
Мен жасаган эң алгачкы тамак Кызык....
#101 04 Ноябрь 2015 - 20:21
Жашым алтыларда болсо керек эле,школго бара элек кезим болчу. Иним экөөбүз чала күйүк,тузу жок кылып картошка кууруганым эсимде,үйдө иним экөөбүз эле болчубуз. Папам менен мамам иште эле ...

Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#102 16 Декабрь 2015 - 02:18
Биринчи классымда жумуртканы тон майга куруп жегем тамшанып .
#104 16 Декабрь 2015 - 12:54
шовла кылгам.боткого окшосо да даамдуу болгон бирок
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#108 30 Октябрь 2016 - 03:53
Мал кайтарганы талаага чыкчубуз ал жактагы чала малчылар менен отуруп ширенке ала келет болчубуз уйларды аркандап отун терип келип от жагып мака бышырчубуз чокторду уйлоп беттерибиз кызарып бышыралганы бышырып жечу бышыралбаганы ышталган боюнча эле жеп салч. Белибизге туйуп келген нанды агып жаткан сууга малыа жеп чала бышкан жугорудон жеп курсакты кампайтыып мал кайтарчубуз менин биринчи тамагым ушул болгон
#109 30 Октябрь 2016 - 04:11
Бир куну менден кичине бир бала м.н жугору бышыралы дедик. Карасак отун чогултуп бышырсак убакыт коп кетет. Ананда кун жаркырап тийип турат чокту уйлосон башын айланып жыгылып калчудай. Опыты барлар жакшы билет анан кун салкындашын кутпой эле энемдердин орулган буудай анызы бар болчу. Карасак саманы менен турат. Анан жана балага айттым кел ушул уйур самандын ичине жугоруну таштап куйгузолу дедим. Ошондойда кылдык. Анан беттерибиз ысып баштады экооз аны куйгузуп койуп озубуз башка уйур самандын артында олтурабыз. Бир канча убактан кийин туруп карап келгени жонодум. Барсам чекесине от жайылып кетиптир. Журогум тушуп шеригими чакырып кыйкырып тикенектер менен отту очуруп атабыз. Мен болсо ыйлап атам от очошконсуп талааны жарымдап калды коркконумдун себеби коншу полялар дагы буудай аныз болчу аларга отуп кетпесин деп устумдогу футболканы чечип арыктагы сууга малын анан жана жайылып аткан отту аран экоолоп очургонбуз.
Буткондо калтырап чарчап отуруп калган 70 сотых улуштун учто бири куйуп калган. Анан жалган айтпаган бала ал окуяны башка айылдын балдарына тонкоп койгом себеби очуруп буткондо шеригимдин байкеси эшек минип келип калган болчу бул окуяны унутпасам керек.
#110 30 Октябрь 2016 - 04:16
Аа газга жасалган биринчи тамагымды жаны тема ачып ошого жазып салыптырмын ал тамагым мастава жасайн дегем бирок шовла болуп калган суусу жок бирок ач болгонум учунбуу айтор соонун болгон
#111 30 Октябрь 2016 - 04:31
Силердин окуянарды окуп элестетип биир жашарып алдым бир жолу тоодо коншу досум экооз отурабыз нанжок 3 кундон бери нансыз тамакда отпойт же. Анан ойдо жакта улакчы байке бар болчу ошол бизди чакырып калды келгиле нан жаптым дейт. Озуу уйлорубуз башка болгону менен чайларды чогуу ишчубузда. Анан эле мен тан калдым озу улакчы болсо анан ал камыр кармайбы тем более тандыр жок болсо аларда деп ишенип ишенбей бардым. Барсак чын эле соонун майлуу кыпкызыл нандар турат сорудо. Эмнеге жаптыныз десем казанга дейт. Тан калып бирди сындырып экоозго берди даамына чынын айтам соз жок соонун экен. Аймап эле жеп салдык бирок чынында апам жапкан нандан бираз ашып кеткенда. Ошол кундон бери ал байкенин казанга жабылган нанын жей элекмин а менин билген 4 досум айылында камыр жууруп тандырга нан жабышчу. А мен уй саагандан аржагына ото элекмин. Апам ксмыр жууруп баштаганда эле кичинебизде талашчубуз анан бираздан берип койчу биз аны токоч кылып жасап койсок ошентип бышырын берчу анан кочодо мактаны жейт элек мен жасадым деп )))
#112 30 Октябрь 2016 - 04:44
hihikayu (20 Сентябрь 2014 - 07:24) жазган:
Мектептен келип алып эле тайэне, тайатамдыкына жоночумун мактанганы,
бир жолу барсам 3-класс болсом керек,женем жумушта экен тайэнем жок дегенде картошка кууручу десе кооп суу куюп салыпмын пюре болуп калыптыр тайатам байкушум иий мына каарылардын тамагы болуптур а кемпир деп экоо жеп алышкан азыр эстесем даамы башкача эле болчу, суйуп жей турган эмес.
Эн соонун тайата тайененизди суйунтургон экенста. Жылмайып алдым
#113 01 Ноябрь 2016 - 00:32
Шавила деген тамак бар го Ошто ошондой жасагам аным пловко окшоп, даамы страшный ыйлап алгам үйдөгүлөр өлтүрөт деп, жок урушушпаган шылдыңдашкан
.

Внешность - это козырь , но не туз…
#114 03 Ноябрь 2016 - 14:42
апакемдин буту ооруп лечение алганы 2-3 айда бир Ошко барып тураар эле 5-6 кунго. нанды озу келээр кунго жеткидей кылып жаап кетчу негизи. белгисиз себептерден улам нан жаппай кетти бул жолу. анда мен 4-класстын окуучусу элем. кечиндеси чон чарага толтуруп унду салып алып атам экообуз камыр жуурудук. атам тузун, ачыткысын олчоп салып берди. суусун куйуп берди. эрте мн эрте туруп нан бышырган духовкага бышырганбыз.
Апам келгенде мактанып айтып бергем. атам апама сенден да жакшы анан тез жууруйт экен деген. кыз ошондон бери нан жабат
#115 04 Ноябрь 2016 - 20:44
Мен болсо 5-классымда алгачкы жолу жасаптырмын .Суюк тамак макарон салып жасагам.Кууруп атып казанды кармаган майлыгым куйуп кетип ,ешиктеги арыктагы сууга очуруп иши кылса.Ежемдер малда еле,келип ишенбей коюшкан чындап еле сен жасадынбы деп.Азыр ойлосом даамы жок еле тамак болсо керек.
#116 27 Декабрь 2016 - 19:34
Менин алгачкы жасаган тамагым шорпо эле. Бирок бир казан болуп калган...
#118 28 Декабрь 2016 - 00:39
Мен биринчи жолу 4-5класста болсо керек мастава кылгамын, аны менден бир жаш улуу коншу кыз уйротуп турган)))синдим кочодо ойноп жургон, тамакты бышырып аны кочого чыгып жур биз манты бышырдык десек чуркап келген, келип коруп алып ээ деп кетип калган)))анан кошнам экообуз жыргап ичип алганбыз ошоо)
#119 28 Декабрь 2016 - 01:34
4-класс кезим. дагы деле жогоруда жагандай Апам лечение алганы кеткен. атам экообуз уйдогулорго ужин даярдамай болдук. баарын аарчып туурап Эми баштайын дегенде бир кошуна атам менен жашташ аке келип калды. атам эшиктин алдында аны менен суйлошуп копко олтуруп калды. мен тамакты баштадым. майды которуп атамана чыктым, канча куям деп. коргозуп берди. куйдум. кызыганда этти салдым да атама чуркап чыктым канча минута кууруйм деп... кыскасы атама бир чуркап казанга бир чуркап жатып соонун шоола жасагам.
#120 02 Январь 2017 - 12:58
Менин эсимде жок канчанчы класс экеним 5-6 болсо керек . Тайэжемдер талаага кетип мени тамак жасап кой деди , пияз , этти жакшы курусаң ширин тамак болот деди. Аларын кууруп томаттан салып эле суу куюп туруп карасам ужас үстүндө май толтура тамактын свети вообще кыпкызыл , көрсө май менен томатты көп салып алыпмын , анан ал тамактын суусун полный төгүп кайра башка суу куйсам соонун болуп калды көрүнүшү, келип жеп көрүшүп андай мындай дебей баары жакшы көрүп ичишкен .
Эх,
где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!