27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, кийин Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.
Ал жакта жолдун ачылышын күткөн канча адам турат? Телевизордон көрсөм, баягы эле "апалар"
(ОБОН). Айта берип айткым келбей калды. Кайсы бет менен ошол жерде жүрүшөт. Кыжырым келип турат! Жай жакындаган сайын туристтерди чоочутуп качырышат!
Кандай ойлонбогон акмактар (кечирип койгула)! Тажатышты!
Кыргызстанда качан ушул трайбализм калат? Жээним, байкем, эжем, иним, кулуну деп эле митингке чыга беребизби?!
Жарыбаган акча үчүн кылмышка шектүүлөрдү бошоткула дей берсек, конституциянын,
мыйзамдын эмне кереги бар? Мындай боло турган болсо мыйзамды өрттөп, мыйзамы жок эле жашабайлыбы?
Кандай дейсиңер? Ошондой өлкөдө жашайлы: ар ким өзүнүн каалаганын кылат, ар ким өзүн өзү коргойт, бара-бара бизди күчтүү өлкөлөр жер бетинен жок кылышат!!
!
Деги качан элибиз оңолот? Качан??!!
!
Мына ушундай кичинекей бөбөктөрдү ээрчитип алып "апалар"
жүрүшөт! Ушул бала митингде жүрүшү керекпи? Ушул бала жыйргайбы энесинин алган 1000 сомуна?
Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуу туурабы?
#2 29 Май 2014 - 10:13
Бир колдонуучу таштап кетиптир төмөнкү шилтемени:
http://www.super.kg/ .../?article=21045
Ушунча байлыкты ким таба алат Кыргызстанда? Маңдай териң менен мынчалык байлыкты таба албайсын!
http://www.super.kg/ .../?article=21045
Ушунча байлыкты ким таба алат Кыргызстанда? Маңдай териң менен мынчалык байлыкты таба албайсын!
#4 29 Май 2014 - 11:10
Келдибековду чыгарсын деп тоскону болбойт го ,анан бажы биримдигине кирбейбиз деп жол тосуп тополон кылса кыла беришсин мен да кошулам
#5 29 Май 2014 - 11:32
Кыргызчылыка алдырып атабыз да. Ал жердегилер ойлонсо болмок бир Келдибековго жакшы кылабыз деп бутундой эки райондун элин кыйнап жатышат. Канчалаган элдер эгин маалында урук даарыларын оштон жер жерлерге жеткире албай кыйналышты.
Ошол акмактар ойлонсо болмок. Келдибековдон таза патриот генерал Исаков камалганда Акмат баш азыр аны колдогондор тош болуп пысмыйып бугуп жатышкан аа бугун болсо кайдагы бир жеп ичкич учун бутундой элге зыянынгизип жатышат. канча кун турушат экен коробуз го
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#6 29 Май 2014 - 11:32
Уф! Анан кайра "мыйзам иштебейт"
деп наалып калабыз да!
Compactтын айтканына кошулам, мыйзамды өрттөп салбайлыбы? Эмне кереги бар?
Мыйзамсыз жашап көрөлү, ошол жакшыбы көрөбүз...
Compactтын айтканына кошулам, мыйзамды өрттөп салбайлыбы? Эмне кереги бар?
Мыйзамсыз жашап көрөлү, ошол жакшыбы көрөбүз...
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 29 Май 2014 - 11:39
#7 29 Май 2014 - 11:46
Ош - Эркеч-Там жолу тосулду
Алайдын Сопу-Коргон айылынын кире беришине боз үй тигип, нааразылык билдирип тургандар бүгүн түштөн кийин Ош - Эркеч-Там жолун тосушту. Жол тоскондор саны 300-400дөй киши. Аларды мыйзамсыз жолго барбоого райондук бийлик өкүлдөрү үндөп жатат. Алайда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган элдин саны артууда. Айтымында, жол тосуп турган 400 адамдын катары дагы көбөйүшү мүмкүн. “Азыр митингчилердин катарына дагы 50гө жакын эл келип кошулду, дагы да кошула тургандар бар экени айтылууда
Кайсы каналга албайын ушул корунуш,тажатып жиберди.Тынч эле оздорунун оокатын кылбайбы деймда,1000 сом учун жаман корунбой.дагы аялдарга не бар дейм,аялга окшоп уйдоле жатпайбы оокатын кылып,балдарында ээрчитип жинди болушканбы? Тушунуш аябайле кыйын болупк алды да...
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#8 29 Май 2014 - 11:50
Асылбек Жээнбеков Алай элине: “Жолду тоспогула, бошоткула! ”
Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Алай районунда митингге чыгышкан Ахматбек Келдибековдун тарапташтарын жол тоспоого чакырды. Төрага жол тосууну эски замандын иши деп атады.
“Ахматбек Келдибеков боюнча ар дайым тийиштүү чаралар көрүлүп келген. Убагында колдоо болуп эле жүргөн. Жан сакчы сураганда берчүбүз, ооруканага барыш керек болсо прокуратурага кайрылчубуз. Жетекчилик дагы бир жолу көңүл бурат. Ага ден соолук, бул иштин аягы жакшы бүтүшүн каалайм”, - деди төрага.
Асылбек Жээнбеков Алай районунун тургундарына кайрылды.
“Алайлык туугандар, парламенттик демократия деген ушул. Элдин үнү айтылсын деп ушул жолду тандап алганбыз. Силердин талабыңар бүгүн парламентте депутаттар тарабынан айтылды. Фракция лидери да айтты. Булар жөнөкөй сөздөр эмес, силердин үнүңөр угулуп жатат. Мыйзамдуу митинг кылгыла, жолугушууга келгиле, биз макулбуз, бирок жолду тоспогула. Жол тосуу Кудайга да жакпайт, муну менен жакшылыкка барбайбыз. Аймактардын экономикасына зыянын тийгизет. Жолду бошоткула, тоспогула”, - деди парламент жетекчиси.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#9 29 Май 2014 - 12:20
Кыргызстанда жапайылар кобойуп кеткенби? 15 жылдай мурун бир белгилуу эле чиновник ушунтип айылдагы аялдардын кыйкырыгы менен, жургунчулорду какшатып жол тосуп жатып бийликке жетти эле, бул жакта туруп бетим кызарган, эмне деген жапайычылык деп. А азыр адат болуп калыптыр....
#10 29 Май 2014 - 13:09
Алай районунда Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп тургандардын арасындагы 14 адам 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул төлөшөт
27-майдан бери Алай районундагы Сопу-Коргон айылында Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууганды уюштурган 14 адамга Облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан административдик чара көрүлгөндүгүн бүгүн, 29-майда ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, булар 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул төлөшөт. Булардын арасында Ахматбек Келдибековдун бир туугандары, классташтары да бар.
http://www.super.kg/ kabar/news/68143/
#11 29 Май 2014 - 13:23
Рас болуптур, тажатып болтурушту бийлиги баш болуп опозиция төш болуп

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#12 29 Май 2014 - 13:37
Келдибековдун бир ууч тууган-жакындары,
акмак экенсинер!
Буткул алай элин жаман аттуу кылып.
#14 02 Июнь 2014 - 04:23
Жумуш орду жоктугунан ушуга окшогондор келип чыгып жатат. Эгер баары жумуш менен камсыз болсо митинг,пикеттерге убакыты жок болуп чыгышмак эмес. Бекерчилерге акча берсе,кыска ойлуу туугандар чыга беретда.
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#15 02 Июнь 2014 - 21:23
Бул жолдун жабылышы канчалаган адамдарга зыян алып келүүдө. Жүк ташуучу камаздар жолдун боюнда тизилип турат. Анын айынан мамлекетке 46млн сом ущерб келтиришиптир.
Андан тышкары карапайым калкка да кыйын болду. Ооруканага бара жаткан кары-картаңдар жолдон өтө алышпай кайра артка кайтып кетүүгө туура келип жатыптыр. Бүгүн 3 айлык наристени ооруканага алып бара жатышып, тосулган жолдун айынан ал жерде жарым сааттай кармалып калган экен, наристе ооруканага жетпей чарчап калган деп жаңылыктардан билдиришти.
Карагылачы эми ушул кылгандары туурабы?! Бул деген жапайычылыктын жеткен чеги да! Ушунун баарына ким жооп берет?!
Карагылачы эми ушул кылгандары туурабы?! Бул деген жапайычылыктын жеткен чеги да! Ушунун баарына ким жооп берет?!
Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 02 Июнь 2014 - 21:25
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#16 02 Июнь 2014 - 22:31
Ар бирнерсени артараптан карап коруу керек, туура тушуном жолдон откон, элди кыйнап жатышат, Балким чын эле Элдин ичи ачышып кайышып чыгып жаткандыр, силер ошону ойлодунарбы?
Акматбек Келдибеков эмне учун камалып жатат, Кыргыз газды 1$ сатылганына каршы чыканы учун куугунтукталып жататканы айдан ачык, баарыбыз билебиз, Элдеген эл кайда айдасан ошол тарапка басат, анын тилин табып иштешуу Бийликтин Милдети...!
Мыйзам деп жатасынар какшап, Ал мыйзам Бироого такыр иштебейт, бироого жарым жартылай иштейт, Бироого толук иштейт!
Баарына бирдей мамиле болсун эч ким кочого чыгакбайт..!
Мыйзам деп жатасынар какшап, Ал мыйзам Бироого такыр иштебейт, бироого жарым жартылай иштейт, Бироого толук иштейт!
Баарына бирдей мамиле болсун эч ким кочого чыгакбайт..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#17 02 Июнь 2014 - 22:51
Vazir (02 Июнь 2014 - 22:31) жазган:
Ар бирнерсени артараптан карап коруу керек, туура тушуном жолдон откон, элди кыйнап жатышат, Балким чын эле Элдин ичи ачышып кайышып чыгып жаткандыр, силер ошону ойлодунарбы?
Акматбек Келдибеков эмне учун камалып жатат, Кыргыз газды 1$ сатылганына каршы чыканы учун куугунтукталып жататканы айдан ачык, баарыбыз билебиз, Элдеген эл кайда айдасан ошол тарапка басат, анын тилин табып иштешуу Бийликтин Милдети...!
Мыйзам деп жатасынар какшап, Ал мыйзам Бироого такыр иштебейт, бироого жарым жартылай иштейт, Бироого толук иштейт!
Баарына бирдей мамиле болсун эч ким кочого чыгакбайт..!
Мыйзам деп жатасынар какшап, Ал мыйзам Бироого такыр иштебейт, бироого жарым жартылай иштейт, Бироого толук иштейт!
Баарына бирдей мамиле болсун эч ким кочого чыгакбайт..!
+10 Эн туура айттын
#18 02 Июнь 2014 - 22:57
Эл кыйналып атса эмнеге отурат АША.Жеп алса деле барбайбы.Туура эмес кылып атасынар деп айтып жолду ачып келбейби.Элдин унун укпаса мнеге олко башчысы болуп шайланды.Ушунтип кача берсе депутат куноосуз жерден камалган окшойт деген ой келет да элге.Эмнеге бетин ачып бербей атат.Дагы жоопко тартылат деп атыптыр.Эл азыр аран турат.оштун тургундары канчадан бери газсыз отурат.Митингчилерге тийсе башка район да карап отурбайт.
#19 03 Июнь 2014 - 00:38
Мындайда, адам өзүнүн бир мүчөсүнүн кан тамырын бууп салса, кандай кыйналат? Билебиз, туябыз баарыбыз эле. Ошол сымал эле да, биринчи орунда дал ошол мүчө өзү кыйналат, анан тулку дене кошо жабыр тартат...
Кыргызда сөз багып сүйлөгөн, сүрү арстандай, тайманбас, калыстыгы таш жарган ак сакал карыяларыбыз кайда?.. Баары эле "шүк" бүгүлүп, калыстыгынан тайып калышканбы?
Ким күнөөлү, ким күнөөлү эмес "тарс-тарс" бүтүрүшсө кана эми, Чубактын чуусундай чубашпай... Далили болсо кайда карап олтурат, төбөлдөрүз. Баштадыбы, этегине чыгарышпайбы, элди кошо сандалтып кыйнабай.. "Керкиңде да, кемтигиңде да күнөө бар"- деп ким айтса да, таамай айткан!

<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#20 03 Июнь 2014 - 01:58
Кызык бизде кыйраткан мыйзам бардай сүйлөпсүңөр го. Силер өрттөгүчө, мыйзамдын күлү калбай калган да.
Болсо эмдигиче, ак үйдө жалаң жаштар калып, беркилер түрмөдө отурмак, Келдибековго шерик болуп, жок да мыйзам ал жашабайт кыргызстанда М сыда!!! !
Болсо эмдигиче, ак үйдө жалаң жаштар калып, беркилер түрмөдө отурмак, Келдибековго шерик болуп, жок да мыйзам ал жашабайт кыргызстанда М сыда!!! !