Колледжде, мектепте жалпысынан компьютер колдонгон жана информатик мугалимдерине за вредность толонобу же жокпу? Толонсо канча процент, стаж каралабы?
Информатик мугалимдер
#2 31 Октябрь 2013 - 19:37
Колледжде, мектепте жалпысынан компьютер колдонгон жана информатик мугалимдерине за вредность толонобу же жокпу? Толонсо канча процент, стаж каралабы?
мен иштеп жатканда за вредность паланча процент толонот экен деп айтышкан, бирок юбиз алчуу эмеспиз, стаж каралчуу эмес, компьютердин санына карачуу жана иштеген иштебегенине, к сожалению проценти эсимден чыгыптыр, иштебей койгонума коп болду мектепте.
#5 17 Февраль 2014 - 12:04
Колледжде, мектепте жалпысынан компьютер колдонгон жана информатик мугалимдерине за вредность толонобу же жокпу? Толонсо канча процент, стаж каралабы?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтому менен бекитилген “Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө ТАРТИБИ” жөнүндөгү тиркемесинин 5-беренесине ылайык өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча төлөө эмгек шарттарынын зыяндуулук даражасына жараша кызматтык маянага (тарифтик ставкага) пайыздык катышта, бирок эмгек шарттары оор жана зыяндуу болгон жумуштарга 15 пайыздан жана эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу болгон жумуштарга 30 пайыздан кем эмес белгиленет жана 6-беренеге ылайык жогорулатылган эмгек акы, жумушчуларга эмгек шарттары оор жана зыяндуу же коркунучтуу (бөтөнчө зыяндуу же коркунучтуу)жерлерде жана жумуштун 50% дан кем эмес убактысын иондоочу нурдануу жумуштарында иштеген учурларда төлөнөт.
Ошого ылайык, билим берүү мекемелеринин жумушчуларына зыяндуулукту белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитарлык- эпидемиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык- техникалык коопсуздугу боюнча инспекциянын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, жумуш ордунун зыяндуулугу аныкталат.
#6 30 Апрель 2014 - 21:43
За вредность толонот жана толонуш керек. Бирок алыскы айыл аймактарында саат аз болсо толобой коюшат. Меселен 15-20 саатка жетпесе. Жетсе деле толобой кое беришет экен жанагы гороно, районо дегендер. 15 пайыз толонот. Болжол менен 700-800 толонот да. ошол деле чон акча эмеспи чынбы

Супер-Инфо
super.kg
видео











Мобилдүү версия