Достор. Же бир кызга байланган үч тагдыр!
#21 29 Июнь 2014 - 03:28
---Жаз келди.Аскат агасына шерик болуп иштеп жүрүп акчасы жакшы эле сумманы чапчып калды.Барып эскилиги жеткен үйдүн ордуна жаңы үй салам деген ойдо жүрө баштады.
(телефондон жазганга аракет кылдым бирок эч эле окшошпой койду достор)
#22 29 Июнь 2014 - 19:01
-Бекжан тынччылыкпы? деди.
-Тынччылык эле... Ийи?
-Мм жөн эле сен мага бир нерсени айта албай жаткандай сезилди...
Бир топ убакыттан кийин ортодогу жымжырттыкты бузуп Бекжан:
-Назик???
-Оов..
-Сага рахмат.
-Эмне үчүн?
-Жөн эле менин менен жүргөнүң үчүн,жашоомдо барың үчүн.
-Себеби сени жакшы адам деп сыйлайм да Бекжан.Ушуга да рахмат айтчу беле?- деп Назик күлүп койду.Ошол убакта күткөн маршрутка келип башкаларга кошулуп элк экөө да түшүп Назиктин үйүнө бара жатышты.Назик бул саам да Бекжандан жөн гана "жакшы бар" деп узатуусун күткөндүктөн өзү менен бара жатканына таң калды.Анын бүгүн өзүн карашы да башкача эле.Жетчү жерге жетишти.Назгүл жашаган кабат үйдүн жанына чейин унчукпай келишти да Бекжан Назиктин колдон ала токтотту.Бирок айта албады.Назиктин көздөрүнөн анын даяр эмес экениндей туйган Бекжан жөн гана коштошуп тим болду."Мейли, башка күнү айтам" деген Бекжан баса берди үйүнө.Ар дайымкыдай үйдө Азамат жок экен.Курсагын эптеп тойгузган Бекжан кино көрүп жатып уктап кетти.Бир маалда эшиктин кыйчылдап ачылганынан ойгонуп кетти.Кирген адам сууну шарылдатып жуунуп кирди."Эмне болду?" деген ойдо ваннага өтүп барган Бекжан кире бериште кан болуп полдо жаткан Азаматтын спортивкасын, ваннада бети башын жууп жаткан Азаматты көрдү...
#23 30 Июнь 2014 - 00:00
-Неңдурайын көптөп кетишпедиби иттики десе- деп сөгүнгөнчө Азамат кан болгон бетин жууп жатты.
-Кимдер? Эмнеге көптөшөт?-деп Бекжандын мээсине каны тээп чыкты.Муштумун кычыратып түйүп досун ургандарды жеп ийчүдөй жини келе түштү.Бетиндеги кандарды жууп бүткөн Азамат Бекжандын түрүн көрдү да адаттагыдай жылмайуу менен:
-Дос алар менен эртең башкача сүйлөшүп алам-деп досун далыдан таптап койду.
-Макул дос,жатып эс ал анда.Бирок эртеге экөөбүз чогуу барабыз уктуңбу-деген Бекжанга айласыз "макул" деп кутулду Азамат.Денесин түз кармап өз бөлмөсүнө кирээри менен ооруган жерлерин кармалай баштады.Кулагы сыйрылыптыр, жондору көк-ала боло түшүптүр,көзүнүн асты шиший баштаптыр дагы көп жерлери жанын кашайтып оорута баштады.Бирок Азамат бул ооруга эмес өзүн таштай качкан Илязга жиндене баштады.Алты баланын ортосунда тепкиде жаткан өзүн карабай качкан Иляздын коркоктугуна жини келди."Бекен болгондо баары башкача болмок беле же ал да качып кетмекпи? Аны дагы сынайм убагы келсе" деген Азамат Бекжанды өзүн ушул акыбалда көргөнүнө өкүнүп да алды.Досун өзү жүргөн чөйрөгө такыр аралаштыргысы келбейт.Бекжандын жашоодогу максаты башка.Анын өзүнө окшоп бирөөнү токмоктоп,же токмок жегенин каалабайт... .
-Эртеси окууга да барбай Бекжан жокто сыртка чыкты да түз эле залга жөнөдү.Илязды таппаган Азамат Бекенге болгон ишти түшүндүрүп алып Иляз жүрчү районго жөнөдү.Кеч гана бир кафеде ошол жерде иштеген тааныштардан билди.Ал олтурган кабинага түз эле кирип барган Азамат Иляздын жанынан тааныш жүз көрүп оозу ачылып калды.Эки көзү алаңдаган ал тааныш жүз өөткөндө Бекенге болушуп универдин жанында кулак түпкө буттун соккусун жеген кара тору бала экен.Кечээки тепкиден ооруксунган денесине карабай Азамат Илязды,Бекен кара тору баланы сыртка сүдүрөп чыгышып алдары тайганча сабашты.Иляздын "кечирип кой" деген сөзүн уккусу да келбеди.Жерде кыймылдабай жаткан экөөнү карап да койбой экөө тескери басып келе беришти....
Билдирүүнү түзөткөн: PAXMAT: 30 Июнь 2014 - 00:03
#24 30 Июнь 2014 - 00:37
-Дос каякта жүрөсүң? Эмне телефонуң өчүк?- деп жини келгенин билгизбегенге аракет кылып сурап кирди.
-Залга эле барып келдим дос-деп Азамат көздөрүн ала кача жооп берип калды.
-Дос бети-башың сакайгыча үйдө эле болчу сураныч-деп жоошуй түшкөн Бекжан чай койуп чай ичип олтуруп калышты....
---Ошол күндөн кийин Азамат түндөсү тентигенин басаңдата баштады.Жумасына бир эки жолу гана жортуулга чыкпаса кобүнчөсү үйдө болуп жатты.Эски адаты кармап дагы кыздар менен телефондо сүйлөшүп кирди.Ал эми Бекжан досу үйдө экенине гана сүйүнөт.Жакында жайкы каникул." Кантип айылга барам? Кантип атам менен сүйлөшүп жүрө алам?" деген ойлор пайда боло баштаган болчу.Атасы айына эки жолу келип кетип турганы менен Бекжан атасынын жанында көп турбай ар нерсени шылтоолоп басып кетет.Атасы бир жолу уулунун өзгөргөнүн байкагандыктан:
-Бекжан сага эмне болгон? Эмне айылга баргың келбей калган? Эмне сени кыйнап жүрөт,айтчы мага? -деп сурап да жиберди.Ошондо атасынын көзүнө тике караган Бекжан:
-Ата менде баары жайында.Сиз апамын жанында көбүрөөк убакыт бөлүп жүрсөңүз эле болду- деп айтып салган.Атасы бир нерсени билдирип алгандай көзүн ала качып сөздү башка жакка буруп гана кутулуп кеткен эле.Мына ошондон бери атасы андай суроолорду бербей калды.Жөн гана "мен келдим уулум,мен кеттим" деп гана телефондон коштошуп коймой адат таап алды.
#25 06 Июль 2014 - 02:29
---Апрель айы ортолоп калганда бир күнү Адилет кино көрүп олтурган Аскатка кирип эле:
-Аскат! ..(ушул жерде кантип айтаарын билбей такалып калды) Эми кете берсек болот!-деди сүйүнгөнүн жашыра албай.
-Чындап элеби?-ордунан тура койгон Аскат агасын карап-Качан кетебиз?-деп "Азыр" десе азыр эле кете калууга шымаланып даярданып калды.
-Ушул жумушту тапшырып койуп эле кете берсек болот-деген Адилет оор үшкүрүнүп Аскаттын тушуна олтура кетти.
-Жакшы болбодубу! Үйгө чалып кое берейинби?-деген Аскат дагы деле кубанычын жашыра албай жатты.
-Жок Аскат! Азыр айтып койсоң апамдар жол карап күтө берип аз күндүн ичинде азыркы абалдан эки эсе кыйын абалга түшүп калат.Андан көрө экөөбүз тең бир күнү чогуу кирип баралы ээ?-деген Адилеттин көздөрү күлүп турду,сагынып жүргөнүн ушул көз карашта Аскатка билгизип алгансыды.
-Макул ошентсе ошентели..... - деген Аскат агасынын сөзүнөн дагы деле чыга албады.Ойлору айылдагы ата-энесине, досторуна кетти.Мына эмесе,жакында сагынган адамдарынын баарын көрөт."Бирок эмне кылам? Айылда эле жүрөйүнбү же мен дагы окуйунбу?" деп андан аркысын ойлогон Аскат келечекти ойлонуу менен алаксып кетти....
---Азамат Илязды уруп койгондон бери аны машыкчу залдан көрө албай жүрдү.Оюнда "Тынч бекен? Ачууга алдырып катуу сабап койбодукпу? " деп кыжаалат да болуп коет кээде.Бир ай күттү,дагы деле Иляздан кабар жок.Акыры кара тору бала окуган окуу жайга жөнөп калды.Оюнда ошол аркылуу Иляздын кабарын билүү.Окуудан чыгып залга да барбай жетип келди.Спортивный кийим менен кирип барган Азаматты таңыркап кээлери карап жатышты.Үчүнчү кабатка чыгып эки жагын карап турганда арттан:
-Кимди издеп жатасыз?-деген жагымдуу үн чыкты.Караса бир тааныш кыз.Жүзү,көздөрү тааныш болгону менен ким экенин айырмалай албай жатты.Азамат ушул күнгө чейин көп кыздар менен сүйлөшкөнү менен бул кыздын көзүндөй тунук мөлтүрөгөн көздөрдү көрбөгөн эле.Кийген кийими дагы өзү сүйлөшүп жүргөн кыздардын кийиминдей жалтыр-жултур эмес жупуну жана жарашыктуу.
-Менби?-деген Азамат калп эле эки жагын каранып таңыркап койду да кайра ал кызды карап-Ии ооба,издеп жаттым эле.Сиз ушул жерде окуйсузбу?-деп жанына жакын басып келди.
-Ооба,ушул жерде окуйм.
-Мм жакшы экен.Мен тиги..... кандай деп сүрөттөп берсем экен.
-Балабы,кызбы?
-Бала эле.Кара тору келген,бою узун бала.
-Аа жүрүңүз-деген ал кыз тепкич менен ылдый түшүп жөнөдү университет боюнча Азамат сүрөттөгөндөй кара тору бала бирөө эле бардай.Таңыркаган Азамат да унчукпай артынан жөнөдү.Узарган чачын,баскан басыгын карап бара жатканы менен кыз жандуу Азамат башка кыздарды карагандай жамбашына көз жүгүртпөдү. Ар аудиторияны карап жатып акыры бир аудиториядан издегенин тапкандай Азаматты карап:
-Тиги баланыбы?-деп мыйыгынан күлүп койду.Караса чындап эле Азамат издеп жүргөн бала экен.
-Ооба ошону..... Эмне сиз адамдын оюн окуганды билесизби? Же......?-деген Азамат "Экөөбүздүн мушташыбызга күбө болгонсузбу? " деген сөздү айткысы келбей туруп калды жылмайып.
-Жакынкы күндөрдө эле токмоктоп кеттиңиз го-деген ал кыз Азаматтын ошол ишин жактырбагандай карап койду.
Азамат эми гана баарын түшүнгөндөй күнөөлүү адамдай:
-Аа көрдүңүз беле? Ырас эле биз таанышпадык го....-деп сөздү башка жакка буруп жиберди.
-Таанышканбыз. Эстеп көрүң-деген ал кыз Азаматты дагы таң калтырып-Мен барайын,а сиз мушташпаңыз! -деп жалооруп карады да келген тарапка басып кетип калды."Качан тааныштым экен? Каерде? Аты ким эле?" деген суроолордун кучагында Азамат унчукпай кала берди."Мейли" дегенге да жетишпей калды.Бир убакта гана бул жакка эмне максат менен келгенин эстеди да аудиториянын эшигин ачып:
-Досум сени (сөөмөйү менен көрсөтүп) бир мүнөткө мүмкүнбү?-деп калды.Ал кара тору бала да Азаматты тааныды.Эки жагын карады да унчукпай эле ордунан туруп,өзү менен илешип чыгып келе жаткан эки баланы "өзүм эле" дегендей ишарат кылып жалгыз сыртка чыгып келди да:
-Эмне болду?-деп дагы деле мурдагысындай бир тийди жоон үнү менен.Азамат "Эмне эле керсейе берет бул бала?" деп ичинен ойлоп алганы менен ууртунан бир жылмайды да:
-Эч нерсе болгон жок,кел таанышып алалы.Атың ким?-деди колун суна.
-Шүкүр,сеникичи? -деп дагы деле керсейген калыпта Азаматтын колун кысып койду.
-Азамат менин атым.Шүкүр Иляз каякта?-деп шарт эле максатка өттү.
-Ийи?-деген Шүкүр таңыркап карап калды.
-Тынчпы ал? Көрүнбөй калганынан кабатырланып эле билип койойун деген болчум.Айтпайсыңбы, каякта ал?
-Аа ал айылда.Жакында "Россияга кетем" деп жүрөт-деген Шүкүр коштошуп да койбой керсейген бойдон аудиторияга кирип кетти.Азамат да токтотподу. Билчү нерсесин билгенден кийин бул баланын жинин дагы келтиргиси келе бербеди." Аа Иляз тынч экен эмнеси болсо да" деп ойлонуп универден чыгып баратып эле жана эле сүйлөшкөн кыз эсине түштү."Аты ким болду экен?" деген суроого жооп таба албаган бойдон келе берди үйүнө...
#26 06 Июль 2014 - 17:29
-Кандайсың? -деди Азамат
-Жакшы.Өзүңүз? -деп алган кыз кечээ эле "сиз" деп сүйлөп жаткан бул жигиттин бүгүн "сен" деп кайрылып жатканына таң калгандай карап койду.
-Сонун да.Алагды кылбадымбы?
-Жоок,эмне сөзүңүз бар эле менде?-деген ал кыз артын карады да оор үшкүрүнүп алып кайра Азаматты карады.Себеби ал жакта бул экөөнү бир бала көзүн албай карап турган болчу.Азамат анын көздөрүнөн кызганууну байкап койду.
-Эмне тиги жигитиңби?-деп күлүп койду Азамат шылдыңдап же кызганып жатканын билгизбей." Ким?" дегендей артын карап алган ал кыз сөз ким жөнүндө болуп жатканын туйду да кайра Азаматты карап:
-Жоок ай,досум эле-деп калп айтып койду.Бирок чын-чынына келгенде ал бала досу болот да.
-Ааа жакшы.Таанышып алалыбы?-деген Азамат уялгандай карап калды.
-Эстей албай койдуңузбу? Кыздар менен көп таанышкандын залакасы да-деген бул кыз да мыйыгынан жылмайып койду.
-Ошондой окшойт-деген Азамат да күлүп алды да-Менин атым Азамат-деди жанындагы кызга колун суна.Ал кыз атын унутуп калгандай бир саамга дейре колун суна албай ойлонуп турду да Азаматтын карылуу колуна назик колун тийгизе:
-А мен Миргүлмүн-деди бир нерсе билдирип алгандай бети билинээр билинбес кызарган калыпта.
-Мм сонун атың бар экен-деген Азамат акча таап алгандай сүйүнүп алды.
-Рахмат-деген Миргүл жер карап ыңгайсыз боло түштү.
-Телефон номериңди билсем болобу?
-Азырынча жок,болбойт! -деген Миргүл Азаматтын көздөрүнө тике карап жылмайгансып койду.
-Ийи?
-Эмне кылат элеңиз?
-Чалып турам да.Үнүңдү угуп турам....
-Үнүмдү укканы ушул жерге эле келе бериңиз да.
-Мен келип сени таппай калсамчы?
-Мен саат эки-үчкө чейин ушул жерде эле болом.
-Мм макул анда-деген Азамат биринчи жолу сураган номерин ала албаганына бир кызыктай боло түштү.
-Мейлиңиз анда,мен барайын-деген Миргүл Азаматты карап калды.
-Болуптур анда жакшы кал.... Миргүл-деп "Миргүл" деген атты баса айтып кулүп койду Азамат.
-Жакшы барыңыз-деген Миргүл нары жакта карап турган досторуна жөнөдү.
Аны караганча Азамат да чоң жол тарапка басты.Кылчайып карап жатты Миргүл тарапты.Миргүл досторуна барып бая карап турган балага бир нерселерди айтып жатты.Азамат "Кимиси болду экен?" деген ой менен маршруткага түшүп баса берди.Бир жүргөндө үч-төрт кыз менен жүргөн Азамат Миргүлдү да катарга кошуп койду өзүнчө.Анын эч ким өбө элек жука эриндерин,аппак алкымын,туптунук жүзүн элестетип жатып үйүнө жетип калганын сезбей калды.Үйүнө кирди да залга тиешелүү кийимдери салынган сумкасын мүрүсүнө асынып алып залга жөнөдү.Чыгып баратып Бекжанга жолукту.Учурашып алып "Каякка,каякка? " деп бири бирине суроо берип алып өз жолдоруна түшүштү....
Бул убакта Бекжан ойлуу келе жаткан эле.Бекжан акыркы бир айда атасын да аңдып көрдү.Бирок алып келген тамак-ашты,Бекжанга деген акчаны кайсы жерге койгонун гана телефон аркылуу айтып алып түз эле айылга жөнөгөн атасын көрүп төрт-беш ай мурун көргөн нерсесине башы жетпей жатты.Ойлорунда "мүмкүн жөн эле таанышыдыр" деген ойго ишенгиси келип жүрдү.Антейин десе кайсы бир ойлору "Анда эмнге мейманканадан чыгат? Эмнеге коштошоордо бетинен өбүп коет?" деген ойлору ал ойлоруна каршы чыгып жатты.Кыскасы бир ойго келе албай ортодо чайналып жүрөт Бекжан.Ал көргөн иш болбогондо Бекжан жаз чыгаары менен үйлөнөөр беле,ким билет? Бирок Бекжан үйлөнөөрдүн алдында атасы менен болгон ишти бир жаңсыл кылып алгысы келди.Апасынын "Качан үйлөнөсүң Бекжан?" деген суроосуна "Өзүмө жаккан кыз табайын биринчи" деп гана кутулуп кетет.Ар жума сайын эки жолу Назикке барып турат.Ал менен баарлашып кээде бак аралашса,кээде жөн эле үйүнө жеткизип коет.Назик да Бекжанды көргөндө ууртуна жылмайуу аралап сүйүнүп алат.Анын өзүн көрүп жылмайганын көргөн Бекжан ушуга курсант болуп жүрө берет.Ар өткөн күн сайын Назик өзүнөн алыстап бара жатканын капарына да албайт.
#27 06 Июль 2014 - 22:21
* * * * * *
---Аскат ушул он күндүн ичинде тыным алган жок.Эрте туруп иштеп оо түн бир оокумга чейин жумуш менен алек болуп жатты.Туулган жери,ата-энеси көзүнөн учуп тезирээк эле жумуштарды бүтүрө салып кеткиси келип жүрдү.Адилет агасынын да көздөрүнөн бактылуулуктун учкундары учуп өзүнчө эле бактылуу.Жыйырма күндүк ишти он беш күнгө жеткизбей бүтүргөн ал төртөө колдоруна акчаларды алып шаарга жөнөштү.Аскаттын ушул бир жылда үйгө салгандан сырткары топтогон акчасы бир канча сумманы чапчып көңүл көтөрөөрлүк болуп калган эле.Агасына сунса анысы "Жок,өзүңө керек болот.Мага өзүмдүкү жетиштүү" деп такыр көнбөй койду.Биринчи кетүүчү поездге олтуруп эле сапар алышты.Адилеттин Казакстанга жакындап калганда бир ордунда тура албай,улам-улам тамеки чегип тынчсызданып жатканын көрүп Аскат эч нерсени түшүнө албай жатты.Сурабады дагы.Оюнда "Балким толкунданып жаткандыр" деп гана ойлоп үстүртөн байкап кете берди.Казакстандын суусуз чөлүнөн өтүп чек арадан чыкканда гана Адилеттин көңүлү жай алды.Аскатка тамашалап сүйлөп маанай көтөрүлө түштү.Борборго келип эле такси кармап айылга жөнөштү.Бир жерде олтуруп тамактанууну да каалашпады. Жолдон эле колдоруна курсак кубанаарлык майда-чүйдө алып алып шам-шум этип алышты.Аскат ата-энесине да,досторуна да кабар берген эмес эле.Анын үстүнө Бекжандар менен сүйлөшө электигине үч айдай болуп калган болчу.Кокустан кирип барып аларды таң калтыргысы келди сүйүнгөн Аскат.Айылга алты сааттык жолдон кийин кирип барышты.Адилет күүгүм кирип калганына карабай эки жагын каранып жатты.Аскатта деле ошол көрүнүш.Түз эле үйдүн жанына айдаттырып келген машинадан Адилет атып чыгып эле үйгө кирүүгө шашылды.Аскат да артынан жөнөдү.Аскат кирсе карындашы Айзирек Адилет агасын кучактап алып сүйүнгөнүнөн ыйлап жатыптыр.Аскат да Айзирек менен кучакташып көрүшүп үйдө эч ким жок экенин билген соң сыртта калган шоопурга нан алып чыгып нан оозтийтти да келишилген акчасына бир аз акча кошуп берип узатып анан жүктөрүн көтөрүнүп үйгө кирип барды.Айзирек "азыр апамы чакырып келем" деп чыгып кеткенине эки мүнөттөй убак өтпөй эле апасы кирип келди эшиктен.Адилет агасы кирип келген апасын кучактаган бойдон көздөрүнөн сүйүнүчтүн жашын чыгарып өңгүрөп ыйлап алды Аскаттын да көзүн жашка булап.Апасы да экөөнү тең кучактап алып ыйлап кирди.Айзирек чыгып кеткен бойдон оо бир маалда "Атамы таппай койдум" деп кирип келди.Бул убакта апасы экөөнүн тең бети башын өпкүлөп," садагаң кетейин" деп улам-улам кайталап жатып экөөнүн тең баштарынан ичинен күбүрөнүп чыныга куюлган сууну айлантып үч жолу түкүртүп туруп үйдүн бурчуна төгүп келди.Картая түшкөн апасын көрүп Адилет апасынын жылуу жүзүнө тойбой карап жатты,аяп жатты,ошол эле убакта ушуга өзүнүн күнөөсү чөң экенин сезип өкүнүп да жатты.Аскат атасынын бир жумадан бери ичип жүргөнүн апасынан угуп атасына кыжалат болуп койду.Үйдүн кебетесин көрүп ичинен "тезинен үйдү жаңылаш керек" деп ойлоп жатты Аскат Адилет агасындай эле.Аскат үчөөнү калтырып койуп сыртка чыгып короодогу ар бир уй,кой,ат,жатыркап үргөн ити менен түшүнө тургансып сүйлөшүп анан үйго кирди.Короодогу малдары азая түшкөнүн да байкады.Аскат эң бактылуу эле бул түнү.Себеби апасынын,карындашынын жанында.Айылында, Кыргазстанда! !!....
#28 07 Июль 2014 - 02:15
-Кимсиң э?-деп ызырынып алды.
-Ким деп ойлойсуң! ?-деген Аскат үнүн өзгөртүп Бекжан караган тараптан башын ала качып тура берди.
-Ошо кимсиң деп сурап жатам?-деген Бекжан Аскаттын курулушка бышкан күчтүү колунан бошоно албай жатты.Жанатан бери күлкүсүн тыя албай зорго турган Аскат аны кое берип каткырып күлүп:
-Менмин дос,менмин-деп көзүн ирмебей таң калып караган Бекжанды кучактап калды далысынан таптай.
-Ээ Аскат качан келдиң?-деген Бекжан дагы деле көргөн көзүнө ишене албай жаткансыды.
-Төрт күн болду досум.
-Эмне кабарыңды айтпадың?Тосуп алат элек го!-деген Бекжан Аскатка таарынымыш болуп койду.Экөө ээрчишип жогору көтөрүлүп келишти.Бир топтон кийин гана Аскат:
-Азамат каякта?-деген суроосун берди.
-Залда болсо керек же жүрөт да бир жерде темселеп-деп Бекжан каткырып койду.Бекжан акыркы жолу качан ушинтип каткырганын эстей албады.
-Эмне ал тентимиш болуп кеткенби?-деген Аскат Бекжанга кошула күлүп койду.Экөө ыссык чайдан ууртай эки сааттай кухняда сүйлөшүп олтурушту.Бекжан анан тамак кылганга киришти.Курсактарын кампайтып олтуруп калышканда эшик ачылып Азамат кирип келе жатканын сезишти.Аскат досун бир тамашалага салайын деген максатта Бекжанга көз кысып столдун астын жашынып калды.Курсагы ач Азамат босогодо турган чоочун бут кийимге да көңүл бурбай крассовкасын чечээри менен эле тамактын жыты чыгып жаткан кухняга баш бакты.Бекжандын олтурганын көрүп:
-Ээ дос кандай? Мине тамак кылдың аппетитти ачып?-деп калды казандан көзү өтүп.
-Кел,кысталак, эси дартың эле тамак да-деген Бекжан Азаматты карап күлүп койду.Бекжандын жөндөн-жөн эле күлө бербешин билген Азамат ага таңыркай карап:
-Не жыртаңдайсың? Эмне болду?-дегенде столдун астында жаткан Аскат үнүн жоон чыгарып:
-Эмне болуш керек эле?-деп сүйлөп койду.Бул маалда Бекжан пияладагы чайдан ууртап ичип жаткан болчу."Үн каяктан чыкты? Ким бул?" дегендей Азамат эки жагын карап калды да столдун астын кароого эңкейгенде даяр турган Аскат:
-Аааааааа. .....-деп чыга келди.Бул нерсени күтпөгөн Азамат артка кетенчиктеп чочуп алды көздөрүн алаңдата.Анын түрүн көргөн Аскат менен Бекжан ичтери эзиле каткырып күлүп киришти.Көргөн көзүнө ишенбеген Азамат алдында каткырып жаткан Аскатты эми көргөндөй бир саамга карап турду да анан ишенгендей жакын келип:
-Ээээ Аскат досум тура! Кел досум!-деп белинен так көтөрө кыйкырып алды кубанган үнү менен.Аскат экөө он жыл көрүшпөгөн адамдардай учурашышты. Бир маалда Бекжан Аскатты карап:
-Чемпиондор ушинтип коркуп жаткандан кийин,мен жөн эле жүрсөм болот экен да ээ?-деп айтып калды күлкүсүн тыя албай.Актанган максатта Азамат аны,анан Аскатты карап:
-Эмне чемпиондордун жүрөгү башкача болот деп ойлодуңар беле? Бизде деле коркуу туюму бар да туурабы?-деп сүйлөп кирди Бекжанга кошулуп күлө.
-Эхх достор силерди кандай сагынгандарымды эгер билсеңер...-деген Аскат экөөнү алмак-салмак карап жатты жылмая.Тамак ичкен Азаматка шерик болуша үчөө бир топко чейин кухняда сүйлөшүп олтурушту.Азаматтын "Жүргүлө бир кафеге барып эс алып келебиз" деген сунушуна экөө тең караманча каршы болуп туруп алышты.Себеби Бекжан нарагынан ызы-чууну сүйбөйт,ал эми Аскат болсо экөө менен гана үйдө баарлашып олтургусу келди.Азамат төшөктөрүн Бекжандын бөлмөсүнө көтөрүп кирип жанаша үч кишиге ылайык кылып төшөк салышты да үчөө таң агаргыча божурашып сүйлөшүп жатышты.Муздактык, жымжырттык каптай баштаган бул үй Аскаттын келиши менен шаңга бөлөндү.Таңга жуук гана көшөлүп уйкуга кетишти.Сабакка да барышпады... .
#29 19 Июль 2014 - 22:21
---Эртеси Аскат "жок дегенде дагы бир күн жүрсөң болмок" деген досторунун сунушуна карабай айылга жөнөдү.Айылда Аскатты күтүп турган жумуштар көп эле.Айылга келип эле Аскат агасы Адилетке кошулуп эски үйдү бузуп киришти.Даарыланып жаткан атасы да,"чарчыдаңар, болду эми эс алгыла,этият болгула" деп экөөнүн жанынан чыкпай күйпөлөктөп жүргөн апасы да экөөнө тең "туугандар менен учурашып келсеңер болмок" деп жатышып акыры Адилет бир күн жөнөп кетти.Аскат кийинчерээк бара турган болду...
---Жай да келди.Июньду ортолоп эле Азамат,бир эки күндөн кийин Бекжан жетип келди айылга.Бул убакта Азамат Миргүл менен "агент" аркылуу сүйлөшө баштаган эле.Миргүлдүн номерин алыш да оңойго турбады.Аскаттын кеткенине бир күн өтүп Азамат Миргүл окуган жерге өтүп келди.Окуу жайдан таппаган соң "кетип калган окшойт" деп чыгып баратканда Азаматтын жанына бир бала келди.
-Салам алейкум!-деп учурашып калды бою узунунан келип,текеберденип сүйлөгөн ал бала."Мени тааныйт окшойт" деп ойлоп алган Азамат:
-Ва алейким салам-деп анын сунган колуна колун сунду.
-Досум сенде сөз бар эле,жүрсөң тигиндейрээк- деген ал баланы карап туруп Азамат аны тааный койду.Ал бала ар дайым Миргүлдүн жанынан чыкпай жүргөн бала болчу.
-Макул,жүр. ..-деген Азамат анын көргөзгөн жагына ээрчий басты.Окуу жайдын бир бурчуна келгенде ал бала токтоду да Азаматты карап:
-Дос,сураныч ал кызга келбей эле койчу-деп "сураныч" деген сөздү кошкону менен Азаматты үтүрөйүп карап калды жооп күтө.
-Сен кимсиң мени келтирбегидей? -деди Азамат ага жооп кыла.
-Мен анын жигити болом-деген анын жообун угуп Азамат бир кызыктай боло түштү.Миргүлдү жаман көрүп кетти.Оюнда "Ошон үчүн мага номерин бербей жаткан тура" деп ойлонуп да алды.Бирок кайсы бир туюму бул баланын сөздөрүнө ишене албай турду.Анын сынай карап турган бүтүк көздөрү бир нерсени жашырып жатты.
-Аа ошондой дегин.Бирок мен өз оозунан угайын да анан бир чечимге келейин макулбу?
-Сен мага ишене бербейсиңби. ...
-Сен кимсиң мен сага ишенгендей? Керек болсо атыңды айтып өзүңдү тааныштырып койгонго да жарабадың го-деген Азамат кетүүгө камынып калды.
-Токтосоң э дос-деген ал Азаматтын алдын тороду.Азамат алдын торогондорду ушунчалык жаман көргөндүктөн жини жүзүнө тееп чыкты.Анысын билгизе:
-Кетип калчы-деди анын көздөрүнө тигиле.
-Кетпесемчи? -деген сөз анын оозунан чыгаары менен Азаматтын муштуму өзөртө урду.Бирок жыгылып кетишин каалабай Азамат аны жөөлөп калды.Чеке белде нары-бери өтүп жүргөндөр чогулуп кетишин каалабады.Эки жагын каранып алды да бети-башын бырыштырып ичин эки колу менен басып турган анын кулагына шыбырай:
-Экинчи менин алдымды торобой жүргүн түшүндүңбү? -дегенде анын "макул" дегендей башын ийкегенин көрүп Азамат жолуна түштү.Бул күнү Азаматтын Миргүлү Бекжан менен паркта эс алып жүргон эле....
---Эки күндөн кийин сабагынан эрте эле чыгып Миргүл окуган жерге дагы келди.Бул жолкусунда тез эле тапты.
-Салам.Кандайсың номерин бере албаган кыз-деди Азамат тамашалай.
-Салам.Жакшы рахмат... Өзүңүз?-деген Миргүл мыйыгынан жылмайып койду.Ал жылмайуусу өзүнүң жүзүнө ушунчалык жарашып турду дейсиң Азамат анын дагы жылмайуусун каалап кетти.
-Мен жакшымын да.Колун бош болсо жүрбөйсүңбү сыртка-деди Азамат ал менен сүйлөшүп олтурууну каалап.Ал сүйлөшүүлөрдө Азамат кыздардын катылган сырларын билип алууну жакшы өздөштүргөн болчу.
-Кечириңиз, азыр бизде семинар болот эле....-деген Миргүл да "жок" деген сөздү кесе айта албагандай ушул шылтоосун айтты.
-Ааа ошондой дегин.Миргүл менин телефонум өчүп калды эле,сеникинен бирөөгө чалып алсам болобу?-деген Азамат аны кыйтыр коздөрү менен карап калды.
-Болот-деген оюнда эч нерсе жок Миргүл сумкасындагы телефонун бере салды.Балким дагы "жок" дегенде алдыда күтүп турган окуялар башкача болмок беле ким билсин.Азамат Миргүлдүн телефонун колуна ала "без звукка" койуп койгон өзүнүн номерине чалды да "албай койду" деп кайра Миргүлгө сунду.Экөө коштошуп Миргүл аудиторияга, Азамат өз жолуна түштү кудуңдуп.Эртеси эле "Кандайсың? " деген билдирүү жазып жиберди." Жакшы.Ким экен бул?" деген суроого кыйытып жооп берип жүрүп бир жума дегенде Азамат экенин айтты.Мына ошентип экөө телефондон бат-баттан сүйлөшө баштаган эле.Он күндөй өтүп "Агентти" билбеген Миргүлгө Азамат өзү жүктөп берип,өзү үйрөттү.Бул жылы "Агент" деген балакет жаңы гана жаштарга таркап жаткан болчу....
(Кечирим сурайм күттүрөнүм үчүн!)
#30 20 Июль 2014 - 00:02
---Бекжан болсо өзү чоңойгон үйүнө батпай Аскаттын үйүнөн чыкпай калды.Кээде гана уялганынан өз үйүнө жатпаса көбүнчөсү Аскат менен сөрүдө уктап калат же үчөө аттарын минип алышып "ат откозгончо" же эгинге суу койгончо талаада жатып калышат эле..Назикти да сагынды.Анын номерин албай жүрө бергенине эми өкүнө баштады.Шаарда болсо "көргүм келгенде бара коем да" деп жүргөнү менен айыл жеринде Назигинин назик үнүн,жылмайуусун, көздөрүн сагына баштады...
---Азамат жайы бою Миргүл менен сүйлөшүп жүргөнү аз келгенсип айылдагы кыздарга да,экөөнү болбой ээрчитип алып кошуна айылдын кыздарына да барып жүрдү.Азаматка "кызга баруу" абадай эле керек эле.Ансыз,аларсыз Азамат үчүн жашоо кызыксыз,кунарсыз. Азамат болгондо да "менмин" деген кыздар менен сүйлөшкүсү келген жан болчу.Аскат менен Бекжанды ой-боюна койбой ээрчитип алганын айт.Кыздарды кантип алдап же сырын билип алаарын экөөнө кээде үйрөтүмүш болгону менен экөөнөн "Койчу эй каяктагыны айтпай.Сен ошентип жүрө бер ар кимдин кулагына лапша илип,а биз кызсыз эле жүрө беребиз" деген сөз угат болчу."Ана барам,мына барам" деп жүрүп Аскат да туулган айылына барбай жүрөт."Барып келсем жакшы болмок" дегени менен үйдөгү жумуштардан колу тийбейт.Ал жактагы туугандары деле кечээ жакында эле үй көргөнчө келип кетишкен болчу.Ошон үчүн атасы да апасы да "барып кел" деп айтпай калышты....
----Той.Аскат да тойго кызмат кылганча анан туулган айылын таңыркай караганча тойдо кызмат кылып жүрөт.Аскат бул күнкүдөй ата-энесинин бактылуу жүздөрүн көрө элек болчу.Айылда калган достору да улам-улам "ии дос той канттиңер?" деп чалып жатышат.Аскат көздөрүн алаңдатып жүрөгүнө жакын жүз издеп жатты той көргөнү топтолгон элдердин арасынан.Ар бир кызды карап "балким ушудур,өзгөргөндүр" деп ойлогону менен жүрөгү "жок,ал эмес" деп жатты.Таппады. Кызды алып үйлөрүнө келишти.Тагдырдын тамашасы бир жума мурун Назикти жайлоого жиберип ийген болчу."Окууң башталгыча айылда жүрө бербей жайлоого барып кымыз ичип,эс алып кел дадагаң кетейин" деп күндө келип айтып жаткан чоң энесинин созүн кыя албай Назик кетип калган эле...
---Окуу башталды.Аскат дагы досторунан калбайын деп "сырттан окуу" бөлүмүнө тапшырымыш болду.Өттү Азаматтын эжесинин күчү менен.Азамат менен Бекжандын үйүнө Аскат келип кошулду.Жыл башында эле үчөө тең сабактан кийин бирге жүрүп жакшы күндөрдү өткөзө башташты.Аскат Азаматка кошулуп залга жазылды.Андан сырткары жумушка да кирди.Иштеп келген акчасынын теңинен көбүн апасына "керегиңизге жарайт" деп берип салгандыктан акчасы да түгөнө баштаган болчу.Азаматтын тааныштары аркылуу түнкү клубдардын бирине жумушка киргендиктен эки күндүн биринде жумушка чыгып жатты.Аны зээриктирбей Азамат менен Бекжан жыртайып келип турушаар эле кээ күндөрү.Ал экөө бир кызга барып жүргөндөрү менен иши жок.Бекжандын ак көңүлдүгү,оюнун түздүгү менен Назикке жагып жүргөнү менен Азаматтын да тайманбастыгын, тамашакөйлүгүн баалайт болчу.Бирок ошол маалда Назикке экөөсүнүн бирөөсүн тандаш керек болуп калса ойлонбой туруп Бекжанды тандамак.Азамат менен эмнеге жазышып,сүйлөшүп жүргөнүн өзу да тушүнбөйт.Балким жөн гана ага калкалоонуу үчүндүр,балким аны да жакшы көрөттүр.... Назик үчүн бул ойлор чечилбеген түйүн сыяктуу аягы эмне менен бүтүшү табышмак эле.Жүрүп жүрүп акыры экөөнүн бирөөсүн тандамак беле ким билет,бирок бир күнү Назикти Сагындык алып качты.Канча жолу какпасын,канча жолу көңүлүн ирээнжитпесин кыз түгөнүп калгансып бир гана ушул Назикти алып качты.Болгондо да чак түштө,нары бери өтүп жаткан элдердин жанынан эле буюм салгандай машинага салган эки баланын каруу колдоруна туруштук бере албай Назик машинада олтуруп калганын сезбей да калды.Алдыда каткырып гана бара жаткан Сагындыкты көрүп туталанып кетти.Ошол убакта ушул кетип бара жаткан машина аңтарылып кетишин тилеп кетти.Бирок айла жок чыркыраган боюнча Сагындыктын айылына бир сааттан өтүп кирип барды.Сагындык да байдын баласы белем жолдо токтоткон маи кызматкерине бир нерсе деди эле ал дагы "ак жол" деп гана кала берди.Оюна биринчи эле Азамат түштү.Кудайдан жалбарып жиберди Азаматтын жанында болушун.Бирок бул жалбаруулар, тилектер куру гана ойлор эле.Кеч киргенде гана Сагындыктын бир жеңесине:
-Мен үйгө кабарлап койойун,кабатыр болушат-деп жолдо келе жатканда эле алдырган телефонун сурады.Эшикке чыгып кеткен жеңеси тез эле телефонун таап келип берип ыйлоодон коздөрү шишип кеткен Назикке сунду.Аларга да керек эле Назиктин артынан кууп келишчү кудаалар.Ошон үчүн эч кандай суроосуз эле табып келе калды."Мен апам келмейинче салынбайм" деп жаткан бул кызга да жоолук сала албай чарчаган болчу Сагындыктын жеңелери.Назик түз эле Азаматтын номерине "Азамат мени Сагындык алып качып кетти,алып чыгып кет өтүнөм" деген кыска билдирүү жазып жиберди.Себеби Назик Азаматтын өтүнүчү боюнча Сагындыктын кайсыл жердик экенин билип берген болчу.Биринчи курстун акыркы айларында Сагындыктын жоошуп калганын сезген Назик сүйүнүп алды эле го "акыры түшүнду окшойт" деп.Мына эмесе "Адамдын аласы ичинде" дегендей Сагындыктын бул оюн Назик кайдан билсин.Ага жар болуп калууну элестеткен сайын Назиктин заманасы таарып кетип жатты.Бул бала менен келечеги тар экенин Назик алда качан түшүнгөн эле.Азыр ойлорунда "Оо кудай куткара көр" деп гана Азаматтын кирип келишин күтүп жатты.
#31 20 Июль 2014 - 02:09
-Аза айт эми,эмне болду? Биз каякка?-деди.
-Дос сүйлөшүп жүргөн кызымды бир ит ала качып кетиптир эненңдурайын- деди демин бир аз баскан Азамат ызырына.
-Сен кайдан билдиң? Алып качкан баланын үйүн билесиңби?-деди Аскат экөөнү алмак-салмак карай эч нерсени түшүнбөгөндөй.
-Дос билген үчүн ошол жакка бара жатпаймбы? Мен сезгем анын ушундай кылышын.....Анын ушундай "төмөн" адам экенин билгееееем -деген Азамат алдын караган бойдон сүйлөнүп жатты.Иштин жайын эми түшүнгөн экөө шымаланып бир аздан соң боло турган ызы-чуулуу мушташка ичтеринен даярданышып киришти.Жолдон бир эки жерден түшүп Азамат менен анын "тиги жакка айда" деп буюра сүйлөп жаткан толмочунан келген Куба деп чакырып жаткан бала экөө чыгып кайда барышын сураштырып жатып акыры эки саат дегенде издеген айылына кирип барышты.Айылга кире бериште эле топтолушуп турган балдарга үчөө тең чыгып Сагындыктын үйүн сураштырышты. Алардын көргөзгөнү боюнча жолдун таштак экендигине карабай машинаны катуу айдап Сагындыктын үйүнө кирип келишти.Машина толугу менен токтой электе эле үчөө атып чыгышып үйдүн ичине кирип барышты.Четирээктеги светтин жарыгында каткырып каалоо-тилек сүйлөп жаткан жубарымбектер үчөөнү таңыркай карап калышты.Алардын арасынан Сагындыкты көргөн Азамат:
-Эов,сенин азыр түбүңө жетем-деп сөөмөйүн кезей ага жулунду.Үчөөнүн артынан кирип келген Кубаны,муштумун түйүп шымаланып турган Бекжанды көрүп Аскат Азаматты ийинден тарта кулагына:
-Дос,сен андан көрө кызды тап,тигилерди биз токтотуп турабыз-деди. Үчөөнү бир кылчайып караган Азамат Сагындыктын алаңдаган көздөрүнө муштум узата албоосуна ичи ачышкандай башын ийкеди да үйгө чуркаган бойдон кирип кетти.
-Ээ мындай тур,каякка?- деп анын артынан жулунган бир ичи челектей болгон дөөнүн тумшугуна Бекжандын муштуму бир тийди.Эч нерсени сезбегендей Бекжанды бир карап алды да сол колу менен урганда Бекжан артка жыгылып түштү.Бул убакта беркилерге атырыла албай турган Аскат жыгылган Бекжанды бир карап алды да болгон күчү менен тиги "дөөнү" ич талаштыра койуп калды.Ичин кармаган бойдон анысы чалкасынан кетти.Куба болсо муштумун түйгөн бойдон артта турган калгандары менен топурашып кетти.Бирок ал да толмочунан келип бир аз шалтурук болгондуктан ал топтун ичиндеги бирөөсүнөн тумшукка жеп артка кетенчиктеп туруп калды.Ордунан турган Бекжан,алдыга булкунуп тигилерге сес көргөзүп жаткан Аскат,мурдунан аккан канды улам-улам колу менен арчып жаткан Куба артка бир аз кетенчиктегени менен тигилердин бирөөсүн да ичкери киргизбей жатты.Алардын арасынан узун бойлуу бирөөсү "теп,карма" деп күүлөп жатып акыры өзү алдыга умтулганда Бекжандын муштумуна кабылды.Караңгынын айынан Бекжан аны тааныш жүз экенин билгени менен жакшы тааный албай жатты.Аскат болсо жана эле муштум "белек" кылган дөөдөн көзүн албай тиктеп турган болчу.Үйдүн ичинен "Миргүүүл, Миргүүүүл.... .. Турчу мындай....." деп айкырып жаткан Азаматтын үнү угулуп жатты аялдардын ызы-чуусун коштой эле.Ошол убакта ичкери кире албай жаткан тигилер бир убакта баары жапырт атырылышты. Алар алты бала болгондуктан үчөөнү үч жакка чачырата бөлүп топурашып киришти.Тиги Аскаттан муштум жеген узун бала алтоонон бөлүнүп үйгө кирип кеткенге улгүрдү.Аскат Кубанын жерде жатып калганын көрө аны корголоп өзү тебишип жаткан экөөнү эки жакка суналта тепти да дагы деле күч берип мушташып жаткан Бекжан досун карап алып ичинен "чыда досум,мен азыр" деп Кубаны корголой аны тепкилеп жаткан бир толмочунан келген баланын жаагына катуу муштумун узатты.Эңкейе койгондуктан узаткан муштуму жаза тийип тиги тиги бала артка кетенчиктеп барып оңолуп кетти.Кубаны тургузуп жатканда эле Аскаттын көзү караңгылаша жерге кулап түштү."Аскааат, Аскаааат" деп кыйкырып жаткан Бекжандын үнүн укканы менен бир эки секундга эсин жоготуп барып кайра эсине келсе Бекжанды үчөө тепкилеп жатыптыр.Башынын тегеренгенине карабай Аскат ордуна туруп баратканда "Карс" деп ачылган эшиктен Азаматтын карааны көрүндү.Анын "Кимиң жакындасаң жаныңды сууруп алам" деп үйдү көргөзүп кыйкырып жатканын да укту.Анын артына жашырынган бир кызды да көрдү.Арттан урулган сокку тупатуура каракушка тийгендиктен Аскат уюп калган желкесин кармалай ордунан туруп баратты.Теңселип Бекжанга жакын басып бара жатканда тепкичтен түшүп келген Азаматтын бутунун соккусу Бекжан мушташып жаткан үчөөнү үч жак суналтты.Аялдардын кыйкырган үндөрү эле кулакты тундурат.Бул маалда Куба да өзүнө келип ордунан тура баштаган эле."Дос силер чыга бергиле,биз азыр Аскат экөөбүз артыңардан чыгабыз" деп кыйкырган Азаматты шарт эле түшүнгөн Бекжан эки ийнине башын ката коркуп турган кызды тааныбай эле колдон тартты да Кубага "жүр дос,машинени жүргүз" деп аны да жетелеп жөнөдү шашыла.Караңгыда кызды машиненин артына олтургузуп кайра эле үйгө жөнөгөндө дарбазадан Азамат менен Аскаттын карааны көрүнду.Кайра эле машинага олтурду да тиги экөө олтураары менен Куба көлчүктөргө карабай эле келген тарапка зуу койду.Арттан кыйкырып жүгүрүп келе жаткан эки-үч караанды да көрүштү...
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 20 Июль 2014 - 02:18
#32 20 Июль 2014 - 16:32
-Эмне болду? Кимиң каерге жедиң?-деп калды дагы деле күлгөн тейде.
-Бекжан тиги чанач урганда томолонуп кетпедиби ваха ха хаааа-деп Аскат дагы деле желкесинин ооруганын билгизбегенге аракет кылып Бекжанды карап күлүп койду.
-Өзүңчү өзүң? Мойнуң бурулуп атабы ээ? Ордуңан кыймылдай албай жатып калганда мойнуң үзүлүп кеткен окшойт деп кыжаалат болуп атпадым беле?-деп Бекжан дагы күлүп койду.
-Куба сен канттиң? Кимден жедиң мурдуңа?-деп ага күлбөй эле кайрылды Азамат.
-Таанып калды дейсиңби? Түзүк эле кол шилтеп жаттым эле бир маалда "былч" деди го,анан эле кан агып кетпедиби иттики десе-деп Куба Азаматты карап жылмайымыш болуп койду.
-Аза сенчи? Аялдарды айкыртып аяшти каерден таап чыктың? Артыңан кирген бала артыңан чыкпады го?-деп ага Бекжан суроо узатып Аскат экөө тең кулак түрүп калышты жооп күтө.
-Ааа аяшиңарди бир бөлмөгө камап койушуптур. Эки жеңеси жолумду тороду эле экөөнү эки жакка жыга түртпөдүмбү. Кара моогу жерди бирөөсү аймап алды-деп караңгыда көрүнбөсө деле мойнун көргөздү да-Анан алып чыгып келе жатсам тиги күйөө сөөрөй кире калбаспы,бир ударчалык да акыбалы жок экен энеңдурайын. .... Анан ошо, ошол бойдон анын ордунан турганын көргөн жокмун....-деди да бурчта бүрүшүп олтурган Миргүлдү карап-Миргүл коркуп калбадыңбы? -деп ага карап калды.
Аскат менен Бекжан да ал кызды эми эстегендей мойундарын буруп карап калышты.Бирок ал кыз башын гана чайкап "жок" деген белгини бергенге гана жарады...
-Дос бир кафе-сафеге токтотчу тамактанып алалы-деп Аскат Кубага кайрылды.
-Макул.... ..
---Назик демекчи ал Бекжанды эми тааныды." Бул кайдан келе калды? Булар эмне досторбу?" деп ойлонуп бара жатып Азаматтын "Миргүл" деп чакырганына селт эте карап алды да,уялып да кетти.Оюнда "Сүйлөбөй койсом тааныбастыр Бекжан" деп башын гана чайкап жооп берди Азаматка.Бирок үчүнчүсүнүн "тамактанып алалы" дегени Назиктин айласын алтыга бөлдү."Мына эми азыр Бекжанга да,Азаматка да уят болом.Мынтип уят болгондон Сагындыктын үйүндө кала бергеним оң болчу" деп Назиктин ойлору чебелектенип тыбырчылап жатты...
---Бир сааттай наркы-беркини сүйлөшүп келе жатышып жолдун четиндеги бир кафеге токтошту.Түн ортосу болгондуктан адамдардын карааны деле көрүнбөйт.Машина токтоору менен үчөө тең сыртка чыгышты.Ордунан козголбой олтурган кызды байкаган Аскат:
-Азамат аяш коркуп калган окшойт,бар өзүң алдап чыгарып келчи тамактанып алсын биз менен кошулуп-деди
-Болуптур дос,силер кире бергиле мен азыр-деп Азамат Назик олтурган тарапка утурлай басты.
-Миргүл жүрбөйсүңбү биз менен?-деген Азамат машинанын эшигин ачып Миргүлгө колун сунду жалооруй карай.
-Мен ушул жерде олтура турайынчы... .. Курсагым деле ток.... Үйгө кетким келип жатат,эжем кыжаалат болуп жатса керек-деген Назик ичкери кирбештин айласын кылып жатты.Бирок бул деген Азамат да.Ой-бойуна койбой эле тамашалап жылмайып жатып машинадан алып чыкты Миргүлүн.Миргүлдүн айласы калбады,киргенге туура келди.Оюнда "Эмне болсо ошол болсун,күнөөнүн баары өзүмдө" деп бара жатты.Киргенде эле жактырбай караган эжеден айбыгып Назик дагы да бир кызыктай боло түштү.Ал көз караш "шуркуя,түн ката мынтип жүрбөй үйүңдө жатпайсыңбы? " дегендей туюлду Назикке.Кирип барды.Жыртылган көйнөгүн түздөп жаткан Бекжан башын көтөрүп оозу ачылып жалдырап карап калды.Аны байкаган Азамат:
-Эмне болду сага? Аяшың башкача бекен?-деп жылмайып карап койду да-Таанышып алгыла,бул Миргүл-деп Миргүлдү жылмайып карады да-Ал эми бул менин эң жакын досторум....Бул Бекжан,ал эми бул Аскат,а тиги Шумахер болсо Кубат деген жигит болот-деп Кубаны берки экөөнөн бөлүп тааныштырды.
Назикке ошол маалда бет алдынан жер жарылса шап кирип кетмек.Себеби ушул убакка чейин мындай оңтойсуз абалга калган эмес эле.Бекжандын көзүнө тик карай албай көздөрүн алып качып жатты.Уялды. Бирок Азаматтын "Аскат" деген үнү башын көтөрүп кароого мажбур кылды.Карады. Тааныды.Сырткы келбети,үнү өзгөрүлгөнү менен көздөр ошол эле бойдон.Ошол көздөр,ошол жылмайуулар. ... Бирок Аскат өзүн тааный албай жаткансыды. .. Ушул мүнөттөр,ушул көз ирмемдер тезирээк эле бүтсө экен деп Назик ичинен тиленип да жатты.Себеби Бекжандын көз карашы эле...
-Таанышканымдан курсантмын Миргүл-деп "Миргүл" деген атты баса айтты ордуна олтура кеткен Бекжан.
-Кел аяш олтур-деген Аскатка карап "Аяшиңар эмесмин" деп айткысы келгени менен айта албады.Тилин бууп койгондой сүйлөй албай жатты.Жөн гана Азамат көргөзгөн столго олтура кетти.....
#33 20 Июль 2014 - 17:57
-Дос сага не болду?-деди бир маалда.
-Эчнерсе, жөн эле... чарчадым дос-деди Бекжан сыртты караган калыпта.
-Айт эми,бирар жериң ооруп атабы?-деп Аскат кабатырланып кетти.Ал эми Азамат унчукпады.Бекжандын сүйлөшкүсү келбегенде жайына койуш керек экендигин Азамат билет эле.
-Баары жайында дос-деген Бекжан дагы деле ойлуу.
Айт дейм э экономист-деп Аскат дагы деле жанын койбой сурай бергендиктен Бекжан күтүлбөгөн жерден:
-Эмнени айтайын аа? Менин сүйгөн кызымдын жакын досум менен сүйлөшүп жүргөнүнбү? Же анын аты Миргүл эмес Назик экенинби?-деп бакырып кирди.Бекжан биринчи жолу Аскатка бакырып жатканы эле.Алдынкы орундукта алдын карап бара жаткан Азамат да артын карады уккан кулагына ишенбей.
-Менин сүйгөнүм дейсиңби? Назик дейсиңби?-деп Бекжанды,кирээрге жер таппай турган Назикти алмак-салмак карап жатты.
Бекжандын бакырыгы Аскатты да сестентти.Ооба, бул ошол Назик эле.Бирок Азамат "Миргүл" деп тааныштыргандыктан "Окшош эле кыз окшойт" деп тим болгон болчу.Азыр да Назикке карап анын уялып,бир кызыктай болуп олтурганын көрүп унчукпоону эп көрдү."Башка күнү" деп гана ойлоду ойлорунда.
Байкуш кыз бул убакта тымызын ыйлап жаткан болчу.Азыр болуп жаткан окуялар түшүм болуп калса экен деп эңсеп да кетти.Рульду бура кармап башкарып бара жаткан Куба да эч нерсени түшүнбөй эле кулагын түрүп угуп койуп бара жатат.Шаарга да кирип келип калышты.
-Токтотчу мындай-деп Кубагы буюра сүйлөй бир четти көргөздү Азамат.Миргүлдү карап:
-Миргүл сен айтчы? Бекжан айтып жаткан сөздөр чынбы?-деп Назикке тигилди.Бекжан сыртка чыга качты.Аскат болсо Назиктин жанында олтурат ага карап.
-Ооба,баары чын... Мен... Менин атым Назик.... Мен акылсызды кечириңиздер- деп Назик көзүнөн аккан жашын тыя албай ыйлап жатты..
Андан ары эч ким нерсе сурабады.Бекжан кайра машинага олтурганда Куба машинаны жүргүзүп баары үнсүз бара жатты.Назиктин үйүнүн алдына келгенде үчөө тең сыртка жапырт чыгышты.Бирок Назиктен жер караган калыпта:
-Рахмат сиздерге....- деген гана үн чыгып үйүнө чуркаган бойдон кирип кетти.Андан соң үчөө үйгө келгиче үнсүз келе жатышты.Азамат Кубага "Жакшы бар" дегенге гана жарады.Бекжан унчукпай үйгө жөнөду.Аскат гана Кубанын колун кысып "Сага рахмат дос,башка күнү жолугуп ыраазы кылабыз эми" дегенде Кубадан "Жок,кереги жок анын,мени Азамат алда-качан ыраазы кылып койгон" деп коштошту да машинасына олтуруп кетип калды.Аскат Азамат тууралуу ар кандай ойдо кала берди.Экөөнүн артынан кирди.Ал түнү экөө жарытаарлык эч нерсе деле сүйлөшпөдү. Бир сыйра чайканып алышып Бекжан бөлмөсүнө кирип жатып алды.Аскат менен Азамат ар кайсыны сүйлөшүмүш болуп жатып алар да уйкуга киришти...
#34 23 Июль 2014 - 03:05
Эрте менен ойгонгон Азамат менен Аскат Бекжанды ордунан табышпады.Азамат дагы сабагына кетти.Аскат болсо "кечке чейин үйдө болом" деп ойлонуп жатып эле эки сааттан кийин үйдөн кантип чыгып кеткенин аңдабай калды.Декабрь айы башталып калган убак эле.Күрмөсүнүн жакасын көтөрүп,башындагы кепкасын баса кийди да кечээ эстеп калган Назик жашаган кабат үйгө маршруткада бара жатты.Ойлору чар-жайыт болуп өзүнө-өзү отчет бере албай жаткансыды. Жөн гана Назик менен жекеме-жеке сүйлөшкүсү келди.Анын качанкы бир убакта жакшы көргөн уялыңкы көздөрүн,жылмайуусун жанынан көргүсү келди.Бирок кечээ акыркы көргөн жерди акмалап түш оогонго чейин жүрө берди.Көрө албады.Бирок ойлору "Азыр бир аз чыда келип калаар" деп бутун тушап жаткансыды. Бул күнү жолуктура албады...
---Ар дайым маанайы көтөрүңкү Азамат бүгүн ойлуу.Аны байкаган группалаштары да эмне болгонун билгенге аракет кылып көрүштү.Бирок эч майнап чыкпады.Телефонун утур-утур кармап Назикке билдирүү жазып баратып кайра өчүрөт да бир чекитти карап олтуруп калат.Ооба,Азамат билинбей жүрүп бул кызды сүйүп калган эле.Анын өзгөдө жок сулуулугун эмес,анын таза ойлорун,ой-жүгүртүүсүн, сөздөрүн.... Бирок кайсы бир ойлору "Ал сени алдап жүрдү,ал деле башкалардай жеңил ойлуу кыз,ойгон Азамат! Айланаңда андан өткөн сулуу кыздар жүргөнүн эстен чыгарба" деп безилдеп жатты.Алар безилдегендей эле Азамат ушул убакта тизмегиндеги башка кыздарын бирден электеп жатты.Сабактан чыгып залга жөнөдү.Үйгө баргысы жок.Себеби ал жакта Бекжан.Болгон күчүн машыгуудан чыгарып кирди.Тепкилеп жатты,ургулап жатты....
---Бекжан түнү менен уктабай жатса деле эртеси убагында турду да бети-башын түздөп алып окуу жайына жөнөп кеткен эле.Бүдүк ойлору менен алышып жатып акыры жеңди окшойт сабакка бүт дили менен берилип кетти.Ойлонбой да койду Назик тууралуу.Бекжандын эң жакшы сапаттарынын бир ушул.Ойлогусу келген нерсени ойлой алат,ойлогусу келбеген нерсени четке сүрүп кезекке койуп коет.Өзүнүн ушул сапатына маашырлангандай көкүрөгүн көтөрүп "болду эми ал жөнүндө ойлонбойм" деп күбүрөнүп да алды.Бирок Бекжан кайдан билсин Назик тууралуу ойлонбоо көп болсо бир күнгө же эки күнгө,ашып барса үч күнгө уланышын...
---Түн ортосу көздөрү шишип кирип келген Назикке эжеси суроолорду жаадырып сурап жатып акыры баарын билген эле.Эртеси эрте менен эле жинденген Мүрөк эжеси Назикти ээрчитип айылга жөнодү.Сүйлөнүп бара жатат,жинденип бара жатат.Апасы да,атасы да билди кечээки иш тууралуу.Бирок элдин сөзүнөн чочулаган атасы "сотко бериш керек" деп чебелектеген кызын тыйып койду.Ошол менен Назиктин кечээ башынан өткөргөн түн тууралуу эч ким укпай да калды,билбей да калды."Кызым айылда жүрүп тур азырынча,сабагыңды атаң барып агайың менен сүйлөшүп келет" деп апасы Назикти айылга алып калды.Бирок Назикке кечээки "алып качуудан" дагы андан келе жаткандагы окуялар эсинен кетпей туруп алган эле.Азамат менен Бекжандын ортосунда калганы аз келгенсип эми бул жерге Аскат илешти.Ошол мектептеги өзүн жактырган (аны Аскаттын кошунасы болгон курбу кызы тууралуу билген эле) Аскат тууралуу ойлонбой эле койойун десе деле болбой ойлорунун бир бурчунан анын токтоо тартып калган жүзү жылт эте пайда болуп ал жөнүндө ойлонууга мажбур кылып жатты.Ооба,ошол кездеги кулагы делдегей,чоң мурундуу Аскат бой жетип келишкен эр жигитке айланыптыр, бирок Назгүл Бекжанда да көңүлү бар да.Аны да болочоктогу күйөөсү катары элестетип жүргөн эле го.Ал эми Азаматты Бекжанды элестеткендей элестеткен эмес болчу.Аны жөн гана коргонуучу калкан катары,зериктирбөөчү тамашакөй,баарлашуучу дос катары кабыл алып жүрбөдү беле.Анын ошо кечээки "аяшыңар болот" деген сөзүнө "жок андай эмес" деп жооп беришке Назикте күч жок болчу.Күч болгон ченде деле Назик аны жигити катары чакырбадыбы. Достору Аскат менен Бекжан эмес эле такыр башка адамдар болгон ченде деле аны чакырып алып анан "жок аяшыңар болбойм" деп чыкса достору эмне деп ойломок.Азаматтын өзүн жакшы көргөн,досторунун арасында да кадыр-барктуу, урматтаган адам катары билет го...
#35 24 Июль 2014 - 01:15
-Аза,качантан бери?
-Эмне качантан бери?-деген Азамат капылеттен берилеген суроого тушүнбөгөндөй кайра суроолу карап калды Бекжанды.
-Качантан бери тааныйсың Назикти?
-Ааа... бир жылга жакындап калды... (калп айтты)
-Ал менен сүйлөшүүңдө максатың эмне?
-Билбейм дос... Өзүң качантан бери тааныйсың?
-Бир жылдан өтүп калды...
-Анда ал сеники дос....
-Себеп?
-Себеби сен мага чейин эле тааныйт экенсиң эле...
-Жок дос,бул жерде мурда-кийин таанышканыбыз маанилүү эмес! Анан менин же сенин эмес Назиктин чечимине таянышыбыз керек...
-Туура айтасың дос-деген Азамат Бекжандын калыстык менен сүйлөгөн сөзүнө ичи жылый түштү да аны карап:
-Кел анда башка темада эле сүйлөшөлүчү. .-деди жылмая.
-Ммм макул...-деген Бекжан да жылмайып койду.
Бул түнү ушуну менен экөө тең Назик жөнүндө сүйлөшүшпөдү. Экөө Бекжандын бөлмөсүнө кирип болуп жаткан кинону аягына чыгарышты да анан өз бөлмөлөрүнө бөлүнүп уктап калышты.Аскат болсо түнкү күзөттө олтурганы менен эч эле жумушуна бериле албай жатты.Күндүзү уктабаганы аз келгенсип азыр да уйкусу жок.Ойлору Назик жөнүндө...
---Күндөр өтүп жатты.Назик тууралуу эки күн ойлонбой жүрүп кайра эле ойлоно баштаган Бекжан,"болду эми,ал кыз досума ылайык,мага эмес!" деп күбүрөнүп өзүн-өзү алдамыш болгон Азамат,"жок дегенде бир жолу жекеме-жеке сүйлөшүп алайын" деп тилек кылган Аскат дагы Назикти тымызын издеп,бириси жашаган үйү жагын,ал эми тиги экөө болсо окуу жайын акмалап жүрүштү.Жада калса бир жолу Азамат Назик окуган жерде Бекжанды көрүп калды.Ичинен "аа досум чындап эле сүйөт окшойт" деп ойлонуп алган Азамат досуна көрүнбөй жашынып калганга үлгүргөн эле."Болду эми келбейм" деген Азамат кайра эле эки күндөн кийин келип калды.Нары бери жүгүргөн студенттердин арасынан Назикти эч эле кездештире албай койду.Чалса телефону өчүк.Учөөнө тең кызык болуп жатты Назиктин кайда жүргөнү.Ушул көрүнуш эки жумадай болгондон кийин эле сессия башталып экөө тең болуп жаткан зачет экзамендерге алаксып кетти.Жаңы жыл күнү "үчөөбүз чогуу тосолучу" деп тилек кылгандарына карабай үчөө үч жерде тосушту.Аскат жумушунда,Азамат болсо кыздар-балдар менен кафеде,Бекжан болсо үйдө телевизор менен.Каникул башталды.Азамат менен Бекжан Аскатка "жооп сура 10 күнгө" деп кыстап жатышып акыры жумушунан жооп сураттырып үчөө айылга жөнөштү...
#36 24 Июль 2014 - 01:59
---Февраль айы.Тынчый түшкөн шаар кайра эле студенттерге толуп,ар бир окуу жайдын алды нары-бери баскан студенттер менен көркө келип өзүнчө эле бака-шака.Анын үстүнө бир ай айылдын таза абасынан кере-кере жутуп шаардын ызы-чуусунан эс ала түшкөн студенттердин көңүлдөрү куунак.Нары- бери баскан көпчүлүк студенттердин жанында шериктери бар.Бирок жанатан бери эки жакты карап бирөөнү издеп жаткан Бекжан гана жалгыз турат бир бурчта.Ушул бир айлык каникулда Назикти көргүсү келип ушунчалык кыйналды.Анын өзүнө кылган мамилесине да көз жумууну чечти.Мына эми азыр ал окуган жерге дагы келди.Сабактын графиги илинип турган жерге Назиктин баары бир келээрин билгендиктен ушул жерден аны жолуктурууну чечкен эле.Ойлогунундай эле Назик бир кыз менен бир нерсени сүйлөшүп келе жатканын көрүп сүйүнүп кетти.Ага болгон таарынычтар бир заматта тыптыйпыл болуп өсүп кеткенсиди. Өзүн көрбөгөн Назиктин алдынан чыкты да:
-Назик? -деди.Жалт карап алган Назиктин бети бир заматта албырып кызарып чыкты.Бирок сыр бербөөгө аракет кылып:
-Кандайсыз? -деди көздөрүн ала качып.
-Түзүк, сүйлөшөлүчү колун бош болсо.
-Неме.. азыр семинар бар эле-деген Назик Бекжан менен сүйлөүүдөн качуунун жолун издеп жатты.Семинар эмес эле жөн эле лекция болчу.Ал эжейдин лекциясына кирбей койсо деле болот.Себеби өзү деле кыйратып сабак өтпөйт.Биртке окумуш болот да эшикке чыгып-кирип жүрө берет.Бул эжейдин сабагында эки-экиден болуп сүйлөшүп гана олтуруп өткозүп койушат.Нары жакта графикти карап жаткан Миргулдү карап ичинен "тезирээк эле болсо экен" деп ойлонуп жатты.Анысы да кашайгансып тиктеп турат тамга тааныбай жаткансып.Чындап эле таппай жатты же "сүйлөшүп алсын" деп жөн эле тура берди.
-Анда сабагыңдан кийин жолугалы,мен сыртта болом-деген Бекжан окуу жайдын алдындагы отургучтар жакты карап койду.
-Мейли- деген Назик Миргүл жакты карап-Миргүл жүр кеттик-деди да артын карабаган бойдон жогору жакка көтөрүлүп кетти.Артынан Бекжанды бир карап алган курбусу жөнөдү...
#37 24 Июль 2014 - 02:43
-Салам дагы бир жолу-деди жылмайган Бекжан Назикти көзүн ирмебей карап.
-Салам.
-Назик менден сага бир эле суроом бар.Ошого жооп берсең болду экинчи тынчыңды албайм-деген Бекжан шарт эле сөздү кабыргасынан койду.
-Угуп жатам-деген Назик "Кандай суроо болуп кетти? Азамат жөнүндөбү же өзу жөнүндөбү?" деп түшүнө албай жатты.
-Өзүң билгендей Азамат менин жакын досум болот.Анын алдын кыя өтө албайм.Эми айтчы: Көңүлүң кимде деги?
-......-Назик ушул суроону же Азаматтан же Бекжандан күткөнү менен кантип жооп беришин такыр ойлонбоптур. Азыр да бир чекитти карап ойлонуп калган Назикти караган Бекжан бул суроого азыр жооп бере албашын түшүндү да:
-Назик, жакшылап ойлон,кааласаң азыр эмес эртең жооп бер.Бирок жакшылап ойлон.Менин акыркы бир жылымдын таңы бир гана сени деп атып атканын да унутта калбырбайсың деп ишенем.
-Макул, жообун эртеге берейин... деген Назик дагы жер карады.Чындап эле Бекжанга деген сезимдери соолуп кеткенин туйду.Себеби Азаматпы же Аскатпы аңдай албай жатты.
-Анда,эртеге келем... үшүп да калдың окшойт...
-Жакшы барыңыз... үшүбөй эле...-дегени менен чындап эле үшүй түшкөн эле өзү нарагынан үшүкчөөл Назик.
-Көрүшкөнчө- деген Бекжан бир жылмайып алды да чоң жолду көздөй басты.Назик ичкери кирип сабакта олтурганы менен Бекжан тапшырган тапшырмага жооп издеп жатты...
(уйкум келип кетти,эртеге жумуш

Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 24 Июль 2014 - 02:45
#38 24 Июль 2014 - 23:04
-Салам,кандайсың? -деди Бекжан жылмая.Маанайы көтөрүңкү дейин десең көздөрүндө чочулоо,коркуу бар экени көрүнүп турат.Бирок анысын билгизбегенге аракет кылып жылмайып турду аппак көйнөк,кечээ кийип келген пальтого окшошуп кеткен,бирок узунураак пальто моюн орогучу менен,чачын оң капталга кайрып чыкыйып турган Бекжан.
-Жакшы эле.Өзүңүз?- деди Назик өзү окуган группалаштарынын нары-бери өтүп жатканынан кысына.Кысынбады деле болгону алардын өзү жөнүндө жаман ойлобошун каалады.Балким Назик эмес башка кыз болгондо Бекжандын жанында көкөлөп учуп,сүйунүп турмак.Бирок Назик андай эмес.Ал деги эле өз чөйрөсүндөгү адамдардын өзү жөнүндө сөз кылышын,макташын же жамандашын каалабайт.Көпчүлүктүн көңүл чордонунда жүрүү деги эле Назикке буюрбагандай. Сагындык өзүнө көз артып жүргөндө да ошол себеп болуп бир-эки сөзгө калган эле.Азыр кудаага шүгүр Сагындык жок.Ошол алып качуудан бери Сагындыкты көро элек.Курбусу Миргүл айткандай ал чет өлкөгө иштеш үчүн кетип жаткан имиш."Жакшы эле бала эле сүйлөшүп койсоң болмок" деген курбусун карап Назик ичинен "Ии ооба сага,ал иштегени эмес эле кылган нерсесине жооп берүдөн качып эле ошол жакка кетсе керек" деп сүйлөнүп алган болчу.Бирок кантсе да эми Сагындыктын караанын көрбөшүнө сүйүнүп алган эле.
-Кудаага шүгүр.Жүр сыртка чыгалы... Же?-деп "сабагың барбы?" деп сурап келе жатканда эле Назик:
-Жүрүңүз-дей салды.Бүгүн бир жаңсыл кылууга бел байлады түну менен ойлонуп да жарытаарлык чечим чыгара албаган Назик.Азыр Бекжандын мамилесине гана карап көрө турган болду.Калганын көрө жатаар...
-Ме мынаны тагып ал,үшүп каласың-деп моюн орогучун Назиктин уруксатысыз эле моюнуна орой койду сыртка чыкканда кызыл курткасына кымтылана койгонун көргөн Бекжан.
-Ой,тим эле койбодуңуз да-деген Назик кайрып бере албай айласыздан унчукпай кала берди.Өзүнүн бир жыл мурун алган курткасынын да ыраңы өчо баштаган эле.Ыраңы өчсө мейли дечи,ичиндеги пахталары бир эки жуулганда эле ордунан жылып,же бири-бирине жабышып кыштын суугун билинбей ичкери өткөзүп калган болчу.
-Тиги кафеге кирип олтуралы ээ?-деп окуу жайдан алысыраак,бирок жазуусу көрүнүп турган кафени көргөзүп калды.
-Мейли-деди Назик адаттагыдай. Ушул бала бир суроо берсе ага "жок" деп жооп бериш кыйынга турат негедир.Балким жасалмасы жок чын жүрөктөн айткангабы.
Кафеге келип орун алышып Бекжан алып келе калган ыссык чайдан ууртаганча экөө аркы беркилерди сүйлөшүп жатышты.Бекжан адаттагыдай ар нерсени ойлой бергенди жыйыштырып бүгүн бүт дитин өзүно койуп жатканын Назик анын кээде кара боло калган,кээде күрөң тартып калган коздөрүнон байкап койду.Алдыларын келген жеңил тамакты ичип бүтүшкөндөн кийин гана Бекжан тамагын аста кыра жөтөлүп алды да анан сөз баштады.
-Назик?
-Угуп жатам....
-Ойлондуңбу? -деген Бекжандын жалооруй карай сураган суроосуна Назик жөн гана башын ийкеди.Бирок Бекжан жооп күтө Назигин карап унчукпай тура берди.
-Сиз менен бир болгум келет-деген сөздү Назик Бекжандын үмүт кыла караган мээримдүү көздөрүно эле чыдабай айтып жибергенин өзү да билбей калды.Балким туура айткандыр ким билет.Эмнеси болсо да Бекжандын көңүлүн жайгарганга аракет кылды.Оюнда "Азамат досу болсо өзу мени жайыма коер" деп ойлонуп жатып Аскат тууралуу такыр ойлонбоого аракет кылды."Ал кечикти" деген сөзүн гана өз ичинен кайталоого жарады алдында көңулү куунак Бекжандын жүзүн тигилгенче. Бул күнү Бекжан Назик менен жаңы таанышып жаткансып телефон номерин сурады.Аны да "Чалып турам" дебей "Керек болуп калат" деген сөз менен айтты....
---Азамат жазгы мелдешүүгө даярданып жүрүп да Назик тууралуу ойлонуп коет.Бирок өтүп барганга күндүзү деги эле колу тийбей койду.Бир эки пара сабакта олтурат да анан машыгууга жөнөйт.Каникулда жүрүп бир чоочун кыз менен телефондон таанышып калган эле.Ал кыз өзү чалып "Сиз менен таанышса болобу?" деп жагымдуу сүйлөгөндүктөн таанышып койгон эле.Сүйлөшүп жүрүп шааргы келген Азамат ал кыз өзү окуган жерде эле бир курс ылдый окуган кыз экенин көрдү.Бой келбети келишкен чырайлуу кыз экенин көрсө деле ага салкын мамиле жасап койду.Бирок ал кыз да кайтпады.Акыры Азамат ал кызга жакшы мамиле жасап баштаган эле.Мунусу жөн гана алаксуу.Миргүл деп көнүп калган Назикти унутуу эле.
#39 25 Июль 2014 - 00:04
-Салам Миргүл?-деди ушул атка көнүп калган Азамат.
-Салам. Какшыктаганыңызбы бул?-деди таарынган түрдө.
-Кандай дейсиң?-деп аны таң калыштуу карап алган Азамат аны Назик дебей Миргүл деп чакырып алганын эми түшүндү да:
-Ой,кечиресиң, Назик-деп сөзүн оңдоп койду кеч болсо да.
-Чыдаса болот-деген Назик дагы деле тултуңдап турган эле.
-Мен дагы жакшы-деп жыртая күлүп алган Азамат-Эмне маанайың жок?-деп сурап койду эч нерсе билбеген адамдай болуп.
-Эмне болду сизге? Мен сизге жалган сүйлөп жүрсөм сиз кайра сүйүнөсүз го-деген Назик Азаматтын жылмайуусун түшүнө албай карап туруп калды.
-Назик, кел,ал түнү болгон окуяны эстен чыгаралы да эч нерсе болбогондой жүрө берели...-деп бир аз ойлонду да кайра сөзүн улай-Мен сени түшүнүп турам,жаныңды койбогон мага аргасыз башка атты айтканга аргасыз болгонсуң да туурабы?-деп карап калды.
-Ошондой десе да болот-деп алган Назик ичинен "Бирок чындап эле ушундай болду эле го" деп сүйүнүп алды.
-Ошон үчүн кел жакшы тааныш бойдон кала берели ээ?-деп жер карап ойлонуп турган Назикти карап калды жооп күтө.Көздөрү да жүзүнө кошула күлүп турган Азаматты башын көтөрүп карап калган Назиктин ичи жылый түштү.
-Макул- деп жылмая жооп берген Назикти көрүп Азаматтын маанайы дагы көтөрүлө түштү.Азыр эле телефондон Азамат менен сүйлөшүп келе жаткан Назик эми Азамат менен сүйлөшүп турду.Анын сунушун четке кагып тетири басып кетип калса деле болмок,бирок негедир анте албады.Жалган айтып көңүлүн оорутуп койгон бала эми мынтип алдында жылмайып сүйлөп турса ага жаман сүйлөй албайт экенсиң адам.
Мына ошентип кайра эле Назик билинбестен эки дос менен сүйлөшө баштады.Мурда билбей сүйлөшүп жүргөн болсо,азыр билип сүйлөшүп жүрду.Бекжан менен кыз-жигит катары,ал эми Азамат менен дос катары.Бирок экөөнүн айырмасы деле жоктой эле.Тетирисинче Азамат менен сүйлөшүү жеңил болчу Бекжанга караганда.Азамат ар дайым тамашалап сүйлөп маанай көтөргөнгө уста эле.Жакынкы күндөрү бул эрежеси жок оюнга Аскат да кошулаарын Назик кайдан билсин...
#40 25 Июль 2014 - 01:42
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 25 Июль 2014 - 02:40