Суперстан: Шаарда үйүм жок болсо каттоого тура аламбы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • > Өкмөт жооп берет
  • > Мамлекеттик каттоо кызматы
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шаарда үйүм жок болсо каттоого тура аламбы? Жумушка орношордо справка издемей...

#1 Пользователь офлайн   aikow92   13 Апрель 2014 - 00:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Шаарда үйүбүз жок. Батирде турам. Ата-энем айылда. 2009-жылы окуу жайдын жатаканасында жашаганда айылдан каттоодон чыккам. Кийин жатаканда жашабай калдым. Азыр жумушка орношордо шаарда жашаган жеринден справка алып кел дешет экен. Мен шаарда туруктуу жашабасам кайдан алышымды деле билбейм батирден батирге көчмөй. Анан кантип каттоого турам?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Otkurbek   13 Апрель 2014 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 13 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 14 Июн 2025 18:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ошого да ойлоносyнбy? Сүрөт ал оной эледа. Kыргыздар чет олkолордо ага оkшогон масалелерди чечиn оной эле жyрyшотго. Бизде Kыргызстанда баары оной эле андай масалени чечишет. Cен бир kвартирага жашаганы барыn ээси менен жаkшына сyйлошyn бyтyрсон болот. Kийин башга kвартирага kочсон эчнерсе эмес сен yже ишге жайлашыn алган болосyнСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   janusi   13 Апрель 2014 - 10:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 16 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Сен 2021 21:51
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:кыргызстан

,Жер уйдо жашаган туугандарындын же тааныштарындын уйуно суйлошуп турсан болот. Бирок канча киши коп болгон сайын ошончо кварплата чыгып келетда, сен учун да чыгып келген акчаны озум толойм деп суйлоуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   besh-sary   05 Октябрь 2015 - 11:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 13 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Авг 2016 08:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Өзүм Жалал-Абад шаарынан болом. Келинчегим менен 09.10.2014 жылы баш коштук, мыйзам боюнча закска каталбадык. Учурда Бишкекте жашап иштейбиз. Жакында балалуу болдум, балабыз төрөлүшүнөн бир ай алдын Бишкек шаарына закска каталып закс алдык. Балабыз № 4 төрөт канада төрөлдү жана ал жерден балама метрка күбөлүгүн алдым. Эми балама ай сайын педиаторго каталыш үчүн Бишкек шаарына турактуу каталыш керек экен. Менин паспортумдун учету Казакстандын Астана шаарына кататып жарым казак паспортун алгам, учурда эки паспорт менен жүрөм. Келинчегимдин паспорту Жалал-Абад шаардык Аксы районуна караштуу. Кандай жолуу бар биз Бишкек шаарына каталыш учун?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aruushaa   05 Октябрь 2015 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения besh-sary (05 Октябрь 2015 - 11:34) жазган:

Өзүм Жалал-Абад шаарынан болом. Келинчегим менен 09.10.2014 жылы баш коштук, мыйзам боюнча закска каталбадык. Учурда Бишкекте жашап иштейбиз. Жакында балалуу болдум, балабыз төрөлүшүнөн бир ай алдын Бишкек шаарына закска каталып закс алдык. Балабыз № 4 төрөт канада төрөлдү жана ал жерден балама метрка күбөлүгүн алдым. Эми балама ай сайын педиаторго каталыш үчүн Бишкек шаарына турактуу каталыш керек экен. Менин паспортумдун учету Казакстандын Астана шаарына кататып жарым казак паспортун алгам, учурда эки паспорт менен жүрөм. Келинчегимдин паспорту Жалал-Абад шаардык Аксы районуна караштуу. Кандай жолуу бар биз Бишкек шаарына каталыш учун?



Шаарга каталуу үчү бир аз убактынды бөлүп тиешелүү органдарга эле барсан жакшы го. Негизи убактылуубу, биротолобу катталуу үчүн мурунку катталган жеринен каттоодон чыгуусу керек. Каттоодон чыккандан кийин анан азыркы жашаган жериңерге каттала аласыңар.
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Октябрь 2015 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Менин уйбулом" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   vangolu   12 Март 2016 - 06:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 08 Июль 13
  • Соңку аракети: 17 Янв 2021 19:54

Ким кайсы жерде жашаса,ошол жерде квартальный болушу керек.Ал справка берет жашаганы чфндык деп.ошонун негизинде спрпвка менен тийиштуу поликлиникага приписан болосуз.ошондо баланызды,врачтар бекер карап берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Март 2016 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения besh-sary (05 Октябрь 2015 - 11:34) жазган:

Өзүм Жалал-Абад шаарынан болом. Келинчегим менен 09.10.2014 жылы баш коштук, мыйзам боюнча закска каталбадык. Учурда Бишкекте жашап иштейбиз. Жакында балалуу болдум, балабыз төрөлүшүнөн бир ай алдын Бишкек шаарына закска каталып закс алдык. Балабыз № 4 төрөт канада төрөлдү жана ал жерден балама метрка күбөлүгүн алдым. Эми балама ай сайын педиаторго каталыш үчүн Бишкек шаарына турактуу каталыш керек экен. Менин паспортумдун учету Казакстандын Астана шаарына кататып жарым казак паспортун алгам, учурда эки паспорт менен жүрөм. Келинчегимдин паспорту Жалал-Абад шаардык Аксы районуна караштуу. Кандай жолуу бар биз Бишкек шаарына каталыш учун?


Суроого Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматчылары жооп беришти:
- Сиз адегенде кайсы өлкөнүн жарандыгын аласыз, ошону такташыбыз керек. Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, кыргыз жараны бир эле учурда чектеш өлкөнүн жараны боло албайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны болууну кааласаңыз, анда коңшу өлкөнүн жарандыгынан баш тартып, туруктуу же убактылуу каттоого турушуңуз зарыл. Ал эми Казакстандын жарандыгын тандасаңыз, анда КМШ-талону менен убактылуу каттоого турушуңуз абзел. Сиздин сурооңузда айтылган жарым жарандык деген түшүнүк жок. Мүмкүн, сиз Казакстанда жашап турууга уруксат күбөлүгүн алгансыз. Ошондуктан бул маселени так жана туура чечиш үчүн колуңузда болгон документтерди алып, учурда жашап жаткан районуңуздагы паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнө кайрылыңыз. Жубайыңыз дагы кааласа, Аксы районунан каттоодон чыгып, Бишкек шаарына туруктуу же убактылуу каттоого турушу керек. Бул учурда 2004-жылдын 4-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №886 токтому менен бекитилген Жобонун 14-пунктуна ылайык, туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат. Каттоого туруу боюнча өздүгүңүздү тастыктаган документиңиз менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына кайрылууга укуктуусуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мамлекеттик каттоо кызматы
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июн 2025 02:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: