-Алло?
-Да.
-Аидасыңбы?
-Ооба.
-Үнүң таанылбай
калганбы?
-Эмнеге?
-Билбейм.
-А эмне мынча кеч?
-Силерде түн, бизде
эртең менен.
Бишкек менен Нью-
Йорктун айырмасы
11 саат эмеспи?
-А-а, Америкага
кетпедиңер беле.
-Унутуп
калыптырсыңбы?
-Унутпай эле...
-Уктап атасыңбы?
-Жарым-жартылай.
-Кандай?
-Төшөктө жатам
көзүмдү жумуп. Уйку
менен ойгоонун
ортосунда.
-Бессонница что ли?
-Жо-ок, андай эмес.
Муну эмне дейт
билесиңерби?
-Өзүң айт.
-Анда билип
жүргүлө. Медитация
между сном и явью
дейт.
-Укмуш го?
-Укмуш.
-Аны кимден
үйрөнүп жүрөсүң?
-Ауробиндодон.
-Ки-им?
-Индустардын
акылманы. Сүкүт
чалуунун системасы
менен бүт дүйнөнү
таңгалдырган.
-Йог дечи?
-Ошо сыяктуу.
-А мен аныңды көп
поклонниктериңдин
бири экен
дебатпаймынбы?
-Здра-асьте!
-Аида?
-Ии.
-Сагындыңбы?
-Айтпайм.
-Эмне үчүн?
-Өзүңөр
сагындыңарбы?
-Это словами не
передать, дорогуша.
-А что делать?
-В смысле?
-Словами не
передать
дебатпайсыңарбы.
..
-А-а... Көргүм келет.
Саамайыңан
сылагым келет.
Өпкүм келет. Сөз
менен айталбайсың
да. Канатым гана
жок. Болсо азыр
учуп барат элем.
-Абдан
романтиксиңер,
ээ?
-Ал эмне жаманбы?
-Жо-ок. Наоборот
ушул мүнөзүңөр
жагат.
-Ырахмат.
-Акчаңардын баары
кетти го?
-Эмнеге?
-Узак
сүйлөшкөнүбүздү
айтам. 12-
микрорайондон
чалгансып шашпай
сүйлөгөнүңөрдү
айтам. Все-таки это
Америка.
-Түшүндүм, кызыл
жоолук делбирим
менин...
-Айтматовдун
делбириби?
-Жок, менин
делбирим...
Акчамды башкадан
аясам да, сенден
аябай калайын. Бир
жумалап деле
тынбай сүйлөшө
берүүгө даярмын,
менин кичинекей
ханышам!
-О-о!
-Ишенбейсиңби?
-Ишенем.
-А эмнеге "о"
дейсиң?
-Ханышам
дегениңер жагып
калды.
-Бул чындык да?
-Билем.
-Билсең эмне үчүн
менин эң башкы
суроомду жоопсуз
калтырдың?
-Кайсы?
-Бат эле эстен
чыгарганың
жарабайт, менин
айперим.
-Аябай
эркелеттиңер го?
-Жакпайбы?
-Жагат.
-Эстеген жоксуңбу?
-Эмнени?
-Башкы суроомду?
-Айтайынбы?
-Айт.
-
Таарынбайсыңарбы?
-М-м, аракеттенем.
-Сагындыңбы деп
сурадыңар. А мен
айтпайм дедим.
Туурабы?
-Ту-ура.
-А эмне үчүн
айтпайм дедим?
-Билбейм.
-Кырк бешке
чыккан киши да
ушундай жөнөкөй
нерселерди
түшүнбөйбү?
-Сурооң ширин
чыкты, Аидочка. Бу
дүйнөдө мен
билбеген балээ жок.
Ошентсе да сага
келгенде эң
жөнөкөй
нерселерге башым
жетпей калганы чоң
чындык. Мен
масмын да?
-В смысле масмын?
Ичип алдыңар беле?
-Ах ты, моя
малышка, бир туруп
жарга такаган суроо
бересиң да, бир
туруп наивный
болуп кетесиң да?
-Меню тебю не
понимать.
-Ха-ха-ха, тамашаң
да керемет. Мен
деген сүйүүгө
масмын, Аида
каралдым!
-А-а... Эми жетти.
-Жетсе мен
даярмын,
табышмагыңыздын
жандырмагын
угууга.
-Табышмак деле
эмес. "Айтпайм"
деген сөз "ооба"
дегенди билдирет...
-Ва-ай, ушуга
акылым жетпептир,
ээ?
-Не надо
иронизировать,
Нурлан
Кадырбекович!
Тем
более кокетство деп
кабыл албаңы-ыз.
-Койсоңузчу,
айперим.
Официальный
кайрылганыңызга
караганда
таарынтып алган
жокмунбу?
-Ой, телефонду
папам сурап атат.
Кийинчерек
чаласыңарбы?
-Папаң келди беле?
-Билесиңер да,
хозяйкасынан
качканда биякка
келет эмеспи.
-Анда бошогондо
соткама өзүң чалып
кой.
-Соткаңар
Америкадан деле
ала береби?
-"Роуминг"
деп
коет. Жердин
түбүнө түшүп
кетсем да
шыңгырай берет.
-Кой, түшпөгүлө.
Анда мен ыйлайм.
-"Ыйлайм"
дегениңен сенин...
-Мейли анда. Через
полчаса позвоню.
-Жарайт. Күтөм...
Нурлан сыртка
чыкты. Асман
тиреген аскадай
үйлөрү баса
калчудай болгон
Нью-Йорктун
көчөсү. Ызы-чуу.
Аба ным жыттанат.
"Манхэттенди"
көздөй басты. Бүгүн
жекшемби.
Адамдын баары
эшикте. Көчөнүн
наркы башынан
Мадонна, Бритни
Спирс, Шакира
сыяктуу шоу-
жылдыздардын
килейген плакат-
сүрөттөрү көрүндү.
Арасынан бир
азиатканын көзүнө
кадалган Нурлан
"селт" этип кетти.
Кудум Аиданын
жүзү. Окшоштукпу
же... (уландысы бар)
Министрдин махабаты Министрдин махабаты
#2 12 April 2014 - 16:10
Вый укмуш темаго. Мен Министрдин кызынын махабаты деп окуп алыпмын кайдагыны кошуп.
#4 12 April 2014 - 17:00
Автор, экинчи бөлүгү бар болсо улантсаңыз жакшы болмок. Адабият бөлүмүндө биринчиси гана, экинчиси эч кимде жок болгондуктан уланбай калып калган.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#5 12 April 2014 - 17:07
Туура эмес бөлүмгө ачылган кайталанган тема.
Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү.
Авторго оозеки эскертүү.
Тема жабык.
Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү.
Авторго оозеки эскертүү.
Тема жабык.
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео











