Келечек муун суусуз калбашы үчүн бүгүндөн баштап, төмөндөгү эрежелер менен жашасаңыз, тонналаган таза сууну сактап калган болосуз деген үмүттөбүз.
Сиздин көзүңүзгө тамчы болуп көрүнгөн крандан аккан суу күнүнө билинбей 200 литр кетип калат. Ошондуктан,
кранды ар дайым көзөмөлгө алып туруу зарыл.
Сууну үнөмдөөнү бирге үйрөнөлү! Сууну үнөмдөөнү бирге үйрөнөлү!
#1 06 September 2014 - 14:13
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 06 September 2014 - 14:14
Көгү суу болсо, агы суунун буусу. Дүйнө көк болуп көрүнүп, сууга мол болгону менен, анын 3 пайызы гана таза суу. Анын үчтөн бири гана адамдар жашаган жерге жакын. Ал эми, калганы тоонун чокусундагы мөңгүдө, же жер алдында жайгашкан. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө,
эгерде, дүйнөнүн жалпы суусун 100 литр деп элестетсеңиз,
анын иче ала турганыбыз жарым кашык гана!
Окумуштуулардын айтымында, 4 кишиден турган үй-бүлө көнгөн жашоо кейпинен "качып" , айрым жол-жоболорду сактаса, анда алар жылына 140 тонна таза суу үнөмдөөрүн эсептеп чыгышкан.
Окумуштуулардын айтымында, 4 кишиден турган үй-бүлө көнгөн жашоо кейпинен "качып" , айрым жол-жоболорду сактаса, анда алар жылына 140 тонна таза суу үнөмдөөрүн эсептеп чыгышкан.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#3 06 September 2014 - 14:15
Сууну үнөмдөөнүн жолдору:
1. Ашканада. Үйдө колдонулган суунун 10 пайызы ашканага туура келет. Ар бир адам ашканада жүрүп, күнүнө 35 литр суу сарптайт.
- Эч качан чоргону ачык таштабаңыз. Анткени, көбү чоргону ачып алып, анан жуушат. Эгерде, жер-жемиштерди жууйм десеңиз, идишке сууну толтуруп алып, ошого чайкаңыз. Андан кийин да сууну төгүп жибербей, бактын түбүн сугарып койсоңуз болот. Сиз муну менен жылына 18 т. суу үнөмдөйсүз.
- Европада идиш жуугуч машиналар кеңири таркаган. Анын себептеринин бири дал ушул сууну сарамжалдуу колдонуудан келип чыккан. Анткени, 4 кишиден турган үй-бүлө идиштерин колдо жууса, алар бир күндө эле 84-126 литр суу сарпташат. Ал эми, идиш жуугуч машина ушул эле идиш аякты 12 литр суу менен жууйт. Эгерде, машина сатып алсаңыз, сиз жылына орточо 26-40 т. суу үнөмдөйсүз.
- Баарынын эле идиш жуугуч машина алганга шарты келбейт. Ошондуктан, колдо жуусаңыз да, кранды ачык таштабай, атайын идишке куюп алып, ошонун ичинде жууңуз.
- Биз крандан муздак суу чыгарыш үчүн көбүнчө аны агызып коёбуз. Андан көрө керектүү көлөмдө алып, муздаткычка койгонубуз оң

#4 06 September 2014 - 14:17
2. Душ, мончо жана дааратканада.
Үйдө сарпталган суунун 60 пайызы ушул жерге туура келет.
- Мончодо жуунгандан көрө көбүнчө душту тандаңыз. Анткени, мончодо сиз орточо эсеп менен 120-150 литр суу кетирсеңиз, душта 40-50 л. сарптайсыз.
- Ошондой эле, душ алып жатканда да, убакытты туура колдонуңуз. Себеби, 5 мүнөттүк душта 60 л. суу кетет. Эгерде, бир мүнөткө батыраак жуунсаңыз, жылына 4 т. суу үнөмдөйсүз.
- Тишиңизди жууп, же сакалыңызды алып жатканда, чоргону өчүрө туруңуз. Анткени, орточо эсеп менен ар бирине 3 мүнөт алек болуп, суу ага беришине жол бербөө керек. Ушундай кыймыл менен ар бир киши 18 т. сууну үнөмдөөгө алып келет.
- Унитазды өзүнчө бир таштандыга айлантып, ага болбогон эле акыр-чикирлерди таштап, суусун агыза бербеңиз. Ар бир жолкусунда 10 литр суу кетерин билиңиз.
- Крандын бурамайларын жана сууну коё берүүчүлөрүн болушунча жеңилдетилген жаңы түрлөрүн сатып алыңыз. Мисалы, бир көтөргөндө, суу ага турган крандар эң ыңгайлуу жана сарамжалдуу.
- Сиздин көзүңүзгө тамчы болуп көрүнгөн крандан аккан суу күнүнө билинбей 200 литр кетип калат. Ошондуктан, кранды ар дайым көзөмөлгө алып туруу зарыл.

#5 06 September 2014 - 14:19
3. Кийим-кечекти жуу. Буга үйдөгү сарпталган суунун 20 пайызы туура келет.
- Эгерде, сиз кийимди кир жуучу машинага жуусаңыз, колго жуугандан алда канча сарамжалдайсыз. Бирок, ошондо дагы, салмагына жеткирбей жуугандан качыңыз. Себеби, салмагына карабастан, программалаштырган боюнча 176 л. суу сарпталат.
- Эгерде, сиз кийимди кир жуучу машинага жуусаңыз, колго жуугандан алда канча сарамжалдайсыз. Бирок, ошондо дагы, салмагына жеткирбей жуугандан качыңыз. Себеби, салмагына карабастан, программалаштырган боюнча 176 л. суу сарпталат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#6 06 September 2014 - 14:21
4. Ал эми, калган 10 пайызы башка муктаждыктарга кетет. Мисалы, бакты сугаруу, же автомашинаны жуу ж.б.
- Бакты же жашылчаларды сугарууда, айрыкча шаар тургундары сөзсүз таза суу колдонбой деле койсо болот. Андан тышкары, жамгыр жааганда, атайын даярдалган идиштерге жамгыр суусун топтоп алыңыз.
- Автомашинаны күндө суу коротуп жуугандын ордуна, нымдуу чүпүрөк менен аарчып да койгон оң
Сөздүн аягында, "суунун башында" турсак да, аны жөн-жай сарптай бергенден алыс болушубуз шарт.Ошондуктан, сууну үнөмдөөнү бирге үйрөнөлү!
- Бакты же жашылчаларды сугарууда, айрыкча шаар тургундары сөзсүз таза суу колдонбой деле койсо болот. Андан тышкары, жамгыр жааганда, атайын даярдалган идиштерге жамгыр суусун топтоп алыңыз.
- Автомашинаны күндө суу коротуп жуугандын ордуна, нымдуу чүпүрөк менен аарчып да койгон оң
Сөздүн аягында, "суунун башында" турсак да, аны жөн-жай сарптай бергенден алыс болушубуз шарт.Ошондуктан, сууну үнөмдөөнү бирге үйрөнөлү!
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#9 02 April 2016 - 13:02
Дарыянын жээгинде жашасак дагы, чолдо жашасак дагы сууну ысырап кылбай, суунун кадырын билип жашайлы.
**************************

Супер-Инфо
super.kg
видео