Саламатсыздарбы,
тун жарымы болгонуна карабай уйку жок,себеби 4.5 саат мурун болгон создор тынчтык бербей,журогуму кыйнап жатат.Анда соз башынан болсун,окуп оз ой пикирлериниздерди айтасыздар деген умуттомун.Азыркы заманыбызда тушунбоочулуктон ажырашкан уй булолор коп эмеспи.Ошолордун катарында эле кайним да бир уул,бир кызы бар экенине карабай ажырашып кетишкен.Кимиси куноолу экенин чынында билбейм, келиним айтса аныкы туура,авысындарым айтса алардыкы туурадай.Кайним уйлонгон,а келиним балдар менен айылда.Келиним менен кээде суйлошуп турганыма байланыштуу,
кечээ номерин сураганынан берип койгон болчумун.Чындыгында аларды кайра жарашса жакшы болот деп ойлочумун,себеби балдары бар эмеспи.Бербей 1.2 кун журдум,себеби билбейт болчумун,арасында келиним айтып жатпайбы баламын буту ооруп жатат,алименттин акчасын жонот дейин дедим эле деп.Бердим,званок кылып не деп суйлошушконун билбейм,бирок кечирээк кайним менин жолдошума званок кылып,женеме айт биздин арабызга тушпосун дептир.Жиним келди балдарынаа акча салып койсо не болуптур деп.Кечкиге кайни синдим баарыбызды конокко чакырган болчу,авысындарым жана кайнагамдар менен ошол тарапка жонодук,кайним да келиш керек болчу.Бардык жакшына эле кулуп жайнап олтурдук,бирок кутконмун кайним айтса керек деп,мен куткондой болбой ал жонундо соз болгон жок.Создун баары конок уйдон чыкканда башталды.Мен бир женем менен артта калган болчумун,кайнимин азыркы аялы менен дагы бир женем алдыда бара жатышты.Кичине баскандан кийин эле кайним,аялы экоо калышты биз учообуз чогуу басып калдык.Анан женем сурап жатпайбы номерди сен бердинби деп.Ооба сизге айттыбы,неге озумо айтпайт деп жиндендим,создон соз чыгып женем экообуз айтыша кеттик,мен не болуптур баласы ооруп жатса,акча салып койсо десем,женем аны бироо кет дептирби,кыйналышын билет экен жон эле жашабайбы дейт.Кыскасы копко айтыштык жолдошум менен кайнагамын жанына жеткенде деле токтободук,
арасында силер кетип келип конуп калыпсынар да деп мени да кошо кетти,себеби мен да жолдошум менен 3 жолу таарынышып жакында кайра жарашкан элек,менин турмушум озунчо бир тема.Ошол созу аябай каттуу тийди,жене ар кимдин пешенесине жазганы болот,балдары учун кичине акча салып койсо эч нерсе болбойт деп,мен оз билгеними бербейм.Кайнагам да женеме кошулуп мага каршы чыкты.Ошонтип маршрутка келип созубуз бутту.Уйго келип эле кайниме званок кылдым да,аялынызга беринчи дедим,алоо дегенде эле баштадым.Билесинби не кылганыны,ошол созду айткын келсе озумо эле айтпайсынбы дедим.Ал сиз менен айтышкым келбеди дейт,анан мен мени менен айтышкандан да жаман кылдын дедим,8.9 жылдык жашоомдо дайыма ошол авысындарымын жанында журуп бир жаман,жакшы айтышпадым эле сенин созун учун биз катту айтышып кеттик дедим.Ортодо кайним суйлоду кыскасы алар менен телефондон аябай эле суйлоштук,мен алардын созуну жакшы укпай,алар мени укпай ошонтип телефонду очуруп коюшту.Аз отпой дагы бир кайнагам жолдошума званок кылып айтып кой номерди бербей эле койсун деп дагы бир жолу эскертти.Номерди берип,келиним тарабын талашып койгонум учун баары мени жаман коруп жатышат.Айтыныздарчы мен туура эмес иш кылдымбы?Мындан наары кандай жол тутушум керек?Ойлоп корсон жонокой эле создор,бирок ушунчалык журогум куйуп,денемин титироосу токтобой жатат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Туура эмес кылдымбы?
#3 20 April 2014 - 04:23
Ноомерин бергениниз жакшы балдарына жардам берсин туудурган кайниниз ортодо балдарына эле жаман болуптур кайниниз эмне кайра тез эде уйлонуп алды аялын кичине кутсо болмок балдары учун
#4 20 April 2014 - 06:41
Кайын журт менен мамилен жакшы болгону тузук го, кечирим сураныз коноко чакырып. Мен сиздин эле куноонузду коруп турам.
#5 20 April 2014 - 06:43
Мурдагы аялы номерин алыптыр, эми калганын балдарынын атасы м.н чечишип алат.
Болоор иш болду. Теманы башка козутпаныз, болбосо оз башынызга муш болот.
Болоор иш болду. Теманы башка козутпаныз, болбосо оз башынызга муш болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#6 20 April 2014 - 07:14
туура эмес кылгансыз бироонун турмушуна кийлигишкен болбойт, кайниниздин азыркы турмушун да бузуп коюшунуз мумкун, ар бир баланын оз ырыскысы болот кийлигишпениз.
#7 20 April 2014 - 07:38
Ит уро берет, кербен журо берет. эжеке андай акылы кем чолок акылдардын созуно неге теригип неге озунузду кыйнайсыз. кайининиз бала туудурганды билгенден кийин бакканды да билиши керек балдарда эмне куноо. мен сиздин эч кандай куноонузду коргонум жок.
#8 20 April 2014 - 07:54
Саламатсызбы автор?
Сиз бироонун жашоосуна киришпей эле койгонунуз жакшы.
Себеби сиздин жашоонуз эмес алардын жашоосу.
Бироонун жашоосуна бироо аралашканга акысы жок.
Сиз аларга жакшылык кылам деп кайра жаман корунуп алып жатасыз!
Ошондуктан оздоруно койунуз,эмне кылса ошол кылышсын.
Сиз бироонун жашоосуна киришпей эле койгонунуз жакшы.
Себеби сиздин жашоонуз эмес алардын жашоосу.
Бироонун жашоосуна бироо аралашканга акысы жок.
Сиз аларга жакшылык кылам деп кайра жаман корунуп алып жатасыз!
Ошондуктан оздоруно койунуз,эмне кылса ошол кылышсын.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#9 20 April 2014 - 09:51
Саламатсызбы автор сиз туура эле кылгансыз, алиментин бериш керек бул закон ченемдүү көрүнүш, андан качып кутула албайт. Бирок номерин бергениңиз үчүн кайниңиз сизди жаман көрүп атат. Эми эмне дейбиз чынын да, азыркы заман да бирөөнүн турмушуна аралашкандын кереги жок. Сиз деле жакшы жагын ойлоп, жардам берейин дегениңиз менен, сиздин ал аракетиңизди башкалар жаман көрүп атат менимче. Сизде күнөө жок туура эле кылгансыз, мындан ары аралашпай эле койгонуңуз он, өздөрү чечишип алат.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#11 20 April 2014 - 11:34
инициатива наказуема дегендей болуптур да
айтырбай эле балдарына жардам берсе болмок, абысыныныз озу чалып сурабай, сот аркылуу алименти кестирип алса болбойбу?
номерди берип койдун деп урушканы тушунуксуз го,эмне омур бою балдарынан жашынып отмок беле?! озунузду жемелебениз, сиз туура эле кылгынсыз, бирок мындан ары киришпей коюн, нервы целее будут
айтырбай эле балдарына жардам берсе болмок, абысыныныз озу чалып сурабай, сот аркылуу алименти кестирип алса болбойбу?
номерди берип койдун деп урушканы тушунуксуз го,эмне омур бою балдарынан жашынып отмок беле?! озунузду жемелебениз, сиз туура эле кылгынсыз, бирок мындан ары киришпей коюн, нервы целее будут
#12 20 April 2014 - 12:02
#13 20 April 2014 - 12:07
Туура эле кылгансыз. Качанга чейин балдарына жардам бербей номерин айтпай качып журо бермек эле.
Бирок, башынызга балээ уйуп эмне кыласыз эми дагы туугандар арасында ошол тууралуу соз боло турган болсо айтыныз алардын араларына тушойун деген эч кандай ой болгон эмес номерди сураганынан эле бергем. Бербейм болду оздору чечишип алышсын деп. Кайын журт менен тынч эле жургон жакшы
Бирок, башынызга балээ уйуп эмне кыласыз эми дагы туугандар арасында ошол тууралуу соз боло турган болсо айтыныз алардын араларына тушойун деген эч кандай ой болгон эмес номерди сураганынан эле бергем. Бербейм болду оздору чечишип алышсын деп. Кайын журт менен тынч эле жургон жакшы
#14 20 April 2014 - 13:03
Сиз туура эле кылгансыз,болгону кайн журтунуз аны туура тушунгулору келбей жатат.Ушундай эркектерди жек коруп кетем ,оз балдарынан качкан.Ажырашса аялы менен ажыраштыго,
балдарында не куноо,аларды карай берсе болбойбу.Сизге айтаарым,мындан аркысына киришпей эле койгонунуз он.
#15 20 April 2014 - 13:45
Артык кылам деп, тыртык кылып алыпсыз да.
Жакшысы, бирөөнүн жашоосуна аралашпай эле койсоңуз болмок.
Алиментти сот аркылуу деле чечип алмак келиниңиз.
Жакшысы, бирөөнүн жашоосуна аралашпай эле койсоңуз болмок.
Алиментти сот аркылуу деле чечип алмак келиниңиз.
В каждой шутке есть доля правды...
#17 20 April 2014 - 15:14
туура эмес кылыпсын эч качан бироонун жашоосуна кийгилишпе.
сенсиз эле чечиле турган маселе.
#18 20 April 2014 - 16:38
алиментти толосун дегендей сиз сот белениз кайсы ата оз баласынан качсын, мумкун берип эле жаткандыр, дагы кайниниз жакшы экен ашата согуп салбай, ар бир баланын оз ырыскысы болот ал кийим алып бербей койсо жыланач калышпайт чонойот.
Эн жакшысы мындан кийин кийлигишпениз, эрди катын урушат эси кеткен болушат болбонуз.
Эн жакшысы мындан кийин кийлигишпениз, эрди катын урушат эси кеткен болушат болбонуз.
#20 21 April 2014 - 15:59
Темадан четтесем да жазгым келди...Эркекке жар табылат экен, аялга эр табылат экен.,ортодогу балдарга кыйын болот да качан корсон...Уйлоноордон же турмушка чыгаардан мурда ойлонуш керек...пландаш керек...ырыскысы бар деп эле анда кочого таштай бериш керекби???
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















