Уй куруу учун берилген айыл окмотун токтому менен 0.4ГА жер тилкем бар. Эми ошол участоктун кызыл китебин алуу учун мен кайсы болумго кайрылуум керек, жана кандай документтер талап кылынат, баасы (адистердин баардык чыгымдарын кошкондо) канча сом болот, жана канча убакытта кызыл китепти даярдап колума беришет (срочный, обычный туру дешет экен го)? Ушул суроолорго толугу менен жооп берип койсонуздар.
Рахмат.
Жердин кызыл китеби кантип алынат?
#2 17 Март 2014 - 22:46
Дагы бир суроо: участок айыл окмоттун токтому боюнча менин наамымда, эми ала турган кызыл китепке участокту жубайымдын же баламдын наамына озгортуп жаздырсам болобу?
#3 18 Март 2014 - 00:44
Алгач оз атынызга Мамлекеттик Акт алып, андан сон башкаларга откоруп берсениз болот. Ал эми Мамлекеттик Акт алуу учун ошол айыл окмоттон берилген токтом менен озунуз жашаган аймак боюнча кыймылсыз мулкко укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгына кайрыласыз.
Бирок, бул тууралу чыгымдары канча болоорун билбейт экенмин.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#4 11 Апрель 2014 - 14:19
Уй куруу учун берилген айыл окмотун токтому менен 0.4ГА жер тилкем бар. Эми ошол участоктун кызыл китебин алуу учун мен кайсы болумго кайрылуум керек, жана кандай документтер талап кылынат, баасы (адистердин баардык чыгымдарын кошкондо) канча сом болот, жана канча убакытта кызыл китепти даярдап колума беришет (срочный, обычный туру дешет экен го)? Ушул суроолорго толугу менен жооп берип койсонуздар. Рахмат.
Дагы бир суроо: участок айыл окмоттун токтому боюнча менин наамымда, эми ала турган кызыл китепке участокту жубайымдын же баламдын наамына озгортуп жаздырсам болобу?
Суроого Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекттик каттоо кызматынын Кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди:
- Жергиликтүү жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгы бүгүнкү күндө үй куруу үчүнберилген айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде жер тилкесине жеке менчик укугутууралуу мамлекеттик актыны дайындап беришет. Атайын жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнө кирип тийиштүү суроолоруңуздарга жооп алсаңыздар болот. Бөлмөнүн ичинде жасалган жумуштардын прейскуранттары илинген стенд бар. Тез жана кадимки түрүн да сурап билсе, адистер так жооп бере алышат. Мамлекеттик акт (кызыл китеп) токтомдун негизинде жасалат. Токтомдо сиздин атыңыз жазылган болсо, аны өзгөртүүгө эч кимдин акысы жок. Аялыңызга же балаңызга которгуңуз келсе, мамлекеттик актты алгандан кийин белек катары өткөрө аласыз. Аны да ошол эле башкармалыктын ичинен бүтүрсө болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия