр,суктана "Кечиресиз! "-деп жаркы этти.
-Жок,сиз кеиресиз доктор,мен байкоостон эле.,-деп уялыңкы үлбүрөп үн катты кыз.
-Жок,жок,эчтеке эмес,шашып баратып өзүм байкабай урунуп алдым.-Экөө тең бири-биринин карап,күлүп жиберишти.-Ооруканада кимиңиз бар эле- деди жигит.
-Мансуровго келгем.Айттынызчы, деги тирүүбү ал жигит?-деп жиберди Жайнагүл
-А,а алиги аварияга учураган.жигитпи?
-Ооба,ооба ошол
-Ой кудай,ай тим эле тирүүбү дейсиз да.Тирүү,-кыз кубанганынан күлүп жиберди.
-Сиз травматологияда иштейсизби?
-Ооба,ошол бөлүмдөмүн
-Үстүнө кирүүгө болоор бекен?
-Ага-жеңесинен башка эч кимге руксат эмес
-Ага-жеңеси дейсизби?Анын бул жерде ага-жеңеси жок да,-экөө отделенияны көздөй ээрчише басты.
-Кантиа жок-деди жигит-алиги, Социалисттик Эмгектин Баатыры Сады Казиевиччи? Же ал кишини сиз тааныбайсызбы? Жеңеси азыр эле кетти.
Кыз эмне деп айтаарын билбей мукактана түштү.Кайыесиңдисин күтпөй өңү жалгыз келген жеңесине таң калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Rozalia   08 Июнь 2015 - 17:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"Мени күтмөк эмес беле"-деп ойлоду.Тынымдан кийин жигитке карады.
-Тааныйм жеңесин.Кирүүгө алардан башкаларга уруксат эмес деңизчи.Мейли анда руксат болгондо кирермин.Жакшы болуп калса болду.Ракмат, сизге.
-Жакшы барыңыз,-деди жигит кызды узата карап.Врач тепкичти аттай берип,унутуп калган зарыл иши эсине түшкөндөн бетер,ариын кылчая карап токтоду.Анан узап бараткан Жайнагүлдү чакырды.Кыз үн чыккан жакка карады.
-Мени чакырып жатасызбы?
-Ооба,сизди. Токтой турунузчу.Атыңыз Жайнагүл эмеспи?
-Ооба,Жайнагүл. Эмне экен?
-Мансуровдун эмнеси болосуз?
Кыз жигиттин жанына кайра келип токтоду.
-Эмнеси болосуз дегениңиз кандай?Бар болгону ал менин жердешим.Бир мектепте окуганбыз.
-А-а,ошондой деңизчи.Эмнеси болсо да сизди жакшв көрсө керек.Мен сүйгөн кызы бекен деп ойлодум эле.
Кыз кызарып кетти.
-Түшүнбөдүм. Эмне үчун антип ойлойсуз?
-Уктаса Жайнагүл деп уйкусурап,жөөлүсө Жайнагүл деп жөөлүйт.Ошон үчүн Жайнагүл деген сүйгөн кызы болсо керек деп ойлогом.Туура эмес түшүнсөм кечирип коюңуз.
-Ушуну билейин деп чакырдыңызбы?
-Ооба,чын эле билейин дедим.Эгер Жайнагүл деген кыздын чын өзү болсо,Толкунбектин үстүнө кирүүгө руксат берейин деген болчумун,-Жигит кызды сынай тиктеп тургансыды.
-Ошондой деңизчи,-эки бети дагы кызарды дуулдап....
Жайнагүл киргенде Толкунбек креслого окшогон бийик кроватта,башы бинт менен калың оролуп,буту атайын сыныктар үчүн жасалган темир алкакта илинип турган болучу.Бети менен мурдунун таноосу шишиктен араң көрүнөт.Анан казандын кара көөсүндөй болуп көк ала.Кыздын жүрөгү атып кетти."Абалы орр экен,адам болбойт го"деген ой жүрөгүн силкип алды.Эмелеки улам сыртына тээп турган кызыл бир заматта өчүп,өңү жууган чүпүрөктөй болуп,көңүлүн коркунуч бийлеп,бүткөн боюн калтырак басты.Жайнагүл башын Толкунбектин көөдөнүнө коюп,өпкөлөп жиберди.Анын буту эле эмес,колу да асылып турганын эсине жыя албай калды.
-Толкун-бе-е- к
Жигиттин соо колу кыймылдай түштү.Көзүн ачайын деп,көпкүлдөгөн шишиктен ачалбай койду.Анан оозун алсыз кыймылдатты. "Жайна сенсиңби?" -деди.
-Ооба,менмин Толкунбек.Кандай, жакшысыңбы?
-Жакшы.Жаманымды көруп турбайсыңбы? -деди эриндери эмшеңдей түшүп...
* * *
Толкунбек ооруканада көпкө жатып чыкты.Жайнагүл Толкунбекти урдурган шофёрго сот болгонго чейин,аварияга учуроонун башкы себепчиси ким экенин билген эмес болучу.Көрсө, барына күнөөлүү баягы өзунун жазган каты болуп чыкты.Кат жөнундө сөз болгондо Жайнагүлдүн кош чыкыйы кысылып,жүрөгү удургуп кетти.Шерменде болгон мындан артык болобу деп ойлоп,уятынан башын өйдө көтөрө албай,ындыны өчүп олтурду.
Шофёрдун жалдаган адвокаты күнөөнү Толкунбекке оодарып,таңдайынан чаң чыгып жатты.
-"....Ушул саамда Мансуровдун ою бир жерде эмес болуп,жүрөгү күйүп жанып келатып,машинанын алдына кандай кирип кеткенин өзү билбей калган.Жакшы жери,машина акырын бараткандыктан, жабыр тарткан жигит жарадар болуп,аман калган.Эгер шофёр жогорку ылдамдыкта бараткан болсо,Мансуровдун сөөгү сөпөт,устуканы упат болуп,ошол жерде өлөт болучу.."
Ошол маалда прокурор адвокатка суроо менен кайрылды:
-Эмне себептен Мансуровдун көңүлу алагды болуп,күйүп- жанып баратты эле?Далил келтирсеңиз.
-Адвокат тамагын жасады.
-Анткени,ушул күнү ал өзүнүн сүйгөн кызынан кат алган.Авария учурунда ички иштер бөлүмунүн кызматкерлери аны Мансуровдун колунан табышкан.Кат иштин бешинчи бетинде тиркелүү.Менимче, жигит кызды сүйөт.Бирок, тилекке каршы кыз жүрөгү,Мансуровго эмес,башка адам деп согуп,махабаты башка адам үчүн гана ачылаарын жазган.Кыздан мындай жооп күтпөгөн Мансуровду ой басып келатып,машинаны байкабай калган.Бул жерде шофёрдо күнөө жок деп актоого толук негиз бар....
Кыздын башы айланып чыкты.Ал Толкунбекке жазган катынын документ катары делого тиркелип,негизги күбө катары сөз болоорун билгенде,бул жерге келмек да эмес.Күбө катары чакырылган автобустун ичиндеги жүргүнчүлөрдүн, светафордун күйүп турганына карабай,машинанын келатканын көрүп туруп жолдон өтмөкчү болуп,кырсыкка өзү учурагагдыгын айтышып,күнөөнү Толкунбекке оодарган сөздөрү Жайнагүлдүн кулагынын сыртынан кетип жатты.Көңүлүндө санаасы сангв бөлүнүп,көпчүлүктүн ичинде,ага-жеңесинин алдында,атымды атап жиберишпесе экен деген ойдо,жанын оозуна тиштеп,кыпылдап олтурду.
Сотто Жайнагүлдүн укканы бир гана болду.Ал болсо шофёрдун бир жылга эркинен ажыратылгандыгы болучу.Кыз өкүм окулуп бүтөөрү менен агасына да,жеңесине да,Толкунбекке да караган жок.Залдан шып чыгып,түз эле үйүн көздөй бет алды.Ал болору болуп,боёсу канса да,баягы эле өзү жазган каттын чекилиги жөнүндө ойлоп,Толкунбектен уялып,эрдин кесе тиштеп келатты.Ошол маалда машинанын сигналынан селт эте түштү.Тушуна токтогон "Волганын" арткы орунтугунда жалгыз олтурган Толкубекти көрүп,уялыңкы күлүмсүрөп, көздөрү кылмыштуу жалт эте түштү.
-Кел,олтур.Жеткирип коёлу.
Жайнагүл ыргылжың тартып машинаны көздөй көңүлсүз басты.Толкунбек машинанын эшигин ача берип минтти:
-Сен эмнеге бизди күтпөй шашып кетип калдың?Агаү да,жеңе да байкабай калыптыр чыгып кеткениңди. Мен болсо сени институтка барат экен деп ойлоптурмун.
Жайнагүл күнөөлүү немедей басмырт тартып,кыбылжый сүйлөдү.
-Жөн эле кетким келди.Мен сени байкабай каллы го дедим эле.
-Байкабай калуучу кишини тапкан экенсиң." Өрдөктүн өзү көлдө болсо да,көзү чөлдө" дегендей менин көзүм да,оюм да сенде экенин билбейсиңби. Өзүмдү өзүм башкара албай калып,бир күнөөсүз бечаранын убалына калып,бир жылга кестирип шорун кайнаттым.Өзүм болсо өрөлөгөн аттай болуп үч буттап балдак таянып калдым.Жакин, мен сенден бир нерсе сурайын деп сурай албай турам.
-Эмне жөнүндө?
-Экөөбуз жөнүндө
-Экөөбүз жөнүндө?Кызык, экөөбүз жөнүндө эмнени сурамакчысың? Сурай,сурай тургаг сөз болсо
-Чыныңды айтчы,кан жолдо баратабыз.Сен мени суйөсүңбү?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Rozalia   08 Июнь 2015 - 18:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ойдо жок берилген бул суроого Жайнагүл абдаарый түштү.Буга чейин ал кат жөнүндө да,баягы өзүнүн көзүнчө колтукташып басып кеткен студент жөнүндө да ооз ачып сурай элек болучу.Жайнагүл, балким Толкунбек ушул.бойдон алар жөнүндө сурабайт го деп ойлогон болучу.
-А сен өзүңчү?,-деди ойлонбой туруп кыз
-Билип,түшүнүп турур өзүмдү сурайсың да.Мен сени сүйгөн болбосом,сенин катыңды кармаган бойдон жүрүп,келаткан машинаны көздөй жүгүрбөйт элем го.
-Капысынан ошондой болду да.Бакли, өтүп кетүүгө үлгүрөм деп ойлогондурсуң. Кырсык таман астында деген ошол.Бирок,сен мени сүйөм деп калп айтпа,Толкунбек.
-Эмне карганып,касам ичейинби?
-Ичпей деле,карганбай деле кой.Баары бир сенин сүйлөшүп жүргөн кызың бар.
-Ким?
-Ким,ким?Көрдүм го театрдан
-аа,түшүндүм эми.Мен кырсыкка учурап,ооруканага жатаардан эки-үч күн мурунку театрбы?Ошондо сен дагы бардың беле?
-Ооба,абам жеңем үчөөбүз барганбыз.
Толкунбек кара күчкө салып каткыра минтти:
-Ой макоо,ал Эмирдин сүйлөшүп жургөн кызы да.Эмир отпускага келген.Театрга карындашы,болочок жеңеси үчөө бармак болуп билет алышыптыр.Бирок, Зыйнат бир жакка кетип келбей калып,Эмир театрга мени чакырып келгенинен бардым.Анын эмнеси бар экен.
-Эмир деген ким?
-Эмилдин иниси
Жайнагүл кызарып кетти.Эмне деп айтаарын билбей какап калды.Өмүрүндө калп айтып,карөзгөй сүйлөп көрбөгөн кыз,Толкунбекти да өзундөй ойлоп кетти.Ишенди. Уялганынан башын шылкыйтып,сумкасын кармалай берди.Ошол маалда баягы өзүнүн көзүнчө почтанын алдынан колтукташып басып кеткен улан жөнүндө кыябын таап айталбай турган сөз,Толкунбектин оозунан кандай чыгып кеткенин,өзү да байкабай калды.
-Меники го болду.Ал эми өзүңчү таламандын тал түшүндө колтукташып басып кеткен бозоюң ким эле?
-Суракка аласыңбы?,-деди мукактана түшкөн Жайнагүл.
-Сурак эмес эле суроо да бул
-Албы,ал өзүм менен бирге окуган студент болчу.Мен сенин көзүңө көрүнуш үчүн гана атайын ошенткем.Ал экөөбүз жолдон жолугушкан болчубуз.Бир аз колтукташып басалы деп андан өзүм суранганмын.
Толкунбек каткырып жмберди.Анын көздөрү бактылуу жайнап,өңү демейдегиден бир башкача нурданып чыкты.Анан толкунданган үн менен Жайнагүлдүн далысына колун жиберип,имере кучактап өзүнө тартты.
-Болду,болду. башка когумча сөздүн кереги жок эми...
Жайнагүл ушуларды ойлоп тынчы кетип,экинчи жамбашына которулуп жатты.Канчалык өзүн алаксытайын десе болбой,ой артынан ойлор агып,өткөн күндүн элестери биринин артынан бири чубашып,экрандагы кинонун плёнкасындай көз алдынан тартылып өтө берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Rozalia   08 Июнь 2015 - 21:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кун артынан кундор,ай артынан айлар суудай агып жатты.Баягы биринчи туну жолугуп,Жайнагул саат,шакегин Толкунбектин тобуна тоноткон кундон бери,зымырык куштай учуп беш жыл беш саатча корунбой отуп кетти.Жайнагул медициналык институттун бешиннчи курсун аяктоонун алдында турса,Толкунбек политехникалык институттун инженердик- курулуш факультетинин кечки болумуно кирип окуп аткан кези.Ал баягы аягы менен бет алды басып,селсаяк жургон орду жок жигиттерден эмес,Сады Казиевичтин жардамы менен ушул окуу жайына откон.Баягы авариянын кесепетинен Ата-Мекенди коргоо милдетин да отой албай калган.Бир аз сылтып басат.Жайнагулго, Жайнагулдун ага-женесине жагыш учун Толкунбек тоодой тоскоолдуктарды бузуп отуу учун колунан келгендин баарын жасады.Ал Садынын айтканын айткандай,дегенин дегендей аткарып журуп,чон ишенимге ээ болду.Ошентип, Толкунбек бул уй-,улоонун эн жакын коргон,ишенимдуу адамы болуп калды.
А Жайнагул болсо келбети келишкен,журуш- турушунун адептуулугу менен коргон адамдын конулун озуно бурган,керемет кыз.Толкунбек экоо бири-бирин корбой калса,Жусуп менен Зулайкага окшоп издешип кетишчу.Жетим кополоктой болуп,кош журокту айлантып турган бул кучту бузуучу ажалдан башка эч бир даба жоктой ойлоочу Жайнагул менен Толкунбек.
Баягы сотто кубо катары ишке тиркелген катты,куноолууго иш козголуп жаткан кезде Толкунбектин делосу менен таанышып ольуруп,Сады ойдо жок жерден оз карындашынын катын окуп калганын Жайнагул билуучу эмес.Ал качан гана Мансур карыя менен агасынын созунон улам,кат тууралуу угуп калып манаттай кызарган.
-Сиз биздикине чындыгында эле Жайнагул учун келип жургон турбайсызбы, Маке,-деген Сады.
-Жайнагул учун да,силер учун да.Эгер Жакинтай экоон болбогондо Толкунбек "капырдан" ,биротоло кол жууп калат белем,ким билсин.Мен силерди адеп коргондо эле ичим жылып калган."Адам оз жамандыгын олгончо билбейт,киши жамандыгын кирип чыканча билет",-деп ата-бабалар бекер айтпаган тура.Эмнеси болсо да баламдын багы бар бала экен.Чынымды айтсам,Толкунбекти бир ойлосом,Жакинтайды мин ойлоп,сагынып кетуучу болдум.Кундузу онумдон,тункусу тушумдон кетпейт,коз алдымда жайнайт да турат.
Мансур карыянын созун кунт коюп,ундобой угуп олтурган Сады бир оокумда куло суйлоп минтип айткан:
-Ии де,ошентип Жайнагулду жакшы кором денизчи,
-Эмнесин жашырайын,бул Жакинтайыма болгон аталык мээримим,мага тынчтык бербес болду.Алдыда анча-мынча окуй турган жылы калыптыр.Кокус озунган бироо бокторо качып кетип,тилегим ташка чабылбасын деп Жакинтайдын колун сурап келдим,Сады балам.Эки баланын суйлошкон создору,уюган убадалары бар экен.Гулайым экоонор макул десенер,кудайгый кайда кетмек эле.Той берип,ата-бабанын салты боюнча колунардан алалы.
-Олда жарыктык ай,туз эле убадалары бар экен дейсиз да.Эгер Жакин Толкунбекти суйсо,баягыдай балакеттуу катты жазбайт эле да,-Сады карындашын билип турса да,Мансурга ушинтип мант берип койду.
-Ой кокуй оой,жащ кезде андай таарынычтардын мини болбойбу.Ошол балакеттуу каттын саатынан баламдан аз жерден ажырап,кара козум кашайып кала жаздаганымды билесин го озун.
-Даа,билем,Маке, билем.
-Же Толкунбек Жайнагулго тен эмес деп чанасынарбы? Же мени кемсинтесинерби?
-Жок,жок.Толкунбекти чанбайбыз.Сиз жонундо да соз жок.Макул,экоо бири-бирин жактырып,бири- бирин суйуп,суйлошуп жургон экен деп коелу.Бирок экоо тен окууларын бутушу керек да,ыя Маке.Жайнагулдун алдында устубуздогу жылды кошпогондо да,ар жакта бакандай болгон эки жылы жатат.Ал эми Толкунбек деле иштеп журуп окуганы менен баары бир студент да.Жок дегенде Жакин окуусун бутсун.Той жонундо ошондо суйлошконубуз он болоор дейм,Маке.
-Жо,жок,анда Жакинтайдан ажырап калам,Сады балам.
-Ажырап калам деген да соз болобу,жарыктык. Окуу деген окуу,уй-булоо деген уй-булоо.Жайнагул институтту бутурмойунчо эч жакка барбайт.Силерге ошондой эле менин карындашым жагып калса,куткуло эки жыл......
Андан ары эмне соз болгонун Жайнагул уккан жок.Конулундо Толкунбек бугун алып кетсе да макул."Турмуш куруп алыр,коп эле жаштап окуп,билим алып жатышпайбы" ,-деп ойлоочу кыз.Кобунчо анын журогун ойуп,конулун бузуп,турмушка чыгууга туртку болуп турган Зыйнат болду турду.Жайнагул бул бейтааныш кызды коруп,билбсе да,андан Толкунбекти тымызын кызгана беруучу.Зыйнат окуусун бутуп,ушул шаарда игтеп жатканын уккан.Ал жонундо Толкунбеу мурдагыдай Жайнагулго эчтеке айтпай калган.Аны мактачу да,жамандачу да эмес.Бирок ошондой болсо да кыз журогу кунучул да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Rozalia   08 Июнь 2015 - 22:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мансур карыянын коздор кeлген максаты ордунан чыкпай,шагы сынып кеткенин ичи ооруп,Толкунбекти ойлоп,ой басып олтурганда, кимдир бироонун эшикти устокко-босток шынгыратканы кызды селт эттирди.Женеси эшикти ачканда,кыз Толкунбектин унунон дароо тааныды." Эмне учун каникулду,анан дагы жумушунан отпуска алып атасы менен кетпей калды бекен?",-деп ойлоп койду ичинен,-А балким,кайра иштейин деди бекен".
Ангыча Гулайым,Жайнагул олтурган эшикти аяр ачып,кайынсиндисине шыбырай суйлоду:
-Бийкеч,журогой, тамак ичели.Ана,Толкунбек да келди.
-Эмне жардам берейин,ыя жене?
-Эмн жардам бермек элен.Мын бардыгы даяр,-деди Гулайым,Жайнагулдун мунозу озгоруп,конулу которуло тушконуно мыйыгынан кулуп.
Кыз Гулайым менен Садынын ортосунан орун алды.Тамак устундо,кайра- кайра саатын карап,тынчы кетип олтурган жигитти байкап,Жайнагулдун журогу сызылып жатты:"Эмнеге, кайда шашат болду экен?А балким,бироо менен кезигууго убадасы бардыр.Кечээ келем деп коюп,келбей калды.Мени кутуп зарыгат деп,адамдын журогун аябаган неме экн да бул.Бугун уйуно кетмек.Мен муну эчак колго кетти го деп ойлоп жатсам...." Ушул ойду ойлоп кош кирпиги аста которулуп,бет мандайында олтурган Толкунбектин козуно козу чагылыша тушту.Жайнагул бул коз караштан,ботончо бар шашкаландуу, тынчсыздануунун тунгуюк учкунун коруп,эки ийинин куушура кулумсуроп койду.
-Сен эмне шашып олтурасынбы, кайра кайра саатынды карайсын?Ал, тамак же,колунду суртпой.
-Ракмат,абаке. Аябай тойдум.Чын эле шашып олтурам.Руксат Жайнагул экообуз киного барып келели деп алып келдим эле.
-Баса дейм да.Мейли барып келгиле.Жакыш кино журуп жатыптыр деп азыр эле Гулай айтып жаткан.-Сады карындашына карады,-Сен туруп кийин,кечигесинер. ..
Жигиттин бою менен бой,озу менен оз болуп,кынала баскан кыз муздак абадан аптыга дем алып,конулу жай тартып,дуйно капар.
-Кеч сонун болуп турган экен,ыя Толкунбек.Карасан жылдыздуу ачык асман молмулдоп кирсиз.Айтчы, эмне учун?
-Эмнени сурап жатасын?-Толкунбек оз ою менен озу алек болуп келатып,Жайнагулдун акыркы созун будомук угуп,жалт карап алды.
Кыз дароо кыйт это тушту.Эки буту шилтемге келбей,тушагандай токтоду.
-Эмнени ойлоп бараттын эле?,-Таарынычтуу ун катты.
-Сен жонундо да,озум жонундо да.
Жайнагул жигиттин созун болду.
-Аа,ошондой де.Мен дагы....
-Сен дагы эмнени ойлоп жибердин эле?
Ушул саамда кыздын тилинин учуна,Зыйнаттын ысмы келип кайра тартты.
-Толкунбек эмне учун менин созумду уккан жок деп гана ойлодум.
-Ошондой дечи.Кана,кайсы жерин менен ойлодун.Башын мененби,же журогун мененби?-Кызды бурула карап алды.
-Журогум менен.
-Сенин тынчы жок журогунду эмне кылайын ыя?-Кызды колтуктап келаткан калыбында каруусун бекем кысып койду.Бирок юаятадан журогун ойуп турган конулдогу сырды айталбай турганын Жайнагул тушунгон жок.Алар аялдамага жеткенде агыш тустогу "Жигули" автомашинасы жолдун четинде от алып турган болучу.Машинанын жанында турган жигит кабынага шып кирип "пип"эттирип койду.Толкунбек Жайнагулду колтуктаган калыбында туз эле машинанын коздой бурула басты.Кыз жигиттен сурады.
-Сени кутуп турган машинабы?
-Мени кутуучу машина болбойт дедин беле?
-Жо,кантип эле ошентип ойлоюн,Анан деле созду тез эле башкага буруп алмайын бар,-деди,машинанын номерине кареги кадала тушкон кыз-Колдон келген машина го?
-Ооба,жолдоштор келип калыптыр.Сени коробуз дейт.
-Мениби?
-Ооба,сени.Анан мени кормок беле?
Булар ушинтип машинага жакындаганда, бет алдынан бир аял менен бир жигит суурулуп чыга келишта.Алар кызды сынай тиктеп токтошту.
-Кана,Жакин, булар менин жолдошторум, таанышып кой.
Кыз биринчи эле аялга кол сунду.
-Жайнагул!
-Кулуш.-Аял кубаныятуу жарк этти.-Мен Толкунбекке аяш болом,куйоом бул жигит.Аты-Турат.
-Капырай,-деди Турат,-мен эмне дудук белем ыя?Сени бироо куйоонду озун менен кошо тааныштырып кой дегенсип суйлойсун да.
-Кечирип кой,мен жон эле айта салдым.Азыр деле кеч эмес.Турат менен кол алышып койчу,Жакин.
Кыз кулумсуроп жигитке колун сунду.
-Жайнагул!
-Бактылуу бол.Жакшы атын бар экен.
-Ой,ат деген коюла бербейби.Аты жакшынын баары жакшы болуп,аты жамандарыдын баары жаман болуп калмак беле.Илгери эл башкарып,журт бийлеген,атактуу Кокотой деген кишинин баласынын аты Бокмурун болуптур.Хи- хи-хи.Билесинер го Бокмурундун ким экенин.
-Эмне ,Жайнагулдун аты жакшы болгону менен заты начар болсо керек,деп куномдор болуп турасунбу,таанышкын келбей.
Жигит чочумуш болуп кетти.
-Ой,антип айтпагыла,катыгун, менин атым-Эмил.
-Эмил!?-Жайнагул тандана тушту.
Жигит кыздын колун кармаган калыбында кое бербей,тиктей берди.Бул ачыккан мышыктын козундой болгон чекир коздо суктануу да,арзуу да,короалбастык да бар болучу.
-Танданбай эле кой,Жакин,мен аскерден жаны келдим.Балким, Толкунбек айткандыр.Бул экообуз арамды жесе бир жеген,адалды жесе бир жеген кыйышпас доспуз.
Толкунбек шашып калды.
-Мен сенин келгенинди Жакинге айтам деп,таза унутуп калган турбайымбы. Бул кечээ эле келди.Шаарга тушору менен,уйуно кирер кирбестен эле жатаканага мени издеп келиптир эргул.

Билдирүүнү түзөткөн: Rozalia: 08 Июнь 2015 - 22:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Rozalia   08 Июнь 2015 - 23:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

-Болду эми.Кое бериниз колумду.-Манжаларын капшыра кармап турган жигиттин созу да,козу да,мунозу да бир коргондо эле Жайнагулду иренжитип салды.-Аскерген барып деле тарбия корбой баягы бойдон келген экен деп ойлоду кыз.....
Машина Ленин проспектисине келгенде,туз эле Аламудунду коздой бурулду.
-Кайда баратасынар? -деди журогу бирденкеден шектенген кыз.
-Сени ала качып баратабыз,-деди Эмил озуна жооп берип.
-Жакин,мени кечирип кой,-деди апкаарыган Толкунбек.-Сени биздикилер кутуп жатышат.
-Биздикилер! ?Кызык,биздикилер дегенин кимдер?
-Ким болмок эле,менин ата-энем.
-Алар мени кандайча кутушот?Жок, жок,андай болбойт,Толкунбек. Токто азыр машинаны.
Машина токтоп,бардыгы тышка чыгышты.
-Азыр мезгил эмес да,Толкунбек. Экообуз тен окуубузду буто элек студентпиз. Суйлошподук беле бул жонундо.Жок, мен макул эмесмин,азыр болбойт.
-Такыр болбойбу?Эгер чындап эле болбой турган болсо Толкунбек башкага уйлонот.Азыр мындай чыгып эле,бир кызды машинага олтургузабыз да кетебиз.-Эмил эки бойрогун таянып,кыздын мандайына тура калды.
-Ырас эле,-деди тигинин созун кубаттаган Турат.-Толкунбектин уйундо той камы корулуп жатат,Жайнагул макул болбой койду деп,куру кол барсак,алар эмне дешээр экен.Биз сени зордобойбуз. Эгер Толкунбек экоон биринди-бирин жакштырып,уйлонуу жонундо суйлошуп жургон созунор болсо,жакшылап ойлонуп кор,Жакин.Ата- эненер карыдык-арыдык, оорукчал болуп баратабыз,козубуздун тируусундо уулубуздун олуктусун алып келип,санаабызды тындыргыла деп жатат.Бешинчи, алтынчы курс эмес,биринчи курста деле уйлонушот турбайбы.Кана, кандай жооп айтасын Жайнагул?Же Сады Казиевичтин айтканын аткарып,окуунду бутмойынчо куйоого барбайсынбы?
Бардыгы кыздан жооп кутуп унчукпай калышты.Ушул саамда Жайнагулдун алдында чечуучу мезгил сагалап турду.
-Толкунбек,чындыкты айтса болмок экен.Жок дегендее женем билип калса болбойт беле.Биз Толкунбек экообуз,далдалчысыз эле озубуз суйлошур,озубуз табышканбыз. Ошон учун экообуздун омурлук тагдырыбызды озубузчо чечишибиз керек.
Жигит кызды жолдошторунан болуп,четке алып чыкты.Жайнагул Толкунбекти кучактап ыйлап жиберди.Жигит колуктусун эркелете мандайынан сылап,аптыга суйлоп минтти :
-Кана,Жакин, эмне дейсин?Акылын бар эмес беле.Мен атам менен энемден мурда эле,оз журогумдун бийлигинен озум чыга албай калдым.Омур бою алаканыма салып,тобомо которуп журуп отойун.Колумдан канча ракат,канча кызмат келсе,бардыгы сеники.Жолдош жоронун алдында жер каратпа.
Ар жактан Тураттын окум уну чыкты.
-Э кудай,экоон жаны таанышып жаткансып кубур-шыбыр болуп,булкулдошуп турганча,тан атып,кун чыкмак болбодубу.
-Булар ушундай калк,-деди Эмил,озунчо какырынып,-калп эле сыр корсотуп чоектой беришет.Макулсунбу, барасынбы деп козун карап салбырай берсен,кырына чыгып алышат.Ай Толкунбек,тонуп кеттик,болбойсунарбы?
-Азыр,мына,кеттик.
Жайнагул Толкунбекти бир жакка качып кетуучудон бетер карысынан кош колдой кармап,кучактап келатты.
Эмнеси болсо да жаштар коздогон максатына жетти.Эмил айткандай,чоектомуш болгону менен Жайнагул ичинен окунгон жок.Кокус башка бироолордун укуругуна илинип калып,Толкунбектен ажырап калбасам экен деген ой кундон кунго куч алып,тынчы кетип жургон кезде,ажайып иш болду.Биринин колун бири кыса кармашып,конулдору балкып,махабат отуна мас болгон эки жаш бирине-бири бактылуу жылмайышат. Алар асман менен жердин ортосунда,кереметтуу космос кораблиедк учуп бараткандай толкундап,айылга кандай жеткенин да сезбей калышты.
Уйдон дурбоп чыккан кишилердин ичинен Жайнагулдун козуно корунгону Мансур ата менен Кына болду...
Жайнагул эртен менн уйкудан чочуп ойгонду.Караса тан эчак атып,ал эмес кун котоулуп калыптыр.Бул уйдо тиричилик алда небак башталган сыяктуу.Короодо уй ээлеринин уну чыгат.Жаны келген келин кантээрин билбей,кыстала тушту.Кайнене, кайнатасынан кеч туруп,аларга корунуу тозок болуп турду.Жайнагулдун коргон баккан тарбиясы башынан ушундай болучу.Ал озунун куйоого эчак кеткен эжелерине энеси Тумардын айткан создору азыр аларга эмес,озуно тиешелуу болуп тургандай туюлду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 11:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

жаны келген келиндин сергек болгону жакшы,кыздарым. Далкыйып,кыйратып салгансыпсасып уктап жаткан уятт болот.Эртен менен кайнене менен кайнатадан мурда туруп ,жуунуп-таранып алып,самоорунарды коюп,дасторконунарды жайып,кант-майды жайнатыпызаат корсотуп тургула.Чай болобу,башка тамак болобу ,насиптин астын ата-энеге биринчи куюп,ата-энеге биринчи сунгула.Бул карыны кадырлап,улууну урматтагандык болот.Ошондо гана силер эрдин да,элдин да,ата менен эненин кадырлоосунаээ боло аласынар-деп кыздарына айткан эненин айткан насаат создору Жайнагулдун кулагына алтын сырга болуп тагылып калгандай,эсинен кетпей турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 12:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Оо менин кагылайын алтын энем,сенин кыздарына берген ушундай баа жеткис создордун кадырын,мен Байрагул эжемдикине барганда тушунуп,конулумдо кубанган элем.Билем ошондо сенин зоболон копчулуктун ичинде дагы которулду эле....Бир адамды мин адам мактап,ыраазылыгын билдирип туруунун озу кандай сыймык.Мындай сыймыкты адам алтын берип сатып алалбасын Жайнагул ошондо тушунгон.Азыр дагы ошондогу ою,тилеген тилеги кайра баштан тутанып,конулундо чагылышып жатты.Ал азыр эмне учундур Толкунбекти тик багып кароодон айбыгып,эч бир адамдын санаасы жетсе,озу жеткис,бир ыйык адамдын алдында куноо кылгансып,уялганынан буткул денеси оттой жанып,алоо болуп турду.Чатырап, шишимик тартып турган эриндерин тилинин учу менен жалады.Эмелеки эрте туруп чай коюп,уй ичин иреттоогодаяр турган Жайнагул кайнене,кайнатасы менен беттешууну эстегенде кыялы кымгуут болуп,мизи кайта тушту.Кечээ кечинде эле кыз башым,кыл чачым менен босогонорду аттап кирип,эртен менен катын болуп тура калып,силерге мактанганы чыктымдейимби. Ал ушул тапта жандуудан да,жансыздан да уялып,журогу жарылып кетуучудой зыпылдап жатты.Оо шумдук ай,адам баласынын жашоосунун татаалдыгы укмуш экен да,-деп ойлоду Жайнагул.-Кызгалдактай кулпунган кыз кезим,бир заматта аккан суудай аркырап,кайдадыр белгисиз жакка акты да кетти.Ушинтип ой басып олтурган Жайнагул эшикке кантип чыгып,кантип уйдогулорго корунуштун айласын таппай турду.Ушул саамда Жайнагулдун козу байкоостон ирэгежакта турган жез дагыра менен кок чайнекке тушту.Караса ичинде толтура суу,жанында самын.Эмелеки айласы кетип,кантип, кайда барып жуунарын билбей турган кыз,буларды коруп суйунуп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 12:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Ал кийинип, чачы-башын тарап,кечээ кечинде кайненеси салган чачылуу ак крепдешин жоолугун байланып,босогого келип токтоду.Конулундо тундо кошого ичинде озу менен бирге олтурган кыздарды,анан Толкунбек экооно тошок салып,чарк кополок айланып чуркап жургон келиндерди эстеп турду.Анан:Эми алар бугун келбейби,- деп озунчо кейишке тушо баштады.Айтор кимиси болсо да ата-эненин алдында бетин ачып,жол баштоочу бироо керек болуп турду.Бирок эч ким келбеди.Тээ бир оокумда тышкы болмодон дабыш чыккандай болду.Жайнагул озу тубундо турган эшиктин туткасын аяр кармап,каалганы акырын ачты.Эчактан бери эле эшиктин ачылышын акмалап кутуп тургансып,ошол саамда кандайдыр бир аялдын жумшак уну Жайнагулдун кулагын сылап отконсуду.
-Турдунарбы, жаш жубайлар?
Келин озун дароо колго алды.Кокус айылдын ачык-айрым оозу шок аялдарынан болсо,дагы эмне деп айтып жиберээр экен дегенсип тик кароодон айбыгып,иймене тушкон Жайнагул улбурой басып чыгып,эки колун бооруна алып ийиле тартып жугунуп койду.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 15:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

-Жугунбой эле кой,мен элемин.
-И,Кулушсунбу? -Жайнагул суйунуп кетти.Ал жат адамдардын арасынан жакын адамын коргон немеден бетер кубанычтуу жуз менен келинге тике карады. -Ии, ырас болбодубу келгенин.Эртеден бери тышка кантип чыгып,ата-энеге эмне КЫЛЫП КОРУНОРУМДУ БИЛБЕЙ, КАПАСТАГЫ ТУТКУНДАН БЕТЕР КАМАЛЫП ТУРДУМ ЭЛЕ.
-МЕН ОШОНУ ОЙЛОП КЕЛДИМ ЭЛЕ,КАНДАЙ,ЖАКШЫ ЖАТЫП,ЖАЙ ТУРДУНАРБЫ?
-РАКМАТ,ЖАЙ ТУРГАНДЫ КОРУП ТУРБАЙСЫНБЫ. ЭМИ КАНТИП КИРЕМ,ТИГИЛЕРДИН УСТУНО.ЭРТЕ КЕЛУУН ГО.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 15:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

-КАНТИП КИРЕМ ДЕГЕН ДА СОЗ БОЛОБУ.КИРЕБИЗ ЖУГУНУП ЭЛЕ...
...ЖАЙНАГУЛ БУЛ УЙ-БУЛО МЕНЕН ТЕЗ АЛЫНЫШЫП КЕТТИ.КЫНА УУЛУНА БИР ЖАЛЫНСА,КЕЛИНИНЕ ЭКИ ЖАЛЫНАТ.КЫЗЫМ ДА СЕНСИН,ЖАЙНАГУЛ, КЕЛИНИМ ДА СЕНСИН ЖАЙНАГУЛ,ТИРУУМДО СЫЙЛААРЫМ ДА,ОЛСОМ ЫЙЛААРЫМ ДА СЕНСИНДЕГЕН ЭНЕ СОЗУБАССА-ТУРСАЖАЙНАГУЛДУН ЭСИНДЕ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 15:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

-Кантип кирем деген да соз болобу.Киребиз жугунуп эле...
...Жайнагул бул уй_було менен тез алынышып кетти.Кына уулуна бир жалынса,келинине эки жалынат.Кызым да сенсин,Жайнагул, келиним да сенсин Жайнагул,тируумдо сыйлаарым да,олсом ыйларым да сенсин деген эне созу басса_турса Жайнагулдун эсинде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 15:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

МАНСУР МЕНЕН КЫНА ЭЛЧИЛЕП АГА-ТУУГАНЫНА САЛЫК САЛЫП,КОШУМЧА ЧОГУЛТКАН ДА ЖОК.ЭЛЧИЛЕП КУДАЛАРЫНЫН АЧУУСУН БАСЫП,ТАРТУУСУН ДА ТАРТКАН ЖОК.АЛАР ЖАЙНАГУЛ КЕЛГЕНДЕН БИР ЖУМА ОТУП ОТПОЙ ЭКИ БАЛАСЫН ОЗДОРУ МЕНЕН БИРГЕ АЛЫП КУДАГЫЙЫНЫКЫНА БАРЫП,ЖОЛДОРУН АЧЫП АЛЫШКАН.БААРЫНАН ДА ЭКИ КУДАГЫЙ КАЙМАККА КУЙМАККУЙГАНДАЙ БОЛУП,БИРИ-БИРИНЕ ЖАКТЫ ДА КАЛДЫ.ПЕЙИЛДЕРИ, НИЕТТЕРИ ТОП КЕЛИШИП,СЕНИН ТАМАНЫНА КИРГЕН ТИКЕН,МЕНИН ЧЕЧЕКЕЙИМЕ КИРСИН ДЕГЕНДЕРДЕН БОЛУШТУ.
ТОЛКУНБЕККЕ БАРЫП,УШУЛ ЭШИКТИ АТТАП КИРГЕНДЕН БАШТАП,ЖАЙНАГУЛДУН КОРГОН КАМЫ-КАЙНЕНЕ МЕНЕН КАЙНАТАСЫ.АЛ КЫНАНЫН ДА,МАНСУРДУН ДА ДЕН СООЛУКТАРЫ ЖАКШЫ ЭМЕС ЭКЕНИН БИЛДИ.ЭКООНУН ТЕН ЖУРОКТОРУ КУЙУТКО КУЙУП,КУЙУТТОН ЖАРАЛАНГАН АДАМДАР ЭКЕНИН ОЙЛОГОНДО УКТАП ЖАТСА ОЙГОНОТ.АНЫН УСТУНО МАНСУР УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН БИРИНЧИ ГРУППАДАГЫ ИНВАЛИДИ БОЛЧУ.КЫНА КЕЛИНИНЕ СЫРЫН АЙТЫП ОЛТУРУП МИНТКЕН:
-АКЫЛЫН БОЛСО СОЗ ТУЙУНУН ТУШУНУП,ЭСИНЕ АЛАРСЫН БАЛАМ.АКЫЛЫН БОЛБОСО,БУЛ КЕМПИР КАЙДАГЫ МАГА ТИЕШЕСИ ЖОК,ОТКОН-КЕТКЕНИН АЙТЫП КУЛАГЫМДЫН КУЖУРУН АЛЫП ЖАТАТ ДЭЭРСИН.ОН БИРДИН ЭНЕСИ БОЛДУМ.МАНДАЙ СООГУМ ТАЙКЫ ЭКЕН,ОНУ ЖЕР АСТЫНА КЕТТИ.ТОЛКУНБЕКТЕН УЛУУСУ ОНУНЧУ КЛАССТЫ БУТУП ЖАТЫП,ТОМПОЮП КАЛБАДЫБЫ,КАГЫЛАЙЫН. ОЛГОНДУН АРТЫНАН АДАМ ОЛБОЙТ ТУРА.ТУНДО ТУШУМДО БИР БОТОН ЭЛ,БОТОН ЖЕРДЕ,БАЛДАРЫМДЫ ЖОГОТУПОШОЛОРДУ ИЗДЕП ТАППАЙ ЖУРГОН ЭКЕНМИН.БАЛА БАКЧА ЭКЕН ДЕЙМ ОЮМДА.БИР ЖАЙГА КЕЛИП,ТОПУРАГАН ЭЛ МЕНЕН БАЛДАРГА ТУШ БОЛОМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 16:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

АНГЫЧА АРЫ ЖАКТАН БОБОКТОРУН ЖОЖУРОТУП ЭЭРЧИТИП ТОКТОМУШУМ ЧЫГАТ.АЛ КИМДИР БИРООДОН:БИЗ ЭНЕБИЗДИ ИЗДЕП ЖУРОБУЗ.СИЗ АЛ КИШИНИ КОРГОН ЖОКСУЗБУ?-ДЕП СУРАП ЖАТКАНЫН УГУП,КУБАНГАНЫМДАН ТИЛИМ БУУЛУП,УНУМ ЧЫКПАЙ,АЯГЫМ ШИЛТООГО КЕЛБЕЙ,ТУРГАН ОРДУМДА КАТЫП КАЛСАМ БОЛОБУ.ТИГИЛ АДАМ ТОКТОМУШТАН: ЭНЕНЕРДИ ТААНЫЙСЫНАРБЫ? -ДЕП СУРАЙТ.АНДА БАЛДАРДЫН БААРЫ ЧУР ДЕЙ ТУШОТ:ЭНЕБИЗДИН ЖУРОГУ БИЗДИ ЭСТЕП,ЫЙЛАП ЖУРУП КУЙУТКО КУЙУП КАЛГАН.ОШОЛ ЖУРОГУ КУЙГОН ЭНЕ БИЗДИН ЭНЕБИЗ,-ДЕП ЫЙЛАП ЖИБЕРИШЕТ.МЕН БАЛДАРЫМА КАНЧАЛЫК ДАЛБАС УРУП,ЭНЕНЕР МЕНМИНДЕП АЙТАЙЫН ДЕПТАЛПЫНГАНЫМ МЕНЕН АЛАРГА ЖЕТЕ АЛБАЙ,АДАШЫП КАЛДЫМ.-КЫНАНЫН КОЗ ЖАШЫ ТОГУЛУП ЖАТТЫ.-КАГЫЛЫП КЕТЕЙИН ЖАКИНТАЙ,-ДЕДИ ЭНЕ ЖАШЫН СУРТУП,-МЕН ЭРТЕН МЕНЕН ОРДУМДАН ТУРУП ЭЛЕ,ЖУМУРТКА ЧЕГИП,СУТ МЕНЕН МАЙГА КИЧИНЕ КАМЫР ЖУУРУП КОЙГОНМУН.ЭМДИГИЧЕ АЧЫП КАЛСА КЕРЕК.СЕН КАГАЗДАЙ ЖУКА ЖАЙЫП,ТЕНИН КЫЙЫКЧА,ТЕНИН ЖУМУРУ ЭШИП,БАРМАКЧА КЕС.МЫНДАЙ ЖАСАЛГАН ТАТТУУ НАНДЫ БАЛДАР ЖАКШЫ КОРОТ ЭМЕСПИ,КАГЫЛАЙЫН. ЭКИ-УЧ ТУРУМ САНСАНЫ ОЗУМ ЭШЕЙИН.АНАН САМООР КОЮП,КОШУНАЛАРДЫ ЧАКЫРЫП,БАЛДАРЫМА БАГЫШТАП,ДУБА КЫЛЫП ЧАЙ ИЧЕЛИ.Оо козу ачык кеткен чолпондорум, энем менен жаны келген женем жасаган экен дешип,талашып жешсин...
кайненесинин созун угуп,Жайнагулдун ыйлагысы келип,жашып кетти.Боору ооруп,конулу уйгу-туйгу болду.Балдарын унутпай минтип кайгыра берсе,туболугу кандай болор экен деген аео сезими журогун тилип турду.Олбой тируу журуп,олгондон калган жалгыз баласынын ракатын корор бекен,байкуш киши.Чын эле балдары айткандай ,жедеп олумдон журогу куйуп буткон байкуш тура.Ошон учун оорукчал,ошон учун арык да.Ошентсе да жаны тынбаган ,тынчы жок киши экен,оюна койсо мага чырпык башын сындырткысы жок.Кайненелуу келиндер кандай бактылуу.Эне байкушженилди жерден,оорду колдон алган жук которгуч нар болот тура...
Жайнагул оозго кирген келин болду.Кайнененин камырынан,тамырынан дегендей,тигил Мансурдун келининин сарамжалы,жасаган- неткеникадим эле Кына.Кызды тууса ушундай тууп,кызды тарбияласа ушундай тарбияласын. Ту-ту-ту,коз тийбесин бечараларга. Олуп-олуп,олгондон калган жалгыз баласы суналган жакшы жигит болуптур.Мына, бала деп ушуну айтыш керек.Минтип чон жерден колукту алып,ата менен энесин келинге да,кудага да тундуруп салды.Кээ бир окмот чалыш жерден келин алгандардын абалын коруп эле журбойбузбу. Кудай бетин корсотпо:тим эле падышанын кызынан бетер,кайнене, кайната дегенди топурактан жууруп алгансып,киши ордуна корушпойт.Кабактарын ачпай,ийсинген бээге окшоп мисирейип турушса бир укмуш.Тобаа, кудурет,баласы жакшы,аны тапкан,бакканата- энеси жаман ээ.Коруп туруп куйбогон жерин кул болот.Айла жок.Кудай бала берсе Толкунбектей бала берип,келин берсе Жайнагулдой келин берсе экен,-деген сыяктуу создор дунгуройт.
Бир кезде Жайнагул кайнене,кайнаталуу жерге барсам экен деп тилоочу.Жаштын тилегиысык тийген кундой дегендей,минтип анын ойлогон ою,тилеген тилеги келип,кубанычы койнуна батпай турган кез.Ата десе ата бар,эне десе эне бар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 18:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Мансур менен Кына келин-уулум Садыныкында эле болушат го деп ойлошкон.Бирок андай болгон жок.Кыз-куйоонун кайнагасыныкында туругуна башкалары макул болгону менен Сады менен Тумар болбой коюшту.Чыккан кыз чийден тышкары,-дейт, кудагый-куда. Эки бала оздорунчо эле турушсун.Колдон келген жардамды ансыз деле берип турабыз дешип...
Ошентип,эки жаш шаардан бир болмо там таап,ошого кочуп келип,оздорунчо тутун булатып калышты.Жайнагул кундуз окуса,Толкунбек жумуштан кийин,кечкисин окуйт.Экоо тамак-аштан, акча-тыйындан каржалбай тын жашашты.Бир жаман жери Толкунбек эртен менен эрте жумушка кеткен бойдон,тундун жарымында бир келет.Куйоосу экоо дем алышты эсептебегенде суткасына коп болсо жети-сегиз саат гана бирге болушат.Жаш колукту институттан келгенден кийин тамак-ашын жасап алып,Толкунбек келгенче сабакка даярданып,газета, журналдарды же адабий китептерди окуп,жубайын кутуп уктабай отура берет.Тыштан дабыш чыкса селт эте,элее тыншап туруп,тим болот.Жайнагул учун куйоосу экоо корушпогон сааттар,тим эле бир жерге токтоп калгансып,узарып кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   priora1982   21 Июнь 2015 - 21:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Сагынат.Курсагы ачып калдыбы,же калдандап шашып келатып,бир балакеттуу кырсыкка учурап калбадыбы,деп санаасы санга болунуп,сары убайым тартат.Ал эми колуктусунан конулу тынчыбаган Толкунбек сабактан чыгаары менен уйго куштай учуп жетет.Бирок ал эшикти тарсылдатып болмого шыдыр кирип бара албайт.Кокус, кош бойлуу немени чочутуп албайын деп,мандай терин суртуп,куйуккон демин басып алууга токтойт.Анан усту-башын тузоп,уюлгуган тундой кара чачын тарап,бир демге тургандан кийин гана эшиктин звоногун басат.Ошол замат сак олтурган Жайнагулдун шоокуму эшикке жакындайт.Каалга ачылат.Коздору жайнап,жуздорун кулку каптайт.Экоо, тим эле айлап, жылдап корушпогон адамдан бетер,кусалуу корушот.
Толкунбек уйдо болгондо Жайнагулго, озу эмне билсе ошолордун баарын бир баштан айтып беруучу.Куну- туну бирге болсо да,суйлошуп создору бутпогон бир кереметтуу ажайып дуйно.Куйоосунон, алда небак козу отуп,устуканы упат,соогу сопот болгон,кайнатасы Мансурдун чон атасы Байбуранын талантын угуп тан калган.Толкунбек комузду жакшы чертуучу.Конурунан келип,уну да бир башкача мукам болучу.Муну Жайнагул баягы интернатта окуп жургон кундон баштап билуучу.Кулагына жат болупсинип калган куусу да Тотоп шынгырама эле.Бирок Толкунбек аны ар дайым Тотоп куу деп атоочу.Куунун атын эмне озгортуп айтып жургонун да билуучу эмес.Тек гана,коп куунун бири катары ойлоочу.Кундордун биринде комуз чертип олтурган куйоосунон колуктусу минтип сурады:
-Капырай,ушул кууну черткенден тажабайт экенсин.Кайра- кайра уга берип кулагым чарчады Эмнеси жакшы мунун?
Толкунбек колуктусуна Байбура жонундо ошондо айткан
-Ээй Жакин,билсен бул кууну атамдын чон атасы Байбура черткен экен.Ошон учун бабамдан калган мурас катары бул куу мен учун сыймык жана ардак.Бирок ал киши учун бул:Тотоп куу эмес,Арман куу болгон дешет.Куунун толук сырын мен айтпай эле коеюн,кийин атамдан угарсын.Ал киши бул окуяны укмуштай суроттоп,шааниси менен айтат.Анын устуно атам комуз черткенде ,кууго жан кирип кеткендей сезилет мага....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   priora1982   22 Июнь 2015 - 15:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Азыр Жайнагул ошондогу куйоосунун айткан созун эстеп,оозу батып айталбай,тамылжып олтурду.Бардыгынын конулу шат,кабактары ачык,анткени бул кун Мансурдун уй-булосу учун майрам болчу.Окуудан уул-келини келип,Кына балдарына деп сактаган тамак-ашын дасторкондун устуно тогуп салган.Айрыкча жалан ынак сут менен каймакка жууруп жасаган боорсок менен дандырга жапкан нан козго бир ботончо корунуп,башка тамак-аштан болунуп тургансыйт. Бул нандан жеп,алардын даамын таткан башка тамак-ашка анчалык конул бербоочудой сезилет.Аксаргыл тартып,озунун аромат жытын буруксутуп, дасторконтун берекесин арттырып,коркуно чыгарып турган да ушул нандар болучу,анан калса Кынанын наны башка уйлордун нанынан айырмаланып турат.Деги бул кишинин колунанбы,эшигиненби, айтор,жасаган тамактары даамдуу болот.
Иши онолоор кишинин наны онолот деген созду Кына коп айтуучу.Дандырдан нан тушуп,начар болуп калса озунчо бушайман болуп,куй поктой бере турган бул кишинин башынан берки адаты.Уул-келини келгенде бышырган нанынын даамдуулугуна, ойдогудай болгон татынакай корунушуно эне ичинен кубанып олтурду.Тим эле боорсогун да,токочун да жебей эле жыттап коюп,колго кармап олтургусу келет.Буюрса ишибиз онолот экен.Нандын жакшы бышышы толго да-деп ойлойт Кына.
Ал эми Жайнагулдун эси-дартынын баары атасынын комузунда.Байбура деген тээ чон атасынын черткен куусундо.Ушул саамда бейкапар олтурган Мансур комузун колуна алып,кынкылдатып, озунчо эле кулагын толгой баштады.
-Жайнакеме комуз чертип берсем бекен?-деп койду,комуздун кулагына тукуро берип. -Куу укканды жакшы коросунбу балам?
Капысынан кайнатасынын мындай созун уккан келиндин журогу ойноп кетти.Ал сен айт дегенсип,куйоосун алдыртан карап,кулумсуроп койду.Жайнагулдун конулдогу коксоосун дароо тушунгон Толкунбек атасына минтти:
-Ата келининиз ансыз деле,сиздин куулорунузду уккусу келип,айталбай олтурат.Сиз Байбура чон атаныздын баягы Салтанат кыздын суроосу боюнча чыгарган Тотоп шынгыраманын кандайча жаралган себебин айтып туруп,чертип беринизчи?
Комузунун кулагынын буроосун тынымга токтото калган Мансур,Жайнагулго жадырай карады:
-Ии,карагым, сен Байбура жонундо эшиткен белен?
Келин уялынкы ун катты.
-Мага Толкунбек айткан,ата.
-Аа,ошнодой де.Бул озу деле билуучу эле.Чертип берген жокпу?
-Черткен,ата. Бирок окуясын айткан эмес.
-Кууну черткен киши,анын кандайча жаралып,кандайча атадан балага,укумдан тукумга отуп,унутулбай сакталып калганын чечип черткени кызык да.Бул бала мени Жакинтайыма сыртымдан бересе кылып койгон тура.Эмесе айтып берейин,кулак салып угуп тур,балам.Илгерки откон замандын занын,биз анча-мынча коз менен коруп,кулак менен угуп калдык.Бироо жыргап отсо,бироо куурап отту.Бир даары коздогон максатына жетип олсо,бир даары жетпей олду.Боз жоргодо чайпалып,сен да отоорсун дуйнодон,илкий- илкий жоо басып,мен да отоормун дуйнодон,-деп бир бечара арман кылып,доогурсугон бир манапка соз ыргыткан экен.Ошол акылман соз атадан балага,кылымдан- кылымга унутулбай айтылып калыптыр.Оо, атандын кору опаасыз дуйно,айтып олтурса соз коп.Ал кездеги силердей жаштар дуйного ыйлап келип,ыйлап кетти.Алиги Толкунбек айткан,Байбура деген чон атам ашкан созмор,акылдуу жигит болуптур.Акын десе акын,комузчу десе комузчу экен.Анысына жараша табыйгат Байбурага келишимдуу сын-сыпатты, адам баласында сейрек кездешуучу сулуулукту марттык менен берген дешет.Арыкчырайынан келген,шынга бойлуу жигит болгон экен деп айтылат эл ичинде.Ак жуумал,субагай жузуно,жазы мандайына,бажырайган оттуу кара коздору жарашып,кырдач мурду кол менен жасагандай куюлган,каш- кирпиги,жаныдан тук байлап келаткан коодой кара муруту,жигиттин коркуно корк кошуп,чырайына чыгарып туруучу экен.Анын экинчи дагы бир сулуулугу,бир коргон адамды дароо озуно тартып ала турган жылдыздуулугу озгочо имиш.Анан дагы ,башка бироонун черткен куусун,бир угуу менен оздоштуруп чертип алуу жондомдуулугу кучтуу болуптур.Озу да куу чыгаруучу экен.Кийин Байбуранын козу отуп,кундор айга,айлар жылга,жылдар кылымга алмашып,ал кишинин чыгарган куулору бара-бара элдик кууго айланып кетиптир.Ээсинин атын жоготпой ооздон-оозго отуп,айтылып жургон чыгармаларынын бири жалгыз Тотоп шынгырама экен.Баса,Тотоп шынгырама демекчи,мен бул куунун кандайча жаралышын айтам деп олтуруп,башка жакка сунгуп кеткен турбайымбы. Ооба,Байбуранын сулуулугу укмуш экен дедик го.Бул курак Байбуранын жигиттикке жетип,гулдоп турган чагы.Али уйлоно элек,оотой жанган,курч кези болсо керек сыягы.
Ушул мезгилде айыл ичине мындай бир аныз тарайт.Кол башында Бугу элинен чыккан Салтанат деген сулуу кызга алыстан ат арытып барган жуучулар менен кыз коргону барган жигиттердин шагы сынып,кайра кетет экен.Анткени кыз атасы:Мен эл ондонуп кызымдын соогун сыздатып,озу каалабаган жерге берип,коз жашын аркалай албайм.Салтанатым оз тенин озу тандап,суйуп, озу жактырган куйоого барат-деп,бардык бийликти кызына берип коет.Айлына, эли-журтуна кадыры бар кишинин бетине эч ким чыгыпмунунуз туура эмес деп аброюна акарат келтире албаган экен.Атасынын атак-данкына, айткан созуно суйонуп,байлык менен сулуулукка мас болгон кыз,оз оюнда:Биздин элден,биздин жерден башка элде,мага тен келуучу жигит жок,-деп ойлойт.Ушундай кыялга жендирген Салтанат:Куйоого чыксам оз элиме,оз элимдин кулунуна чыгам.Ботон эл,ботон жактын акылы тайкы,жарыбаган жарым бай,жарым манап жалчысына барганча бул дуйнодон так отом.Эр жигиттин улуулары да,сулуулары да,эл багып,журт бийлеген акылмандары да,кызыл тилин безеген чечендери да,баатыр журок балбандары да,манап менен байлары да биздин элден башка элде болбос.Болсо да Салтанаттын журогуно толбос.Ооба, Салтанаттын журогуно от коюучу жигит башка жерде,башка элде али туула элек..-деп баргандарга Салтанат жоопту ушинтип озу берип узатып турган экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   priora1982   22 Июнь 2015 - 18:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Бул кабар тез эле кол айланасына чагылгандай тарайт.Кесирлуу кыздын кер созу калайык-калктын кыжырын келтирип,жарды- жалчылардын намысына от коет.Ушул кезде Ысык-Колдун кунгой тарабында,атагы алыска кеткен,эл алып,журт баккан Олжобай деген жалгыз аттуу,жалгыз тондуу жигит болуптур.Ал. кыз созун угуп,Салтанатты бир чети сынамакка,бир чети чыны менен иниси Кудайбердини кыз корууго жиберет.Чындыгында эле Кудайберди сыны бийик,сырты тузук,козго толумдуу жигит экен.Салтанаттын журогуно от койсо,ушул иним от коет-деген ниет менен тын жигиттерден жанына жолдош кошуп,Кудайбердини шашылыш аткарат.Бирок Салтанаттан алар жакшы жооп укпай,шагы сынып кайра келишет.Ошондо Олжобай баатыр,акыл кощчу айыл аксакалдарды, эстуу-баштуу жигиттерди чогултуп алып минтип айтат:
-Ушунча элди,эл ичинде жашаган эр азаматтарды, жанагы Бугунун Салтанат деген жаман кызы,санга кошпой олтурат.Олжобай баатырдын бул иниси,башы кара,буту ийри,коргон коптун бири экен.Олжобай аке,Салтанатты келин кылып алууну самап убара болбой,оз инисине тен келуучу жерге кол сунса болмок экен.Инимди Салтанат жактырбаптыр деп мага баатыр капа болбосун,-дептир. Бул кемсинтуу,жалгыз менин керт башым эмес,баарына тиешелуу деп ойлойм.Ошон учун Салтанаттын ата-энесин,ага- инисин сындыра турган айла-амал керек болуп турат,туугандар. Муну кандай дейсинер?-дептир айланасында олтургандарга суроолуу карап.
Баатыр жигиттин,акылыма акыл кошот деген жолдош-жоролору, олтурган улуу-кичуунун баары баштарын жерге салып,жер чукуп,эмне кылып,кандайча Салтанаттын шагын сындырып,урук- тууганын жер каратып келээрдин амалын таба алышпай айлалары кетет.Ушул маалда ата-бабасынан бери дыйканчылык менен агарып-когоруп, калк кадырына ээ болуп келаткан,акылга дыйкан,нары эстуу,нары калыс,чукугандай соз тапкан Кадыр деген жигит,башын которо берип,Олжобайга карап минтип барк этти:
-Э,ал кызды сындыруунун шарты оной эле.Макул десенер Байбураны жасап-тузоп, аттап-тондоп, жанына жаландаган мыкты жигиттерден кошуп,кыргыз жергесин кыдырып,кыр коруп,кыз жактырбай жургон киши кылып аттандыралы. Салтанат адамдын кызы эмес,перинин кызы болсо да,бир коргондо эле Байбураны жактырып каларына ишенип койгула.Бирок Байбура кыз журогуно чок салып коюп,бир шылтоо таап аттанып кетсин.Байбурага жетпегенине арман кылып,ашыктыгы артып,Салтанатынар самандай саргайып,тошокко жатып калбаса,мурдумду туурасынан кесип берейин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 02:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: