Сен өзгөрүлдүң. .
- Жок, мен өзгөрүлгөн жокмун. Жөн гана мага кандай мамиле кылышса, ошондой мамиле менен жооп берүүнү үйрөндүм.
Бир адам үчүн баарын кечсең, ал баары үчүн сени кечет.
Мени жаман көргөндөргө, менин да аларды жаман көрүүгө убактым жок. Анткени, мени абдан жакшы көргөндөр менен алекмин.
Аралыктар, жаш-курагыңдын айырмасы, ата-энеңдин пикири, керек болсо ядерлүү курал да эч нерсени булгабайт. Баарын биз, адамдар өзүбүз булгайбыз.
Мен үтүр койгон жерлерге, менден күчтүүлүк кылып, кызымдын чекит койуусун каалайм.
Мурда мага чоң энем айтчу. Сенин артыңан күлүшкөнү коркунучтуу эмес, эң коркунучтуусу - бул сени артыңан ыйлашканы.
Жан дүйнөсү көлдөй терең адамдар бар, алардын тереңдигине чөмүлгүң келет. Жан дүйнөсү ылайка адмадар да бар, алардан булганып калбаш үчүн, айланып өтөсүң.
Болгон күчүң менен адамга болгон жиниңди тазала. Болбосо, эртеби-кеч чогулган жиниңден, сендеги адамдык сапатты өлтүрүүчү уу чогултуп аласың.
Ар убак артыңды карап кылчая берсең, анда келечигиңди көрөбөйсүң.
Сулуулук үчүн кам көрүүнү көңүл менен жүрөктөн башта. Эч кандай бойоктор жардам бера албайт.
Ким бирөөнү сүйүүдөн мурда, анын ким экенин бил. Сүйүп алгандан кийин сураштыруунун кажети жок.
Курууга караганда-талкалоо, кечирүүгө караганда-таарынтуу, ишенүүгө караганда-алдоо, сүйүүгө караганда-жек көрүү оңой.
Эң жакын адамың-бул сенин өтмүшүңдү билген жана сенин келечигеңе ишенген, учурда кандай болсоң, ошол турпадыңда кабыл алган адам!
Эгер, кечээги күнүң кандайдыр бир кеткен ката үчүн жоголсо, анда бүгүкү күнүңдү аны эстөө менен жоготпо.
Жакшы сапат баардык адамда бар. Аны көрүп-билүү өзүңдүн колуңда.
Кечээ-бул тарых. Эртең-бул табышмак. Бүгүн-бул белек.
Жараткан биздин күнөөлөрүбүздү кечирип жатканда, бири-бирибизди кечирбегидей биз кимбиз?
Эмнени каалап турсаң, ошону жаса. Баарибир өмүрүңдүн акырына чейин күнөөлөшөт.
Өлүм менен сүйүүдөн башка баарын издесе болот. Ал экөө убагы келгенде өздөрү эле келет.
Которгон, Уулкан АМИРАЕВА.
Билдирүүнү түзөткөн: Uulkan2288: 17 Март 2014 - 18:29