айтыныздарчы кандай жол тутайын эжелер менин башыма тушкон нерсе эч бир кыз келиндин башына салбасын деп дуа кылам. жалпы мусулмандарга Аллах озу хидят бербесе илимдуу, намаз окуган адамда чоон куно кылат экен билип туруп жаратканым озу кечирсин аларды ж.а жолдошумду
Жолдошуңуз (жубайыңыз) менен көп убакыт көрүшпөй калдыңыз беле турмуш тажрыйбасынан жазабыз
#22 25 Апрель 2014 - 16:55
айтыныздарчы кандай жол тутайын эжелер менин башыма тушкон нерсе эч бир кыз келиндин башына салбасын деп дуа кылам. жалпы мусулмандарга Аллах озу хидят бербесе илимдуу, намаз окуган адамда чоон куно кылат экен билип туруп жаратканым озу кечирсин аларды ж.а жолдошумду
Андан эрте кутулганынызга суйунунуз демекмин. Белди бекем бууп, баланы чонойто бериниз, ЗАГСка катталган болсонуз, закондуу ажырашып, алимент кестирип алыныз, ЗАГСыныз жок болсо 'жалгыз бой аял' деп соц.фонддон жолокпул, дагы ар кандай женилдетуу чыгартыныз- жалгыз болсонуз далай жардамы тиет.
Эн негизгиси, уйдогулордон жашырбай абалынызды тушундурунуз.
Бирок эмнеге сиз менен ажырашты, тушунбодум?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#23 25 Апрель 2014 - 20:08
себеби мен анын почтасына случайно кирип калдым ал жакта кыздарга мени м.н жашап жатыпта мен ага тийбедим уч кун жашап кетирдим айтор коп нерсени билдим да ага да коз жумдум да айтбай почтасын жок кылдым коб отбой мени козуно илбей биринчи суйгону м.н суйлошуп журду телде
#24 25 Апрель 2014 - 20:15
ал кызы турмушунан ажырашкан экен анан ал ага уйлоном деди ага да макул болдум айткан созун аткардым анан ал сени жакшы корбойум конулум жок сенде деп айтты ошондо адашканымды мойнума алдым суйбогонго суйколбо деди чындап келгенде мен аны акылымдан адашып суйгон экем
#25 25 Апрель 2014 - 20:56
ЗАГС жок баламды озум чонойтом Кудаа кааласа Аллахым жардам берет анын алименти керек эмес мага анын балага тарбиясы аталык милдети керек болчу менден тапбаган бакытын Жаратканым башка аялдан насип кылсын мен жаман ой тилегим жок кантседа баламдын атасы
#26 25 Апрель 2014 - 22:40
Окунучтуу, кейибениз, баласын жалгыз тарбиялаган дуйнодо бир сиз эмес. Сиздинда кочодо майрам болот буйруса. Жолдошунуздунда козу ачылчуу кун келет, азыр сокур болуп жургон кези экен.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#27 25 Апрель 2014 - 23:12
Ассаламу алейкум мен Январ айында турмушка чыктым ата энеси сойко салып кетишти шариат бойунча той болду жолдошум да намаз окуйт мен да окуйм айтайын дегеним 10кундон кийин кайненем мени тушунукту къз экенсин бир эки ай уйго келбейтур деди мен макул болдум
Тагдырың татаал жакка бурулуп кетиптир, алла сабыр берсин. Анан жанагы сен айткан нерселер, почтасындагы жазышуулар, аны өчрүп салганың, анын мурунку сүйгөнү менен сүйлөшүүлөрү, ага үйлөнөм дегени ушул 10 күндүн ичинде эле болуп кеттиби. Кайненең неге 10 күндөн кийин эле үйүңө бара тур дейт, бир -эки айга. Ошол нерселерди үйлөнгүчө, же 10 күн мурун ойлошпогонбу. Кайненең неге "баламды тынч кой" дейт, кайсы күнөөң үчүн.
#28 25 Апрель 2014 - 23:38
Теманын нугун башка жакка буруп жиберипсиздер го?
Адамга адам кымбат болуш керек....
#29 25 Апрель 2014 - 23:41
ЗАГС жок баламды озум чонойтом Кудаа кааласа Аллахым жардам берет анын алименти керек эмес мага анын балага тарбиясы аталык милдети керек болчу менден тапбаган бакытын Жаратканым башка аялдан насип кылсын мен жаман ой тилегим жок кантседа баламдын атасы
Бир нерсени жасоо үчүн, ага чечкиндүү чечим чыгарып, кадам таштоодон башка жол жок.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#30 25 Апрель 2014 - 23:43
Тема боюнча айтсам, турмуш курганыбызга 11 жыл болот, буюрса. Айрылуунун даамын, азабын мен жакшы эле тарттым. Жаңы турмуш курган жылдан кийинки жылы тун кызым боюмда экенинде жолдошум Орусияга кетти. Ал кездеги абалымды сөз менен жеткире алгыдай эмесмин, кайра көрбөй калчудай болуп, сагынып, аябай куса болгом. Кайненемдин үйүндө тургум келбей калган. 1 жарым ай өтүп көз жардым, анда азыркыдай баарында телефон жок. Балам 2 айлык болгуча жүрүп кайненем алып кеткен. Кызым 5 айдан өткөндө, 6 жарым ай дегенде күйөөм депортация болуп келип калды,; сүйүнүчүмдө чек жок. Айылда баягы эле жашоо, жолдошум үйдүн улуусу,,экинчи балам төрөлүп 7 айдан өтүп калганда, паспортун алмаштырып,
жолдошум Москвага сапар тартты, бала кичине чоңойсо артыман барасың деп. Ошондо 8 ай эки жакта жүрдүк, анда балдарыма алаксып калдым кичине. Бирок, жарымы жоктой болуп, анын орду башка экен. Сегиз айдан кийин артынан келгем, ошондон бери Москвада иштеп, кээде чогуу барсак, кээде алмашып барабыз. Бирок жаман жолго түшүп эмес, жаман ойго да бара элекпиз, күмөнсүп жаман- жакшы да айтыша элекпиз, буйруса.
Учурда да жолдошум Кыргызстанда, 1 жарым ай болду. Сагыныч, кусалыктан арыктап да кеттим. Эптеп алаксып атам да, жакында барам буйурса. Ал байкушум ал жакта менден кем эмес кыйналып жатыптыр. Эң башкысы жубайлар ортосунда ишеним, сезим болуш керек да. Айрылуу мамилени бекемдейт деген туура эле келип атат бизге.
Жанагы жогоруда айтышкандай, никени жаңылап окуш керек дегенди укпаптырмын, намаз окуган кайната- кайненем деле айтпаган андайды.
Ажырабай эле койсунчу эч ким!

#31 26 Апрель 2014 - 00:21
Анан ошол айрылуу, жалгыздык жанга батканда ыр саптары чыгат экен:
Жарымы жүрөгүмдүн сенде кетип,
Жарым жан жашап жүрсөм, санаа эзип.
Түйшөлүп, түн күзөтөм, уйкум качып
Түгөнгүр кетиптир ал сени ээрчип.
Уйкумду уурдадыңбы, бере турчу
Уурданып, же түшүмдө келе турчу.
Улутунам, убакыт да жылбагансып
Убайым ай, азырынча жеңе турчу.
Жарымы жүрөгүмдүн сенде кетип,
Жарым жан жашап жүрсөм, санаа эзип.
Түйшөлүп, түн күзөтөм, уйкум качып
Түгөнгүр кетиптир ал сени ээрчип.
Уйкумду уурдадыңбы, бере турчу
Уурданып, же түшүмдө келе турчу.
Улутунам, убакыт да жылбагансып
Убайым ай, азырынча жеңе турчу.
#32 26 Апрель 2014 - 12:46
Азаматсыз го Тынара эже. Негизи уй булонун бекемдиги эки адамдан тен коз каранды. Ошенсе да анча мынча уй булололго ушул эки жакта журуусу коп убакыт ажырымда болуусу себеп болуп жатпайбы. Жолдошунузду аябай сагынып жургон кезиниз экен да. Сизди мен педагог эмес бекен деп ойлоп кеттим.
#33 26 Апрель 2014 - 12:54
Ал эми Гулназ бул темабыз башка нукка бурула жаздаптыр го. Эмнеси болсо да мейли. Эми сага кенешим, кантсе да сенден улуу эже катары. Бул нерсеге бир гана жолдошун эмес сен да кунолуусун же болбосо бул тагдырынар.
Жогоруда айткандай эки адамдан тен коз каранды . Жолдошун жашабайм десе сен жалдырап жабышып жашамак белен. Андан коро ата энен бир туугандарын деле карап турбас. Айжан айкандай белди бекем бууп, баланы тороп, озунду карап журо бер. Ошонодогу жолдошун озу келет. А балким жолдошундан он эсе кыйын адам пешене жазылгандыр деп кенеш бере кетейин.
Негизи сенин арманын журок сырына озунчоле тема кылып ача турган экен эле мейли эми синдим. Сенден аямак белем.
Негизи сенин арманын журок сырына озунчоле тема кылып ача турган экен эле мейли эми синдим. Сенден аямак белем.
#34 26 Апрель 2014 - 13:24
кайсы куном учун деп. Азыр бойумда бар андан 3ай болду корбогонумо сагынам айбай кайненеме чалсам баламы тынч кой уйлонот деди апама кантип айтам ажырашканымды эч кимиси билбейт менин ал м.н башка бир болбошумду Аллага шугур андан бала калды эми омурумду ага арнаймын
Түшүнүксүз эмнеге ажырашканыңызды билбегениңиз жаман го.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#35 26 Апрель 2014 - 14:52
Азаматсыз го Тынара эже. Негизи уй булонун бекемдиги эки адамдан тен коз каранды. Ошенсе да анча мынча уй булололго ушул эки жакта журуусу коп убакыт ажырымда болуусу себеп болуп жатпайбы. Жолдошунузду аябай сагынып жургон кезиниз экен да. Сизди мен педагог эмес бекен деп ойлоп кеттим.
Ой педагог болгонду айтасыңар да, болгондо да филологмун, кыргыз тили жана адабияты мугалими. Шартка жараша бул кесип менен 7 жыл илгери коштошуп, турмуш шамалы Орусияга айдап келбедиби. Кудайга шүгүр жаман болгон жокпуз, бирок, өмүр өтүп баратпайбы, ошол аз күндүк өмүрдө жакындарың менен чогуу жашап өткөнгө жетпейт эле, ушундай болуп калбадыбы заманың түшкүр.. Балдар да эне мээриминн тойбой чоңоюп жатышпайбы, байкуштар.
#36 26 Апрель 2014 - 15:06
Анда туура ойлоптурмун.
Чечен айым экенсиз.Мен да филологдун кызымын. Бирок кесибим технологияга байланышкан да. Созмор эмесмин. Ушинтип жаштарга оз насаатынызды айтып журо бериниз. Ушул кор турмуштун аркасынан менин да кызыл дипломум сейфте муздап жатпайбы. озум болсо минтип орусиядан да тээ алыста журбоймунбу.
Кобу эле откон чакта жазат го негедир болгон деп. Учур чактагылар жок окшойт форумчулардан. Же жумуштагылары жумуштан, айылдагылары айылдан бошобой жатат окшойт
Кобу эле откон чакта жазат го негедир болгон деп. Учур чактагылар жок окшойт форумчулардан. Же жумуштагылары жумуштан, айылдагылары айылдан бошобой жатат окшойт
#37 26 Апрель 2014 - 15:13
ЗАГС жок баламды озум чонойтом Кудаа кааласа Аллахым жардам берет анын алименти керек эмес мага анын балага тарбиясы аталык милдети керек болчу менден тапбаган бакытын Жаратканым башка аялдан насип кылсын мен жаман ой тилегим жок кантседа баламдын атасы
Эн туура!азаматсыз. .жакшы кундор алдыда..андай эркек маскасын тагынган "эркектанадан" кутулганынызга мин мертебе шугур кылыныз!Аллахым наристенизге омур берсин!
#38 26 Апрель 2014 - 15:17
Жубайлардын болунуп эки жакта журуусу уйбулонун жарака кетишине алып келет бирок албетте бардык учурда эмес..бирок негизи ушунун азабынан тилекке каршы ажырашуулар коп болуп жатат..анан эми эмне кылабыз? Кээде мындай кылбаска чаран да жок да..ээхх "туррмуш"
((
#39 26 Апрель 2014 - 15:23
Узак убакыт эки жакта жашап калгандыктын натыйжасында бүлүнгөн үй- бүлөөлөр көбөйүп баратканы чын. Мындайды бизде "төшөгү муздап калат" деп койот. Бул сыяктуу зээнди кейитээрлик окуялардын болушуна жубайлардын өздөрү күнөөлүү да. Дээринен деп койот, дээринде болбогону бирге жашап жүрүп деле ажырап кетип жатышат. Сабыр, эрк болушу керек адамда.
#40 26 Апрель 2014 - 20:18
Анда туура ойлоптурмун.
Чечен айым экенсиз.Мен да филологдун кызымын. Бирок кесибим технологияга байланышкан да. Созмор эмесмин. Ушинтип жаштарга оз насаатынызды айтып журо бериниз. Ушул кор турмуштун аркасынан менин да кызыл дипломум сейфте муздап жатпайбы. озум болсо минтип орусиядан да тээ алыста журбоймунбу.
Кобу эле откон чакта жазат го негедир болгон деп. Учур чактагылар жок окшойт форумчулардан. Же жумуштагылары жумуштан, айылдагылары айылдан бошобой жатат окшойт
Кобу эле откон чакта жазат го негедир болгон деп. Учур чактагылар жок окшойт форумчулардан. Же жумуштагылары жумуштан, айылдагылары айылдан бошобой жатат окшойт
Жылуу сөздөрүңө рахмат. Алыста жүргөн болсоңор башыңар таштан болуп, аман жүргүлө. Жараткан өзү жар болсун.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия