Жашым 25те. Иштеген ишим бар. Жигитим жок. КРда эң жакшы айлык алам. Бирок "канча көп тапсаң, ошончо көп коройт" деген сөз бар эмеспи, жетпейт. Жашым өйдөлөгөн сайын үй-бүлө курушум керек эле дейм, бирок айланамдагы үйлөнгөн жубайлардын кыйналган жашоосун көргөндө оюман кайтам.
1) 2 жыл мурун дос кызым күйөөгө тийген, бир жыл өтпөй ажырашты. Ортодо бир бала бар экенине карашкан жок. Кыздын айтымында, күйөөсу акча таппайт, кайра кыздын ата-энесинен карыз алып, аны бербей, баарына жаман көрүнөт.
2) Кошуна кыз турмушка чыгып, кыздуу болушту. Ажырашып, Кытайга кетти, кызын апасына таштап. Себеби, күйөөсү жумушунан чыгып, үйдө отуруп калыптыр 1 жылдан бери.
3) Эжем күйөөгө тийип, 3 жылдан кийин ажырашты. Анткени, эжем ооруганда, күйөөсү "акчам жок, дарылата албайм" деп, үйүнө таштап кетти.
4) Эжемдин баласыны аялы кетип калды. Байкем жумушу жок, үйдө жатып чүнчүп (дос балдары менен өзүнө окшош жумушсуз), ичип жүрчү экен.
5) Дос балам бар. Ай сайын мага карыз сурап чалат. Колуман келсе, берем, келбесе, таарынба дейм. Аялы менен урушат, балдары кээде ачка калат. Элден калып балдары концерт, театр деген нерселерге барбай калышат.
Ушул окуяларды көрүп, угуп күйөөгө тийгенден корком. Андан көрө чет өлкөгө барып иштеп, үй алып, акча топтоп кайра келип анан күйөөгө тийсемби дейм. Антсем, мен күйөөгө тийбей, күйөө алган болуп каларымды билем. Колунда бар кызды намыскөй бала албайт, а мага намыскөй бала күйөө болушун каалайм!
Азыр менде чет өлкөгө кетүү мүмкүнчүлүктөр көп.
Жашоону ысык-суугун көргөн эже-агайлар бар деп ушул форумга тема ачууну туура көрдүм. Кеңештериңерди күтөм.
Чет өлкөгө кетсемби же үй-бүлө куруп Кыргызстанда калсамбы?
#2 16 March 2015 - 11:38
Жумушуң жакшы болсо, кала бер десеңер, айтат элем, эртең эмне болорумду билбейм. Балким жумушуман ажырап калам, ошол үчүн жети өлчөп бир кесүү керек деп ойлойм.
#3 16 March 2015 - 11:50
Капа болбого жаным.Эрге эле тий кара далы болуп кала элегинде
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#4 16 March 2015 - 12:01
#5 16 March 2015 - 12:03
Кокууй, жаш кыздардын журогун тушурбочу, синдим. Жашоо деген ушундай кызык, бирде ыйлатат, бирде суйунтот, ачуусуна да, таттуусуна да чыдасан жашоо болот.
Болор болбос нерсе учун ажыраша беруу женил ойлуулук деп эле билем.
Акылын болсо ойлонбой турмушка чык, жашын деле бир топко барып калыптыр.
"Экоолосо биздин ит койбойт" дегендей,чет олкого жолдошун менен кетип иштесенер, эки адамдын тапканы бат арбыйт.

#6 16 March 2015 - 12:24
Торпок кезинде тийип кетиш керек, кийин тандап каласын же уже тандап атасын)))) ажырашып кетиш да озундон, турмуштун ысык суугуна чыдап жашап кетиш да озундон. Турмушка чыгып, уйго да, башкага да чогуу жеткен эн таттуу, эн жаманы жашын откондо муздак, бирок зангыраган хан сарайда жалгыз жаткан.
#7 16 March 2015 - 13:03
кенеш сурасаныз, уга да билиниз дегендей, сиз жалан гана терс корунуштогулорду акылынызга чогултуп алсаныз керек, сиздин акыбалынызда куйоого тийип бактылуу келечеги барлар коп, жакшысы уй було курганга аракет кылыныз, жакшы умут жарым ырыс дейт, женил ойлуу болбой жакшы муноз конул ачаарлык айым болунуз, ыйман ченемдуу бактылуу болунуз
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#8 16 March 2015 - 13:04
ммм, теманы окуп кандай чечкиниз жигит ушуну да сурайбы деп ойлопмун.. чегирткеден корккон эгин экпейт дейт, ажырашкандарды эле санабай бактылууларды да эсептеп корчу байболгур!
#9 16 March 2015 - 13:31
Баарын жыйыштырып бугундон калбай эрге тийиниз кокуй)))
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#10 16 March 2015 - 14:16
тебе стоит съездить заграницу, но не работать, а повидать мир, какую-то ее часть, Хорватия , Греция, Австрия, а может Париж ...выбора много, на неделю или больше, перемена места принесет тебе пользу, путешествие как в орле и решке). Говорят, все познается в сравнении.Посмотри на мир, на людей,как они живут. Приедешь обратно и у тебя появятся цели.Ты будешь знать чего тебе хочется по-настоящему.
Удачи!
#11 16 March 2015 - 15:19

Бул билдирууго мен да кошулам. Эл коруп, жер коруп келсениз, ойлорунуздун баары 180 градуска озгорот, азыр сиз учун баалуу болуп турган жумуш, ал экинчи планга отуп калат. Анан ан-сезимибизге да жараша калганы.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#12 16 March 2015 - 15:23
тебе стоит съездить заграницу, но не работать, а повидать мир, какую-то ее часть, Хорватия , Греция, Австрия, а может Париж ...выбора много, на неделю или больше, перемена места принесет тебе пользу, путешествие как в орле и решке). Говорят, все познается в сравнении.Посмотри на мир, на людей,как они живут. Приедешь обратно и у тебя появятся цели.Ты будешь знать чего тебе хочется по-настоящему.
Удачи!
Эми кыргызча эле жазчы орусчаны кыйын билем дебей
#13 16 March 2015 - 15:55
Сиз коруп жана байкап жаткан уй було абалдары сизге терс таасирин тийгизип ойунузду бузуп жатканго. Уйбуло куруу албетте татаал нерсе,бирок уйбуло куруп ажырашып жаткан терс жактарды гана карабастан бактылуу турмушту кечирип жаткандарды да конул болуп ойунузду бурсаныз ,менимче мындай ойдон арыласызго.
Сиздин тагдырыныз жэ болбосо бешененизге жазылган кундор сиз мисал кылган абалдардан такыр башка нукка бурулушу мумкун деп ойлойм,жана да уй було кутсонуз омур жолунуз башка сиз кутпогон мисалы:бактылуулукка,
татту омурго бурулушу мумкун. Баарынын омур жолу бирдей дегенден алыс болунуз. Жакшы жигит чыкса конулунузго жакса ,жашыныз да отуп баратыптыр турмуш курганыныз жакшыго. Ар бир нерсенин оз оордундо оз убагында болгону жакшы деп ойлом. Чындыгында азыр жашообуз кыйындап жаны турмуш курган жаштарыбыз уй булосун сактап калалбай ажырашып жатышат,бул албетте сиз айткандай сырткы адамдарга терс корунуш тушунук алып келеери бышык.
#14 16 March 2015 - 16:06
тебе стоит съездить заграницу, но не работать, а повидать мир, какую-то ее часть, Хорватия , Греция, Австрия, а может Париж ...выбора много, на неделю или больше, перемена места принесет тебе пользу, путешествие как в орле и решке). Говорят, все познается в сравнении.Посмотри на мир, на людей,как они живут. Приедешь обратно и у тебя появятся цели.Ты будешь знать чего тебе хочется по-настоящему.
Удачи!
Элиза айым! Сиз "Мен Кыргызмын" болумундо туруп орус тилинде жазып койуппсуз. Жок дегенде ушул болумдо оз эне тилибизде суйлосок жазсак жакшы болоор эле. Орус тилин мурда тушунбосок да билбесек да , азыркы абал билбесен да билдирип,тушунбосон да тушундуруп жаткан заман болуп калды ар бир кыргыз жараны учун. Кечириниз эгер катуурак жазып койсом!
#15 16 March 2015 - 16:15
Мен да ошентип ойлоп жургонмун.Бирок жашоодо балалуу болуп ,уй-булоо кутконго эч нерсе жетбейт дешет.Сиз табып жаткан акча,айдап жургон машине баары бир кундук нерсе.Биз менен сиз дайыма жаш бойдон журо бербейбиз,эртен эле карыйбыз жалгыздык башыбызга тушот,ошондо сиздин тапкан акчаныз,уйунуз,
машинениз сизге жолдош,бала болуп мээрим тогуп бере албайт.Ошондуктан турмушка эле чыгыныз,жашынызда келип калыптыр.
#16 16 March 2015 - 17:16
Озу бизде менталитет ушундай го эжей.Жигитиниз болсо тие бериниз да,чогуу эл,жер коро бериниздер.
Азыр кээбирлер биринчи,экинчи курста эле турмуш куруп алышып жаштык кылып ошого ажырашып жатышса керек.А сиздин как раз убагыныз экен.Эми акыркы чечим озунуздо.
#17 16 March 2015 - 18:08
Куранда: "Биз адам баласынын кимиси жакшы амалдарды (Иштерди) жасаарын сыноо максатында жер устундогу нерселерди - жердин корку кылып койдук" дегендей, автор сизда жердин устундогу унаа, акча, жана даража деген коркторго кызыкпай, уй-було курганыныз он...
#18 16 March 2015 - 18:14
Чет өлкөгө чыгып эс алып келиңиз
. Анан көңүлгө туура келген адам болсо баш кошуңуз. Ата-энеңиз деле каалап тургандыр турмуш курушуңузду.
Ата-энеңиздин батасын алып, бактылуу жар болуңуз.
#19 17 March 2015 - 00:20
Эркек болгонунузда чыгып иштеп келиниз дейт элем,бирок аялзаты учун биринчи уй-було куруу маанилууроок ко деп ойлойм го.
#20 17 March 2015 - 09:30
Тен тени менен демекчи, тушунугу, тапкан акчасы сиз менен тен, сиздин кийинген, баскан- турганынызды туура тушунгон озунузго ылайык, б.а жашоо образы сизге окшош мырза (идеалда уйбулосу да ошондой) караштыра журунуз. Иштегиниз келсе иштей бериниз, озунузго жеке счет, депозит турундо финансылык жаздык дайынданыз,
квартира сатып алып коюнуз да, аны менен бирге эле мамиле тузо бериниз. Чет олкодо(Европа,
США) деле кыргыз жигиттери коп, Россияны айтпай эле койдум, ал жак экинчи уйубуздой болуп калган. Реалдан болбосо вирт аркылуу таанышып, скайптан корушуп, жылдызынар туура келсе реалдан жолукканга эмнеге болбосун?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео