Cуроо: Сокулук районунун Военно-антоновка айылынан (унаа базарынын арты) 2013-жылы жер тилкесин сатып алгам. Курулушка, кызыл китеби бар. Быйыл март айында участоктун чегин (төрт бурчун) тактатып, казык кактырып алайын деп Сокулук райондук мамлекеттик каттоо органына арыз жазып, 400 сом төлөдүм. 3 күндөн кийин бир кызматкерин кошуп берди. Участокко келгенде тиги кызматкер "бул жер отбивка боло элек экен, мен кантип ченейм. Кийин бул жер отбивка болгондо чек аралар 2-3 метрге чейин жылшыып кетиши мүмкүн" деди да ченебей кетип калды. Анан да колундагы картасын карап, менин жеримди бир тилке ары жакта деп чыгарды. Тактап айтканда, мен алган жерге тушумдагы кожоюндун жери туш келип, меники бир тилке төмөн жылып калды.
Ошол эле күнү мен жер алган адамды ээрчитип барсам, колундагы картасы менен жеримди өз ордунда экенин айтып, көрсөтүп, жеримдин төрт бурчуна казык кагып берди. Менин жер тилкемдин катарына үйлөр салына баштады, алардын номурлары боюнча меники өз ордунда эле. Сокулук каттоо кызматынынын баягы кызматкерине телефондон байланышсам,
"мен адашып калган окшойм, хозяин туура деп, жеринди ченеп берсе үй сала бер" деди. Сурайын дегеним: Отбивка дегени эмнеси? Хозяиндин айтканы боюнча короо курсам, кийин маселе жаралбайбы?
Сокулук мамл. каттоо кызматкеринин "отбивка боло элек экен, ченебейм"
дегенге укугу бар беле?

Супер-Инфо
super.kg
видео









Мобилдүү версия