Суперстан: Супер сынак стартта ! 2014-ж. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак стартта ! 2014-ж. Форумду жандандыруу жана арабызда жашынып жаткан ,комускодогу талантта

#61 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   19 Апрель 2014 - 03:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Ким эле Кыргыз, ким болду?..


Тарых барактарында Кыргыз деген улуттун "качан" "кайда" "кандай" пайда болгону тууралу так маалымат жок. Кее бирки тарыхчылар "үч миң жыл илгери" десе кее биркилери андан да алдын дешет. Качан пайда болсо да, Кыргыз деген улуттун өзунө жараша басып өткөн жолу, тарыхы, чыгаан инсандары бар! Азыркы кезде Орто Азиянын борборунда эгемен өлкөсү бар!


Бала кезимден тарыхка кызыгып, изденип окуйт элем. Көркөм чыгармаларды окуп жатып Баатырлардын элестери көз алдыма тартылчу. Өзүмду аларды жандап жүргөн жигит элестетип, Улуу Кыргыз Дөөлөтүн орнотуу үчүн казатка аттангандардын катарында өзүмдү элестеткем. Бирок, булар жөн гана кыял экенин билип кайра өкүнүп алар элем. Тарыхтагы урунтуу учурларга баргым келип, Ичтен чыккан саткындарга кек сактачумун.


Кыргыз деген сөздү укканда Манас кулагыма кошо угулат. Бир канча улутка, аймак аймакка бөлүнгөн Кыргызды бириктирип бир журт кылган бабабыз Манас Баатыр Кыргыздын сыймыгы болуп канча кылым өтсө да калат деп ойлойм.




Мен үчун өзгөчө он сегиз, он тогузунчу кылымдагы окуялар эсептелет. А балким Нузуп Бий Шераалыны хандык тактыга отургузбай, өзу хан болгондочу. А балким Мусурманкул Миң башы, Алымбек Датка, Алымкул Аталык Хан болгондо... Балким баары башкача болмок. Орустун кол алдында калбас элек. Канчалаган Кыргыз уулу кырылбайт эле.




Көчмөн турмуш менен кун кечирген, Аңчылык менен азыктанган, Бүркүт мүнөз эркиндикти сүйгөн калк. Улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, кыздын кырк чачын сыйлаган, Ата - Эне сөзүн жерде калтырбаган калк.


Азыркы Кыргыздар бир топ башкача. Сырттан карасаң бакубат бир бутун өлкө, ичтен болсо партия партияга бөлүнгөн, аймак аймака бөлүнгөн башаламан, тартипсиз өлкө.
Көз карандысыз, бирок, орусиясыз бир да чечим кабыл албаган өлкө. Мамлекет эл учун иштебестен, эл мамлекет учун иштеген өлкө. Саясатчысы көп, бирок, Бир да тазасы жок өлкө. Светтин мекени, бирок элге свет жетпейт. Суунун мекени, бирок, элге суу да жетпейт.


Кандай кыйын кезендерди башынан өткөргөн Кыргыз эли.
Азыр Кыргыз эли, Кыргыз Републикасы учун тарыхый мезгил десем болот, Келгиле биримдикте бололу, Өз өлкөбүз, өзүбүз гүлдөтөбүз!


Кыргыз жери тоо улары сайраган,
Кыргыз жери булагы бар кайнаган.
Кайра эгер өмүр берсе Жараткан,
Кыргыз болуп жаралмакмын кайрадан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Rolankgb   19 Апрель 2014 - 03:05

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 23 Апр 2014 13:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек жаны аты Биша

Комускодо жаткан таланттар толтура экен ийгилик баарынарга
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Vazir   19 Апрель 2014 - 09:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Кыргыздын Басып откон жолу жана тарыхын, Чагылдырдым.

Улуу кыргыз :

Каган БАРСБЕК тен баштадым
Кыргызстандан тактадым.

Улуу жолду баштап
Барсбек торолуп, кыргызга,
Баатыры чыкты кыргызда,
Оорчулукту жоготуп
Ордолу хандык тактыгы
Ордолуу кылып кыргызды,
Баш ийбейм деп баарына
Башчы болду кыргызга
кыргызды чогултуп тымызын,
Коз карандысыз деп жарыялап
Бириктирип баштарын,
Биринчи курду чон Каганат.
Анда да, чыкты чыкынчы,
Туугандашкан турктор менен
чырлаштырып, ыркты бузуп
Оздон чыгып жаманы,
кайраштырып кааланы,
Бастырып кирип капчыгайдан,
капаарсыз жаткан Барсбектин,
Тун уйкуда жаткан кыргыздын,
Тундосу жети тубуно,
Ошентип ордосу жок эл кети чыгышка,
жарымы кети Ыртышка


Улуу КЫРГЫЗ Доолоту :

Адан бери кылым карытып,
Арадан коп жыл отуп

Энишип эрлер найза сайышып,
кылычын кайрап чабышып,
жебелер далай атылып,
эркиндик учун алышып,
кыргыз, кытай, калмак,
Манжур чабышып,
Чачылган элди жыйнашып,
Тартылган жерди алышып
Кыргыздар,
Узактан берки душманы,
Уйгурду барып талкалап,
Узун жолго улап сап,
Ажоо атап башчысын,
Узартып элин жайылтып
Узун дарыя боюунда,
"Улутун Доолоту" курулган
кыргызда.
канатын жайып кен асманда,
калкыган кен талаада,
Алтайдан жети сууга,
жайылтып чон Тамырын,
кыргыздар кен тамырлуу
Эл кураган.
Улуу кыргыз доолоту деп атап,
Даражасын которуп кыргыздын,
Держава курган бабалар,
кыргыздын мындай эрдигинен
кылычынан коркуп кытайлар,
чоонойтуп чон чеп курган,


Монголдун Басып кириши :



Монголдон чыгып Чынгызхан
аларда кыйын чыгышып,
Монголдор кол салышып
кыйратып баарын чабышып,
кыздарын тартып алышып,
кыргыз келин корунсо,
кардына найза сайышып,
Боз уйун барып кыйратып,
Боздотуп баарын ыйлатып
кыйраты далай кыргызды,
кыйраган кыргыз чыдабай,
кыр коргозуп которулгон кыргызды,
жарымын калтырып Алтайда,
жарымын айдады Ордосу жок,
орто Азияга.
мекен деп калды кыргыздар,
Орто Азиянын мейкиндигинде,
ал жакта да коп чабышып
кытай, манжур, менен кылым карытып.


ОРУСТУН Басып кириши Жаны коом тузулушу:



Откон кылымдын башында,
бастырып кирип орустар
тынчтыгын бузуп кыргыздын
тын,чы жоноту кыргызга.
Тобоосунон басышып
торт тарапка чачышып.
Туурасынан басышып
туш тарапка чачышып
Орустар кирди жайгашып,
Ордодон кыргызды айдашып.
Отурукташты орустар
жакшы жерлерге жайгашып.
кылымдын он алтынчы жылында,
чыдабады чыркырашып кыргыздар,
чындык издеп чыгышып.
Чет элдиктер мунусун
куч менен басышып,
ченебей баарын атышып,
кырып кирди кыргын кылып баарына.
Чебелектеп элдер качышып,
кытай тарапка даалысын
буруп басышып,
Мунусу эчкимге корунбой,
Талаада калды кыргыздын
соогу комулбой.
кырылды жолдо канча адам
комууго кубат алда жок
Мына ошентип башталды
зар заман,
кырылып кирди
кар заман.
Орустар торт тарапка,
болунушуп,
Тонкоруш болуп,
тобосу чондор олушуп,
кылымдын куусу чертилип,
Кыргыздар кайты кытайдан,
Жаны бийлик келип Оруска,
жанычы жашоо баштады кыргызда.
Ураалашып Орустар курама бийлик
курашып,
кыргыздарда кирди,
Ал бийлике туташып,
Билимге баары умтулуп,
Биримдикти туу тутуп,
Бирикен союз тузулду.


Жаны бийлик кучун артырып,
Байлардын баары байлыгын
тартырып,
Кыргыздын кыйын чыкмалары,
чыгышты курал кармап атышып,
Басмачылар экен деп,
Кызылдар чыгышты кыргын
салып басышып.
Кыргыздын тукуму уланып,
тынчтык окум сурду бир азга
тыйылып бир аз га тынч алып
Жаман адат калабы
Уйга жугон салабы,
отузунчу жылдын аяк ченинде,
башташты дагы бирин бири сатышып,
Маскооого жагынып,
Кыйындар тушту теренге
кынтып кети темир эшике.
Далаайы кети атууга,
жарымы кети камалууга.

Анысы копго узабай,
Кара туман каптап Ааламды,
Согуш апаат башталып,
Каары жашы атанып
Замбиректер атылып,
коргошундар чачылып,
тошко тийди кадалып,
Кыйылып кети кырчын
Омурлор,
Кызыл кандар агылып
кылымга тенкелген
кыйынчылык тушту
Ааламга,
Олбогон жанга
жаз келет дейт,
Жемишин берип,
Жениш да,
келди 45- нин жазында.


Кыргыз Эгемендуулугу:

Жыл жылдарга алмашыш
жаны бийлик келди кыргызга
токсонунчу жылдын башында,
Узактан бери энсеген,
Узун жолду баштады
Узонгулоштор менен жолу Узулуп,
Кыргыз Мамлекетуулугу Тузулуп,
Кубанычтар койунга батпай,
кубанып турду кыргыздар.
Мунусу копко узабай,
Жамандары чыгып кыргыздан,
Жалчыбады кыргыздар

Табалбай тура бир жолду,
тамтандап басып коп жолду
Тоорунон бийлик талашып
Тобосу жок эл болдук
Бир эмес эки тоонкоруш болду,
Бабалардан калган мурасты
Бир аздан сатып тим болдук
Тундук туштук болунушуп
Тушунуксуз эл болдук,
Эркиндик деп баарыбыз кыйкырып,
Эрежеси жок эл болдук.
Таарынышып кайра жарашкан,
Эки тарап болунуп чабышкан
Жалчыбас шорду эл болдук,
Так талашып тайрандап
Таалайы жок эл болдук
Калкыбыз чачылып ар жакта
Чачыранды эл болдук
Аалыбыз жетпей жыйнап алышка,
Алкымы чон эл болдук.
Туура жолду басалбай
туруксуз
бир эл болдук.
Коногу бийлеп уйундо,
койдон жоош эл болдук
Туу кармаганы бийликте,
Тууганы коп Бий болду,
Туура соз айтканы,
коргошун тийип тим болду.
Сагынып Манасты куткон
Санаасы коп эл болдук.......!

--------------------- --------
Кыргыздар жана Кыргызстан:

Ташка тамга баскандай
наркыбыз бар,
Коногу келсе уйуно,
кондуруп уйдо сыйлаган,
калкыбыз бар.
Кызыгын баарын артырган
Коз уялтып караткан,
Ак монгулуу Ала Тоодой
Жерлерибиз бар
Эч бир элдикине окшобогон
салтыбыз бар,
Жети кун жети тун
айтып бутбогон тилибиз бар.
Мусулманчылыкты карманган
Ислам деген динибиз бар,
Акыл насаатын айткан
Аксакалдуу кадырлуу
карыяларыбыз бар,
Ак элечек башынан тушбогон,
билгенин кыздарына уйроткон
Энелерибиз бар.
Чон айтса башын ийкеген,
чон суйлоп басып кетбеген,
Эрте туруп иштеген
намысты туу туткан
Эр жигитерибиз бар,
Кылыгы коп, Ай чырайлуу
кымча бел кыздарыбыз бар,
Зилзалага жыгылбаган,
кышында ушутбогон,
жайында ысытбаган,
Кочуп конуп конгонго
кыйынчылыка турбаган,
Бооз Уйубуз бар,
Акуу айланып кетпеген,
Ак чардактуу Туптунук,
кышында тонуп кетпеген,
кызыгып элдер коп келген,
кыйылып элдер кетбеген.
Ысык-Колубуз бар

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 19 Апрель 2014 - 09:29

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Rinatik94   20 Апрель 2014 - 08:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Байыртадан Азияны мекендеген
Тарыхы бар кыргыздын нечендеген
Типтүү элбиз тарыхы түгөнбөгөн
Казган сайын казылып тереңдеген

Махмуд Кашгари бир убакта кеп айткан
Сизге айтып кетейин, улуу ойчул нени айткан
Нукура, таза түрк тили-
Кыргыз тили деп айткан

Кыргыз тилин суудай билген эл элек
Башка тилге алмаштырдык жемелеп
Жарымыбыз орус тилге өтүп кеттик
Эне тилди кан чыгара тебелеп

Эч кайдыгер карабайлы тилибизге
Үйрөтөлү чала билген инибизге
Сүйлөтөлү кыргыз тилде карындашты
Оор болуп кала электе кийин бизге

Батыштын таасиринен жылдан жылга
Менталитет жоголду 15 жылда
Баштапкы кыргызым кайда кетти
Тозоктун бар экенин бүгүн тыңда
Адилеттүү чоңдор бизди башкарышкан
Таза иштеп ак кызматын аткарышкан
Кыйынчылык башка түшсө кыргыз элге
Шум ажалдын оозунан куткарышкан

Раззаковдон өрнөк алып калбады
Акаев Аскар бизди келип алдады
Иштерине чыдабаган кыргыз эл
Россияга кууп салып, айдады

Бакиев деген келди айдагы
Жаман иштеп туруп алды ал дагы
Бар экенин билбеппиз чөнтөгүндө
Элди кырган бычак менен кайрагы

Кийинки эки ажону эл тандады
Беркилердин жолун жолдоп эч барбады
А бирок энесинин баатырлардын
Көз жаштарын эч бир актай албады

Жаштар, кыргыздын келечеги-бул силер
Өнүгүүдө жардамыңар чоң тиер
Жүрөгүбүз таза болсо, анда эле
Арстан дагы коркуп бизге баш иер

Билдирүүнү түзөткөн: Rinatik94: 20 Апрель 2014 - 10:26

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   BORN.kg   20 Апрель 2014 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Ким элен кыргыз, ким болдун азыр карачы,
кыйкырып чыгып кыйында ишке жарачу...
Жоголуп барат, тонолуп барат кайран эл,
жоо чапчу шери, табылбай кыраан Манасы!


Карылык кутуп жайкалткан куудай сакалын,
каадасы менен элге айтчу насаат, макалын.
Кылымга калчу кеп салган тоодой салмактуу,
Кыргызым турат табалбай косом Бакайын.


Айтпасам деле ал жагы маалым турган кеп,
Арстан сындуу сурунон чочуп курган чеп.
Калмактын далай канына кылыч матырган,
кайдасын Аккан, кайдасын баатыр Курманбек?!


Жердеген жери жайлоонун тору Нарынды,
жат элге бербей, берейин деген жанымды.
Эсебин берген катылган "кары" душмандын,
эрлердин эри экенго кайран Табылды.


Кыргыз эли жогорку менин ыр саптарымдагыдай баатырлары кооооп болгон жоокер элдердин бири делинет. Тилеке каршы учурда Улуу журтубуз ушундай баатыр, айкол, амалкой журт башчы таппай келебиз.
"Эли кандай болсо башчысы ошондой болот" деген да кеп бар. Мына биздин ким элек, ким болгонубуздун далили. Майдаландык, чачырадык... Куру бекер мактангым келбейт, бул - чындык! Улуу эл болгон болсок ошону далилдей албай жатабыз...


"Курдаштарга кайрылуу"

Жан дилимден айткан бул сунушумду,
жан досторум суранам угушунду.
Уюп калсын журокто ушул суйлом:
"улутумду суйомун улутумду! "


Кокуроктон сурулуп булутубуз,
колкулдосун коодондо угутубуз.
Кылымдарды карытсын дагы далай,
куттуу жерден уюган улутубуз!


Алатоону мекендеп келген кыргыз,
аргымак чаап тыйынды энген кыргыз.
Тарыхтагы туптуу бир улут болгон,
так ошондой жашасын эртен кыргыз!


Кабылан Манас сыяктуу корсотуп тур,
катылгандан качпагын корсотуп сур.
Баса кийип башына калпагынды,
баатыр элден экенин корсотуп жур!


Улуу созун кулака куюп жургун,
улутунду, тилинди суйуп жургун!
Урпагысын Барсбектей баатырлардын,
ушуларды конулго туйуп жургун!


Кыз жандасан суйунбой жургонуно,
кыргызча арна суйуунду суйгонуно.
Эркекмин деп тош каккан эээй, досторум,
эркек болсон кыргызча суйлогуло! !!


Кейиш менен эмес жениш менен жашап, озогубузго кайтсак гана, оз катабызды моюнга алып айтсак гана Улуу элдин урпагы экенибизди далилдейбиз!!!

Билдирүүнү түзөткөн: BORN.kg: 20 Апрель 2014 - 14:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Janyla   20 Апрель 2014 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Улуу Кыргыз

Ким элек,ким болдук?

«Келечекти андап билуу учун,отконду окуп,уйронуу керек»,демекчи, эртенки кунду ойлогондо муундарга мурас болуп келген маданий уюткубузга, откон доорго кайрылуу менен бугунку кунго коз чаптырып,келечекти андап тушунобуз.

Кыргыз элинин отмушу,кенири белгилуу болгон «Манас» эпосунан тартып,кыргыз элинин улуулугун артырып,эртенки кунго омурун сарп кылып,кур-бекер жашабаган,таланттары, эрдиктери менен тарыхта очпос аты калган инсандарыбыз кыйла.

Артта калган миндеген кылымдардан бери ата-бабаларыбыз элибиздин улуу мурасын,маданий асылдыктарын ,каада-салтын муундан-муунга сактап келишкен.

Арийне,кыргыз элинде жети жаштагы эркек бала жети атасын билууго тийиш болгон.Жети атасын билбегендерди «тентиген кул» ,«жетесиз кул», «тексиз» деп коюшкан.Азыркы заманда тегин эмес,оз атасын,оз эненсин билбей жургону канча?

Тарых бетине келсек,Курманжан датка эне журогу зыркырап,канап турса да,эли учун,кыргыз учун баласынан айрылса.Улуу Ата Мекендик согушта канча эне чырактай уулунун ордуна кара кагаз алып,жер чапчып,чырылдады. Азырчы?Жарыбаган акча учун,кор оокатты шылтоолоп,баласын таштаган,саткан «ЭНЕ» аты очкур!

Тээ замандан бери колуна курал кармап,Барсбек каган баштаган,он менен сол канатты бириктирген Тагай бий,Тайлак баатыр,Атантай эрдиктери менен бутундой кыргызды башкарып,душмандардан коргогон.Азырчы? Бир уй-булодо 2-3 башты бириктире албаган,тарбиясы тургай,созу отпогон «АТА» затына наалат!

Ч.Айтматовдун бир чыгармасында душмандарынын кыйноосу менен манкуртка айланган баласын издеп,таамай аткан жаачы уулунун огунан жан берген Найман эне жонундо айтылат.Азыр огу жогу эле журогу канталап,ошондо да карылардын уйундо узулбогон умут менен,козу,башы бийлик,мансапка байланган «манкурт» баласын куткону,куткон.

«Кой аксак-тескеги менен мин» дегендей,Кыргызстандын 5 млн элинин канчасы кор оокат деп талаалап,канчасы бийлик,байлыкка чомулуп,кайдыгердей. «Заманан бору болсо,бору бол» деп,кыргыз элине тийешелуу меймандостукту, кен пейилдикти жоготуп бараткандайбыз.

Тарыхтан берген агайдын созу эсимде: «Адам баласы кыйынчылыгын бат унутат,дегеним, 1-класска барганда жаны тамга таанып,аны жазуу кыйын болгон,бирок, аны оздоштургондон кийин,мурун оной болгондой сезилип,ошону самайт.».Анын сынары,кыргыз эли нечендеген оор кыйынчылыктарды, кан тогуулорду баштан кечирип,энсеп келген коз карандысыздыкка, эгемендуулукко да жетишти.Андыктан, азыркы ажодон ажо алмашкан бийликте мурунку баатырлардай эр журок,билимдуу, элине кызмат кылган адамдар барына жана келечекте болооруна кумондор эмесмин.

Биздин тилегибиз,ниетибиз, аракетибиз тарыхтан таалим уйронуп,откондун жакшы жактарын оздоштуруп, келечекке умтулуп,ошондой эле,КЫРГЫЗ улутубузду, тилибизди,дилибизди унутпай сактайлы!

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 20 Апрель 2014 - 23:55

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   AZIK01   20 Апрель 2014 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

"Ассалоому алейкум"- деп соз баштаган, кыргыз элим. Нечен кылымды, нечен жылды карытып, ушул күнгө жетип келди. Кандай гана баатырлар жашап өттү. "Жашап өттү" демек, кетти. Бектер кетип, эл калды. Алар жөн кетпеди, тарыхта өз аттарын ташка баскандай калтырып кетишти. Тарыхты карасам коп эле баатырлар өтүптүр, кыргызды коргогон,бирок дуйнөлүк аренага алып чыккан бирөө болбоптур." Манас" дейин десем "өзуңүздөр аны бобогон окуя"-деп жеңип атасыздар. Неси болсо да эпос менен дүйөгө таанытып жатат. Биздин кечээки күнүбүздө баатырлар гана жашап өткөн жок! Бизди данктаган, эркиндикке чакырган,манасчыларыбыз, акындарыбыз , айтыш айткандар деги койчу искусство адамдары өткөн. Баатырлар бизди денебизди, жаныбызды сактаган болсо, искусство тармагындагылар руханий дүйнобуздү сактап калышты.Алар кечээкибизди сактап калышты, өздүгүбүздү сактап калышты.Ошолордон да эң эле маанилүү өзүбүздүн эле карапайым калк "кыргыз" калкы жашап өттү.Ошолор эле калк болбосо, кимди коргоп? баатыр болот. Ошол эле калк болбогондо акындарыбыз кимди жазмак? Ошол карапайым калк. Кыйын кундө( Кытай, Монгол, Орус баскындары) төш тоскон. чыдамкайлык, сабыр менен басып өткөн калк калды.Ошондой кыйында да алар, чогүп өздүгүн жоготподу. Мал койду артынан чуркады бирок, жердигин жоготподу, орустарга баш ийди бирок, мамлекеттүүлүгүн жоготподу. Ооо, алыскы тарыхка баш баккыдай аны көрбөдүк, аларды түшүнө албайбыз.Бирок, маданиятын бизге жетип келди, мунусун көрдүк. Көргөн эле кечээки күнүбүздөн сүйлөсөмбү? Орустар биздин жаныбызды калкалады бирок, өздүгүбүзду, ыйманыбызды эмес. Жерибизди калкалады бирок, мамлекеттүүлүгүбүздү эмес. Ошол, атеизмдин айынан азыркы ата-энелерибиз бизди динден кабардар кыла албай жатат. Үйрөткүсү келет, өзүндо жок нерсени кантип бизге үйрөтөт.Мейли, орустардын жаман жагы ошол болуптур. Ошол менен кошо жакшы күнөр да өтпөй койбоду. Тынчтык болду, элдер кеңиричиликте жашады, күлдү ойноду, иштеп да өтүштү.Мунусу бизге берген тынчтыгынын айынан болду.Бул нерсеге көз жумуп болбойт. Эркиндикти да алды, өз ажообуз болду, ошондон башталды окшойт биздин кыйынчылык. Эсимде, нан жетпей ачка калган күндөр. Жүгөрүнү тарттырып келип "загара" -дейт беле ошондой, нан жасап жегенбиз. Жалгыз баш кара уюбуз бар эле, кудайым ырыскыбызды ошол кара жан аркылуу берип турду. Эрте жаз, май, июнь айлары уюбузда сүттөн чыгып кетти, бу не деген иш? Ырыскыбызды кайсы жолдон келээрин карайбыз. Апам тагамдын үйүнө жөнөттү. Бирөөдөн бир тамак же акча чыкчу заман эмес эле. Жаш элем, барып балдары менен ойнодум.Тартынчввктыгым айынан 2, 3 күн айта албадым. Айтпасан ач каласын. Айттым. Үн катпай башын чайкады.
-Аракет кылам. Бир, эки күн күтө тур.
-Болуптур!
Ошентип, эки күн өткөндөн кийин, жарым каптай ун салып, айылыма, үйгө жөнөттү. Бардым, барсам баары күтүп жатыптыр. Убакытты өткөрбөй, апам нан жасап жиберди. Бышкандан кийин да тоюп жей албадык. Ата-Энем кичинеден жеп, бизге сунат."Өзүңүз жеңиз?"-десек
-Жоок, мен тоюп калдым жей бергиле.
Кайдан түшүнөм, курсагы тойбогонун, бизге илингенин. Эжемдер чоңоюп калышкан, төртөө бир туурамдан нан жеп, калганына шорподон ууртап-ууртап жатып алышаар эле. Үй-бүлөдө көпчүлүк элек.Карындашым экөөбүз жашпыз.Кийин көп өтпөй атам ооруга чалдыгып төшөкө жатып калды. Талаада, сууда көп иштеп белине суук өткөрүп алган экен.Эркек болуп атама жардам берип, үйгө нан таап келгенге жарабайм. Эжемдер эрекектин ишин кылып атама жардам берип чоңоюшту, бар болушсун. Жалгызмын "эркектин аз болгону аябай жаман экен"-деп көп ойлоном. Ошондой болсо да шугур, Аллахым ырыскыбызды үзбөдү. Күндөр өттү. Атамда бутуна туруп, өткөн күндү эстеп, катту иштедик. Кара курсактан артып, башка нерселерге да жетиштик.Эжелеримди, бир жакшына узаттык.Кыйын күндүн артынан кубанычтуу күндөр да келди.Мени окутушту. Азыр, небере жытын искеп, 4 күйөө бала эмес, өз баласыдай. Мен бактылуумун, баары жайында.
Мындай окуялар көптөрдүн башынан өттү. Бул, бир эле үй-бүлө окуясында, көптөгөн элдин кечээкиси сүрөттөлүп турат. Алардын кечээкисинде, мындан да кыйын күндөр өткөндүр. Бүгүнкудө элдер ток, ток турсун ашып да кеткен. Каалаганыңды кыласан, каалаганыңды жейсин, кийесин, жатасын, турасын.Заманыбыз жакшы, ушуга шүгүр кылбасак, кадырына жетпесек мындан да айрылып калышыбыз мүмкүн. Мамлекеттик тынчтыкты сакташыбыз керек. Өздүгүбүздү сакташ керек. Тынчтык жана биримдик. Негизи, ким экенибизди мусулмандыгыбызды унутпаш керек. Демек, бизди келечек кутүп турат. Буюрса, азыркы кыйынчылыктар, келечектин кубанычы.Бул кыйынчылыктын алдындагы, жаркыраган өнүгүүгө үмүт кылаалы.Эканомиканы өнүктүрөөлү, экономикасы өнуккөн мамлекет, келечеги кең мамлекет. Келечекте жоголуп кете турган мамлекеттер арасына, бизди кошкондорду, жалганын ачыкка чыгаралы Кечээ ким элек, бүгүн ким болдук, эртең ким болоорубузду жакшы ойлоноолу!


Урматым менен: Azik_01
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Kg.lady   21 Апрель 2014 - 00:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Мына ушундай улутум дегенде журогун садага чапкан уул, кыздарыбыз турганда кыргыз эч качан олбойт! Кыргыз эч качан очпойт! Дагы бир жолу баатыр бабаларыбыздын каны биздин жаштардын тамырында агып жатканына ынандым, дал ушул чакан тапшырманын арты менен.

Эл ичи онор кенчи деген создун отосуно чыккан таланттарыбызга ийгилик каалап, экинчи тапшырмабызды жыйынтыктап, учунчу тепкичке карай багыт алмакчыбыз!
Анда эмесе, учунчу тапшырмабыздын чакан эрежелери менен таанышабыз.
Бул тапшырманы эркин тема деп атап койсок туура болчуудай. Анткени каалаган темада, мейли уй булоо жонундо болсун, мейли жаратылыш, мейли, суйуу, мейли ата- эне жонундо болсун, айтоор конулго топ келген тема тандап , чакан ангеме жазабыз.


Ардактуу катышуучулар онор талаасында талантынар ташыркабай, калем сабынар мокобой , кудай-таала берген онорду бапестеп, наристе чыгармалар ак кагазга жайнай берсин деп, силерге ийгилик каалоо менен бирге сынагыбызды улантабыз!

КАТЫШУУЧУЛАРЫБЫЗДЫ ИЙГИЛИК ЖЫЛООЛОСУН! !!


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Барс   21 Апрель 2014 - 07:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КЕК

Ал бүгүн өзгөчө шашып жатты. Аялынын : « Чай ичип алып деле барсаң болот го...» дегени да кулагына кирбеди. Баягы колхоздо раистин орун басары болуп иштеп жүргөн жылдары деле таң заардан кетип, эл жатаардан кийин келип жүрчү адатына көнүп бүткөн аялына негедир анын бүгүнкү шашмалыгы күдүк туудуруп турду. Эми-и, ал убак го ал убак эле... Чарбанын иши үчүн жоопкер болгондон кийин антпесе болмок беле. Анын үстүнө партия дегендин карыштыра кармаган көзөмөлү, жалаң эле бул эмес, бардык эле жетекчилерди, а койчу, атка минер кызматы деле жок, карапайым эле колхозчуну зыркыратып койчу эмес беле! Оу-у ал заман таптакыр башка эле го, чиркин! Эми азыр андай шаша турган жумуш деле жок эмеспи! Анын үстүнө ошол колхоз тараганы бул атка минерлик иштерге аралашпай калган. Өзүнүн адистиги - мугалим. Кийинки кезде мугалимчиликти деле аркалабай, колхоз тараганда эптеп-септеп өөнөп калган мал-келин кароо менен эле күн өткөрүп жүргөнү кача-ан... Анан ошол малын кароо да канча убакытты, мээнетти талап кылары турган иш го. «Малдын бары да балээ, жогу да балээ», - деп бекер айткан эмес да.
Ошентип, ал аялы ороп берген нан-панды торбого салып,Тегеректеги жылкыларына көз салып коюу үчүн Чабдарын ал тарапка биринчи жолу минип, таң сүрө жөнөп кетти.
Бул убакта тоолордун арасы өзүнчө кооз. Ак карлуу чокулар шаңкайып, таптаза аба жүзүңдү аймалайт. Карагандарды кар басып, алачыктай болуп ийилип турган шактарындагы ашын чокуп жаткан ичиндеги кекилик жакындаганыңда «бырп» эте атты селт эттире чочуй учуп, алыстан түлкү көрүнүп, «мага жетип алчы» дегенсип, булактай качып, көз жоосун алат. Сууктун жеп-иче ичи-койнуңа кире калып ичирткени да сезилбей, кийген сары тондун эки этегинин өңүрүн тизеге кымтый, жеңил гана темине, жашоонун кереметтигине ыраазы болуп жол улайсың. Чыгыштан жаңыдан чыгып келе жаткан күндүн нуруна чагылган жаңы кардын бетиндеги бүртүктөрү түркүн түстө кубула жылт-жулт этип, бул жарык дүйнөнүн сулуулугу көз алдыңа укмуш сүрөттү тартып, көңүл кушун көкөлөтөт.Түнкүсүн жааган кар мурунку чыйырды басып калганына карабастан, жылкы жаныбардын биздеги жок туюм менен эски жолдун нугун таап бара жатканына там бербешке амал жок. Чабдардын жол жүрүшү жакшы ат. Кыш-күрөөдө мындай күчтүү да, ишенимдүү мингич болбосо, тоого чыгуунун өзү опурталдуу жумуш эмеспи. Жаныбар Чабдар байгеге кошсоң да, улакка чапсаң да дак калтырбоочу асыл жылкы да. Атургай быйыл аны үйүргө айгыр салмакчы да болбодубу! Бирок чек берки Карагерге түшүп, ошол коюлду. Анан ошондогу айгыр салышка карата өткөрүлгөн мелдешти жадына салып, ал бир бырс күлүп, андагы болгон окуяны кайрадан эске түшүрө кетти.
... Анда жаз эле. Үйүргө айгыр коюуга мезгили келгенде, аны тандоо да бир машакаттуу иш эмеспи. Ошол коюлган айгырдан мыкты асыл тукум кулундарды алуу гана эмес, ага үйүрдү тескөө, аны ити-куштан коргоо, жайытка ылайыктуу жерди тандап, үйүрдү ошол жакка үйрүп айдоо сыяктуу вазийпалар кошо жүктөлөт да. Андыктан, көрүнгөн эле эркек жылкы үйүргө айгыр болууга жарабайт.
Ошондо мунун алдында азыркы минип бараткан Чабдардыбы, же азыр үйүрдө айгырдык милдетти аткарып жаткан Карагерди коюу керекпи деген маселе турду.
Анткен менен экөөнө тең көкүлүнө пахта байлап, үйүргө кошсоң өкүттө калбайсың. Бири-биринен кем калбаган, жылкы пири Камбар атанын зээни түшкөндөй жаныбарлар го, чиркин! Ошентсе да экөөн бир мелдештирип, анан утканын айгыр салмай болду. Бул бир жагынан көңүл ачуу болсо, экинчи жагынан азыркы тил менен айтканда маселени «демократиялуу чечиштин» жолу болчу.Кантсе да алардын да ээсине таарынычы калбасын, теңчилик болсун да! Ал ушундай ойго келди.
Анын акыбети кандай болору ага али белгисиз эле. Ооба, белгисиз болчу...
Анан март айынын орто ченинде Кара-Төбөнүн артына барышты да эки айгырды уруштурушту. Мына ушуну уруш десе болот! Жакынкы коңшу айылдардагы өзбектердин «бөдөнө уруш», «короз уруш», сыналгыдан кээде көрсөтүлүп калчу орустардын «ит уруш» оюндары, бул «айгыр уруштун» бучкагына тең келбейт десе болчудай!
Эки айгырдын өлөр-тирилерге карабай жандарын ортого сайып коюп кармашкандыктарына караганда, нарыдагы топ бээни ээлөөнүн өзүндө кандайдыр бир зор кызыкчылык, ченебеген кумар бар окшойт-ов! .. Кармаштын катуулугун ушундан бил: экөө кагылышып кайра ажырашып, анан кайрадан бири экинчисин тебелеп салчудай болушуп, жерди дүпүлдөтө туяктардан даңкан ыргыта, моюндарын учуп бараткан турналардыкындай кылып алга сунуп, бири бирине тепчилчү жебе өңдөнүп, чуркап келишип омуроолору менен кагышканда, көргөн көзүңө ишенбей, жакаңды кармайсың! Андан соң кош аяктап тура калышып, алдыңкы туяктары менен чапчышып, анан бири биринин жалын чайнап, ачылган ооздорунан көрүнгөн аппак курч азуулары менен туш келген жерин жулуп ала тургандай болушуп, ага карабай экөө тең каршылашына оңтоюн келтирип тиштетпей турганын көрүп турган киши жандан түңүлөт, ой! Аба жара кишенешип, омуроолору менен сооруларынан куюлган терлери суу боло төгүлгөнүнө кайыл болуп, кыл чайнап кармашуу ушул үйүр талашкан айгырларга гана таандык эрөөл болсо керек.
Ошентип бир аш бышымдай чарпышкандан соң, кажышып жатып, экөөнүн тең майып болуп калышына көздөрү жеткенде гана ошол жерде тургандар айгай салышып атып, өчүгүшкөн айгырларды ажыратышып, мелдешти токтотушкан. Ошентсе да тең чыккан экөөнүн бирин үйүргө коюу керек болгондуктан, чек ташташып, Карагерди апрелдин аягында үйүргө кошкон.
Ал бара жатып ушуну эске салды.
Анан кыялай өр тарта жүрүп отуруп, бир оокумда Тегерекке да чыгып барып калды. Бул жердин туш тарабы жалама аска болуп, бир гана чубурутма жол бар, жылкы жайылганга ыңгайлуу. Үстү жүз-жүз элүү гектардай келип, нары жагы да кыркалекей аска болгондуктан шамал көп да тийбеген буйтка. Жайында бул жерге эч ким жайлабагандан уламбы күзүндө тулаң чөбү тизеден буралып, кышында кар астында ошол эле бойдон калат. Аны тээп оттоо жылкыларга көнүмүш эмеспи. Ошондон улам ал жылкыларын жылда ушул жерде кыштатат. Өтө эле зарылчылдыгы болбосо, ити-куш тийип, же бирөө эле атайылап айдабаса, жылкылар бул жерден башка жайытка ооп кете тургандай себеп такыр жок. Андыктан, «үйүр дагы кайсыл жакка кетти экен?» деп кыжалат болбой түз эле аларды ушул жерден табасың.
Айткандай эле жылкылары кудай жалгап, эч жакка кетпей ушул жерде экени алыстан эле көзгө чалынды. Жакындай баштаганда үйүрдүн нары жагындагы жылгадан бээлерди үйрүп, Карагер айгыр чыга келди. «О, жаныбарым, Камбар атанын тукуму, өз милдетин аткарып жаткан экен!» - деп ойлоп, ага ыраазы боло бастырып келе жатканда, өз үйүрүн көргөн Чабдар ал жакка карап заңгырап кишеней кетип, бээлерди көздөй чуркоочудай болуп калды. Ал Чабдардын башын тартып, аны менен алаксый түшкөндө, Карагер да жер чапчып, кулактарын чимирип, буларга карай чуу коюп жөнөп калды! Жөн эле атылган ок болуп келе жатканын ал башын көтөрүп жакын калган кезде көрүп калды да, камчысын көтөрө айбат кылып: «Хайт!» дегенге араң үлгүрдү. Экинчи жолку «хайтты» айттырбай күү менен келген Карагер Чабдарды өмгөгү менен коюп өттү. «Кырсык каш менен кабактын ортосунда» деп бекер айтылбаган белем, Чабдар болсо ээсинин үнүнө жана тизгинди тарта мойнун сол жакка бурганына алаксый түшүп муну күтпөгөнбү, ушул оор соккудан ошол жагына «күп» эте кулап түштү. Мингени жыгылганда үстүндөгү ал бир капталынан жердеги чоң урчук ташка чабыла тийип, жамбашынанбы, же белиненби, айтор ошол тарабындагы сөөктөрүнөн «карс-курс» дегендей күңгүрт добуштар чыгып, ошол сол жактагы буту жыгылган Чабдардын астында калды. Көздөрүнөн жылдыздар учуп барып, анан эсин жоготту.
Ал көзүн ачканда караңгы кире баштаган экен. Жылкылардан да, атынан да дайын жок. Турганга аракет кылды, бирок кыймылдоого мүмкүн эмес эле. Кичине эле козголоюн дегенде бели, буту, койчу бүткүл денеси сыздап, оорунун күчүнөн айласыз кыйкырып жиберип, кайрадан эсин жоготуп барып, бир аздан соң өзүнө келди. Тиши тишине тийбей калтырап, сууктун тоңдурганына жан чыдар эмес. Бүткүл денеси канкакшап ооруп, кыймылдатайын десе эле, жаны чыгып кете тургансып жатты.
Анын оюна кайрадан Кара-Төбөнүн аркасындагы эки айгырдын кармашы келди. «Төө кек кубат дечү эле, жылкынын кеги да унутулбайт тура... Аттиң, туура эмес кылган экенмин. Күнөө өзүмдө... Оюндан от чыкты... Кек!..» Анын башына ушул ойлор зып этип келип, кайрадан жан кыйнаган оору башка нерселерди ойлогонго буямасын келтирбей салды. Ал эми баарына кайыл эле...
Оору менен сууктун азабы түн ортосуна чейин созулду да, асманга кыйгач жылдыз толгондо жанды жеген суук да, оору да тып токтоду. Анткени, жыгылганда кабыргаларынын бир канчасы сынып, сол буту жанчылып, бел омурткаларынын омурулганына аз келгенсип, жүлүнү да үзүлгөн экен, ошондон улам жүрөгү да лып токтоду...
* * *
Анын түндө да келбегенинен кабатыр алышкан уулу жана инилери эртеси издеп келишип, суукка тоңгон жансыз денесин ошол жыгылган жеринен табышты. Алар жака-белдеги майкандалып калган издерден эмне окуя болгонун боолгоп, чубуруган кандын тактарын кууп барып, басмайылы тургай куюшканы үзүлүп, ээр-токумдары ар кайсы жерде чачылып калып, өзү аскадан учуп арам өлгөн Чабдардын тарпын табышты. Өчүгүшкөн эки айгыр ажыратканга эч ким жок болгондуктан, акыры баягы кектен улам салгылашып жатып, акыры аягында бири аскадан кулап кетип, өлүп тынган экен.
Алардын ээсинини сөөгүн кийинки күнү жерге беришти. Кекенген уул-кызы жана туугандары маркумдун кара ашына кекчил Карагерди союшту. Кек ушуну менен бүттүбү? Ай, ким билет! Кек бүтсө бүткөндүр, бирок арман менен күйүтчү?..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Daud   21 Апрель 2014 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

“Куурчактар” тагдыры.
Биринчи куурчак.
Кичинекей кыздын өзү сыяктуу абдан татынакай куурчагы бар болчу. Ал аны аябай жакшы көрүп, колунан түшүрбөйт эле. Жада калса кечинде уктаганы жатканда да аны кучактап жатчу. Алардын мынтип жүргөндөрүн көргөн адамдар алар эч качан бири-бирлеринен ажырабаса керек деп ойлошчу. А бирок андай болбоду. Анткени күндөр, айлар, жылдар өтүп, кыз чоңойду. Балдар бакчасына, андан кийин мектепке барды. Ал жерден өзүнө жаңы курбуларды тапты. Куурчагынан айырмаланып, алар айтылган сөзгө жооп берип, аны менен ой бөлүшүп, бирге ойношчу. Куурчак менен жаңы курбуларды салыштырып болбойт эле. Анткени алардын арасындагы айырма өтө эле чоң болчу. Ошентип, кыз өзүнүн бир убактары жалгыз сырдашы, эң эле жакын курбусу болгон куурчагынан алыстай баштады. Бара-бара кыз ага такыр көңүл бурбай койду. Анткен анын аткараар кызматы бүткөн болчу. А бирок куурчак бул нерсеге капаланып, кайгырбады. Анткени анын жүрөгү, демек, сезимдери да жок болчу. Андыктан куурчактын иши бүткөндөн кийин ташталуусу эч кимди деле ойлонткон жок. Себеби куурчактык кызматы ошол гана болчу. Куурчактын андан аркы тагдыры эмне болгондугу тууралуу эч ким кызыккан деле жок.

Экинчи “куурчак”.
Күн ысык болгондугу үчүн кечке жуук паркта адамдар көп. Күч өлчөгүчтүн жанында топ жигиттер өз күчтөрүн сынашып, анда өчтөрү бардай биринин артынан бири сокку уруп жатышты. Баласын жетелеген жаш ата-энелер, неберелерин ээрчиткен чоң аталар, атракциондордо паркты жаңырта кыйкырып аткан окуучу кыздар... Айтоор, баары көңүлдүү. А бирок четирээк жерде жайгашкан скамейкада жигит менен кыз көңүлсүз отурат. Анткени алар бүгүн “ажырашып” жатышкан. Кыз болуп жаткан окуяга дагы эле ишене албастан, үмүт толгон көздөрү менен жигитти карайт. Кантип эле эки жыл чогуу жүрүп, анан ушинтип эле бир күндө “ажырашып” кетмек элек деген ой ага үмүт берип турду. А бирок бул убакта жигит таптакыр башка нерселер жөнүндө ойлоп жаткан. Анткени ал бүгүн бул кыз менен түбөлүкө коштошуу чечимин кабыл алган эле. Себеби бул кыз, ал үчүн убактылуу ойноп турчуу “куурчак” гана болчу. Албетте, муну кызга айткан жок. Анын ордуна ата-энесинин каршы болгондугу, жумушу, финансылык абалы тууралуу жомокторду айтып жатты. Ошентсе да кыз акырына чейин үмүтүн үзгөн жок. Жада калса жигит ордунан туруп жөнөп кеткен убакта да, ал бир күн болбосо, бир күнү кайтып келет, телефон чалып, смс жазат деген үмүт менен көздөрүнөн жашын агызган бойдон кала берди. Жигиттин келишин, телефон чалышын, смс жазышын күттү. Анткени жигит үчүн ал болгону бир “куурчак” болсо да, анын жүрөгү, сезимдери, алдыга койгон ой-максат, тилектери бар болчу. Булардын баары бир заматта урап, жок болду...

Үчүнчү “куурчак”.
Бийликке нараазы болгон эл ак үйдүн алдына чогулду. Алардын максаты өз ишин билбеген падышаны бийликтен кетирип, анын ордуна эл үчүн иштеген адилеттүү падыша дайындоо эле. Аларды жетектеген активистер бийликтин ката-кемчилдиктерин, туура эмес иштерин айтып, эмнеге бийликти алмаштыруу керектигин элге түшүндүрүп жатышты. Ошентип эл бийликти басып алды жана өздөрү адилеттүү деп эсептеген адамды бийликке коюшту. Арадан күндөр, айлар, жылдар өттү. А бирок элдин абалы өзгөрбөдү. Алар мурда кандай болсо, ошол бойдон эле калышты. Бийликке келген падыша аларга берген убадаларын аткарбады. Анткени ал үчүн эл “куурчак” болчу. Эми алардын кереги жок эле. Ошондуктан алар менен падышанын иши болбоду. Алданган элдин үмүтү дагы акталбады...

Төртүнчү “куурчак”.
Алданганына ачууланган элди көргөн шылуундар, элди кайрадан “куурчак” катары колдоно баштады. Аларды бийликке каршы тукуруп, кайрадан аларды ак үй алдына чогултушту. Алар: “эми баары башкача болот! Биз убадабызда турабыз! Жыргал заманды мына биз курабыз” - деп элди ишендиришти. Элдин кайрадан чогулганын көргөн падыша шашып калды. Анткени мунун аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн экенин ал жакшы билет эле.Ошондуктан абалды өзгөртүү үчүн аракет кылып, качандыр бир убакта берген убадаларынын кээ бирлерин аткарууга аракет кылып жатты. А бирок анын колунан эч нерсе келбеди. Анткени ал да өз алдынча эч нерсени чече албаган “куурчак” болчу...

Ким күнөөлү?
“Куурчактар” өздөрү туш болгон абалга ким күнөөлү экенин издешти. Бирөөсү Эшматты айыптаса, экинчиси Ташматты айыптады. Кээ бирлери “заман бузулду” деп заманды айыптаса, башкалары АКШ жана батыш өлкөлөрүн айыптады. Айтоор, айыпталбагандар аз эле калса да, чыныгы күнөөкөр табылбады. Анткени алар күнөөкөрдү өздөрүнөн эмес, башка жактан издеп жатышты. “Куурчактар” бар эле болгон болсо, ал “куурчактарды” ойноочулар да сөзсүз табылаарын түшүнгүлөрү келбедеди. Алар өздөрүнүн башкалар колунда “куурчак” болушкандыктарын моюнга алгылары келбейт эле. Анткени өз ойлорунда алар акылдуу, билимдүү, түшүнүктүү адамдар болушчу. “Кантип эле мен “куурчак” болуп калайын” - деп, бул чындыкты танып, акыйкатты айткан адамдарга душман болушту.

Жигити таштап кеткен кыз, жигити айткан жомокторго ишенүүгө мажбур болгондой эле, бийликке алдангандар да, бийликте туруп сырткы кожоюндарына алдангандар да, айтылган же өздөрү ойлоп тапкан жомокторго ишенүүгө мажбур эле. Алар өз каталарын моюнга албоо үчүн, бүт дүйнөнү айыптоого да даяр болушчу. А бирок, өздөрүн эч качан айыптуу деп билише албайт эле. Анткени өз ойлорунда алардан кыйын, алардан акылдуу, алардан өткөн түшүнүктүү адамдар жок болчу. Анан кантип эле башкалар аларды “куурчак” кылып ойносун?...

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 21 Апрель 2014 - 13:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   dias   21 Апрель 2014 - 14:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 20 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 23:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Аруу элес (атайын сынакка кыскартылган вариант) Бүгун жума, демейдеги күндөрдөн айырмаланып дем алыш күндөрүн Рустам борбоор калаадан алыс эмес жайгашкан айылында өткөрүүнү чечти. Ойлонуп көрсө айылына бара элегине жарым жыл болуп калыптыр. Бул дем алыш күндөрүн айылда өткөрүүнүң себеби, бир чети айылда жашаган ата-энесин сагынса, экинчиден алыскы райондо жашаган улуу баласы Курсантты үйлөнтөлү деп Рустамдардын айылына кыз издеп келишкен тайкеси жана тайжеңеси менен учурашып кою болду. Айыл шаардан 60 чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан болсо дагы, жогорку окуй жайлардын биринин акыркы курсунда окуган Рустамдын убактысы, жакындап келе жаткан дипломдук ишин коргоо мүшкүлүнө кетип, айылына барганга убакыт таппай көзү төрт болуп турган учуру эле. Акыркы сабак бүтөрү менен Рустам батыш автобекетине келип, айылы көздөй кетчү маршруткага отуруп, айылына сапар алды. Маршрутканын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн сүйлөшүшүсүнөн бөлүнүп, зымырап учуп бара жаткан уунанын терезесинен, сыртагы табыйгаттын кооздугуна тамшанган Рустам ойго чөмүлө баштады. Эмнегедир бүгүң келечекте жан дүйнөсүн кандайдыр бир жаңыланууну күтүп жатканын жүрөгүп туйуп жатты. Бүгүнкү күндүн батышы дага ал үчүн өзгөчөдөй сезилип, көз жоосун алчудай сезилип жатты. Балким канчадан бери көрө элек ата-энеси жана инилерине болгон сагынычы табыйгатка болгон көз карашын өзгөлөнтүп жаткандыр – деген ой Рустамга келип жатты. Чеги жок ойлор, кол жеткиз кыялдар жүрөгүнүн түпкүрүңдө оорчулдук тутуудуруп жатканын ойлоп, “Мен баарибир ошол кыялдарга жетчү жолдорду табам”–деп өжөрлөнүп кобуранып, чиркин мен дагы өз сүйгөн жарыма жолугуп, ата-энем көптөн бери күткөн небересин белек кылсам кандай жакшы болор эле деген кыялга батты.
Жайкысын чак түштөгү күндүн ысыгы көлдүн жээгиндеги кумду ысытып, суудан чыйрыгып чыккан адамды өзүнө тартып турганы өзүнчө керемет эмеспи. Рустам дагы суудан чыгып жылуу кумга жата калды. Көлдүн суусу ак көбүккө айланып, албууртап жээктеги кумду жууп жаткан толкунуна көз артып, ойлонуп жалгыз турган сулуу кызга Рустамдын көңүлү бурулду. Жай соккон шамал менен кошо желбиреген кундуздай чачы, нур чачырап өзүнө тартып турган ак жуумал жүздүү, көлдөй терең бакыран көздүү, өзүнө жарашыктуу узун бойлуу селкини Рустам сындай карап саамга бүт дүйнөнү унутуп көз карашы ошол кызда эле болуп калды.
-Эй иничек тушөсүнбү? – деп өктөм чыккан үн сулуулугуна ашыгып жаткан селкиден Рустамдын оюун бөлдү.
-Жок мен жаңы эле сууга түшүп чыктым, - деп жооп берди.
-Кокуй десе, ай жигит айылга жеттик, элдин баары түшүп калышты, сен түшпөйсүнбү дейм? – деген сөздөн селт чочуп Рустам ойгонуп кетти.
Мээсине ар түркүн кыялдар келип жатып ойго чөмүлгөн бойдон Рустам уктап кеткен болчу. Марштурканын арткы орундуктарынын биринде отуруп келе жаткан ал, ушунчалык каттуу уктагандыктан айланадагы жүргүнчүлөр түшүп кеткенин сезген жок. Маршруткадан түшүп, көзгө жылуу учураган тааныш көчөлөр менен үйгө Рустам тез эле жетип барды. Адаттагыдай эле конгуроонун үнүнөн эшикти ачкан, “Рустам байкем келди” – деп байкеси келгенине кубанган карындашы тосуп алды. Баардык туугандары менен учурашып, инилери менен карындаштарына ала келген майда чүйдө белек бекчелерин берип тамактанганы үстөл үстүнө Рустам жайгашты. Студенттик күндөрдө бирде ач бирде ток болуп жүрүп апасы жасаган даамдуу тамагын ушунчалык сагынган экен. Тойгонуна карабай, Рустам апасы жасаган тамакты дагы деле ичкиси келип турду. Тамактан кийин ысык чай келгенде тайкеси менен тайжеңеси келин кылып алалы деп кызыгып жаткан кыз жөнүндө сөз козголду.
-Эми кудалар менен сүйлөштүк, алар макул болгонсуду, кызыбыстын көңүлүнө карайбыз дейт. Кыз болсо такыр унчукпайт, Курсант дагы талкан сугунуп алгандай ал жөнүндө сүйлөбөй жатат, - деп сөздү тайжеңеси баштады.
-Негизи жаштар бири бирине жакса эле болду. Жашоо алардыкы, экөө чогу өмүр сүрүшөт, биз алардын тандоосуна кийлигише албайбыз да, - деп Рустамдын апасы сөзгө аралашты.
-Туура балдарыбыз бактылуу болсо болду. Курсант өзү жоош, алган келини кичине тыңрак болсо жакшы болот эле, Айжан тың кыз көрүнөт деп тайжеңеси да өз арманын кошуп кетти.
Көңүлдөрү түшүп жаткан кыз жакын кудааларынын кызы эле. Ал кызды Рустам көрбөгөнү менен ал жөнүндө көп жолу угуп калчу. Убагында Рустамдын бир тууган байкеси дагы кайнисине Айжанды алып бербейлиби, - деп кобурап жатканына күбө болгон жайы бар болчу. Рустам Айжанды ымыркай кезинде кудаалыра багып алып, өз кызындай тарбия бергенинен башка эчтеке билчү эмес. Айжанга көңүлдөрү түшкөндөрдүн саны арбып баратканын көрүп, чындыгында эле жакшы кыз окшойт деп ойлоп койду.
Ата-энелердин сүйлөшүүсүнөн бөлүнүп Курсант менен Рустам башка бөлмөгө чыгышты. Мурда Курсант менен Рустам сырдашып көрбөгөндүктөн, бир канча күндөн бери кызуу тема болуп жаткан темада сөздү козгоого Рустам батына албай жатты. Бир топко созулган үнсүз тынчтыкты:
-Анан Айжан кандай кыз экен, жактыбы? – деп Рустам бузду.
-Жакканы үчүн ушунчалык ызы чуу болуп жатышат да, - деп Курсант жылмайды.
-Силер ал кызды көргөн эмес беленер?
-Кайдан, айылга айда жылда бир келем, анын үстүнө кечинде келип эртеменен кайра кетем. Дипломдук иш жазып жатпаймбы, ошондуктан убакыт такыр болбойт деле. Негизи тойду качанкыга деп жатасынар?
-Билбейм. Мага жакканы менен апам негедир көңүлсүздөй сезилип жатат. Балким башка кыз карап көрөлүбү дегенсиди.
-Демек азырынча белгисиз экен да. Эртен мактап жаткан кызынарды барып көрбөсөм, аябай кызыктырып койдунар.
-Барып көргүлө, мага жакшы эле кыздай сезилди.
-Деги канча жашта экен?
-Силерден 5 жаштай кичүү.
-Анда мектепти жаңыдан бүтүп жаткан турбайбы.
-Жок, мектепти 9 класстан эле окубай койгон экен.

*** Окуу күндөрү эртеменен кыйналып жатып турчу Рустам, дем алыш күндөрү таң атпай туруп алмай адаты бар болчу. Бүгүн дагы адатынан жазбай Рустам таң атпай туруп алды. Башкалар ойгонгучакты өзүн алаксытып туруш үчүн сыналгыны иштетип коюп, максатсыз каналдан канал которуп кызыктуу нерсе издеп жатты. Ойгонгондор Рустамдын катарына кошулуп жатып баардыгы ойгонгон кезде таңкы тамакты тамактанышкандан кийин Рустам “Бөлөм менен учурашып келейин” -деген шылтоо айтып, Айжанды көргөнү кудалардын үйү көздөй жөнөп кетти. Бөлөсү жездеси менен көп жылдар сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан болчу. Андан бери 10 жылдан кем эмес убакыт өттү. Бөлөсү 4 кыздын энеси, улуусу 7 класста окуп жаткан учуру эле. Мүнөөзү абдан жоош, койдун оозунан чөп албагандардан. Данияр жездеси болсо жакшы инсандар арасын толуктаган, өз туугандарынан дагы кайын-журт жака жакынырактай мамиле жасачу. Качан болбосун кулүп жайнап, колдо бар нерсесин дасторконго жайдыра салып Рустамды тосуп алат эле. Бул сапар дагы жакшы маанайда тосуп алды. Ал акбалды сурашып, жай баракат сүйлөшүп отурганы менен, Рустамды, жездесинин карындашын көрсөм деген баштапкы максаты оорундалбай калабы деген ой тынчсыздандырып жатты. Себеби Айжан үйдө жок болчу жана ал каяка кеткенин жездесинен суроо ынгайсыз экенин Рустам жакшы түшүнүп жаткан. Мүмкүн көчөдө сейилдеп жүргөндүр, отура турайынчы келип калар деген ойду Рустам карманды. Чындыгында эле көп убакыт өтпөй эшиктин конгуроосу кагылып калды. Конок бөлмөсүндө отурган Рустамдын оюу, далисте эшик ачылып, ал жактан чыгып жаткан үндөрдө болду.
-Каякта жүрдүнөр? – деген бөлөсүнүн суроосу далистен угулду.
-Мектептин жанындагы бакчада сейилдеп жүрдүк,- деген кыздын назик үнү угулду.
Айжан Рустамдар отурган үйгө киргенде, Рустам алдын ала элестетип жаткан Айжан жөнүңдөгү элес такыр оюунан чыгып кетти.

-Саламатсызбы? , - деп Айжан баш ийкеп башка бөлмөгө кирип кетти. Айжанды көрөр замат негедир Рустамдын ички дүйнөсүндө чоң толкун болуп өткөнсүдү. Жүрөгүнүн согушу ылдамдап, үнү чыкпай, тандайы кургап, дем алганга аба жетпей бараткандай сезилди. Айжандын элеси кече жолдо келе жатып уктап кетип түшүндө көргөн селкиге түспөлдөшүп кетерин байкаган Рустам отурган жеринен туталанып кетти. Түштөн аян берет деген сөзгө ишенбеген жан, бүгүнтөн баштап ишене баштаганына Рустам тымызын тушүндү. Курсант ушундай сулууга үйлөнөм деп жатканына бир чети сүйүнсө, бир чети жүрөгүндө кызганычтын бутакчалары жаралып жатты. “Ооба, Курсант жактырып жаткан селкиге көз артуум туура эмес” – деп өзүнө акыл үйрөткөнү менен жүрөгү алда качан Айжан деп сого баштаганын Рустам тушунгүсү келген жок. Бир көрүп ашык болуп калууга ишенбеген Рустам, өз башына ушундай окуя туш болгонуна күлкүсү келди. Баардыгын убакыт чечет, күтө тураалычы, балким Курсантка башка кыз буйруп тургандыр деп Рустам өзүн өзү алдап кайра үйгө сапар алды.
*** Убакыт билинбей өтүп жатты. Курсант апасы Айжанга каршы болгонунан сөзүн эки кыла албай башка кызга үйлөндү. Шарттын мындай түзүлгөнүнө сүйүнгөн Рустам Айжандын жанынан чыкпай жүрүп тез эле анын жүрөгүнөн чоң оорун ала алды. Айжан менен Рустам ортодогу сүйүүсүн эч кимге билдирбей тымызын жашыруун жолугушуп жүрүштү. Канчалаган бактылуу күндөр, таң аткычакты телефон менен сүйлөшүп чыккан уйкусуз түндөр, эки жаштын ортосунда таттуу махабаттын өмүр сүрүшүнө өбөлгө болуп жатты. Бирин бирисиз бул жашоо кызыксыз болорун, өмүрү өткүчөктү жүрөктөрүн бирин бирине арнайбыз деген сөз берүүлөрдү бирин бирине ар дайым кайталап турушту.
Күндөрдүн биринде Айжанга алыскы туугандарынан жуучу келип, Айжан каршы болгонуна карабай сөйкө салып кетишти. Рустам ал учурда алыста болуп, болуп жаткан окуядан кабары жок болчу. Сөйкө салып кеткенден кийин мындай суз кабарды Айжандан Рустам уккандан кийин, бул маселенин чечилчүү жолдорун издеп, Рустам барган сайын өңүнөн танып, өксүп баратты. Кантип эле өз махабатын бирөөгө тартыргысы келсин, эмнеси болсо дагы күрөшүүнү туура көргөн Рустам, ата-энесине айтып үйлөнүүгө камын көрө баштады. Ишениминде сөйкө салып койсо эмне болуптур, жүгүргөндүкү эмес буйругандыкы, буйруса мен сөйкө салгандардан биринчи Айжанды өзүмдүн түбөлүктүк жарым кылып алам деп чуркай баштады. Рустамдын ата-энеси сөйкө салынган кыз болсо кантип ага үйлөнмөк элен деген суроосун жоопсуз калтырып мен ага баарибир үйлөнөм деп догурунуп койду. Ата-эне кантсин, баласынын көнүлүн оорута албай той болчу күндү белгилеп, той камын көрө башташты. Рустамдын оюунда, эң негизгиси Айжанды биринчи болуп үлгүрүп алып кетиш керек экени болуп калды. Күндөр өтө берди, той белгиленген убакытка билинбей бир жума калды. Рустам болсо бул учурда шаарда окууларын бүтүрүп жүргөн болчу. Рустам кечкисин Айжан менен телефон аркылуу сүйлөшуп турууну адатка айлантып алган болчу, бул сапар дагы Айжандын үнүн угуу максатында телефон номерин терип чалды:
-Алло Айжан, жаны кандайсын?
-Жакшы, өзүн кандайсын? Рустам мен сага кичине кечирек чалайынбы? Кошуна келин жардам берип койчу деп чакырып келиптир ошол менен эшикке чыгып баратам.
-Макул жаны, - деп Рустам каршы болгон жок.
Телефон конгуроону Рустам күтүп отуруп түнкү12 болгондо, Айжан чалам деп унутуп калдыбы деп кайра өзү чалып көрүүнү туура көрдү. Телефонду алып Айжандын номерин терип андан чыккан гудокту угуп турупкалды.
-Алло Айжан, чалам деп чалган жоксунго?
-Рустам экинчи бул номерге чалбай жүр!,- деген эркектин үнү жооп берип телефонду коюп салды. Рустам кайра кайра Айжандын телефон номерин терип чалса, телефон өчүрүлүү деген жооп келип жатты. Рустам эмне болгонуна тушүнбөй “Ким бул, Айжан каякта?” - деген суроолорго ойлоно баштады. “Мүмкүн Айжанга сөйкө салып кеткен жигит жездемдердин үйүнө келгенго”- деген пикир Рустамга аягында келди. Эмнеси болсо дагы эртен бул суроолорго Айжандын өзүнөн жооп ала алармын деп Рустам кобуранып койду.
Эртеменен эрте эшиктин коңгуроосу кагылганынан селт чочуп ойгонгон Рустам эшикти барып ачса, босогодо апасы менен жеңеси турган экен. Келген коноктор үйгө жайланышып, чай үстүнө отурган кезде, Рустам шаарга апасы менен жеңесинен жөн жай эле келдинерби деп сурады. Анда жеңеси “Рустам түндө Айжанды ала качып кетишти” - деп сөз баштады. Мындай жаңылыкты күтпөгөн Рустам эмне деп жооп беришти билбей унчукпай эле калды.
-Айжан отурбайтат болуш керек,- деп түндө бөлөң менен жезден келди. Биз биздин кыз эле деп атаң экөбүз ала качкан үйгө барганда Айжан бизди көрөр менен ыйлап жиберди деп, - Рустамдын апасы сөз улады. Биз алып кетели десек, Айжан эчак эле отуруп алган экен, кетүүдөн башка арга жок калды.
-Ала качкан ким?, - деп эми гана уккан нерседен өзүнө келген Рустам суроо берди.
-Айжандын мурда сүйлөшүп жургөн жигити экен,- деп жеңеси айтты.
Тагдырдын мындай соккусун күтпөгөн Рустам ичинен бушайман болуп, жүрөгү ооруп чыкты. Колунда турган бактысын башка бирөөгө тартырып жибергенине ишене албай эмне кылуу жолун таба албай жатты. Убагында “Жүгүргөндүкү эмес буйругандыкы” - деп өзү айткан сөз, өзү менен тамашалады. Рустам болгону, уят болуп эмне барасынар деген сөздү айтып, жүрөгүндөгү Айжанга болгон бүт сүйүүсүн бир заматта жек көрүүгө айлантып салды. Рустам кечинде Айжанга телефон чалган кезде, Айжанды кошуна келин жардам берип койчу деген шылтоо менен ала качканы даяр турган жигиттерге салып бергени алып чыгып баратканын Рустам дагы Айжан дагы билгенде балким тагдыр жолу башкача жазылмак ошондой эле, "Рустам бул номерге экинчи чалбай жүр!" - деп айткан эркектин үнү, өзүнүн эле жакынкы досторунун бириники экенин, ал досу Айжанды ала качууда чоң жардам бергенин Рустам билген эмес.

Билдирүүнү түзөткөн: dias: 21 Апрель 2014 - 15:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Tyke_2013   21 Апрель 2014 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 201
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Дек 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош обл. Ноокат район.

3-тапшырма ангеме жазуу, ата-эне, дос, суйуу, жаратылыш ж.б. Ушулардын арасынан мен Ата-эне жонундо ангеме жазгым келди.

Эринбей окуп коёсуздар деген ой менен, жаза баштасам. Асан алына жараша дегендей, колуман келишинче жазганы аракет кылдым.

Ангеме "Ата-эне"
Ата-эне биздин эн кымбат, баарынан кымбат, эч нерсеге алмашкыс асылыбыз, жологубуз болуп эсептелет.
"Ата сыйласан абийир табасын, Эне сыйласан элге жагасын" демекчи, Ата-энебиз тируусундо сыйлай билели туугандар.
Кыргыз эли ушунчалык созго бай келебиз, соонун макалдарыбыз бар. Ал макалдар да бекеринен айтылбай, турмуштан алынган макалдар.
Ата каргышы ок,
Эне каргышы ....к бул макалдын чечмелениши, Ата бир суйлойт, атанын назарынан калган бала же кыз, онбойт оспойт коктобойт. Ал эми эненин каргышы: Эне каргайт артынан ий байкуш баламдын конулун оорутуп албадымбы, жаман соз айтып койбодумбу деп, каргаганын кайра чыгарып алат.
"Бейиш эне таманынын астын да" Эне ыраазы, Алла ыраазы. Энелерди ыраазы кылышыбыз керек колдон келишинче. Аравияга (ажыга) жоо которуп алып барып келсек, бир тун уйкусун болуп, караганын да айтай албайт экенбиз.
Ата-эне балдары учун эмнелерге гана даяр болушпайт, озу жебей балам жесин, озу кийбей балам кийсин деп, колунан келген куч аракетин жумшайт. Бир эне беш, алты баланы багып чонойто алат, убагы келгенде ошол беш, алты бала бир энени бага албай карыялар уйуно тапшырып жиберген учурлар кездешет(коруп журом). Андай баладан(кыздан) Кудай озу сактасын.
Ата-эненин кадырын тируусундо барктап, кадырлап билгенди уйронолу. Козу откондо арман кылып, эскерип мин соз кылсак да бекер.
Ата-эне жонундо канча мактоо создорду айтсак аздык кылат.
Бактыбызга Ата-энебиз ар дайым жадырап жайнап, жузунон кулку кетпей, арабыз да жашап отсун.

Энелердин урматына томодогу ыр саптарды тартуулай кетсем ашыкча болбос.

"Апакеме"
Апаке кутту болсун туулган кунун,
Алыстан куттук айтып турам бугун.
Алтындан кымбат белек сунсам дагы,
Актоого тендеш таппайм эне сутун.

Апаке ак сутундон айланайын,
Узак жаша, эч качан оорубагын.
Энеси бар адамдар картайбайт деп,
Балдарын ырдап турсун сага дайым.

Апаке куттуу болсун туулган кунун,
Мен дагы сиз тарапка учам бугун.
Кечиргин кор оокаттын азабынан,
Баланды сенден кабар албай жургон.

Урматым менен Тыке!

С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Hameleon   21 Апрель 2014 - 18:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 03 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2016 12:15
  • Жынысы:Эркек

Арманга айланган суйуу.

Эрте менен турган Асыл шашылып кийинип алып эле сабакка шашып баратты. Чуркап барып маршруткага отурду. Окуу жайга жакындап калганда кочодо жол кырсыгынын айынан пробка пайда болуп машиналардын баары топ болуп чогулуп калган эле. Ошол эле жерден тушуп калсам болобу деген Асыл жолуну улантып жоо келе жатты.
... Анын мынчалык шашкандыгынын себеби, бугун Айдай аттуу, Асыл карындашым жана досум деп билген кыздын туулган куну эле. Чуркап келип лекция болуп жатса да, агайдан сурап Айдай Бейшеналиеваны мумкунбу деп калды. Анда Айдай чыгып Асыл сага эмне болду эртелеп эле мени эстеп калыпсын?-деп колунда Мамалак которгон Асылга тан калып карап калат.
- Кантип? Айдай бугун сенин туулган кунун эмеспи?
- Аиии, кечирип койчу. Сабак деп журуп жеке жошоомдогу жанылыктарды унутуп коюптурмун. Рахмат деп Асылдын бетинен ооп коёт да лекцияга кайра кирип кетет.
Кеч кирип калат, саат 7лер чамасы. Айдай курбу досторун уйуно чакырат, алар кээ бири жигити менен келсе, кээ бири бойдок болгондуктан оздору жалгыз келишет. Шандуу отурушуп бир кезде Айдай Асылга чалып калат.
- Асыл кандайсын? Каерде эмне кылып жаттын эле?
- Мен жакшы рахмат, уйдо отургам. А озунчу? Майрамдык маанайлар кандай?
- Менде жакшы, туулган кун да отуп жатат. Бирок сен келгенинде андан да жакшы болмок. Деп Асылды конок болуп кетуусун суранып чакырат.
Бир колуна гулун бир колуна гитарасын кармаган Асыл тез эле кирип келет. Айдайды куттуктап уйго кирет.
- А бул менин досум болот, таанышып алгыла кыздар деп Асылды тааныштырып калат.
Баары аттарын айтышып Асылды оздорунун компаниясына кошуп алышат. Баары кызып калган эле. Айдай сунган бокалды Асыл кабыл албай койо албады. Аны ичип, Айдайдын конулу сынбасын деп дагы ичип кыйла болуп калды. Бирок кээ бир досторунун жигиттерине караганда Асыл оор басырыктуу болуп отуруп озуно коп эле кызыгууларды арттырып алды. Баары тост суйлоп бутуп кезек Асылга келет.
- Мен ушул азыркы айтып жаткан создордун баарына кошулам. Анан да ким менен кай жерде болбогун тилегим бактылуу бол. Эч качан карагаттай болгон коздорундон коз жаш тогулбосун деп гитаранын коштоосунда ырдап кирет. Анын жагымдуу унуно мас болгон кыздар жуп болсун деп Асылды дагы бир ирет ырдап беруусун суранышат. Айдай бул кезге чейин Асылды жон гана досум деп журчу. Бирок бул кечте Айдайдын жанында мындай сулуу, билимдуу жигит отуруп туулган куну менен куттуктап ырдап жатканына толкунданып чогуу ырдап калат. Шандуу отурушуп кеч болуп, баары уйлоруно тарап башташат. Айдай озу жалгыз жашагандыктан кээ бири уктап калып, кээ бири уктабай, Асылды калып кетуусун суранышат. Уйдо бойдок кыздар жана Асыл озу калат. Макул деп танды аттыра суйлошуп отурушат. Баары Асылды сырттан таанып жакындан билбегендиктен улам турдуу суроолорду берип отурушту.
Тан атып Асыл уйуно кетти. Кыздар уктап жаткан эле. Биринин артынан бири туруп, бирин бири ойготуп жатып баары турушат. Анан чай устундо кепти Асыл жонундо баштап калышат. Ал сенин жон гана досун, акен эмесго-о! Ачыгын эле айта берчи акыры биз сенин досторунбузго деп калышат. Анда Айдай; Ой ал чындыгында эле менин жакын коргон адамым досум, акем болот. Мен аны аке катары эле кором деп айтат. Анда жанындагы курбу досу (Айжан) анда мен аны чаап алат окшойм ээ? деп кулуп калат.
- Эгер жаккан болсо албетте досум деп сыр бербей жооп берет Айдай. Бирок ичинде негедип башкача сезим пайда болгонсуп, Асылды кызганып жаткансыды. Ичинен ал менин акем катары элего, жакшы болотго кайра досум менен суйлошуп калса деп озуну жоошутуп койду.

... Убакыт отуп жатты.
Айдайды бир кун ала качып кетишет. Ата энеси артынан кууп барышып, алып келе албай калышат. Ошонтип Айдай турмушка чыгат. Башында турмуштун ширин жашоосун суруп жатып кийинчерээк куйосу экоонун ортосунан ала мышык аттайт. Кун сайын ичип келген куйосу Айдайды уруп, тээп кордойт аябай. Анда ал аргасыз ажырашууга мажбур болот.

... Эркектен конул калган Айдай туулганына нааразы болуп озуну-озу жемелеп жашап баштайт. Копко ойлонуп отуруп, озум учун жашап, эми озумду озум котормолоймун, буюрса бутума турамын деп озуну жоошотуп отурган Айдай козу илинип уйкуга кетет.

... Кундордун биринде Айжан келет. Дос кеттик клубка барып келебиз деп. Маанайым жок, клубка конул тартпай жатат деген Айдайды ар жагына отуп бер жагына отуп жатып акыры кондуруп алып кетет. Клубтан тун бир оокумда чыгышат. Улам Айжандын телефонуна званок келип кала бергендиктен аны очуруп салат.
- Ал ким Айжан? десе
- Аа Асыл чалып жататго, албай эле коёюн, дагы нататасын окуп баштайт да деп, кочо бойлоп келе жатканда бейтааныш машина келип, экоону салып алып кетет. Корсо ал Айжандын досторунан экен. Баратып Айжанды созго тартып калат.
- Жаан куда ты пропала? Последнее время ты вообще мне не отвечаешь деп орусча суйлоп келет Бексултан аттуу жигит.
- Так окуп коюп журобуз, озунчу? Зээригип курбум менен клубка келгенбиз деп айтканда,
- Анда азыр каршы болбосонор биздин уйго барып отурсак? Кандай дейсинер деп калат.
Айдай болсо жок рахмат, мени уйумо жеткирип койгулачы деп суранганына карабай, досун менен барып отуруп келесин деп алып кетишет. Ал жакка барып ичимдикке толо ичкен Айжан Бексултан менен бир болмого кирип кетишет. Айдай озуну бир кызыктай сезип Бексултандын досу Азиз менен отурган болот. Азиздин ою Айдайды илип алуу эле, бирок тилекке каршы андай болбоду. Айдай озуно ото ишенген, таза жана да тыкан кыз болчуу. Тан атайын деп калганда Азизге уйуно таштап коюусун сурагат. Макул деп экоо Айдайдын уйуно жоноп калышат.

Жетип обедке чейин уктап турган Айдай эшикти бироо каккылап жатканын угуп дароо эле ачканы шашат. Босогодо Асыл тураар эле. Кандайсын карындашым? Эмне болду сага деп кейип кепчип Айдайдын абалын сурап кирип келет. Анан бир кезде; Айдай? Сен Айжан менен суйлошпой элесинби? Что-то мен чалсам телефону очук болуп жатат деп калат. Болуп откон окуядан сон Айдай озуну жемелеп, кайдан да экоону тааныштырдым экен Асылдын тени эмес экен эле деп кейип, козунон жаштарын агызып отуруп калат. Эч нерсеге тушунбогон Асыл кайрадан эле Айдайды сооротуп, конулун алганы аракет кылат. Ошонтип суйлошуп отурушуп Асыл уйуно кетет.

... Кундордун биринде Асылдын жакын досу отуп кетип капа болгондуктан уйуно ичип келет. Мас абалдан пайдаланып Айжан аны тошокко жаткырып, озу да жанына жатып алат. Эртеси эрте менен турганда жанында Айжандын жатканын коруп чочуп кетет да, сен бул жерде эмне кылып жатасын?-десе
- Кандайча эмне? Кечинде сен мени уйуно алып келбединби. Кетпей тур деп жатып мындай ишти кылып салдын деп ыйлап калат. Чындыгында эмне кылганын билбей Асыл нес болуп катып калат. Мен мындай жолго барбайт элемго кантип мындай болду деп, коргон козуно ишенбей туруп калат. Эгер мен сени чын эле бузган болсом демек мен сага уйлономун деп калат. Ошонтип тойго даярдык коруп башташат.

... Айжан болсо Айдайга барып токпой чачпай болгонун болгондой кылып айтып бергенде Айжанды кууп салат уйдон. Сени мен адам деп тааныштырган болчум деп. Аны кууп алып шолоктоп коз жаш тогуп оксуп ыйлайт. Неге? Ал мага суйгонум болчу деп айтканда мен ыраазы болбодум экен деп озун ургулайт.

... Тойго 2 кун калды дегенде Айжандын башка машинага отуруп кетип жатканын Асыл байкап калып, артынан коз салат. Корсо Айжан ото таанымал кыздардан болот экен. Бир жакшына баланын тагдырына балта чаап мынтип ойноп жургону ото эле окунучтуу эле. Ошонтип бир уйго келип токтошот. Коргон козуно ишенбей Асыл Айжанга звандап калат. Кай жактасын деп сураганда тиги жигиттин машинасынан тушуп жаным мен азыр фата коргону эжем менен келдим эле. Бир аздан сон озум сага чалам деп озгоруп алган Айжан тез эле телефонун очургону шашат. Аа деп баарын тушунгон Асыл козуно эч нерсе корунбой келе жатты.

... Бир кезде Айдайга званок барат. Айдай кызым сен Айжандын номерин билбейсинби деген Асылдын апасынын унун Айдай заматта тааныды.
Эмне болду Айниса эже тынчылыкпы? деп сураганда Асылым телефонун албай жатат балким Айжан анын жанында болсо керектир?-деп сенден анын номерин сураганы чалып жаттым эле деп калат.
- Азыр Айниса эжеке, кабатыр албаныз Айжанга озум чалып сурап сизге кабарын айтып коём деп калат. (Журогу бир нерсени сезгенсип, Айжанга чалгысы келбей жатып чалганда, трубканы бир эркек бала алат.
- Салам Асыл сенби? Маман мага чалган экен, мумкунчулук болсо чалып койгула сенден кабатыр алып жатат дегенде сен адашып калдын дейт.
- А сен кимсин анда?
- А сен кимге чалып жатасын?
- Мен Айжанга
- Айжан уктап жатты эле кийинчерээк чалгыла деп очуруп коёт.
Асылдын мамасына кабатыр болбосун деп чалганда ыйлап трубканы алат. Айниса эжеке сизге эмне болду? Асыл азыр Айжан менен бирге журушкон экен, чалам деп айтты деп жоошотойун дегенде рахмат кызым, бирок эми кеч болуптур деп ыйлап жатты. Айниса эженин создоруно тушунбогон Айдай неге антип жатасыз?-деп калат. Азыр мен моргко келдим эле мага звандашканын келсем Асылым жатыптыр деп башка соз суйлобой ыйлап жатканы гана угулуп турду. Уккан кулагына ишенбеген Айдай сумкасын которо калып городской моргко жетип барат. Барганда апасы эшикте отурган болот. Эмне болду деп коз жаш менен кирип барат. Баламдан айрылып калдым кызым деп Айдайды кучактап оксуп-оксуп ыйлап турат. Коп отпой маркумдун денесин алып чыгышат. Адам олгондон кийин аны кантип алып отурмаксын? Убакытты текке кетирбей дароо эле жерге узатышты.

... 1 жыл ичинде кандай гана окунучтуу окуялар болуп кетти, мен убагында Асылдын кадырына жетпедим деп Айдай сыздап ыйлайт. Кун сайын Асылды зиярат кылып куран окуп кетип журду.
... Айжандан болсо эч кабар болбоду.

Ийгилик баарынарга

Билдирүүнү түзөткөн: Hameleon: 21 Апрель 2014 - 18:40

Да. Я делаю много ошибок. К сожалению жизнь без инструкции.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Kg.lady   23 Апрель 2014 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Кызганыч жолу.

Бетондолгон торт дубалдын ичинде торт аял отурат. Али жашы отузга келе элек кулпурган келин озу менен озу, кагаз бетине бир нерселерди чиймелемиш этет. Дагы бироосу бир ырдын башын улам-улам кайрып коюп, эскилиги жеткен жектесинин этегин бугуу менен убара. Толугунан келген, жапалдаш бойлуу буларга Мамаша аттыккан эткээл аял керебетте чалкасынан тушуп, тамекини бурулдата чегип коюп жатат.
"Дегеле мунун тоону томкоргонсуп жатышын кара!"-деп ойлошу ойлодуда, озумчу озум, кайсы тоону томкоруп, кыйраттым, кайсы арыма бироону сындап жатам деп, комокоюно кептелген ачуу жашка мууна терезеге телмирет Жамал. Терезе эле аты болбосо, укунун козундой болгон тешиктен тируулуктон кабар берип, урул- бурул жарык тушуп турат.
-Озунду озун жеп санаага бата бербе, мындайда бат эле тугот болосун, башка тушконду коз корот-деп, акыл айткан болду, жанагы керебетте жаткан толук аял.
-Ананчы, санаа адамды жейт, бул жерге келген себебинди билебиз,жаман ишке кол урганына эмне себеп болгонун баяндай отурсанчы, ансызда узун кундо убакыттын отмогу тозок-деп, созго аралашты, жанагы жектесин тигип отурган аял.
-Сиз айтыныз мен ыр турундо жазайында гезитке чыгаралы,- деп ырсайган болду, сулуучумак келген жаш келин.
-Жон отурчу, деле мунун журналист болгонунан куйомда, турмодон Гуля качан макала даярдай калат деп, гезиттегилер эле сени кутуп жатат!-деп кагып салды берки аял.
Жамал тигилердин айтканына моюп, алдын телмире тиктеп соз баштады ...


Оо, анда Жамал жамалы жанган жан эле. Айдай сулуу ажарынан кун уялчууго,чиркин! Жамал дегенде даалай жигит журогун сууруп берууго даяр эмес беле. А бирок, озу арзып куткон Бектурунан башка бирда бозойго конул кырын салбады. Экоо жанаша басканда , кынала оскон кош чынар терек козго элестээр эле. Экоонун суйуусуно суктанбаган , ары коз артпаган жандын озу жок болчу, тен туштарынын арасында. Ошол кереметтуу суйууну деп, чет олкого окуу мумкунчулугунонда баш тартпады беле. Жамалдын кокусунан баш тартуусуна, кафедра башчысынын куйбогон жери кул болгон. Ананчы, торт жылдан берки эмгеги кул болуп кокко сапырылып жатпайбы, тентек кыздын куйоого тием дегенинен. "Ааай, кызым ай, эмне дейин, кыз бала канчалык илим-билимге суугарылып турсада, кара казанга коз каранды болот тура! Мейли эми, барган жеринден бак айтсын, кошогон когорсун кызым"-деп, бата тилегенден башка аргасы калбады агайынын. Жамал кылмыш кылган маймылдан бетер башын шылкыйта," Кечириниз агай, ишеничинизди актай албадым!" -деп, акырын коштошо басып кетти. Бул менен эле бутуп калбастан, уйго келсе женеси шыпылдай;
- Ай, кыз, билесинби, башына бак конгону турат! Тимелеби ханыша жашоодо жашайсын буйруса! Тиги, телевизордо чыгып жургон министр бар эмеспи, милицияларды башкарган, ошонун баласы сен окууган окуу жайда окуйт турбайбы, ошо сени жактырып калыптыр. Кечээ колунду сурап келишти.
- Министрдин баласы болсо эмне экен, министр-синистрдин баласына тийбейм! Эмне мени байлыкка алмашкынар келип калганбы? Алардын байлык, мансабына менин байпагым! -деп, женесин жактырбай торку болмого отту.
-Каа-пы-ррааай де! Министирдин баласын чанат деген не шумдук! Ай, кыз, айныгандан соосунбу деги?!-деп, женеси чалкасынан бир кете жаздады.
-Соз бутту жене, Бектур менен суйлошуп жургонумду билбейсизби эмне? Буйруса жакында той. Апамдарга айтыныз камылгасын коро берсин!-
-Бектуй,Бектуй эле дейсин, кором ошонундун кыйратканын. Сага суйуун оокат болуп бербесе мага кел!-деп, кайын синдисин жактырбай, этек-женин силкип, женеси ары басып кетти.
Ошо-ошо болду, Бектур менен Жамал бирге тутун булатып калышты. Экоонун таттуу суйуулорунун момосу катары, кудай бир уул, бир кыз берди. Жылдар, айлар улам арылап отуруп, арадан алты жыл откондой болду. Бир уйдон бир эле мударис чыгат деп, жолдошунун карьерасы учун колунан келген жардамын кылып, Жамал балдарын карап озу уйдо отурду. А бирок, баягы, баягы таттуу суйуулору соолугансып, эскирген китептин мукабасындай, уламдан-улам эскирип баратты. Экоонун уруш-талашы кобойуп, бирин-бири кыртышы суйбой, казан аяк бат-баттан кагышчуу болду. Бектурдун салкын мамилесин Жамал башканы таабалганго деп жоруду. Мындай арам ойду ойлогондо, куйуп жаткан отко бензин чачкан сымал, кызганычтын отуна алоолонуп куйчуу болду. Бектур болсо жумушунан чарчап келип, жубайына жылуу мамиле кылууга дарманы келбейт. Мындайда аял деген жагымдуу созго суусап,жаман соз укса, каралбай калган роза гул ,жапайы ит мурунга айланган сымал, озунун болгон терс жагын сыртка карай чыгара берет тура. Жамалда дал ошондой жапайы ит мурунга айланып, озунон чыккан тикенектери менен, жанындагыларды байкоосуздан чагып жатты. Тили тим эле ууга чыланып, суйлосо создун уусунан Бектур кадимкидей мууна тушчуу.
Бугунда тан заарынан экоонун ыркы келишпей, кабанаак иттей ырылдай тушушту. Мындай жагымсыз маанайдан батыраак кутулуу учун, Бектур жадакалса танкы ырыскыдан наар албай, жумушуна жоноду. Эртен мененки жанжалдан, Жамалдын кечке маанайы жок журду."Кана биздин ыйык суйуу? Кайда калган биздин аруу махабат? Менин бир кездеги Бектурум кайда? Суйуу дегендин аягы жек коруу менен аяктаса, эмнеге Кишимжан журогуно канжар урду экен? Эмне учун Абыл менен Мейиз аскадан бой уруп, оздорун курмандыкка чалды экен? Же, заманга жараша суйуу дегенида туруксуз болуп калабы, камгактай женил болуп?", деп ой колуно чогуп баратканда, телефондун чарылдаган уну сунгугон колунон сууруп чыккандай болду. Караса жолдошу;
-Жамаш!-деген созду укканда Жамалдын журогу кабынан чыга жаздап барып токтоду. Анткени суйлошуп жургондо, Бектур дайым Жамаш дечуу эмес беле. Бул жагымдуу эркелетууну укпаганына даалай болуптур." Дегеле мунун милинький боло калганына кантесин! "-дегенгеда улгурду Жамал.
-Жамаш угуп жатасынбы? Бугун маяна берет экен, кезек кутуп алганча бир топ убакыт отот. Анын устуно кесиптештер менен бир жакка бармакпыз,кечигемго бугун-дегенче болбой, Жамал бир даалай создорду суйлоп, ажылдаганга улгурду.
-Болду эми, ажылдабай, тим эле автоматты жолдо калтырасында тытырап. Тушундургонгода уруксат бербейсинда! , деген созго удаа, туут,туут деп телефонда очту. Тимеле Жамалдын ачуусу мээсин аралап отуп, кызганычтан муунуп баратты. Бугун кеч барам деген созун эстегенде, жээке сурулгон балыктай туйлап, ачуусун кантип басаарын билбей ээлигип жатты."Сениби шашпа! Маянанды алаарын менен кайдагы шуркуя менен конул ачайын дегенсинго ээ! Ошол шуркуяндын бир козун оюп экинчисине салбасам эле бугун, Жамал атым очсун!" -деп ачуудан колдору калтырап эпке келбей, шашыла курмосун устуно иле салып, кочого атып чыкты.-Апа кайда барасын?!- деген уулунун созунда укпады. Туш келген машинаны токтотуп, жолдошунун жумушуна карай айдатып жоноду. Мындайда, убакытты саат желесине байлап койгонсуп, ордунан жылбай калат эмеспи. Машинеге отурбай эле таш бака минип бараткандай туюлду. Бир аз эле кечиксе, куйоосу башка аялды жетелеп, мейманканага, же ресторанга кетчуудой болуп жатты. Туура эле жолдошунун иш болмосуно которулуп, кирип бардыда. Коргон козуно ишенбей дел болду. Ички туюмум алдабаган экен деп ойлоду оюнда. Оорулуулар жатчуу креслодо татынакай келин, Бектурду берилуу менен тыншап жаткан эле, анысы болсо, бир нерселерди образга кирип кызуу айтып берип жатыптыр. "Ии, бугунку кечигуундун башкы себеби, ушул шуркуя беле! Сезгем ушинтээринди! Менин аруу суйуумду кайдагы бироого алда качан айырбаштаганынды мурда эле туюп жургом!" -деп алкына, стол устундо жаткан хирургдун бычагын ала койдуда, тездик менен, тиги жаткан келиндин жанына келип, ичин бышып алды...! Бир заматта эмне болуп кеткенине Бектурдун акылы жетпей турду. Ичи ысый тушкон келин, кокурогунон ылдый сызылган канды коруп, ачуу чанырып барып, эстен танды. Ачууга буулугуп, кандай ишке кол урганын Жамал эми сезди, тушунон чочуган адамдай селт эте, колундагы бычагы жерге тушуп, буттарынын кучу кетип, шалак деп отуруп калды. Ачуу чанырыктан бир заматта иш болмого адамдар жыйналып калышты. Жамал болсо опур-топур, ызы-чууга эч катыштыгы жоктой, нес болуп отура берди. А тугул милициялар келип, колуна кишен салып, алып бараткандада, озуно келе албай, делбе адамча, алардын жетегинде баратты.Тээ комокойунон чыккан жанырык кулагынан кетпей туруп алды." Жамал сен киши олтурдун, сен мыкаачысын! Тушунуп жатасынбы, сен адам олтургучсун, Адам олду, сенин колундан, уктунбу,уктунбу дейм?!"- деген жанырыктан кулагы тунуп баратты.
Мына ошентип сотуда болду. Сотто, куйоосу маркум келин эч кандай ойношу эместигин, катардагы оорулуу экенин, бутундагы жарасын(сыздоогун) кестиргени келгендигин, мурда тааныбастыгын айтты. А кеч барам деген себеби, бирге иштеген досунун атасы каза болуп, жалпы кесиптештер жумуштан сон коз коргозуу учун, ошол жака бармакчы болгондорун айтып отту. Сот акыркы чечимин чыгарып, адам олтуруу беренеси менен айыптап, Жамалды жыйырма беш жылга эркинен ажыратты ...

Бир келинге урулган бычак, бир даалай адамга урулаарын, мен арсыз андай албадым, ооба мен андай албадым! Менин уйбулоом урады, балдарым апасы адам олтургуч деп, байкуштарым куу тумшук аттыкты! Барынан баш тартып, коп нерсени курмандыкка чалып, суйуудон курган мунарамды оз колум менен уратып алдым! Каарыганда сыйымды коруп отураар маалда, ата энемди азапка малып, тируулой тозок отуна жетеледим! Байкуш бейкуноо келиндин боодо убалына калып, жаштайынан жайрадым! Балдарын жетим кылып, каргышка калдым! Кызганыч козумду сокур кылыптыр! Кызганыч коодонумду ээлеп, журогумду музга болоптур! Мен киммин деги , эми мага жашоонун эмне манызы калды дейсинер?! Кайсы арым менен, адаммын деп басып журом! Ушундан коро, туулбай туна чоксомчу! Апам мени адам олтурсун деп бапестеп багып чонойтту беле, адам олтурсун деп, тогуз толгонуп. токсон жери зыркырап жарыкка алып келди беле? Чонойгондо адам олтур деп, ак жууп, ак тарап, бапестеп бакты беле? Балдарым жузумо гана тукуруп басып кетсе мага сооп болот! Аздектеп суйгон Бектурум, эми келип бычак урса, мага аздык кылат!-деп козунун жашы он талаа болуп, опко-опкосуно батпай буркурап, оксуй ыйлаган Жамалды коруп мерээз, журогундо мээрим жок деген Мамашанын муун-жуну бошоп,карегине толгон жашты жени менен суртуп коюп отурду.Тиги эки келинда коз жашка мууна, жубатаарга соз табалбай ункуйуп, соз айтууга дарманы келбей, Жамал менен кошо ыйлап отурушту ... Жамал озунун баяны менен торт дубалда камалып отурган аты жаман кылмышкерлердин адамдык, аялдык сезимин ойготуп, "Кылмышкер" деген аттын артында, назик аруу аялзаты турганын, колдой чалкыган мээрими бар энелик сезимдин жатканын, таман алдында бейиш жаткан ыйык эне заты ошол "Кылмышкер" деген создун артында комускодо калганын туйдурду ...!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 23 Апрель 2014 - 23:37


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   sanzhar83   24 Апрель 2014 - 03:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Эне жүрөгү



Борбор калаабыздагы сейил бактардын биринде эс алып жүргөндөрдү капарына албастан бирде күлүп,бирде ыйлап,кээде мыйыгынан жылмайып бир караан көптөн бери отурат.Ары-бери өткөндөрдүн кээ бири акылынан айныган десе,кээ бири түшунгөндөй боор ооруй карашат.Ал каарманыбыз өзүнүн өткөн күндөрүн көз алдынан сүрөт көргөзмөсүндөй өткөрүп жатты.Анын бирде кубанып,бирде ыйлап атканы ошондон болчу.

Айнура бир үйдүн жалгыз кызы.Жаштайынан тиричиликке тың,тайманбас кызды тагдыр бат эле сындырып койду.Ал он сегизинде жолдошу менен алоолонгон ашыктык отуна малынып үйлөнүшкөн. Жыл айланбай уулду болуп бакытка балкып турган мезгилде тагдырдын алгачкы соккусу урулду.Жыйырма жаш күлгүн курагында бирге карап калган баласы менен жесир атка конду.Мына ошол күндөн баштап келиндин көрбөгөн күнү калган жок.Жалгыз бой баласын өстүрүү оңойго турбасы бышык да.Уулунун көзүн эч кимге жалдыратпайм деген келин,колун сурагандарга:

"-мен экинчи жолу турмушкачыкпайм, менин бир эле күйөөм бар,ал азыр жок болсо да,экинчи күйөө эч качан болбойт"- деп кесе жооп берип койчу. Бул турмуш дегениң келинди ары калчап-бери калчады,кыйналды, жокчулукка да чыдаган келин баласына эч нерсе билгизбей жадырап жүрөөр эле..Далай ирет жалгыздыктан тажап,эркек жытын сагынып жаздыгын кучактап буулугуп ыйлады,ошентсе да ал бүт өмүрүн баласына арнап,атасы жоктугун билгизбейм деп атып аны аябай эрке өстүрүп алганын аңдабай калгансыды

Актан болсо чоңойгон сайын өтө корс,мээримсиз, кара мүртөз,тентек болуп баратты.Бара- бара энесининин сөзүн укпай каалаганын кылып,канчалаган ыплас иштердин үстүнөн чыгып,апасын кыйнап жиберди.Айнуранын кой деген созүнө: "Мам,хватит, мага кийлигишпечи, өзүңдүн ишиңди кылчы,я уже взрослый человек " -деп корс эле бир тиет.Андайда Айнура тагдырына таарынып ичтен тынып кала берет.Бирок эне эмеспи кайра эле уулуна үйрүлүп түшүп кылгандарын эстегиси да келбейт.Балким токтолоор деген үмүттө үйлөндүрүп да көрдү,күйөөсүнүн жүрүм-турумуна, кылган кылыгына чыдабаган келин бир жылга жетпей төркүнүнө кетип тынды.Актан болсо ага деле кайыл.

Ошол күнү уулу кечиккен сайын тынчы кеткен Айнура таң атканча уктай албай чабалактай берди.Уулунун үйгө келбей калышы биринчи ирет болбосо дагы такыр тынчтана албай,жүрөгү бир башкача согуп,жамандыкты сезгендей туйлайт.Эненин жүрөгү сезет бейм,чынында эле Актанды эки күндөн кийин аябай оор акыбалда борбордогу ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнөн тапты.Уулунун акыбалын көрүп туруштук бере албаган эне эстен танып жыгылды.Эсине келип,башкы врачтан баласынын акыбалын билгенге кайрылганда:


-Эже,ачыгын айтканда баланын акыбалы оор катуу алган соккулардан ички органдары да жапа чеккен,тез арада операция жасаш керек..

-Айланып кетейин суранам,баламды сактасаныз болду канча керек болсо таап берем -деп тызылдап ыйлап алган.

-Шашпаңыз эже,кептин баары акчада эмес,бизге тез аранын ичинде донор керек,эгер үч күндүн ичинде табылбаса анда уулуңузду сактай албай калабыз,үмүт кылалы эже.-деген сөздүн аягы кулагына кирбей эле шалдырап отуруп калды .

***


Оюнун ушул жерине келгенде бакта отурганына, тегеректе элдин көптүгүнө карабай Айнура буркурап ыйлап жиберди.Ошол эле маалда анын оюн бузуп телефон да чырылдап жатты.Бул чакыруу Актан жаткан ооруканадан келип жаткан болчу...


*** Актан көзүн ачып алгач кайда жаткандыгын аңдай албай жатты.Качан гана ак халатчандарды көрүп өзүнүн ооруканада экендигин баамдады.Эсине келгенден кийин эки жумадай дарыланып анан апасынын курбусу келип чыгарып кетти.А апасы өзү неге жок экендигине дагы деле маани бербегенсиди же адатынча иште деп ойлодубу ким билсин?..


Ооруканадан чыгарып келген аяш энеси колуна бир бүктөм кагаз карматтыда шашылыш түрдө чыгып кетти.Ал баракты ачып: «Балам,Жан Балам мени кечир,сага татыктуу тарбия бере албадым окшойт,сага татыктуу эне боло албадым.Мындан кийин жолундан эч качан адашпай жакшы адам бол,мен болсо сенин жанында болбосомда, жүрөгүм ар дайым сени менен,сенин колдоочун болом.Узааак- узак жылдардан кийин жолугушканча аман бол каралдым» деген энесинин сулуу кол жазмаларына көз жүгүртүп өттү.Бир саамга дендароо болуп турду да бир маалда эсине келгендей башын мыкчый калып,ачуу жапайы үн менен бакырып-бакырып алды.Ал энесин эч качан сыйлабаганына, укпаганына,жакшы сөз айтпаганына, аябай азапка салганына өзүн кечире албай арман кылып өксүп жатты.Эркек кишинин мынчалык боздогонун көргөн киши чыдап туралгысы шексиз эле.Бирок антип сыздаганы бекер,анткени анда баары кеч эле..Бул учурда Айнура уулуна өз өмүрүн курмандыкка чалуу менен экинчи жолу жашоо тартуулап,өзү түбөлүк уйкуда жаткан болчу.






Адамзатбир нерсени эми түшүнгөндө баары кеч болот тура арман дүнүйө.

Билдирүүнү түзөткөн: sanzhar83: 24 Апрель 2014 - 04:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   sumaya90   24 Апрель 2014 - 16:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 03:03
  • Жынысы:Аялзаты

Суйуу азгырыгы.

Кундогудой эле бугунда Гулнур апа тан заарлап туруп,багымдат намазын окуп алып,уйларын сааганы камынды.Сыртка чыгып тан атаардагы айланын кооздугуна суктанды.Кызылын чачып жаныдан чыгып келе жаткан кунду карап кун нурун бугунда насип кылганына Жаратканга шугурчулук келтирип,чакасын алып малкана тарапка бет алды.
Бул убакта келини Айзада ысык ордунан козголгусу келбей ойлуу жатты.Кече эле суйуктуусу Бакыт менен кол кармашып,бак аралап суйууго мас болушуп,бири бирисиз жашоону элестете албай,ал тургай Бакыт сен учун баарына даярмын деп коп нерсени убадалаган. Айзада батырак эле баш кошушун же сырга салып койушун айтты.Себеби курбуларымын айтымына караганда бироолор ала качам деп журуптур деп тынчсызданды. Уйлонууго Бакыт шашылбады. Айзада сен коп ойлонуп тынчсыздана бербечи мен сени эч кимге бербейм ала качсада бир кун отобу бир ай отобу мага анын кызыгы жок барибар алып келем.Себеби мен сени чексиз суйом,сенсиз жашоо мен учун жок деген создорун эстеп,азырда аны менен жанаша отургандай сезип таттуу кыялдарга батты.Жанындагы жолдошу туруп сыртка чыкканында байкаган жок.Сыртка чыккан Кадыр апасынын очокко от жагып сутун тартканы камынып жатканын коруп,жиндене уйду карай бет алды.Катуу кыйкырганынан Айзада чочуп кетти.Атырылып кирип келген Кадыр жата бербестен эрте туруп апамдын колунан жумушун алсан боло деп ачууланды.Айзада шашып бушуп кийине калып сыртка чыкты.Колу бетин жууп,айбанына суу сееп аран шыпырды.Эмнегедир эч нерсеге конулу келбей тагдырына нааразы болуп,качангача ушинтип омурумдо бир корбогон адам менен кантип жашайт болдум экен деп озуно озу суроо берип атты.Алда кудай ай эмнеге жолуктурдун экен.Кадыр ала качпаганда балким азыр Бакытым менен бактылуу жашап аттык беле.Эмне кылып атты экен Бакыт.Минтип озумду кыйнап жашаганча айласын таап жолуксамбы. Бири бирибизди суйсок алида кеч эмесго деген ойлор тынчын алып жатты.
Кундор отуп жатты ойлогону Бакыт,Кадыр менен алдыдагы жашоосу Айзаданы кенедей кызыктырбай калды.Шылтоо таап уруш чыгарып кетип калууну коздоп журду.Бир куну катуу чыккан уруштан Кадырда бир аялдай болчу,эмне жетишпей жатат айтчы,сен учун келечегибиз учун баардык нерсени жасап атам,эмне кыл дейсин айтчы менда кыйналып кеттим,эмне суйуп калып уйлонгонум менин айыбымбы деп ичиндеги бир топ создорун айтып алды.Айзада угуп эле тим болбостон учурдан пайдаланып жактырбастыгын айласыздан жашап жатканын айтып андан бетер ачуусун келтирди.Кадырдын журогуно бычак келип сайылгандай эле ооруп чыкты.Бул убакта кошуна Бегай эже келген эле булардын чырын угуп озунун башынан откон кундору коз алдына келе тушту.Шаша эле сурай турган нерсесида эстен чыгып артка кайтты.
Кадыр ойлуу болмосуно кирип жатып калды.Гулнур апа баласынын абалын коргон менен эчнерсе кыла албады.Кун кечтеп калган эле Айзада конулсуз уй четине келип отура калды.Тообо ушундайда адам болобу эмнеге жогол козумо корунбо деп айдап жибербейт а деп Кадырга танданып отурду.Айзаданын отурганын коро калган Бегай эже келип алда отура кетти.Бир топ унчукпай отурушуп айланайын синдим деп кеп баштады Бегай эже.Бактылуу жашоо ар бир адамдын озунун колунда экен.Мына мен озумдун текеберлигимден минтип бактысыз болуп отурам.Бир кезде менда суйгонмун суйлошкон жигитим экообуз аябай бир бирибизди суйоор элек.Бирок мени ала качты, жакшынай жигит экен эле.Сыйлап эле алды а мен оз бактымдан качтым ошо суйгонумду суйом деп журуп бир ай жашап жашабай кетип калдым.Ошо менен бактылуу болуп кетсем кана.Шаарда жалгыз жашачу, уйуно бардым,жакшы эле тосуп алды.Ошентип экообуз жашап калдык бактымда чек жок эле аз убакыт отпой эле урушуп баштадык.Кочого чыгып кетип мас болуп келип акыркы кундору аябай эле уруп тепчу болду, мына суйуунун узуру.Когорбогон таза жерим калбады.Айлам тугонгондо кетип тындым.Азыр журокто чон арманым бар, ошондо суйуу деп кетип калбаганымда азыр бактылуу турмуш кечирип аттым беле.Айтайын дегеним сенин создорунду уктум сенда суйуу учун ушул бактындан кечкин келип турат.Мен кылган катаны сенда кылба дер элем.Кадыр жакшы акыл, эстуу тушунуктуу бала жана сени суйуп ардактаганы корунуп эле турбайбы.Болбосо кол которуп уйуно жеткирип келет эле.Анын андай жолго барбаганы эмнеден деп ойлойсун.Кадырдан кечирим сурап мындан аркы жашоосуну ошого багыштасан. Силер эн бактылуу инсандардан болушунарга толук ишенем.Анткени ата энесида аны колдойт эмне кылсада.Бакытты башка жактан издебе ал жанында.Колундагы бакытынды сенда учуруп жибербе.Сен суйуу деп эсептеген суйуу эмес,ал бир кун унутулуп кетет.Ал эми чыныгы суйуу турмуш кургандан кийинки суйуу.Бегай эженин создорунон кийин Айзада ойлонуп чындыгында кудай кошту эми ушул инсан менен канча кунум болсо ушул адам менен откором деп чечти.



Билдирүүнү түзөткөн: sumaya90: 24 Апрель 2014 - 16:34

Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   kuu-1005   25 Апрель 2014 - 13:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

"Жок" дебечи....

Эстен кеткис окуучулук кундорум.Ата- энем мугалим болгондуктан мен башкаларга окшоп шоктоно албадым." Мугалимдин баласы болуп туруп тигинтип жургонун кара" сыяктуу жаман создор артымдан ээрчишин каалабай коп суйлобогон, жоош,уялчаак бала болуп чонойдум.Мектепте да,мектептен кийин да дайым чогуу журчу досум Асан. Ал 9-класстан бери Жазгул деген аяш карындашыбызды жактырат.Анын эмнесин жакшы корду билбейм,бирок ал жонундо соз болуп калса эле кызарып бир кызыктай боло берчу....
---Окшош кундор менен алпурушуп журуп 11-класс да болуп калдык.Ошол жылы биздин айылыбызда Аэлита деген кыз пайда болду.Ушул жашка чейин кыз жандабаган менин конулум Аэлитага тушту.Анын бир аз токтоо мунозу,бакырайган коздору мени кундон кунго озуно тарта берди.Ал Асан жакшы коргон Жазгулдун классташы болуп анан экоо жакын курбуларга айланышты.Бирок аз убакыт отуп эле анын айылыбыздагы бир койрон жигит менен суйлошуп жургонунон кабардар болдум.Анын менин уйумдун жанындагы кранга суу алганы келген караанына гана кайыл болуп журуп 11-классты да аяктап калдык.Ошол аяктаар жылы Асан ал менен тил табышып калып тундосу ага шерик болуп барып журдум.Эч кандай максатсыз,жон эле аркы беркини суйлошмой.Асан Аэлита мага жакканын билгендиктен ага коз артпады.Окууну аяктап кузундо Асан дагы бир экооно кошулуп окууга тапшырып шаарда окуп калды.Кээ бирлери чет олкого кетишти.Керим деген досум экообуз бойдокчулуктун доорун суро баштадык.Аэлитага дайым Асан шаардан келгенде барып журуп бир куну жалгыз бардым.Ошол жолугушуумда Аэлитага "кыз-жигит болуп алуу" сунушун киргиздим.Бирок "жок" деди.Ал учурда жигити жок экенин билсем да "жигитим бар,кечир" деди.Анын ал созунон кийин канчалык аны жек корууго аракет кылсам дагы жек коро албай койдум.Сыртымдан гана жек корумуш болгонум менен ичимден аны ойлоп,аны энсеп жашап журдум.Бир жылдан ашык айылда журуп анан эл катары Казакстанга жол тарттым.Бир жарым жылдай тынымсыз иштеп,уйлонууго каражат топтоп "эми айылга барып качырып болсо да аны мендик кылам" деп айылга камынып жургон кундору аны алып качып кеткендиги тууралуу кабар уктум.Ошол куну жан дуйном ооруп кыйналдым,сыздадым бирок айласыздан ага бакыт тилеп биротоло коштоштум.Ата энемдин "келип уйлон" дегендерине "жазда барам,куздо барам" деп журуп 2 жыл откозуп жибердим.Бирок баари бир уйлонушум керек болчу.Ошол кундору Аэлита ажырашып кеткенин угуп тиги куйоо сооройго ушунчалык жиним келди.Аны таап жер менен жексен кылып тепсеп тыптыйпыл кылып жоготкум келди.Ошентип журуп тиги Аэлитанын баркына жетпеген баланы табуу сыяктуу максаттарды койуп 2010-жылы айылга келдим.
Аны бир аз издегеним менен ата-энемдин талаптарына баш ийип алар таап берген кызга уйлондум.Ал кызды журогумдон суйо албасам да ага аяр мамиле кылып "бир кун суйуп кетермин " деген ойдо жашап журдум.Аз убакыт отуп эле келинчегимдин боюна бутуп биринчи перзентибизди кутуп жашап калдык.Аэлитаны да унутуп бактылуу элем ал кундору.Чон той кылып жакшы умуттор менен алган аялымдын шалаакылыгынын айынан 5 айлыгында боюнан тушуп калды.Ансыз деле аны берилип суйо албай жургон мага бул сокку катуу тийди.Алган жарымдын тили узарып мунозу озгорду.Эптеп эле болбогон нерседен тез-тез уруш чыгара бере турган болуп калды.Болгон кучум менен чыдап журуп акыры ичимде толгон бугумду арактан чыгара баштадым.Кун алыс уйго ичип келип экообуздун аралыгыбыз кундон-кунго алыстап олтуруп акыры ажырашып тындык.Кимди куноолошту билбей таап берген ата-энемди куноолодум. Тагдырды куноолодум. Апам байкуш акыры "эми озун каалаган кызга уйлон.Сага жакса болду"деп мен жооткоруп жатышты.Асандын чакыруусу менен Москвага келдим.Болгон кучумду жумуштан чыгарып тынымсыз иштей баштадым.Кыздар менен да суйлошпопмун азыр эстесем.Асандын суйлошкон кызы Айжамал да бир эки кыз менен тааныштырымыш болуп жатты.А мен болсо Аэлитаны тапкым келди.Аны коргум келди.Асан бир куну Аэлита мага "агенттен" салам айтканын айтып конулумду которду.Ал жылдары башка кыз таап уйлоном деген далалатыма "бир уйлонуп ажырашыптыр" деген соз ач кенедей жабышып коп тоскоолдуктарды жаратып жатты.Ошентип журуп 3-4 жыл откозуп жибердим.Эки ай мурун ден- соолукка бир аз кам коруу максатта айылга келдим.Кудай мага жибергенсип Аэлита да айылга келип калды.Жолун таап жолуктум.Жылуу учураштык.Ал акыбалды сураштык.Дале мурдагыдай токтоо коз карашы болгону менен мурда жалын чачып турган сулуу коздор мунайым тартып калыптыр.Байкушум куноосу бар адамдай коздорун алып качып жатты.А мен тагдырдын соккусуна бышып, торолуп калгандыктан мурдагыдай уялуу деген нерсе болбоду.Экинчи жолугушууда эле ага " баш кошуу" сунушун киргиздим.Андай сунушту кутпогон Аэлита менин коздорумо "тамашалабай элеби" деген кыязда тике карап коздорумон да чындыкты окугандан кийин "Самат капа этпесен жообун эртеге берейин.Акыл калчап ойлонуп коройун" деп мени жылуу узатты.Мына бугун жообун алганы бара жатам.Ичимден "Суранам " жок" деген созду айта корбо" деп тиленип кубуронуп бара жатам.Сенин экинчи жолу " Жок " деген жообун мени биротоло жок кылып жибериши мумкун."Макул" дечи сураныч.Биз бактылуу болобуз буйруса!! ! Мына мен кепилдик берем. Бир гана суранаарым "Жок" дебечи...


(Бирге окуп, бирге чонойгон жакын досумдун атынан бир аз коркомдолуп жазылган баян)
Баарыныздарга ийгилик !!!

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 25 Апрель 2014 - 14:28

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   mega777   26 Апрель 2014 - 14:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Наристенин тилеги.




Жумушта отурсам агамдын квартирасында жашаган аял чалып калды.Жеңем экөө Россияда иштеп жүрүп алып койгон үйүнө квартирант киргизишип, мага дайындап,кайра иштеген жерлерине кетишкен болчу.Эки жыл бою акысын убагында төлөп,үйдү таза,тыкан кармаган,жүдөмкү көрүнгөн сулуучымак аялдын жалгыз жашаганынан улам эчкимиси жок деп ойлогом.Ар дайым муңайыңкы тарткан жүзү тереңдеги бир кайгыны жашыргансып, өз жашынан бир аз улуураак көрсөтчү.Жумушуна барып келип ашыкча коогалаңы жок,түнт мүнөз эжеден таржымалын да сурагандан чыны тартынчумун. Эки күн мурун чалып,"Кызым, үйүңөрдө түзүк эле жашадым.Көнүп да калдым эле.Жалгыз кызым келип алып кетем,чогуу турабыз деп атат.Башка квартирант издей берет окшойсуң" деген болчу.Мына эми ачкычты бергени чакырып атат.Жумушумду дайындап,чоң эле аялды күттүрүп койбойун деп жетип бардым.Баштыктарга салынган буюмдарды колдошуп машинеге ташып аткан бой жетип калган 18-20жаштагы келбетүү,эжеге куюп койгондой окшош кызды көрүп,жалгызы ушул экенин баамдадым.Рахматын айтып,жылуу коштошо ачкычты колума берип,бактылуу жылмайган эне-бала күтүп турган унаага отуруп узап кеткенде,көнө түшкөн эжеге бир тарабым бөксөрө оор улутунуп алып,бөлмөлөрдү бир карап чыгууга үйгө кирдим.Таза жыйналган бөлмөнү максатсыз тияк биягына көз чаптырып коюп,кайра сыртка карай бет алганда кире бериште бөлмөнүн бурчунда жылтырак баштыкка оролгон буюмга көзүм түштү.Аяр оролгонуна карап"иий документтери түшүп калыптыр" деп аркасынан чуркап чыгып бере койгонго эбак узап кетишкен болчу.Баштыктын ичиндеги эски дептерге кызыга ачып,саргайган барактарындагы жаш баланын кол жазмасы менен жазылган саптар улам өзүнө тартып окуп кирдим.

"Апама" деп бадырайта тема коюлуптур.Андан ары бирде кыйшык бирде түз тамгалар менен жазылган сөздөр..." Менин дагы Апам бар.Мен Апамды жакшы көрөм.Апамды күндө күтөм.Апам келет,ал сөзсүз келет...

Апа,сиз менен ушул дептер аркылуу сүйлөшөйүнчү. Сизди сагынып кетип атам.Сиз жөнүндө мага эч ким айтып бербейт.Сурагандан да корком.Айдай эже айтты,ушундай күндөлүк ачып алып сагынган адамын менен сүйлөшсөң болот,ал сени сөзсүз угат деди.Анын дагы досу жок экен.Нурик байкеден дагы уялып ага эч нерсе айта албай,аны жакшы көргөнүн ушундай дептерге жазат экен.Анан байке уктап атканда жазгандарын периштелер алып барып түшүндө окуп беришет деди.Менин дагы жазгандарымды периштелер Сизге апарып окуп беришсе,кызым күтүп атат экен деп,жумушуңуздан бошогондо келип алып кетет элеңиз да ээ Апаке.А мен бирөөгө айтыштан корком Апа.Сизди тымызын күтүп жүргөнүмдү билсе,сизди Апа деп атаарымды билсе Айгүл абжем дагы сабайт го.Анан атама айтат,ал ата болбой коем деп коркутат.Мени коргогон,дайым мен тараптык болгон,мага болушуп Атам,абжем,Гүлү апам менен урушкан энем укса да капа болуп,дагы ооруп калат.Баягүнү жездем келип Айгүл абжеми үйүнө алып кетейин дегенде абжем урушуп барбай койду.Катуу ойлонгон энем дагы ооруп калды.Мен атамдын үйүнө чуркап барып чакырып келдим.Гүлү апа да кошо келип энемди ооруканага алып кетишти.Айгүл абжем"Баарын сен кылдың куу тумшук"деп чачымдан кармап дагы сабады."Сенин ушундайыңан апаң таштап кеткен!Сени таштап эрге тийип кеткен!" деп кыйкырды.Мен "жок,жоок" деп деп кыйкырып ыйлай бердим Апа,мен ишенбедим.Менин чачым ооруган жок Апа,сиз мени таштап кетпедиңиз да ээ Апа."Жогол, жогоол!Тентиген апаңдын аркасынан жогол,баарибир жиндинин кызысың да,сен чоңоюп жыргатмак белең" деп чыңыртып эшикке карай сүдүрөдү." Абжее,абже" деп бутуна жармашып,эшикке чыккандан коркуп ыйлап аттым.Уйдөн чыгарып салса талаада калам деп корктум Апа.Атамдын үйүнө барсам да Гүлү апам уруша берет.Атам барда конфет,токоч берет.Атам жок болсо"Баладай болуп эшикте ойной бербейсиңби" деп чыгарып коет.Энем да "Кызым,атаң өзү келип турат,тиги Гүлү апаң 4жылдан бери төрөй албай ойлонуп жүрөт.Атаң жокто барбай эле кой"деп айткан.Анан да мени "таенеңмин, таекеңмин" деп алдап уурдап кетчү уурулардан корком Апа.Айгүл абжем айткан "жаман адам,алардан качкын" деп.Алдап шаарга алып барып сатып жиберишет экен.Бир ирет мектептен чыкканымда чоң эле аял"Таежеңмин, апаңын эжесимин" деп алдап чакырды.Колума карматкан шоколадын жолго кое койдум да,аркама карабай качып кеттим.Уурдап кетет деп корктум Апа.Сиз мени алып кеткени келгениңизде мени таппай ыйлап калбасын деп корктум Апа.Аркаман үйгө да издеп келишиптир. Айгүл абжем колумдан жетелеп,короонун арт жагы менен бекитип Асандардын үйүнө жеткизип келди."Тигилер кеткенде алып кетем,жылбай отур" деп чыгып кетти.Үй тарапта аябай ызы чуу болду,кыйкырышып аткандарын угуп таап алышат окшойт деп коркуп кеттим.Коркконуман калтырай бердим Апа.Буттарым ,колдорум мени укпай титирей беришти,тиштерим да бир бирине тийип шакылдай берди.Асандын апасы мени карап"Олдо байкуш кыз ай,эзелтен кектешкен эки тараптын курмандыгы болдуң окшойт.Ушу кыздын да убалы бардыр"деп кейий суу жуткуруп ап-аптап койду."Курмандык" деген сөзүнө түшүнбөдүм Апа.Бир жолу дагы энем ооруп шаарга догдурга алып кетишкен болчу.Ар дайым жатаарда күбүрөнүп" Кудайлап" бирдемкелерди сураган энемен"Эмнеге антесиз,ал ким,чындап эле сураганды береби?"деп сурасам," Ооба кызым.Жаштын тилегин берет,Кудай деген кур калбайт.Өзүңө өмүр.бакыт тилеп жүр"деген болчу.Мен үчүн сиз кайрылып келгениңиз, сизди көргөнүм,сиздин жытыңызды жыттаганым бакыт дагы,өмүр дагы эле Апа.Ар дайым жатаарда жууркандын ичине кирип алып,эч кимге угузбай акырыын эки алаканымды бириктирип бет алдыма алып келип,"Ээ Кудай Апамы апкелип берчи,суранам, апам келсинчи.Мен дагы Айпери,Гүлсүндөрдөй апама эркелейинчи. Апама айтчы,ал келсе ар дайым угам,жакшы кыз болом,жакшы окуйм,тентектик кылбайм,убада берем,айтчы келсинчи Апам" деп тилеп,сурап жатчумун.Энем кеткен күнү да ушинтип тилек кылып жатып,өзүмдү кармана албай ыйлап жибердим.Энемин кеткенине дагы ичим ачышып калган болчу да.Канчалык тиштенип аракет кылсам деле денемдин солкулдаганын Айгүл абжем сезип калыптыр.Келип жуурканды ачып жибергенде чоочуп,коркуп кетип "Апааа" деп кыйкырып жибердим." Ниети жаман шүмшүк!" деп кыйкырып,чачымдан толгой кармап жаткан жеримден сүдүрөп караңгыда сыртка алып чыгып койду.Ошондо Асандын апасы сыртка чыккан экен.Ыйлаган үнүмдү угуп чуркап келиптир.Эшикти ачып,калчылдап калган мени үйгө киргизгенче абжеми чакырып тилдеп калды."Балада эмне күнөө.Байкуш келинди тиякта сыздатып,тырнактай кызды биякта кордобой убалдан корксоңор боло!Жаштардын тагдырын талкалаган, качанкы бир кекти кууп эрегишкен ата-энелериңерге наалат!" деп сүйлондү.Айгүл абжем кыйкырып,кыйкырып эшикти тарс жаап кирип баса берди.Мен ошондо Асандын апасын аябай жакшы көрүп кеттим Апа,ал сизди байкуш деди,бизге жан тартты.Барып сиз жөнүндө сурагым келди,бирок корктум.Сизди жаман адам эмес экениңизди ошондо билдим.Сиз жаман болгондо эч ким байкуш дебейт болчу.Апам да мени сагынып,сыздап жүргөн экен деп ойлоп калдым.Мени чанып кетпегениңизди түшүндүм.Сагынып көргүм келе берчү болдум,элесиңизге, карааныңызга куса боло баштадым.Ошодон баштап тымызын жол карап күтө бердим.Эжейим да жакшы окусаңар максатыңарга жетесиңер дейт.Мени "Азаматсың, ушул бойдон улантсаң келечекте билимдүү болуп,сөзсүз жакшы кесиптин ээси болосуң"деп кубантты Апа.Сабакка кетип атканда абжем чачымды катуу кармап өрүп койду эле.Көздөрүм тартышып,башым ооруп чыкканда ушул эжейим отурган жериме келип чачымды бошотуп берген болчу.Дайым мага жылуу сүйлөп,сураганымды түшүндүрүп берет.Мен жакшы окуйм да,жакшы окуганга дагы тырышам апа.Чоңойгондо окуп иштеп,анан сизди багам.Энеми да өзүм догдурларга алып барым дарылатам.Атам менен Гүлү апама да жардам берем.Кечээ Айгеримдин апасы шаарга кеткен экен.Ойногончо жол карап күтө берди.Бир убакта машине токтоп апасы түшө калды.Ошондо "Апам келдии"деп кыйкыра чуркаган Айгеримдин артынан мен да кошо чуркапмын.Жете берип токтой туруп калдым.Апам келди дегенди угуп сизди келип калган го деп чуркап кетипмин да Апа.Кошо жүгүрүп барып алганыма уялып калдым.Айгеримдмн апасы жакшы аял экен.Кызын кучактап өөп атып мени көрүп,сумкасынан конфет алып чыгып берип менин да бетимден өөп койду.Сиз келгенде алып келген конфетиңизден мен дагы сөзсүз Айгеримге берем ээ Апа.Мен дагы Айгеримдей кубана чуркайм Апа...Оо Кудай Апамы апкелип берчи..."




Козүмдүн жашын аарчый,кеткен эженин номерин терип,унутуп кеткен буюмун алып барып берейин деп алып чыккан бойдон колума кармаган телефонумду кайра сумкама салдым...






Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 26 Апрель 2014 - 15:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   26 Апрель 2014 - 19:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Жаштыктагы каталык же Балдарды көзөмөлдөгүлө.


Белек дагы үйүнөн сабака барам деп чыгып кетти. Саат 13-00 чамасында күндө келип ойногон компютердик залда "өз компютерине" отуруп калды. Кун сайын төрт беш саат ойноп отурганы үчүн Белектин компютери деген атка конгон эле.

Бугун сабака барбаганына толук жети ай болот экен. Бул нерсеге кантип кирип кеткенин өзү да билбей калды, башында бүгүн ойноп эртең сабака барам деп жүрсө, кийинчереек кантип барышын билбей, мугалимге эмне дейм, үйдөкүлөргө эмне дейм деп ачыгын айта албай жүргөн кези.

Кантип башталган: Сабактан классташтар менен акыркы сабака катышпай качып чыгышып интернет клубтарда комп ойношуп жүрүшчү, Бара бара бул адатка айланды. Кееде мектепке келбей калат эле. Бир жума сабака барбай койду, үйүндөгүлөргө ар нерсени шылтоолоп акча сурайт, күн сайын эч нерсе болбогон сыяктуу сабака кеттим деп чыгып кетет, туура клубка барат, ал жерде өзү сыяктуу эки үч досу күтүп турат. GTA, DOTA, Konter straik Сыяктуу оюндарды катырып эки үч, кееде беш саат ойноп, үйлөрүнө кайтышат. Сабагын текшерген эч ким жок, үйдөкүлөр баары өзүнөн бошобойт.

Жетинчи ай өткөндө эжекеси окуучусун издеп келет, үйүндө апасы угуп алып ишенбейт "кундө сабака кетип жатат сиз адашып жатасыз" деп. Жигит болсо класс жетекчисин тааныбайт. (Алмашып жаны мугалим келген экен) Эмне айтаарын билбей, үйдө чыр болуп. Ата энеси завучка каттап журуп кайра зорго киргизишти.
Жогорку окуу жайында да жакшы окуй албастан айдалыпкетти. Азыркы учурда кара жумуш менен алектенет. Окубай койгонуна көп өкүнөт.



БУЛ НЕРСЕНИ ЖАЗУУМДАН МАКСАТ жаштардын интернет деп, сабака көнүл бурбай койгондорду көрдүм, ушул маңызда тема да ачылды окшойт эле. Ата энелер, балаңар кайда жүрөт, эмне кылып жүрөт, сабагын текшерип тургула. Бул болгон окуя, ысмын өзгөрттүм, өзүмдүн жакын досумдун башынан өткөн. Жазуучулук талантым жок болгондуктан көркөмдөп бере албайм, катасын тууралап окуп коесуздар.
Жаштар силерге инет эч нерсе бербейт, Билим алгыла!


Прикрепленное изображение: imgpreview (11).jpg
Прикрепленное изображение: imgpreview (10).jpg
Прикрепленное изображение: imgpreview (9).jpg
Прикрепленное изображение: imgpreview (8).jpg


Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 26 Апрель 2014 - 19:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   KUMU89   27 Апрель 2014 - 04:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 10 Авг 2025 01:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Узулбогон умут!



Нурбек эс тарткандан тарта жокчулуктун даамын тата башташты. Ошол кезде Кыргызстан жаны эле эбегейсиз делинип комунизмде гулдогон союз мамлекетинен болунуп чыккан. Ун эмнеден жасалып чыкканын билбеген кыргыз учун жашоо оорлошуп такыр эле оорлой баштады. Кээ бир жулунгандар ошол кезде эле, мал-мулкту озуно каттатып бай адам болуп чыга келишти. Карапайым карангы эл окмоттон болунгон мал жанын кобойтуп, калгандары жашоо тиричилигине иштетип жатышканго сыягы. Окмоттон айлык акы алып конгон эл, озумдук жашоодо арабасын тартып кете албады. Тез эле нан тартыш болуп, олко ачка калгандай абалга келген. Ушулардын арасында Нурбектин уй булосуда бар болчу. Нурбек акылына кирип калган кезде ушундай жокчулука туш болду. Убакыт отуп жатты учкан куштай. Бул уй булодо бирде жетиштик, бирде жетишсиз жашоодо кун коруп жаткан. Апасынын эрктуу аял экенине баа берчуу. Мектепте пол жууп, тазалап иштеп баарын бакты. Айлыгы аз болсода, элге окшоп кенен ичип жешпеседа баары камдап койот эле. Болгону уномдоп жашоо откоруш керек. Туугандары колунда бардар турушат. Бирок жардам колун созоюн дегени табылбайт. Жерден боору которулуп кыйынчылыктарды далай корду. Акыры чон атасы уйуно кочуп барышты. Ал уй кароосуз калган. Ал жакта айдоо аянтча кенен, эгин эгип жашоону жакшыртууга ынгайлуу шарттар коп болчу. Дал ошондой болду. Кара эмгектен качпаган карапайым мээнеткеч балдар жайы менен дыйканчылык кылды. Ошол кезде Нурбек 3-класста гана окуучу. Мээнети кайтып эгин мол болду. Атасы шаардан келди. Бир туугандары жаш. Атасы ак конул эч кимден , эч нерсе аябаган адам болчу. Бар эгинди тез эле изин таап жок болуп кетти! Дагы эле жокчулук жашоодогу конумуш этип жашап калышты. Жокчулукту адамды басынтып, Нурбек кээде досторунун арасында дагы кенен суйлой албайт. Ошондо коп ойлончу болду. Качан кенен кийип, кенен жеп, кенен эл катары жашоо буйурабы экен деп. Бирок жакшылыктан умут узбоочу. Агалары жакшы чыгышты. Жашы улгайып баарын оз колдоруна алып, эгин эгип, мээнетти колдон келишинче жасашты. Бир жыл ичинде кенен жашоо куралышты. Мал кылып аз,аздан. Жашоолорун ондой башташты. Бара-бара баары оз изине тушуп, эл катарына кошулуп калышкан. Адам баласы баардык нерсеге конот экен. Барчылык жашоо дагы жакшы экен. Досторунун алдында да кенен журуп калды Нурбек. Бирок баары бир откон кун бар. Кимдир биро эске салып коюшу мумкун. Кече эле ким элен деген соз чыгышы анык. Нурбек андай кырдаалга даяр эле. Себеби ал ак мээнеттен баарына жетишти. Аллах бешенеге жазса буйтап отуп кетуу мумкун эмес. Барды дагы, жокту дагы которо билген дурус. Мына Нурбектин жашоосу озуно келген. Досторуда баштакыдай кемсинтуу мамиле жасай албайт. Умуту узулбой кутуп, энсеген кундоруно жетти! Арадан коп убакыт отуп, бойго жетип калган кези. Ошол учурда балалык суйуу Нурбекти коздой келе жаткан. Ал жетишпестик жашоодон суйууну ойлогонго убакыты деле болбоптур. Жакшы жашоону энсеп журуп. Онунчу класста окуп калган. Окуу ачылаары менен мектепке барган. Кундордун биринде озунон эки жашка кичуу кызга козу тушту. Кыздын мончоктой кара коздору журокту чызырата мыкчып откон эле. Башта маани деле бербеди. Кыздар бойго жете тушконго деп ойлоп койду. Акыры басса-турса жанагы кыз оюнан чыкпайт. Сабака ошол кызды коргону гана барат. Келбей калса, коптордун арасынан издейт. Акыры ичке каталбады. Суйуп калганын сезип калды. Суйуу демекчи, суйуу эмне экенин деле тушунбойт. Болгону ошол кызга болгон жакшы коруу сезим кучоп жатты! Бир кун уйдо жатып, кагаз ручка алып кат жаза баштады. Катка жалан журогу эмне деп жатса, баарын ошондой кылып жазды. Кыз жакын досунун карындашы болчу. Суйуу досуна да карабады. Катты тыкаан буктоп, досунан берип жиберди. Эми жообун кутуш калды. Кызды коз алдына элестетип, кандай жооп келээрине ичи бышып ордуна туралбай кутуп жатты. Бирок кыз жоопту кечиктирди. Кийин сон катын кайтарып жиберди. Баары Нурбек ойлогондон тетири болуп чыкты. Кыз жаш корунгон менен, алда качан журогун бироо ээлеп кеткен экен. Нурбек не кылышын билбей туруп калды. Ойлонуп коктугуно таянып, баары-бир жетем деди. Умутуму узбойм! Кандай болсода суйуусун далилдегенге максат койду. Бирок баары бекерге экенин ошол кезде бала сезген жок. Тек кана умутун узгусу келбеди. Дагы бир ирээт кат жазды. Азыркы абалында кызды мурдагыданда катуу суйуп. Тунт тартып коп ойлончу болду. Бул суйуу азабынын башталышы эле. Катка жооп келди бул ирээт. Суйуусуно, суйуу менен жооп бербей. Журок суйгон адамы бар экенин, Нурбекти агасындай короорун жазган. Макул болсонуз дос катары калалы дептир аягында. Бул жоопго курган журок конбоду. Нурбек кыздын коздоруно тике карай албайт. Кыз абдан жакшы болчу. Эч кимге катуу айтпаган. Нурбек кызды сабак бутоордо чыгышын кутуп турду. Кыз чыкканда эле колунан кармап, суйлошуп алалы деп токтотту. Кыз колун тартып алып басып кетти! Ач калган азап деле эмес экен, журогу ооруган жаман экенин сезип турду. Эртеси дагы токтотту эле кызды. Кыз макул болуп жанына келди. Нурбек кыздын жанында созун унутуп, башка куну суйлошолу деп озу кетип калды. Эртеси классына эле кирип барды кыздын. Нурбекти коруп баары эшике жоношту. Кызды бир тиктеп, баланы бир тиктеп. Анткени баары билип калган. Кызда сыртка жоногондо, Нурбек столго бутун коюп астын тозду. Кызды колунан кармап, чын эле жигитин барбы десе? ооба деген жооп алды. Баланын ойлору чачырап кетти! Сизди жакпадыныз дебейм. Болгону суйгонум бар. Кааласаныз дос болуп калабыз деди. Качандыр келип мени суйуп калышына умут кылам. Ошол убак келсе, суйгонунуз болуп жанынызда журом деп соз бер деди. Кыз андай болушу мумкун эмес деп кесе суйлоду. Нурбек сен мени суйбосонда, канча болсода сени кутушко даярмын. Корушкон жерде кабак салбай жок дегенде саламдаша журолу деди. Колун бекем кысып туруп сыртка чыгып кетти! Достору чыдамы кетип не болду дешти жабыла. Сыртынан жалган кулуп, баары бутту деди. Ичинде туз куйгандай ачышып, журок ыйлап жатканын сыртка билгизбеди. Кийин ооз учунда учурашпаса, таанышпай кетишти бир-бирин. Нурбек сырттан суйуп журо берди. Сагынычында чек жок. Болгон сырын жакын бир кызга болушуп койот. Кат жазбай деген болчу. Сагынычы коодонго батпаганда жоопсуз каттарды жазгандан тажабайт. Кээде оозеки жакшы создорду озу жонундогу кыздын жакындарынан укса кубанып калат. Бир куну суук кабар угуп калды. Бактыгул каттуу ооруп, оруканага кетиптир. Бала селт эте тушту. Кийин укту, борборго ооруканага алып кетишти, областа карай албайт экен деп. Номерин издеп дос кыздарынан алып чалды. Тут этип алло дегенде унчукпай суйлобой койду. Досторунан кабарын угуп коюп бала журот. Чалса суйлобойт. Жакшы болуп келиптир дегенин угуп, Нурбек айылга барды. Достору топтолуп Бактыгулдун уйуно барды. Нурбек агасы менен досда. Уйго кирип чай ичкиле деди. Баланын козу уй тарапта. Качан кызды чыгып калса деп изденет. Баланын келгенин билгендей, акырын чыгып козуно корунду. Баштакыдан сулуу болуп кетиптир. Коздор бир азга тиктеше тушту. Нурбек сагынычы тараганча карап алды. Бул корушуу акыркы экенин экоо билген жок. Нурбек окууну бутуп унуверстетте окуп аткан. Биринчи курс болчу ошондо. Бактыгул 10-класс эле. Бала айылдан кеткенден кийин унуткандай болду. Бир эстетуучу нерсе, жанында тушурбой жургон кыздын жалгыз суроту бар эле. Айлар, жылдар жоопсуз суйууго мас болуп далай жакшы, жаман кундор отуп кетти! Бир куну Нурбек шашылыш базарга тушуп кетип жаткан. Досу жолугуп, кабарды уктунбу айылдагы? Нурбек жоок, дагы не болуптур деп жылмайып сурады. Бактыгул отуп кетиптир. Ким!? Бактыгул бугун отуп кетиптир. Нурбек делдей уккан кулагына ишенбеди. Ооруканада жатканын уккан, барган эмес. Ошол куну айылга жоноду. Бирок бара албады. Ичинен арман кылып, айылга копко барбай журду. Корсо айыкпас ооруга чалынган экен. Ооруканада жатканын угуп, барбай койгонуна окунду. Суротун караап олтура берет эстенде. Дагы эле ошондой кыздын жолугушунан умут кылат. Журокто калган суйуусунон умут узуп кете албайт. Жакшы жашоодон умут кылганы акталып, арман болуп калган суйуусуно умуту узулбой келет. Жашоо ушунсу менен кызыкболсо керек!

Билдирүүнү түзөткөн: KUMU89: 27 Апрель 2014 - 04:17

Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 25 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 25, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 02:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: