Достор. Же бир кызга байланган үч тагдыр!
#41 30 Июль 2014 - 00:51
-Аскат? -дегенге гана жарады көздөрү бакырайган Назик.
-Ооба менмин Нази,сүйлөшчү сөздөр бар.... -деген Аскат Назик менен күндө эле көрүшүп жүргөндөй эле сүйлөп туруп калды.
-Угуп жатам... -деген Назик Аскаттан чыкчу сөздү эмес Аскаттын өзүн карап тургандай туруп калды жалдырап.
-Азамат менен Бекжан жөнүндө билейин дегем...
-Сен дагы ошол жаккабы? Аскат мен өзүм эмне кылып жатканымды билбей жүрөм...
-Назик кандай болгон күндө да экөөнүн бирисин тандашың керек....деп дагы бир нерсени сүйлөп жатканда Назик анын сөзүн бөлдү:
-Кантип? Айтчы сен.... Сен үчүн унутуп койуу,тааныбай койуу турган эле иш го....Керек болсо азыр да ал-акыбал сураганга жарабай койдуң... Сен..сен жол көргөзчү-деген Назик көптөн бери даярдап,таптап жүргөн сөздөрүн эркиндикке агыткандай жеңил үшкүрүнүп алды.
Аскат Назиктен мындай созду күтпөгөн эле.Оозунан кеби түшүп,тамагына бир нерсе тыгылгандай соз таппай туруп калды бир саамга.
-Мен жөнүндө туура эмес ойдо окшойсуң Назик..... деген Аскат Назиктин өзүн тиктеп турган коздөрүнөн коздөрүн алып качты башка жакты карамыш болуп.
-Анан кандай ойдо болушум керек эле Аскат? Ошол түнү мени таанып туруп тааныбай койгонуңду кантип тушүндүрүп бересиң?
-Мен ошого аргасыз болдум Назик,түшүнчү, сен досум менен сүйлөшүп жүрсөң мени эмне кылышым керек эле? Ооба сени жакшы көргөм,бирок азыр биз ошол кездегидей каалаган нерсебизди жасай албайбыз Назик-деген Аскат ыйлап ийе турган акыбалга түшүп калды.
-Түшүнүктүү. ... А мен сени күткөм Аскат.... Сенин ошол кездеги көз карашыңды күткөм... Маакул,сен айткандай болсун.,ал эми досторуң жөнүндө кабатырланба! Бир күну болбосо бир күнү бирөөсү бирөөсүнө жол бошотот.Рахмат карааныңды көргөзүп койгонуңа... .деди да Назик коштошпостон жолуна тушүп кетип калды.Аскат артынан кыйкырып чакырганга да чамасы келбеди.Турган жеринде бир аз ойлонуп турду да ал да үйүно жөнодү.Ал Назик менен такыр башка нерсени сүйлөшкүсү келген эле."Мен сени күткөм" деген Назиктин коңур үну кулагына жаңырып жатты....
#42 30 Июль 2014 - 01:55
#43 30 Июль 2014 - 02:37
#44 30 Июль 2014 - 23:51
-Келгиле туралы достор,күн кечтеп кетпесин-деген Бекжандын баякы эле алдын-ала баарына даяр турган кыялынын айынан чыккан сөзу чыкты.Күндүн жарык нуру эми гана түштөн ооп саат экиден өтүп калганына карабай "койчу,олтуралычы дагы бир аз" дебестен баары эле ордунан козголушту. Бир жагынан Бекжандын кабатырланганы да туурадыр... Мынтип жүрүшсө күн тез эле кечтеп кетиши мүмкүн...
---Караан каткырык түшүшкөн жаштар жетчү жерлерине жетип барышты.Жыйырма метрдей бийиктиктен таштан куралган асканы тешип чыккан шаркыратманы таңыркап карашып алтоо тең кубанып жатышты.Нары- бери өзүлөрүнө окшоп эс алып жүргөн элдер буларды жаңы үйлөнгөн жубайлар деши анык болчу.Себеби эки-экиден болуп бирине бирине кыналышып турушкан эле.Бирден келип чоң шаркыратмадан чекеге бөлүнүп алыска тамчылап түшүп жаткан муздак тамчыларга карабай бири-бирин колдон кармай жакын барышты да муздак,таза суудан ичип жыргап киришти.Назик башкалардан озгөчөлөнүп тамчыларга да карбай Бекжандын колунан чыгып шаркыратманын артына өтүп суу ичкенче ошол жерде бир аз туруп калды.Башкалар алда качан суу болбоого күн тийип турган жерге келип Назикти күтүп калган эле.А Назик болсо башын жогору көтөрүп шаркыратмадан түшкөн ар бир тамчы менен учурашып жаткансып ууртунан жылмая рахат алып жаткансыды. Анын "Эх,канакей мен да ушул тамчылардай таза,тунук болсом,мен да ар бир мени ууртаган,мени таткан,мени караган адамга сүйүнүч тартуулай,жаман ойлордон алыстата алган адам болсом" деп ойлонуп жатканын Бекжандын:
-Назик суу болбодуңбу. .. Жүр эми,тигилер күтүп калды-деген жылмая айткан сөзү бөлдү."Макул" деген Назик Бекжандын сунган колун кармай берегирээкте карап тургандарга келгенде гана суу боло түшкөнүн туйду.Чачтары кадимкидей сууланышып суу болгонун билдирип турса деле үшүгөнүн сыр бербөөгө Азаматтын тамаша аралаш сүйлөгөн сөздөрүнө калп эле күлүмүш болуп жүрө берди.Бирок жарым саат өтпөй тиштери калчылдап,чыйрыга баштаганда гана Бекжан байкай калып өзү кийип жүргөн кара плашын жаба салды.Бир аз жылый түшкөнү менен ал деле анчейин жылыта албады Назикти.Жанатан бери эле Назиктин үшүгөнүн байкап турган Азамат анын бүрүшкөн ыраңын көрүп "кереги тиет" деп сумкасына салып алган калың спортивкасын Назикти ой-боюна койбой эле кийгизди да замогун сыдырып кымтылап кирди.Аскат менен Жаркынай бир аз алдыраакта жүрүшкөндүктөн алар эч нерсени көрүшкөн жок.Азаматтын жапкан кийиминеби же чын эле жылый туштүбу Назик Азаматты карап ыраазы болгон түрдө бир башкача жылмайып койду.Бул жылмайуусу Бекжандын кызганыч отун тутантып жибергени менен өзүн колго ала эч нерсени байкамаксан болду.Ошол эле шаркыратманын тегерегиндеги майда-чүйдө саткан кийинекей палаткаларды айланып жүрүшүп акыры үйгө кетишмек болушту.Бекжан ошол жердеги бир нерсеге алаксый түшкөндө кайдан-жайдан Азамат Назикти колдон ала ага ошол жерден сатып алган билерик түрүндөгү бир кооз жасалганы билегине тага салды.
-Ой,бул эмне?-деп эч нерсени түшүнбөй калган Назик колундагысына бир сыйра көз жүгүрттү да кайра аны чыгарууга бир колу менен кармалаганча Азаматты карап:
-Кечиресиз, муну мага эмес тиги Айтолкунга таксаңыз туура болот!-деп калды.Же анысы чыгып өлбөдү.
-Ага да тактым Назик,бул сага жөн эле белек катары-деген Азамат жанына келе калган Бекжандан актангандай чебелектеп ийди да досун карап:
-Сен айтчы дос,жарашып калды ээ Назикке?-деп жылмайып алды да нарыраакта карап турган Айтолкунду көздөй басты.Чынында Азамат Айтолкунга эч нерсе белек кыла элек болчу.Айтолкундун "Аяшыңа мамилең башкача го" деген какшык аралаш созүнөн кийин гана "Эмне болуптур?" демиш болуп ага да сатып бергенге аргасыз болду.Бекжанга көргөзбөй сатып берейин десе болбой Бекжан андан козүн албай туруп алды.Аскат менен Жаркынай жаркылдап күлүшө Бекжан менен Назиктин жанына келгенде Бекжан Азаматты көздөй басты."Кап, Бекжан башкача ойлоп калды окшойт" деген Азамат тилин тиштей "Эмне дей коет экен?" деп туруп калды өзүн көздөй басып келе жаткан Бекжанды байкамаксанга сала.
-Азамат жүрсөң-деген жанына келген Бекжандын үнүн уга калп эл:
-Эмне болуп кетти?-деди таңыркай.
-Сөздөр бар,жүрсөң-деген Бекжан элдерден оолактай чекеге басты.Артынан Азамат да барганга аргасыз болду.Оо чекеге келгенде гана Бекжан токтоду да Азаматты карап:
-Дос,сураныч, Назикти жайына койчу-деди.
-Эмне болуп кетти?-деген Азамат калп эле анткорлонуп кирди.
-Ал мени менен келди Азамат,сен ага жагалданганыңды койуп Айтолкунга көңул бурчу.
-Ээ дос мен эмне кылдым анчалык? Ошол кичинекей белек үчүн ушунчалык теригесиңби? -деген Азамат билмексенге салымышка аракеттене баштады.
-Ооба Азамат,спортивкаңды да азыр барып аласың,ал үшүсө мына мен жабам үстүнө кийимимди түшүндүнбү?
-Ээ дос көрдүңгө сенин үлбүрөгөн плашың ага эч кандай жылыта албаганын.Ооруп калса эмне болот?
-Сен андан кабатырланбай эле кой досум... ал менин түйшүгүм,кел сөздү көбөйтпөй менин айткандарымды кыл-деп ызырынган Бекжандын "менин айткандарымды кыл" деген сөзу Азаматка катуу тийди.Жанатан бери момун болуп жаткан Азамат жолборс кыялын ойготту да Бекжанга:
-Мынаны карап кой... Сен кимсиң мага буйрук бергидей?-деп кабагын түйө сүйлөп кирди атырыла.
-Кимсиң дегениң кандай? Мен сенен суранып атам Азамат-деген Бекжан да туура эмес сүйлөп алганын түшүндү.
-Суранган жоксуң сен,буюра сүйлөп жатасың-деген Азамат чындап эле жини келе баштады.Балким бул жиндери топтолуп жүргөн жиндеридир. Балким ушул жини менен ич күптүүсун айтып алганы келгендир.Эмнеси болсо да Азамат жакын досуна кыйкырып жатканын түшүнүп турса,кыйкыргысы келди негедир.
-Азамат өзүндү бас кеч боло электе!-деген Бекжандын да озүно биринчи жолу кыйкыра сүйлөп жаткан Азаматка жини келе түштү.
-Баспасам эмне кыла койосуң? Дагы айтам буюрбай сүйлө!-деди Азамат сөөмөйүн Бекжанга кезей.
-Мен Назиктин алдында сен менен мушташып ит болгум келбейт,экөөбүз башка жерде эркекче сүйлөшөбүз- деп кетмекчи болгон Бекжанды Азамат ийинден тарта:
-Токто, азыр баштадыкпы, азыр бүтүрөбүз... Сен эмне Назиктин алдында сулуу чымчык болуп көрүнүп атасың? Же мени Назикке тишим өтпөгөндүктөн сага жол бошотту дейсиңби? Андай эмееес Бекжан! Мен... Мен сени сыйлагандан сага жол бошотком,кааласам азыр деле аны мендик кылып алам түшүндүңбү?
-Чындап элеби? (күлүп) Сен Назикти башкаларга теңебе!
-Эмне ал айдан түшүпбү? Көзүңдү ач сен өзүнчө туура жүргөн адам боло бербей.Баардык кыздар бирдей эле,жылуу сүйлөсөң алданбаган кыз жок..деп сүйлөп жатканда Бекжан аны тумшуктан ары бир койду.Бекжандын биринчи сокку узатуусун күтпөгөнгөбү Азамат жыгылып кете жаздады.Кайра оңдолуп жооп узатайын деп Бекжандын анчалык оорутпай турган жерин издеп шымаланып жатканда арттан жүгүрүп келген Аскат ортого тура калды.
-Эээ достор эмне болду силерге? Бекжан бул эмне кылганың? Азамат өзүңдү колго ал дос....-деп Аскат экөөну алмак-салмак карап ажыраштырып кирди.Кудай жалгап Азамат тынчтанып калгансыды. Бекжан болсо тултуңдап:
-Өзү ошого жеткирди-деди да нары карай басып кетти.
-Болду дос болду, көрдүң го өзү биринчи уруп ийгенин... Мейли эми озү кечирим сураар-деген Азамат Бекжан урган сол бетин кармалап туруп калды."Туура эмес сүйлөп алдым Назик тууралуу" деп ичинен өкүнгөнү менен сыртынан сыр бербеди.
-Жүр дос,кетели-деп Азаматты далыдан таптады да Бекжан кеткен тарапты карап:-Каякка кетти эми тиги?-сүйлөп калды.
-Жөн кой,ананыраак өзү келет-деген Азамат кыздар турган тарапка басты.Аскат да Азамат менен келип эле Назикти таппай калышты.Аскат дагы,Азамат дагы Жаркынай менен Айтолкунду чочулай карап:
-Кана Назик? Каякка кетти?-деп сурап ийишти бир ооздон.
-Билбейм, азыр эле турган болчу жыныбызда,биз силерге алаксып....-деген Жаркынай да эки жагын карана Назикти таппай калды.Азамат Назиктин таарынып кетип калганын дароо эле түшүндү.
-Айылга кетип калган окшойт-деп Азамат бурк этти.
-Жалгызбы? -деген Аскат чочулай баштады эки жагын карана.Элдер да азая түшкөн эле.Бир маалда алтын таап алгандай:
-О! Тигинде кетип аткан Назик эмеспи?-деп айылга кетчү жолду көргөзүп калды.Жапырт караган берки үчөө да көрүштү да "Ооба,ошол окшойт" деп баштарын ийкеп киришти.Азамат Назик өзүнө таарынганын түшүнгөндүктөн Аскатты карап:
-Дос,сен бар артынан,адашып кетпесин-деп калды."Болуптур" деген Аскат ушуну эле күтүп тургансып Назик кеткен тарапка жөнөдү...
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 31 Июль 2014 - 00:05
#45 01 Август 2014 - 01:02
---"Эмне жоголушту?" деп ойлоп алган Назик бир топтон кийин ордунан туруп күндүн уясына батайын деп калганын көрүп эки жагын элеңдеп карап эч кимди таппай калды.Коркуу сезими тез эле денесин ээлеп алды.Жана эле келе жатканда артына кылчайып карап Аскаттын өзү жакты карай келе жатканын көрбөду беле? Кайда жоголуп кетти? деген ойлор менен басыгын тездеткен Назик тээ алыста көрүнүп турган айылды көздөй басты.Башка маалда өтпөгөн убакыт азыр бир жакка шашып жаткандай өтүп жаткансыды. Тигине күндүн жарымы тоого жашырынды... . эми баары....Назик эки жагын каранып Бекжан менен Азаматтын кийимине кымтылана басып баратты.Бир маалда озу бара жаткан кууш жол да жоголо баштады.Эми чындап коркуп кирди."Чала сага" деп озүн өзү тилдеп алды да дагы деле өзүн колго алымыш болуп айыл тарапты божомолдоп бара жатты.Күүгүм болду.... Мына эми караңгы да желип-жортуп кирип келди.Ал эми кадамын тездеткен Назиктин кадамы деги эле арыбай жаткансыды. Ойуна ар кандай жаман ойлор келип,бир чоочун добуш чыкса бакырып ийчүдөй абалга жетти.Кашайгансып телефонунун да заряды өчүп калган эле.Бирок болбой тамызып кирди эле жанып барып кайра өчүп калды.
#46 01 Август 2014 - 01:32
---Тигилер бир сааттан өтүп келишти.Бири- бирине чочулаган коздөрү менен карап Назикти таппай калышты." Сен күнөөлүсүң? " деген Бекжан дагы Азамат менен урушуп кетет жаздады.Экөөнү эптеп арачалаган Аскат кайра артка барып Назикти издөө сунушун киргизди.Каршы болушмак беле,экөө тең оз айыптарын сезгендей үйдүн кожейкесинен бир фонарик,бир асма чырак алып алышып шашылыш кайра артка жөноштү." Ме сага" дегендей үй кожейкенин "карышкырлар кээде уулуп калат,этият болгула" деген созү үчөөнүн чочулоосун миң эсеге көбөйтүп жиберди.Ошол маалда үчөө тең оз жандары үчүн эмес бир гана Назиктин жаны үчүн кооптонуп жатышты.Ар кандай жаман кырдаалда ар дайым пайда боло калчу,жоголбоочу ойлору менен "ылайым эле алдыбыздан чыгып калса экен Назик" деп тиленүүлөрүн да токтотушпады. Айылдан алыстап келип ошол шаркыратмага барчу тоонун түбүндө кайда барууларын ойлонушуп бир аз буйдалана түшүштү.Акыры үчөө үч жолго салышты.Кыйкырып турууларын бири-бирине улам-улам эскертип ар кимиси өзү тандаган жолго түштү.Азамат тоонун үстүн көздөй жөнөдү фонарик менен,Бекжан оң капталды карай салды асма чыракты чайпалткан бойдон жүгүрүп,ал эми Аскат сол капталга жөнөдү."Назииииик. ... Назиииик... Назииииии... .. деп бири-биринин кыйкырып жатканын он мүнөттөй угуп барышты да караңгыда тынчтык өкүм сүрүп кирди.Анда-санда гана өзүлөрүнүн Назикти чакырган кыйкырыгын угушпаса ааламда жалгыз калгандай бара жатышты үчөө үч жерде....
#47 01 Август 2014 - 02:11
-Азамааааааат- деп кыйкырып кирди.Кайра өзүнүн кыйкырыгынан өзү чочулай эки жакка кулак төшөй туруп калды.Бир мүнөткө жетпей эле жана дабыш чыккан тараптан:
-Аскат. ... сенби?-деген үнү каргылданган Назиктин үну чыкты.Уккан кулагына бир туруп ишенбей кетти."Балким жөн эле угулуп жаткандыр,кичинемде чоң кишилер айтып калчу шайтан же азыткы эмеспи?" деген сак ойлору ойлоп тапкан ой менен күрөшүп кирди.Бирок баары бир тобокел кылуу керек эле.
-Ооба... Назик?-деп кайра чакырып калды.Ошондо гана жана дабыш чыккан жактан бир караан көрүндү да өзү көздөй чуркап келе жатты абайлай.Аскат эми гана азыткы эмес эле Назик өзү экенин кайсы бир туюму менен сезди да ага карай басты.Жаккын келген Назик эч нерсени ойобостон эле Аскатка бой урду.Ыйлап жатты.Сүйүнүп жатты.Аскат да анын өзүн бекем кучактап турганынан магдырап Назиктин өпкүлөп жиберди.....
#48 01 Август 2014 - 02:58
-Аскат болду кыл!-деди бир маалда өзүн колго алган Назик үнүн өктөм чыгара.Аскат эми гана эсин жыйды бейм токтоду да уялган тейде:
-Кечир. .. -деген сөзду айтууга гана жарады.Мына ушинтип экөөнүн биринчи өбүшүүсү болду.Экөө үн-сөз жок айыл тарапка басып келе жатып гана анан бири-биринин абалын сурай башташты.Колдор бирин-бири издешпей эле табышып,кое берсе бири-бирин жоготуп ийчүдөй бекем кармап алышты.Үйгө жакындаганда гана экөө бири-биринин колдорун кое бере,эч нерсе болбогондой кирип барышты.Азамат менен Бекжан келе элек экен.Төртөө Асылай эженин жасагын ашын жегенче тиги экөөнү күтүп олтурушту оо түн бир оокумга чейин....
#49 02 Август 2014 - 04:55
---Шаарга келишкен эс алуучулар ар кимиси өзү менен барган кызды жеткирип койуп анан үйлөрүнө келишти.Эң аягы болуп кирген Бекжан шарт эле Азаматка:
-Экинчи Назик жөнүндө жаман сүйлөбө уктуңбу?-деп зекип кирди.
-Бекжан, болду кыл эми...-деген Аскат аны токтотконго аракет кыла Азаматка сөз бербей эле сүйлөп калды.
-Дос,сен менин ордумда болгонуңда куддум мендей эле кадамга бармаксың... -деген Бекжанда дагы деле тынчтанайын деген ой жок болчу.Ананчы, бир жакшына жетелешип эс алып жүргөн эс алуусун Азамат өзүнүн "өзүм билем" кыялы менен бузуп салды.
-Бекжан, кандай болгон убакта да досуңа кол көтөргөнүн туура эмес! Сенден ушул кадамды таптакыр күткөн эмес элем-деген Аскат ошол болгон урушка Бекжанды күнөөлөп кирди.Бекжан эми гана өзүнүн күнөөсүн сезгендей бир азга ойлонуп калды да анан Аскатты карап:
-Болуптур, күнөөмдү мойнума алам,колум кантип көтөрүлүп кеткенин өзүм да сезбей калдым....-деп Аскатты карап айтты да анан Азаматты карап:-Кечир, дос!-деди козүн ала кача.Бирок Азаматтан:
-Ага,болуп турат-деген гана сөз чыкты.Ооба,капа болду дечи Бекжанга жана анысы эртеге эле жазылып кетет.Азамат бул маалда бүгүнкү көргөн,бүгүнкү байкаган Аскат менен Назиктин кээде кезиге калган бир башкача көз караштары жөнүндө ойлонуп жаткан эле....
---Назик үйүнө ойлуу кирип келди.Анын мунусун байкаган Мүрөк эжеси чай үстүндө:
-Ии,ойлонуп? Эс алып келген адамга окшобойсуң го?-деп тийишип калды.Жылмайган Назик:
-Чарчадым эжоу-деп эжесине эреркеп кете жаздады.Чынында бир тууган сиңдисинин эмнеден чарчаганын эжеси билген жок.Ал "эс алуудан чарчады" деп гана ойлоду.Ал эми Назик болсо эс алуудан да эмес көбүрөөк тандоодон,ойлонуудан чарчаган эле.Эми ойлорунун теңинен көбүн Аскат ээлей баштады.Аскатты канчалык ойлорунан куубасын эч майнап чыкпай жатты,тескерисинче кайра көбүрөөк ойлондуруп жатты.Ал эми Бекжан жөнүндө канчалык көп ойлонойун десе кайра анын ойлору кайдадыр бир жактарга түртүп,бекитип жаткансыды. ...
#50 02 Август 2014 - 05:31
-Ой,кандайсың? Мен... тиги... мен Назикке келдим эле....
-Ии тынччылыкпы?
-Тынччылык эле... Ушу ал-акыбалын сурайын деп эле...
-Ммм жакшы....
-Ошооо. .. Мен барайын анда...
-Макул. ..деген Азамат Аскатты арттан карап кала берди.Мына үч күндөн бери Аскат досунун артынан түшүп жүруп акыр ушул жерден кармады." Экөөндө бир мандем бар" деп ошол эс алуудан берки ойлоп жүргөн суроолоруна акыры жооп алды.Аскаттын да көзү Назикке түшүп калганын туйду.Өзү деле мына Назик менен сүйлөшө албай жүрөт.Эки күн мурун ал окуган жерге кирип баратып ал жерден Бекжанды көрүп калып кайра ага көрүнбөй кетип калган эле.Кечээ болсо атайы эрте барса Назик аудиториядан чыкпай койду.Керек болсо карап да койбоду.Танаписте болсо алдын торогон Азаматка "убактым жок" деп кетип калды.Ал эми бүгүн болсо түз эле жашаган жерине келип Аскатты кезиктирип олтурат." Таза кызык болду го бул жагы" деп үчөөнүн ортосунда чиеленишип бараткан түйүндү ойлонуп ууртунан бир жылмайып алды.Бул жылмайуу эмне себептен чыкканын Азамат өзү да түшүно албады.Уйкусу келген көздөрүн укалап алып ал жерде эки сааттай күтүп олтурду.Сөөктөрү канталап турган муштумун карап алып кечээ түну болгон окуяны эстеди.Кечээ ар дайымкыдай эле бирге машыккан үч досу менен бир кафеге киришкен эле.Залдагыларга бир сыйра көз жүгүрткөнчө бир бурчта тамак ичип олтурушту.Бир кабинада беш кыз туулган күн белгилеп жатыптыр.Туулган күн экенин утур-утур кезектешип диджейге буяртма кылып куттуктаткан сөздөрүнөн билди.Ошол маалда оо четте олтурган төрт бала аларга тийише баштады.Ал кыздардын экөөсү тиги балдардын бирисине бир нерселерди түшүндүрүп жатты.Кыздардын сүйлөгөнүнөн, тиги жыртайган баланын ар чыккан сөзгө өзгөрүлүп жаткан жүзүндөгү мимикалардан кыздар аларга "жайыма кой" деп жатканын илгиртпей түшүндү." Балким жайын коер" деген үмүт менен Азамат достору менен олтура берди.Бирок алар токтоонун ордуна эми тиги кыздардын олтурган кабинасына кирип алардын белинен кармап.жамбашынан кармап ачык-айкын эле тийише башташты.Ошондо гана ордунан атып турган Азамат тиги төрт баланын экөөсүн эки сокку менен жерге кулатты.Кайра сөгүнүп турган алардын жүзүнө муштумун узатат берип алардын бүт кийимин канга булады.Берки эки досу Азаматка жалдырап жатышып токмок жеген эки досун алып чыгып кетишти.Мурда бетке мынтип ура бербөөчу Азаматка жанында жүргөн достору да таң калды.Керек болсо арачалай койгон бирөөсү да тумшукка жеген эле.Булардын мушташынан коркуп калган тиги кыздардын "Рахмат байке" деп алаңдаган коздөрү менен карап айткан сөзүнө "Ушул туулган күндү ата-энеңердин алдында тоссо болбойбу?" деп бир кыйкырып алды чыгып кеткен эле....
#51 05 Август 2014 - 01:48
#52 05 Август 2014 - 02:58
-Бекжан? -деген Назиктин үну угулду."Бекжан байкеден" бир жума мурун эле Бекжандын өзүнүн кыстоосу менен жөн эле "Бекжанга" өткөн эле.Жүзүндөгү жинин жоготууга шаша аны караганга аргасыз болду.Же далдоорак жерге турса эмне.
-Ой Назик чыктыңбы? Куттуктасам болобу?-деди Назиктен көзүн албай.Көздүн кыры менен тигиндейрээкте эмне кылышын билбей жер карап турган Азаматтын турганын да көрүп койду.
-Болбой анан!-деген Назик көздөрүн жүлжүйтө жагымдуу жылмайып койду.
-Анда куттуктайм! Бул сага!-деп колундагы гүлдү ага сунду да анын колундагы гүлдү эми байкагандай: -Ким?...Кимден? -деп сурап туруп калды бир Назикти бир гүлду карай.
-Ааа бул гулдү тиги Азамат байке алып келиптир.... деп нарыраакта турган Азаматты карап койду.Назиктин кучагындагы кыпкызыл роза гүл Азамат берген гулдөн бир кыйла чоң,сулуу,жагымдуу болуп турса деле негедир Азамат алып келген аппак роза гүлдөр Бекжандын көзүно кызганычтын айынан башкача көрүнүп турду.
-Азамат дечи...- деген Бекжан Азамат тарапка кадам шилтеди.
-Дос сен башкача түшүнүп калдың.... Мен тиги.... карындаш катары эле куттуктап койгону эле,ошон үчүн гүлдөр да ак болуп турат го-деген Азамат актанып кирди.
-Урганым барбы ошол гүлдөрүндү? Сага кантип түшүндүрүш керек Назик менин кызым экендигин? Ага мен гана гүл беришим керек уктуңбу? Ал деген менин сүйгөнүм! Сенин ага гүл бергенге акың жок....-деп Бекжан кыйкырып кирди.Көпчүлүк студенттер айылына кетип окуу жай дээрлик бош болгону менен Бекжандын кыйкырыгына ар аудиториядан студенттер чыга келишти.Азамат өзүнө кыйкырган Бекжанды көрүп анын да жини келе түштү.Азаматка ушул Бекжандан башка эч ким кыйкырып сүйлөй элек болчу көптон бери.Ал эми азырчы? Ушунча элдин арасында өзүн басынтты.Деги эле ким бул мага кыйкыргыдай? Эмне мен сүйсөм болбойбу? Же сүйүүгө татыксызмынбы? Бекем эмесминби? Көпчүлүк учурда Азамат атаандашынын үшүн алчу,кыйкырчу кааласа,жини келсе оң келтирип туруп оң буту менен так гана башка бир тээп ээсин оодарчу.Азырчы? Кыйкыра албай,же жооп кайтара албай,уурулугу билинип калган бир байкуштай мунун алдында актанып турат.Жетишет!
-Эгер билсең Назикти мына мен да сүйөм уктуңбу? Ал эми сени ал сүйбөйт! Сендей муздак жанды кантип сүйсүн? Сен деги эле Назикке татыксызсың. ...-деп өтө ашыра сүйлөп алганын билбей калды.Азамат оорулуу жерине чок басып алгандай Бекжан Азаматты тиктей туруп калды бир саамга.Миңдеген ойлор мээсинде жүгүрүп будуң-чаң тушүп жатты."Сени сүйбөйт,татыксызсың" деген сөз мээсине уюп туруп алгансыды." Чын эле сүйбөйбү?" деген суроо пайда болуп ага жооп таба албай турганда:
-Бекжан укпачы аны,мени карачы-деген Назиктин үнү угулганда азыр эле Азамат айткан сөздөргө жини келип турган Бекжан:
-Турчу нары!-деп Назикти оң колу менен бир түрттү эле ансыз деле колундагы гүлдөрдөн арыла албай турган Назик жыгылып кете жаздады.
-Колуңду тийгизбе ага!-деген Азамат Бекжандын кылыгын көрө аны жакадан алды.
-Тарт колуңду бузуку-деген Бекжан Азаматтын өзүн бош эле кармап турган колун бир силкип түшүрдү да кабыргага келиштирип туруп бир койду.Күтүлбөгөн сокку болдубу же чындап эле катуу урдубу Азамат кызарып татарып эле сокку тийген жерди колу менен басып туруп калды.Азамат да эми карап тура албады."Эч качан кол көтөрбөйм буларга" деп өзүнө-өзү дайым сөз берип жүрчү Азамат азыр ал берген сөзүн унутуп салды.
-Эми өзүндөн көр-деп ызырынып сүйлөнүп алды да катуу ылдамдык жана шамдагайлык менен Бекжанды көкүрөккө оң буту менен бир тепти.Ушул соккуну бет талаштыра да тееп салмак.Бирок тебе албады.Эгер бетке тепкенде Бекжан тура албай калышын да сезди мындай мушташтын канчалаганын баштан өткөзгөн Азамат.Артка эки кадамдай учуп кеткен Бекжан да күч бербей кайра тез эле туруп келди да Назикке алаксый түшкөн Азаматты белден кармай жерге бир чапты.Эмнеси болсо да көк жал Бекжанда күч бар болчу.Желкеси менен полго катуу түшкөн Азамат эсин жоготуп ийе жаздады.Азаматтан мындай нерсени такыр күткөн эмес эле.Ошол маалда чекеде карап турган бир олбурлуу жигит келип үстүндө жаткан Бекжанды тургузду.Ага удаа эле турган Азамат туруп эле өзүно болушкан жигитти бет талаштыра бир койду да "Эч кимиң жакындаба" деп кыйкырып алды.Азамат менен жекеме жеке өзу чечишип алгысы келди.Тап бере албай турган Азаматка эми ынтылганда ортого нары жактан чуркап келе калышкан ошол жердеги агай-эжейлер ызылдап түшүшүп экөөнү эки жакка тартып кетишти.Алардын "кой-айы" менен эки жакка кетип бара жаткан экөө тең Назикти издеп жатышты.Бирок Назик алда качан көзүн жашка булап кетип калган эле....
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 05 Август 2014 - 03:05
#53 06 Август 2014 - 01:24
#54 06 Август 2014 - 01:58
-Жакшы рахмат.
-Мүрөк эже Назикти чакырып койосузбу?
-Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы? Кирбейсиңби үйгө....
-Рахмат, мен ушул жерде эле....Тынччылык эле.... Бир эки созүм бар эле Назикте,чалсам албай жатат....
-Ммм.. азыр анда-деген Назиктин тыпылдаган Мүрөк эжеси нары кирип кетти."Назике Бекжан келиптир.... Ач эшикти" деп эшикти тыкылдатып жатканы угулуп жатты.Үйгө кирип баргысы келип жатты,бирок чаң болгон,Азаматтын бутунун изи тушүп калган ак көйнөгүнөн уялып жатты.Ошол мушташуудан кийин эле ошол жердеги агай-эжейлерден эптеп бошонуп чыгып эле Назикти,Азаматты издеп жүрүп жарым сааттай убакыт кетирди.Назиктин телефону өчүк болгондуктан аны ал жерден табыш кыйын экенин билсе да өчпөс үмүттөр менен ар бир аудиториядан издеди.Таппаган соң Назик жашаган районго келип ылдыйда акмалап кечке чейин олтурду.Жана Азаматка болгон жини менен Назикти түртүп жибергенине өкүнүп жатты.Назик "Нан алып келе калайын" деп шылтоо кыла Бекжан менен жолугушууга өзү жашаган беш кабаттуу үйдүн жанындагы нан саткан кичинекей магазинчикке кээде түшүп калаар эле.Азыр да ошол магазинден көзүн албай алысыраакта олтурду.Курсагы да ачты.Бирок курсактын ачканынан да өкүнүү күчтүү эле.Ошондо жөн эле унчукпай кетип калса эмне Азаматка атырылбай.Башка кырдаал болгондо токтоолук менен эле ортодогу келишпестикти чечип алмак.Бирок бул жерде ичте топтолуп жүргөн кызганыч жеңип кеткенсиди. Азыр ушул убакта кичинесинен бирге ойноп,бирге чоңойгон жакын досу Азамат тууралуу такыр ойлогусу келбей жатты.Ага болгон жини дагы деле таркай элек эле....Ушуга окшогон ойлорду ойлоп жатып акыры Назиктин сыртка чыкпашын туйгандай түз эле үйүнө көтөрүлүп келди."Жездеси эмес эжеси чыкса жакшы болмок" деген ою орундалып эжеси эшикти ачкан эле.....
-Бекжан? Ал эшикти ичтен кулпулап алыптыр,чыкпай койду.... Эмне болду эле өзү?-деген Мүрөк эжеси чочулагандай суроолу карап калды.
-Эме....мммм бир аз таарынтып алдым эле...-деген Бекжан жер карады.
-Ааа болуп турат кыз-жигит ортосунда... андан көрө эртеге таарынычы жазылганда келип сүйлөшүп көр-деген Мүрөк эжесинин акылдуу сөзү Бекжанды аз да болсо кубантты.Чынында Бекжан Мүрөккө жагаар эле.Ал тургай Назикке да "Ошол баланы колдон чыгарба эсиң болсо" деп көп жолу айткан болчу.Жандай көргөн сиңдисине ушул бала өмүрлүк жолдош болушун тилээр эле.
-Ммм макул анда.... Рахмат сизге-деген Бекжан эптеп жылмайымыш болду."Кое тур" деген Мүрөк эженин чуркап кирип алып чыккан нанынан ооз тийип алып Бекжан жолуна туштү.Уйгө баргысы келбеди Бекжан дагы Азамат сыяктуу эле.Азыр үйгө барса досу менен дагы мушташаары анык.Аскат болгондо да бир жөн,экөөну мушташтырбай арачалап коймок.Ал дагы өчөшкөнсүп айылга кеткен эле эки күн мурун....
Билдирүүнү түзөткөн: PAXMAT: 06 Август 2014 - 02:11
#55 06 Август 2014 - 02:58
-Саламатсызбы! ? Эмне заказ кыласыз?-деп чакчаңдаган официант кыздын добушуна селт эте карап алды да алдында жаткан менюну бир карап көзгө биринчи эле урунган тамакты заказ кылды.Эртеден бери эч нерсе иче элек жаны алдына келген тамакты тез эле түгөттү.Бирок жеп жаткан тамагынын даамын да сезе албады,жөн гана ичип,жеп жатты.Арттан эки кишинин "кел,алып ийели" деп бири-бирине каалоо тилек айтып жатканын угуп Бежандын да негедир ичкиси келип кетти.Качан ичкени эсинде жок.Эстеди,оо бир жыл мурун Аскат келгенде үчөө кафеге кирип Аскат экөө бир стакандан ичишкен болчу.Ошондо жагымсыз жыттанганы менен Бекжанга жакшы маанай тартуулаган эле.Азыр да маанайы чөгүңкү Бекжан маанайын бир аз оңдоого арак заказ кылды.Бир чекитти теше тиктеп ойлуу олтурган,чачтары уйпаланган, көйнөгү бырышып,чаң болгон Бекжанды таң калып деле карап койбой "макул" деп коюп тез эле бир шише арак көтөрүп келе калды.Эгер башка күнү өзүн бир сыйра ирээттеп,ардайымкыдай тыкан кийинип алып киргенде жок дегенде бир жолу кашын көтөрүп таң калыштуу карап коймок беле официант кыз.Ичкиси келбей турса да башындагы ар кандай ойлордон арылуу үчүн бир стакан тартып жиберди.... анан экинчисин... .үчүнчүсүн... ...
---Ушул эле жерде,бирок сыртта эмес ичкерки кабинанын биринде Азамат да бир досу менен олтурган эле."Азыр келем" деген дагы бир-эки достору да жок негедир.Ошол маалда кошуна кабинага шагырашып он чактуу балдар-кыздар кирип келишти.Ошолордун эле шаңкылдаша ызылдап сүйлөшүп жаткан үндөрүн буза бир маалда адаттагыдай эле кулакты тунуткан музыка да башталды." Кой" десе болбой Азамат да бир аз ичип алган эле.Мектепте гана анда-санда ичип койчу Азамат арактын даамын таптакыр унутуп калыптыр.Тез эле башы тегерене түшту."Жүр бир эки кыз имерип келели" деген Азамат жакшы билбеген досун кыстап эле ээрчитип чыгып күйүп-өчүп көрк берген бийге түшчү жерге келип тез эле бийге аралашып кетти.Азамат буга окшогон бийдин далайын көргөндүктөн, анын үстүнө арактын күчү менен тегерегиндегилерди козгө илбей жан-алакетке түшүп бийлеп кирди.Бийлегенче ошол жердеги бийлеп жаткан кыздардын ар бирин көз кыры менен электен өткөзүп жаткансыды. Бирок,деги эле көңүлгө төп келчү,каалоосун арттыруучу кыз таппай жатты.Бир сааттай өтүп көзүно бир кыз чалынды.Ал кыз өзу эле олтурган кабинанын жанындагы кабинадан чыгып кирип бийлеп жатты."Сулуу сугуңду арттырат" болуп анын жанынан бир бала чыкпай жүрдү.Бирок, Азамат үчүн ага окшогондор маселе эмес.Көзгө да илбейт.Болгондо да ушундай кызуу абалында.Оң келтирип туруп бир жолку чыкканда шак эле тааныша койду."Асел" деп жылмайып атын атаган ал сулуунун кыска кийген көйнөгүнөн көрүнүп турган аппак сандарын,көйнөгүн тикчийип тээп турган көкүрөгүнө сугун арта Азамат ага уйгактай жабышты да калды.Аны жандап жүргөн жигити утур келип экөөнү бөлө Аселди алып кетүүнүң жолун издеп жатты.Бирок Азамат да "Колго түшкөн коенду кое берүүгө болобу" дегендей бул сулууну колдон чыгаргысы келбей,кетирбөөнүн айласын кыла ал жигитинин алдын торой Аселди колдон тартып бийден алыстатпай жатты.Себеби Азаматтын бул кызга ою бузулганы качан.Ошол жигитин сүйбөгөнү үчүн жанында бийлеп жатат да.Бийлегени да шумдук.Жамбашын улам-улам такай,көкүрөгүн силкилдетип, кылгыра карап Азаматтын делебесин козгой башын тумандатып жатты.Назиктин артынан жүрүп Азамат да көптөн бери кыз менен боло элек эле.
#56 06 Август 2014 - 04:06
-Болсо эмне экен?-деди аны "эмне дээр экен?" деген максатта коздөрүно тигиле.
-Оо шер окшойсуң ээ?-деген ал жигит тигиндейрээкте өзүлөрүн карап турган досторуна карап бир күлүп койду.
-Ооба,бар эс алууңду тынч уланта бер бир жериңди үзө тебе элегимде-деген Азамат анын жүзүндөгү күлкүсүн бир паста тыптыйпыл кылды.Ал болсо Азаматтын мындай жооп күткөн эмес окшойт уккан кулагына ишенбегендей бир азга катып калды да бир маалда:
-Эмне жашоодон тойдуңбу сен?-деген ал Азаматты эки колу менен көкүрөктөн бир түрттү.Бир кадамдай артка жыла түшкөн Азамат жана Бекжанга болгон жинин ушундан чыгаргысы келди.Бул чычым Азамат үчүн эч ким эмес! Тааныбайт... . Ошон үчүн аяп да олтурбайт... . "Коркутуп койдум" деп ойлоп эр болуп турган тиги жигит бир маалда шалак эте жерге кулап түшту.Азамат аны кулак түпкө бир тепкен эле.Ахх,кандай керемет тирүү адамды болгон күчүн менен тебүү.... Азамат үчүн мушташуу тамак сыяктуу эле нерсе болчу.Ошон үчүн ар дайым жакында болуучу олимпиада,таймашууларга жан дили менен машыгып даярданып бараар эле.Мелдешке чыккан Азамат каршылашы алсызыраак болсо анда ал менен мышык-чычкан ойноп атып эле оң келтирип туруп эки-үч сокку менен кулатаар эле.Досунун жыгылып түшкөнүн көргөн тигиндейрээкте карап турган достору бир маалда эле жабылып чуркап келип Азаматка сокку узата башташты.Азамат жана эле жанында олтурган досунун караанын издегенче кол салган тигилерди бирден сулатып жатты.Бир-экөөсү калганда сырттан кафенин күзөтчүлөру келип мушташкандарды ажыраштырып койушту.Алар Азаматты жакшы таанышкандыктан бириси да Азаматка унчукпады.Тигилерди "Дагы бир жолу ушинтсеңер айдап чыгабыз" деп эскертип койуп ажыраткандар да иш ордуларына кетишти.Тиги биринчи болуп жерге кулаган Аселдин жигити эсине келип Азаматты ызырынган коздөрү менен карап койуп кабинасына кирип кетти.Досунун кетип калганын тушүнгөн Азамат жана олтурган жерине келип калган арактан куюп алып ичип жатты.Ичте болгон бугун ушул арактан чыгаргысы келди.....
---Бир сааттай өтүп калганда жанакы жигит Азамат олтурган кабинага баш бакты да:
-Эркек болсоң жүр сыртка-деди атып жиберчүдөй коздөрү менен теше тиктей.
-Эмне жанакы аздык кылдыбы? Жүр...-деген Азамат ордунан козголду.Анын жанында жүргөн жанжөөкөрлөрү куйрук улаш арттан чыгып келишти.Кафенин артына өтүп эл жок далдоо жерине келгенде Азамат токтоду да:
-Ии даярсыңбы менин соккуларыма? -деген Азамат тушундагы турган тиги баланы карап маскарлай жылмайып алды.Себеби Азамат кыйла эле кызып калган эле.Азаматтын шылдыңдаган суроосун жоопсуз калтыра эле ал дагы тездик менен Азаматтын жаагына муштумун ойнотту.Жыгылып кете жаздаган Азамат түздөнүп алды да эми этияттана тушундагы каршылашына сокку узатуунун жолун издеп кирди.Анын сокку узатуусунан, кыймылынан бокс менен машыкканын түшүнду.Бирок ошентсе да Азамат дагы аны бет талаштыра бир тепти.Тегеректеп тургандар да бирине да болушушпады. Себеби кафенин күзөтчүлөрү да карап турган эле.Алар болбогондо жана эле бул эргулдар көптөп кетишмек.Ал алган соккудан оңдоло электе Азамат дагы бир тээп аны жерге кулатты.Ордунан чайпалып турган ал чөнтөгүнөн бир нерсе алды да Азаматтын кезектеги соккусунан буйтап өтүп ич талаштыра бир муздак нерсени тагып алды.Чыгарып туруп дагы сайды.Азамат бул жагымсыз нерсе бычак экенин шарт эле тушүнду.Тигини моюндан кармап сузөйүн деп жатканда ал Азаматтын колунан бир булкунуп чыкты да караңгыга жылт койду.Анын артынан калгандары да топурашып качып кетишти.Азамат көзу тумандап барып эсин жоготкон бойдон жерге узунунан кулап туштү.....
Билдирүүнү түзөткөн: PAXMAT: 06 Август 2014 - 04:13
#57 07 Август 2014 - 17:14
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 07 Август 2014 - 17:14
#58 08 Август 2014 - 01:38

...Бекжан ордунан эми турайын деп атканда ичкериден топтолушкан балдар кыжылдашкан бойдон сыртка чыгып кетишти.Мас боло тушүптүр.Айлана айлан-көчөк болуп тегеренип жатканына карабай столго тамагынын акчасын бир тыйынын да ашырбай санап таштап койду да сыртка жөнөду.Жай күнүнүн түнкү абасынан кере-кере жута кафеден алысыраак жайгашкан светофорго басып баратты.Машиналарды өткөзүп койуп нары жак,бери жагын карап алды да жолдон теңселе басып өтүп үйгө кетүүгө маршрутка күтүп туруп калды.Ошол маалда азыр эле чыккан кафе тараптан элдер дүрбөлөңгө түшүп нары-бери чуркап бир баланы эки жактан кучактаган кафенин күзөтчүлөрү машинага салышты да шашылган бойдон бир жакка кетип калышты." Абалыңа карап ичпейсиңби" деп сүйлөнүп алган Бекжан тиги кыймылсыз жаткан баланы бир мас деп гана ойлоп алып бир аз маршрутка күтүп турду да анан теңселген бойдон үйүнө жөө жөнодү.Уйүнө келген Бекжан Азаматтын жок экенин билген соң тошөгүнө кулады....
---Аскат үйгө кирип эле буркураган арактын жытына таң калды.Көтөрүнгөн сумкасын босогого таштай койуп эле өзү жаткан бөлмөгө баш бакты,анан Бекжан жаткан бөлмөгө кирип коңурукту кош тартып уктап жаткан Бекжанды көрдү.Чечилбеген кийиминен эле анын мас экенин сезген Аскат "Эмне болду экен мынчалык?" деп ойлонуп алып Бекжандын кийимдерин чечиндирип атканда:
-Тарт колуңду нары....Сен менин досум эмессиң мейлиби?-деп кыйкырып алды да анан Аскат экенин көргөн соң:
-Аскат сен белең?-деп алып ордунан турду.
-Дос тынччылыкпы? Акыбалың кантет? Азамат кайда? Эмне болдуңар дагы?-деген Аскат эч нерсени тушүнө албай жатты.
-Мен азыр...-деген Бекжан башын мыкчыган бойдон жуунганы кирип кетти.Аскат Бекжан кирип кетээри менен Азаматка чалып кирди.Телефону өчүк экенин билген соң үйдү желдетүүгө терезелерди ачып койуп Бекжандын чыгышын күткөнчө айылдан апасы болбой салып берген жумурткадан кууруп кирди.Апасынын "Аскат үйлөнөөр маалың келди" деп утур-утур кайталаган сөзүн эстегенче кууруп жатты.Адилет агасы,жеңеси апасынын жанынан чыкпай жүргөнүнө карабай апасынын табы бир аз айнып калганынан шашылыш айылга кеткен эле.Кыштан бери айылга бара элек Аскатты көргөн карындашы,атасы, апасы кубанып алышты.Адилет агасынын пешенесине да жакшы жубай кылгандыктан жеңеси да кубанып жүрдү.Апасынын жакшы болуп кетишин күтүп олтуруп эки күн жүрүп калды.Кечээ түнү гана апасы менен атасынын уруксатын алып алып таң агарганда жолго чыккан болчу.Келсе ушул көрүнүш...
-Айран алып келдиңби дос?-деген Бекжандын үнү Аскаттын оюн бузду.
-Ооба,тигине муздаткычка салып койдум-деди Аскат.Айранды тамшана ичип аткан Бекжанды көрүп Аскат "Түзүк эле ичкен окшойт ичкенине караганда" деп ойлонуп турганда айранды ичип болгон Бекжан Аскатты карап:
-Айыл тынчпы дос? Аяш энем жакшы бекен?-деп калды столго олтурганча.
-Тынч баары,апам деле кудаага шүгүр жакшы эле...-деген Аскат Бекжанды сынай карай:-Сүйлө анан?-деп калды.Оор ушкүрүнүп алган Бекжан:
-Сүйлөгөндө эмне... ичким келди кечээ,ичтим. ..
-Себеп?
-Азамат да баякы эле...
-Баса,ал кайда?
-Билбесем, чалдыңбы?
-Ооба,өчүк болуп атат телефону... Мушташпадыңарбы анан?
-Мушташтык да-деген Бекжан колунда турган бакалашкадагы айрандан дагы ичти.
-Жумурткадан жесең дос-деген Аскат алдында жаткан тарелкадагы жумуртканы көргөздү.
-Табитим тартпай жатат...-деген Бекжан бети башын бырыштырып койду.
-Эмнеге мушташтыңар? Мындай жарылсаң дос....,акыры сага чоочун адам эмесмин го-деген Аскат Бекжанга таарынымыш болуп койду.
-Назиктин айынан...-деген Бекжан уялгандай жер карады.
-Ааа тушүнүктүү- деген Аскат да андан ары эч кандай суроо деле узатпады.Ансыз деле баары түшүнүктүү да.Жанакы эле эки жакын досу өзү да жандай көргөн кызды талашып мушташыптыр. ..
#59 08 Август 2014 - 01:58
-Кабар жок го андан дагы деле?-деген Аскат эртеси үйгө кирээри менен эле Бекжанды ойготуп кирди.
-Жүрсө керек да дос...,ичип башка достору менен... Билесиң го анын достору көп-деди Бекжан ордунан туруп бүгүнкү экзаменге даярданып кийинип атканча.
-Ошентсе деле анын дайынын билип койуш биздин милдет го Бекжан?-деди Аскат үнүн бийик көтөрө.
-Туура эле дос,бүгүн да күтөлү,эгер бүгүн да келбесе анан издеп баштайбыз макулбу?-деген Бекжан Аскатты тынчтандыра ушул сөздөрдү анын көздөрүно карай айтты.
-Макул дос-деген Аскат Бекжан менен коштошуп койуп өз бөлмөсүнө кирип кетти...
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 08 Август 2014 - 02:04
#60 09 Август 2014 - 01:20
-Ало! -деген Кубанын үнүн угуп Аскат кубанып алды.
-Куба кандайсың? Тааныдыңбы? -деди ал менен көптөн бери сүйлөшө элек Аскат.
-Тааныдым. .. Жакшы рахмат... Өзүң кандайсың Асыке?-деген Кубаттын да кубанып турганы угулду.Билбейм, негедир бул бала ушундай.Бирөө менен таанышканда да толук атын айтпай "Куба" деп таанышат,Аскатты да тез эле "Асыке" деп атап алган эле.
-Тузүк. ... Куба сенин жардамың керек?
-Угуп жатам...
-Азаматтын кабары эки күндөн бери жок болуп жатат.
-Кандайча жок болуп жатат?
-Бекжан менен мушташа кеткен экен эле эки күн мурун,ошондон бери Бекжан да мен да көрө элекмин...
-Залга бардыңбы?
-Жок,ал жакка көптөн бери бара элек болсом кимди таанымак элем?
-Ммм туура... Мен анда азыр чалып сураштырып көрөйүнчү макулбу? Анан бир жообун берем...
-Ошентчи дос...-деген Аскаттын көңулү жайгаша түшкөнсүдү. ..