Суперстан: Супер сынак стартта ! 2014-ж. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак стартта ! 2014-ж. Форумду жандандыруу жана арабызда жашынып жаткан ,комускодогу талантта

#1 Пользователь офлайн   Kg.lady   06 Апрель 2014 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ак калпактуу Ала-Тообуздун ары жагындагы, жана бери жагындагы мекендештер уктум,укпадым дебениздер!
Сиздер учун жакшы саамалык!
Форумду жандандыруу максатында asan91 аттуу мырзабыз демоорчулук кылып сынак жарыялаганы баарыбыз учун жакшы маанай жаратты. Суперстан мамилекетинин суперлерин тандоо учун ачык, так жана адилеттуу болуусу учун сынагыбызды ачуу менен бирге, баарыныздарды активдуу катышуунуздарды отунобуз!
1-орунга нан бышыруучу меш.
2-орунга тамак бышыруучу меш
3-орунга DVD
4-орунга чайнек.
Албетте кеп сыйлык алууда эмес, суйуктуу форумубузду жандандырып активдуу катышууда. Демек, ар бир форумчу даражасына, статусуна карабай катышууга укуктуу! Сынактын журушу беш тапшырмадан туруп ар бир тапшырмага бир жума моонот чектелет. Бир жуманын ичинде берилген тапшырманы даярдап илуу кажет. Ошентип ар бир тапшырмага бир жумадан убакыт берилип отуруп сынак аяктайт


КАНА ЭМЕСЕ ФОРУМЧУ ЧЕТТЕ КАРАП ТУРБАНЫЗ, ИЧИНИЗДЕ ЖАШЫНЫП ЖАТКАН ТАЛАНТТЫ СЫРТКА СУЙРОП ЧЫГЫП, ЭЛГЕ ТАРТУУ ЭТИНИЗ. БИЗ СИЗДИН ТАЛАНТЫНЫЗДЫ КОРУУГО ,БИЛУУГО КУШТАРБЫЗ. КУДАЙЫМ БЕРГЕН ЖОНДОМДУ ИЧКЕ КАТЫП КОР КЫЛБАЙ , ТАЛАНТЫНЫЗГА ЭШИК АЧЫП ЖОЛ БЕРИНИЗ! БУЛ СЫНАК МЫНДАН КИЙИН,МЫНДАН БИЙИК АШУУЛАРДА СИЗ УЧУН ЧОН СТИМУЛ ЖАРАТАТ!

ИИИ, КАНА ЭМЕСЕ КЕТТИК !!!
БИЗ СИЗДИ ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КУТОБУЗ !

( Бул темага билдируу калтырганга катуу тыюуу салынат, эрежени бузган форумчу жазасын алат. Элге сунуш кылынган тапшырмалардын маанисине, мазмунуна карап ар бир форумчу добуш берууго укутуу. Бир форумчу бир эле жолу добуш бере алат! Наразычылыктар, сунуштар мындан мурунку темада талкууланат. )

(Байгелер каалоочулар учун акчалай жана бирдик турундо ыйгарылат)

Сынактын эрежелери менен Klara_Zhайымыбыз кененирээк тааныштырат.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Clara_Zh   07 Апрель 2014 - 01:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Анда эмесе, Быссымылда- рахмаани - рахиим, - деп туруп, сынактын тапшырмаларын катары менен иле баштайын.

1) "Мен киммин?" - деген темада, ыр түрүндө, же кара сөз менен философиялык мааниде, өзүнүн ички дүйнөсүн ачып берүү. Б.а. көркөм стилге салып, өзүн кыскача тааныштырып өтүүсү керек.

2) "Улуу кыргыз".
(Ким эле кыргыз, ким болдук?
Патриоттук мааниде кыргызымдын каада-салттары, үрп-адаты, басып өткөн жолдору баяндалышы керек).

3)Кыскача аңгеме.
(Өзүңөр каалаган темада, мисалы, ата-эне, сүйүү, дос, жаратылыш ж.б. темаларда кызыктуу, түшүнүктүү, таасирдүү кылып аңгеме жазуу керек).

4) Суперстан форуму жөнүндө ыр.
(Ар ким өз дараметине жараша, 3 куплеттен кем болбогон ыр саптарын жазуу керек.
Форумчулар жана Суперстан мамлекети жөнүндө болуусу шарт.)

5) Супер пародия.
(Каалаган кыргызча ырларга күлкүлүү, кызыктуу кылып пародия жаратуу керек).



Сынак мына ушул 5 тапшырмадан турат. 1 тапшырмага бир жума берилет деп айтып өткөн экен Кg.lady айым.
Айта кетчү нерсе, тапшырмалардын бири да башка жактардан көчүрүлүп келбеши керек. Катышуучунун өздүк калемине гана таандык болуусу шарт.

Баарыңыздарга ийгилик! Чамдаңыздар!

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Апрель 2014 - 01:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Дагы бир жолу эскертем, бул жака коментарий калтырууга тыюуу салынат! :макоо:

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Clara_Zh   07 Апрель 2014 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Улуу урматтуу форумчулар, биринчи тапшырмабыз
"Мен киммин?" темасы боюнча жазып баштай берсеңиздер болот.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Апрель 2014 - 02:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бул тапшырма башкалардан кыска жана нускалуулугу менен айырмаланат. Чубактын чуусундай чубалжытыштын кереги жок. Грамматикалык каталарга(техникалык ката эске алынбайт) маанисине чон конул бурулат!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   asan91   07 Апрель 2014 - 07:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 30 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:bishkek

Анда эмесе сынакты ачык деп жарыялоо менен баарыныздарга ийгилик каалайбыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   no_comment   07 Апрель 2014 - 08:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 17:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Достук шаарчасы

Мен киммин?






Кен Ала-Тоо кучагында,
Шар аккан суу боюнда.
Алакандай айылдагы,
Кубанычы болдум бир уйдун!


Ойлономун ошол кунду,
Ынаалап келген тунду.
Ата-энемдин суйунучу
Болгон кунду!


Кыйналып турса дагы,
Кыпындай билдирбестен!
Курсагын ачтыбы?,- деп,
Апакем алдейлеген!


Дуйнону кенен таанып,
Куш сымал канат кагып.
Чонойдум мен айылыдын,
Керемет жашоосунда.


Атакем айтчуу дайым
Акылын. насааттары.
Кулакка куйуп укпасам,
Тушунмокмун кайдан баарын.


Бир тууган агаларыма,
Эркелеп мен чонойдум.
Алардан кылгандарын
Озумо сабак кылдым.


Аракет алга суроп,
Кун отуп мен жетилип.
Турмуштун тапшырмасын,
Аткарчуу болуп калдым.


Ар бир кун коз алдыма,
Элесин чубалжытат,
Кечээки эрке бала,
Бугун мынтип ойлуу олтурат.


Арга барбы артка кайтараар,
Откон кундун бир мунотун.
Тушунуп турсам дагы,
Акылым жетпей турат.


Кен пейил эл журтумда,
Досторду даалай куттум,
Али да кыя албайм.
Достуктан жан аябас,
Созуно бекем турган.
Сени деп суйуп турган.
Жардамын ар бир куну,
Аябай берип турган.
Достуктун шерттерине,
Анткени. мен бек турам.


Саналган секунддарым,
Жашоомо таасири коп.
Себептер саны жеткис,
Ар дайым ойго салган.


Тилеймин тегиздикте,
Ар бир жан амандыгын.
Алга суйрогон арабанын,
Жолу да тегиздигин.
Сүрөт
(ух ииий)Сүрөт



Баарынарга ийгилик, баштаса болот экен.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: no_comment: 07 Апрель 2014 - 09:27

**no comment**
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Supsuluu   07 Апрель 2014 - 13:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

. Мен киммин!

Жарык кун нурун жерге чачкан кезде.
Ала тоону ак кар басып турган кезде.
Жараткан жашоо берген жашагын деп.
Айланага кыштын суугу тонгон кезде.

Жарык коргом куностуу Ош жергесинде.
Там тун басып жургон кундор дале эсте
Жашоо берип жараткан сон Алла Таала.
Коруп келеп кундун нурун ушул кезде.

Уй булоодо эрке болуп чонойгонмун.
Эркеликти чонойсом да эч койбодум.
Жетинин бири кызыр дечу атам.
"Балким мен" деп ушул созду коп ойлондум.

Кымыз ичип эс тарткан Кыргыз кызы.
"Кыргыз" десе катуу согот журок тушу.
Мекенден алыс жакта жургон убак.
Сагынганда эске тушот айыл кечи.

Урматым менен Supsuluu. :0108:

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Asanaka2   07 Апрель 2014 - 15:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 777
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2014 19:52

Мен киммин....

Тан аткандан кун батканча кыбыраган
Жашоо учун курошуп жан тынбаган
Элдинде эмес озго жерде тентип жургон
Мен киммин кумурсакадай жан тынбаган

Эл катары байлык учун жан талашкан
Адашып кееде кееде жаза баскан
Акылга сыйбагандын баарын кылып
Мен киммин тандан кечке жан тынбаган

Озумду озум издегенден чарчабасмын
Мен киммин деп башка адамдан сурабаймын
Азан айтып торолгондо ат койулган
Мен да сендей бир мусулман баласымын
БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Askarchik91   07 Апрель 2014 - 15:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Мен киммин?

Мен киммин?
Мен бир үй булөөдө жалгыз кумайык,
Бул жерге мага окшоп,ойдон чыгарып жазайык,
Жашоодо бир жоготконум атам,
Мага жөлөк болгон жалгыз апам.

Келечекте Дордойдо "Очки" сатамын,
Буйюрса Салтанатты аламын,
Ушуларга жетишкенден кийин,
Бактылуу жашап каламын.

Үч тилди толук билген,
Кыздарды кайырмакка илген,(тамаша)
Кээде ушинтип тамашалашкан,
Шайыр-шаттуу баламын.

Билдирүүнү түзөткөн: Askarchik91: 07 Апрель 2014 - 15:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   jooshbala   07 Апрель 2014 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Мен киммин?

Турмушта коп адашкан бир жигитмин,
чалынсам да ожорлукко салып келемин...
Озум билип эн чон ката кетирдим,
кечир апа баарын эми тушунуп билдим.

Мен киммин озу чынын да,
ишенчек,бат алданам адамдарга.
Аттин ай 5 жыл мурда ушундай болгонум да,
коймокмун баарын жай жайына..

Мен ким болсом да ошомун..
ак эмгек менен нан таап журомун.
Мен ким болсом да ошомун,
жакындарымды мындар аары ойлоймун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Umnitsa   07 Апрель 2014 - 18:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)


Мен киммин?...


Кичинемден тентектик коп кыламын,
Капалансам бат таарынып, жазыламын.
Мен киммин?
Мен кызымын Ала Тоодой АПАнын.


Оорусам ичке катып жашырбаймын,
Капа болсом таарынып ыйлабаймын.
Мен киммин?
Мен кызымын Аска Зоодой АТАнын.

Уйронгум келет нечен турлуу онор кенин,
Билемин билбегеним коп экенин
Мен киммин?
Мен небереси бир мээримду ЧОН ЭНЕнин.


Бир тууганымды жакшы коруп, сыйлаймын,
Капа кылбоого аракетим кыламын.
Мен киммин?
Мен карындашы жолок болгон АГАнын


Озумду сезем мен дайыма бактылуу,
Уй-булоом бар айылымда кадыр-барктуу.
Мен киммин?
Мен эжеси бир СИНДИМдин ажарлуу..





(эптеп окшоштуруп койдум менда))))
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kuba.94kg   07 Апрель 2014 - 19:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Мен киммин?

Мен киммин? Суроо
салдым өзүмө,
Мен жөнөкөй катардагы
бир Адам..
Ачуусу да таттусу бар
дүйнөгө,
Күз айында келдим
минтип таштап кадам.
Мен киммин?
Сыноого жаш кабылган
Жан..
Жүрөгүмө батпай
кыйнайт бир арман.
Кайра келбес ата-энемди
сагынып,
Бир көрүүгө зар болуп
таңдар аткан..
Мен киммин?
"Жетимсиң! "-дейт
адамдар..
Ыйлачумун…
Улам жаңы жараттар…
Ата-энем күлүп жүргөн
жаркылдап,
Кана азыр? Кана ошол
барактар?!
Мен киммин?
"Сен жетимсиң! "-деген
сөздү көп угуп,
Кичинемде ыйлачумун
көп буулугуп..
Айла канча Ажалына кол
сунуп,
Ата-энем кете берди
арабыздан суурулуп..
Чоңойдум… "Балдар
үйү" үйүм болду,
Кемсинткен суук
сөздөргө жүрөк толду.
Салам айтсам кээ
бирөөлөр кээ күндөрү,
Алик албай өтүп кетчү
кагып колду..
Мен киммин?
Асыл жанды келбес
жакка узаткам..
Турмушумдун ысык-
суугун кечээ, бүгүн
кулаткам.
Көрчү Ата, эрезеге
жеттим бүгүн,
Ашып өттүм, он сегизди
алыстарга узаткам..
Куран окуп ата-энеме
багыштаймын!
Өткөн-өттү, азыр эстеп
кайгырбаймын!
Ыраазымын Жаратканым
Алллага да,
Өкүнбөймүн тагдырыма
таарынбаймын. .!
Мен киммин?
Уулумун Кыргыздын!
Даамындай кымыздын.
Болсом деп тилек кылам
Атасы уул-кыздын!
Болсом деп тилек кылам
Сыймыгы Кыргыздын..!

Билдирүүнү түзөткөн: kuba.94kg: 07 Апрель 2014 - 19:58

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   KUMU89   07 Апрель 2014 - 20:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 10 Авг 2025 01:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Мен киммин!?


Мен киммин? кыргызымдын ак калпакчан баласы,
Мелтиреген Ыссык-колум мейкиндигин карачы.
Ала тоодой намысымды бийик туткан, туу туткан,
Мен Кыргызмын улуу Манас урпагы.



Ата-эненин ардактаган баласымын,
Ар намыстуу эки инин агасымын.
Торт агамдын кол алдында эркелеген,
Мен Кымбатмын, кыргыз элдин жараанмын.



Ата-бабам жердеп келген ыйык мекен,
Озгон деп орушун кен, койнун кенен.
Кыргыздын кыйырында туптолгон шаар,
Кымбат деп сени деген мин уулун бар.



Жараткан белек кылган кооз жерим бар,
Озгондо мейман достуу коп элим бар.
Кыргызды кылымдарга бут тааныткан,
Кооздугу коз уялткан мунаралар.



Мен киммин? урпагымды улантуучу,
Кыргыз учун учкун отун туттандырчуу.
Мекен учун кашык канды аябаган,
Мен кыргызмын ариеттуу, ар намыстуу.

Мен киммин!? Мен Кымбатмын. Мен алакандай болгон кыргыз элдин урпагымын. Мелтиреген бийик тоону мекендеген. Аска зоолу, ак монгулуу тоолорду этектеген. Кок кашка суу таштан-ташка урунуп аккан. Карагайлуу токойлору, коргон жанды суктандырган. Эли мейман дос. Ак журок, конулундо кири жок! Улуу Кыргыз баласымын. Ак калпактуу, ар намыстуу Кыргыз журттун жараанымын.


Катышуучуларга ийгилик!






Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Tyke_2013   07 Апрель 2014 - 21:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 201
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Дек 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош обл. Ноокат район.

Мен киммин?

Мен киммин мен жонокой баламын,
Анча-мынча адамдарга капамын.
Капачылык болуп турат кез кезде,
Капа болбойм мен эми мекендешке.

Мен боломун кыргыздын патриот баласы Тынычбек,
Кыргызтаным ар убак намыска бек,
Кыргыз деп соккон журок токтобосун,
Кайгы капа кыргызымды коштобосун.
Кыргызымдын келечеги кенен болуп,
Анча-мынча мамлекеттен кем болбосун.

Сапар тартсам сагынтасын Ноокатым,
Саат сайын санаа тартып убарамын.
Билбептирмин кадырынды кол жеткис,
Ала-Тоодой абдан бийик экенин.
Ноокатым менин мекеним.
Ноокатым менин мекеним.


Ушинтип жазыш керек беле? Эптеп колдон келишинче жазымыш болдум.

С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Lumia-800   07 Апрель 2014 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

"Мен киммин?"


Колунда жок башка чабаар таягы
Коркому жок ырларынын аягы.
Мекенинде онтогуз жыл жашаган
Мен киммин? "Жоодармын" баягы...


Бакыт коруп аппак тандын баарынан
Коркпой турган турмуштун эч каарынан.
Кылымдарга кылчайбастан бут койчуу
Кыргызымдын болом Ноокат шаарынан.

Копко жашы улууларды "сиз" деген
Жалгыздыкка моюн сунбай "биз" деген.
Атаандашым бут пенделер ондонуп
Мен пендемин, Ата-Эне ак эмгегин издеген!


Эки иним бири шок бири эрке,
Он кол менен сол колумдай сезилет.
Карындашым улуусу "оз уйундо":0
А кичуусун сагынып,журок бираз эзилет.


Мен киммин?
Толтура тендеши
мен мусулман пендеси!
Мен киммин?
Ааламда бар жердеши
мен Кыргыздын пендеси!


(Азырак эле жазайынчы э жиндери келбесин)Сүрөт

























Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aijamalosh   08 Апрель 2014 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 210
  • Катталган: 15 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 19 Окт 2020 15:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен киммин.


Мен киммин? Мен бир пенде,
Торолдум айланабыз аппак кезде.
Тагдырдын тамашалуу табышмагы,
Алып келди Бишкек деген ыйык жерге.


Мен киммин? Ак халатчан айыммын,
Борбордо даары-дармек сатамын.
Бейкуноо алдан кеткен адамдарга,
Айыксын деп жардам берип жатамын.


Мен киммин? Кызыл беттуу айыл кызы,
Коп кечтим Алайымдын баткак сызын.
Тилеген тилектерим орундалса,
Болоюн кайненемдин жакшы кызы.


Мен киммин? Асыл уйдун эркесимин,
Бактылуу уй булоонун кенжесимин.
Турмуштун ойдо-ылдый сыноолорун,
Женем деген ЖАРАТКАНДЫН пендесимин.
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Janyla   08 Апрель 2014 - 05:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Ар бир адам озун-озу таануу менен жашоонун максатын,маанисин аныктай алат.Анын сынары,мен да бул жашоодо озумду билуу,изденуу менен кун кечирген инсан,Аллахтын жаратканы,бир пендеси.

"Адам баласы учун эн кыйыны кун сайын адам болуу"-, деп,улуу жазучуу Ч.Айтматов айткандай,алдыдагы туз жолдон адашып да,ошого карабай чындыкты,ак жолду тандап,туура чечим чыгарууга,адамдык сапатты,абийирди жоготпоо,сактоо керектигин журогумо сактап да,аракет да кылып келем.

Мен-бул менин жолум,менин тандоом,менин жашоом.Демек, мен жок озум каалаган кесиптин да,суйуктуу жар да,мээримдуу эне,ошондой эле бир туугандарымдын мандайында боло албайм.Булар менин максатым,тилегеним.

Андыктан,жашоодо максат коюп,коздогонго жетуу учун алдыга умтулуу,алдыга умтулуу учун озун-озу билуу,изденуу керек.Эн негизгиси,жашоого ишеним жана суйуу менен бактылуулукка жете алабыз.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Rinatik94   08 Апрель 2014 - 07:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov


"Мен киммин?"
Мен пендемин бу жалганды
аралаган
Жакшы жакка умтулуудан
жадабаган
Сыртымдан күчтүү сымал
көрүнсөм да
Мен адаммын айрым ишке
жарабаган
Мен киммин?
Бала эмесмин жаштык кылып
талаалаган
Жан эмесмин кай бирөөнү
табалаган
Өз жолунда келе жатам сабыр кылып
Мүдүрүлбөй жашоомдогу арабадан
Мен киммин?
Мен пендемин, Аллахымдын
кулумун
Үлгү болот баскан жүрүм
турумум
Сыймыктанган жигитмин деп
айта алам
Анткени, мен кыргыздын
уулумун
Мен киммин?
Урпагымын кыргыз баатыр
Манасымдын
Келечекте кыйындардын
бабасымын
Төш көтөрүп басканга
акылуумун
Дегеним, мыкты элдин
баласымын..

Билдирүүнү түзөткөн: Rinatik94: 11 Апрель 2014 - 00:12

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   myrzayym   08 Апрель 2014 - 11:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Мен киммин?
Мен, мен Мырзайым. Жараткандын жандардан башкачараак пендеси. Ата -эне мээриминен ач калган наристесимин. Бир кездеги, жерге токтобогон тентегимин. Тектектигинен жазасын алган күнөөкөрүмүн. Жалындуу сүйүүнүн даамын эрте татып, эрте айрылып, жабыр тарткан, сүйүүнүн оорукчанымын. Сүйүүдөн ооруган оорумду жан адамга айткандан уялган уялчаагымын. "Сүйүүдөн оорудум" деп ачык айта албай, жөн ооруну айткан жалганчымын. Жазадан азап тартып, жалган жашоонун боорукер, жароокер адамымын.
Жашоодон ийилип, сынбаган ийилчээгимин. Жашоо үчүн күрөшүп, женишти эңсеген мен жашоо жоокеримин. А жоокер үчүн боорукерлик, жароокерлик чеги менен гана болуш керек экенин билбеген, акылсыз жоокер экенмин. Курган башым ай! Кай бир душман дал ушул талуу мүнөзүмөн пайдаланып, ийилчэгиме карабай тарс сындырып, жашоодон уттурбаса не эле? Болгон байлыгынан айрылган, ийилип барып тарс сынган, душмандын туткунумун. Туткундан качып чыгып, өз бактысын издеген аялзатымын.
Эми мен таптакыр башкамын. Күрөшкө тоюп жеңилген, баарына моюун сунган бир кайдыгеримин.
Жаныма жагымдуу адамга көз таштап, алда канча периштеден сууруп алган мен амалкөй, куу адаммын.
Жаңылыштык менен бакыт издеп, жаңылышып алган мен адашкан адаммын. Адашкан адам болсом, демек, мен шайтандын курбусумун.
Жашоо саякатында өз бактымды таптым деп, жылаан кармап алган, ары жок аялзатымын. Жылаанга жаралауу жеримди байкабай ачык айткан, мен кайсаке, чынчыл адаммын. Жаралуу жарам далай ирет ууланса да өлбөгөн, мен бир бышык адаммын.
Ааламга эки наристени алып келген мен апамын. Адамдарга ачык-айрым көрүнүп, жан адамга оюум ачык оозеки айта албай, жалаң кат менен оюум жазган, мен кат жазуучумун. Ошондо мен беткап кийген адаммын. Анткени мен Мырзайым эмес, бир каапырдын атындагы мусулман адаммын.

Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 08 Апрель 2014 - 11:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 02:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: