Учурда жумушумдун коптугуно карабай жазгым келди. Жан дуйномдо бурганак болуп, сыр кобойуп, айтаар адам таппай калганда кайтып келээр жерим ушул жак окшойт. Бактылуу болуу учун тынымсыз курошуу керек экен. Дегеним бактылуу турмуш учун сабырдуулук,
сабырдуулук жана сабырдуулук абзел. Коп кыйынчылык отту башымдан. Кайнене- келин арасында тушунбостуктор коп болот деп айтышат негизи. Мен тескерисинче кайненем болгондо, азыркы абалымда болбойт белем деп коп ойлоном. Кыргызда "тууганчылык"
деген нерсе бар эмеспи, чоноюп эс тарткандан бери туугандарымдын жакшылыгынан жамандыгын коп кордум. Озумдун сыноом менен алпурушуп, чыдоого аракет кылып жургондо арам создорду айтып, жашоодон бездирген туугандарыма эмне деп жооп берсем? Кантип чыдасам? Жоопсуз суроолор. Абысындарым,
алыс тууган кайнежелерим,
женелерим айтор "тууган"
деген аты бар бардык адамдар менин балалуу боло албаганымды талкуулашып,
менин отмушум жонундо соз кылышып, мени журок оору кылганга ант беришкен окшойт. Укпайын десем угулат, маани бербейин десем эн чон жарамды козгоп жатышпайбы.
Жалган жерден жалаага кабылуу ото оор нерсе экен. Арам создорго чыдамым жетпей, Алмаз менен коп урушчу болдук. "Сенин туугандарын"
деп эч качан айтпайм деген жаным, ичиме батпай кеткенде айтып ыйлап алам. Уй буломо доо кетируудон коркуп жашап келем!
Кайненем болгондо азыркы абалымдай болбойт белем депсиз кайнене болгондо мындан жаман болмок деп ойлоп кеттим (кечиресизго өзүмдүкүн элестетип жаздым) балким сиз айткандай кайнене болгондо башкалардын оозун жапмак. Баланы Аллахым берерин унутпасын негизи үй бүлөөңөрдү буза турган адам жок экен ошого каниет кылын а менин үй бүлөөм кайнене кайнатамын колунда, өздөрү айтмакчы кааласа жашатат кааласа кетирет"балалуу болдум аркам батты дебе " кааласам 5 минутта кетирип жиберем деген кайненем бар менин.Кетириш алардын колунда эмес демек сөздөргө маани бербей жеңип кетсеңиз болот экен үйү бөлөк жайы бөлөк болгондон кийин.Туугандар сүйлөй берет, куда кааласа балалуу болосуздар жакшы ниет жарым ырыс дейт. Сизге кааларым көп балалуу болуп узак өмүр бактылуу өмүр сүргүлө эч качан кармашкан колунар ажырабасын.

Супер-Инфо
super.kg
видео













Мобилдүү версия