Мисвак саргарган тиштерди жаркырата тазалайт. Андан сырткары....
Мисвак – тишке кам көрүүчү эң мыкты табигый каражат болуп эсептелет. 2003- жылы окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, анда мисвакты кадимки тиш жуугуч щётка менен салыштырып көрүшкөн. Жыйынтыгында мисвактын пайдалуулугуна чечилген. Ал эми буга чейин 1986-2000- жылдары Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан мисвакты пайдалануу сунушу жактырылган жана андан ары изилдөөгө багыт берилген.

Мисвактын ден соолукка тийгизген пайдасы:
1. Оозду ар түрдүү жагымсыз жыттардан арылтып, тазалайт.
2. Бүйлөнү бекемдейт.
3. Тиштин бузулуусуна жол бербейт.
4. Саргарып кеткен жана майда таш сыяктуу пайда болгон зыяндуу нерселерди тазалап, жылмакай кылат.

5. Тамак-аш сиңирүүгө жакшы жардам берет.
6. Көздү курчутуп, нурдуу болуп жанып туруусуна себепчи болот.
7. Үндүн чыгуусуна тиштердин да таасири бар, мисвак тишти таза кармагандыктан, үндүн жакшыруусуна түрткү берет

8. Ашказан оорууларын алдын алат.
9. Ой жүгүртүүнү жакшыртат.
10. Эске тутууну жакшыртат.

11. Тиш оорусун басат
12. Баш ооруну айыктырат