Суперстан: Ооздун жыттануусу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Гастроэнтерология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ооздун жыттануусу. Ооздун жыттануусу.

#21 Пользователь офлайн   Aynura.kg.78   23 Август 2014 - 16:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 20:38

Просмотр сообщения Feijipiao (27 Июль 2014 - 16:14) жазган:

Ооздун ичиндеги жагымсыз жыт ички организмдердин ооруганынан улам пайда болоору маалым. Ал эми ал жагымсыз жытты кетирүүгө төмөндөгүдөй эмен кайнатмасын даярдоого болот: 60 грамм эмен жалбырагына 0,5 литр суу куюп 30 мүнөт кайнатат, суутуп туруп дагы ошончо кайнаган суу кошот. Бул кайнатманы тамак ичкенден кийин пайдалануу керек. Мындан тышкары ромашканын анча көп эмес өлчөмүн жарым литр сууга кайнатып, аны менен бир күндө 4-5 жолу чайкап туруу зарыл.

эмен не я? аптекада сатабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Сентябрь 2014 - 12:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ооздогу жагымсыз жыт
1. Алгач тиштердин бардыгын текшерип көрүү керек. Эгерде тиштер жайында болсо, анда жагымсыз жыттын себеби тамак сиңирүү органдарында, өзгөчө боордо болушу ыктымал. Биз организмге туура келбеген тамактарды көп жегенибизде боордо өт көпкө туруп калып ооздон жаман жыт чыгат. Эгерде муну менен катар далынын асты оорлошуп, бел, бөйрөктүн оорусу, ичтин көпкөнү байкалса, сөзсүз түрдө тамакты мүнөздөп ичүү менен дарыгерге кайрылуу зарыл.
2. Ооздогу жагымсыз жыт кандайдыр бир себептерден улам этти сиңире албай жаткан ашказандын иштөөсүнөн улам болот. Эт жегенди убактылуу токтоткондо бул жыт жоголуп кетсе, анда жогорудагы божомол туура чыгат.
3. Айрым учурда аялдардын айызы келген учурда жана тамекинин айрым сортторун чеккенде дагы ооздон жагымсыз жыт келет. Бул жытты оозду чайкоо менен кетирүү мүмкүн эмес. Ал үчүн жаңы укроптун тундурмасы менен чайкап, көк алма жеш керек. Сарымсак жегенден кийин артынан ашкөк чөбүнүн же сельдерейдин тамырын чайнап койсо жыттанбайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июнь 2015 - 01:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Оозуңуздан жагымсыз жыт чыгабы? 6 себеби бар жана 1 эле нерсе жок кылат
Сүрөт
Кээ бир азыктарды кабыл алган соң ооздон жагымсыз жыт келет. Маселен чийки пияз же сарымсак жегенден кийин. Бирок, сарымсак менен пияз жегенден сырткары да алты себептин натыйжасында ооздо жагымсыз жыт пайда болот.

Мурундун бүтүшү

Сасык тумоо тийип, мурдуңуз аркылуу жакшы дем ала албай кыйналган учурда оозду ачып дем алууга мажбур болобуз. Ал эми ооз аркылуу кирген аба талапка жооп бербегендиктен жагымсыз жыт пайда кылат. Себеби аба, озду тазалоочу ооз көңдөйүнөн чыккан шилекейди кургатып салат. Шилекей канчалык аз болсо, бактерия ошончолук көп болот. Мындай учурда курамында канты жок сагыз жардамга келет. Ал шилекейдин бөлүнүп чыгуусун жакшырат.

Сүрөт

Сыналгы көрүп жатканда тамактануу

Бактериялар таттууну абдан жакшы көрүшөт эмеспи. Андыктан сыналгы көрүп отуруп таттуу жеген сайын жаактын ички катмарындагы микробдор да абдан "кубанышат" . Ооздо таттуудан калган даам кармалып турган учурда бактериялар бат эле көбөйүп кетет. Андыктан сыналгы көрүп отурганда таттуу жебей эле койгон оң болот.

Сүрөт

Ооз чайкоочу каражаттар

Туура. Кээ бир атактуу үлгүдөгү фирмалар ооз чайкоочу антибактериялдык каражаттарды чыгарышат. Алардын курамында 27 пайызга чейин спирт болот. Ал оозду кургатууга алып келет да ооздон жаман жыт бөлүп чыгара баштайт. Андыктан мындай каражаттарды колдонбой эле коюңуз.

Сүрөт

Аз калориялуу диета

Эгерде сиз арыктоо максатында тамактануу эрежеңизге көмүртек жана майларды аз кабыл алуу кирсе, анда денеңиздин ашыкча аммиак иштеп чыгуусуна түркү берген болосуз. Ал болсо, тамак сиңирүүнү начарлатат. Дем алуу органдарына таасирин тийгизет. Демек, узак убакытка аз калориялуу диетага отурсаңыз оозуңуз өтө эле жаман жыттана баштайт.

Сүрөт

Грамотрицателдик бактерия

Ооздогу көптөгөн бактериялардын арасынан эң эле жагымсызы дал ушул бактерия болуп эсептелет. Ал айрыкча тилдин жарылган жерлерине терең жайгашып алат. Андыктан тиш жуушаг учурда тилди кошо щётка менен сүртүп туруу маанилүү.

Сүрөт

Нервдин чыңалуусу

Жүрөгүңүз катуу соксо, алаканыңыз тердесе, стресске кабылсаңыз ал оозуңуздун кургашына алып келет. Андыктан мындай учурда ар дайс суусундук ичиңиз.

Сүрөт

1 стакан сүт- ооздон чыккан жагымсыз жытты кетирүүчү эң мыкты каражат

Андыктан жагымсыз жыт чыгарууга себе болгон тамак- аш колдонууда же жогорудагы себептерге кабылууда бир стакан сүт ичип коюу сунушталат. Ар бир тамактануудан кийин ичсеңиз да пайдалуу.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 26 Июнь 2015 - 01:27

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Nadir27   01 Август 2015 - 13:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жакшы кенештер экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Narynbek   23 Август 2015 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Тишти мисвак менен тазалап жүрсө ооздогу жагымсыз жыттар жоголот.Тишке да,ашказанга да пайдалуу.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Гастроэнтерология
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июн 2025 11:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: