Суперстан: Супер сынак стартта ! 2014-ж. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак стартта ! 2014-ж. Форумду жандандыруу жана арабызда жашынып жаткан ,комускодогу талантта

#81 Пользователь офлайн   Supsuluu   27 Апрель 2014 - 13:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Сүйүү... Байлык... Сыноо!!!
-Салам!
-Салам!
-Кандайсың?
-Жакшы эле
Мына ушундай сүйлөөшүүлөр күн сайын кайталанат. Чыңгыз менен Лиза мындан үч ай илгери дал ушул мода болуп жаткан агенттен таанышышкан. Ушул күнгө чейин сайттан гана жазышканы болбосо кенен сүйлөшүшпөйт. Анын да себеби бар. Номериңди алсам болобу деп жигит кайрылганда, убагы келгенде өзүм берем деп жооп берген. Күндөр өтө берди таанышканына беш айдын жүзү болгондо жолугууну макулдашышты. Лиза бардар үй бүлөдөн эле. А бирок эч качан байлыгына чиренген эмес. Унаасын бир жайга токтотуп коюп, автобус менен эле барды жолугушууга. Жигит кыздын сулуулугуна суктанып, айдан түшкөн перинин өзү го деп алды өз алдынча. Экөө көпкө айланышты., эч эле сөздөрү түгөнбөөчүдөй. Акыры кыз кылыгын кылып, мен үйгө барайын ата-энем кабатыр алат го деди. Жигит канчалык кетиргиси келбей турса да сылыктык кылып макул, таксиге салып койойун десе, жоок рахмат, автобуста эле кетем деп көнбөдү. Кыздын жөнөкөйлүгүнө абдан баа берди. Апама жакшы келин болчудай деп тамшанып алды. Убакыт зымырап өтүп жатты. Экөө куп жарашкан кыз жигит болушту. Элдин баары аларга суктануу менен карашат. Кол кармашып далай таттуу күндөрдү өткөрүштү. Лизанын атасы жигитти теңине албай, ардайым кабагын түйүп, кызыңа айт убара болбосун, андай эч нерсеге жетинбеген жигитке бербейм деп кесе айтты. Чыңгыз карапайым үй-бүлөдө өскөн, эч бир жумуштан тайманбаган, эмгекчил жигит эле. Бирок кыздын атасына байлык, мансабына, кызматына кызыккан далай атка минерлер уулу бар экенин кулактап, Лизанын колун сурап жүрүшкөн. Атасы ошолордун арасынан тандайсың же мен айтканга тийесин деп талап коё баштады. Кыздын маанайы бузулуп, Чыңгызга жетип көзүнүн жашын агызып айтып берип жатты. Бирок мага сен эле керексиң, башка бирөөгө тийгенче өмүрүмдү кыйганым артык деп өз сөзүнө катуу турду. Жигит эмне кылаар айласын таппай, кыздан айрылып калаарын ойлогондо каңырыгы түтөп, тагдырына наалат келтирип жатты.
Бир күнү Лиза үйдө чай ичип олтурган жеринен жүрөк тушун мыжыгып, эсин жоготту. Үйдө ызычуу түшүп, тез жардам машинасы алып кетти. Атасы менен апасы чыйпылыктап, өздөрүн коёрго жер таппай турушту. Эки саатта эсине келди. Халатын желбегей жамынган врач көз айнегин көтөрүп, кызыңар катуу бир нерседен кыжаалат болгон сыяктуу, деп дагы көп нерселерди айтты. Бирок эмне оору экенин эч бир врач аныктай албай убараланып жатышты. Чыңгыз сүйүктүүсү коңгуроого жооп бербегенинен кабатырланып, үйүнө барды. Үй кызматчыдан болгон окуяны угуп, оорукананы көздөй чуркады. Келип эле кыздын жанында атасы бар экенин угуп дарыгерге жөнөдү. Кыздын абалы жакшы экенин угуп эх Кудай өзүңө шүгүр деп күбүрөнүп жибергенин өзү да байкабай калды. Ал эч качан Кудай деп сүйлөчү эмес. Бизди Кудай жаратканы чын болсо неге баарын тегиз кылган эмес деп нааразы болоор эле.
Үч күн жатып кыз үйүнө кайтып келди. Бирок оорусу же аныкталбай же айыкпай күндөн күнгө өңүнөн кетип арыктап баратты. Жигит эмне кылаарын билбей күндө Жаратканга жалынууну адатка айлантты. Лизанын ата-энеси чет өлкөдөгү дарыгерлерден кеңеш алып, бирок эч жыйынтык чыгара алышпады. Жигит бара бара беш убак намазга жыгылды, ар бир окуган намазында Лизанын ден соолугун тиленип жатты. Кызга да бул көрүнүш чоң таасирин тийгизип, ата-энесинин каршы болгонуна карабай ар убак жанында жайнамаз алып жүрчү болду. Бир күнү үйдө чогуу олтурганда кыз күтүүсүздөн мен хиджап кийем деди. Атасынын көзү алайып, эмне деп келжиреп жатасың, жетишет ушунча эркелегениң, жоро жолдошторумдун бетин кантип карайм, ошончо байлыктын үстүндө отурат, кызына түзүгүрөөк да кийим кийгизбейт дешпейби деп жаңжал чыгарды. Кыз ага да карабады. А бирок оорусу күндөн күнгө азайып, өңүнө чыгып келе жаткан. Бир күнү ата-энеси кокустан чоң аварияга кабылышты. Экөө тең кырсык болгон жерде жан беришти. Ыйлап, ыйлап боздоп, ата-энесин жерге берип олтуруп калды. Күндө түшүнө киришет. Бизди кечир, ушунуңдан жазба, акмактык кылган экенбиз деп кайра кайра кечирим сурашат.
Бир топ убакыт өттү. Лиза Жараткан Кудай Тааланын колдоосу менен оорудан толук айыкты. Чыңгыз экөө жарашкан жубайлар болушту. Ар убак ата-энесине куран окуп турууну да унутта калтырышпады.
Бир күнү Лизанын алдынан жашы элүүлөр чамасындагы цыган аял чыгып, кызым ата-энең кесир сүйлөп, Кудайдын алдында күнөөкөр болушкан экен, сенден кечирим сурап тынч алалбай жатышат. Кан чыгарып, куран окутуп, кечиргениңди билдирип кой тынч жатышсын деп басып кетет. Лиза эмне кылаарын билбей, келип эле Чыңгызга болгон окуяны айтат. Экөө тууган урук менен жети токоч кылып, куран окутуп, кыз ата-энесинин мүрзөсүрө барып, ата, апа мен силерди эчак кечиргем, таштап кетпесеңер болбос беле, силерсиз жашоо муздак экен, деп көзүнүн жашын көлдөтүп, оо Жараткан Алла Таала ата-энемдин билип билбей кылган күрөөлөрүн кечире көр, жаткан жерлери жайлуу болсун деп жалынып жатты. Ошондон кийин ата-энеси да көп түшүнө кирбей, бираз жашоого умтулуп жашап калды...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   BORN.kg   27 Апрель 2014 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Салт

Тун ортосу. Жазгул нечен турлуу ойлордун кучагында кыйналып уктай албай жатты. Кыйналганынында себеби бар. Анткени бугун анын уйуно болочок жолдошунун ата-энеси келип кудалашып кетишкен. Той болчу кун да алыс эмес. Омурундогу эн бактылуу коз ирмемдер менен коштоло турган улпот тойдо ак койногун жараштыра кийип, омурлук жарынын колун кармап, бакытты коздой турмуштун ары татаал, ары кызыктуу жолуна тушчу бул кунду кайсыл гана кыз энсебесин. Бирок Жазгул ошол той болчу кунду эстеген сайын кубануунун ордуна кокурогу тилинип жатты. Мунун да себеби бар эле. Ата-энеси кызынын уруксатын албай туруп эски досу менен кудалашып, той боло турган кунду белгилеп, калынын да алып коюшкан болчу. "Досумдун баласына берем" деген чечимди атасы чыгарган. Бир чети кызынын конулу менен эсептешип да койбогон атасына капа болсо, бир чети "биз баарыбир бир болобуз" деп соз берген суйгону Жапардын ушундай кезде кабар албай жургонун ойлоп кейип ыйлады. "Ар бир адамдын бактылуу болууга акысы барго. Менин да оз суйгон адамыма турмушка чыгууга укугум бар элего? Конулум жок адам менен кантип жашап кете алам?" деген суроолорго жооп таба албай алдастады.


Кайра-кайра шынгыраган телефон Жапардын тынчын алды. Кечээ кунку оор жумуштан чарчап келген жаны конгуроо кылган адамга жинденген бойдон трупканы которду.
-Ало
-да, ким бул!?
-кандайсыз Жапар ага? бул мен Санжар.
-жакшы, тынччылыкпы?
-Жазгул эжеге куда келип тойду белгилеп кетишиптир. Жапардын козу умачтай ачылды.
-кандайча! ? Качан?
-бугун, той жакын экен.
-рахмат Санжар! Жапар трупканы коер замат шаарга иштегени жоноп жатып кошуна иниси Санжарга; "Жазгулго бир нерсе болсо мага созсуз кабарла" дегенин эстеди. Тезинен айылга жетпесе болбойт. Жумушуна барып уч кунго суранды да айылга жоноду. Таксиге келип суйлошсо бир адам жетпей жатыптыр. Дароо олтурду да, жоноп кетишти. Сапарлаштары менен суйлошконго конулу келбеди. Оюнда эртерээк жетуу жана Жазгулун бул кырдаалдан кантип болсо да алып чыгып кетуу болду. Тун ичинде айылына келип тушту. Жакын досу Кайратка барып жолугуп кенеш сурамакчы болду. (уландысы анан)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   BORN.kg   27 Апрель 2014 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Кайраттын уйуно жетээрде эки караанды корду. Тааныштардын козуно корунбой эле коюуну ойлонуп токтоп калды. Тигилердин ичинен Кайраттын унун тааный койду да аларды коздой басты. Жапардын мунозун жакшы билген Кайрат атайын анын келээрин билип досу Адыл экоо кутуп турушкан эле. Жапар достору менен катуу учарашты. Окуя баарына маалым, андыктан убакытты кетирбоо керек. Суйлошулгон боюнча Эдил райборборго чейин жеткирууго машина тапканы кетти. Кайрат болсо Жапар менен Жазгулдун уйуно барып, аны кайтарып турмакчы. Жапар Жазгулдун кайсы болмодо жатаарын жазбай билет. Карангы тундо тыкылдаган терезеден Жазгул чочуп кетти, бирок уктай элек болчу. Эки жолу акырын, учунчу жолу катуурак тыкылдаткан Жапардын белгиси болгондуктан Жазгул коркпой терезеге жакын келип суйгонун коруп кубанып кетти.
-Жазгул мен баарын уктум, убакыт аз, мени менен кетесинби?
-каяка?
-шаарга, бугун жылып кетишибиз керек.
Жазгул ойлонбостон макул болду. Себеби алар буга чейин келечектеги максаттарынын баарын мерчемдеп суйлошуп журушкон эле. Терезе акырын ачылып Жазгул сыртка чыкты. Кош караан уйдон алыстап бакты коздой басышты, коздон оолак болуу учун бактын ичин аралап барып жолго чыгышты. Адыл машина менен аларды кутуп туруптур. Дароо машинага олтурушту. Ар жактан Кайрат жете келди. Тан антканча айылдан алыстап кетиш керек болгондуктан копко турбай жоноп кетишти. Кайрат менен Адыл аларга бакыт каалап сапарга узатышты.


Тан атып Жазгулдун болмосуно кирген апасы анын жок экенин коруп чочуп кетти. Атасына айтып, туугандардан сураштырып дайынын биле албай коюшту. Эртеси куну гана Жапар ата-энесине кабарлап аларды Жазгулдун ата-энесине жиберди. Жазгулдун атасы кызынын кылганына жинденип кызы экинчи уйго келбесин деген жообун айтты. Калыны алынып, той болчу кун аз калганда кызынын качып кеткенине намыстанган ата досунун баласына Жазгулдун синдиси Назгулду бермекчи болду. Муну уккан Назгулдун суйгону ошол эле куну Назгулду да алакачып кетти.

Кыргызда кудалашуу да, ала качуу да САЛТ ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Vazir   27 Апрель 2014 - 21:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Тарбия же оз коомун издеген адам..!



Абышка кемпир, жузум бакта чай ичкенче кубур шыбыр суйлошуп балдарынын, сый урматына суйунуп олтурушат, ангыча эшиктен чон баласы мунайынкы кирип келди да созду эмнеден баштаарын билбей суз гана кандай олтурасыздар деп алардын жанына жай олтуруп, калган созун талкан жутуп алган баладай суйлобой туруп калды, муну андай койгон кемпир ай бала Акыл гана деп суроо салды, небересин аты Акыл болчу, уялынкы карап жай гана Ал таенесинде калып жата, апа сиздер кыжалат болбонуздар, биз келининиз экообуз Москвага окууганы бара турган болдук деп, созун ушул жерден токтоту, муну кара деп Атасынын кашынан каар жай тушту, озу бир эле неберебиз болсо аны да таенесине таштайсынбы? алып кел, бул жака озубуз эле багабыз деп, Уулуна тарына бакырып алды. Атасынын созун эки кылбаган баласы жок дей албай ошол эле куну небереси Акылды алып келип таштап кети да оздору Эртеси Москвага учуп кетишти.
Ошону менен Акыл Абышка кемпир колунда калып калды, ал болгону эки эле жашта, Эми эле басышты уйронуп калган убагы, Абышка кемпир да небересине конушуп баскан турганы анын арбир кылык, жоруктарына кубанып жатышты, алар кичинекейди жакшы корушуп тапканын баарын алып келип берип , Уйдун суту менен чонойтуп койду, билинбей арадан эки жыл отуп, Акыл да чонойуп оз ата энесин унутуп Чон ата чон энесин, Апа ата деп калган.
Эки жыл дегенде каникулда Уулу менен келини Москвадан кайтып келип, эркелетип Акылды жытап баласын айланчыктап, копго турбай кайра эле окуусуна кетишти, Акыл болсо алар менен ишида жок, мойнунан соскасы тушпойт тамтандап басып абышка кемпир кайжака барса кошо эрчип басат. Билинбей Акыл мектепке барчуу убакыт да келди Ата энеси Москвада окуусун аяктап оз уйуно алып кетип окуутушту бирок эч аларга конгон жок. Орто жолдо, кундогу чырчатакдан, кызганычтын айынан ата энеси пикир келишпей, ажырашып эки жолго туштуу, алардын эми башка, башка уйбулолору бар. Акылды болсо абышка, кемпир кайра оздоруно алып келип алышкан, кээде сагынганда атасы менен апасынын уйуно коргону барып турат, алардан ата энелик мээрим коро албагандыктан, копго журбой кайра эле кайтат, жетимдигин билгизбейли деп чон ата чон энеси Акылдын оюу менен бир болушуп отто эрке чонойтушту, Арадан коп жылдар отуп Акылда башкалар сыяктуу бой жетип Боюуу узун кен далылуу келишкен, бала болду, окуусун жакшы окууган, адам менен тез тил табышып кетчуу шамдагай жигит, таза тыкан озун алып жургон бала. Бирок ошого жараша жаман сапатары толтуро аны бир уйдон тарбия алган эмес, отто эрке чонойгонуна шылтап койушчу, эч кимди укпаган, сабырсыз, ""кыз менен акча" дегенде ичкен ашын жерге койгон, отто орой, жеткен тентек, куу, женил ойлуу адам болуп калыптанды, мына ушул жаман сапатары аны артка тартып турду, анын кундуго тентектик кылып балдарды уруп акчасын тартып алганы, кун алыс милициянын буту уйдон узулбогону, башка тууган уруктарын каттуу чочутуп турду, анткени ал уйбулодон мындай тарбиясыз адам жок эле, Тартиптуу уйбулодон тарбиясыз бала чыга келди. Эчкимден кем болбосун дешип агалары Чон окуу жайга откоруп койуштуу, оз каалаганын алып конгон Акыл ал жерде да шоктугун токтоткон жок, акча деп аркимден акча карызга алып уйдогу буйумдарды сатып, агасы алып берген машинасына кыздарды салып алып кундуго диско клубдарда, ойноп журуп сабакты да унуту, туугандары мындай жоругун тарбиялайбыз деп, уйдо кундо жанжал, Ал мындай акыл уйроткондорду укмак турсун, козуно да илип койбойт, отто текебер, кайра бакырып жооп узатат, аларда макул жаш азыр деп бир азга тим койуштуу, бул жарааны андан ары козгоду, Акылга майдай жакты, андан ашып тушуп тайрандап журуп бир куну машинасын мас абалында айдап жол кырсыгына учурап, унаасын талкалап, анысын жолго таштып уйго жормолоп кирип келип жатып алды да, эртеси баардыгы жумушка кеткенде, сейфдин кулучун издеп тытмалап эч жерден тапай айласыз башын мыкчып олтуруп, бир аз ойлонуп калды акчаны кайдан тапсам? эмнени сатыш керек? кимден акча сурасам? деген суроолор курчап алды, бир замата. Адамдан айла качып кутулбайт дегендей козуно уйдо турган чон плазма телевизору менен Чон энесинин кийим тикчуу машинасы козуно тушту да, эшике чыгып досторун эрчитип келип машинага салып алыпбарып Ломбартга откозуп жиберип, бир жума уйго келбей, аркимдин уйундо жатып качып журду, Агасы жашаган жеринен табып шапалактап жака чабып, уйго судуроп алып келип кайра жанжал салды, эй акмак сен адам болосунбу деги, качанга чейин мен сени козомолдоп журом ыя, жашын жыйырмадан ашты, сен дагы деле жаш баладай ойноп журосун, бут тааныштарга шерменде болуп бутук тукунчонун баласы ууру деп, элдин бетин карай албай калдым, азыр тез жатып эс ал дагы эртенден сабагына баргын суйлошуп койдум деп агасы эшикти жабып чыгып кети, Акылга бул корунуш каттуу тийди, журканын жамынып алып коз жаш тогуп ыйлады, коп ойлонду онолууна каалап. Эртеси эрте менен сабак барып окууну улантып жакшы окуп баштады, унивеситетин ичинде жылдын эн алдынкы студенти болууга да жетишти, башкалардын эсептерин, аткарып акча иштеп да алат кээде, окууну аяктап калды деп чон агасы Баажы министирлигине жумушка орноштуруп, койду, отто шок, акчаны жакшы коргон Акылды ал жердеги корупция буза баштады, кундуго акча ондуруп пара алып, ал акчаны кыздарга чачып клубдардан башы чыкпай жургонду адатка айландырып алды мурдагы адатын кайталап, мурдагы кейипин келди, Кой дегенди, акча кармап чон суйлоп калган неме эч кимге кулак салбайт, Бир куну пара алам деп кармалып калып жумуштан айдалды, бул жоругу баарынын устунон ашып тушту. Атасынын жини келип эч жака иштетпей, Айылга алып барып уйдо малкаратып койду, качан онолгун келсе жумушка орношосун болбосо жок, ушул жерде омур боюу мал карап кала бересин деп, кагып силкип койуп кети шаарга, Акыл укпай кетип калса деле болмок бирок негедир унчукпады, озу тынчтыкты каалап турган эле. Копго журуп анан жашы 25ге жакындап калганын эске алып Акыл Уйлоном деп чыкты да, суйлошкон кызынын уйуно эч кимге айтбай озу жуучулука барып шакек салып, алып келе берди келе жатып телефон чалды, мен силерге келин алып баратам даярдангыла деп, Бул жоругуна туугандарынын баары танкалды, кантип озу жуучулука кетип калды десе, экинчиси акмак десе деп суйлонуп жатышты, кубур шыбырлардын баары токтоп, макул дешип тосуп алып, эки ай отпой чон той беришип уйлондурушту, анткени баары ойлошкон уйлонгондо токтолот деп. Аялы экоо уйлонгондон кийин Россияга иштегени кетишди. Бир жылдан сон Уулду болушуп, кубанычтары койнуна батпай турду, жакшы иштешип бир аз онолгондой тур корсотуп журду. Коодонундо жаман бала эмес жанда жок кол ачыктыгы бар, ар майрамда унутпай белек берип турат туугандарына. Кийинчерек Акчасы кобойо баштаганда, байагы эски адатына салып казино, клубдарга барганды адатка айландырып алды кайра, тапкан акчасын ойноп жок кыла берди, жаш кыздарга да коз артып койот, буга чыдабай аялы кундо урушуп жанжал салат, макул деп чыгып кетет кечинде дагы ошол кейпин кийип келет, акыры чарчады айта берип, эч майнап чыкпагандыктан экоо эки жолго тушушуп ажырашып тынышты, Балдарын алып торкунуно кетип калды. Бул кабар тез эле тууган урука жетип алар да тынчсызданып турушат, Чон агасы дагы кайгырып кирди,: Апа чарчадым мен бул баланызды тарбиялайм деп, билбейм тушунбойм, эмне кылышым керек, эч эсине келчуу туру жок, жашы отузга жакындап калды бул дагы деле ойунга тойбойт, деп Апасына арыз муунун айтып кирди, Чон эненин коолунан эмне келмек эле баары кеч экенин тарбиясыз кылып чонойтуп койушканын тушунду, анткени Акылды кичинесинде Атасы урушса Апасынын уйуно кетип калчуу алар менен келише албаса, туйунун которуп чон энесинин уйуно келе берчуу ушинтип орто жолдо тарбия албай чонойуп калган эле, ээ Баланы башынан деп бекер айтпаптырда деп кана тим болду. Чон эне ичинен сыздап кундогу намазында анын амандыгын тилейт анан кантсин жаман болсо да баласыда. Акыл Россияда чыдабай Кыргызстанга кайты копго жургусу келди бирок бул жакда да чыдабай кайра Россия га кетип иштеп баштады онолгусу келди, жашоодон оз ордун тапкысы келди, бардык жоготкондорун кайтарам деп иштеп баштады билими кучтуу болгондуктан Акыл жакшы майаналуу компанияда иштеп калды уйуно баласына да акча жонотуп турат бир аз ичип казиного барганын эске албаганда оноло тушту, Акча табат бирок тез которулуп кеткиси келет, мына ушул сабырсыз сапаты аны анга турту дагы. Жумушунда бироолор менен акча талаша кетип андан коп отпой алар Акылды тундосу оз Уйунон муздап кетишти, мына ошентип бир замата баары тугонду, бул коомго батпады. Бир жумадан кийин кабарсыз жоголгон Акылды, туугандары издеп табып согун алып кетишти мекенине..!

Эгер Акыл бир аз сабырдуу токттоо болгондо баары жакшы болмок


Жакшы Тарбия эн маанилуу экен адамга мен ушуну андадым..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   kuba.94kg   27 Апрель 2014 - 23:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Айкел…

Жол боюнда тургузулган бул айкел 2010-жылы июнь окуясында курман болгондордун элесине арналып курулган. Көпкө дейре тигилип карап турдум. Жалгыз уулунан ажыраган эне көз алдыма тартыла түштү…

…Азирет Мария апанын жалгыз уулу. Айылдагы бир эски үйдө күн кечиришчү. Атасы каза болгонуна көп жыл болду.
Ошол күнү Азирет адаттагыдай таң эртеден туруп козуларды талаага агытып коюп, тамактанып алып экзаменге шашты. Апасы жылуу сөздөр менен узатып кала берди.
Экзаменди тапшырып болуп, күндөгүдөй эле паркта достору менен бир аз отурду да үйүнө кайтты. Маршруттук таксиде ойго батып баратты. Аңгыча, маршруттун ичиндегилер "эмне болуп кетти?" дешип, баары күбүрөнүп сүйлөнө башташты. Азирет акырын терезеден карап бир топ жаш жигиттер айланып өтүүчү жолду тосуп алганына күбө болду. Бир убакта Азирет бараткан маршрутту түзүлүшү спортчудай көрүнгөн 20-25 жаштардагы жигит токтотту да, эшикти ачып:
-Эркектер түшкүлө, тез-тез түшкүлө!-деп шашылыш кыйкырды.
Айдоочунун:
-Биз шашылыш, бир жакка баратабыз,-деген сөзүн уккан да жок.
-Түшпөйсүңөрбү? !-жанагы жаш жигит өкүм менен дагы кыйкырды.
Азирет менен 4-5 жигит түшүп, эч нерсеге түшүнбөй эки жакты карап туруп калышты. Ошол убакта каргашалуу "июнь окуясы" башталган эле...
Эмоцияга алдырган жаштар толтура. Алар сепаратисттердин провакациясы экенин кайдан билишсин?
Ошентип, сүрмө топ өзбек айылга сапар тартышты.
Мария апа бир нерсе жетишпегендей уулуна телефон чалды,
-Алло, Азирет?
-Оу апа?
-Кайда жүрөсүң?
-Мен азыр достор мененмин, бир аздан кийин барып калам.
-Эртерээк кел,-телефонду өчүргөнчө замбиректин тарсылдаган үнү угулду. Мария апанын жүрөгү туйлап, үйгө батпай отурду.
Жарым саат өткөн соң, Азиретке кайра чалды. Азиреттен жооп жок көзүнө жаш тегерене кайра чалды.
-"Абоненттин аппатараты өчүрүлгөн…"
Мария апа үйүндө отура албай, дароо облустук ооруканага жөнөдү. Жолдо уулуна бир нече жолу чалды. Азиреттин телефону өчүк…
Ооруканага кирээр замат буту-бутуна тийбей оорукананы түрө кыдырды, Азирет жок.
Коридордо жоон саны бинт менен байланган бети-башы канжалаган жигитти көрүп "Азирет! "-деп жанына чуркап барды, бирок ал Азирет эмес эле…
Колуна дары-дармек кармап шашып бараткан ак халатчандан жалооруй,
-Ай жигит, Азизбеков Азирет деген түшпөдүбү?-деп сурады.
-Билбейм эже, азырынча эч кимдин аты-жөнү тактала элек,-деген бойдон пвлатага кирип кетти.
Ооруканада жарадар болгондордун саны 500гө чукул эле. Мария апа нес болуп туруп калды, жүрөгү уйгу-туйгу болуп, өлүк кананы көздөй бет алды.
"Жан балам менин, жалгызым, берекем ,бул жерден чыга көрбө! "Мен жакшымын" деп кабарыңды берип койчу!" -деп жолдо улам-улам кайталап баратты. Өлүк канада жакындарын издеп жүргөндөр толтура.
"Азирет жок болсо экен, ал тирүү!" -деген үмүт менен Мария апа дагы издей баштады. Кире бериште үстүнө ак шейшеп жабылган сөөк жатат. "Аты-жөнү: Азизбеков Азирет".
Өпкөсүнө ок тийип каза болгон уулунун жүзүн ачты да,
-Азирет! Көзүңдү аччы балам! Айланайын жалгызым! -деп улам опкүлөп, уулунан ажыраганына ишенбей, көз жашын көлдөтө сестенип отуруп калды. Кулагына эч нерсе угулбайт...
Бир убакта,
-Жүрүңүз эже, сыртка чыгып туруңуз,-эки жаш жигит колунан көтөрүп сырт жакка алып жөнөштү.
-Азиретимчи? ! Кана менин балам дагы чыгабы?
-Кайрат кылыңыз эже...
Майрам апага тоо кулагандай туюлду.
-Жо-ок! Мен уулумду алып кетем, ал тирүү!
-Сабыр кылыңыз эже…
Көз жашы токтобогон апаны сооротумуш болушту…
Эки күн өткөндөн кийин кырчындай жыйырма жаштагы уулун жерге беришти. Ошол күндөн тарта Мария апа өзү жалгыз күн кечирип келет…

Мына ушундай…
Бийлигин сактап калуу үчүн "уулум" деп ыйлаган энелердин, "ата" деп ыйлаган наристелердин көз жашынан да коркушпады…
"Эхх заман кайда баратат?" деген суроо узаттым да, жолумду уладым…





Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Janyla   27 Апрель 2014 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Туулган жерге карай сапар.

Балалык.


Тунку жааган жамгыр шаардын чан-тозонун басып,жайкы ысык абаны сергитип,адамга жагымдуу шартты тузгондой.Ушул маалда батыш автобекетинен маршурттук унаа тундук-батышты карай багыт алды.Ооба,бул убакта жол журуу да ынгайлуу,антпесе, чыгыштан чыккан кун тобого чыкты дегиче,эмелеки салкындан дайын жок болот да,бат эле аба ысып,бир орунда туруу тургай,аран дем аласын.Ушундай жайдын аптабына туруштук бере албай,бир чети шаардын ызы-чуусунан тажаган копчулук,туулган айылына же кереметтуу Ысык-Колго эс алганы шашат эмеспи…


Унаа бат эле шаардан чыгып,ээн талаа аркылуу кыскарткан жол менен зымырап учуп бара жатты. Жанаша отурган жургунчулор оздорунчо кобурашып,бири чалууларга жооп берип,бири чалуу аткаруу менен убара.Ал эми терезе жактан орундуктан орун алган кыз,терезени карап,ойлуу баратты.Ушул талаа сымал дуйносу кенен,тегиз, беймарал,таза балалыгы борбордон 175 чакырым аралыкта жайгашкан Балыкчы шаарында откон.

Балалык демекчи,ар бир инсан таттуу наристе балалыгына нечен жолу кайрылышат. Кай бирине таза балалык кези бутпогон жомок,ыр,кенч болсо,чыгармачыл адамдарга балалык кези шам чырактай нур берип,жаны сезимге,жаны ойго туртот.Анын сынары,кыздын ойноок балалык куну таштактуу шаарда,Санташ- Улан шамалына бети кесилгиче ойногон кундору дале коз алдында. Ошол эле балалыгынын опур-топур,сур жылдарын унута албайт,бирок, эстегиси да келбейт,анын жону да бар.Копчулук балдардай бир туугандары менен ата мээримине болонушподу. Башкасын билбейт,бирок, озу жылдыз санап,учкан жылдызга тилек айтып,атасын сагынып,кутподу беле.Сагыныч таарынычка, жек корууго айланды да,калды.Ойлоп корсо,ошол оор мезгилде апасына гана кыйын болуптур.Эне кургур,озу жебегенин жедирип,кийбегенин кийгизип,тапканын балдарына ташычу тура,азыр да санаасы тынбайт.

Балалыгынын дагы бир болугу болгон окуучулук кундору да алыс кундорду самап,айлуу тундо жылдыз санап отту.Убакыт учкан куш белем,кыялындагы кундор орундалып,акыркы ушул жылы дипломдук ишин жактап,ошол алган билиминин бир ууч узуру менен апасын суйунтуп,аз да болсо журогуно жылуулук тартуулагысы келди. «Ооба,Апакебай, сиз мындан да чон тартууга татыктуусуз, канткенде ак эмгегинизди актаар экенбиз…мандайыбызда аман-эсен бар болунуз,Апа! »,-деп,кыз улутунуп алды.

Айнектен корунгон табигаттын кооздугуна суктанып,тугонбогон ой-кыялдын кучагында болонуп,Балыкчы шаарына кирип келишти.Унаа жай гана токтоп,кыз тааныш жерден тушуп,айланага коз чаптырды.Кыздын саамайын салкын аба назик аймалап,жумшак чачтарын шамал тарайт.Туулган жердин абасынан кере-кере жутуп,уйду коздой сагынычтуу шашылыш кадам менен бара жатты.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 27 Апрель 2014 - 23:50

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Kg.lady   28 Апрель 2014 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Тапшырмаларыбыз улам орго жылган сайын, мыктынын мыктысын тандоо татаалдашып баратат. Биринен отуп биринин калеминен бал таматго, чиркин!СүрөтЖадакаласа теманы тандоодогу табиттерда бипбирдей! Мына ушундай калеми курч таланттуулар эл арасында бар экен, Чынгыз менен Алыкул эч качан олбойт! Мукай Элебаев, Байдылда Сарногоев, Жолон Мамытов, Жунай Мавлянов сыяктуу залкар акын-жазуучуларыбыздын учугу уланып, ошол мыкты инсандар баштап берген, чыгармачылыктын чыйыр жолунда жаш калемгерлер баратканына Аллага шугур айтуу менен тортунчу тапшырмабыздын каалгасын ачабыз!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Kg.lady   28 Апрель 2014 - 02:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Тортунчу тапшырмабыздын эрежеси томонкучо:
Суйуктуу форумубуз Суперстан жонундо уч куплеттен кем эмес ыр жаратуу! Биздин чакан олкобуз жана андагы форумчулар жонундо болушу шарт. Демек тортунчу сынак старт алды!

Катышуучуларга чын дилден ийгилик каалайбыз!
Маарага карай АК ЖОЛ!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 28 Апрель 2014 - 02:44


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Hameleon   28 Апрель 2014 - 02:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 03 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2016 12:15
  • Жынысы:Эркек

Саат 02:49 анда биринчи болуп баштап берейин :-)

Телефонум чукулаймын улам басып,
Super KG Суперстан ды коздой шашып.
Жашоомдогу болуп жаткан койгойлорду,
Жарыялап корсотсом деп элге жазып.

Кыргыз домен сайттарынын ичинде,
Турса керек
Super KG биринчиде .
Канча сайтта журсом дагы таппай келем,

Супер челик кызыктарды оз тилимде.

Кыргызымдын жараандарын бириктирип,
Оркундой бер
Super KG, Суперстан ,
Насип этсе мен да кирем бир кун келип,
Балким Активист, балким Аким катарына. )))

Кыргызчалап мынтип жазып жатканыма,
Кубанамын, жана дагы сыймыктанам.
Сен жок болсон журсом керек агенттешип,
Талкууларым оз элиме жеткире албай.

Анча деле акын эмесмин чындыгында,
Кептин баары болбосо керек уйкашканда?
KG Lady эжеке баш болуп жетектеген,
Мен да журом
Супер стандын сынагында.

Мурда журчум
Cуперстан га тушуно албай,
Керектууну издеп дагы таба албай.
Азыр эми коп нерсени тушунгондой,
Жазып жатам ар жерине улам тынбай.


(Ийгилик суперчилер)

Билдирүүнү түзөткөн: Hameleon: 28 Апрель 2014 - 02:49

Да. Я делаю много ошибок. К сожалению жизнь без инструкции.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Барс   28 Апрель 2014 - 06:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Суперстан өлкөсү

Суперчилер жашашат ааламтордун,
Суперстан аттуу бир өлкөсүндө.
Маалыматтар топтолгон кампа сындуу,
Мазмун толо анын бүт бөлмөсүндө.

Билдирүүлөр жазышып, акыл калчап,
Биригишкен пикирлеш улуу-кичүү.
Максаты бар мындагы форумчунун,
Маалыматтык булактын суусун ичүү.

«Super.kg» порталы жанга жагым,
Маалыматтык жана да маанайы шат.
Суперстан жеринде ар бир жаран,
Сыймык менен «Суперчи! » аталышат.

Секунд сайын канатын жайып барат,
Суперстан ичинде тармак кенен...
Кааласаң кел, катталсаң бул өлкөгө,
Катарына кошушат ардак менен!
P. S.
Сунушуңду айтасың башкаларга,
Укмуш кеңеш аласың өзүң дагы.
Пикирлешти табасың, дос болосуң...
Эгер жакса ырың жана сөзүң даамы,
Раазычылык билдирет элдин баары!

Суперчилер катарын толукта да,
Талапкер бол сен дагы тартынбастан.
Артта калба мезгилден, адашпайсың
Наамы дайын ал өлкө – Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 28 Апрель 2014 - 06:44

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   dias   29 Апрель 2014 - 12:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 20 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 23:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Форумда басып өткөн тарыхым

Мен бул дүйнөгө 2008 жаз айы катталгам,
Анда жөн гана Супер форум деп аталган
Форумдун тургандары менен таанышып
Кызык жашоо ошондо мага башталган

Форум менен чогу бутка биз турдук
Суперстан деп аталышына да күбөө болдук
Форумчалырды бириктирүүгө умтулуп
Суперстанда жолугушууларды көп күрдук

http://www.super.kg/ ...opic=28371&st=0
http://www.super.kg/ ...opic=30671&st=0

Биз шаарда жатабербей буулугуп
Тоого чыктык ызы чуудан суурулуп
Кере кере таза абадан дем алып
Эс алып форумчулар кайра келди кубулжуп

http://www.super.kg/ ...opic=36463&st=0
http://www.super.kg/ ...showtopic=48304

Эсимде Аэчка эже бак отургузалы дегени
Көп форумчулар Ата-Түрк паркына келгени
Мен дагы күрөк көтөрүп кудундап барганмын
Күчүмдү шаарымды жашылдандырууга бергени

(http://www. super.kg/...topic=8833& st=0)

Андан соң футбол командасын курадык
Super.kg деп бийик желбиретип туу алдык
Супер Инфо 2011 футбол таймашында
Экинчи оорунга умтулуп биз бардык

(http://www. super.kg/...opic=33157& st=0)

Оюн күлкү тамаша менен гана биз алышпай
Кайрумдуулук көздөй жөнөдүк чон чон арыштай
Балдар үйнө колдон келген жардам аябай
Форумчулар кантип коймок эле ал жака барышпай

http://www.super.kg/ ...showtopic=34001
http://www.super.kg/ ...opic=37306&st=0

Болуп турат Суперстанда анда санда араздашуу
Революция, байкот, сөз талаш жана таарынышуу
Убакыт өтсө баардыгы унутулат да кетет
Кайрадан өмүр сүрөт жаңыдан бирин бири менен таанышуу

Урматтым менен temu

Билдирүүнү түзөткөн: dias: 29 Апрель 2014 - 12:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   kuu-1005   30 Апрель 2014 - 14:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Суперстан


Кыпкыргызча таза суйлоткон "Суперстан" Катталганмын коруп калып капыстан.
Сагынычты бир аз жазып Кыргызстанга. "Салам" деп салам узата алам алыстан.

Суйуу темаларын камтыган "Журок сыры".
Суттой ак сезимдерге бай акындар ыры.
Талыкпай ылдый тушуп карасан "Эркин темада",
Тамашалаша коем деп айтыша кеткен форумчулар чыры.

"Барс", "Рая" сыяктуу улууларыбыз баш болуп.
Баардык жазган билдируусу конулго толуп.
Кубандырат, суйундурот,тан калтырат адамды.
Каталарды капарга албаган жаштарга сабак болуп.

"Админ" бар туура эмес журсон "Бан"га айдаган.
"Айжан" бар жылуу соз менен баарын жайлаган.
Ак конул,кара коз сулуу кыздар да бар, Аяр суйлоп журокторду жипсиз байлаган.

"Суперстан" айландын го эн суйуктуу сайтыма.
Саарлап туруп "Не болду экен?" деп кире калам сагына.
Уйкум келип жаным чарчап турса да.
Улам кирем,бар бол "Суперстан"  дайыма !!!!

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 30 Апрель 2014 - 14:44

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   sanzhar83   30 Апрель 2014 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Суперстанга ..

Алгачкы жолу киргенмин мен бир кезде,

Коногу болуп супердин.

Жарандык алып тез эле,

Сынакка мен да келгенмин.

* * *

Атына заты жарашкан,

Бөлүмгө бай ар тараптан,

Кирсен чыккың келбеген,

Заманбап сайт "Сурперстан" .

Кыргызда сайт жок атаандаш,

Суперден орун талашкан.




Суперстан кичинекей мамлекети,

Ичинде бар адилеттүү акимдери,

Кээде уршуп,бирде мыкты баарлашкан,

Форумчу деп аталган супер эли.




Таанышышпай, көрүшпөгөн бул элдер,

Сырын айтат,сынын айтат бир-бирине,

Эч кимге айталбаган жүрөк сырын,

Мында жазып көкүрөгүн жеңилдетээр.




Ашыгамын ар дайым ашыгамын,

Бир "балээден" кур калчуудай шашыламын,

Деги кандай сырың бар Суперстан,

Күндөн күнгө мен сага тартыламын.






Билдирүүнү түзөткөн: sanzhar83: 30 Апрель 2014 - 15:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Май 2014 - 00:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Жүрсөк да чет жерде,
Баш багып суперге,
Эркин сүйлөпп эне тилде,
Болуп калдык бир
туугандай мамиледе.

Көөдөнүнө катпай ыр
саптарын
Бөлүштү супер менен
акындары,
Билгенин аянбастан
үйрөттү көп,
Насаатын, акылын
билерманы.
Бөлүшүп жүрөктөгү сыры
менен,
Жазышып эн маанилүү
окуясын,
Кээде жагымдуу
жылмайтып да
Кээде жүрөктү
ыйлатасың...

Суперди бизге берген
белектей,
Сактасак эки көздүн
карегиндей,
Кыргызыма туболуктуу
керектей!

Кызыгып күндө кирем,
Уйкудан тураар менен,
Байлангансып жиби жок,
Айланчыктап жүрө берем,
Назарымды буруп алган,
Ыынак дос болуп калган,
Чыга албай суперден.

С
упердин пайдасын көп
көрдүм,
Улуулардын насаатынан
өзгөрдүм.
Периштедей аппак
болбосом да,
Эс-акылым жетпегенди
үйрөндүм,
Рахматымды канча ирет
айтсам да,
Сезилет жетпегенсип алкышым.
Талыкпай кага бер канатын,
Асман тиреп бийик турсун,
Нурундай
ай-күндүн сүйүктүү
Суперстаным. !

Улансын форумчулар жолугуусу,
Желбиреп бийик турсун,
Супердин достук туусу.!
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Kg.lady   01 Май 2014 - 12:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Оболо, супер оболо!

Арылып ичтен капабыз,
Тан атпай сени ачабыз.
Кутман кун каалап баарына,
Кубанып окуп жатабыз!

Каарысы, жашы баш багат,
Теманын турун талкуулап.
Оюн-зоок кызыйт форумда,
Ыр, кулку кундо салтанат!

Арылап жылдар, арылап,
Небере турса барактап.
Азыркы биздин жазуулар,
Архивде сайттын сакталат.

******
Карыптын созун бийликке,
Жеткирип турган копуро.
Озундон алып маалымат,
Тазарып турат жан дуйно.

******
Кызматын кылып чаалыкпай,
Мартабан оссун бир даалай!
Кыргыздын башын бириктир,
Момологон дарактай!

Элиндин алып алкышын,
Маалымат менен сугаргын.
Оболо, супер оболо,
Нечен бир кылым каарыткын!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 01 Май 2014 - 12:25


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   sumaya90   02 Май 2014 - 12:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 03:03
  • Жынысы:Аялзаты

Саякаттап жургон элем мен бир кезде,
Козум тушту Суперстан аттуу мамлекетке.
Тандана бул кандай олко болду экен деп,
Сапар алдым бир айланып келууго.

Жолдомомду колго алып шашыла,
Суперстанды коздодум мен ашыга.
Баш багып киргенде эле бул олкого,
Ысык сезим пайда болду жан дуйномдо.

***
Жашоону жаныдан баштагандай,
Улам эле кирчу болдум жан адамды сагынгандай.
Катталган кундон тарта менин жашоом,
Озгоруп жаны нукка бурулгандай.

Аз кундо коп нерсени байкадым,
Суперстандын кенендигин айтпайын.
Элдеринин ачык, шайыр, кенен пейлин,
Жашырбастан мына ушуну айтайын.

Бул олконун элдери озгочо экен,
Ар бир суйлогон создору орнок экен.
Акимби,суперактивстби, активистби,
Менменсинип кердейишпейт экен.

Оз тилинде сопсонун суйлойт экен,
Бирин бири урматтап сыйлайт экен.
Кез-кезде зериккендер флуддашып,
Ызылдашып, урушупта турат экен.

***

Журокто толук турса кайгы мунун,
Женилдетип бул жерге жаза аласын.
Жан адамдан кутпогон кенештерди,
Керегинче ушул жерден ала аласын.

Суперстан алдыдасын дагы дагы алгала!
Мындан дагы бийиктикти багынтасын алдыда!
Суперстаным деп мына азыр сыймыктанып айтабыз!
Сени менен биз эч качан мезгилден артта калбайбыз
!

Билдирүүнү түзөткөн: sumaya90: 02 Май 2014 - 12:10

Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Tyke_2013   03 Май 2014 - 11:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 201
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Дек 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош обл. Ноокат район.

Суперстан жаштардын шаары,
Кызыгышып киришет жаштардын баары.
Кирбей калсан мезгилден артта каласын,
Издегениндин баарын Суперстандан табасын.

Тогуз ай мурун катталдым эл катары.
Кызыктын баарын коруп келем,
Мен Суперстан жараны.
Азыр болуп супер активист,
Кенири жаза баштадым.
Кызыктын баары суперде,
Конок болгом эл катары мен деле.

Журок сыры темасы адамдын баарын сыздатат,
Флудканага кире калсан жазгандары жыргатат.
Мен кыргызмын темасы патриоттукту жандатат.
Админ деген айымыбыз мунапыс бербей какшатат.

Эскертуу сызыгым толо жаздап конулумду айнытат,
Мурда кара болчу азыр кызыл болуп баратат.
Чолпон айым, Дина айым, Барика айым, Ринатик иним,
Эскертуу берип жадатат.[/b][/ color]

Окшотуп койдум мен деле.
Манастан Чубак кем беле.
Калган форумчуларга да ийгилик!

С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   mega777   03 Май 2014 - 17:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы


Биздин Суперстан!



Салмактуу ордун таап сайттан,
Супер инфо аталган.
Суперде түзүп чоң дүйнө,
Сан бир адам катталган.

Улуудан кичүү бата алган,
Урматтап кээси тамшанган.
Уруш-талаш кээ-кээде,
Учкундап өтүп арадан.

Пайдалуу кеңеш айта алган,
Пикирлештер жайнаган.
Пайдубалың бекемдээр,
Пайдалуу жагын ала алсаң.


Эринбей окуп чыга алсаң,
Эрдиктер турат чыңалган.
Эл ичи өнөр кенчи деп,
Эсепсиз талант такшалган.

Рахмат алып жалпыдан,
Райым,соопту жайылткан.
Раазы болом Суперге,
Рух-дүйнөмдү байыткан.

Сүймөнчүк болуп жакталган,
Суктанып окуп баркталган.
Суперде бар керемет,
Сыйкырлап көптү тарта алган.

Такшалып жүрүп астыртан,
Талыкпай издеп талпынган.
Таланттар чыгаар тапталып,
Таасирдүү Супер сайтынан.

Ааламды көрүп астыртан,
Адилет ишке ашыккан.
Аалымдар чыксын ачыкка,
Айтылуу Супер сайтынын.

Назарын көптүн бура алган,
Нарктуу кеп менен сугарган.
Нурданып турсун түбөлүк,
Нускалуу дүйнө Суперстан!


*****

Сайт менен кызык күнүбүз,
Уйкусуз кээде түнүбүз.
Кызыкка бай ушундай,
Суперде биздин үйүбүз.
Мезгилден калбай замандаш,
Биз менен бирге жүрүңүз.

Чет элден жолдоп саламын,
Жеткирип айтып кабарын.
Жаңылык,жашоо, жолугуу,
Же кусага толгон абалын.
Мекендештен көңүл ток,
Суперден окуп кабарын.

Жылдыздар бизди аралап,
Жалпыга талкуу жаратат.
Жаңыланып кошулуп,
Жылдыздар жайнап баратат.
Жактырган ырбы,кинобу,
Жаңыртып элге таратат.

Жан адам билбес,катылуу,
Жүрөктө сырлар ачылып.
Кеңешин сурап кайгырган,
Кейиштүү тагдыр айтылып.
Боор ооруп кээде ыйласаң,
Кээсине оозуң ачылып.
Кудуңдап жүргөн дагы бар,
Издеген адам табылып.

Жанашып жаштар ,кыз-жигит,
Таанышып жакын сырдашат.
Ортого салып болгонду,
Кыздарыбыз сыр ачат.
Уй-бүлө,турмуш, келечек,
Кызыктуу кеңеш ар тарап.
Алиги жакка негедир,
Коноктор эле көп баратСүрөтСүрөт

Терең мазмун,маанини,
Камтып турган билерман.
Издегениң табасың,
Спорт,кеңеш, ашканаң,
Бизнес,илим, техника,
Медицина жаатынан.
Кээде коет ойлонтуп,
Дин тууралуу талашкан.

Мен кыргызмын урааны,
Дем берип,эрк жаратат.
Камтылса улут бермети,
Кыргызды даңктап таанытат.
Жазуучу,акын, таланттар,
Жан дүйнөңдү жаңыртат.

Мекенге болбой кайдыгер,
Саясий талкуу жаратып.
Түшүнүп кээде түшүнбөй,
Ич ара кызуу талашып.
"Көсөөлөр ишке киришсе",
Коноктор четтеп карашып.

Өкмөткө салып соболду,
Көп кырдуу тармактарынан.
Карапайым элдердин,
Көксөөсүн сурамжылаган.
Супердин тийип жардамы,
Жоопкерчилик колго алган.

Ээрчишип эркин темада,
Оюн-күлкү жайнаган.
Маанайың ачат эриксең,
Флудчулар кайнаган.
Кайрымдуулук кол сунат,
Калтырбай көз жаздымдан.

Кызыктын баарын табабыз,
Кыпкыргызча жазабыз.
Катталып эле койсоңуз,
"Кылтакка илип"алабыз.
Кызыктуу биздин чөйрөбүз,
Кирсеңиз сөзсүз жагабыз!Сүрөт




Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 03 Май 2014 - 17:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Daud   04 Май 2014 - 14:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Суперстан форумчулар мекени

Кубандырат кыргыз тилде экени.

Катталышып аял заты, эркеги,

Жазылды го жакшы сөздүн нечени.



Улуулары насаат сөзүн жазышкан,

Акындары адеп менен айтышкан.

Акылмандар ой-толгоосун бөлүшсө,

Талаттуулар сынактарга катышкан.



Бош орун жок толуп турат бүт жери.

Жазылып суперчинин түркүн кеби.

Билбегенге үйрөткөн көп нерсени,

Суперстан форумчунун мектеби.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   BORN.kg   04 Май 2014 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

ФОРУМЧУЛАР


Ар саатта жаңылык окуп жаңы,
Артып барат супердин окурманы.
А мен болсо досторду жазгым келди,
Тааныбаган, тааныган форумдагы.


Кайра-кайра катталып эчениңер,
Күндөн-күнгө кошулду эсебиңер.
Көбөйсөңөр ушундай ыргак менен,
Көп кытайга бат эле жетесиңер.


Ар бир жазган сөзүңдү сындачу бар,
Ар сөзүңө кызыгып тыңдачу бар.
Аша чапсан жазалайт "акимдери" ,
Ар бөлүмдүн өзүнчө тыңдары бар.



Арасында сөз укпас тентеги бар,
Аял болуп катталган эркеги бар.
Жаңыларды жалпайта койчу өңдөнүп,
Жактырбаган "динозавр" бектери
бар...



Атактуусу, эскиси, жаңысы бар,
Акыл кепти сүйлөгөн калысы бар.
Айта берсең түгөнбөйт атаңгөрү,
Ах, форумда баарысы, баарысы бар!


Супер, супер, суперчи, суперчилер
Силер кыйын, силер тың, суперсиңер.
Сый урматта бололу себеби ушул,
Супер деген өлкөдө бир элсиңер.



Эх... Форумчу, форумчу, форумчулар,
Кулкуго шат, ырга карк оюнчулар.
Кечиргиле айыбын суранамын,
Кетирсе эгер бул Борн форумчуңар.



Кантсе да мен силерди жакшы көрөм,
Кантсыңар да, балсынар,
сонунсуңар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 25 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 25, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 02:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: