Clara_Zh (18 Июнь 2014 - 17:20) жазган:
Канатчик мырзабыз дагы байгесинен баш тартпаганда, балким, эмдигиче тизме илинип бүтмөк беле, бул жагы да бир аз колду байлады.
Анда эмесе, жеңүүчүлөрүбүздү кур кол калтырбаган, колу ачык, март инсандарыбыздын тизмегин илип коюуга уруксат этиңиздер:
1) Аскар мырзабыздан - 500 рубль.
2) Нурзида сулуудан - 500 рубль.
3) Айкоо сулуудан - 800 катышуучуларга, 200 рубль алып баруучуларга.
4) Бегимкыз сулуудан - 600 рубль.
5) Аман мырзадан - 500 рубль.
6) Арстан мырзадан - 500 сом.
7) Куба мырзадан - 500 сом.
8) Маска айымдан - 500 сом, бирок бул эжебиз бир гана Канатчик мырзага тапшырам деген сөзү бар.

Ал эми байгелерди жеңүүчүлөрүбүзгө төмөндөгүчө ыйгарууну чечтик:
1. Kosmopolitka - 800 рубль + 500 сом.
2. Tourist - 400 рубль + 100 сом, жана
angelo4ka_96 - 400 рубль + 100 сом.
3. Elmira93 - 250 рубль + 150 сом, жана
Ilyazchik - 250 рубль + 150 сом.
Мындан тышкары 10 добуштан жогору алгандар дагы сыйланды:
Devushka_na_tvoem_vkuse - 200 рубль.
Byityshka - 200 рубль.
Askarchik91 - 200 рубль.
meri6ka - 200 рубль.
Бардык сыйлык ээлерин жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар дайым азыркыдай сымбатыңардын нуру өчпөсүн, жылдызыңар жаркырап, ички жана сырткы сулуулугуңар төп келип, ушул биздин сулууларыбыз деп, көргөн жерден силер менен сыймыктанып биз жүрө берели!

Демөөрчүлөрүбүзгө да өзгөчө ыраазычылык билдирип кетели. Элге көргөзгөн сый-урматыңар ылайым Жараткан тарабынан жүз эселеп кайткан болсун!
"Сулуулар сынагын өткөрбөйлүбү" деп кайдан-жайдан келип алып, элдин тынчын алган, ушул сынактын демилгечиси Romeo_FK мырзага дагы ыраазычылык билдире кетели! Сиз келип жар салбаганда, балким, мындай сынак өткөрүлбөй, чырай жүздөрүбүз аныкталбай, көмүскөдө кала беришет беле ким билет. Андыктан, сиз дагы бар болуңуз!
Жакты. Дагы бир-эки колдонуучуларды да ошентип көрүп, колуна тапшырып, сулуулугуна тамшанып коюу керек болчу да).
Жеңүүчүлөрдү куттуктайм. Баарыңар татынакайсыңар, баарыңар өзгөчөсүңөр. Жылдызыңар жанып тура берсин ар дайым. Мен ошого тилектешмин.
Анан да ар бир инсанды өзгөчө урматка жетелечү жан дүйнөңөр, жүрөгүңөр таза болсун дейт элем. Бул жалган жашоодо жүрөгүңөр да, жүзүңөр да сулуу боло берсин... Чын жашоо да "калп" эмес, алыс эмес....
Билдирүүнү түзөткөн: Jamal..: 18 Июнь 2014 - 19:38