Суперстан: Кошок айтуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кошок айтуу кошок айтуу

#101 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   13 Июнь 2015 - 16:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Эч ким жокко чыгарбай эле атат абже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 07:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Кошок айткандарды такыр жактырбайм театр да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Февраль 2019 - 15:24

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 262
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2025 00:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Кошок айткан да озунчо бир талант.
Биз жакта кошок кошкондор азбы же кошок кошуп ырдашпайбы , коп деле уккан эмесмин.
Кээде чон энемдин кошок айтканын угуп, козумдон жаш айланат. Аябай таасирдуу угулат. Коп деле айтпайт 2,3 куплет.

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 20 Февраль 2019 - 15:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Nurbelek.   27 Февраль 2019 - 12:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 752
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 14 Май 2019 16:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыстардаа

Kyrgyz_bloger (06 Январь 2019 - 07:26) жазган:

Кошок айткандарды такыр жактырбайм театр да

++++
Өзүнчө эле жин кирип алган актрисалардай көрүнөт.
Спорт ден-соолуктун булагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   27 Февраль 2019 - 13:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Кошок айтууга каршы чыккандар жакыныңардан айрылганда билесиңер, ит өлдүбү адам өлдүбү жымжырт болуп билинбей турса деле баарибир болсо, акылыңар тайкы көп нерсеге баам салбаган адамсыңар. Кошок айтууга дин деле тыю салбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   27 Февраль 2019 - 13:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

ACAH_AKA (19 Апрель 2014 - 21:57) жазган:

Алтындан камааааааар менде жок
Айылдан келсем атам жок
Охиииий ооохииии

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   27 Февраль 2019 - 13:14

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

raia (21 Апрель 2014 - 10:20) жазган:

Кыргыз эли ыр менен торолуп,ыр менен оо дуйно сапар алган.Ошон учун ыр жандуу элбиз..Окуруп бакырып ыйлагандан, отуруп алып санат айтып,откон маркумдун жакшы сапаттын айтып кошуунун озу эмнеси жаман.Илгери согуш мезгилинде угузганда бетин жулуп ыйлаган экен.Азыркы заманда жашым канчага барса да бетин тыткан келиндерди корбодум.Бирок укканым согуш маалында деп укканым бар.Куйгон катын кошокчуу дейт.Куйуп жакын адамынан айрылганда ырдан сап курап кошок айтып отурсан ошол ыр менен( кошок) менен бугун чыгып,ичиндеги арманын боксорот.Атамдын козу отуп кеткенде
Короондо кызыл гул болуп.
Осо албадым мандайлаш.
Элинен атам кочтуу деп.
Тура албадым тен тайлаш.-деп арманымдын, атасыз осуп чонойгонумду кыйытып айтып,атабызды бузуп алган эжебизге соз келтирип жер караткам.Ошон учун кошоктун ичинде коп арман болот.
Жаткан жерин карасам .
Жабдылуу шаар корунот.
Алансам апам доолатым.
Козумдун жашы тогулот.
Отурган жерин карасам.
Ордолуу шаар корунот.
Айлансам апам мейиним.
Конулум жаман болунот деп-деп сыздагам апасы кайтыш болгон жан бул ыр саптарын тушунот.
Адырмак тоонун ар жагы,
Арпа бекен чоп бекен
Аркарлар оттоп жейт бекен.
Армандап ыйлап отурсам.
Айлансам апам доолатым
Кызымдын уну дейт бекен.
Будурмак тоонун ар жагы
Буудай бекен чоп бекн
Бугулар оттоп жейт бекн
Буркурап ыйлап отурсам
Алтыным апам жаным ай.
Кызымдын уну дейт бекен.
Эркек кишиге озунчо,аял кишиге озунчо кошулат.Мейит уйдо экенде башка айтылат чыгып баратканда ( Жайга узаганда)башка айтылат.Койу келгенде башка айтылат.
Асмандагы топ жылдыз.
Батайын деп баратат.
Айлансам апам доолатым.
Эл журтунан болунуп.
Жатайын деп баратат.деген сыяктуу.
Эми эркек кишиге озунчо кошулат.
Жолдон чарчп мен келсем.
Жоргонун башын ким кармайт.
Жолдон кызым келди деп.
Жолума тошок ким шайлайт.
Аргымак минип мен келсем
Аргымак башын ким кармайт
Алыстан кызым келди деп
Астыма тошок ким шайлайт.
Астанада кумгандыр
Атакем бетин жуугандыр
Алыстан кызым келет деп
Атакем зорго эле козун жумгандыр.
Керегеде кумгандыр
Атакем кериле басып жуунгандыр.
Качан бир кызым келет деп.
Атакем армандуу козун жумгандыр.
Алты канат ак уйду
Айласыз уйум дединби?
Айлансам атам доолатым
Жер астында кара жер.Т
Туболук жайым дединби.
Жети канат ак уйду.
Жетишсиз уйум дединби?
Айлансам атам доолатым.
Жер астында кара жер.
Туболук жайым дединби?
Аскада жургон топ жылкы.
Айланып уйрун коргон жок.
Айлансам атам доолатым.
Сизди тобубуз менен коруш жок
Кундон кунго кун отор.
Кундон барып ай отор.
Айлансам атам доолатым.
Куйутун тартып кун отор.
Ай артынан ай отор.
Айдан барып жыл отор.
Айлансам атам доолатым.
Армандап журуп кун отор.
Кундон кечке сайраган.
Кукуктон кыйын куш барбы?
Атадан болуп айрган.
Олумдон кыйын иш барбы?
Тан атканча сайраган.
Тартардан кыйын куш барбы?
Атамдан болуп айрыган
Олумдон кыйыш иш барбы?
Булбулдар сайрайт ар жерде.
Мундуулар ыйлайт ар элде.
Булбулдун уну мунайым.
Атаке козун откон сон.
Менин бир кунум мунайым.
Кукутор сайрайт ар жерде.
Куйуттуу ыйлайт ар элде
Кукутун уну мунайым.
Атаке козун откон сон.
Куйуттуу болдум мунайым.
Теньтуш кызын керегин таап жаттап алар.Ата эне мурас дейт.Кана эми биз карыйялар козубуз откондо кыздарыбыз кошок таап,мунайып кошуп отурса.ОЛУМДУН КОРКУ КОШОК ДЕЙТ.Илгертен калган.Жакшы кыз таап ыйлайт,жаман адам каап ыйлайт деген соз бар.Ошон учун бир олум башта дейт.Олумдун сыйнатын кылып,жай отуруп жай кошок кошуп отурса мунун жаманы жок.Шашылып жазып калдым,эсиме киргени ушу болду.Ата эне жаш болобу кары болобу баары бир куйуту бир.Бирок ата эне олсл мурас делет аллахым балам дегизбесин, иним,синдим дегизбесин.

++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Yago.limon   01 Июнь 2019 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Мен эн жакын адамдарымдын биринен айрылганда билгем... кошокту ага чейин билчу да,маани берчу да эмесмин.
Ошол кезде мага да жатта деп беришкен,жаттаган эмесмин,козуно корунобу бир акыбалда отурсан.
Куйутумон ызаланып создор озу келген,айталбаган создор,арман кылган кундор...козго тартылып ичим ачышып,бугум толуп,жаным кейип"эми арабызда жокпу?!" -деген суроо келген сайын,ишене албай арманым кучогон...Козумо эч ким корунгон эмес,болгону ошол чондор "киши келсе ыйла,эч ким жокто унчукпа"- дегени жаккан эмес,баарын антар-тентер кылып чыгып кетким келген,жалгыз калып...аран тилимди тиштеп отургам.

Кошоко мин каршы болсок да,тез арада жок болуп кетчу нерсе эмес,бизге синип калган бул нерсе,бири болбосо,экинчиси айта берет...болгону озубуз чектен ашырып иебиз коп нерсени.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Missing-u   01 Июнь 2019 - 16:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

А ошондой моментте коздон жаш чыкпай коюсу норма элеби? Мен да уже келин болуп калдым ун чыгар дешет мен ыйлай албай коем,адамдар олукту корсон озун эле ыйлайсын дешет,жок мен жон жургондо деле коромда баарына ыйлай бересинби... Апам мн барсамда ыйла дейт чыкпайт,мен олгондо да чыкпай койсочу деп кулот,ыйлабаса кайра жакшы болот бейишке кирет деп коем анда адамдар суйлойт дейт мага сиздин бейишке киришиниз маанилуурак деп кулуп коем апама)бирок андай кунду корсотпой эле койсо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   01 Июнь 2019 - 17:12

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

konfetka_love (17 Май 2014 - 17:46) жазган:

Өкүрүп ыйлоонун зыяндары:
  • Өлүккө өкүрүп ыйлоочулар ыймандуу боло албайт. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в.): " Ким жүзүнө уруп, жакасын тытып жахилят дубасын кылса , ал бизден эмес"- деген.Далил: Абу Бурда р.а.: " Аллланын Элчиси, өкүрүп ыйлоочудан, чачын жулуучудан, жана кийимин тытуучудан жүз бурган"-деген.
  • Өкүрүп ыйлоо, каза болгон адамдын азапталуусуна себеп болот. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в): " Кабырдагы адам, ага болгон адамдарын өкүрүүсүнө жараша азапталат" -деген. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в): " Кимге өкүрүнүп ыйланса, кыяматта ал ошол ыйларга жараша азапталат" -деп айткан.
  • Өлүккө өкүрүп ыйлоочу кыяматта азапталат. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в): " Өлүккө өкүрүп ыйлаган адам эгер тооба кылбаса, кыяматта жаралуу денесине чоктон кийим кийгизилет" -деген.


Чубак ажынын айтканын уктум эле жоктоп ыйласа болот деп. Бирок эгер ал адам ошол жоктоп ыйлаганга татыктуу болсо. Албетте жакыны өлсө баары жоктоп ыйлаганга татыктуу деп эсептейт. Аа чачын жулуп, бетин тытып жиндилик салганды мен көрө элекмин ал оо илгери болгон.

Жоктоп ыйлаган жакпайт андай-мындай дейсиңер жакыныңар өлсүнчүү эки-экиден сүйлөшүп алып барып көмүп койсо көрөм.


Анан ыйлабай көмүп койсо бейишке кирет деп ким айтты? Кайсы хадисте жүрөт? Жыргалгоо күнө кылып-кылып туруп мени ыйлабай көмгүлө мен бейишке чыгып кетейин демек беле. Баары АЛЛАХЫМДЫН буйругу менен болот, сенин эжең сен үчүн өкүрүп ыйлап жатат деп тозокко киргизип жибермек беле. АЛЛАХЫМ абдан кудуреттүү, мээримдүү, айкөл, берешен.


Жэ такыба эмессиңер чылгый жиндисиңер анан кээ бир нерселерди динге такап коёсуңар да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Pandora   22 Октябрь 2019 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 14 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 20:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ата-энемдин журогу...

Сагызган учат,сайда жок,
Сагынып келсем үйдө жок.
Көгүчкөн учат, көлдө жок,
Көргөнү келсем үйдө жок.
Отурган жериң, өзүмө
Ордолуу шаар көрүнөт.
Айлансам ЭНЕМ көргөнүм,
Көргөндүн көзү, күйгөнүм.
Тамырымды кармабай,табат элең дардымды.
Гүлдүү көйнөк кийчи элем, кулкум менен жүрчү элем.
Гүлдүү көйнөгүм сөгүлдү, күлкүм жерге төгүлдү (((((((
Деп,бир күн кайгырып,куса болушумду билет элем.Бирок,ал күн башыма мынчалык эрте келет деп ойлогон эмес элем............. .. Аттиң арман
Мен дуйнону апам менен тааныгам..... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   aldap-saya   22 Октябрь 2019 - 21:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Мынан башына чындап оор кун тушкон окшойт а.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   04 Ноябрь 2019 - 04:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Кошокту уккум келбейт эч жакпайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   News   05 Ноябрь 2019 - 04:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 27 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 16 Янв 2025 04:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтүүчү дүйнө...

Kyrgyz_bloger (04 Ноябрь 2019 - 04:28) жазган:

Кошокту уккум келбейт эч жакпайт

+++++:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   aldap-saya   05 Декабрь 2019 - 09:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Pandora (22 Октябрь 2019 - 19:36) жазган:

Сагызган учат,сайда жок,
Сагынып келсем үйдө жок.
Көгүчкөн учат, көлдө жок,
Көргөнү келсем үйдө жок.
Отурган жериң, өзүмө
Ордолуу шаар көрүнөт.
Айлансам ЭНЕМ көргөнүм,
Көргөндүн көзү, күйгөнүм.
Тамырымды кармабай,табат элең дардымды.
Гүлдүү көйнөк кийчи элем, кулкум менен жүрчү элем.
Гүлдүү көйнөгүм сөгүлдү, күлкүм жерге төгүлдү (((((((
Деп,бир күн кайгырып,куса болушумду билет элем.Бирок,ал күн башыма мынчалык эрте келет деп ойлогон эмес элем............. .. Аттиң арман



Маекте майрам кылып журосунго ичип
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Август 2020 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Kyrgyz_bloger (06 Январь 2019 - 07:26) жазган:

Кошок айткандарды такыр жактырбайм театр да


Мен дагы жактырчу эмесмин… Бирок, баары бир улуу муун чоңдугун салып коет экен.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Ainazka.   18 Январь 2021 - 03:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 349
  • Катталган: 06 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 08 Янв 2022 10:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ош

Мага да бир барак жазып беришкен, аны карап турам но окуй албайм. Жаттаган да эмесмин айта албадым. Урушушкан мени жалгыз кызы кошок кошпой отурат тиги бу дешет деп. Ал маалда дагы бир ааз жаштык кылыпмын айта алган эмесмин. Азыркы башым болгондо айтмакмын деп калам. Олукту алып чыгаарда дагы менин ....... ыраазы болгула Ал кандай адам эле дегендер айтылат экен. Мындайды биринчи угушум ошентип айт дешти. Мен алып чыгып кетип жатканын коргондо эле нес басып озумду жоготком. Азыр эми окуном неге айта албадым экен деп. Чондор эле айтпаса бирок жаштар айта албайт экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Puper-pup   18 Январь 2021 - 10:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

Кошоктун орду бар,бирок тупая традиция деп эсептейм. Эл келатса кошок кошуп,ыйлаган болуп,анан сыртка чыкса,анан тиги не болуптур деп конфет жеп отурганда Алла,Алла дейминго. Жашоо өзү деле театр,анан хотя бы адамды жоготкондо от души ыйлап,кейип узатып койгон туура деп ойлойм.
ПыСы: элдер полюбому жакпайсын,өтө ыйласан тазале укмуш болушуп,эмоционалдуу, ичинен сызсан,былтыйып жаш да чыкпады деген эле сөз укса болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   KAPAGAT   28 Январь 2021 - 04:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Билбейм неге,бирок кошок айткандарды уксам кыжырданам.
Туура жакын адамды жоготуу оор нерсе,бирок жон эле ыйлап душадан,Куран багыштаса пайдалуу эмеспи?!
Олум бар экенин,ал ар бир адамдын башына келээрин,кошок кошуп,чачыбызды жулсак да ал адамдын кайтып келбесин жакшы билебиз...
Ошол жерде да "эл эмне дейт"деп эл мн эсептешебиз.
Апам айтат "-Илгери апам бизге унунорду катуу чыгарып кошок кошуп кыйкырып ыйлагыла(уч агасы дуйно салган)элдер айтат Инияттын кыздары ыйлаган жок деп урушчу.Азыркы акылым болсо анчалык жер чапчып ыйлабайт элем,коп ыйласан ыйдын устуно ый кошулуп учоону тен жерге бердик"деп.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Janna19   17 Март 2021 - 23:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 78
  • Катталган: 06 Ноябрь 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:23

Кошок кошкондорду жаман көрөм.Кошок угуу да жакпайт,айтуу да жакпайт.Каным кайнап кетет да кошок кошкондорду угуп калсам барып ооздорун скочтоп салгым келет да))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июн 2025 11:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: