Салам форумчулар!
Менда эн жакын адамдарымды жогутуп алгандыгым жонундо жазгым келди... Анда мындай-Мен кудайга шугур жакшы адамдардын кызымын.Мектепте жакшы окудум,озум каалаган окуу жайга оттум. Ошентип студенттик кундор башталды. Биринчи кундон тартып эле бир группалаш кызым менен жакшы суйлошуп,жакын болуп кеттик. Жакын достордон болуп журдук,кайда барбайлы чогуу журчубуз. Дем алыш кундору уйго айылга алып келип ата энем бир туугандарым менентааныштырып,
жигитим менен тааныштырдым.
Досумдун аты Назира.Жигитим Адилет.Назираны Адилеттин досу Болот менен тааныштырып койдук.Алар бири бирине жагып кыз жигит болуп калышты.Сонун кундорду откордук тортообуз.Назиранын эжеси турмушка чыкмак ошолорго салат малат жасашып жардамдашып койчу дегенинен той болчу кун досумдун айылына жонодук.Той жакшы отту,бийледик,
кулдук. Эртеси шаарга келдим. Жигитим экообуз бир жылдан кийин уйлонобуз деп соз беришип койгонбуз. Адилетсиз жашоо жоктой сезулчу...Бири бирибизди аябай жакшы корчук,бизди коргондордун баары суктанышчу ортонордо суйуудонда кучтуу нерсе сый бар дешип...Ошентип бактылуу ары кызык кундорду откоро бердик. Бир куну дос кызым бир нерсе айтам только капа болбо дейт. Ии айт десем бир акем бар,ал сени тойдо коргон экен суйуп калдым тааныштыр деп жанымды койбой жатат дейт. Кой деп таанышпай койгом... Бир куну окуудан чыгып уйго баратсак бир машина биздин артыбыздан калбай ээрчип алса,коркконубуздан жакын жерге автобус менен кеткенбиз...
Эртеси досум Назаиранын туулган куну эле,кафеде тосмок болду.Кечинде ондой адам кафеде олтурдук. Туулган кун ортолоп калганда Назиранын эжеси жездеси анан дагы бир бала келишти.Жакшы эле олтурганбыз тиги баланын аты да Адилет экен. Жигитим экоо бат эле жакшы суйлошуп кетишти. Эки Адилет тамеки чегебиз деп сыртка чыгышканда Назира кулагыма келип,тиги сени суйдум деп жургон акем. Тиги экоо согушуп кетпегей эле деп мени сыртка жетелеп чыкты.Калп эле,таза абага чыкканбыз жургуло кирели деп досум киргизди эптеп. Жигитимдин жини келип калган экен,кетебиз дей баштады.Мени жудодуп али кучактайт али обот. Кеткенче шаштым. Ошол болду соз бутту... Бир жумадан кийин,Адилет менен жолугушмак болдук,чыгып тур беш мунотто жетем дегенинен эртерээк чыгып базарчикте иштеген эжеден карыш алдым эле ошону бере салайын деп базарчикке жетип калганымда,
бироолор мени которуп эле машинага сала баштады...Айкырып атам,кыйрып атам,уч бала экен же кучум жетсечи...МЕНИН ЖИГИТИМ бар,мени кое бергиле деп жалдырайм ошентип азап менен тозоктун ортосунда шаардан чыгып кетти машына,бир маалда озумду жоготупмун.
Козумду ачсам бетиме суу сееп атышыптыр. Ошентип уйуно жеттик окшойт машынадан которуп тушуп эле кошогого отургузуп койду колдойгон бироосу. Оюмда мени бул жерге калтырышпайт,
жигитим бар экенин ата энем билет деп жоолук салдырган жокмун башыма.Бир маалда сенин уйуно баратышат,кат жазып бер дешти. Жазбай койдум.Тун жарым болуп кетти. Озумдун женем мн эжем кирип келишти,мени алып кеткиле деп ыйлай баштадым..Корсо чон атам ыраазы болуп бата кылып коюптур. Ошондо заманамкууруп,
жашоо ушунчалык тар экенин билдим. Ыйлап ыйлап кала бердим,же кимге тийгенимди билсемчи. Анан женем калып эжем кетти ыйлаган бойдон. Анан кимге тийдим деп,женелери баланы чакыр десе Назиранын акесиАдилет кирсе,жаным куйуп эле кетти. Аны жулмалап атам. Билесинго коргонсунго менин жигитим бар экенин деп. Ал болсо турат сенсиз жашай албай калдым,не кылсан ошо кыл сок,ур бирок кетем дебе деп турат башын жерге салып...Тагдырым ушул экен деп отуруп калдым. Анан телефонумду алып кирип берди бир эже.Жандырсам Адилеттен(жигитимден)коп Смстер келиптир...Анан кайра очуруп койдум,байкушум мени жаман коруп конулу калсын деп... Ошо менен жаны менин оюмдагы эмес жашоо башталды.Эртеси кууп келип кетишти. Эртеси Адилет экообуз эле калдык,кайын журт тойго кетишти. Ар жак бер жакты жыйнап комнатага кирип жатып алдым. Куйоом кирип суйлошуп отурдук биринчи жолу. Жакшы адам экен. Эжем куйоомо чалып,тел жандырып койсун Москвадан акеси чалат азыр деди.Мен эжеме суйлошпойм,
кантип суйлошом десем,эмне берип койдунар деп жиндеп жатат суйлошуп кой дейт. Анан айласыз жандырдым. Звонок келгенинен карасам жигитим экен.Трупканы каттуу кармап ыйлап жибердим,жигитимди Берекем деп сактап койгон элем.Адилет ким деп трупканы колумдан ала коюп озуда ынгайсыздана тушту.Кайра мага берип,суйлош эми чалбасын деп карап турутда. Айла жок алдым,баары бутту'чалба мага,мени унут,кечир мени деп очуруп салдымда трупканы жерге чаап жиберипмин.
Ошондон кийин башка номер алдым. Конулун жок тийсен абадан эле кыйын экен. Озум кыйналганым аз келгенсип,куйоомду кошо кыйнадым.Ошентип бир ай отуп мени коргону келишти,арыктап,
бир аз жудоп калыпмын.Эжем мени шаарга чакырды,акем акча салыптыр кийим кече кылып бергиле деп. Шаарга жонодум,бактыма кайын журтум жакшы адамдар экен. Кайын энем козумо карап турчу...Эжем мн кечке базар кыдырып,тамактанганы кафеге кирдик. Жоолук салынып,жаны эле эжем алып берген койнокту кийип алгам. Кафеден жигитимдин жакын досуБолотту коруп калдым. Келип бетимден ооп учурашты,жашоомду сурады баарына жакшы дегенден башка соз айтпадым. Тамактанып эми чыгалы деп отурсак,менин БЕРЕКЕМ келотат. Жашоом ошол жерден астын устун болуп кеткендей болду.Урураштык,
жаныма отурду. Мени карап эле олтурат,суйлобойт.
Суйлосом жаш агып кетчудой деп кулуп калды озу. Биз кетели десек,эже жарым саат отургулачы жалгызымды коруп алайын жакшыраак деп жалдырайт.Жок кетебиз десем эжем болбойт,суйлошуп алгыла эми мындай болбойт деп сыртка чыкты. Экообуз калдык. Кечир мени,мен атайын кылган жокмун дедим. Козумдон ыйлабайын деп кармансам дагы болбой жаштар агат.Жур азыр алып кетем,сенсиз кыйналдым деп аным боздойт...Ошентип олтурсак куйоом чалып калды,алдым азыр барам уйго десем жоок шаарда туруп тур конокко барабыз деп калды,мен барбай эле коеюнчу десем ыйлап жатасынбы дагы каердесин азыр барам дейт. Ой жоок ыйлабадым,келгенде чалыныз анда деп очурдум.Жигитим бактылуу болчу жалгызым,кыздуу болсом сенин атынды коем деп пешенемден ооп койду.Анан сени унута албай жатам дейт,менда бирок айла жок эми деп турсак эжем келип калды. Ошол жерден коштошуп,сыртка чыктык эжем экообуз.Анан куйоом келип мени алып кетти,кайда барабыз десем тойго дейт.Ыйлаганга коздорун ишип калыптыр деп салонго алып барды. Анан тойго бардык,мага кылган мамилесине конулум жылып калды. Аяш укоосу бизди окул ата окул эне коюптур.Озум жаш болсом тушунбоптурмун эмне экенин.Ошол той бизди жакындатты окшойт.Ошол кундон тарта аялы куйоосу болдук.Конулумду карап канчалаган каприздеримди которду.Ошентип жашаганыбызга беш ай болгондо боюмда болду. Бир кун кайын атам апамдарга чай коюп жаткам анан эле окшуп кирсем болобу,уялганымды айтпа.Анан эле куйоомду коргум келбей баштады. Корсом эле ыйлайм жогол деп. Анан кайн энем тест алып келип берди текшерчи деп,колдонгонду билсемчи. Озу уйроткон кайын энем. Чын эле боюмда болуп калыптыр. Куйооно айт суйунчуло дейт апам(кайынэнем),
койчу апа уялам десем олло кулгон эле...Ошентип кардымдагы балам торт айлык болгондо,ичимде журогу токтоп калыптыр. Анан алдырдым боюмдан. Бир ай озумо келбей жаттым.Ошентип кайрадан жашоо башталды. Жашоом кыйындады,бала которгондорду корсом эле жашым даяр..........Ошентип жарым жыл сактанып журдук.Жашоо кызык экен,куйоомду суйуп,жанымдан артык коруп калдым. Кайын журтум жакшы адамдар алар менен жакшы болуп кеттим. Кылган кызматым менен жактым окшойт аларга. Дайыма башка келиндерден мени бийик коюшаар эле. Ал ортодо келин алып кыз бердик,баарында журдум аралашып. Озумдун акем уйлонду. Куйоомду,кайын журтумду сыйлашат торкунум. Эл катары биздин уй булоодо деле урушуу талашуу,тарынуу болду.Ошентип эки жыл чогуу жашадык бирок бизде бала болбоду.Куйоом канчалык бала кааласа дагы,менин конулумду оорутпайын деп кеп кылбачу.Ичинен сызганын сезбей коймок белем сезсемда айла жок... Бир куну кайын эжем келген уйго апам экооно чай коюп берип,тамак жасаганы чыккам сыртка. Тамак жасап жатсам кошунабыз келиптир тефаль сурап,апама айтайынчы деп кирип барсам кайын эжем мындай деп жатыптыр:Адилетке башка аял алып берели,баласыз отмок беле?Келининди кетир десе апам кетирбейм этпейм,кудайым берем десе эртен эле берип коет ай деп атыптыр.Ыйлап алгам,кирип барып апа кошуна эже сизге келиптир дедимда,шаша чыгып кеттим.Убакыт отпой калгандай болду. Куйоомду куттум,келсе уйду сагындым деп кетем анан келбей коем деп... Тамакты жасап эми салып жатсам атам,куйоом келишти жумуштан. Куйоомду коруп ансайын бошошом. Эптеп озумду кармап,тамакка олтурдум. Же тамак отпойт. Баарынын козунчо эле куйоом Мира не ыйладынбы десе болобу. Жоок эмнеге ыйламак элем деп жылмайганга арекет кылдым.Баарына жай кылып берип,эшикте журо бердим...Апам чыгып жат деп урушту. Кирсем куйоом кана айт не болду,неге ыйлайсын деп такып сурайт,уйумду сагындым десем ишенбейт.Сиз уйлонуп балалуу болун,эмне билбейт дейсизби ичинизден сыгылып жургонунузду.
Мен сизден кетем десем,шапалак менен чаап жиберип озу коркуп кетти окшойт кечирим сурап бекем кучактап жатып алды. Оксуп ыйладым,тагдырыма таарынып ыйладым куйоомдун урганына эмес...Ыйлап жатып уктап кетипмин,козумду ачсам кун чыгып калыптыр,саатты карасам тогуз. Ыргып туруп эле жоолугумду салынып жатсам куйоом кое бербейт жата берчи деп.Апам оьтурот уят не ойготуп койбойсун,неге жумушка барбадыныз десем сени кетип калат деп корктум дейт.Кой мен чыгайын деп кузгуго карасам бетим когоруп калыптыр.Эми кантип чыгаам деп отура бердим. Апам байкуш чай алып келип алып кирип ичкиле деп кетип калды. Уялганымды айтпа... Чыксам эч ким жок,кечки тамакка уруна баштадым,тии бир маалда кайын эжем мн апам келишти. Бетимди коруп кайын эжем сырдуу жылмайып койду,тан калып эле кала бердим. Апам Адилетти алып чыгып алып суйлонду. Апа кечирчи озумду кармай албай калдым деп актанган болду... Апам кыжаалат болбо буйруса торойсун деп жоошуткан болду.Айлар отуп боюмда болду,суйунгонубузду айтпа,бизден башка бактылуу адам жоктой сезилчу...Боюмда алты айлык болгондо куйоом аяштарыбыз менен тоого эс алганы бармак,негедир жибергим жок. Менда барам дей баштадым,ал конбойт. Экообуз тен барбайбыз деп чечкенбиз,эрте менен аяштарым келип болбой алып кетишти. Кетип жатканда экинчи корбой калчудай кучактап алып асыл создорду айткан.Эртен эле келе берем,досторум калышат бутум тартпай жатыр деп чыгып кеткен. Кечки тамакка эмне тамак кылайын десем апам кылбай эле койчу атана айтам самса ала келет дегенинен телевизор коруп отурганбыз.
Кайын агаларым,авысын женелерим келип калишыптыр.
Адилет бугун тоого кеткен эртен келет десем бир чон апабыз ал эми келбейт десе чочуп кетип ий неге келбейт башка аял алып бересиздерби деп тамашалай койдум,баары эле жер тиктейт. Анан угузушту.....
... Жаным мынча бышык экенин билбептирмин.
Котордум баарын,тоого жетерде авария болушуптур,
Адилет ошол жерден эле жан бериптир. Кулагым укпай козум корбой калды,эсимди жоготуптурмун оозумо келсем аппак бар жогум аппак оюмда менда олгон турбаймынбы депмин. Кайдан олмок элем,больницада жатыптырмын.
Жанымда эжем. Адилетти бир сааттан кийин жерге берет дейт.Кийинип алып боз уйго кирдим. Жатат куйоом,уктап жаткандай эле корунду. Бетинен сылап турунчу мени коркутпай,неге коркутуп жатас,мени кимге таштадыз,сизсиз менда олом деп атып эстен тааныпмын.Тагдырдын буйругу экен атабыздан жаш калдык,Адилетимда жаш кетти.Жарыктыктын тозогуна туштум,ичимдеги бала учун эле жашап калдым. Торосом менда олом деп чечтим. Кун отпойт,апама айтам баламды сиз багасызбы дей берем. Апам байкуш караймда Адилетимдин баласын карабасам анан деп оксуйт.Кыркында мени уйго алып кетишти,уйдо журсом Адилет уйундо мени кутуп аткандай сезиле берди. Кайын атамдын уйуно жонодум. Ббарып таппай калып жер чапчып ыйлап калабердим.
Адилет откондон уч айдан кийин тородум. Кыз тородум. Адилет кызын корбой кеткенине окуном.Кызым атасына аябай окшош. Омуру окшобосун...
Айына бир барып апамдар менен учурашып,куйоомо куран окуп жайына барып турчубуз. Убакыт отуп кызым учко чыкканда Россияны коздой келгемин,ошондон бери барып келип турам. Кызым апамда озумдун апамда. Быйыл биринчи класска барды кызым.
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жанына кетким келет.
#2 02 Апрель 2014 - 15:54
Эх жашоо....Журогум ооруп кеттиго окуп жатып.Кызыныздын омурун берсин.
Биринчи суйуунуз Адилетке кийин жолуктунузбу ушул суроо менен кайрылгым келди?
Биринчи суйуунуз Адилетке кийин жолуктунузбу ушул суроо менен кайрылгым келди?
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#3 02 Апрель 2014 - 16:28
Кайгылуу экен тагдырыныз.
Мындан кийин сизге бакыт каалайм! Кызыныздын бактысын корунуз!
Bul kundor da otup ketet.
#4 02 Апрель 2014 - 16:29
Эх автор,
,арты кайырлуу болсун... Аябай окунучтуу...
. Сабырдуу экенс... Бактынызга кы3ыныз бар экен, омурун берсин, бактылуу болунуз....

Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#6 02 Апрель 2014 - 16:36
Baktyluu bolunuz,baaryna sabyr kylypsyz,myndan ary da sabyr kylyp kyzynyz menen baktyluu kundordun kuchagynda otkorunuzdor
#7 02 Апрель 2014 - 16:56
Аягына чыкканча шолоктоп калдым озумду кармай албай...ото окунучтуу,жолдошунуздун жаткан жери жайлуу болсун,кучтуу жан экенсиз.Бешененизге кызыныздын омуру узун ,бактылуу кыз болсун.Сизге да да бакыт каалайм.Ошол мезгилдеги ахыбалынызды элестетип озумду коёрго жай таппай калдым.Анткени,
бир озунуз ,бир Кудай билет ичинизден нелер отконун.Урматтуу автор,мындан ары бактылуу болушунузду каалайм.Дайыма алдыга умтулуп,кызыныздын толук бактысын корушунузду тилейм.
#8 02 Апрель 2014 - 17:23
Эх жашоодон бардыкты кутсон болот. Мындан бул жагына бактылуу болунуз, кызыныздын сыйын бактылуулугун корунуз.
#9 02 Апрель 2014 - 17:48
Мен да ыйлап алдым, баарында бар экен да жакындарын жоготуу, айлабыз жок сабыр кылып жашай берет экенбиз. Мындан аркы жашоонузда коптогон бактылуу кундор болсун. Кызыныздын сыйын корунуз. Ийгилик сизге.
#10 02 Апрель 2014 - 18:31
Окуп буткучо аябай ыйладым.Жолдошундун жаткан жери жайлуу болсун!Кызындын омуру узун,бактылуу кыздардан болсун!Мындан ары сени ар дайым жакшылыктар коштоп журсун.
#14 02 Апрель 2014 - 23:02
Feijipiao (02 Апрель 2014 - 15:54) жазган:
Эх жашоо....Журогум ооруп кеттиго окуп жатып.Кызыныздын омурун берсин.
Биринчи суйуунуз Адилетке кийин жолуктунузбу ушул суроо менен кайрылгым келди?
Биринчи суйуунуз Адилетке кийин жолуктунузбу ушул суроо менен кайрылгым келди?
Ооба,бир шаарда жашап корушпой калуу мумкун эмес экен.Эки жыл мурун коргом,уйлоном деп жургон эле,уйлонуп балалуу болуп калса керек...
Ооба баары акылдуу...
#15 03 Апрель 2014 - 00:55
мындан ары жашоондо дайыма жакшылыктар коштоп журсун кызындын атын жазып кой.
#16 03 Апрель 2014 - 01:02
жаш экенсин куйонду эстеп коп кайгыра бербе сага дагы жашоо жана ден соолук керек.
#17 03 Апрель 2014 - 01:33
Окуп келатып аяктайын деп калганда менин да козумдон жашым агып кетти.Негедир тизилип маани манызы менен толук баяндап жазганыныздан улам ото сабырдуу,анан токтоо адамдын элесин калтырдыныз мага.Буйруса ушундай сабырдуулук менен албетте сиз бактылуу болосуз турмушта.Жараткандын сизге арнаган белеги,маркум жубайыныздын сизге калтырган керээзи Кызыныздын омурун берсин.Суулар ага берет,кун батып,тан ата берет,омур отуп турмуш жашоо улана берет.Так ушул курошто сиз кызынызга керексиз.Атасыз осуп атканы аз келгенсип сиз дагы арам ойдон алыс болуп ошол медериниз учун жашашыныз керек.Бешене,
тагдыр ар адамга ар турдуу берилет экен.Жараткан бироону эрте бироону кеч алса да арманы бирдей болот,эртеби кечпи бараар жерибиз ошол жак.Белди бекем бууп жашоонузду бактылуу багытка буруп улантууга аракет жасаныз,олгондун артына олмок жок.Турмуштун таштай катуу сыноосуна снбапсыз мындан кийин жыргалын да жашай билесиз деп ишенем.Аман болунуз.
#18 03 Апрель 2014 - 02:12
Чынын айтсам, мынчалык ыйлабадым эле, журок сырындагы темаларга.
Аябай кайгылуу экен. Каттуу суйгон экен куйоонуз. Эхх
Аябай кайгылуу экен. Каттуу суйгон экен куйоонуз. Эхх

#19 03 Апрель 2014 - 02:40
эээх! окунучтууу жаткан жери жайлуу болсун жолдошунуздун.
сиз бактылууу болунуз!!
!
#20 03 Апрель 2014 - 04:01
Ыйлабайын десем да, козумдон жаштарым токтобой жатат . Мындай кунду эч кимдин башына салбасынчы.
Бактылуу болунуз эже, мындан аркы жашоонузда жакшы кундор коп болсун.
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »